БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП

Немис илимпозу, астроном жана математик Иоганн Кеплер 1571-жылы 27-декабрда Вюртембергде туулган. Бала кезинде чабал жана оорукчан болгон. Кийин ата-энеси окутуп, поп болууга даярдалып жатканда Кеплер Жер Күндүн айланасында айланаары жөнүндөгү Н.Коперниктин окуусу жөнүндө билип калат.

Бул анын өмүрүндөгү бурулуш учур болот. Протестант мектебин, 1589-жылы Тюбинген академиясынын диний семинариясын, 1593-жылы академияны бүткөн. Австриянын Грац шаарындагы гимназияда математика мугалими болуп иштеген. 1596-жылы “Аалам сырлары” деген алгачкы эмгегин жазган. Ошондон кийин Н.Коперниктин ишин улантуучу катары аны чиркөө кызматкерлери куугунтукка алышкан.

1600-жылы Прагага келип атактуу астроном Т.Браге менен иштеген. Ал Прагада “Виттелого толуктоо”, “Диоптрика”, “Жаңы астрономия”, “Дүйнөнүн гармоникасы” деген эмгектерин жарыялаган. Асман механикасын түзүүчүлөрдүн бири.

Эмгектери астрономия, механика, оптика, математика боюнча. Планеталардын кыймыл закондорун ачкан. Объективи жана окуляры эки бети томпок линзалуу телескопту ойлоп чыгарган. 1630-жылы 15-ноябрда Баварияда каза болгон.

Ысмайыл КАДЫРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *