Казак классикасынан

АҢГЕМЕ

Кара-Адырга жакынкы чоң жар элсиз, ээн, бирок бул жар ошол айылдын чет жакасында жашаган ар бир койчуга аттын кашкасындай белгилүү боло турган. Анткени ал жар көп кайгылуу кырсыктарга себепкер болчу.

Кара-Адыр бүт жапырап өскөн караган-шактарга жана тобулгуга чүмкөнүп тургандыктан, баалуу аң терисинен жасалган тебетейге окшоп кетчү. Караган-шактардын уч жагы саргайыңкы тартып, назик көктөп, анан бүр ача турган. Жардын айланасына бүт бойдон ит мурун өсчү. Ошол үстү жагы сеңселген тикендүү караган-шак карышкырдын ийнин көрсөтпөй жаап кала турган. Жар жактан соккон май айынын сыдырым шамалы бул аймактагы жаш чөптүн жана тоо пияздын аңкыган жытын алыска таратар эле. Калың бадалдар шыбырашкандай кургак шуудурап, түнт гана аркы-терки термелет.

Жаз аяктап калган кезде, ошол жардагы эски ийинге бир дөбөт, бир канчык карышкыр келди. Эски ийиндин ооз жагын суу жууп кеткендиктен, киши ийинге оңой эле сойлоп кирүүгө болор эле. Ошондуктан карышкырлар эски ийинге жанаша жаңы, мурдагыга караганда ооз жагын тарыраак ийин казды, эки ийиндин төр жагын кошуп, бириктирип алды.

Жаңы казылган топуракты эки карышкыр аркы-терки өтүп, бат эле жигин билдирбей таптап салды. Ошентип канчык карышкыр толук түлөп бүтө электе, бул жерге бозомук түстүү көк карышкыр пайда болду.

Эртең мененки жымжырттык, канчык карышкыр шыпыргы сыяктуу бийик өсүмдүктүн түбүндөгү калың ат кулактын үстүндө күнөстөп жаткан. Бул жер шамал тийбес буйга болгондуктан, күндүн ысыгы аны ныксыратып жиберди. Жырткыч үргүлөгөн калыбында кез-кезде тунарган көзүн ачып, эки жагын кулак түрө карап коёт. Бир жак бөйрөгү ичине тартылып, сүт толгон желиндери тирсиет. Жон териси дирт эте калып, желини тынымсыз бүлкүлдөйт.

Аңгыча бадал жактан акырын шытыраган дабыш угулду. Канчык карышкыр түлөгөн жүнүн сапырылтып, жаткан ордунан секирип турду. Азууларын арсайтып, күңүрт үн чыгарып, айбаттуу ырылдады. Бөлтүрүктөрү болсо төрт бутунун ортосунда чабалактады. Ошол замат тосмо дубал сыяктуу жаш бадалдын арасынан чалажан жаш козу учуп келип канчык карышкырдын алдына былч дейт түштү. Артынан удаалаш куйругун чатына кыпчып, чоң дөбөт карышкыр шек билдирбей чыга келди. Кызылала кан болгон тумшугун күнөөлүү немедей салаңдатып, канчыкты жыттады, а канчык болсо ушунчалык ач көздөнө анын кан болгон жаактарын жалап-жуктап жиберди.

Козу али чала жан болчу. Дөбөт карышкыр канчыгы экөө көз ачып-жумгуча аны жара тартып, үзүп-жулкуп, жаш этти бурчамга келтирбей бүкүлү бойдон сугунуп коюшту. Каардуу көк жашыл көздөрүнөн от жана түштү.

Козу этинин эч нерсесин калтырбай жалмап, жутуп, анан экөө топ куурайдын үстүнө боюн сулк таштап жата кетишти. Бир аздан кийин экөө жеген эттерин алмак-салмак кулгуп жатты. Бөлтүрүктөр бирин бири жөөлөшө этке карай боортоктоп, бирин-бири түрткүлөшө ырылдашып, туш-туштан тыткылап киришти. Эң кийин туулган эки бөлтүрүк али көзүн ача элек болгондуктан, аларды энеси бооруна тартып, желинине жакындатып койду.

Эртеси чак түштө канчык карышкыр аттуу адамдардын дүбүртүн, туяктан чыккан табышты алыстан эле билди. Ошол замат бөлтүрүктөрүн ийинге бекитип, өзү жашынуу үчүн бадалга кирип кетти.

Адамдардын сүйлөшкөнү, аттардын басыгы улам жакындап келатты. Аттуу кишилер ийиндин так өзүнө чейин келишип, аттарынан секирип түшүштү. Койчулардын узун союлунун учу жерге тийген сайын дүкүлдөгөн үн чыгып жатты. Канчык карышкыр тилин салаңдатып, жардын буйга жериндеги ит мурунга далдаланып, кыймыл эткенди өз көзү менен көрүп, көз ирмебей карап турду.

Бул эки буттуу жаныбарлар караңгы ийиндин ичинен бөлтүрүктөрдү биринен сала экинчисин сыйыртмактап тартып алып жатышты. Алар беш бөлтүрүктү ошол эле замат өлтүрүп салышты. Көзүн ача элек эки бөлтүрүктүн биринин арткы бутун жанчып туруп, козунун баш сөөгү жаткан жерге таштап коюшту. Жарадар бөлтүрүк боортоктоп сойлойт, каңшылайт, анан карышкырлар башка жакка алып кетет да, бул жерге кайрылып келбейт деп ойлошту. Эң кичинекейин өздөрү менен кошо алып кетишти.

Аттардын дүбүртү басылып, жар жак тынчып калды. Карышкырлар экөө эки жактан келип, боортоктоп жабыр тарткан бөлтүрүккө ырылдаша тиктеп алып, анан бирин бири айласы кеткенсип карашты. Ошол замат канчык карышкыр бөлтүрүгүн шап тиштеп, анан өргө карай жардан алыс секирди. Дөбөт карышкыр да тике секирип аны жандай жөнөдү. Ийин ээн калды.

Айылда Курмаш деген бала бар эле. Көзүн ача элек бөлтүрүк анын колуна тийди. Улгайган кишилер ал жөнүндө: «Көк бөлтүрүк көзүн ача электе адам колуна келди, мүмкүн, багууга көнүп кетер» – дешти.

Курмаш эртели-кеч бөлтүрүктүн жанынан карыш чыкпайт. Ага тамак куйчу таза ит аяк даярдады, мойнуна кайыштан каргы такты. Бөлтүрүк айылга келгенден эки күндөн кийин көзүн ачты. Боз үйдө ага даярдап койгон эч нерсе жок, сырттан иттердин үргөнү угулуп, мурдуна кандайдыр буруксуган жыт келет. Түнкүсүн болсо Курмаш бөлтүрүгүн койнуна алып жатат. Ушул бөлтүрүгү үчүн жанындай жакшы көргөн чоң энесинен бөлүнүп, өзүнчө башка жата турган болду.

Көгүш түстөгү тиши курч, өзү араңжан бул жырткычты жалгыз чоң энеси гана өчү бардай жактырбайт.

– Карасаң, жерден боорун көтөрө электе кулагын тикчийтет. Бул али жетиле элек, жетилгенде азуулуунун өнөрүн көрүп ал, – дейт чоң энеси.

Бул сөзгө бала териге түшөт.

Жай ортологондо бөлтүрүк чоңоюп, күчтөнүп, айылдагы өзү теңдүү күчүктөрдөн эч айырмаланбай калды. Болгону жүнү үрпөйүңкү келип, бөрү басардын эле өзүнө окшош. Ошентсе да айылда жашоо ал үчүн жеңил болгон жок. Курмаштын чоң энеси сыяктуу эле айылдагы бардык иттер аны менен келише алган жок. Үйдөн кичине эле алыстаса болду, арсылдаган кабаган иттер качан болсо тосуп чыгып, туш-туштан талап кирет. Курмаш ага болушуп, иттерди уруп ажыратканда короочу иттер ага нааразы болгондой аргасыз четке чыга беришет. Ал эми бөлтүрүккө болсо айыл ичи түрмө сыяктуу кысылып, демигип кетет. Ал ээн талааны, жыты аңкыган көп түрдүү жапайы чөптөрдү, кең мейкиндикти эңсейт.

Бир күнү чоң үйдүн килейген кара дөбөтү Курмаш жокто бөлтүрүктү кууп жетип, көтөрө чаап көпкө чейин уйпалап тургузбай талады. Анысы аз келгенсип айылдын башка иттери да жетип келип, туш келди бутунан, капталынан тарткылап, жөн эле жүндөй тыткылашты. Туш-туштан жүгүрүп келген балдар, чоң кишилер араң ажыратышты. Уйпаланган, кордук көргөн байкуш бөлтүрүк, үй четине барып тескери карап турган калыбында азуу тиштерин арсайтып, бир нерсеге катуу ызырынгандай болду.

– Тигини, дудук… Кекирейген байкуш! – деди кишилер таңдана.

– Бу күчүк азыр колунан келсе жерди тиши менен көсөп калбыр кылгысы бар.

Аялдар аны кубаттап кетти: Ууру! Ошондуктан унчукпайт.

Бул да чындык эле. Бөлтүрүктүн соргоктугу Курмашты да таң калтырып, тынчсыздандыра турган. Курмаш дайым аны жакшы көрүп, тамакты айылдагы башка иттерге караганда көбүрөөк куя турган. А бөлтүрүк болсо эч качан тоё тамак жебегендей, өзүн ачкадай сезчү.

Аны айылдагы иттердин күн ысыкта да эшикте жүгүрүп жүргөнү көбүрөөк таң калтырар эле. Бөлтүрүктүн эки бөйрөгү, төш жагы чымырынан келип, кежигеси кадимкидей өсө түштү. Ал дайым ачка калгансып үй ичин жыттагылап, жылма кара тумшугун жерден алчу эмес. Киши карап турганда ал тамакка тийбейт, дайым тескери бурулуп кетет. Киши мындай басары менен алдындагы тамакты заматта жалмап бүтүп, эч нерсе ичпеген немедей ит аягын каранып туруп калчу.

Бир нерсени сугалактык менен жалмап, жутканы кимди да болсо таң калтырар эле. Бирде бышкан этти ашканадан чала бекиткен жеринен таап жесе, бир туруп казандагы эжигейге башын салат, же жаңы союлган малдын терисин керегеге илген жеринен тыткылап кирет. Ушулардын баарын ага арнап коюп койгондой сезет.

Көп убакта уурулугунун үстүнөн кармалып калар эле. Андайда аны тоголото чаап, эч ким аёочу эмес. Ал үбөлүктүн башына «каңк» этип тийгени да, абаны жара ышкырып келип тийген камчыны да «татып», баарын өз башынан өткөрдү. Мындайда ал тез буйтап качат да, анан үнсүз гана тиштерин арсайтып айбат кылган болот. Катуу таяк жесе да, бир да жолу каңшылаган учуру болгон эмес.

Айылда бөлтүрүк жөнүндө көп эле сөздөр айтылат, ал түнкүсүн иттерге байкатпай короодогу койлорго кирип, козулардын куйругун жыттагылап, койлорду үркүтө берет имиш. Кимдир бирөө анын жашынып талаага качып баратканын да көрүптүр. Курмаш айылдагы мындай сөздөрдү укса да, укмаксан болду. Бөлтүрүктү Курмаш канча жолу тарбиялап үйрөтүүгө аракеттенсе да, ал уурулук менен ээси өзү берген оокаттын айырмасын ажырата түшүнбөй койду.

Көксерек Курмаштан коркчу эмес, анын көзүнчө тартынбай берген тамагын ичүүчү. Качан Курмаш бөлтүрүккө эт сунганда ал албай, четинен тиштеп үзүп ала турган. Курмаш бир да жолу бөлтүрүгүн башка иттерге окшотуп уруп көрө элек. Бала бөлтүрүктүн эч кимге жагынбаганын, кашкөйлүгүн, күн санап өсүп, желке жүнү карайып сүрдүү көрүнө баштаганын өз ичинен жактырар эле, өзүнүн бул сүйгүнчүгүн Көксерек деп атоочу.

Жай ортологондо Көксерек айылдагы иттерге анча-мынча гана окшоп калды. Шыйрагы торпоктукундай узун, мойну өгүздүкүндөй быкжыгый келип, баарынан чоң. Баарынан да итке окшоп куйругун көтөрбөй түшүрүп жүргөнү аны ого бетер бийик көрсөтүп, жону, кежигеси дүңкүйүп жааны элестетет.

Азыр ал карала дөбөттөн коркпой калгандыктан, айылдагы башка иттер да коркуп, ага даай албай калышкан. Ал араң бурулат да, таштай катуу көк тумшугун тырыштыра, азуусун көрсөтүп ырсайганда, иттер алды-алдынан тарап жок болот. Эгер иттер Көксеректи алыстан көрүп калса, бир коркунучту сезгендей баары чогула түшөт. Алар дайым бири-бирине сактануу менен мамиле кылышат.

Карышкырдын айыл ичинде ойногонун ушул убакка чейин эч ким көрө да, байкай да элек. Ал эң жакын кишиси Курмаш менен да ойнобойт. Өз атын жакшы билет, ошондо да Курмаш же анын чоң энеси чакырса гана жүгүрүп келет. Бирок жүгүргөндө түк шашылбастан, эрингенден жортуп келет да, куйругун эч убакта шыйпаңдатып, ээсине кошоматтанып жагынбайт.

Иттерге өзү атайлап тийишпейт, ага үрүп жатса көңүл бурбайт, ошондой эле качкан иттин да артынан куубайт. Дайым жашылданган көзүн көңүлсүз жумуп, кулагын тикчийтип, үйдүн көлөкөсүндө жатканы жаткан.

Курмаш коңшуларынын ити Көксерек тап бергенде коркконунан катуу качам деп мүдүрүлүп жер сүзгөнүн көргөндө, өзүнчө көңүлдүү каткырып, жашыл көздүү, унчукпас жырткычы менен сыймыктанып калар эле. Чынын айтканда, Курмаш ошол кезде Көксеректен өзү да корко турган, бирок бул сырын ичине сактап, сүйүктүү чоң энесинен да жашыруучу.

Карала дөбөттүн ээси минтип мактанчу:

– Ушу сенин салпаң куйрук күчүгүңдү мага угузбачы! Эгер менин Караламдын колуна тийсинчи, бир булккандан чыкмак эмес. Адамдар ажыратып койбосо, сенин Көксерегиңди капкачан муунтуп өлтүрмөк.

Ал ошентти да кызыкчылык үчүн байкап көргүсү келип, Караланы тукуруп койду. Тиги ит ошону гана күтүп тургансып ырылдап, атырылган бойдон бир тийип, далысынан тиштеп туруп булкуп өттү. Дагы кайрылып моюндан бурдамакчы болуп жаза тиштеп калды. Карышкыр да буйт берип, ит кайрылып тиш салгыча жанына жуутпай силкип жиберип, артынан секирип барып желкеден алды да, бурчамга келтирбей жерге чапты. Килейген дөбөт чала мууздалган койдой дөңдөн ары ала салып, тоголонуп кетти. Көксерек экинчи жолу бурдаганда чала сермеп калды, болбосо шордуу Караланын кекиртегин жулуп алмак. Курмаш жүгүрүп барып Көксеректи өзүнө чакырып алды, ээси болсо караланы кууп жиберди.

Каш карайып, түн киргенде эки карышкыр күтүүсүздөн айылдын жака-белинде жуушап жаткан койлорго тийди. Чабан болсо чуу көтөрүп, кыйкырып, ышкырып жатты. Айыл ичи дүрбөп, тестиер балдар, чоң кишилер атка мине чапкылап жөнөштү. Айылдагы иттер да бардыгы бир добуштан чуу көтөрө үрүп, атчандарга кошулду. Алардан калбай Көксерек да кетти.

Карышкырлар талааны карай жеткирбей качып кетишти. Эч ким алардын артынан кууп жете алган жок. Кыр түбүндөгү дөңсөөгө жеткенде атчандар да, иттер да токтоду. Тиги Кара-Адырдын кырынан кылактап көгүш эки караан ашып кетти. Тиги эки карышкырдын изи менен тумшугун жерден албай, желип-жортуп Көксерек да баратканын көптүн ичинен жалгыз Курмаш гана байкап калды.

Курмаш элден кийин өзү жалгыз калып, коркпостон КараАдырдын так түбүнө чейин барды да, көпкө чейин үнүн созо:

– Көксерек, Көксерек! – деп чакырды. Бирок Көксерек баланын чакырыгына кайрылып келген жок.

Түн кирип, эл жатар маал болгондо Көксерек айылга кайтып келди. Бирок үйгө келбей обочо, көрүнөө жерге туруп алып, кайта-кайта буту менен жер чаңытып, жинденет. Кез-кез жылдыз толгон асманды карап, күздүн салкын абасына тумшугун тосуп, Кара-Адыр жактан бир нерсенин жытын алгандай искегилейт. Ошентип, Көксерек күндүз керели-кечке айылда болуп, түнкүсүн дагы талаага өзү жалгыз кетти. Ошол бойдон күнү-түнү үч күн дайынсыз жоголуп, кийинки күнү кайтып келди. Карды ачкалыктанбы, эки бөйрөгү шимирилип, шапайып арыктай түшкөн. Мойнундагы каргысы жок, мурдагыдай эле эч нерсеге көңүлсүз, түнт. Качан Курмаш аны өзүнө чакырганда, ал бир коркунучту сезгендей, башын салаңдатып жай басып келди. Курмаш сүйүнгөндөн жетине албай, карышкырынын кыска, бирок булчуңдуу, чымыр мойнунан эркелете булкуп, булкуп койду. Көксерек Курмаштын тамашасын жактырбагандай мойнун булкуп алып, эки кулагын жапырып сүрдүү тикчийтти. Бул жолу Курмаштын чоң энеси да Көксеректи каргап-шилеген жок, алдына аш куюп кубана тосуп алды.

Анын тамак ичкени да мурдагыдай эмес, коркунучтуу болгондуктан Курмаш да сестене четке чыга берди.

– Түү! Дагы асыл тукум имиш, – деди Курмаштын атасы. – Көзүн кара, жапжашыл болуп күйүп кетиптир. Кой балам, эми муну өлтүрүп, терисин сыйрып албаса болбойт.

Курмаштын чындап айласы кетти, чоң кишилер карышкырымды өлтүрүп, терисин сыйрып алат го? – деп аябай коркуп кетти.

Көксерек өзү жөнүндөгү сөзгө түшүнгөн сыяктанды. Кишилер бурулуп кайра артын карагыча, заматта көздөн кайым болду. Айылдан качан, кантип кеткенин эч ким билбей калды. Курмаш көпкө чейин үмүтүн үзбөй, караган-шактарды, өскүлөң чийлерди аралап бекер эле убара болуп жүрдү. Көксеректи коркута үнүн катуу чыгарып да, эркелетип да чакырып көрдү. Эч натыйжа чыккан жок. Күз өтүп, анын артынан мейкин талааны ак тонуна чүмкөп, каардуу кыш келди. Көксерек ошол кеткен бойдон кайрылып келген жок.

Ал кеч күзгө чейин талаада коёндун бөжөгүн жеп, эч нерседен жийиркенбей көнүп кетти. Суурдун эти семиз болгондуктан, ал ага түлкү сыяктуу кызыгып алды. Калың жааган кар, ачкалык аны айылдагы кой короолорго, мал жайыттарга барууга аргасыз кылды. Эми ал айылга мурдагыдай эмес, жашынып келди. Эгер адамды кокусунан көрүп калса жүнү үрпөйө түшөт.

Күн сайын айылды айланчыктап, белден белге жортот, таман астында кар чаңыйт. Бырыштуу көк тумшугунан буу буркурайт. Ал токтой калат да, тумшугун желге тосот, мурдуна кан менен короодогу малдын буруксуган жыты келет, кулагына иттердин тынымсыз үргөнү угулат. Ансайын Көксеректин тиштери каардана шакылдайт.

Эл кызуу уйкуга киргенде короого акырын жакындады. Бирок короочу иттер анын кайдан келерин билгендей байкап калышты. Кара дөбөт баш болгон бүт айылдын иттери кубалап, айылга жакын жолотпой койду.

Шамал басылып, аяз катуулады. Таманынан өткөн ызгаар суук шыйрагын какшатып, тумшугу тоңо баштады, ачкалык бир жагынан жанына батты. Акырын жортуп адырга чыкты. Ай сүттөй жарык болгондуктан, кар чаңкая агарат. Көксерек башын көктү каратып, биринчи жолу аргасы түгөнгөндөй оозун ачып күчүркөнө ычкынып, узакка улуду. Ошол убакта айылда иттердин үргөнү ого бетер күчөдү.

Көксерек улуганын токтоткон жок. Кара-Адыр жактан кокусунан эле өзүнүн үнүнө окшогон үн угулду. Карышкыр сактангандай жыйрыла түштү. Кимдир бирөө аны өзүнө чакыргансыды. Ал чакырыкты угуп, жыт улап ага утурлап жөнөдү.

Чоң жардан чыга беришке жеткенде сактанган түрдө, катуу чыйрыга селт эте түштү. Кара-Адыр жактан аны көздөй кар чаңыта ак карышкыр тик ылдый жүгүрүп келе жаткан. Көксерек тигини өзүнө жакын жууткан жок. Канчык карышкыр чукул жакындаганда тиши менен катуу кагып жиберип, айбат кыла кулагын жапырды. Бирок таштап кете албады, Канчык карышкыр Көксеректин артынан ээрчип, изин жыттады, бирин-бири жыттарынан таанышты. Канчык карышкыр оюн сала качты. Көксерек аны кууп жетип, жаагынан эркелете жалады.

Алар жубунан ажырашпай өргө карай жүгүрүп, анан жардын ачык жеринен өттү да, түз эле айылга карай бет алышты. Кырга чыгып жон менен туптуура жарым саат чарчоону билбей жүгүрүштү, артына кош из калтырып, таман алдында кар кычырайт. Айылдын үстүнө жеткенде алар мурунтан макулдашып алгандай, тик ылдый жарыша жүгүрдү.

Ай баткан. Айыл ичи кызуу уйкуда эле. Көксерек ак карышкыр экөө желдей сызып айылга жакын чоң жарга жеткен кезде, экөө тең касабанын ары жагындагы кой короо жактан бүт айылга чуу салып, апсайган дөбөт баш болгон бир топ ит жүгүрүп келе жатканын көрүп калды. Бул, албетте, Көксерекке таанымал кара дөбөттүн өзү болчу. Карышкырлар артка карай катуу качышты. Кара дөбөт да арсылдап, карышкырлардын артынан сая түшүп, кууп келе жатты. Анын артынан чубаган айыл иттери да бириндеп, азая баштады. Ушуну күткөнсүп Көксерек да чуркашын жайлатып, үргөн иттерге кулагын тосту. Кара дөбөт ансайын жарылып кетчүдөй каарданды.

Топ ит коктуга жакындаганда токтоду. Муну көрүп кара дөбөт да токтоп, анан топ иттерге карай артына качып жөнөдү. Канчык карышкыр биринчи болуп дөбөттүн артынан кууп жөнөдү. Ээн талаада иттин карышкырлардан качып кутулуусу кыйын. Бирок кара дөбөт өзү жалгыз калса да корккон жок. Ал карышкырлар менен бетме-бет чыгып, жекеме-жеке кармашуу үчүн жашап жүргөндөй, канчык карышкыр жетип тиш салганда чечкиндүүлүк мекен тикелеше кармашып калды. Ошол убакта Көксерек жетти да, күү менен секирген бойдон кара дөбөттү бурдап басып калды. Канчык карышкыр ачуу ырылдап барып кара дөбөттү тамактан алды.

Арадан көп өтпөй чоң кара дөбөттүн ар кайсы жерде чачылган жүнү, куйругу менен баш сөөгүнөн башка эч нерсе калган жок. Эки карышкыр сугалактык менен кан чачыраган карды да сугунуп коюшту.

Жеп бүтүп Кара-Адырга жеткенде, жар түбүндөгү карга оонап жата кетти. Ошол түндөн баштап алар ажырашкан жок. Бирге серүүндөп чыкканда ал аймакты кырсык каптап жатты. Кара-Адырдын жака-белинен, кээде алыскы кыштоолорго барып, эки карышкыр ар кайсы жерден койлорду жара тартып, уй менен аттарды тамактап, төөнү жыгып жеп, короочу иттерди өлтүрүп, бирок колго түшпөй кутулуп кетип жүрдү. Бул дүрбөлөңдүү кабар айылдан-айылга тез эле тарап кетти.

– Алар тобу менен жүрөт, көк шайтандардын артында көзү барчылап киши жанына баргыча качпайт. Адамдан коркмок турсун сестенип да койбойт. Алардын жол башчысы көк жал карышкыр экен, чоңдугу тай торпокчо бар, ушунчалык сак, көрөгөч… Союл жете турган аралыкка барганыңча качпайт, кол салуудан коркосуң. Топ карышкыр тигил жактан койго тийгенде, чабан ошол жакка итин айдактап жүгүрөт, ошондо карышкырлардын жол башчысы башка жагынан келип көтөрө качат, – деген сөздөр айыл арасына желдей тарады.

Карышкырлар бир жерге көп токтобойт. Эгер аларды бүгүн Кара-Адыр жактан көрсөң, эртеси ал жерден он, жыйырма, кээде отуз чакырым түштүк жакка же чыгыш тарабына жортуулдап кеткенин көрөсүң. Баса, элде: «Аларды чарчоону билбеген буту тойгузат» – деген сөз бар эмеспи. Талаанын тиги жагы ойдуңдуу, жардуу келип, өскүлөң бадалдарга жыш. Кара-Адырдан туруп алды жактан бир нерсени көрүү өтө эле кыйынга турат: бороондон кийин катуу толкуган деңиз сыяктуу бийик көтөрүлүп, кырдана көбүктөнүп кайнап жаткансыйт. Мындай жер карышкырларга жайлуу болгону менен койчуларга тынчсыз эле.

Бадалдын арасы менен көрүнбөй жайыттагы малга оңой жетип, артта калганын аңдып туруп бөлүп калуу оңой боло турган. Ал эми көк карышкырлардын кай тараптан жылт берип чыга каларын алдынала билүү кыйын болчу. Кышкысын кар барда изине түшкөнү менен карышкырлар жеткирбей кетчү. Себеби калың күрткүнүн үстүнөн карышкырлар өтүп кетчү да, артынан кууган атчандар калың карда алыска жүгүрө албай, күрткүгө жеткенде ат-маты менен ала салчу.

Чоң жардагы карышкырдын ийни бар жерлерге уу кошкон эт таштап да көрүштү, бирок эч жардам берген жок. Карышкырлар куулук кылып, уу кошкон этти жебей, айланып өтүп жатышты. Анын ордуна айылдын жашыраак, тажрыйбасы жок иттери таап жеп алып, ит өлөт тийгендей кырылып жатты, карышкырлар тоңуп жаткан иттин этине да караган жок.

Ошол кышта карышкырлар аябай ток болушту. Көксерек күн өткөн сайын өсүп, салмагы да жогорулады, ошентсе да мурдагыдай эле эт менен канга өчтүгү күчөгөндөн күчөй берди. Жаз башталары менен ал ачкалыкты унутуп, аны бир аз күн болсо да башка нерсе көңүлүн алагды кылды.

Талаадагы карлар суюлуп, жер карая баштады. Дөңсөөдө кара тактар көбөйүп, жер ала-була тартып, ылай бутка жабышат. Көксерек болсо мурдагыдай эмес, өтө эле оюнкараак болуп кетти. Жаны тынбай канчыкка айланчыктап, жүгүргөнү-жүгүргөн, кээ бирде жөн эле күчүк сыяктуу тегеректеп, айланчыктап, эч жакка кетпейт. Канчык эс алгысы келип жатып алса, Көксерек тескерисинче, карды куюндата чаңытып ойнойт, анан башынан аша секирип, төшү менен жөөлөйт, таманы, тумшугу менен түрткүлөйт. Канчык карышкыр ачууланып ырылдаса, Көксерек шап моюндап туруп, жерге ныктай кайра коё берет. Кээде көпкө чейин желкеден ала уйпалап, тургузбай да коёт. Канчык тажаалдана каңшылап, Көксеректи тиштейт да, кайра бат эле аны кечиргендей жыттагылап, эркелете жалап кирет.

Кара-Адырдын чыгыш жагы бүт бойдон баткактуу чөлмөк, чөлмөк туздуу көл боло турган. Анын айланасына камыш аралаш бадал өсчү. Жер ээн болгондуктан канаттуулар ушул жерге келип түнөшөр эле. Көлдүн айланасы көгөрүп, кулпурган жаздын бир күнүндө ак канчык Көксеректи ушул жерге баштап келди. Эми Көксерек өзү турган жерден алыскы айылдын малына барып жүрдү. Канчык карышкыр болсо ийинден алыстабай канаттуулардын жумурткасын таап жеп, ошону менен тамактанды.

Күндөрдүн биринде Көксерек койдун куйругун көтөрүп келгенде, канчыгы алдынан демейдегидей тосуп чыккан жок. Көксерек тынчсыздана буту менен жерди аткып-аткып ыргытканда гана канчыгы ийинден сүйрөлүп араң эле чыкты. Ийинден буруксуган тааныш эмес жытты сезди, Көксерек ошол замат айбаттуу ырылдап, ийинге башын салып жаңы туулган бөлтүрүктү тиштеп ийинден сууруп чыкты. Канчык карышкыр тап берип, каршылык көрсөтсө да, бөлтүрүгүн ажырата алган жок. Көксерек көзүн ача элек кичине бөлтүрүктү бир силкип жерге чаап, булкуп ыргытып, тоголок кесектей томолотуп, анан жийиркенгендей башынан ашыра ыргытып жиберди.

Бурулуп карап, ийиндин жанында жаткан канчыгын көрдү, ийинден энесине карай башка бөлтүрүктөр боортоктоп келип, желинин сыйпалап соро баштады. Көксерек бөлтүрүктөрдү көрдү да көңүлсүз жаланып коюп, обочо барып көз айрыбай карап жатты.

Арадан күндөр өтүп, бара-бара канчыгы да аңчылыкка бирге чыкчу болду, бирок мурдагы калыбына келе албай, оорусунуп, кээде ийнине жарым жолдон кайтып кетип жүрдү. Көп убактарда ийинге Көксерек куружалак кайткан кезде, адаттан тышкары бөлтүрүктөргө сугун арта карап калат, канчык аны тиштегилеп, ийинге жолотпой кубалайт.

Апрель айынын күндөрүнүн бири болуучу, бөлтүрүктөр чоңоюп калган. Көксерек менен ак канчык таң ата көл жээктеп балдарына жүгүрүп келе жаткан. Ак карышкыр алдыга жол бербей жүгүрөт, артынан куйрук улаш Көксерек келе жаткан. Экөө капысынан эле кишилер бар экенин жытынан сезе койду. Канаттуулар уясынан жабыла учуп, анан аттардын туягынан чыккан үн, койчулардын таягынын тыкылдагы утулду…

Айлана тынчыганча карышкырлар камышка жашынды. Ийинге келсе буту жанчылган бир эле бөлтүрүк жатат. Бир нече күн канчык карышкыр шек билдирбей, кишилер башка бөлтүрүктөрүн алып кеткен тараптагы айылды тегеректеп, аңдып жүрдү. Көксерек ээн талааны жаңырта улуп, аны бекер эле өзүнө чакырып убараланды. Канчык кайрылып келген жок, бул экөөн адамдар байкап калышты.

Жер кулпуруп, түркүн гүл ачты. Аттар жаздын ширелүү отуна тоюнуп, тез оңоло баштады. Күн чайыттай ачык күндөрдүн биринде, бул эки карышкыр артынан катуу куугун келе жатканын угуп калды. Үч жигит курч күлүк аттары менен Кара-Адыр жактагы чоң жар жактан карышкырларды көрө артынан катуу кууп жөнөштү.

Көксерек куугунду көрө жөн эле жаанын огундай сызып баратты. Канчык карышкыр болсо биринчи жүгүргөндө эле Көксерекке жетпей калган. Желининин сүтү али тартылып бүтө элек болгондуктан, ага катуу жүгүрүү кыйын болду. Көксерек артын бир карап коюп, канчык карышкырга жардамга келди. Арт жагына өтө, анан жандай жүгүрүп, капталынан тиштей сүрөөгө алды. Канчык болсо алы кетип, аргасы түгөнгөндөй. Көксеректи качып кутулуп кет дегендей ырылдап ишара кылды. Көксерек бурулуп, арт жакта кууп келе жаткан атчандарды карады да, коркунуч жакындаганын сезип, канчыкты таштай бардык күчү менен алдыга умтулду.

Жардан чыгары менен Көксерек чукул бурулуп, өтө ийкемдүүлүк, шамдагайлык менен эчкидей секирип жардын кырына чыкты да, карагандын арасына кирип көрүнбөй калды. Ошентип, Көксерек караган-шактарга жашынып, кутулуп кетти. Ак карышкыр болсо бурулууга чамасы келбей түз эле жайык талааны көздөй качты. А жигиттер болсо ач кыйкырыкты салып, ак канчыкты катуу таскактата кууп баратты.

Түн киргенде Көксерек акырын бышкырып коюп, тумшугун жерден албай, ак карышкырдын изин кууп жөнөдү. Чөбү өскүлөң алыскы бир коктудан ал кургап, так болуп калган канды тапты. Адегенде жыттагылап-жыттагылап, анан жалап да көрдү. Ак карышкыр ушул жерге келип жыгылган, мындан ары жыт да жок.

Көксерек кара күрөң желкесин бүкүрөйтүп, төшүн шамалга тосо бир ордунан жылбай ай чыкканча отурду. Ай чыгары менен ал үнүн муңдуу чыгара көпкө чейин улуду.

Көксерек колотто таштай каткан калыбында таң атканча отурду. Таң таштаганда гана ордунан калчылдап араң козголду. Ачкалык аны чыйрыктырып жиберди. Бүт жай ичи ал короодогу малга, бүт айылга коркунуч туудуруп, бир да тыным алган жок. Түнкүсүн тыным жок, койчулар да чарчап суй жыгылышты. Бирде Кара-Адыр жактан, бирде туздуу көлдүн жанынан чыга калып, көгүш-күрөң карышкыр жалгыз өзү бүт аймакка чуу салды. Ошол эле жайда элүүдөй козу менен музоону жара тартып жеп кетти. Анын соргоктугуна, ач көздүгүнө чек жок.

Эки жолу жигиттер айылдагы мыкты аттары жана шамдагай иттери менен кууп көрүштү, эки жолу тең качып кутулуп кетти. Ушундай соргок, күрсүйүп чоң болуп туруп, каракчы карышкырдын кутулуп кеткенине таң калышты. Айылдын жигиттерин уятка калтырыш үчүн карышкырга канат бүтүп, качпай эле учуп кеткенсийт.

Күндүз адам өтө алгыс калың камыштын арасына же көлдүн баткактуу сазына барып жашынат. Түнкүсүн аны эч ким токтото албайт, адамдардын кыйкырыгы, иттердин үргөнү, мылтыктын тарсылдап атылганы ага кеп эмес. Чабандар эч пайдасыз үнү бүткүчө кыйкырып, бекер эле күңүрт көлөкөгө ок артынан ок коротуп жатты. Карышкыр эч зыянсыз, жаткан жерине түн тынчтыгын бузган жаңырык тынчыганда гана кайтат.

Ошол жайда Көксерек аябай семирди. Калың жүнү кирпинин найзасындай тикчийип, эки бөйрөгү тартыла бою да өстү, бирок ток болсо да бир саат тыныгууну билбейт. Эми ал үйүрлүү жылкыга да тийчү болду. Бир жолу уурданып жакын барып, секирип барып бир тайды куйруктан тиштеп туруп чирене тартты эле, тай бир ордунда чиренип туруп калды. Тай бардык күчү менен чиренип тартынганда карышкыр коё берди, тай күү менен оңкосунан кетип аласалып жыгылганда, ач карышкыр баса калып тамактап таштады.

Күз да тез өтүп, жаан-чачын, күн-түн борошологон кардуу бороондун мезгили келди. Аяздуу күндөрдүн биринде Көксерек ачык талаадагы адырда күтүүсүздөн топ карышкырлар менен карп-күрп беттешип калды.

Кар тозоңун куюндата чаңытып, топ карышкыр жүгүрүп келип тегеректеп калды. Көксерек топ баштаган көк жал карышкыр менен эшик төрдөй аралыктан бетме-бет чыкты, азуусу арсайып, оозунан буу чыгат. Бирок топ карышкыр бул жолу өздөрүнө жем болчу жаныбарга эмес, ушул жерди мекендеген көк жалга жолукканын биринчи эле беттешкенде сезишти. Көксерек куйругун чатына кыпчыган калыбында жаалдана, бирин да жакын жуутпай, болоттой курч азуусу менен качырып келгенин кагып жиберет. Көксерек көк жалдан эки эсе жаш болгону менен бою жагынан да, салмагы жагынан да тең болчу. Ал эми тулку, сырткы көрүнүшү жагынан топ карышкырдын ичинде буга теңдеш бирөө да жок эле.

Канчык карышкырлар биринчи болуп Көксеректи жытташты. Жашыраак дөбөт карышкырлар сактана ага жакындады. Бир гана көк жалга ал өзүн жыттаткан жок, тиги да Көксеректи өзүнө жакын жуутпады. Топ карышкыр карга оонап-оонап, тоң кардан сугунуп-сугунуп алышты. Көксерек да ошентти. Арадан көп өтпөй Көксерек топ карышкырлардын алды жагында көк жал менен катарлаш бара жатты.

Таң эрте Көксерек топ карышкырды баштап жайыттагы жылкыга тийди. Бир бээни бөлүп алып, кууп отуруп күрткүгө камап жыгып алды да, кара дөбөттөй жара тартты. Тегеректеп турган карышкырлар туш-туштан жанталаша тиш салды. Көксерек үйрөнгөн адаты боюнча бээнин көөдөнүнө тумшугун тыгып жеп киргенде желкесине тийген азуунун соккусунан улам башын тартып алды. Жанында жаалдана азуусун арсайтып көк жал турат: так ушул жери көк жалга тийиштүү боло турганын ал билген эмес.

Булоологон жаңы этке алаксып, Көксерек көк жал менен укук талашкан жок. Экөө тең кайрадан этке кирди. Жашыраактары тайдын кардына башын тыгып жиберип, үзүп-жулка жеп жатты. Карышкырлар бирин бири жөөлөшө, ырылдаша үзүп-жулкуп жанталашат.

Жалгыз арткы саны калганда Көксерек менен көк жал калды. Башкалары бул экөөнө жол бошотуп чыга берип, бутуна башын жазданып, бээнин этин сөөгү менен кошо үзүп-жулкуп жеп жатканын көз айырбай карап турушту. Жеп бүтүп, көзүнө чейин кан болгон эки көк жал оор дем алып, бирин бири каардана тиктеп, экөө эки жакка басып кетти.

Анан топ карышкырдын ортосунда бири-биринен бөлүнүп, алыс жатты. Канчык карышкырлар көбүнчө Көксерекке жакындагысы келип, айланчыктайт. Көксерек сактана каардуу көк жалдан көзүн албайт. Ошентип, экөө бирин бири аңдыша далай күн топ карышкырды баштап жүрдү. Экөө жупташа жортсо да, жүгүрсө да тең жүгүрөт, эгер бирөө биринен карыш эле озуп кетсе, ошол замат же буттан, же капталдан тиштеп токтотот.

Ай жарык болгону менен шамал жок, тынч, тишке илинер эч нерсе жок, баары ачка. Көксеректин каары кайнайт. Топ карышкыр экөөнөн алыс, артта эле. Ошол убакта эки көк жалга жакын эле жерден бир коён катуу секирип, жанталаша качып жөнөдү. Көк жал, Көксерек экөө тең жарыша коёнго жетип, жара тартып эки бөлүп кетишти. Экөө оозуна тийгенин бүкүлү бойдон ач көздөнө сугунуп жиберип, анан өчүккөн эмелер бирине-бири тап койду. Төрт бутунун алдында кар тозоңу сапырылып, азуусу тийген жерлерин карсылдата үзүп ыргытышты. Кагышкан курч азуулар талаа тынчтыгын бузду.

Эки көк жал ыркыраша арткы буттары менен тик тура калышып, баскан жерлери оюла тирелишет. Көз ирмемче экөө ажыраша түштү.

Кары көк жал Көксеректин омурткасын жара чайнап, күм-жам кылууга эми чындап умтулду. Бирок Көксерек андан чапчаңдык кылды, кадимки айылдык иттердин ыкмасына салып, шап тигини кулак түптөн алды. Ошол бойдон мойнун кыса толгоп барып көк жалды басып алды. Кычкачтай карышкан тиштери матаган бойдон мойнун сындырды. Картаң көк жал аргасыздан тишин арсайтып, кар үстүнө бир жак капталынан жатып калды. Ошол убакта жетип келген аркадагы топ карышкыр, тигини заматта талаша үзүп-жулкуп жеп, сөөгүнө чейин сугунуп коюшту. Жарадар болуп жаткан карышкыр чоочунбу, же чоочун эмеспи, жаткан жеринен бири-бирин жеп кете берүү – алардын салты.

Жылкычылар күн-түнү аттан түшпөй кайтарса да, эч жардам болгон жок. Буга чейин мындай коркунучтуу кырсык Кара-Адырдын чет жакасында болгон эмес. Койчуларды каратып туруп, койлорун кырып кетет. Көксерек топ карышкырды эми жеке өзү баштап, күн баткандан таң атканга чейин кыштоолорду бүт кыдырып, бүт айылга чуу салат. Башка карышкырлар тойгондон кийин оор тартып, эс алгысы, уктагысы келет, бирок Көксерек алардын каалаганындай эс алышына мүмкүнчүлүк бербейт. Ал кээде каарданганда канчык карышкырларды да баса калып талап коё турган. Алар болсо жаалдана ыркырап, азуусу жетиле элек жаш карышкырлардан өч алуучу.

Топ карышкыр талаага бет алганда сел каптап, көчкү жүргөндөй, алдынан чыкканын мойсоп кетүүчү.

Бир жолу уюшкан топ карышкыр адамга да кол салууга батынды. Жолоочу чана чегилген ат менен жолдо жалгыз өзү кетип бараткан. Адам чубактай каттаган жолдо киши бара жатса, мындайда адатта карышкырлар батынып келе албайт, Көксерек болсо көрөрү менен көпкө карап ыргылжың болуп турбастан, кулагын жапыра артынан кууп жөнөдү.

Ат үрккөн бойдон ала качты. Топ карышкыр тигини дыргаяктата кууп отуруп, жолун тосо күрткүгө камады. Чана күрткүгө тыгылып, ат мүдүрүлүп жыгылды. Артында кууп келе жаткан карышкырлар атты тургузбай басып калышты. Жолоочу коркконунан эс-акылын жоготуп, чанадан кулап түштү да, калың карды жиреп туш келди качып жөнөдү. Көксерек аны байкап калды да, чанадан аша секирип, качкан кишинин артынан кууп жөнөдү. Эки карышкыр көк жалга удаалаш артынан жүгүрдү.

Көксерек тамаша куруп, өзүн сынап көргүсү келдиби, алдын тосо имерилип келип, кишиге бетме-бет чыкты. Канчык карышкырлар өзү жеке коргоосуз калган бул эки буттуу кишинин артка кетчү жолун торой, оңтойлуу учурду күтүп турушту. Алар көк жал эмне кылар экен? Бул эки аяктуу кишини көк жал жыгаар бекен? – деп чыдамсыздана күтүштү. Ошол кезде жакын жерден угулган аттардын туягынан чыккан үн, адамдардын кобураганы угулуп, киши аман калды. Эки аттуу кыйкыра чуу салып, тик ылдый колотко чаап түштү.

Көксерек ошондо гана үстүнкү жаагын тырыштыра атчандарды карап коюп, аттуулар баралбас жакка тезирээк кетүүгө ашыкты. Топ карышкыр тигилерди артка таштап, ээн талаага житип кетишти.

Дагы бир жолу Көксерек ачык талаада адамга кол салууга аракеттенди. Бул күндүз болду. Талааны чыкыроон аяз каптап турган. Асманда ак булуттар аркы-терки көчүп, күн булут арасынан канталаган каректерин көңүлсүз кызартып карап коёт. Кар тозоңу ышкырат.

Абайлап баскан карышкырлар айылга жакындаган сайын оозунан чыккан буу катуу аязда көк түтүн чыккансып буркурайт. Ошол кезде күтүүсүздөн эле кыштоо тараптан эки өркөчтүү төө чыгып, түз эле топ карышкырга карай бет алды. Эки өркөчтүн ортосунда жалгыз киши отурат. Башында орогон ак илекиси бар – бул аялга тийиштүү баш кийим экенин Көксерек билет.

Көксерек сактана тиги келе жатканга көз жүгүрттү. Төө – ат эмес, үстүндөгү адам чабанга да, жылкычыга да окшобойт. Айыл жактан тынымсыз иттердин үргөнү угулат. Топ карышкыр өзүнө келе жаткан жемге таң кала карап турушту. Төө коркууну билбей шалпык эрдин жогору көтөрүп, түз эле топ карышкырга бет алды. Карышкырлар бир коркунучту сезгендей, биринен сала экинчиси ээн талааны көздөй чегинип отурду.

Таң каларлык! Бул төө кайда жүгүрүп баратат? Эмне үчүн коркууну билбейт? Үстүндө келе жаткан адам да таңгаларлык – кол булгалап бир да кыйкырбайт да, ышкырбайт. Бул көрүнүш карышкырларга түшүнүксүз.

Карышкырлар артын карабай качып баратканын көрүп, Көксерек да аларга кошулуп качты. Бир кезде төө катуу бышкырынып токтоп калды. Январь айынын чыкыроон шамалы төөнүн кир болгон каптал чуудасын түргүлөйт. Өркөчүндө отурган аял да былк этип койбойт, башындагы ак илекиси шамал тийген сайын шар сыяктуу тарсаят.

Көксерек каардана жүнүн тикчийтти. Ордуна кадап койгондой тык токтоду да, тумшугун тосо жыттады. Коркунучтуу эч нерсе деле жок… Эки буттуудан ал коркпойт, мындан кичинекей кезинде, айылдагы эки буттуулар кайра Көксеректен корко турган. Ошондуктан ээн талаада, элсиз жерде Көксеректин бул эки буттуудан корко турган эч кандай жөнү жок болуучу.

Алдыдагы топ карышкырлар төш таяна узап, аяздуу кыштагы туманга аралашып көрүнбөй калды. Бирок Көксерек төөдөн алыстап кеткен жок. Төө ордунан козголуп мойнун созо Көксерекке бет алганда, ал шашпай өр таяна куйругун чатына кыпчып баратты, төөчөндү алаксытып, айылдан алысташын күттү.

Төө токтору менен Көксерек да токтоп, куйругун төшөй отуруп калат. Эгер төө катуу желсе – ал да ошентет. Экөөнүн ортосундагы аралык улам жакындагандан жакындай берди. Көксерек оңтойлуу учурду күтүп, шашылган жок. Ошентип кыядан өткөндө топ карышкырга жакындап, айыл көрүнбөй алыста калды. Ал ушуну күткөн эле.

Көксерек жакында эле жалгыз жүргүнчүгө кол салгандай, эми чечкиндүү аракетке өттү: төөнү имериле жүгүрүп өтүп, айылга кача турган жолун тосту. Төө да жакындап келе жаткан коркунучту сезгендей токтой калып, боздоп жиберди. Тиги топ карышкыр да адыр жактан шашыла жүгүргөнүн Көксерек көрүп турду. Ошол убакта төөнүн үстүндө өзүнө карай жылтырак кара неме сунулуп, күнгө чагылыша кез ирмебей карап турганын ал байкабай калды.

Күтүүсүздөн катуу чыккан үн аяздуу талааны жаңыртты. Жер силкинткен көк түтүн менен кошо Көксеректин арткы санын бир нерсе куйкалап өткөндөй болду. Өмүрүндө биринчи жолу Көксерек үнүн ачуу чыгара арс эте ок тийген жерин каардана бир тиштеп алып, башы менен карга тоңкочук атып кетти. Ошол замат Көксерек шарт секирип туруп, үч буттап качып жөнөдү. Катуу аязда колу үшүп калгандыктан, төөчөн киши мылтыгын кайра октогончо Көксерек коктуга кирип кутулуп кетти. Ошол бойдон жарадар бутунан кан тамчылатып, ал көпкө чейин качты.

Акыры Кара-Адырдагы чоң жарга өлө-тала жетип, карга жата кетти. Ок тийген жери ысып-күйүп, жөн эле чок басып алгандай сыздайт. Көксерек тумшугун чатына тыгып, ок тийген санын жалайт, минут сайын сактана кулагын түрүп, чочулап тынчы кетет…

Топ карышкыр болсо экинчи келбес болуп, Көксеректи таштап качып кетти. Карышкырлардын алыс болгондугу бир жагынан ага жакшы болду, кан чууруган изди көрбөй, жытын албай, кансырап жаткан Көксеректи артынан издеп табышкан жок, болбосо өз үйүрүндөгү топ карышкыр аны менен жакшылап эсептешмек…

Көксеректин артынан түшкөн куугун да болгон жок. Таң каларлык: төөчөн да артынан түшкөн жок, эгер төөчөн кууса деле Көксерек ага жеткирбесин билет. Ал ит ээрчиткен аттуу адамдар кууп келеби деп, ошондон гана чочулаган.

Анын бактысына айылдагы кишилер дароо эле чогула алган жок. Ызгаардуу бороон болорун сезген иттер да, айылдан алыстап жортподу. Чыкыроон суук күчөп, шамал дагы катуулады. Аяздуу суукта кар тозоңу көккө карай сапырылат. Көксерек акырын ордунан туруп эки жакты арыта карады. Жарадар бутун этияттап, үч буттап секирип отуруп, калың камыштуу адам бара алгыс туздуу көлгө жетип алды.

Күнү-түнү тынымсыз үч сутка катуу бороон болду. Көксерек да бир ордунан кыймылдабай, буйгалуу касаба жерде үч сутка жатты. Жаратынан аккан кан аны очок сыяктуу жылытып, эки бүктөлө куйругун чатына катып жата берди. Бирок жанга баткан ачкалык аны алсыратып, айласын кетирди.

Төртүнчү күнү түндө гана касабалуу калың кардагы жаткан жылуу ордунан туруп, үч буттап катуу аксаган калыбында тумшугуна илинер бирдеме издеп ээн талаага бет алды. Жүргөндө буту бир аз басууга жараганы менен ооруган жери басылган жок. Ошентип ал бир жумача ачкалыктын азабын тартты. Ээн талаадан эч нерсе жолуктура алган жок. Жуманын акыркы күнү гана иши оңунан чыкты: үйүрүнөн артта калган бир бээни үркүтүп отуруп, калың касабага камап жыгып алды. Түнү менен эс алууну билбей жатып, кайра туруп жеп, ачкан курсагын аябай тойгузду. Эт түгөнгүчө жанынан кеткен жок. Ошентип көз ачып-жумгуча арадан дагы бир жума өттү. Көксеректин жараты айыгып, жакшы боло баштады.

Жүгүрүшү ыкчам, көңүлү көтөрүңкү. Ал дагы Кара-Адыр тарапка барууну көксөдү. Кечке жуук өзү кичинекейинен өсүп чоңойгон айылдын кырына келип токтоду. Итиркейи келе кулагынан куйругуна чейинки жүнү тикчийди. Айыл тарапта баягы каргашалуу төө көрүнбөйт. Койчулар, жылкычылар иттерин талаага өздөрү менен кошо ээрчитип кеткендиктен айылда бир да ит жок. Кырдагы өзүнө тааныш бир таман жол менен тумшугун шамалга тосо ылдыйлап түштү.

Алыстан келген койлордун жыты аны өзүнө тартты. Көксерек тумшугун түрө жытты искеди. Тиги күн батыш тараптагы түздөн саргайыңкы болуп күнгө чагылышкан атчанды көрдү. Алдында көп чоң эмес бир короо кой жыбырайт. Чабан аларды кой короого айдап бара жаткан болсо керек. Карышкыр буйгалуу жерди бет алып, түз эле алдын тосо кыялай жүгүрдү. Ал демейдегидей эле койго капилеттен келип тийди, бирок чабан дароо байкап калып, катуу кыйкыра чаап жөнөдү. Адам үнүн угары менен селт эте токтоп, буту менен кар чача туруп калды.

Колунда кичине таягы бар атчандын бала экенин көрдү. Бала!.. Карышкыр андан корккон жок. Атчан баланы буйтап өтүп, көп койдон семизин издегендей, үрккөн койлорду кууп жөнөдү. Куйруктуу койдун чүйгүн, семиз эти, ысык булоолонгон каны көз алдына элестеп, бүт эркин бийлеп кетти. Бала да эч коркууну билбей, атын үстү-үстүнө камчылап, таягын көтөрө түз эле карышкырды кууп жөнөдү. Баланын жолун тосо чапкан тынымсыз кыйкырыгы Көксеректи дагы буйтап качууга аргасыз кылды. Баланын кыйкырыгы угулган сайын, түшүнүксүз коркунуч Көксеректин тынчын алды. Карышкыр улам буйтап качып, койго тап коёт. Бала алдын тосо чапкылап койго жакын жолотпой кубалайт. Чыйпыйы чыга келтегин булгалай:

– Ок… ерек! Ок… ерек! – деп үнүн жетишинче аптыга кыйкырат.

Карышкыр тишин арс эткизе качып жөнөйт. Бала ат чабышка жашынан көнүккөндүктөн, өтө шамдагайлык менен үстү-үстүнө камчылана катуу кууп жөнөдү. Акыры карышкыр жеткирбей койгон соң, колундагы таягы менен кууп бара жатып атып урду. Күү менен ыргыткан таяктын чокмор башы карышкырдын жаралуу бутуна тийип чиңкилдик атып кетти. Көксерек кутургандай жаалдана секирип барып, көз ирмемде азуусуна сала таякты эки бөлө сындырды. Анан кулагын жапыра, тумшугун тырыштыра каардана күлүп жаткансып, тиштерин ырсайта баланы көздөй атырылып жөнөдү. Күү менен катуу секирди да, ат үстүнөн баланын тонун өңүрүн үзүп алды. Коркуп кеткен ат кошкура катуу секиргенде, үзөңгүдөн буту тайган бала ээрден жерге учуп түшүп, жаңы жааган карга тоголонуп барып чалкасынан жатып калды. Тебетейи башынан ыргып кетти да, кериден ылдый карай тоголонду.

Бала өлөр алдында чукул качырып кирип келген карышкыр, өзү кичинесинен багып чоңойткон Көксерек экенин салпаңдаган жырык кулагынан тааныды. Ошол замат коркконунан жүрөгү жарылып өлдү. Куюндата катуу секирип келип, баланын бет сөөгүн капшыра тиштеп, катуу жулкуп өткөнүн билген жок.

Баланын өлүгүн түндө таап, сөөгүн жыйнап, айылга алып келип очоктун жанына коюшту. Жанындай көргөн чоң энеси бүк түшө баланын бутун кучактап жыгылды.

– Кулунум, кулунтайым! – деди ал жүрөк сыздатазар какшап…

Бирок канчалык зар какшаса да, көз жашы какшып, начар көрүп калган көзүнөн жаш чыкпай койду…

Кезек эми ошол аймактын белгилүү жигити, тажрыйбалуу аңчы Хасен менен анын карышкыр ала турган аксаргыл тайганына келди. Хасен бул тайганды Семипалатинскиден бир атка алмашып алган эле. Тайгандын маңдайында өзгөчөлөнүп турган төрт бурчтуу агы боло турган, ошондуктан ээси аны биринчи күндөн тартып, Ак кашка коюп алган.

Аз эле күндө Ак кашка ошол аймактагы бүт элге белгилүү болду. Ал жөнүндө көп уламалар айтылып, түпкү тегин сүрүштүрүп келип, аны легендалуу ырлардагы айтылуу Бөгөлбайдын итинин тукуму имиш деп да айтышкан.

Тайган бет алган жагынан кайра тартпаган, таза кандуу, кабаган, тобурчак иттин тукумунан эле. Эт жегенде да ырылдап, үзүп-жулкуп жей турган. Ал дайым байлоодо туруучу да, Хасенден башка кишини өзүнө жакын жолотчу эмес. Айылдагы иттер Ак кашкадан коркуп жанына жакындоочу эмес, үргөндө да алыстан үрө турган. Ак кашка иттердин үргөнүнө көңүл буруп койбостон, узун тумшугун шотойгон эки алдыңкы бутуна жазданып бир ордунда көпкө чейин жата бере турган. Качан аңчылыкка чыкканда гана жалкоолугу жоголуп, шамалдай сыза ар кандай чапкан аттууга оңой эле кууп жетүүчү. Үргөндө арс эте күңгүрт добуш чыгуучу. Карышкырдыкындай көзү жанып турат, бирок карышкырдыкы жашылдана жанса, Ак кашканын көзү кызара күйүп турган эле оттун өзү.

Хасен Көксерек жөнүндө толугураак маалымат алуу үчүн жылкычылардыкында бир аз күн токтоду. Жылкычылар алачыкка отту чоң жагып, тамак асып, отту тегеректей отуруп, Курмашты өлтүргөн жалгыз карышкыр жөнүндө таң аткыча талашып-тартышты. Бирок Хасенге жаңы, керектүү эч нерсе айтып бере алышпады. Бири карышкырды кутурган карышкыр болсо керек деди. Экинчи бирөө карышкыр эмей эле тарпка тойбос желмогуз жортуп жүргөнүн айтты. Хасен бул жомоктун эч бирине кулак салган да, ишенген да жок.

– Бул нагыз карышкырдын өзү, – деди Хасен сөзгө аралашып.

– Карышкыр деген карышкыр, аны чөп берип тойгузууга болбойт!

Жылкычылар ызырына сөгүндү:

– Эх, ушул карышкыр чындап биздин колго тийчү болсо кана!..

Хасен күлүп жиберди:

– Колго түшсө эмне кылмакчысың? Терисин тескери сыйрыйт белең? – деди тамашалап.

Хасенге Курмаштын атасынын көзүнө жаш ала айткан сөзү катуу таасир этти. Ал баласынын сөөгүн мүрзөгө койгондон кийин Хасенге карап мындай деди:

– Иним, сен шамдагай, айылдагы тажрыйбалуу аңчысың… Албетте, бул айлакер жырткычты колго түшүрүү оңой эмес. Ошондой болсо да сен аны кайдан болсо да таап өлтүрбөсөң, сен анда намыска бек жигит эмессиң, сен мага тууган да эмессиң, анда сенин да, сенин даңазалуу итиңдин да баасы эл үчүн бир тыйынга арзыбайт. Баш көтөрүп айыл аралап басып жүрбөй, көздөн далда кетип калганың оң, – деп айтканын эстеди.

Хасен жылкычыларды чогултуп карышкыр жаткан жерди курчоого алуу керек деген чечимге келди. Жылкычылар да бир ооздон Хасендин оюн туура деп табышты…

Хасен таңга жуук, карышкырга аттанар алдында тайганына эт ордуна курут аралашкан суюгураак атала берди. Ак кашка алдына койгон оокатты тез ичип бүтүп, ээсинен көз айрыбай карап турду. Ит болсо да тубаса сезгичтиги менен алдыда эң чоң, эң кыйын тапшырма турганын сезгендей болду.

– Кана, Ак кашка, – деди Хасен тынчсыздана ашыккан итине карап: – Алдыда кыйын сыноо турат, же сен аны, же ал сенин түбүңө жетиш керек, ансыз иш бүтпөйт. Курмаштын арбагы бизге ыраазы болбойт, – деди…

Ак кашка сөзгө түшүнгөндөй саргыч куйругун жай булгалап, кунт коё Хасенди карады. Карышкырга аттанары менен Хасен денесин кызытыш үчүн тайганды бош коё берди. Ак кашка таң сүрүп келе жатканда арышын кенен таштап, кар үстүндө шашыла жүгүрүп бара жатты.

Белгиленген жерге жеткенде Хасен жигиттерди бир нече топко бөлүп, ким кайсы тарапка барарын айтты да, өзү Ак кашканы жетелеп, айлана-тегереги бүт көрүнө турган таштактуу чокуга бет алды.

Ит ээрчиткен жигиттер ошол эле замат ар кимиси белгиленген жерге тез жетүүгө ашыгып, аттарын камчылана чаап бара жатты. Хасен чокуга жетери менен эки таштын ортосуна ала жүргөн кийизин жая салып Ак кашканы отургузду да, мойнундагы каргысынан кармап өзү жанаша жатты.

Ак кашка кулагын эки жакка түрө кыймылдатканы менен жулкунуп ээсинин тынчын алган жок. Эртең мененки сыдырым шамалга аралаш иттердин үргөнү, адамдардын ызы-чуусу алыстан араң угулат. Ошол убакта Ак кашка бирдеменин жытын алгандай, күтүүсүздөн Хасенге бой бербей эки буттап секире ордунан тура калып, тынчсыздана кокту жакты карап калды. Тайгандын азыркы турушу тээ бийикте комдонуп турган бүркүттү элестетет. Бирок кокту тараптан көпкө чейин эч нерсе көрүнгөн жок, жигиттердин кыйкырыгы, иттердин үргөнү да жакындай элек. Алыска созулуп жаткан бадалдуу караган-шактын арасынан карышкыр кай тарапка качып чыгарын куугунчулар байкабай калышы мүмкүн эле. Ак кашка демейдегиден башкача, тумшугун салаңдата комдоно калды. Мүмкүн, ушул тегеректе бөгүп жаткан коён аны алагды кылып жаткандыр? Адатта тайгандар мындайды сүйөт эмеспи.

Ак кашка жаңылышкан эмес экен. Карышкыр шырп билгизбей күтүүсүз жерден Ак кашка карап турган коктудан чыкты. Мына ал, карматпас шайтан. Кар тозоңу коктуга толуп калың күрткү болгондуктан, атчан киши көрсө да артынан кубалай албасын ал билет.

Карышкыр эки жагына көз жүгүртө шашпастан жүгүрүп келе берди. Хасен да бир минутка алдастап, итин кармаган калыбында эрдин тиштене туруп калды. Алыстан караганда карышкыр тумшуктуу, куюндаган буурул тайга окшоп кетти. Бул көрүнүшүндө ал дагы кубулуп, кутулуп кетчүдөй.

Карышкыр шамалдын агымы тараптан жүгүргөндүктөн, буйгада турган аңчы менен анын тайганынын жытын байкаган жок. Хасен жырткыч ата турган аралыкка келбесин алдын-ала сезип, тайганын бошотуп жатып: «Жөнө… Карма!» – деди да, далдада байланып турган атына жүгүрдү.

Көксерек ак саргыл тайганды биринчи эле көргөндө андан качып кутулуу мүмкүн эмес экенин байкады. Ит адыр жактан өзүнө карай көзгө илешпей учуп келе жатканын, кадимки карала дөбөттөн эки эсе чоң экенин көрүп турду. Ага удаалаш өткөндөгү төөчөндөй аралыктан колуна кара союл көтөргөн кишинин карааны кошо зымырады.

Туш-тарабы курчоо. Тез качуу керек.

Ит менен карышкыр кары саяң жерде беттешти. Ит карышкырды кууп жетип бутунан тиштеп булкуп өттү да, күү менен өзү да мүдүрүлүп кетти. Экөө тең секирип туруп, бирине бири карсылдаша тиш салып, оозу кан боло ыркыраша ажырай түштү. Көксерек бир нече жолу итке качыра тиш салып, ошол замат таамай соккуга, катуу каршылыкка туш болду. Ошентсе да Көксерек ыңгайлуу учурдан пайдаланып, көк жалды жыккан ыкмасына сала Ак кашка аны кулак түптөн тиштеди. Ак кашка бой берген жок, Көксеректин оозуна бир тутам жүнү менен терисин калтырып, башын катуу силке бошоп кетти. Бул кармашуу тез эле бүтө койбостугун ал дароо түшүндү. Кыр ылдый чапкылаган атчан сүйүктүү Ак кашкасына күч кубат тилеп:

– Карма эле, карма! Ак каш-ка! – деп жаны калбай бакырат.

Аны көрө Көксерек арс эте тап берип, кайрылып артык карабай качып жөнөдү. Бирок Ак кашка аны узаткан жок. Экөө тикелеше түшүп, тиштери катуу кагышты дейсиң, жөн эле түн болгондо чакмак чаккандай эле учкун чачырай түшмөк. Кишинин кыйкырыгынан улам Ак кашка сактанууну унутуп, тумшугун түз эле карышкырдын каардана ачып турган оозуна салып жиберип, алдыңкы жаактан тилин кошо тиштеди. Экөө биринен бири кутулуп кетүү мүмкүн эмес эле, ит алдыңкы жаактан, көк жал үстүнкү жаактан тумшугун кошо карыштыра тиштешкен бойдон экөө тирелишип туруп калды. Ошол убакта атын оңду-солду камчылана чапкылап, Хасен биринчи жетти. Ал мылтыгын таштап жиберип, коркпостон түз эле ээрден карышкырдын таштай катуу жонуна секирип, чоң бычагы менен карчыганын түбүнө бышып-бышып алды.

Ак кашка тишин арсайтып, титиреп жаткан карышкырдын оозунан канжалаган тумшугун бошотуп, четке чыга берди. Бир убакта туруп турган калыбында өзү да өмгөктөп жыгылды. Анын каршысында капталынан көк жал жаткан эле.

Жигиттер жакын келип, бирөө камчы сапты зор карышкырдын тишинин арасына тыгып, кара кочкул кан толгон оозун ачып карап, укмуштай чоңдугуна таң калышты.

– Азезил!.. – деди жигиттердин бири андан алыстап.

– Көксерек! – деди Хасен Ак кашканын жаратына кылдат көз жүгүртүп жатып тиги жигиттерге.

Көк жалдын өлүгүн айылга алып келип, Курмаштын боз үйүнө таштап коюшту. Курмаштын чоң энеси да небереси сыяктуу Көксерек экенин ага жакын келип, жырык кулагынан улам боолгоп араң тааныды.

– Көксерек! – деди кемпир чочуп кеткендиктен колу калтырай кыйкырып. – Тукумуңа наалат… Жер жуткур. Сенин уятың кайда? Кан ичер! – деп араң шилтеген каруусу жок буту менен карышкырды тиши арсайган оозуна тээп калды.

Которгон Мамен АРСТАНБЕКОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *