Сын жана библиография

Айтылуу акын Акбар Рыскулдун «Атакенин Акболот» үчилтиги биздеги «Көк асаба» жана «Сынган кылыч» сыяктуу көрөсөн (шедевр) саналган тарыхый романдардын көрөңгөсүн толуктап, алардын уңгусун уланткан, жанары ачык чыгарма болуптур. Мындай деп айтканыбыз – өйдөкү эки классикадай эле акындын романы да биздин элдин тарыхындагы кыйын-кысталаң мезгилдердин бирине арналган. Атап айтканда, үчилтикте калмактардын жапырыгынан качып кыргыздар Ысар, Гөлөпкө, алды Индустанга чейин кирип барган ала сапырык замандын – XVIII кылымдын коомдук коогалаңдары, саясый капсалаңдары сүрөттөлөт.
Окуялардын баары талашсыз таржымалы, кыргызга кылган реалдуу иши менен көңкү журтка белгилүү болгон көрүнүктүү ысымга – Атаке баатырга байланып, биздин элдин тарыхый тагдыры чукул бурулушка жууктап калган маалдагы кырдаал сүрөттөлөт.
Азы төгүн, көбү чын
Ошол эле учурда «Атакенин Акболот» жогорто айтылган эки романга окшошпогон, алардан кыйла эле башкача кыяпта жазылган чыгарма. Бу жерде майда-баратын санжаптап санап отурбай, негизги үч жагдайды белгилеп өтсөк болот.
Биринчиси. Бардык тарыхый романдарда адат катары турмушта жашап өткөн таанымал ысымдар менен катарлаш чыгармада баян кылынган доордун бей-бешенесин, мезгилдин желесине басылып, көмүскөдө калып кеткен көрүнүштөрүн толук ачып көрсөтүү максатында автор өзү ойлоп таап, кыялынан жасап алган каармандар болот. «Сынган кылычта», мисалы, Абил бий, Бекназар, Сарыбай, Алмамбет сыяктуу чоң образдар ошондой кейипкерлерге кирет.
«Абай жолундагы» Деркембай, Эрбол, Базаралы да тарыхта болбогон каармандар. «Атакенин Акболот» романында кыялый мындай чоң образдар жок. Үчилтиктеги негизги каармандардын баары – Санчы сынчы, Үчүкө, Түлкү менен Жаңыл мырза, Тынай, Эр Солтоной, Бердике, Кошой, Жайыл баатыр, эр Садыр, Эсенгул, Төлө бийдин төөсүн баккан Сабалак кул Абылай, калмак коңтаажылары, алардын ойротто жок сулуу кызы Олоңбайыр-Гүлгаакы (Лома Байор), орус империясынын борборуна биринчи элчиликке барган Абдыракман Кучак, анын шериги Шергазы жана башкалар – бу жарыкчылык турмушта жашап өткөн пенделер.
Экинчиси. «Атакенин Акболот» романында тарыхый маалыматтарга, Унковский, Андреев өңдүү падышалык армиянын офицерлерине, Чокан Валихановго, кала берсе Кышкы сарайдагы үлпөт китебине, башка да документтерге түздөн-түз шилтемелер жасалат, алардан үзүндүлөр келтирилет. Ал эми көпчүлүк көркөм романдарда мындай учурлар аз кездешет.
Үчүнчүсү. «Атакенин Акболот» романында тигил же бул окуяга, каармандардын кадамдарына, чечимдерине автордун жеке позициясы, мамилеси ачык-айкын, так туюнтулат. Ал тургай Атаке бийди казактын кадимки Кабанбай баатыры өлтүргөн деп тыянак жасап, «Дарабоз» деген ат менен эки китеп жазып, олуялык кылган кайдагы бир авторго каяша айтылат. Илимий-популярдуу жана публицистикалык иликтөөнүн усулун эске салган мындай ыкма биз билген башка тарыхый-көркөм романдарда кезикпейт.
Ушундан-улам «Атакенин Акболот» үчилтигин көркөм чыгармага мүнөздүү келген көндүм стилден саал башкараак тарыйкада, жаңыча жанрда жазылган тарыхый роман деп атоого болот. Көркөм адабияттын мындай түрүн «нон фикшн» (non fiction) – орусча «не выдуманное произведение» – ойдон чыгарылбаган чыгарма деп аташат.
Нон фикшн – тарыхый фактыларга таянган, аларды көркөм образдар аркылуу тереңдетип, өткөн мезгилге ой калчаган чыгарма, ал негизинен документализм менен көркөм ойдун жуурундусунан турат. Нон фикшн жанрында жазуучунун фантазиясынан, кыялынан жаралган окуялар, эпизоддор деле – андайлар болбой койбойт – документтер эстетикасынын аңытында тарыхый чындык өңдөнүп кабылданат.
«Атакенин Акболот» романында нон фикшн жанрынын толук элементтери бар. Бу жанрдын ток этер маңызын «Манас» эпосундагы «жарымы жалган, жарымы чын» айтымы аркылуу түшүндүрсө болот. Болгону нон фикшн стилинде азы төгүн, көбү чын болот. «Атакенин Акболоту» ошондой роман.
Романдын ушул усулу, турпат-оролу эки бирдей фактыны капыялап тургансыйт, биринчиден, биздин калемгерлер арасында дүйнөлүк адабияттагы процесстерден кабардар, алардын агымынан артта калбаган авторлор бар экенин көрсөтсө, экинчиден, улуттук көркөм профессионал адабиятыбыздын көрөңгөсү кантсе да какшый электигин, анын жалпы дүйнөлүк өнөгөлөрдүн аңытында өнүккөнгө ынтаа кылган дем-дымагын, дамаасын кадимкидей каңкуулай алат.
Атаке бийдин доору – XVIII кылым – кыргыз академиялык тарыхында жетерлик изилдене элек. Кайсыдыр бир өлчөмдө мунун өктөөсүн ушул роман толтурат. Айрым фактыларды атасак,маселен, Атаке баатыр жөнөткөн кыргыз элчилерин Екатерина II Кышкы сарайда 1786-жылы 15-мартта, жекшемби күнү кабыл алган. Үлпөт китебинде Атаке «Кыргыз башчысы» делинип жазылган. Муну жаңы такталган факты десек болот. Омбулук тарыхчы И.Андреевдин күндөлүктөрүндө XVIII кылымда кыргыздарга бир жагынан коңшу-колоңдор, экинчи жагынан кытайлар кол салып турганы айтылат.
Дагы бир жеринде кыргыздардын Атакей деген бир князы же бийи бар экенин, аны бүткүл ордодо кадырлаша турганын белгилейт. Ошол эле кылымдагы дагы бир тарыхчы П.Рычковдо кыргыздар жунгарлар менен такай чарпышып-чабышып турганы, бирок калмактарга таптакыр табын болбогону кабарланат. Ал эми Н.Бичурин ал кездеги «кыргыздарды жакыр, бирок жоодо жанын аябаган баатыр эл» деп баалап, жадесе күр болуп, күчкө толуп турган маалында жунгарлар да аларды багынта албаганын тастыктайт. Буга кошумча окурман романдан кадимки Абылай хан учурунда «турумтайдай уул экенин, үйсүндөрдүн Төлө бийинде төө баккан кул болгонун» биле алат.
Мындай мисалдар оголе көп. Иши кылып, романда Атаке бийге, анын дооруна байланыштуу буга чейин үзүл-кесил кездешкен тарыхый маалыматтар орус, кытай архивдеринен алынган, жаңы табылган документтер менен толукталат, кыргыз менен казактарда айтылып калган уламыштар кеңири баяндалат.
Алмагайып заман
Атаке бийдин доору, автордун таамай аныктамасы менен айтканда, анык «алмагайып» заман болгон. Маселен, Сарткул-Сабалакты алалы. Анын өз аты Абылмансур, кийин Абылай аталып, Орто жүздүн, андан соң бүткүл казактын ханы болот. Сабалак эки ирет – адегенде кыргыздарга, кийин калмактарга колго түшкөн. Атаке аны 1726-жылы казак-кыргыз чогулуп, калмакка каршы орток кол курап, аны башкарууну Кичи жүздүн улугу Абылкайыр ханга табыштаган чоң жыйында көрөт. Андан соң казак-кыргыз биригип, калмактардын катыгын берген айтылуу Аңыракай айкашында Сабалак менен таанышып, баатырлык каадага ылайык камчы алмашат.
Алмагайып тагдырды карабайсызбы: көп жыл өтүп, Атакенин тун уулу Карабек дал ошол Абылайдын чапкынында мерт болот. Бийдин башына Абылай миң жылкы саят. Бирок ал жел кайыптан бетер кармалбай, уруштун качырткы усулуна салып, капыл-тапыл жерден катылып тийип, Абылайдын улам бир капталын таарып, омурткасын омкоруп турат. Ушул урушта, андан мурда калмактарга каршы казаттарда Атаке бийдин кол башчылык таланты таасын көрүнөт.
Романдагы дагы бир тарыхый каармандын – атактуу Жайыл баатырдын тагдыры да ошол доордун мүрөл мүнөзүн туюнтат.
Калмактар Улуу жүздүн элин басып, Жаугаш баш болгон жоон топ жигитин туткундап, коңтаажыга тартууга айдап баратканда Меркенин тушунан Жайыл баатыр капыстан кол салып, аларды душман чеңгелинен бошотуп алат. Сабалак да ошондо Жайыл баатырдын колунда баш корголоп жүргөн экен. Кийин казак менен кыргыздын чоң чабышында Жайыл бий үч баласы менен Абылайга колго түшөт.
Жайыл баатырдын башына Жаугаш жансоога сурап алганда макул болбой, кичи баласын гана азат кылууну талап кылат. Мунун баары автор ойлоп тапкан окуялар эмес. Баары тарыхта болгон реалдуу иштер, аларды өзүбүздүн Белек Солтоноевден жана башка авторлордон окуса болот. Абылайдын кыргызга жасаган жортуулун анын жүз жашка чыккан акылчысы Бухар жырау, атактуу казак акындары менен домбурачылары катуу айыпташкан. Атүгүл карачечекей чөбүрөсү Чокан Валиханов бир кылым өткөндөн кийин чоң атасын кадимкидей сынга алып, Сары-Белдеги салгылашты «Жайыл кыргыны» деп атаган…
Абылай кетип, кокон ханы Нарботону өз ордосунда мыш кылып кайткан соң Атаке бийге сырттан эмес, ичтен жоо табылат. Бир атты – Керкулунду талашып, сарбагыш ичинен ырк кетет. Айрыкча өзүнүн эле иниси Эсенгул баатыр катуу эрегишип, агасынын күлүгү Ноктокерди тартып алганы кол курап кирет. Атаке бий эсирген инисин таш менен эмес, аш менен каршы алмак болуп, эч кимге шегин билгизбей Таанаке байбичени алдырат. Таанакени Болот бийге –Эсенгулдун атасына кадимки Санчы сынчы тандап берип, андан башкойкоң төрөлөрүн, наркы урпактары да мыкты чыкмалардан болорун болжоп айткан. Ошол башкойкоң беш жүздөй кол алып, тууганынан тулпар аяган Атаке бийдин түндүгүн түшүрө чапканы кылычын жалаңдатып кирип келсе, төрдө өз апасы отурганын көрүп, жарылып кете жаздап, күйбөгөн жери күл болуп кайтат. Бирок күлүк талаштын күйүтү ошону менен бүтпөйт. Акыры Атаке бий жакын тууганды жат кылып, ага менен инини араздаштырган тулпарын жаамы сарбагыштын, жалпы эле кыргыздын ынтымагы үчүн садага чабат.
Таң эрте Иледен чыгып, Чүй боюн сыдырып, эл орунга отурган маалда Чолпон-Атадагы үйүнө жетет да, узак жол басып келген (Белек Солтоноевдин эсебинде 350–400 чакырым) Керкулундун терин суутпай, коё берет. Каны каткан жаныбар Ноктокер түз эле камыш аралап барып, сууга тумшугун салат. Ошону менен опот болот. Айтылуу аргымакты Эсенгул баатыр өзү келип, жерге көмөт. Керкулундун башын кучактап, чоң шашкеге чейин озоңдоп отурат…
Булардын баары романда баяндалган Атаке бийдин дооруна мүнөздүү белгилердин айрым гана үзүндүлөрү. Бул үчүн, арийне, жаалы катуу Жаңыл кызга үйлөнөм деп барып, анын жаасынан жайран кеткен Үчүкө менен Түлкүнүн урпактары, ошо кездеги жалпы сарбагыш журту, алатай кыргыз күнөөлүү эмес. Санчы бабабыз айткандай, бөрү биригип миң болбогон, кой чачырап бир болбогон алмагайып замандын жол-жосуну, айныбас заң-закүнү ушундай болгон. Аларга азыркы күндүн көзү менен карап, акылдуусынганга биздин акыбыз да, укугубуз да жок.
Олоңбайыр баяны
Чет элдик (П.Паллас,Ж.-П. Абель-Ремюза) жана россиялык (Н. Бичурин, А.Позднеев,И. Златкин) тарыхчыларга ишенсек, калмак хандыгында Цэван Рабдан өлгөн соң бийлик уулу Галдан Цэрэнге калат, ал казактар менен кыргыздарды кайра каратат, Фергана өрөөнүнө бүлүк салат. Галдан көзү жумуларда калмак токолунан туулган ортончу уулу Цэван Дорджиге хандыгын мурастап берет. Тарыхчылар дал ошондон тартып, ойрот хандыгынан оомат кеткенин белгилешкен.
Ушул окуялар да романда кенен-кесир жана таасирдүү сүрөттөлөт. Калдаң Сереңдин олжолоп алган кыпчак аялынан төрөлгөн уулу Лама Доржи менен кызы Лома Байор тексиз ургаачыдан туулган тукум аталып, ургадан (ордодон) оолактатылат. Жаш коңтаажы Сыбан Доржи казак менен кыргызга Ажаан аталат, кудайын тааныбай кутуруп кетет. Акыры урга билермандары эси жок коңтаажыны биттей кезинен колунан жетелеп, жонуна көтөрүп чоңойткон эжеси Лома Байорду ордого жакын алып келип, Ажаан хандын бир айласын тапмакчы болушат. Аңгыча ал жең ичинен перс шахы Надырга элчилерин аттантып, ага «айдай сулуу эжесин» бергенге камынып калат.
Мал сыяктуу соодага түшкөнүнө арданган акылы тирик зээндүү кыз ошондо карачечекей инисине каршы ургада чатак чыгарат. Бутунун учу менен жыла басып, жылмая сүйлөп, койнуна жылан каткан кутумдардын көкүтмөсү менен инисине уу берип, тындым кылууну чечет. Бирок анысы билинип калат, күнөөкөрлөрдүн таманына мык, тырмагына ийне кагылат, таанымал тайчылар менен жайсаңдардын башы кыя чабылат, он бештен ашууну дарга асылат.
Калмак хандарынан калган салт боюнча коңтаажы өз эжесинин эки көзүн чукутуп салмакчы болот. «Өз колум менен көтөрүп чоңойттум эле, эгер көзүмдү ойсо, Ажаан хан өз колу менен ойсун!» – деп айтат Лома Байор. Каланган карапайым калың калмактын каарын сезген Ажаан хан акыры эжесине ырайым берет, бирок абакка салдырып таштайт.
«Он сан жаткан калмакты Олоңбайыр кыз бузду» деген макал казак менен кыргызда ошондон калган дешет. Ойроттон табылгыстай сулуу чыккан Лома Байор, азыркыча айтканда, Атаке баатырдын көз ачып көргөн биринчи ынтыгы («Манастагы» аталыш) – ашыгы болгон. Өспүрүм кезинде калмактарга туткунга түшүп, алардын колунда жүргөндө Атаке аны менен ынак болуп, ышкы оту жанат. Экөө калмакча эмес, кыргызча сүйлөшүп, Атаке аны Олоңбайыр атка кондурат. Калмак хандыгынын түбүн копшоп, анын орун казган ошол кыз кийин кыргыз уламыштарында Олоңбайыр-Гүлгаакы аталып калган экен. Кайсы бир кабарларда Олоңбайыр калмактардан качып барып, Абылай ханга тийгени да айтылат (Б.Солтоноев).
* * *
Романдын тили өзүнчө кеп кылууга, кенен-чонон иликтөөгө арзыйт. Үчилтиктин мисалында месел кептердин, экмет сөздөрдүн чакан бир энциклопедиясын түзсө болот. Буга бир-эки мисал: «Билгилерден кем болбо, билбестерге тең болбо», «Ийини тийбеген эшик жок, эрини тийбеген кашык жок», «Беш манжа бирикпесе, бир муштум болобу», «Жаман жоруктун, терс жосундун түсүнөн түңүл», «Келечеги кең болсо, кеменгерге тең болор», «Кайнене калтайбаса, келини келтейбес», «Күйөөлөп келип, күнөөкөр болбо», «Ырым бузулса, ырк кетет», «Белек алар киши берерин да билет» ж. б. у. с.
Мындан тышкары романда азыркы кездеги бир катар терминдердин ордуна колдонсо боло турган айтымдар да арбын. Маселен, байымтал – толерантность, оккагар –телохранитель, боорумал – гуманный ж. б.
«Атакенин Акболот» – акын Акбардын калеминен жаралганын эске алганда үчилтиктин көркөм каражаттары көп кырдуу чыкканын мыйзамченемдүү иш десек болот. Үчиликте майда-барат кемчиликтер да жок эмес. Автор айрым жерлерде каармандарды чаташтырып алат, окуялардын оролунан адашып калат. Бу сыйкы техникалык себептерден улам болгон өңдөнөт. Ошондой эле кээ бир тарыхый түшүнүктөр, аталымдар туура эмес колдонулат, кай бир жерлерде азыркы күндүн лексемалары, тапталган гезит сөздөрү жолугат. Көркөм-идеялык мааниде анчейин жүк көтөрө албаган эпизоддор, эчтемеси менен айырмаланбаган, эсте калбас кейипкерлер да бар. Кээ бир учурларда автор жаңы табылган тарыхый фактылардын, эл оозунда айтылып, көпчүлүк анчейин биле бербеген уламыштардын жетегине кирип кеткен жерлер бар. Бирок адилеттик үчүн айта кеткен абзел: бул роман окурмандан да чыгармада баян кылынган доор тууралуу анча-мынча маалымдарлыкты талап кылат.
XVIII кылымдагы окуялардан, айрыкча ошо замандагы кыргыздар менен казактардын тарыхынан анчейин кабарсыз адамдар үчилтиктеги бир катар жагдайларды, каармандарды, мисалы, кан ичер Абылай аталган казак ханы менен анын небереси Абулмансур-Абылайды же аны менен Абылкайыр ханды чаташтырып, алардын баарын бир киши катары түшүнүп алышы ыктымал.
Жыйынтыктап айтканда, «Атакенин Акболот» кыргыз тарыхынын бөксө жерин көркөм боёктор, документалдуу фактылар менен толуктаган үчилтик. Ал бизге улуттун өткөнүн, ал аркылуу анын учурдагы абалын аңдап-тааныганга, атүгүл келечекти болжоп билгенге жардамдашат. Үчилтикте баяндалган үч кылым илгерки айрым геосаясый, дипломатиялык маанидеги окуялар көп жагынан азыркы кездеги проблемалар менен үндөшүп турат. Роман ошондой эле академиялык тарыхка да пайда-батасы тиер чыгарма.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *