Халед ХОССЕЙНИ – теги ооганстандык АКШ жазуучусу. Биз анын «Жана тоолор жаңырды» романынан үзүндү жарыялайбыз. Бул үзүндү өзүнчө икея болгондуктан, бүтүндөй бир чыгарма катары да кабыл алсак болот. Себеби маани-маңызы терең көркөм мазмундуу икеянын артында адам насилине күчтүү таасир этер философиялык өзөк камтылган.
«Жамандык жана жакшылык жөнүндө билимдин ар жак четинде талаа бар. Сени ошо талаада күтөм».
Жалалиддин РУМИ, (XIII кылым).

Биринчи бап
1952-жылдын күзү

Мейли. Аңгеме укканды кааласаңар, бирди айтып берейин. Бирди гана. Дагы сурабагыла. Кеч болуп калды. Сен, Пари экөөбүз, эртең узак жолго чыгабыз. Ошого сен түнкүсүн жакшы уктап алышың абзел. Абдулла, сен дагы. Балакай, биз карындашың экөөбүз алыста жүргөндө, сен үйдөгү тириликти жүргүзө берериңе ишенем. Апаң да сага ишенет. Мейли, бир аңгеме болсун. Экөөң тең жакшылап уккула. Сөзүмдү бузбагыла.
Илгери, илгери, жер бетинде дөөлөр менен жиндер жана алптар тентип жүргөн кезде Майдан-Сабз деген кичинекей айылда Аюб Баба деген дыйкан жашайт. Ал чоң үй-бүлөсүн багуу үчүн жаны тынбай иштечү: таң аткандан күн батканча жер айдайт, жер чукуйт жана дарактары картайган писта багын карайт. Аюб Бабаны качан көрбө, колундагы орогу сыяктуу бели бөкчөйүп, талаада иш кылып жүргөнү жүргөн. Шордуунун жооруп, таштай катып калган колдору кесилип, кээде жарыктарынан кан агып турчу. Ал колу сыздап оорууганына карабай, башы жаздыкка тиер менен коргошундай былк этпей уктап калчу.

Силерге айтып коёюн, ал жакта жалгыз Аюб Баба эле ушундай эмес болчу. Майдан-Сабздын бардык калкы оор турмушта жашачу. Бирок тээ түндүк тараптагы өрөөндөрдү байырлаган эл бактылуу экен. Алардын мөмө жемиштүү дүпүйгөн бактары гүл жыттанып, абасы буркурап, арыктарында муздай көк кашка суулары шылдырап агат. Ал эми Майдан-Сабз бейтаалай кыштак экен. Аты Жашыл талаа дегенди билдирип, кулак сүйүнткөнү менен табияты катаал. Тектирдеги бул кыштакты боору тик тоолор курчап, ысык шамал качан болбосун чаңды ызгытып, көз ачырбайт. Кыштактын терең кудуктары да тез-тез какшып калат. Ошого тургундар дээрлик күн сайын суу издешет. Жакын жердеги суусу ылай дарыяга чейин жарым күн басуу керек. Он жылга созулган кургакчылыктан кийин ал дарыянын суусу тартылып, түбүндөгү таштары көрүнүп калды.

Кыскасы, Майдан-Сабздыктар башка жерлердин элине караганда эки эсе көптүгү менен күнүмдүк жашоого керек оокаттын теңин араң табышчу. Ошентсе да Аюб Баба өзүн бактылуу саначу: себеби баарынан кымбат көргөн үй-бүлөсү бар эле. Ал зайыбын ушунча жакшы көргөндүктөн, ага кол тийгизмек турсун бир да жолу катуу сөз айтпаган. Зайыбы берген кеңешин ал аябай баалачу жана аны менен чогуу болгондо чын дилинен сүйүнчү. Кудай андан бала аябады: бир колуна канча манжа жаратса, ошончо перзент берди. Ал үч уулун жана эки кызын жан алы калбай сүйчү. Кыздары элпек, ак көңүл, адептүү болгондуктан аларды элдин баары мактачу. Ал балдарын чынчылдыкка, эр жүрөктүүлүккө, достукка бекем болгонго жана жумушту майын чыгара иштегенге үйрөттү. Ошого балдары атасынын сөзүн эки кылбай, дайыма жардамдашат эле.

Аюб Баба беш баласын бирдей жакшы көргөнү менен кенжеси Кайсты баарынан артык көрчү. Үч жаштагы Кайстын көздөрү асмандай көк болчу. Адамдар анын кыткылыктаган күлкүсүн укканда жүздөрү жайнап, жүрөктөрү элжиреп кетчү. Кайсар эми баскандан тартып чарчаганды билчү эмес. Демейде андай балдар тегерегиндегилерди суй жыгылтат эмеспи. Ал уктаганда гана тынчыгандай көрүнгөнү менен түшүндө желип жортуп жүрчү. Көзү уйкудагы бойдон өздөрү жашаган пакса дубалдуу үйдөн сыртка чыгып, айлуу түндө тентип да кетет. Кокус кудукка түшүп калбайбы, же жоголуп кетпейби, же балакет басып талаада шимшип жүргөн ит-куштарга кезигип калса эмне болот деп ата-энесинин чый-пыйы чыкчу.

Баланы үйгө үйүр алдыруу үчүн эмне айла кылышпады, бирок жардам болбоду. Акыр аягында, Аюб Баба эң жөнөкөй жолду тапты: эчкилеринин биринин мойнундагы кичинекей коңгуроону чечип алып, Кайстын мойнуна илип койду. Эми ал түндө төшөктөн турса, коңгуроонун үнүнөн сөзсүз кимдир бирөө ойгончу болду. Көп узабай Кайстын түндө тентип кетмейи токтоду. Бирок коңгуроо ага жагып калгандыктан, мойнунан чечпей койду. Ошентип коңгуроо мурдакы вазийпасын аткарбаганы менен баланын мойнунан чечилген жок. Аюб Баба кечинде жумуштан келатканда Кайс атасын утурлай чымын куюн болуп жүгүрүп барып, башы курсагына кадалып, буттарын кучактап алчу. Ошондо баланын ар кадамы сайын коңгуроо шыңгыр-шыңгыр деп үн салчу. Атасы Кайсты колуна алып, үйгө чейин жерге түшүрбөй көтөрүп келчү. Атасы жуунуп атканда, баласы көздөрү жайнап жанында турчу. Атасы тамактанып атса, баласы жанында кошо отурчу. Атасы тамактанып болуп, шашпай чай ичүүчү жана бир күнү балдарым бойго жетип үйлөнүшөт, бала-чакалуу болушат, өзүм азыркыдан да чоң үй-бүлөнүн чоң атасы болом деп ойлончу.

Өкүнүчтүүсү, Абдулла жана Пери, бир күнү Аюб Бабанын бактылуу жашоосу бүттү. Майдан-Сабзга дөө келди. Ал тоодон кыштакты көздөй келатып, кадам шилтеген сайын жер титиреп жатты. Эл кетмен-чотун, күрөк-тырмоокторун ыргытып, чегирткедей ар жакка качты. Үйүнө камалып, бурч-бурчка жашынгандар да болду. Дөө Майдан-Сабзга жеткенде, анын шарпасы кулак тундурган кадамы токтоп, тулку бою асманды тосуп калды. Укканыма караганда, анын башында эки мүйүз өсүп, эки мүрүсүн жана килейген куйругун калың жүн каптап турчу экен. Эки көзү чоктой кызарып турчу дешет. Дөө ага карап койгон адамды сугунуп койгонун азыр жашагандардан эч ким билбесе керек. Бирок бул жөнүндө майдан-сабздыктар билишчү жана дөөнүн көзүнө дегеле карашчу эмес.

Элдин баары дөө эмнеге келгенин билишчү. Себеби дөөнүн башка кыштактарга кол салганын угушкан жана анын эмдигиче Майдан-Сабзга келбегенине таң калып, шүгүр деп жүрүшкөн. Балким, биздин жакыр жашап, башка жердегилерге караганда балдарыбызды аз тамактандырганыбызды жана алардын сөөгүндө эти аз экенинен дөө кабардар болсо керек деп ойлошчу. Бирок бир күнү ушинтип, тагдыр аларга аркасын салды. Майдан-Сабздын эли бүжүрөп, катуу дем алгандан да кооптонуп турду. Ар бир үй-бүлө дөө бизге келбесе экен деп дуба кылып жатты. Анткени дөө кайсыл үйдүн төбөсүн тыкылдатса, ошол үйдүн бир баласын желкесиндеги кабына салып алып кетерин жана ал баланы кайта көрбөсүн билишет. Эгер кимдир бирөө дөө каалаган баланы бербесе, анда ал ошо үй-бүлөнүн бардык балдарын алып кетет.

Дөө балдарды кайда алып кетчү? Бийик тоонун башындагы сепилине алып кетчү. Сепили Майдан-Сабздан аябай алыста болчу. Ага жетиш үчүн эчендеген өзөн менен чөлдөн жана эки аркайган зоодон өтүш керек. Ал жакка барган адам кайра кайтпасын элдин баары түшүнгөндүктөн, барайын деген ой эч бир адамга келчү да эмес. Сепилдин астында санаксыз үңкүр-кемерлери бар, алардын дубалдарында шамшар бычактар илинген, шыптан учтуу темир илгич салаңдап турат деп укканмын. Анан да сепилде түбүнө оту каланган көп ороолору бар, ар бир ороонун оозунда этти бышырганда айлантып турчу шиши бар дешчү. Эгер дөө чоочун адамды сепилде кармап алса, анын этин жегенден кайтпайт деп айтышканын да уккам.

Ошол күнү дөө кимдин тамынын чатырын тыкылдатканын силер түшүндүңөр да? Аюб Бабанын. Ал чатыры тыкылдаганын укканда жаны майышкандай кыйкырып жиберди. Аялы эсинен танып калды. Балдары озондоп ыйлай баштады. Себеби алардын арасынан кимдир бирөөнү дөө алып кетерин түшүнүштү. Эми таң атканга чейин бечара үй-бүлө дөөгө ал тандаган баланы тапшырышы шарт.

Аюб Баба жана анын зайыбы түн бою кандай кыйналганын силерге кантип сүрөттөсөм? Бир да ата-эненин мойнуна мындай азапты салбасын. Аюб Баба жана зайыбы балдарынан бөлүнүп алып, көпкө шыбырашып сүйлөштү. Улам сүйлөшүп алып, артынан ыйлап жатышты. Үй ичинде ары басышты, бери басышты. Таң жакындап келатты. Алар чечим кабыл алчу убакыт да чукулдады. Дөө кыязы шордуулардын бир баласыны эмес, беш баласын алуу үчүн эрди-зайыпты ушундай оор абалга салган окшойт. Акыр аягында Аюб Баба үйдүн айванына көтөрүлчү тепкичке бирдей чоңдуктагы окшош беш ташты чогултту. Ар бир таштын капталына бир баласынын атын жазып туруп, таштарды кендир торбонун ичине салды. Торбону зайыбына берди эле ал уулуу кара чаар жыланды кармап алчудай заарканып, артка кетенчиктеди.

— Жок, жок,- деди ал күйөөсүнө башын чайкап. — Мен тандай албайм. Жаным чыдабайт.
— Мен дагы…
Аюб Баба баштаган сөзүн бүтпөдү. Ал терезени карап, чыгыш тараптагы тоолордун артынан Күн кылтайып чыкканы калганын байкады. Убакыт аз калды. Аюб Баба боорлору эзилип, жалдыраган беш баласын карады. Колду сактап калыш үчүн чынчалакты кесүү керек. Ал көзүн жумду да торбонун ичинен колуна урунган ташты алып чыкты.

Аюб Баба таштын бетиндеги жазууну көргөндө көктү карап, карышкырдай улуп жиберди. Ал жүрөгү көкүрөгүнүн ыргып кетчүдөй согуп, колуна кенже баласын алды. Атасына ишенген Кайстын колдору Аюб Бабанын мойнуна чырмалды. Ал баласын сыртка алып чыгып, артынан эшикти жапканда, перзенти эмне болгонун түшүндү. Аюб Бабанын жумулган көздөрүнөн аккан жаш жүзүн жууп жатты. Сүйүктүү уулу болсо эшикти муштумдары менен ургулап, үйгө киргизүүнү сурап, жалбарып ыйлады. Атасы “Кечир мени, кечир мени», — деп шыбырай берди. Жер дөөнүн басканынан солкулдап, баланын чырылдаган үнү абада жаңырып турду. Дөө Майдан-Сабздан кетип, көрүнбөй калганча жер тынбай солкулдады. Анан баары тынчып калды. Бу жымжырттыкта жалгыз Аюб Баба шолоктоп ыйлап, Кайстан кечирим сурап, жалынып-жалбарды.
Абдулла, карындашың уктады. Бутун төшөк менен жаап кой. Ошент. Жакшы. Балким бүгүнгө жететтир? Жок? Ар жагын уккуң келеби? Уга аларыңа ишенесиңби, балакай? Макул.

Кайда токтодум эде? Оо, эстедим. Кырк күн аза күтүштү. Ар күнү коңшулары Аюб Бабанын үй-бүлөсүнө тамак жасап кирип, көңүлүн жубатып турушту. Ар ким алы жеткенин алып келди: чай, таттуу, нан, бадам жана көңүл айткан сөздөрүн. Аюб Баба бурчта боздоп ыйлап, көзүнөн жаш суудан таңсык кыштакты көгөртүп жиберчүдөй болуп агып жатты. Ошого адамдарга ыраазычылыгын билдиргенге да жарабады. Мындай азапты жек көргөн душманыңа да каалабайсың.

Бир нече жыл өттү. Кургакчылык токтобой, Майдан-Сабз мурдакыдан бетер жакырланды. Бир нече бөбөк чаңкагандан улам бешикте жаткан бойдон чарчап калды. Кудуктар такыр эле какшып бүттү, дарыя да кургап какшыды. Бирок Аюб Бабанын азабы түгөнбөдү, тескерисинче, күн өткөн сайын кирген дарыядай күчөдү. Ал үй-бүлөсүн такыр унутту. Иш да кылбай, намаз да окубай, тамакты такыр эле аз жеп калды. Зайыбы жана балдары аны эсин жыйнап, өзүн колго алууга канча чакырбасын, пайда болбоду. Аюб Баба эч нерсе кылбай, айдоосунун четинде жалдырап, тоо жакты карап, эртеден кечке отурганы отурган. Андыктан бардык жумуш калган балдарынын мойнуна түштү. Аюб Баба коңшулары менен да сүйлөшкөндү токтотту. Артымдан коркок, өз эрки менен баласын дөөгө тапшырды, чыныгы атасы болсо, дөө менен салгылашып, уулун бербейт болчу, өлсө да үй-бүлөсүн коргойт эле деп сөз кылышууда деп ойлоду.
Алдагыдай оюн бир күнү кечинде зайыбына айтты.
— Эч кимдин оозунан андай сөз чыкпады,- деди зайыбы. — Эч ким сени коркок деп санабайт.
— Мен угуп атпаймынбы, — деди ал.
— Сен өзүңдүн үнүңдү угуп атасың, абышка, — деп жооп берди зайыбы. Бирок ал айылдаштары чындап эле күйөөсүн сындап жатканын айтпады. Айылдаштары күйөөсүнүн акылы айнып калды деп да айтып чыгышкан.
Берегидей ушак айың бекер жерден айтылбаганын бир күнү Аюб Баба өзү далилдеди. Ал үрүл-баралда туруп, чарыгын кийди. Зайыбына жана балдарына бир сөз айтпастан, кендир торбого нандын сыныктарын салып алып, белиндеги куруна орогун кыстарды да үйдөн чыгып кетти.

Ал көп күн басты. Күн уясына батып, кызыл нуру көрүнбөй калганча басты. Түнкүсүн сыртта шамал ышкырган үңкүр-кемерлерде уктады. Же дарыя боюндагы дарактардын түбүндө, же чоң таштардын далдасында уктады. Адегенде торбосундагы каткан нанды жеди, андан кийин тапканын баарын жеди: карагат, бүлдүркөн, козу карын, дарыяда жылаңач колу менен кармаган балыкты наар кылса, кээде оозуна эч нерсе жалмабай жүрдү. Бирок ал тынбай баса берди. Кездешкен жолоочу кайда баратканын сурашканда барар жайын айтса, кээси шылдыңдап күлөт, кээ бирлери акылынан айныган неме деп коркуп качат, ал эми баласын дөө алып кеткен бирөөлөр жолукса, ага аманчылык тилеп, дубасын беришет. Аяб Баба башын көтөрбөй, тынбай кадам шилтейт. Чарыгынын тамтыгы чыкканда, анын калган жыртыктарын бутуна ороп, жип менен байлап алды, а жип үзүлүп калганда, андан ары жылаң аяк басты. Ушинтип жүрүп, чөлдөр менен өрөөндөрдү жана тоолорду артта калтырды.

Акыры дөөнүн сепили турган тоого да жетти. Ал көздөгөн оюн ишке ашырганга ушунчалык катуу теминип алгандыктан эс албастан эле тоонун бооруна жабышып, чокуну карай жылып жөнөдү. Кийими салаа-салаа тилинип, буттары канап, чаң болгон чачы калдайып калды. Бирок анын эрки мокобой бекем эле. Учу араадай таштар таманын тилди. Уясынын жанынан өтүп баратканда карчыга куштар бетин чокулашты. Жулунган шамал аны тоо боорунан кулатып жибере жаздады. Ал таштан ташка жабышып, сепилдин килейген дарбазасынын алдына жеткенче токтогон жок.
— Бул жерге даап келген ким?
Аюб Баба ыргыткан таш дарбазага тийгенде, ушинтип жаңырды дөөнүн үнү.
Аюб Баба өз атын атады, Майдан-Сабздан келгенин айтып.
— Өзүңө өлүм издеп жүрөсүңбү? Андай эмес болсо, мага өз үйүмдө тийишпейт элең! Сага эмне керек?
— Мен сени өлтүргөнү келдим.
Дарбазанын арт жагынан үн чыкпай тунжурап калды. Анан кыйчылдап дарбаза ачылып, артынан дөө көрүндү. Эңгезердей неме Аюб Бабанын үстүнө тозоктун көлөкөсүндөй болуп салаңдап турду.
— Ошондойбу? Дөөнүнү үнү асман калдырагандай жаңырды.
— Ооба,- деп жооп берди Аюб Баба. — Бүгүн экөөбүздүн бирибиздин өлөрүбүз анык.
Дөө Аюб Бабаны көз ачып жумганча тындым кылчудай көрүндү: казыктай учтуу тиштери бир тиштесе, кимдин болбосун ошо замат жаны чыкчудай. Бирок дөө көздөрүн жүлжүйтүп, эмнегедир шашпады. Балким аны абышканын акылсыз сөздөрү таң калтырды. Балким аны абышканын кебетеси: тал-тал болуп тытылган кийими, канга боёлгон жүзү, бүт тулкуна упадай жабышкан чаң, жарааттан соо жери жок денеси айран кылды. А балким дөө абышканын көзүнөн коркуунун эч кандай белгисин байкабагандыр.
— Кайдан келдим дедиң, сен?
— Майдан-Сабз,- деди Аюб Баба.
— Сенин кебетеңе караганда, Майдан-Сабз дегениң алыста окшойт?
— Мен бул жерге сенин шакабаңды угайын деп келгеним жок. Мен бул жерге…
Дөө тырмактары айрыдай колдорун арбайтты.
— Ооба, ооба. Сен мени өлтүргөнү келдиң. Мени өлтүргөндөн мурда мага бир эки ооз сөз айтканга уруксат бересиң да.
— Мейли,- деди Аю Баба. — Бир ооз сөзүңдү айт.
— Рахмат сага, — деп тиштерин ырсайтты дөө. — Сенден сурасам болобу? Сага кандай жамандык кылып, өлүмдү өзүмө чакырдым экен?
— Сен менин кенже уулумду алып кеттиң, — деп жооп берди Аюб Баба. — Ал мен үчүн дүйнөдө баа жеткис кымбат болчу.
Дөө мылжыйып, ээгин тырмап, мыңк этти.
— Мен көптөгөн аталардын балдарын алгамын.
Аюб Бабанын каары кайнап, орогунун сабын мыжыкты.
— Мен анда алардын баары үчүн сенден өч аламын.
— Чынын айтсам, сенин эр жүрөктүүлүгүң мени таң калтырууда.
— Сен эр жүрөктүүлүк жөнүндө эч нерсе билбейсиң, — деп жооп кайтарды Аюб Баба. — Эр жүрөк болуу үчүн, жоготор нерсең болуу керек. Менде жоготор эч нерсем жок.
— Сенин өмүрүң бар, — деди дөө.
— Сен менин өмүрүмдү эбак алгансың.
Дөө кайра мылжыйды. Ал Аюб Бабаны баштан аяк ойлуу тиктеп турду да, анан үн катты.
— Болуптур эми, сен айткандай болсун. Салгылашабыз. Обол жүр мени менен.
— Кыймылда, — деди Аюб Баба. — Мен мында көпкө чыдабайм.
Дөө сепилдин аңгезердей бийик дарбазасын көздөй басты. Аюб Баба анын артынан басканга мажбур эле. Абышка дөөнү ээрчип, сепилдин ичиндеги жыландын изиндей иймеңдеп чубалжыган коридорлор менен баратты. Коридорлордун булутка жетчүдөй эгиз шыптарын аркан жетпес таш түркүктөр асманга жөлөп турат экен. Экөө ээрчишип, бирден санаса эсебинен адашчу тепкичтерди басып, ар бирине бүтүн Майдан-Сабздын эли сыйчу көптөгөн залдардан өтүштү. Ушинтип отуруп, төркү мэрабына көшөгө тагылган кең залга келишти.
— Жакын кел,- деп күңк этти дөө. Аюб Баба дөөнүн жанына барганда, ал көшөгөнү жулкуп ачса, айнектелген кең терезе экен. Аюб Баба терезеден чети түпкүргө сиңип кеткен бакты көрдү. Бакта катар-катар тизилген кипаристер көйкөлөт, жер бетинде түркүн ыраңдагы гүлдөр жайнайт. Бакта жээги көк таштар менен төшөлгөн авиздери (чакан жасалма көл), мармар таштан тургузулган бельведерлери жана жашыл майсаңдары да бар. Аюб Баба гүлзарлар менен анардын көчөттөрүнүн көлөкөсүндө суусу шырылдаган фонтандарды карап көзү тойбоду. Ушундай кооз жер болору анын үч уктаса түшүнө кирбептир.

Аюб Баба бактын саябанында куушуп ойноп жүргөн балдарды көргөндө селейип калды. Алактап баласын издей баштады. Тапты перзентин! Уулу Кайс тирүү жана аман-эсен экен. Бою да өсүп, узун чачтары желкесине түшөт. Кооз тигилген ак көйнөк жана өзүнө куп жарашкан шым кийим алыптыр. Каткырып күлүп, эки досун кууп жүрөт.
— Кайс,- деп күбүрөдү Аюб Баба. Анын ысык деминен терезенин айнеги тердеп чыкты. Абышка баласынын атын айтып кыйкырып жиберди.
— Ал сени укпайт,- деди дөө. — Ал сени көрбөйт.
Аюб Баба турган ордунда секирип, колун булгалап, айнекти муштай баштады эле дөө парданы жаап койду.
— Түшүнбөдүм, — деди Аюб Баба. — Мен ойлогом…
— Бул сага сыйлык болду, — деди дөө.
— Түшүндүр! — деди буулуккан Аюб Баба.
— Мен сени сынадым.
— Сынадым дейсиңби?
— Сенин уулуңа болгон сүйүүңдү сынадым. Ооба, катаал сыноо. Ал сага кандай оор экенин көрдүм. Бирок сен андан өттүң. Мына сага сыйылык. Уулуңа да сыйлык.
— Эгер мен сенин сыйлыгыңды албай койсомчу? — деп кыйкырды Аюб Баба. — Мен сенин сынагыңдан баш тартсам эмне болмок?
— Анда сенин балдарың өлмөк, — деди дөө камырабай.- Алсыз адамдын балдары болгону үчүн алардын баарына каргыш тийген. Коркоок адам абийири аны кыйнабаш үчүн балдарынын өлүмүн тилейт. Сен мага тайманбастык жетишпейт дедиң эле. Бирок сенин тайманбас экениңди мен көрдүм. Сен өзүңө ушундай оор жоопкерчиликти алдың. Ал үчүн эр жүрөк болуу керек. Ошон үчүн мен сени сыйлайм.

Аюб Баба орокту дөөнү көздөй шилтемек болгондо, анысы колунан чыгып, мрамор төшөлгөн жерге заңк этип тийди. Анан эрксизден тизелери бүгүлүп, аргасыздан отурганга туура келди ага.

— Сенин уулуң сени унуткан,- деп улантты сөздү дөө. — Эми анын жашоосу ушу жерде болот. Ал кандай бактылуу экенин өз көзүң менен көрдүң. Ага тамактын эң мыктысын беришип, кийимдин эң мыктысын кийинтишет. Анын достору бар, аны жакшы көрүшөт. Ага искусствону, түрдүү тилдерди, акылмандыкты жана айкөлдүктү окутуп жатышат. Ал эч нерсеге муктаж эмес. Чоңойгондо башка жакка кетем деп чечсе, анын өз эрки. Ал түрдүү жашоону мээрман жүрөгү менен баалайт, кайгылуу адамдарга бак-таалай алып келет деп ишенем.
— Мен аны көргүм келет,- деди Аюб Баба күңгүрөнүп. — Аны үйгө алып кеткенди каалайм.
— Чын элеби?
Аюб Баба дөөгө тигилди. Тиги неме көшөгөнүн жанындагы сандыкты ачып, кум саатты алып чыкты.
— Бул эмне экенин билесиңби, Абдулла? Бул кум саат. Билсең жакшы экен. Эми… — деген дөө колундагы кум саатты айлантып туруп, Аюб Бабанын бутунун жанына койду.
— Мен аны үйгө алып кеткенге уруксат берем,- деди дөө.- Эгер ошондой деп чечсең, ал бул жакка кайра келе албайт. Эгер аны албайм десең, сен бул жакка эч качан келе албайсың. Кум куюлуп бүткөндө, сен кандай чечим кабыл алганыңды сураймын.
Дөө ушинтти да залдан чыгып кетти. Аюб Бабанын алдында “эмне кылсам“ деген дагы бир катаал суроо турду. “Алып кетем”»- деп ойлоду шыр эле Аюб Баба. Анын дүйнөдө эң көп каалаганы ушу эмес беле? Ал миң толгонуп ушуну ойлободу беле? Ал кичинекей Кайсты көкүрөгүнө кысып, эки бетинен жана буттарынан өпсөм, жумшак колдорун колума кармап жыргасам деп тилебеди беле? Анткени менен… Ал Кайсты үйгө алып кетсе, анын Майдан-Сабздагы жашоосу кандай болот? Айылдагы башка балдар сыңары өлүп калбаса, жакшы дегенде ал сыяктуу жаны тынбай дыйканчылык кылат. Уулуңдун жыргалдуу жана болочогу байгер жашоосун билип туруп, өз мүдөөңдү көздөп, аны алып кетип калганың үчүн өзүңдү кечире аласыңбы? Экинчи жактан, Кайсты калтырып кетсе, анын тирүү жана кайда экенин билгендиктен, сагынычын кантип жазат? Кантип чыдайт? Аюб Баба ыйлап жатты. Жаны ачыгандан кум саатты алып, дубалды көздөй бурдап жиберди. Анын талкаланган айнектери суудай чачырап, майда куму жерге жайылды.
Дөө кайра келсе, Аюб Баба быркырап сынган айнекти карап, ийиндери шалдайып туруптур.
— Мыкаачы айбан,- деп үшкүрдү Аюб Баба.
— Менин териме кирип жашап көрсөң, мыкаачылык менен айкөлдүктүн өңүндө айрыма жок экенин түшүнмөксүң,- деп жооп берди дөө.- Сен эмне кыларыңды чечтиңби?
Аюб Баба жашын аарчып, орогун алып, белиндеги куруна кыстарды. Анан башын шылкыйтып, эшикти көздөй акырын басып жөнөдү.
— Сен жакшы атасың, — деди дөө Аюб Баба жанынан өтүп баратканда.
— Мага көрсөткөн азабың үчүн тозоктун отуна куйкалан,- деди чарчаган Аюб Баба үнүн араң чыгарып.
Ал залдан чыгып, буту шилтеген жакка баратканда, дөөнүн чакырган үнүн укту.
— Ме, ал,- деди дөө жана кичинекей шишедеги кара суюктукту Аюб Бабага сунду.- Жолдо баратып ич. Кайыр.
Аюб Баба шишени алып, үн чыгарган жок.
Көп күндөн кийин анын зайыбы өздөрүнүн тамарка жеринин четинде Аюб Баба Кайсты күткөн сыяктуу күйөөсүн күтүп отурду. Күн өткөн сайын үмүтү өчүп баратты. Кыштактын эли Аюб Баба тууралуу өткөн чакта кеп кылчу болду. Бир ирет зайыбы өздөрүнө караштуу жердин четинде дуба кылып отуруп, тоо тараптан Майдан-Сабзды көздөй келаткан бирөөнүн караанын көрдү. Бул териси сөөгүнө жабышкан, кийиминин тамтыгы чыккан, көзү тунарган, жаактары шимирилген адамды дербиш болсо керек деп ойлоду адегенде. Бирок ал неме жакын келгенде күйөөсү экенин тааныды. Сүйүнгөндөн жүрөгү дүкүлдөп, көкүрөгүнө батпай, бакырып жиберди.
Аны жуунтуп тарашты жана тамактандырышты. Ошондон соң Аюб Бабаны көргөнү келген айылдаштары тегеректеп алып, суроолорду жамгырдай жаадырышты.
— Аюб Баба, сен кайда болдуң?
— Эмне көрдүң?
— Сени эмне кылышты?
Аюб Баба бардык көргөн билгенин унутуп калгандыктан, эч нерсе деп айта албады. Дөө жашаган тоого кантип чыкканы, аны менен сүйлөшкөнү, анын асман тиреген сарайы, көшөгөлүү залы — мунун бири да уйкуда көргөн түшүн ойгонор замат унуткан адамдай Аюб Бабанын эсинде калган эмес.
Табышмактуу бак, андагы балдар, эң башкысы — достору менен бакта ойноп жүргөн Кайс да жадында жок. Ал турсун, кимдир бирөө Кайстын атын айтып калса, Аюб Баба эч нерсени түшүнбөй, көздөрүн кылыңдата баштайт. “Ким?”- деп сурайт. Себеби Кайс деген баласы болгонун такыр унуткан.

Түшүнөсүң да, Абдулла. Бул ага мээрмандык үчүн жасалган да. Баягы дары эс тутумду өчүрүп салган. Аюб Баба дөөнүн экинчи сыноосунан да өткөнү үчүн ушундай сыйлыкка татыган.

Ошол жазда асман Майдан-Сазга айкөлдүгүн көрсөттү. Жамгыр бир дыбырап коюп, токтоп калган жок. Сабалап жаап, улуу кара нөшөргө айланды. Асмандан дарыя куйгандай жамгыр төктү. Кыштак кучагын жайып кубанды. Күнү бою Майдан-Сабздын тамдарынын төбөсүнө куюлган суунун доошу шарылдап, дүйнөдөгү башка эч нерсенин үнү угулбай калды. Шишигендей томолок жана оор тамчылар жалбырактардын четинен ылдый тоголонуп жатты. Кудуктар сууга толуп, дарыялар күрпүлдөп кирди. Кыштактын чыгыш тарабындагы дөңдөр чөбү сеңселип көгөрдү. Талаада гүлдөр жайнап, балдар көп жылдан бери биринчи жолу көк жайсаңда ойноп, уйлар жайылып оттоп жүрдү. Баары кубанды.

Жаан басылгандан кийин элге жумуш табылды. Сокмо дубалдарды жаан алып кетти. Бир нече тамдын чатыры да кыйрады. Талаанын кээ жерлери сазга айланды. Баарын жок кылган кургакчылыктан кийин Майдан-Сабздын эли баарына кайыл эде. Ошо күздө Аюб Баба бадамдын өмүрүндө жыйнабаган түшүмүн жыйнады. Албетте, кийинки жылы жана андан бир жыл кийин бадамдын түшүмү дагы мол, мурдакыдан дагы сапаттуу болду. Аюб Баба соода кылганы барган шаарлардын базарларында дөңдөй үйүлгөн бадамдын үстүндө чокчоюп, эң бактылуу адамдай жүзү жайнап отурду. Ошо боюнча Майдан-Сабзда эч качан кургакчылык болбоду.

Мен сага дагы бир нерсени айтып берейин, Абдулла. Сен балким бир күнү ат минген сымбаттуу жигит кыштакты аралап өтпөдүбү деп сурагың келер? Балким ал жигит азыр суусу мол кыштакта токтоп, чаңкоосун кандыргандыр же айылдыктардын, болбосо Аюб Бабанын нанынан ооз тийгендир деп сурарсың? Эч нерсе деп айта албайм, балакай. Бирок Аюб Баба аябай карыганча жашаганын так билем. Жана ал өзү ниет кылгандай эле балдарынын баарын үйлөнтүп, алардын ар биринен небере көрүп, неберелери Аюб Бабага чоң кубаныч алып келгенин билемин.

Жана кээ түндөрү ал эч кандай себепсиз эле уктай албай кыйналар эле. Ал карылыгына карабай, таяк таянып болсо да өзү басчу. Ушундай уйкусуз түндөрү кемпирин ойготпоюн деп, дабыш чыгарбай төшөктөн турчу да таягын алып, үйдөн чыгып кетчү. Ал таягын такылдатып, жолду таап басып баратканда, түнкү сыдырым жел жүзүн сылап турчу. Анан айдоосунун четиндеги жалпак ташка отуруп алып, бир саат же андан көп убакыт жылдыздарды жана Айдын жанында сүзүп бараткан булуттарды карачу. Узун өмүрүн ойлоп, көргөн бардык жакшылыктары менен кубаныч-сүйүнүчтөрү үчүн алкоосун айтчу. Андан көптү каалоо суктук болорун билчү. Бактылуу үшкүрүп коюп, тоодон ылдый жел кандай сокконун жана түнкү куштардын кантип сайраганын укчу.

Кээде ага бул үндөрдүн арасында башка үн да угулгандай туюлчу. Дайыма коңгуроонун шыңгыраган ичке үнүн угар эле. Түнкүсүн бардык кой-эчкилер уктап жатканда, береги үн кайдан чыкканын түшүнө албачу. Кээде өзүнө эч кандай үндү укпадым десе, башка учурда баягы үн даана угулгандай сезилип, караңгыны карай кыйкырчу: “Ким бар бул жерде? Сен кимсиң? Көрүнүп койчу?”

Бирок бир да жооп укпады. Аюб Баба түшүнбөдү. Эмнеге алдагы коңгуроонун үнүн укканда — түшүндө жаман окуяларды көрүп жатып, аягында ажайып түш көргөндөй денеси балкып, жаны жыргап калганына акылы жетпей, ар жолу күтүүсүз соккон сыдырым желге таң калгандай таңданчу. Анан алдагы абалы дүйнөдөгү бардык нерселер сыяктуу өтүп кетчү. Өтүп кетчү.

Ушундай, балакай. Жомок бүттү. Айтар сөзүм да байыды. Азыр өтө эле кеч болду. Мен да чарчадым. Карындашың экөөбүз таң заарда турушубуз керек. Шамды үйлө. Башыңды жаздыкка коюп, көзүңдү жум. Жакшы укта, балакай. Эртең менен коштошобуз.
Англис тилинен Амирбек АЗАМ уулу которду

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *