1983-жылы Кытайдын Шинжаң уйгур автоном районуна караштуу Иле казак автоном аймагындагы Текес ооданынын Көк-Терек кыргыз айылында төрөлгөн. 1999-жылы «Шинжаң кыргыз адабияты» журналында « Д а с т о р к о н үстүндө» аттуу тушоо кесер аңгемеси жарык көргөн. Көптөгөн чыгармалары Кытайдагы жана Кыргызстандагы гезитжурналдарда, интернет баракчаларында жарыяланып келет. «Шинжаң кыргыз адабияты» журналынын «Салым кошуучу» сыйлыгынын ээси. Шинжаң уйгур автоном райондук Жазуучулар коомунун мүчөсү.

АҢГЕМЕ

Аз киши билип, көп киши укпаган бир жогорку окуу жайынын студенти болуп калдым. Толук ортону бүтүрөр жылы бир мугалимим:«Азыр жогорку окуу жайына өтүү оңой, бүтүрүү кыйын» – деп айткан. Бирок менин бүтүшүм деле анчалык кыйынга турбайт сыяктанат. Кай бир университеттердин окуучулары диплом алалбай калыштан корксо, биздин мектеп диплом бере албай калыштан чочулайт өңдөнөт. Тартип бош, тиги студенттердин ошончо жай-жайына кетип, үйрөнгөнү дайынсыз жүргөнүнө карабай, сыноодон өтпөй, диплом алалбай калган эч кимди көрбөдүм үч жылдан бери…

Биздин университет Үрүмчү шаарынын чет-жакараак бир көчөсүндө. Жатаканабыз болсо ошо университетте…

Сегиз кишилик жатакта бирөө кем жатабыз. Бир керебет дайыма бош турат. Өзгө жатак дубалдарындагыдай көз жоосун алган кооз сүрөттөр бул жатакка жат. Өз керебетинин удулуна андай кооз сүрөттөрдү же көркөм каттарды тартып алууну эч кимибиз эске албайбыз. Эске алсак да ага убакыт чыгарып коюуга чыгынбайбыз. Тек гана каалгага чапталган жар дегенде жалгыз сүрөт бар. Бардыгыбызга ошол гана жетиштүү өңдөнөт.

Аны кимиси качан, кайдан таап келгенин билбейм. Эскирип калганына карабай, көргөн жерден көңүлүнө жагып калып көтөрүп келсе керек кимиси болсо да. Анда жолборс, аюу, ит, түлкү… өңдүү жети жаныбардын кумар ойноп олтурган көрүнүшү тартылган.

Эшиктен кире калганда оң жак дубал боорунда телефон орнотулган. Ошол кереге жаңкы сүрөт менен телефонду айландыра курчап, каршы-тершисинен жазылган кыздардын аты менен телефон номурларга нык толгон.

Биздин бөлмөгө мурда келип көрбөгөн бирөө келип калса, эң алгач дал ортого коюлган тегерек үстөлгө таң калчу, анын үстүндө жер шарынын эскирген картасы дайыма турчу чаң басып. Жаңы киргендер ал картага эмес, тар жатакты ансайын тарылтып, үстөлдү дал ортого урунт коюп алганыбызга таң болучу. Бирок биз үчүн анын кызматы чоң, ошол жерде турганы үчүн кымбат.

Сабактан чыккан соң кыштын узун түндөрүндө эшикти ичинен кулпулап коюп, шам жагып алып карта ойнойбуз. Бүгүн да ошондой бир түн уланып жатты. Мындайда тиги терезеде турган жаман саатыбыздын тырсылдаган добушу таптакыр угулбайт да, эске алынбайт, унутулуп калат.

Уткан киши ортого чогулган пулга жутуна кол созуп, өзүн көздөй шыпыра тартып астына басат да, карта шилей баштайт. Ар бирибиз алдыбызга бөлүнгөн үчтөн картага тешиле тиктеп туруп, акырын кол сунабыз. Анан колго алган соң кимдир бирөө жула качып кетчүдөй чүмкөй кармайбыз да, демибизди ичибизге тартып, картаны бир бирден, бир кулагы араң көрүнгүчөлүк эле жаябыз. Кандайдыр бир опурталдуу ишке баш байлап бараткансып, жүрөк опкоолжуп дирилдейт. Биринчи картаны көрүп, анан анын арткысын көргөнчө көкөйдөн далай жалбаруу сызып өтөт. Кандайдыр бир сыйкырың болсо, карталардын сан белгилерин өз каалаганыңча өзгөрткүң келет мындайда. Бирок антүүгө дараматың жетпей, ошондо өзүңдөн өзүң сынасың. Ачылган картаң көксөгөнүңдөй чыкпай калса, шаабайың сууп шалдырайсың.

Өтө-мөтө утулган сайын утулуп, көчүгүңдү көздөй басып калганда кабагың карыш түшүп, сиркең суу көтөрбөй калат. Бая эле сырдаш, муңдаш сыяктанган жатакташтарды эми кантип алдап-арбап чөнтөгүн какшытып алууга бар ынты-зынтыңды бүт жумшай баштайсың.

Көбүнчө мен утуп чыгам. Көп ойноп көнүп болгонумданбы же таалайымданбы, таң. Мындайда өзгөлөрдүн кабак-кашынан кирпик ирмешине дейре күзөткөнүң оң. Адам кээде жүрөгүн канчалык жашырайын десе да, өңү менен көзү аргасыз сездирип коёт эмеспи. Ошого мен өз картамдан мурда элдин өңүн аңдый баштайм. Кээ бирөө колуна жакшы карта чыкканда бир жымыйып, көзү нурдана түшөт. Кээси мындайда жалган эле кейип коёт. Бирок анын ушу кейигени картасынын жакшы чыкканын далилдейт. Бул кезде мен жерге дагы артыкча пул тикпеймин.

Дагы бирөөлөр колуна начар карта чыкса деле, сүр көрсөткөн болуп жалган кубанат. Бирок кандайдыр бир ишенимсиздиги да билинип калат. Анан дагы биринин мүнөзү болсо дагы башкача, тек көп ойноп маш болгондорду оңой биле албайсың. Андайлар коён бултакка салып, куу келет.

Бүгүн эмнегедир аттангандан көчүк кыйшык болду. Ойногондон баштап эле оң карта чыкпай, уттура бердим. Анда-санда бир утуп калганым болбосо (анда да жарыган утук тийбей калды колума), башкаларчалык көп чыга албадым. Алгач бир сомдон, анан эки сомдон, аягы беш-он сомго чыктым, улам утуп калармын деп бирде кагазыма кичине ишеним артып, бирде болсо «бөрү арыгын билгизбей, итке жүгүн үрпүйтөт» болуп, жалгандан сүр көрсөтүп, пулду көбүрөөк тигем. Кокус утуп калсам, алган пулум да арбын болсун дейм.

Өчөшкөнсүп өзгөлөрдүн картасы өйдө болуп кетет өксүтүп улам эле… көңүлдүн битирегени, колдун титирегени көбөйүп, кыжырым кайнайт. Кылдан кыйкым издеп, тиги пул утуп жаткан неме менен уруша кетким келет. Бирок анте албай буулугуп, өз ызама өзүм муунуп, өзөгүм өрттөнө дымып калам. «Мен да эчен утуп, эчен ирет пул чогулткамын, бир ирет уттурсам эмне болуптур» – деп коём кезек-кезек өзүмдү өзүм кайраттандырып.

Улам эмки колдо утуп калармын деген үмүткө мурунтукталып жетеленип отурам. Бирок болбой бараттым, жеңилүүгө чыдамак кыйын экен. Колдо бар пул бүт элге кетип, капчыктын түбү бош калса, эртең эмне кылам? Бул жерде мага бирөө: «Ме кий, ме ич!» – деп, кийим-кече, тамак-аш даярдап турбаса, айыл болсо алыс, анын үстүнө… койчу, болду. Бар күчүмдү айланып келип тамекиден чыгарам. Бирөөбүз тамеки тутандырсак, улам бирибиз сурап бир-эки соруп жатып, бат эле түгөтөбүз.

Жатактын ичи тунарып, Үрүмчүнүн жылдызсыз асманындай төбөсү көрүнбөйт. Өз оозу-мурдубуздан чыккан түтүнгө өзүбүз ышталып, ыкшып жөтөлөбүз. Маңдайымда олтурган Турсундун өңү мага ушу тамекиден эле карарып кеткен сыяктуу сезилчү. Тамекини оозун чулчуйта соруп, анан оозу-мурдунан тең буркуратып коюу түтүндү бүркүп чыгарганда, өзү бияктан караган кишиге кандайдыр ыраакта олтургансып, кара сур мунарык болуп көрүнчү.

Ток өчкөн соң шам жагып алып отурдук үңкүйүп. Жатактын ичи ансайын ышка толуп сурданганына карабай, эч болбогондо уттурган пулубузду жандырып алсак деп, утулгандар тырышат. Уткан сайын дагы да ута түшсөк деп, уткандар утулгандардан арман, отурган жерден былк этпейт. «Жатып дем алалы» деген сөз эч кимдин оозунан чыкпайт. Чыкса да чын көңүлдөн эмес. Ошону айткан киши өзү да көчүгү желимделип калгансып мыдырап койбойт. Тек Маамыт гана бир маалда кейип-кепчип ордунан турду да, үстүнкү керебетке ордуна чыгып, шыпшынып жатып калды. Акчасы түгөнүп калып, баятан жөн эле биздин оюнубузду карап олтурган.

Тыңыраак тамак ичпегенине да бир жарым күн болуптур. Жанараак менден тамак алгыдай пул сураганда тиги-муну шылтоо кылып берген эмесмин. Ашканачыларга мындан мурда эле бир кыйла карыздар экен. Үйүндөгүлөр пул салган окшойт жакында, али тие элек. Ошо келсе эле кайтарып берем десе да, кулагыма илбегемин. Эми андан аяган пулум минтип кумардын курмандыгы болуп кетип жатты.

Тиричиликтин бар тыныгы жатакта уланып жаткансып, ушул картага байланып калгансып, үмүтүбүздүн учугун ушуга гана байлап, колубуз жакшыланса, жаныбыз жадырап, уттурсак денебиз калтырап жатты.

Шам түгөнгүчө ойнодук. Таңкы саат беш болуп калыптыр.

Ичимден кан өткөнсүп, көңүлүм сыздап жаттым керебетте. Кайран акчалар! Чөнтөгүмдөн кантип чыгып, башкалардын колуна кантип өтүп кеткенин бир-бирден көз алдыман сыдырып эсептейм. Көзүмдү жумсам эле акча элестейт. Жерге нечен таштап, кайра нечен алып, улам бир колго өтүп, бирде байпакка, бирде такымга басылып будаланганы көңүлүмдөн улам сызып өтөт. Куру калган капчыгымдан бетер курсагымда да эч нерсе калбагансып кабышат да, «бизди унуттуңбу» дегенсип ичегилерим кур-чур этет.

Кыялым кыркка бөлүнүп жатып, көзүм илинип кетиптир. Бир маалда алда бир неменин чырылдаганынан ойгонуп кеттим. Жатаканабызда Өмөр деген бала бар болчу. Баарыбыз аны атынан айтпай эле, «сакал» дечүбүз. Кээде «маймыл» деп да тамаша кылабыз. Дене башы баарыбыздан кычы, кодойгон неме. Ошого карабай, бетинин бармак басым жеринен башкасы бүт сакал. «Жигит деген ушундай болушу керек» – деп коёт ал ошо түгүнө сыймыктангансып. Күн сайын көк ээк болуп сакал алгычын чырылдатып, жаагын сүрмөйү адат. Азыр да ошо адаты кармап жатыптыр. Жагымсыз үндөн жаным кейип, ыңгырана копшолуп койдум. Башым зыңылдап, кандайдыр жик-жигинен ажырап кетчүдөй, сынып жаткандай болот.

Быйылкы иштетип жиберген окуу пулум, катышпай калган сабактарым, университеттин дарбазасынын тегерегиндеги ашкана, дүкөндөрдөгү карыздарым эсиме түшүп, ансайын жүрөк сыздайт.

Эгер ушунун баарын, алыскы кыйырдагы ата-энем укса, эмне болуп кетер. Тырмактап жыйган бар дүйнөсүн мени көздөй жылдырып, эртеңиме үмүтүн артып, азырынча өздөрү өлбөстүн күнүн көрүп, эптеп тиричилик кылып жатканда, ишенген «төөсү» – менин кылганым бул экенин билсе, көк асманы көмкөрүлүп түшкөндөй болор…

Түшкү тамакка чыкпадым. Курсагым кур-чур, ичегилерим чурулдап жатты. Пул бар кезде күнүнө үч-төрт убак тамактанып, аны менен койбой соорундан-соорун куруп, түндөрдү оюн менен өткөрчү кездер азыр булдурап алыс, сагынычтуу эстеме болуп турду. Үстөл толгон эчен түрдүү куурумалардын желбеген бойдон калган кездерин ойлоп, шилекейим чууруп тилимдин учуна келди.

– Эй, турсаңчы, жата берип курсагың деле ачкандыр? – деди бир кезде бирөө көңүл бөлгөн болуп, өзү кийим алмаштырып жатып.

Бошой калса эле бир кийимин чечип, бир кийимин кийип, күнүнө нечен ирет алмаштырып убара боло берүү мунун адаты. Жатакта ушунун кийиминен башкабыздын бир кийген кийимибиз оңойлук менен оошчу эмес да, бир чечкен кийимибиз жуулбай далай күн жатчу. Анын суроосуна итиркейим келе жооп бердим:

– Курсак да пул болсо ачат!

«Пулуң болбосо жүр, мен алып берейин!» – деп калабы деген үмүт да сызып өттү көңүлүмдөн. Бирок ачык айтууга батылым барбады. Анда деле жыргаган пул болбосо керек. Унчукпай калды да, анан:

– Канча уттурдуң? – деп сурап койду. Анын бул суроосу мага жаккан жок. Бүт аалам тарылып кеткендей, бүт аалам ушул жатактын ичиндей супсак болуп турду мага.

Түштөн кийин сабактан кайтып келген соң Адыл (түндө сакасы алчы түшкөн ошол эле) улам бир кыз менен сүйлөшүп, телефондун жанында көпкө турду.

– Ва, бүгүн бир ойноп келбесем, – деди ал алгач телефон жанында алчыланып. Анысы менин кулагыма муш ургандай тийди. Анан трубканы алар замат күркүрөгөн үнү өзгөрүп, ушунчалык жумшак, ушунчалык сыпайылык менен: – Баланча барбы? Чакырып коёсузбу? – деди. Анан азга үнсүз калып, андан ары сөзүн улады: – Ээ, сенсиңбы? Кандай, жакшы турдуңбу? Кечте бирге… ээ, эмнеге чыга албайсың? Кой болду, бүгүнчө ал ишиңди коё тур… ээ, им… кош эмесе, бир аздан кийин телефон чалам, сөзсүз чык, э?

Ал бир топ сүйлөп, кыздын убадасын кайра-кайра алган соң трубканы коюп жатып, жана таңкы сыпайылыгы заматта өчтү да:

– Ээ, бул иш бүтүп кетти, – деп күркүрөдү. – Калп эле: «Бирдеме жазчумун, сабак карачумун, бош эмесмин» – деп коёт мен билбөчүдөй болуп, энеңди…

Биздин балдардын көп сандуусу ушундай, телефондо өпкө-боорун чаба жалынып-жалбарат да, трубканы коёру менен тилдене берет.

А тиги кыздар биздин кайдан, эмнеге уруп жатканыбызды жалган сөзүбүз боюнча эле жаңылыш болжоп кала берет көп кезде.

Кечинде көчөгө мен да чыктым. Мектеп дарбазасы алдындагы ашканалардын эшигинин жылчыгынан буркурап чыккан бууга карап, ар жагындагы сан түрдүү тамакты элестеттим. «Кел, кел» – деп туруучу ашкана ээлеринин жылуу, ынак туюлган кебетеси бүгүн мени шылдың кылып жаткандай туюлду.

Курсагымдын ачканы ансайын күчөй түшкөнсүп, напсим куруп бараттым. Оозума толуп келген ары суюк, ары супсак шилекейди түкүрүп жиберүүгө кыйбай акырын жутуп, ачкалыгымды билдирбеген болуп, башка бир нерсеге баш катырып бараткан кишиче колумду чөнтөгүмө салып, ыраакты карагандай ээгимди көтөрүп, бутумду жай шилтеп бараттым тунжурап. Капчыгың калың кезде жаныңдагылар да мартташып кетет сени менен жарыша, андайда сен дагы аянбайсың. Анан сен какшыганда жаныңдагылар да какшып, бар болсо да аз пулун аяп, ар ким өзүнчө обочолонуп, оозун куу чөп менен аарчып калат.

Өзгөчө менин жолдош-жоролорум ушундай. Ушундай экенибизди мен бүгүн аныгыраак сезип, туюп бараттым. Өзүмө да, өзгөгө да кечээгиси менен бүгүнкүсү, бүгүнкүсү менен эртеңкиси окшобогон ушу мезгилге да таарынычым бар сымал көңүлүм бөксө.

Өтө алыс эмес жерде бир тааныш дүкөн бар эле. Ошого бардым да, бербегенине болбой жатып пиво алдым карызга. Чоң дептердин бир бетинин башында атайын менин атым бар. Ошол беттин аягына чейин менин карыз алган нерселеримдин тизмеси толоюн деп калган. Аны кай күнү, кантип төлөөрүмдү өзүм да билбейм. Ойлосом мээмде чагылган оту жарк этет.

Кээде адам ачууга буулукканда үстөккө-босток жаңыла берет тура. Өзүмө өзүм эрегишкенсип, муздак пивону ач курсак эле куркулдатып жута баштадым. Ачуумду ачуу менен баскым келди ушинтип.

Бир маалда Адыл кирип келди. Кысыла түштүм. Булуңда бөтөлкө кармап олтурган мени көрөр көзү жок, көрмөксөн. Бир нече бөтөлкө пиво, дагы башка суусундук, семичке, буурчак дегендей нерселерди алып, бир коробкага салып, кайра чыгып кетти. Жакын тегеректеги кээ бир тургундардын бош бөлмөлөрү бар. Кээде ошол үйлөрдү бир түнгө майлап алып кыздарды ээрчитип барып соорун курамай адатыбыз бар болчу, азыр Адыл да кимдир бирөөлөр менен бирге болсо керек. Кызгылтым тартып, жүзүндө кан ойнойт. Демейде эле ит жинимдей көргөн аны эми андан бетер жеп-жутуп жиберчүдөй тиктеп калдым артынан.

Өзгө дүкөн куруп калгансып, ошончодон ушу жерге киргенине жаным кашайды. Анын алдында шагым сынып, иттей жиним келди. Анан баарын тезирээк унутууга пиводон дагы жуттум үстөккө-босток. Канчалык ичкенимди билбейм. Бир маалда темтеңдеп сыртка чыктым. Үрүмчүнүн чыкыроондуу шамалы бетиме чапкандай болду. Аны деле бир билип, бир билбейм. Өзүмдү толук теңшей албай, бийик беттен томолонуп түшкөнсүп, жер айланкөчөк болуп, көзүм алачакмакташат.

Жыгылып кете жаздап темтеңдеп келе жатып, кээ бир сабакташтарымдын оозунан түшүрбөй турган «Мен эмес мас, жол эгиз-пас» деген сөзү эсиме келип, ошону оозумду кыбыратып, акырын шыбырап койдум. Анан негедир көөнүм айнып, кускум келди да, бир зым карагайдын түбүнө олтуруп, окшуп жибердим. Жана таңкы ичкен пивом оозумдан да, мурдумдан да кетти шаркырап. Эс алалбай аптыгып, чекемден муздак тер бурк этти. Качан эч нерсе чыкпай калганча окшудум. Баарынан да ушул карандай окшуганың тозок экен, иче-кардым бүт аңтарылып келип тамагыма кептеле түшкөндөй болот.

Жанымдын кейигенинен ушу жерге эле кыйшайып жатып калгым келип, бүткөн боюм жер тартып турду. Окшуганым басылган соң чекемден чыккан муздак терди жеңим менен шыпыра сүрдүм да, амалсыздан гана ордуман турууга аракет кылдым. Зым карагайды таянып, талаада калып суукта тоңуп өлбөйүн дедим.

Ансайын өчөшкөнсүп, муунумда жан жок, буттарым калтырайт, оозу-мурдум ачышып, кусунду даамданат… Маңдай алдымдагы жолдо машиналар, мотоцикл жана велосипед мингендер, жөөлөр утур-тетир өтүп жатты. «Бакыт көчөсү» деп атап койгон ушу жолдо кимдир бирөөлөр оңго, кимдир бирөөлөр солго кетип жатты…

Жакын эле жерден бир муңдуу музыка кулагыма чалынды. Ырбаак жарадай болуп көңүлүм ансайын бошоду, айылда калган ата-энем, тууган-урук, дос-жараным эсиме түштү да, буулугуп ыйладым.

Муздак зым карагайга сөөнгөн бойдон жүрөгүм сыздап шолоктоп, өксүдүм. Ары-бери өтүп жаткан адам арбын болсо да, бейабан ээн талаада жалгыз калган сымал каңырыгым түтөдү. Шорлуу жаш чыйрыккан жүзүмдү жууп турду тосмосу жырылган сууча токтобой.

Кимдикине барсаң, өөн көрбөй алдыңа аш коюп тосуп алуучу айыл мээрин сагындым…

Бир маалда жатаканага барып жатайын деген ой менен ушул эле көчөнү туурасынан кесип өтмөкчү болуп алдыга жүткүндүм. Зым карагайдан ажыраарым менен кимдир бирөө төбөмдөн аткый кармап, тегеретип жибергенсип, өзүмдү теңшей албай темтеңдеп жыгылып кете жаздап барып токтодум да, бир жеңил машинанын жарыгы мага удул жакындап келип калганын көрдүм.

– Өлдүм! – дедим кысталыштагы кыялымда эс-мас бойдон кайда качаарымды билбей теңселип турган жеримде.

Аңгыча жаңкы машина чу берди тормузу кысылгандай, ага да болбой муз көчөдө күүсү менен зыргыган бойдон мага келип «күрс» этип урулгандай болду…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *