Жарды, жалындуу, бактылуу, таланттуу жаштар эле. Көбү кетип, азы калды. Азы көч арасында жүрү, көбү жер алдында чиренип уктап жатыры. Ошондой тура, бири кетип, бири калат экен. Үрккөн таранчыдай «пыр-р» этип учуп, «дүр-р» этип ушул жерге конуп калгандай жандар эле. Ушул жер дегенибиз – азыркы Орто-Сай базарынын күн батыш ыптасы. Азыр тогуз кабат үйлөр турбайбы, ташказанын салаңдатып. Ошолордун ордуна бир кезде, алаңгар 60-жылдын акыр ченинде ийреңдеген-мийреңдеген көчө түшкөн.
Бири-биринен кыйынсып, кырданып моюн созгон үй жок, топурактан салынып, толь менен жабылган, колхоздун койлорундай окшош кепе тамдардан ийреңдеген түтүн булачу. Кыпкызыл кыргыздар жашачу. Шатыра-шатман жашачу. Андагы Фрунзе, мындагы Бишектен азыркыдай эле жер басып, үй салып алгандар болучу. Жалаң батир издеп бул шаарда жан багалбасын билгендер эле. Университеттин (о, атыңдан айланайын, университет анда бирөө эле) филфагын жаңы бүтүргөндөр жана кудай кааласа, эки-үч жылда бүтөбүз дегендердин чоң тобу ушул көчөнүн түштүк учуна конушкан. Үйлөрүн мен да салышкам. Филфактын балдары топурап топтолуп, виного нык тоюп, бир жумада эле бүтүрүп салышчу. Беганас досум мени да салып ал деп кыйнады. Салган жокмун. Белен тамакчыл берендигим жеңип кетти өңдөнөт.
Филфакчылардын үйү үтүрөйгөнү менен көөдөнү көктө болчу. Сөздүн кымбатын, кийимдин арзанын издегендер эле. Баары гений болом деп ойлочу. Орто-Сайга өзүнчө Монпарнас орной түшкөн. Кийин Кубатбек Жусубалиев ал көчөдө: «Көп кыргыздардын «мен», «мен» деген балдары жашайт эле» – деп жазды. Өзү ошол көчөнүн тушунан өтчү, 7-чакан райондо жашай турган. Ошол «мен, «мендердин» ичинде Манас бар эле. Эсимен өчпөсө, ал жерге Манас биринчи конгон. Анан калган филфакты ээрчитип келген. Ошондой жан эле: отунду да, катынды да баарынан мурда алды. Баарынан мурда бала-чакалуу болду. Баарынан мурда 25 жашында өлдү. Негедир табышмактуу өлүм тапты. «Мен», «мендердин» бир даарын артынан ээрчите кетти: досторубуз – Беганас Сартовду 33 жашында, Табылды Муканов менен Тургунбай Эргешовду 35 жашында, Камбаралы Ботояровду 45, Аман Токтогуловду 48 жашында. О, айраңдар, кайрандар! Эмдигиче болсоңор, эмнени айтмак элеңер?!
Архивди аңтарсам, Манас Казакбаевден жупкадай китеп калыптыр. Аны да өлгөндөн кийин Беганас досу чыгарган экен. Ошондон «чү» дегендеги эле үч аңгемесин алдым. Окусаңар, ошол таптагы Орто-Сайда кандай таланттуу жаштар жашаганына ынанасыңар.
Алым ТОКТОМУШЕВ
«Жаңы Ала-Тоо» 2013-ж. №7

Класском

АҢГЕМЕ

Жолой мектеп астанасын алгачкы ирет аттагандан баштап эле класском болуп дайындалып, бул жооптуу «кызматта» үч жыл иштеди. Ал эми быйылкы окуу жылынын биринчи коңгуроосу кагылган күнү жаңы мугалим мурунку мугалимдей минтип айткан жок ага: «Сен, Жолой, классташтарыңдын арасынан чоңураагы өңдөнөсүң, сабакты жакшы окууруңду билем, ошондуктан класскомдукка дайындайм».
Алгачкы сабак бүттү. Балдар танаписке сыртка чыгуулары керек эле, бирок антишпеди. Уюлгуган аарылардын тобундай ызылдашып, өткөн жылы кимиси кайсыл партага отургандыгын, азыр аны кимиси ээлегендигин, парталар мурунку турган ордунан башка жакка которулуп калгандыгын, иши кылып, майда-барат өзгөрүштөрдү толгон-токой сөз кылып жатышты.
Класс ичиндеги мындай тартипсиздикти Жолой жактырчу эмес. Балдарды башкарып кирди адатынча:
– Эй, бириң калбай сыртка чыккыла! Малик, сен бүгүн дежур болуп, досканын бетин тазалап кой! Эй, балдар, сыртка чыккыла дейм, силерди!
Жолойдун бул өкүм үнү заматта эле тыйылып калды. Анткени Малик досканын бетин тазаламак турсун, каяша сүйлөдү:
– Керек болсо өзүң тазалай бер! – деди ал. – Класскомдукка дайындалбагандыгыңдан кийин эмнеге эле кыйынсынасың!
Бул сөз Жолойду катуу ойго салды: «Класском ким болор экен? Эгер башка бирөө дайындалса, анда мен кантмекмин? Ар дайым өзүмө баш ийген балдар менен катар дежур болуп, досканын бетин сүртөмбү?.. А балким, Малик мен болом деп жүргөндүр? Болгон менен деле ал балдарды башкара албайт. Анткени алы жок, бою кичине. Балдар тоотот дейсиңби ошону».
Экинчи сабак бүтөр-бүткөнчө Жолойдун көңүлүнө кайдагы селсаяк ойлор келип-кетип жатты. Албетте, бул анын кабак-кашын ачпастан, маанайын чөгөрүп, ыйлагысын келтирди, ичин тарытты… Качан гана үчүнчү сабак башталганда мугалим бул маселе туурасында сөз козгоду:
– Мындан мурун ким класском болуп келген?
– Мен! – Жолой ордунан шарт тура калды.
– Биринчи класстан бери,– деди арт жакта отургандардын бирөө.
– Үч жыл катары мененби?! Класском болуппу?! Аз-за-маат! «Бешке» окуучу белең?–Мугалим Жолойго үйрүлө түштү.
– «Үч» деген бааны ала элекмин, агай! – Чынында Жолой «3», «2» деген бааларды алган эмес окугандан бери. А бирок сабакка даярданбай келгенде мугалим ага: «Эмки жолу жакшы даярданып кел» – деп гана эскертчү.
– Мындан мурун дагы ким жакшы окучу эле, балдар? – Балдар эки-үч окуучунун ысымын аташты.
– Эмесе, биз боло турган класскомду шайлап алалы, – деди мугалим. «Мени!» – деп ойлоду Жолой. – Бирок азыр эмес. Азыр силер көрсөткөн эки-үч окуучуну ушулар класском болууга көпчүлүк тарабынан сунуш кылынды – деп тизмеге жазалы. Бир-эки жума өткөндөн кийин атайын ушул маселе боюнча класстык чогулуш чакырып, шайлайбыз. Ал мындайча болот: ар кимиң өз алдыңарча алакандай кагазга класскомдукка көрсөтүлгөн окуучунун бирөөнүн фамилиясын жазасыңар да, аны бүктөп, мен отурган столдун үстүнө алып келесиңер. Анан бардыгыңардын көз алдыңарда иш чечилет. Кимде-ким жашыруун добушка көп ээ болсо, ал – класском. Бул иш болгонго чейин алардын кимиси тартиптүү, үлгүлүү, сабактарынан мыкты окуп силердин көңүлүңөргө толгондор, албетте, ошондо билинет. Дагы бир айта кетүүчү талап: менин да шайлоого акым бар, силер катары. Биз тизмеге жазган төрт окуучунун да акысы бар шайлоого, бирок өздөрүн-өздөрү эмес, бири-бирин…
Так ушул күндөн тартып, Жолойдун кыял-жоругу өзгөрө баштады. Үйүндө ата-энесине анча-мынча жардамдашчу эле, токтотту. Чектен ашыра ойноону тыйды. Классташтары менен болбогон жерден чатакташпай, жумшара баштады. Бар болгон зээнин сабакка бурду. Класста мугалим балдарга кандай гана суроолорду бербесин, анын колу көтөрүлбөй турчу эмес. Отурган партасынан бат-бат обдула тура калып: «Мен, агай! Мен айтып берейин, агай! Мен!.. Мен!.. Ка-ап! Доскага мени чыгарбай койдуңуз да, агай!..» – деп безбелдектей жаагы басылбайт. Мугалим: «Мындай чуру-чууга көп эле түшө бериш жарабайт, жөн гана колду көтөрүү керек» дегенин кээде Жолой унуткарып жиберип, адатын кармата калучу.
Класста иштелүүчү маселе, же мисалды башкалардан мурун аткарып, же жалгыз гана өзү аткарып, көп алкоолорго татыктуу болду. Анча-мынча алакөөдөндүгүнө карабай:
– Аз-за-маат, Жолой! Азамат!..– дей берди ага ичи жылыган мугалим.
Ушул артыкча алкоого ал манчыркап кетти. Бир күнү көпчүлүк балдардын алдында: «Быйыл да класском мен боломун!» – деп жарыя кылды. Сабак учурунда окуучулардын бири минтип сурады.
– Агай, быйыл да класском Жолборсов болобу?
– Эгерде, силердин көпчүлүгүңөр класстык чогулушта Жолборсов болсун десеңер, эмнеге болбосун. Мен азыртан кайдан билем аны. Бул ишти силер чечүүңөр керек…
Жолойдун самаганындай болуп сөз мындан бөлөк козголгон жок. Болбосо, анын мактанчаактыгы билинип калат беле…
Ал өз ичинен кымыйды: «Эмне кылуу керек? Балдар менен байланышты чыңоо керек ко» – деди оюнда. Ошентип, байланышты чыңай баштады. Ал үчүн атайын бир жаңы дептер ачылып, ал шарттуу түрдө «Арифметика» деп аталып, ар бир бетине класстагы балдардын аттары жазылып чыкты.
Күндөлүк сабакка керектүү окуу куралдарын гана сумкасына салбастан, өздөрүнүн апорт алмаларынан да бир нечени кошо сала келет. Ар дайым мектепке элден эртелеп барып, сабак башталгыча классташтары менен ойнойт. Оюн арасында сумкасын секин ачат да, жанындагылардын көзүн күйгүзүп, алмадан жей баштайт. Аны жардагандар чыдай албай сурашат:
– Алмаңдан берсең, дос?
– Бир эле тиштетсең? – Жалдырайт башкалары. Жолой жеңил-желпи балдардай, же «жок», же «бар», «ме» деп дароо эле бере салбайт. Алардын шилекейин агызып ого бетер эбиреп-жебиреп кирет:
– Биздин алмабыз быйыл да аябай жакшы байлады. Шактары ийилип, жерге тийип турат. Курт деген түшкөн жок. Атам аларды этияттык менен үзүп алып, кышка сактайбыз деп атат. Мен кышында да мектепке алма алып келип жеймин. – Анан сурагандардын көңүлүн калтырбай бирден бере баштайт.
– Ме, Абдразак, сага бирди.
– Магачы? Мага да берсең, дос? – Калгандары да жамырашат.
Жолой сумкасындагы алмалары түгөнгөн соң сөз узатат:
– Ушуну менен эле биздин алма түгөнүп калат дейсиңерби? Биздин алманын көптүгүн билесиңерби?.. Ох-уу! Миң! – Ичинен компоёт. Балдарга берген алмалары желип бүткөндөн кийин: – Ширин бекен алмабыз? – деп сурайт.
– Аябай ширин турбайбы, дос!
– Жебегендериңерге эртеге ала келем, достор! «Дос» деген сөздү жоктон табышкансып, дегеле ооздорунан түшүрүшпөйт. Бирибирине ушунчалык ынак болуп кетишет дейсиңер… тим эле укмуш!
Жолой күндө аткарылып жаткан иштин жүрүшүп баякы «Арифметика» дептерине минтип белгилеп коёт: «Асилге: бир чүкө, эки алма, төрт калем уч бердим. Акимге: үч алма, бир дептер, сыя боёк бердим. Абдразакка: эки алма, эки значок бердим. Эшмаматка: (анын аты жазылган бет али бош, демек, аны менен али чындап дос боло элек). Маликке: (атасы биздикинен шорпо ичкен…)».
Бир жолу Маликтин атасы Жолойдукуна иш менен кирип калып, жаңы бышырылган тооктун сорпосунун үстүнөн чыккан. Ошол замат Жолой тамагын шашып-бушуп ичип бүтүп, досуна карай «тыз» койду.
– Атаң кайда экендигин билесиңби?
– Кайда?
– Биздикинде, сорпо ичип атат, досум!.. – Ошентип, аны да өз тарабына тартып алды.
Жолой атасына асылып жатып кызыл-тазыл топтуу болду. Ал анын ээси гана аталып, бирок көп берилип ойногон жок. Кайсы бир баланын колунан тешилип калды. «Мейли, тешилсе жаңысын алдырып алам» – деди күнөкөр менен чатакташпай.
Акыркы күндөрдө начар окугандардын да күнү тууп, арифметика сабагынан баш оорутуп, кыйналбай турган болушту. Жолойдун эсеп дептери – алардын илим кени. Көчүрө коюшат.
Арадан эки жумадан көбүрөөк убакыт өттү. Бир күнү мугалим эң акыркы сабак учурунда боло турган класстык чогулуш жөнүндө эскертти.
– Кимди шайлайбыз? – Бардыгынын алдындагы орчундуу суроо ушул эле.
– Абдразакты.
– Жок, Акимди. – Талашты башкалары.
– Маликтичи? Ал дагы алдыңкы окуучу. – Бул көпчүлүк кыздардын пикири.
Жогорудагы аты аталган окуучулар ырым үчүн болгонсуп эскертилип гана өттү.
– Жолой класском болсун! –Бир добуштан жактырышты.
– Туура!
– Анын кызылала тобун жарып салганда да мага эч нерсе айткан эмес,– деди Эшмамат. – Жолой болсун!
– Ошол үчүн элеби? – Жолой калп эле анткорсунду. Бирок тобун кимден жаңылатып аларын билип алды.
–Азыртан минтип макулдашуу жарабайт. Мугалим ушинтип айтты беле? – деп Жолой анткордугун дагы жылдырды.
Күткөн күн да келди. Ооба, Жолой зарыгып күткөн күн. Ал класскомдукка шайланды. Мына, эми тизмесин чыңдап тактап жазып, өзүнөн бөлөгүн дежурлукка дайындоого каалашынча укугу бар. Анын бир кездеги: «Класском ким болор экен? Эгер башка бирөө дайындалса, анда мен кантмекмин? Ар дайым өзүмө баш ийген балдар менен катар дежур болуп, досканын бетин сүртөмбү?» деген бушайман суроолору көп көргөн түш катары унутулуп калды, эчак эле. Билинбей арадан ай өттү. Жолой бара-бара бой көтөрө баштады. Малик экөө болбогон жерден чатакташа кетишти.
– Тряпканы жакшылап суулабапсың! Карачы, досканын бети аябай кир! – деди бир жолу. Доска таза эле.
– Таза эле го,– деди Малик.
– Таза эмес! –Анан өз укугунан пайдаланып: – Сүрт деп атам мен сени! – деп чаңырды.
– Сүртпөйм. Малайың барбы!..
– Малайсың! – Досчулук бузулду. Чекит. Арифметика сабагынын айынан достошкондор да андан көчүрүп жазышпай калышты.
Досчулук бузулду. Чекит.
– Кызыл ала тобумду төлө! – Эшмаматка асылды Жолой.
– Мен жарган эмесмин.
– Баягыда өзүң айтпадың беле мен жаргамын деп. – Канчалык актанганына карабай Жолой андан жаңы топ кайтарып алды.
Досчулук бузулду. Чекит.
Алмалар гана дооланган жок. Желип калган да алар.
Биринчи чейрек аяктаар алдында арифметика сабагынан контролдук иш болду. Элден эртелеп Жолой аткарды тапшырманы. Бирок дептерин мугалимге тапшырарда чоң каталык жиберди: маселе аткарылган дептеринин ордуна, балакет басып, баякы эсеп-кысап тизмеленген «Арифметиканы» берип жибериптир, бирдемеге алагды болуп отуруп. Эртеси биринчи эле сабакта мугалим аны ордунан тургузду:
– Бул эмне деген контролдук иш, Жолборсов! Эмне деп тантырагансың бул жерде!.. «Абдразакка эки алма бердим… Асилге үч алма бердим…» Мен контролдук ишти ушул «бердим» жөнүндө жаздырдым беле? Карагылачы, балдар, ишенбесеңер! – Балдар дептердеги эсеп-кысапты көрүшүп, өздөрүнүн каталыктарын түшүнүштү. Алданганда алар…
Ошол күнү кайрадан класстык чогулуш чакырылып, Жолой «бийликтен» кулады. Кырсык!
Сабак бүтөрү менен сандалып үйүн көздөй жол тартты Жолой. Өзүн өзү туюкка туш кылганын түшүндү. Бул оор абалдан арылуунун амалын издеди. Сааттын маятнигиндей тынымсыз кайталанган бул суроо жүрөгүн өйүп жатты: «Эмне кылуу керек?.. Эмне кылуу керек?..»

Манас КАЗАКБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *