Бурят жомогу

Илгери-илгери бир хандын жылкычысы болуптур. Ал өз ишин абдан мыкты билет экен. Бир гана жакшы ат таптап, мыкты тулпарларды суутуп гана даңкы чыкпай, өзүнүн түз жүргөндүгү, чынчылдыгы менен да барк топтоптур. Жылкычы абдан кайраттуу жигит болуу менен адамдардын баарынан чынчылдыкты гана талап кылчу. Ошол чындыгын ал хандын ноёндоруна да айтып, алардын да жосунсуз жоруктарын бетине коюп ашкерелечү. Чын сөзүн кала берсе канышага да айта алчу. А каныша болсо баары үчүн дайын эле: абдан каардуу, ачуулуу, мерез, ырайымсыз. Өзгөчө ал кедей кишилерди жана бейтааныштарды такыр аячу эмес. Ушундай аялга тил кайрыганы үчүн каныша да, өздөрүн сындагандыктан ноёндор да жылкычыны жактырбайт эле. Кала берсе хан да бул жылкычысын анчалык сүйө берчү эмес, бирок анын саяпкерлигин сыйлап гана кармап жүрчү.
Көпкөн ноёндор чынчыл жылкычыдан өч алууну дайыма ойлошчу.
Бир жолу алар каныша менен макулдашып, жылкычынын көзүн тазаламак болушат.
Каныша күйөөсүнө келет да, мынтип айтат:
— Мен ушул жылкычыңды көрөйүн деген көзүм жок! Сен ушунун көзүн тазаласаң боло! Өлтүрүүгө буйрук бер!
Хан чочуп кетет:
— Сага эмне болду, канышам?! Ошол жигит бар үчүн биздин жылкылардын үйүрүнө үйүр кошулуп, чөптөй жайнап атпайбы. Ошол жигит таптаган аттар жебедей күлүк чыгып, менин даңкымды, менин өлкөмдүн баркын далай жерге даңазалады…
— Сага кимибиз артыкпыз: менби же сенин ошол жаман жылкычыңбы?! – Ханыша ансайын долуланды. – Тезирээк бирибизди де!
Хан бир топко мелтиреп үн катпай турду да бирин тандады. Албетте, силер кимисин тандады деп ойлойсуңар? Ооба, аялын тандады. Демек, жылкычыны өлтүрүү керек! Бирок кантип? Ал да жакшы кызмат кылган жигит эмес беле. Эң ишенимдүү баш кесерлерине акырын тапшырма берди: «Силер токойдун палан жеринде тургула, силерге биринчи ким барса, силер аны тааныйсыңарбы, тааныбайсыңарбы, башын алып салгыла!»
Анан ал жылкычыны чакырды да, ага айтты:
— Менин отунчуларым токойго кетти эле, сен ошолорго палан жер менен баргын да, кандай иштеп атканын мага айтып кел!
Эч нерседен шектенбеген жылкычы күлүк аттан тандап минди да, токойду карап зуу койду. Бирок ал токойду жакшы билбейт эле, бир жерге келип адашып калды, эки айрылыштын кайсыл жагына саларын билбей көпкө турду. Анан эмне кылат? Мындайда жылкычы атына ишенет да. Эркти атка койду, кайда барса барсын деди.
Каныша болсо үйдө тынч тура албай, күйөөсүнө да ишенбей, өз көзү менен жылкычынын башы алынганын көргүсү келди.
Баш кесерлер карап турса, бир убакта ханыша келатат, алар буга абдан таң калды. Эмне үчүн муну өлтүрүү керек? Демек, хан каардуу аялын эч кимге билдирбей тындым кылууну көздөгөн экен деп ойлошту. А балким аялы чоң кылмыш жасагандыр дешти. Баары бир хан буйругу эки болмок беле?!
Башкесерлер канышанын башын тоголото чапты.
Дал ушул убакта кыйкырыктанбы, айтор, жылкычы да жете келет.
— Эмне кылып таштадыңар?! – Ал башкесерлерге айбаттуу кыйкырды.
— Хан ушул жерге келген биринчи кишини тааныштыгына карабай өлтүр деген. Ошол хан буйругу аткарылды! — Башкесердин бири такылдап жооп берди.
— А эми билдик, кимди өлтүрүү керектигин! – Экинчи башкесер ойлонуп туруп ушинтип айтты.
— Анте албайбыз, буйрук бирөөнө гана – биринчи келгенине гана болгон!
Хан аялынын башы алынганын билип, чый-пыйы чыкты. Жылкычыга асылды:
— А сен кайда элең?! Сен эмне кылып темселеп жүрдүң?!
Жылкычы адашканын, анан башкесерлерге барганда баары кеч болуп калганын божурады.
— Туура айтат, дал ушундай болгон! – Башкесерлер жылкычынын сөзүн кубатташты.
Хан башын мыжыгып, баарына өзү айыптуудай акырын үн чыгарды:
— «Бышпаган тамакты дасторконго койбойт, ойлонулбаган буйрукту аткарбайт» деген эл сөзү калетсиз тура…
А эл болсо «бирөөгө ор казсаң, акыры өзүң түшөсүң» деп мындай окуядан жыйынтык чыгарыптыр.
Которгон Абдыкерим МУРАТОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *