Нооруз майрамына карата Бишкек шаарынын мэриясы борбордук “Ала-Тоо” аянтында күйүп-жанып турган композиция түрүндөгү жаратылыштын таңын даңазалаган аянтча кооздолуп атканын шаардык муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Аны менен бирге Кызыл китепке кирген жаныбарлардан – ак илбирс, аркар-бугу жана бүркүттүн фигуралары орнотулат экен. Аянтты күйүп-өчүп турган түстүү бактар курчап, фонарларга жоогазын түрүндөгү плафондор тагылып, “Жашылдандыруу” ишканасы темирбетон вазондорго арчаларды отургузуп баштаганын маалымдашты.

Майрамдык программа саат 10до башталарын эсиңиздерге салабыз. О.э. Курманжан Датка эстелигинин алдында Кыргызстанда жашаган ар улуттун эли өздөрүнүн тамактарын, колдон жасалган буюмдарын көргөзмөгө коюшат. Андан соң “Ала-Тоо” аянтында театрлаштырылган оюн-зоок концерти өтсө, эски аянтта да майрамдык программалар жана спорттук иш чаралар улантылат.

Нооруз – ЮНЕСКО уюмунун материалдык эмес мурастар тизмесине киргизилген түрк элдеринин жаз майрамы. Бул идеанын демилгечилери – Азербайжан, Ооганстан, Индия, Иран, Ирак, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *