(1-макала)

Аталыштын өзү эле бүйүр козгойт – Кентавр. Байыркы грек мифологиясындагы жарым-жартылай адам образы менен Актан Арым Кубат эмнени чагылдыргысы келген?.. Кыргыз турмушуна «Кентавр» деген аталыш менен эмнени жуурулуштургусу бар?.. Аллегориялык мааниси эмнени чечмелейт? Кыргыз тукумунун акыл аңында жок бул түшүнүк менен режиссёр не айткысы келди?
Залда жарык өчкөнгө чейин көөдөнүмдө туйлаган суроо шул болду. Арийне, адегенде эле экранга чагылдырылган тасмадагы атмосфера мени кадимки турмушка алып кирип кетти.
Окуя уурулуктан башталат. Кадимки бүгүнкү турмуштан. Биздин эле… Ох, колу туткак кайран кыргыз! Уурулугу калбаган кыргыз! Каныңда жылкы уурдамай адатың бар эмес беле! Күлүктү көрсөң каның туйлап турат ко…
Караңгы түн. Ат сарайга чычкан мурду өтө алгыс кароол коюлганына карабай, көзү шойкомдуу ойноктогон бирөө көрүнөт бурчтан. Шуртулдайт. Шырп алдырбас ууру экенин дароо туясың. Жылкы уурдаганы келиптир анысы. Кароолчулардын сактыгынан мурда; торпоктой дөбөт ит да, кандек ит да туйбайт уурунун дабышын. Адатта, түнкү жымжырттыкта кулагы сак кандек чаңкылдап, дөбөт борсулдаш керек эле, а алар бири менен бири ойноп аткандай.
Ууру күлүктүн жигин билдирбей алып кетет.
Дүрбөлөң эртеси башталат. Күлүктүн ээси корс-корс, бак-бак пейил күткөн капчыктуулардан экен. Анын алдында баарысынын жоргосу чыгат: милийсасы бар, башкасы бар. Кыйсыпыр түшүп, ууруну издөө башталат. Шектүү бир адам табылат. Анысы Садыр аттуу жылкы ууру болуп бүткөн эргул. Күлүктүн ээси Карабай Садырды ур-токмокко алып жатып калат. Ууруну суракка алат, тигиниси карганып-шиленип да ишендире албайт. Кыргыздан казакка, казактан кыргызга күтүрөтүп жылкы уурдап сатчу экен ал эргул. Бул иш ошол жаманатка конгон Садырдан башканын колунан келбестигин милийсасы да айткан эле. Карабай ошонүчүн өз күлүгүн Садырдан доолап ур-токмок менен суракка алат.
Бул окуя менен параллель эле үйүндө колуктусу дудук, беш жашар уулу да дудук болуп туулган башкы каарманды залдагы көрүүчүлөр дароо тааныйт. Жылкыны уурдаган адам ошол болчу. Бирок аны кадр ичиндеги дүрбөлөң түшкөн милийсасы да, күлүк ээси да али билелек. А көрүүчүлөр ким ууру, билип турат. Тасмадагы окуя түйүнүн чечмелээр кезмет эми келди, окурман.
Мандемдин баары – баш каармандын колуктусу менен баласынын дудуктугунда. Бул жерде кабат-кабат маани жаткан жокпу?.. Режиссёр дудук каарманды бекер тандап албаганы – фильмдин жалпы философиясындагы окуя жүрүшү менен өтө кылдат ачылып отурат. Болгондо да эң жөнөкөй көрүнүштөр менен. Биз көрүп, биз аралашып жүргөн коомдогу ыпластык, ичи тардык, бузукулук, ташбоорлук, ачкөздүк, ушакчылыгыбызга чейинки адам сыягына сыйбаган жорук-жосундарыбызды тасмадан көрөбүз.
Көрсө, биздин коомдо кулагы укпаган, башкаларга тилинин зыяны тийбеген адам жандүйнөсүнө деле бузук салар, бүлүк түшүрөр адамдар чекеден табылат экен. Бүгүнкү ыплас коомдун жүрүм-турум, адеп-ахлагын дудук келиндин тагдыры аркылуу туябыз.


Көрсө, күйөөсүнүн уурулук жосундарын ашкерелөө үчүн режиссёр бу жерде баш каармандын ролундагы Кентаврдын колуктусун атайы дудук кылып тандап албаптыр. Режиссёр арканды андан да алыска ыргытыптыр: дудук кейипкер аркылуу бүгүнкү коомдун моралдык сапатын кантип ашкерелөө керектигин максат кылганын көрүүгө болот.
Ал эми эң башкы кейипкер Кентавр деген аталыш менен режиссёр фильмди чылгый эле мифология тили менен туюндурууну көздөбөптүр. Фильмдин тили эң жөнөкөй, эң түшүнүктүү ишарат менен туюнткан биздин эле бүгүнкү реалдуу турмуштагы абалыбызды көркөм арсеналдар аркалуу көзүбүзгө такайт. Көрсөтөт. Цивилизация кайда баратканын туябыз. Моралдык баалуулуктар тебеленип, ошол моралдык сапаты бийик болгон үчүн башкы каармандын Кентавр деген шылдың атка кабылганына күбө болобуз. Акылы тетик адамдар айлана-чөйрөсүндөгүлөргө апенди көрүнгөндөй эле, Кентавр деле кем акыл кемпай сыяктуу кейипкер…
Актан Арым Кубаттын эң башкы артыкчылыгы да, өзгөчөлүгү да эмнеде? Ал буга чейинки тасмаларында да кандай картина жаратпасын, ошол картинанын ичине кайсы бир деталлдарды кокусунан эле колдоно бербеген сүрөткер экени дайын. Объективге илинген арбир ыкмасында символ, метафора же аллегория сөзсүз кылтыйып көрүнүп турат. Анысы түшүнүксүз ыкма болуп да калбайт. Актан Арым да кабат-кабат көп маанини каймана түрүндө туюнтуу чеберчилигин Ч.Айтматов сыяктуу терең өздөштүргөн сүрөткер.
Ошондон улам анын идеялары, каармандары, картиналары да кеңири диапазондогу бир нече оор жүктү жеңил көтөрүп, жеңил кабыл алынар формалар менен берилет. Бир карасаң, көрүүчүлөрдүн башын анчалык катырбагандай жөнөкөй тасмадай көрүнөт, бир карасаң, көрүүчүнүн фантазиясына жем таштап, андан ары ойлонууга түрткөн кызыктуу картиналар биринин артынан бири уланып жүрүп отурат. Ар бир метафоралык, символдук ыкмалары көп милдеттүү инструмент катары иштейт.
Бу жолку «Кентавр» тасмасын көрүп отуруп, режиссёрдун буга чейинки белгилүү тасмалары «Селкинчек», «Беш кемпир», «Маймыл» жана «Свет акедеги» кайсы бир деталлдар көз алдыга элестеп, бул аталган тасмалардын баары бир бүтүндүктү туюнтат. Режиссёр бул талмалардын баарын аң-сезимдүү түрдө бирине бирин эшелондой ырааттуу чиркештирүү менен идеялык-эстетикасы жуурулушкан, көркөмдүк концепциясы өзөктөш өз-өзүнчө тасмалар аркылуу адамдын жандүйнөсүн козгой турган маселелерди көтөрүп келет.
Бул тасмалардын баары бир бүтүндүктү туюнтат дегенибиз менен, режиссёр өзүн өзү кайталап калган деп түшүнбөшүбүз керек. Тескерисинче, мурункусунан кийинкиси улам тереңдеп, мурунку көркөм идеядан да ашып түшкөн көркөм табылгалары менен өзүнүн жеке кино мектебин негиздеген бирден бир сүрөткер катары караар элем.
Тасмадагы баш каармандын ролундагы Актан дайыма өзүн өзү издеген адам көрүнсө, ал эми ошол тасманы жараткан Актан өзүн өзү алда качан мурда эле таап алган сүрөткер.
Анын ар бир табылгасында ырааттуулук да бар. Чар жайыттык жок. Бирине бири чиркештирилген тасмалары атайы бир аң-сезимдүүлүк менен уюштурулуп, топтоштурулганы менен ар бириндеги эмоциялар, идеялар, окуялар, тагдырлар да ар башка. Бирок башкы каарман дайыма күрөшчүл. Ал күрөш өз керт башынын айланасындагы пендечиликтен да алда канча бийик улуттук дөөлөттү, каада-салтты, тегибизди, наркыбызды коргоочу бойдон калуу.
Дүйнөнүн улуу жазуучусу Оноре де Бальзактын бир нече роман жана повесттериндеги кейипкерлер сыяктуу эле кинорежиссёр Актан Арымдын тасмалары бирине бири чиркешип, адам тагдырынын чиеленишкен катаал жактарын улам кийинки тарткан тасмасында таптакыр күтүүсүз ракурстар менен карайт.
Ушул жерден режиссёрдун «Свет аке» тасмасына бираз кылчайып кетсек, ал каарман бүгүнкү коомдо болуп жаткан көрүнүштөрдүн бирден-бир символу. Ал – моралдык символ. Свет аке элдин электр жарыгы эмес, бүтүндөй бир улуттун аң-сезиминдеги, көөдөнүндөгү жарык да өчүп калбасын үчүн далбастаган бир бечара! Ал элдеги электр кризиси күчөгөн мезгилдеги пайда болгон Свет аке эмес, коомубузду рухий кризис каптагандагы өз жарыгын жайгысы келген Свет аке.


Свет акени бүгүнкүнүн символу дегенимдин даа бир себеби – ал өтө тартынчаак, мокок, жалтак мүнөздүү каарман. Бирок ал өз чындыгын талашууга келгенде өтө өжөр, өткүр, өтө принципиалдуу. Ага мисал: «Свет аке» фильминде татынакай бозүй ичинде шарактаган аткаминерлер төрдөгү меймандарга кошомат кылып жүргөнүн көргөн Свет аке босогодо башын жерге салып отурат. Ыңгайсыз абалда кайсалактайт. Бир убакта төө чечмей оюну көрсөтүлмөй болгондо Свет аке безге сайгандай ордунан секирип туруп, тигил эрендер кытай инвесторлоруна көрсөтөр шоуну бузуп таштаганы үчүн ур-токмокко кабылат.
Ушул окуядан кийин режиссер эмне себептен караңгы түндөгү эшектердин бири бирине секиргенин көрсөткүсү келди? Бул ошол жогорку эшелондогу чоңдорубуздун айбан сыяктуу каратүнөк иштерин чагылдыргандагысы… А бирок биз искусство арсеналдарынан түшүнүгүбүз жок калк үчүн ушул күнгө чейин жармач патриоттор арасында аталган тасманын маанисин улуттук менталитетке такагандар көп. Алар режиссердун адам менен айбан мүнөзүн окшоштуруу (антропоморфизм) ыкмасын кабыл алууга даяр эместигине күбө болдук. А мүмкүн режиссёр бу жерде бүгүнкү саясый элитабыздын бетпардасын айбандардын кумары аркылуу ассоциациялаштарып аткан жокпу?..
Свет аке сыяктуу Кентавр атанган каарманы да улуттук дөөлөттү, каада-салтты коргогон эле бир апенди. Күлүктү ал базарга апарып сатуу же союп жеш үчүн уурдап албайт. Көрсө, анын түн уйкусун бузган аян түштөр тынчтык бербей жүргөн экен. Ал аян түшү – Камбар-Ата тукуму делген жылкы баласынын бүгүнкү тагдыры. «Ат – адамдын канаты» деген түшүнүк менен жашаган элибизде той-аштарга ыксыз ысырап менен союлган жылкылардын каны селдей агып, көз жашы көлдөгөнү Кентаврга уйку бербейт окшобойбу…
Бир кезде ат жалында ойноп келген кыргыз эли бүгүн өзара ыдырап, ыркы кетип, ар ким өзүн кудайга теңеп калган мезгилде тасмадагы Кентавр бечара кудайын издеген, өзүн издеген абыгер. Өзүмчүл ар кимден бөлүнүп турган личность, бирок ошол личность тасманын аягында элден, коомдон чыгып калат. Эмнеге?..
Ал туурасында макалабыздын кийинки бөлүгүндө кенен чечмелөөгө аракет кылабыз…

P.S. 26-март, саат 14:00дө «Кентавр» кино тасмасынын бетачар аземи борбор калаабыздын «Манас» кино театрынын чоң залында көрсөтүлөт. Ал эми «Свет аке» тууралуу мурда жарыяланган макаланы төмөнкү шилтемеден окусаңыз болот…

Кыргыз киносунун жаңы доор, жаңы ооматы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *