Биз сөз кылар бул эмгек жалпысынан «Теңирчилик» деп аталган, бирин-бири толуктаган жана уланткан турпатташ эмгектердин бири экен. Мунун алгачкы башаты – «Теңирчилик» (этика) 1994-жылы жарык көрсө, экинчиси – «Теңирчилик. Коом–Мамлекет» деп аталып, 2012-жылы окуучуларга тартууланган. Анын чордонун түзгөн объектиси – мамлекеттин коомдук-саясый түзүлүшү жана укук. Үчүнчүсү – «Бурут тамга – Төрөн тил» 2012-жылы чыккан (Теңирчилик топтомунун бул бөлүмүндө табигый-рухий жана тил илимдери жалгашы жөнүндө сөз болгон). Төртүнчүсү – «Теңирчилик. Бурут тамга. Жандырмак». Ал 2014-жылы колубузга тийген. Мунун негизин тил жана жазуу түзөт. Тагыраак айтканда, автордун «Теңирчилик» деген сериалынын тарамдуулугун айгинелеген кезектеги бул эмгекте байыркы кытай жазма тилинин тек-дареги кыргызча болгондугу (жалпылап айтканда, түр-күчө) тил материалдарынын негизинде, болгондо да жазуу тилиндеги юридикалык документтердин негизинде ишенимдүү далилденген.

Тил демекчи, ал эки түрдө – оозеки жана жазуу түрүндө жашайт. Ар бир калктын жан дүйнө жана маданий байлыгы, анын бардык түрлөрү, канат-бутактары тил аркылуу гана жаралат, калыптанат, өркүндөп өсөт. Демек, тил – улуттук бардык маданияттын туткасы, улутту улут кылып турган негизги белги. Тилде улутка таандык бардык нерселер сакталат. Чындыгында, тил – табият тартуулаган жан-белек, ыйык дөөлөт жана улут үчүн теңдеши жок сыймык. Биз ошону көңүл чордонунда тутуп, каныбызга, дилибизге сиңиришибиз керек.

Тилдердин арасында лексикасы, анын көркөм каражаттары өнүккөн бай жана байыркы тил бар. Ошолордун бири – кыргыз тили. Чоюн Өмүралиевдин эмгегинин өзөгүндө, ал өзөктүн ширелүү данегинде дал ушул кызыктуу маселе орун алып турбайбы. Экинчи сөз менен айтканда, автор кыргыз маданиятын, ал маданияттын туу чокусу болгон тилин дүйнөгө даңазалап жатпайбы. Бул жөнсалды даңаза эмес, далилдүү даңаза. Кыргыздын байыртан эле дүйнөдөгү маданияттуу элдердин бири экенин, ошонусуна жараша дүйнө тарыхында алган ордун кошо далилдеп, байыртан бери чыгыш калктарынын арасындагы атак-даңкын козгоо менен гана чектелбестен, азыркы ааламдашуу алкагында жаңыртып да жатпайбы.

Теңирчилик дүйнөтаанымынын бешинчиси – «Теңирчилик. Бурут тамга – Баянкат». Бул 2015-жылы жазылган. Автордун аталган эмгектеринде океандай кенен жана каза берсе түгөнгүс тереңде жаткан кенч дагы деле чети оюлбай, улам бир белеси көрүнүп турганын эске алып, анын келечек ой-максаттарын, программасын сурамжыласак, бул иш дагы узакка улантыларын, алдыда «Теңирчилик. Руника, орнамент, символ философиясы» (эстетика); «Теңирчилик. Ритуал, сыйынуу, теңирге уюу» (Тенгри-йога. Көчмөндөрдүн Теңирге сыйынуусу, ырым-жырым, үрп-адат жөнүндө даректүү маалыматтар); дагы бири – «Теңирчилик. Купуя Манас илими» (кытайча «И-цзин» – «Книга Перемен»; руникада үзүл-кесил сакталган «Ырк-Бтиг» – «Гадательная книга») тутумдары иштелер кезеңин күтүп турганын билдик.

Бул чындыгында улуу илим – табигый илим жана руханий илимдердин башын кошкон илим. Алдыда автордун көздөгөн максаты боюнча пландаштырылган бул эмгектердин бардыгын синтездеген, бардыгын жалпылап тыянактаган, б.а. «Теңирчиликтин» мүлдө табылгасын бир жерге топтоштурган өзөк эмгек – «Теңиризмдин уңгусу» («Основы Тенгризма») деген эмгек жаралууга тийиш. Автордун айтымында, бул эмгектерде камтылуучу материалдар ирети менен жыйналган, эми чымырканып отуруп жазуу гана керек. Ошондой болгондо, мындай ишти аткарууга эмне деген күч-кубат, эмне деген орошон эмгек, эмне деген илим-билим керек экендигин элестетүү кыйын.

Биздин оюбузча, бул иш мүлдө улантылуучу, келечекте өзүнчө эле бир мектеп түзүүгө татыктуу иш го!? Бул иш боюнча Чоюн Өмүралиевдин жолун жолдогон, ал баштаган эбегейсиз зор эмгекти уланткан окумуштуулар өсүп жетилип калды бекен? Деги эле Чоюндун ишин тартынбай колдоочулар жетиштүүбү? Чындыгында, мында жалтактай турган эч нерсе деле жок, анткени далилдүү документтер жетиштүү турбайбы. Ошондон улам, Чоюндун таянары бекем жана бийик. Ал – көчмөндөр, кыргыздар, аяндан жаралган Манас тарыхына байланыштуу өтө эле кеңири тарыхтын жыйналып калганын, анын мерчемдүү жерлери да аныкталып калгандыгын кабарлап берди.

Эми сага Алла Таала бекем ден соолук, күч-кубат берсин! Ушул багытың кут болсун!

Эми сөз кезеги биз мүнөздөп баалап жаткан эмгек жөнүндө болсун. Ириде эмгекте камтылган проблемалык маселелерди кабылдап, мазмунун туура түшүнүү үчүн окуган адамдын илимий кыйла даярдыгы болууга тийиш экен. Ошондо да, эмгекти кайра-кайра окуп, айрым маселелерин так түшүнүү үчүн кошумча башка адабияттарды да карап чыгуу керек экен.

Акыйкат баалаганда, бул эмгектерди энциклопедиялык эмгек деп тартынбастан эле айтууга болот, анда тарых маалыматтары гана эмес, лингвистиканын түрдүү тармактары – тарыхый-салыштырма, салыштырма типология (тектеш эмес тилдерди салыштырып иликтөө), лингвокультура, этно-лингвистика, социолингвистика, психолингвистика), лексикология, фонетика, тилдин грамматикалык түзүлүшүн иликтеген морфология, синтаксис, сөз жасоо системасы, айрыкча синология менен алтаистика өз ара байланышта талдоого алынган жана философиялык, политологиялык кызыктуу маселелер козголгон. Өзгөчө белгилеп, баса айта кете турган нерсе, автордун жеке салымы иретинде түптөлүп, калыптанып келе жаткан улуттук дүйнөтааным ой жүгүртүүсүнүн негизинде жана жаңы багытта ойгонуп келе жаткан философияны сунуштап жатат ал.

Бул эмгекте деңиздин гана эмес, океандын түбүнө чөгүп кеткен же такыр эле эскерилбей унутта калган жана да ички сыры жашыруун катылган байыркы жазуу тилиндеги маалыматтарды иликтеп таап, алардын маани-маңызын чечмелеп, жаңы эч ким туя элек өзөгүн ачып, түпкү тек-дарегин жазуудагы факт-материалдардын негизинде аныктап, далилдеп бериши – кош колдоп кубаттоого татыктуу жаңылык.

Чоюн Өмүралиевдин Теңирчилик жөнүндөгү эмгек топтомдорундагыдай элин, анын байыртан берки маданиятын даңазалоонун чоң мааниси бар. Улуу ойчулдардын айткандарына караганда, элин, анын маданиятын дүйнөгө таанытууну чыгаан өнөрпоздор, анын алдыңкы сабындагы илимпоздор аркалайт эмеспи. Көрсө, Чоюн Өмүралиев элин дүйнөгө дагы бир жолу тааныта турган эмгектерди жаратып жүргөн тура!

Сөз болуп жаткан эмгектин аталышы да жөнсалды эмес. Ал тарыхый маалыматтарга негизделип, терең ойлонулуп берилген. Автордун айтуусуна караганда, бурут – байыркы алтай доорундагы сөз. Баштапкы уңгусу, монголчо – буре, кыргызча – бөрү. Бөрү – уламыштарда колдоочу иретинде айтылып жүрөт. Түрдүү жаныбарлардын даңазалуу адамдарга же бүтүндөй бир элге колдоочу болушу жомоктордо, мифтерде көп эле кездешет.

Кыргыздарды «бурут» деп кийин жунгарлар да (калмактар, ойроттор деп да айтылат тарыхта) аташкан. Бул сөз омоним болушу да мүмкүн. Айтылышы да, жазылышы да бирдей, бирок мааниси ар башка сөздөр көп эле (кой, ат, ак, кара ж.б. сөздөрдүн маанилерин эстеп көрүңүз). В.Я.Бутанаевдин эмгегинде (Вопрос о брутах Саяно-Алтая. БКТАП. — Бишкек: 2001. — 39-41-б.) бурут монголдун борд деген сөзүнөн, анын кыргызча мааниси — ак, боз же теңирийлик. Балким, бурут сөзү окшоштуруу, салыштыруу иретинде элестүү айтылып калгандыр. Анткени, тарыхта кыргыздар эч кимден тартынбаган, жалтанбаган жоокер эл деп да айтылат эмеспи. Элдин ушул сапаты кайраттуу жаныбарга салыштырмалуу айтылып жүрбөсүн?..

Эмгектин баян кат деп аталышы – «вэньян» сөзүнүн (байыркы жазма тилдин аталышы) кыргызча мааниси. «Кат» деген сөз да омоним. Анын кат (письмо), жазуу, жазуу тамгалары (графические знаки) деген маанилери жана кеңири мааниде байланыштын бир түрү, жалпы эле ой пикирди жазуу жүзүндө берүү деп да колдонулат. Ошентип, эмгек «Теңирчилик. Бурут тамга. Баян кат» аталып берилиптир. Аталышы да терең ойлонулуп берилген.

Эмне үчүн Чоюн Өмүралиевдин бир нече топтомдон турган эмгектеринин бардыгы «Теңирчилик» деп аталып калган? Автордун пикири боюнча, Теңирчиликти дүйнөлүк башка окуу системалардын баарына салыштырмалуу караганда, телегейи тегиз, универсалдуу улуу окуу (великое учение) катары сунуштайт. Бул окуу динди, философияны, табигый илимдердин бардыгын бүт камтып турат, экинчи сөз менен айтканда, Теңирчилик – дүйнөлүк дин, философия, табигый илимдердин башын кошкон, демек, баарынан бир тепкич бийикке көтөрүлүп чыккан, улуу, телегейи тегиз система.

Мындай системанын ичине түшүү үчүн, оболу, автор тутунган методологиянын өзүн түшүнүп чыгуу зарыл. Бул тууралуу ал «Бурут тамга – Төрөн тил» (Б. 2012) деген эмгегинин «Байтүптү издеп… же жаңы методологиянын зарылдыгы» деген бөлүмүндө кеңири айткан. Мында ал теңирчилик концепциясынын материалдык өңүтүн табигый илимдердин фундаменталдуу жетишкендиктеринен чыгып негиздөөгө умтулган.

Ал эми философия илимине келгенде, ал батыш философиясынын жетишкендиги деп эсептелип жүргөн диалектикалык ыкма менен теңирчилик философиясынын жетишкендиктерин салыштырмалуу талдап, алардын мүчүлүштөрүн жана жетишкендиктерин көрсөткөн. Батыш философиясында: «Диалектика — это есть единство и борьба противоположностей. Момент единства иллюзорен, мним, а противоположности абсолютны», — деп айтылып жүрбөйбү.

Диалектиканын олуттуу мүчүлүшү же экинчи сөз менен айтканда, аксаган жери дал ушунда дейт автор. Ал карама-каршылыкты дайыма эң башкы, биринчи, абсолюттуу деп түшүнөт, эсептейт. Ушудан улам жашоонун эң башкы маңызы күрөш деп аныктайт. Ал эми биримдик (единство) абалын экинчи, үчүнчү, онунчу, жүзүнчү катарга калтырат.

Теңирчиликтин диалектикадан болгон ажырымы дал ушунда, тактап айтканда, теңирчилик биримдик абалды дайыма биринчи планга алып чыгат, ал эми карама-каршылыкты башкы деп санабайт. Ошондуктан, мында жашоонун эң башкы маңызы катары сүйүү, кеңири мааниде, жашоо табиятынын маңыз-данакери болуп эсептелген сый аныкталат. Бул аныктоону салыштырмалуу түрдө элестүү айтканда, Гегелдин идеалисттик диалектикасын К.Маркс аягын башына каратып, оңдоп тургузуп, материалисттик диалектикага айлантып салганындай караса болот.

Натыйжада, диалектикада ак-кара, ысык-суук, асман-жер ж.б. антоним көрүнүш, кубулуштун ар бөлөктүгү, карама-каршы чектердеги мазмуну негизги катары эсептелет. Ал эми Теңирчиликте ушунун баары бири-бирине түгөйлүүлүк, бирин-бири шарттап турган эгиздик катары таанылат дейт автор.

Бул түшүнүктөр кытай «дао» философиясында, тек, түгөй катары таанылса, кыргыз философиясында мындан да терең, таасын, так аныкталган же мында Өзөк башкы орунга чыккан: ата-бала-эне; ысык-мелүүн-суук; бийик-орто-жапыз; оң-ичкилик-сол ж.б. д.у.с. Дал (орто) – дал, дүл, йүл, жүл (жүлүн, жүлгө) – жол.

Кыргыздын бүткүл дүйнөтаанымы мына ушул дал ортонун, борбордун, октун, жүлдүн баарын тең таразалаган, өзүнөн өткөргөн универсалдуу философиясы турбайбы. Кыргыздын бүткүл этикасы,  эстетикасы, жолу (укугу, милдети) табийгат таануусу ушул борбордук философияга негизделиптир.

«Жоругу ЖОЛДО камтылган,
Жомогу жолдо айтылган»   — деген Арстанбек нускасы ушул турбайбы.

Автордун кызыктуу тыянагында дүйнөлүк илимдердин, философиялардын, диндердин бири да ушул чыныгы октун, жүлүндүн (Манастын) бийиктигине жетпептир; Манас илими аркылуу кыргыз жетиптир деп айтылат. Ошентип, Чоюн Өмүралиев Теңирчиликти залкар калкагардагы дүйнөлүк жаңы улуу Манас илими катары түшүнөт, эсептейт. Ошондо да бул илим белгилүү даражада диний түшүнүктөр, көз караштар менен айкашып турат. Ырасында, теңирчилик универсалдуу илим болгондуктан, ал бардык жеке илимдерди (частные науки) өз боюна батырат, кучагына алат, өзү аркылуу өткөрөт, түшүндүрөт. Биздин кабылдообузда автор ушуга далалат кылып, талыкпай канатын керип, терин төгүп жатпайбы.

Автордун жазып жаткан эмгектеринде «тең» деген термин түрдүү түшүнүк-мааниде колдонулганы байкалат: тең – бүтүндүн теңи, жарты (жарым), сыңар; тең-тең – түгөйлүүлүк, жупташтык; ТЕҢ – бүтүндүк, толуктук, чулулук; телегей – бүтүндүк, ар тарабы бирдей ж.б. Монголдогу Алтан Дэлэкей, Тибеттеги Сумэру, кыргыздагы Телегей (тэлэгэй) түшүнүктөрдүн түбү бир – Асман-Жердин биримдиги. Автордун айтымында Жер (чар) – төрт чарчы; Асман – айлана; Аалам – төгөрөк; Асмандын, ааламдын борбору – Жүл-Манас.

Булар – «Теңирчиликтеги» эң башкы түркүк түшүнүк, негизги жобо. Ошон үчүн автор муну атайы жазып жатпайбы. Жогоруда кыскача айткандарыбыз – сөз болуп жаткан эмгектин теориялык, методологиялык негизинин чыңдыгын белгилөө болуп саналат.

«Теңирчиликтин» кийинки уландылары өзүнчө кеңири сөзгө арзыйт. Эмгектин чыныгы баалуу ажарын ачкан, баркын көтөргөн, жаңылыктарды сунуштаган бөлүм – дал ушул, байыркы жазууларга байланышкан кийинки бөлүктөр.

Тил жана шарттуу белгилер аркылуу түзүлгөн жазуу деген түшүнүккө келгенде эң эзелки таш сүрөттөрүндө (петроглифтерде) дүйнөтааным да, тил да (сөздүн өзү), жазуунун башаты да жатканын автор туура байкаган. Сүрөт демекчи, чындыгында, бул да – жазуу: кыргыздар сүрөт тартуу десе, орустар сүрөт жазуу дешет. Жазуунун да түрлөрү бар: тыбыштарды түрдүү шарттуу белгилер аркылуу жазуу (латын, араб, кыргыздын Орхон-Энесай жазуусу, армян, грузин, орус кириллица тамгалары ж.б.) жана сүрөт түрүндө жазуу. Бул тууралуу сөз болуп жаткан эмгектин «Байыркы Алтай кытайы» деген тиркеме иретинде берилген бөлүмүндө кыйла дурус маалымат берилген. Сүрөт-жазуу бардык жазуулардын алгачкысы болсо, графикалык жазуулар адам баласынын бул табылгасынын (жазуунун) акырындык менен ойлонуп табылган кийинки маданий жетишкендиги.

Жазуу тили, жазуунун тек-дарегине келгенде да автор албан-албан аракеттерди жасаган: А.Окладниковдун бүткүл Азия кеңдигин камтыган (Монгол, Алтай, Ыраакы Чыгыш, Сибирь ж.б.) петроглифтерин баштан-аяк аңтарып чыккан; алардан байыркы ин тамгаларынын башатын тапкан, аныктаган, мындан соң ин баянын, «дао» философиялык, «Шицзин» поэтикалык мурастарын, Куңцзы айтымдарын түркий тилде, муун жазууда окуп чыккан жана синологияда үнсүз тил, экинчи сөз менен айтканда, дудук тил катары эсептелген вэньян жазма тилине жан киргизип, аны кадимкидей сүйлөткөн; аны (вэньянды) кыргыз тил казынасынын базасында чечмелеп, алгачкы «бурут кадамды» («бурут изин» десе да болот) баштаган.

Кесе айтканда, байыркы кыргыз Орхон-Энесай рун тамгаларын, руникалык жазуу эстеликтерин Дания аалымы В.Томсен, жана орус окумуштуулары В.Радлов, С.Маловдор чечмелеп, аны түп-теги боюнча окуган сыяктуу, Чоюн Өмүралиев да вэньянды кыргыз тил өңүтүнөн чечмелеп чыккан. Негизги максаты – байыртан бери сакталып келген бай жана баалуу мурасты окуп чыгуу менен гана чектелбестен, алтайтаануу менен кытайтаанууну (алтаистика менен синологияны) тыгыз байланышта иликтеп, алардын байыркы карым-катнаштарын табуу болгон. Натыйжада автор негизги милдетин аткарып, алдыга койгон максатына жеткен. Жыйынтыктап айтканда, Чоюн Өмүралиевдин бул эмгегин башынан эле ажырымдуу абалда жана мейкиндикте доорон сүрүп келген илимдердин – синология менен алтаистиканын – тула боюн бириктирген табылга катары кабылдоого болот.

Тарых жана филология илимдеринде айтылып жүргөн эл тарыхы менен анын бардык маданиятынын, айрыкча тилинин жана жазуусунун тарыхы терең байланышта изилденет деген илимий маалымат автордун эмгегинде абдан эле таасын берилген. Жазуу дегенден улам, ал өз эмгегинде элдердин саясый, экономикалык, маданий карым-катыштарын кошо тактоо зарылдыгын баса көрсөткөн.

Автордун айтымында, петроглифтер (пиктограмма) ин жазуусуна өткөн (өсүп жеткен). Ошол эле өсүшүндө ин тамгалары негизинен сүрөт касиетин да сактаган, ал гана эмес, анын курамындагы ар бир мүчөсү да өзүнчө кичи сүрөтчөлөрдөн турган. М.: жолборс — башкы сүрөт-тамга (№141 ачкыч); анын башы, калган денеси – мүчө сүрөттөр. Ал эми тамганын жалпы дабыштык айтылышы (үн чыгарып айтылышы) ху(в)кабылан болсо, сүрөт-мүчөлөрдүн жыйынтыкталып окулушу буккан чаар, б.а., сүрөттүн сыпаттамасы (сыпат-турпаты). Ин тамгалары негизинен ушундай түзүлөрүн автор 214 ачкычтын алкагында аныктаган.

Кытай жазуусунун өркүндөтүлгөн экинчи өсүп-өнүгүшү – чжоу тамгалары. Бул тамгалар өзүнчө жаңы тамгалар эмес, ин тамгасынын кебете-кешпирин сактап, анын чийиндерин азайтып өркүндөткөн. Тагырак айтканда, сүрөт менен символдун ортосундагы жаңы тамга болуп эсептелет. Чжоунун жетишкендиги – ушул. Автор бул тамгаларды да чийиндерине жараша жаңыча окуп чыккан: чагар (чаар).

Кийинки иероглиф, кытай жазуусунун өркүндөтүлгөн үчүнчү жазуусу сүрөттөн биротоло кол жууп, жалаң чийиндерден турат. Мында автор «буккан чаар» деген сөздү окуган. Ушул эле учурда мурдагы тамганын ичиндеги бардык маанилер кийинки тамгага, анысы андан да кийинки тамгага өтүп, көчүп (оошуп) отуруп, бир иероглиф символизми (көп маанилүүлүк) келип чыккандыгын аныктаган. Экинчи сөз менен айтканда, бир эле тамга жеке керт башы – өнө боюнда тамга-баян болуп кетет. Анан ушундай бөлөк-бөлөк баян-тамгалардан бүтүндөй келки текст түзүлөт. Баян кат ушундайча келип чыккан. Ар бир баян-тамганын (сөздүн) ичинде бир нече маанилери бар.

Эми келки текстти түркү тилинде окуганда, мурдагы баян-тамганын көп маанисинин ичинен бирөөнө назар салынат. Мисалы, ага кийинки баян-тамганын көп маанисинин ичинен бирөөнүн (дабышы уланып кеткен) мааниси кабатталышып, уланып окулуп кетет. Ошентип, түркү тилиндеги баян жазуу (же баян кат) келип чыгат. Сөз болуп жаткан вэньян дегенибиз – ушул.

Татаал иероглифтин келип чыгышы деле ушул сыяктуу. Андагы башкы бир иероглифтин аяккы дабышына экинчи иероглифтин башкы дабышы кабатталышып окулуп, бир нече муундуу сөздөн турган бир аталыш-угум (түркү сөзү) келип чыгат: гэ-кура)+хэ — эк [эгин]+као — кышылдоо, кыс-тыгуу. Жыя окусак: кур г кыш//кыс — куркыс//кыркыс (№ 25-иер. караңыз).

«Байыркы кытай тили» мезгилинде (инден б.з. баш чендерине чейин) негизинен ушул жазуу принциби сакталып келиптир. Бул жөнүндө сөз болуп жаткан китептин «Бөйөн кат» деген темасында жеткиликтүү маалымат берилген.

Автордун айтымында, чырдуу иш Цинь Шихуандиден (Эсенкан), Цинь империясынын биринчи императорунан кийин башталган. Мурдагы тамга-иероглифтерге кийинки жаңы тилдин (оозеки, бай-хуа, же негизинен Түштүк Кытайдын), бир муундуу уңгу тилинин дабышы көчүрүлүп окула баштаган, же болбосо көп муундуу түрк тамга жазуусун бир муундуу тилдин өкүлдөрү менчиктеп басып алган процесс кеткен. Экинчи сөз менен айтканда, маданияты өзгөрөөк (балким, төмөнүрөөк), эл маданияты башкараак (балким, озуңкураак) элдин тил дөөлөтүн өзүнүн тилине оодарып алган процесс доор сүргөн. Ошон үчүн бир нече кылымдар илгерки вэньян (баян тамга, баян кат) адабияты кийинкилерге түшүнүксүзүрөөк боло баштап, аларды (вэньянды) комментарийлеген жаңы байхуа адабияты биздин замандын эле баш чендеринен баштап өсүп чыга келген.

Ошентип, жазма адабият вэньян жана оозеки байхуа тилдин узак мезгилди камтыган кармашы, өз ара таасирлешүү процесси дээрлик ХХ кылымга чейин созулган.

Байкоого караганда, эң башкы айырма-чектин шарттуу себебин – мурдагы түркү тилдүү көп муундуу тамга жазуу катка кийинки бир муун тилдүү элдин (негизинен Түштүк Кытай элинин) сөз-добушунун таңууланып кеткендигин түшүнүү керек дейт автор.

Бул – алтаистика-синология илиминдеги эң жаңы ачылга ой. Залкар синологдор С.Яхонтовдун (Древнекитайский язык. — М.: 1965. 21-б.) жана С.Старостиндин (Древнекитайский язык. Интернет) эмгектеринде белгиленип, бирок жообу белгисиз калып келген эң түйүндүү проблеманын жемиштүү чечилиши. Автордун ою боюнча, келечекте вэньян – баян адабиятынын кайрадан окулушу күтүлөт.

Ч.Өмүралиев эмгегинде улуу Конфуций нускаларын кыргыз тилинде – кытай, орус, тилдерине – салыштырма ыкмада окуган.

Вэньян – өзүнчө эле оригинал текст. Мында ар бир иероглиф өзүнүн көп маанилеринин ичинен айрымдары менен гана (өзүнө маанилештери менен гана) үндөшүп, ассоциативдүү маанайдагы бир жалпы мазмундуу бүтүн текст келип чыгат. Ошондуктан бул өтө так бир текст эмес. Көбүнчө символдуу, жалпылама, мазмуну бай текст. Болжолу, биздин кыйытма кеп сыяктуу. Маселен, «Кыл куйругу экөө, бирок асынарга жок көсөө» («Мингенге эки ат бар, бирок асынганга мылтык жок»  К.Жантөшев, «Каныбек»). Айтымдын бул турушундагы туюк мазмун-мааниси менен анын тереңинде катылган чыныгы ички мазмун-маанисин ачып, андан соң эки мазмунду айкаштырып жалпы маани алынат. Ошон үчүн түп вэньянда тыныш белги жок (тыныш белги коюлбайт). Байыркы түрк руникалык жазмалары да ушундай, анда да тыныш белгилер жок. Тыныш белги – оозеки кептеги интонациянын орчундууларын гана шарттуу түрдө жазуу кебине ылайыкташтыруу болуп саналат. Тыныш белгинин коюлушу жазуу кебинин түшүнүктүү болушун, жазуу кебинин модалдык маанилеринин туюндурулушун, деги эле жазуу кебинин угумдуулугун шарттайт. Ошондуктан, орус жазуучусу А.П.Чехов: «Тыныш белги – жазуу кебинин нотасы» — деп айткан.

Түп вэньянда тыныш белги болбогондуктан, аны каалаган жерден оюп кирип, иероглифтин ар башка маанилеринин айкашында чоюп, ар башка мазмунду таап окуп кетүүгө болот дейт автор. Ушундай эле пикирди Н.Федоренкодон да кезиктиребиз (Н.Федоренко. Проблемы исследования китайской литературы. — М.: 1974). Ушул жагдайда Конфуцийдин бир эле айтканын ар башка комментатор ар башка түшүндүрөт. Ошон үчүн вэньян текстинде иероглифтер өтө аз колдонуларын, ар бир иероглиф өзүнчө символ экендигин, анан символдуу иероглифтерден андан да символдуу текст курала тургандыгын айтат автор.

Байхуа – уңгу тил. Бул – элдик оозеки тил. Мунун негизин азыркы путунхуа (Пекин диалектиси) түзөт. Байхуа, чындыгында, вэньяндагы тексттерди жөнсалды эле кайталап айтып берет, анын түпкү символдук маңызын ачпайт, жардылантып таштайт. Ал эми вэньянды түркү тилде окуу – анын чыныгы алгачкы жүзүн ачып берет. Түркүчө окууда башкы иероглифтер – уңгу, ал эми курам иероглифтер – ага мүчө катары (аткарган милдети боюнча уланды, куранды мүчө сыяктуу) жалганып, жалаң уңгу сөздөрдөн турган (оозеки байхуадагыдай эмес) текст эмес, мүчөлүү (агглютинатив) сөздөрдөн турган так, ачык-айкын текст келип чыгат, б.а., вэньянды ар башка түшүндүргөндөй эмес, так, түпкү текст келип чыгат. Автордун айтымында, вэньяндын түпкү тек-дарегин түркүчө окуганда гана табууга болот.

Чоюн Өмүралиевдин кумдай жайылып жаткан бул эмгегиндеги алтындын сыныгындай чачырап жаткан эң эле көптөгөн маалыматтардын баарын тең терип-тепчип айтып отуруу дегеле мүмкүн эмес. Мисалы, 214 ачкычтык иероглифтердин ар биринин жандырылышы – өз-өзүнчө бүткөрө иштелген чакан, кээде кеңири панорамалуу тарыхый, философиялык, этикалык, эстетикалык, этнографиялык, анан албетте, лингвистикалык өз алдынча дүйнөлөр катары кабыл алынат.

Дүйнөлүк чыгыштаануудагы эң бир орчун, бир кылым бою бүткөрө чечилбей келе жаткан гунндардан калган эки сап ырдын кайрадан башкача, эми чыныгы кыргызча (түркүчө) комплекстүү окулуп чыгышынын өзү эле илим үчүн эмне деген жаңылык, кандай жаңы ачылыш! Аларды терең үңүлүп окуу, түшүнүү, анан бул багыттагы иштерди алдыда дагы кандайча өркүндөтүүнү гана жакшылап ойлонуу керек экен.

Анткени, көтөрүлүп жаткан бул проблеманы илимий жана саясый жактан чечүү, биздин байкообузча, өтө эле оор жана опурталдуу көрүнөт. Бул үчүн Евразия идеологиясын, философиясын жаңыча көтөрүп чыгуу керек сыяктанат.

Автордун айтымында, Евразиянын маданияты (биз мурда көбүнчө көчмөн деп келген), бул, эми байыркы вэньяндуу Кытай менен байытылган – Түштүк Канат. Ал эми азыркы Россия кеңдиги Азия көчмөндөрү менен миңдеген жылдар бою карым-катыштуу «өзгөчө» дүйнө болгон. Бул – Түндүк Канат. Бул эки канаттын толтосунда Манастуу Алтай дүйнө (түркү дүйнө десе да болот), анан корей, жапан, түндүктөгү аз сандагы элдер ж.б. турат. Ошондо азыркы Россия-Кытай жакындашуусунун чыныгы тарыхый, философиялык, керек болсо, тилдик тогошкон байланышы биз болобуз. Бул маселеге тереңдетип көз чаптырсак, келечекте көчмөн дүйнөнүн байыркы миссиясы жаңыча, заманбап ойгонот деген илгери үмүттү алдыга коет автор.

Демек, Чоюн Өмүралиевдин «Теңирчилик» топтомунда тил, адабият, тарых, философия маселелери гана эмес, адам жашоосунун негизин түзгөн биримдикти, ынтымакты да келечекте жаңыча нукка салуу тууралуу эң жаңы баалуу ой пикирлер айтылып жаткандыгы байкалат.

Акеш ИМАНОВ, филология илиминин доктору, профессор

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *