АҢГЕМЕ

Күлгө дымдалган коломтонун оттору шамалдын эпкини алдында жылтылдаган учкундарды тараткан сыяктуу, бүркүтчү Карабайдын аңгемелери Ормотойдун сезимине жаңы ой, жаңы тилек учкундарын пайда кылды. Кандай айла кылып болсо да канаты бар бир кушту тирүүлөй кармап алып, үйрөткүсү келди. «Бүркүттүн балапанын тапсам» дегенде «эки көзү төрт болду». Бирок бүркүт дегениң, тээ тоодогу зоодо болот эмеспи. Ал жакка атасы менен энеси балээни жибереби, бөөдө жем болосуң деп коркоор.

Чын эле балапанына кол салсаң бүркүт карап турбас, курч тырмактарын сапсайган башына матырып алып: «Рас келипсиң, азамат олжо», – деп зоо үстүндө каалгый учуп сайран кураар. Ал тургай, тиги чыпалактай чымчык деле жаман уясына тийсең коркпой келип мурдуңду жара тээп кетет эмеспи…

Мисченин баласын баксамбы? Бирок ал дан менен курт-кумурска жегенден бөлөктү билбейт. Айры куйрукчу, жоручу же болбосо кыргыйчы?..

Айры куйрук менен жоруну капкан, тузак коюп кармап алса болот. Ал эми кыргый… кыргыйды колго тийгизиш кыйын. Аткан октон тез учат эмеспи. Уча эле берет, уча эле берет. Тапкан олжосун ысуулайында бир-эки бурдайт да, кайра эле учат. Уясы кайда экенин адам билип болбойт. Тузагыңа көз кыйыгын салса деги эмне дейсиң…

Ормотойдун ындыны өчө түштү. Айласы куруганда бүркүтчү Карабайдан:

– Жору менен айры куйрук теке алабы?– деп үмүткөр сурады.

– Сен мактаган жору өлгөн малдын этин гана чокуйт, жоор аттын жонуна гана жармашат, андан бөлөктү билбейт,– деди бүркүтчү.

– Ал эми айры-куйругуң бүркүт эмес, бүркүтүң айры-куйрук эмес. Сен эмне, эшигиңдеги жөжөлөрүңдү кырдырууга таптайын деп жүрөсүңбү? Атаң менен апаң «бурама конфет», «май токоч» берип койбосун же мейлиби?

Ормотой үндөй албады.

– Укчу уулум, мен сага бир жакшы куш сунуш кылайын, ошону тап. Эң кичинекей, куштардын ичинен эр жүрөк, айлакери менимче ошол. Аны табууга өзүм да жардам берем. Багып үйрөтө баштаганыңда жол-жобосун түшүндүрөм. Анан кушуң табына келгенден кийин гана: – Омоң убакыт жетти, ууга аттансак кантет, – деймин. Азыгыңды эшегиңе артынып, кушуңду колуңа кондуруп, тоо тарапка чу коёсуң. Балким, мен да сени менен бирге барармын. Болбосо аркар-кулжаны жалгыз өзүң эшегиңе кантип артмак элең, туурабы? Ошентип, сен тоого барсаң, кушуңдун күчүн ошондо көрөсүң. Кудай бетин салбасын, бул бир укмуш болот. Эгер укмуш болбосо, бүркүтчү абам жалганчы экен деп элге жайгын.

Ормотой бүркүтчүнү үмүткөр карады.

– Сенин, уулум, ал жерде аткараар ишиң экөө гана: биринчиси, олжону көздөй тукурган кушуңду «Кля!», «Кля!», «Кля!».. «Пөө!», «Пөө!», «Пөө!», «Пөө!».. – деп кыйкырып, кайрып алмай, экинчиси, олжону өзүң терип алмай! Ха-ха!

– Ал алгыр куш кыргыекпи же башкабы, бүркүтчү аба?

– Жок, уулум, ал – борбаш!

– Борбаш?..

– Ооба, ушул эле кичинекей борбаш. Сен мага ишенбей турасың го, ээ! Илгери борбаш таптап айылды таң калтырган бир мергенчи болгон. Муштумдай болбогон борбашын колуна кондуруп алып, биздей бүркүтчүлөргө теңелип ууга барган. Бүркүтчүлөрдөн бирибиздин да жолубуз болбой, ошол олжолуу кайтып, аябай уят болгонбуз. Ошолордун баары эсимде. Биз уулум, ошол акылман мергендин өнөрүн колдонобуз…

…Борбаш табылды. Канаттары телчигип жаңыдан уча баштаган сары ооз балапан, мектеп астанасын биринчи жолу аттаган шок окуучудай, адегенде Ормотойдун сабагына көңүл бурган жок. Тумшугуна такаган чегирткени таназарына албай, кайсыл тарап оюна келсе ошол тарапка колоктоп качып жөнөйт. Бирок кайда барат дейсиңер, шыйрагына байланган беш кулач жип турганда.

– Эч жакка барбайсың, – дейт Ормотой борбашына кайра-кайра эскертип, – мен сени үйрөтөм, кырааным…

Кечкурун кармалган балапан эртеси ошол маалына чейин бир да жолу даам таткан жок: таңкы ырыскысын таназарына албады, түштөнгөн жок. Мына эми тооктор түнөгүнө топтолуп жаткан кезде да өзүнүн көктүгүн карматып отурат.

Тумшугуна бекем тиштеген азыгын ана жутат, мына жутат деген үмүт менен саргарып көпкө күтөт Ормотой. А балапан болсо, жийиркенгенсип чегирткени тили менен түртөт да, качып жөнөйт. Анын бул жоругу баланы санаага салды. Өлүп калбагай эле… Ачка туруп, дегеле жаалдуулугуна эмне демексиң!

– Анда, мен сени зордоймун!– деди Ормотой борбашына ороңдоп. – Эртең менен бир чегиртке күн шашкеде бирди, түштө, түш оой жана кечкурунга чейин бардыгы болуп бешөөнү аймап салышың керек эле!

Ширеңкенин кутусундагы жаңы кармалган чегирткелердин семизирээгинен бешөөнү атайын бөлүп алды да, балапандын эркине койбой, таңдайына тыга баштады. Эгер таңдайына туруп калса, бир нерсе менен андан ары итерди.

– Бир, эки, үч! Ураа! Араандай ачылган балапандын оозуна, түкүрүгүнөн бир-эки курдай чоң-чоң тамызды. Анткени биринчиден, таңдайы катып суусабасын да, экинчиден, «түкүрүк кушка май болот»– деп бүркүтчү Карабай абасы айтпады беле.

Атасы кичинекей карындашына сатып келген тапочканын капкактуу кутусуна аны жайлаштырды да, кара мышык жетпес жерге илип койду.

Ормотойдун көңүлү эми тынгансыды. Борбашынын курсагы ток. Түнөгү тууралуу кам санабаса да болот, ыңгайлуу өмүр өткөрүшү үчүн кутунун ичине материалдан жалаяк сыяктуу кылып, төшөнчү төшөп койгон. Жылуу да, таза да. Эгер төшөнчүсүн борбашы булгап койсо, самындап жууп, кайра төшөп коёт. Түнөктүн анча деле жетишпеген маанилүү эмес бир жери бар: ал боёлбогон. Бетинде тапочканын сүрөтү бар кутучада аркар, кулжа ала турган кушту түнөтүп, шылдыңдап кор кылыш болбойт.

Таң атса эле аны Ормотой, сөзсүз, эбине келтирет. Апасынын кызыл жүн боёгу кай жерде катылганын ал билет эмеспи. Уурдабай сураса деле апасы андан эч нерсе аябайт. Ал эми кара мышык маселеси чатагыраак. Өлтүрсө убал. Анын үстүнө ал чоңойгондон бери үйдө бир да чычкан калбай калды. «Мыё-оо» десе эле чычкандардын алыстан жүрөгү түшөт.

Мунусу го жакшы, бирок борбашты жеп коюшу анык. Ормотой кара мышыкты өзүнүн бирден бир душманы катары эсептеди. «Кара мышык – кара жолтойлук» – деп айтпады беле бир шофёр машинасын айдап баратканда алдынан бир кара мышык кесип өтсө. Ошонун санааркаган өңү Ормотойдун көз алдынан эч кетпей койду. Себеби Ормотойдун өзү да, шофёрдон бешбетер жаман абалда эмеспи.

Кечкурун тамак маалында Ормотой атасынан сурады:

– Ата, кара мышыкты жоготуп, ак мышыктын баласын бакпайлыбы?

– Алчы? Борбашымы жеп коёт деп коркуп жатасың го ээ, уулум?

Өзүнүн ички оюн атасы суратпай билгенине Ормотой кыстала түштү. Үй ичине эмгеги сиңген кара мышыкты атасы бир-эки курдай көпчүлүккө мактаганы анын эсинде эле.

– Жок, – деди Ормотой актана, – жебейт деңизчи… «Жесе оңой эле жейт», – деди ичинде. – Бирок аябай эле сапсайып, килтейип, сулуу болбой калыптыр, – деп аныктады мышыкты.

Апасы колдоп кетти:

– Чынында бул мышыктын кылганы жакшы эмес, бешиктеги баланын үстүнө жатып алмай өнөрү бар экен. Кокус тумчуктуруп коёбу деп корком. (Чынында, ушундай болгон эле.)

Эхе, кеп бар! Омокең бекеринен кичинекей ак мышыктын баласын самаган жери жок. «Кара мышык – кара жолтойлук, ак мышык – ак жолтойлук» – деп өзүнүн сөзүн өзү ырастады. Экинчиден, кичинекей ак мышык чоңойгуча борбашка тие албайт, чоңойгончо борбашы элик-текелерди алган кыраан болуп калат. Ал кезде ак мышыгы килтеймектен милтейсе да, борбашы куйругун карматпайт.

Күтүлбөгөн жерден атасы ойлонуп туруп айтты:

– Кай жерден көрсөң сөзсүз карма аны, тээ талаага таштап келейин эртең.

– Ура!

– Апа, самын кайсы жерде?

– Эмне кыласың аны, сен ар дайым самынсыз бети-колуңду жуучу эмес белең, түшүңөн чочудуңбу?

– Жок, мына мунун…– Колундагы булганыч чүпүрөк-чапырагын көрсөттү.

– Аа! Баламдын жалаягын жубам дегин! Апенди десе…

Ормотойго ушул сөз гана жетиштүү болду. Уялганынан кулагынын учуна чейин кызарып кетти. Кайрылып экинчи эч нерсе сураган да жок. Кирди арыктагы сууга чайкады да, далдараак бир жерге илип койду.

Балапан бүгүн эмнегедир адамга ийигенсип калыптыр. Кечээкидей анчалык дыргаяктап кача бербейт. Учушу дагы начар. Салмагы оор тартып, учканда жерге чабылып конот. Бир көргөн киши али жетиле элек деп ойлойт. А Ормотой мунусун семиргенинен деп аныктады. Анткени кечээ кечкурун мыктап тойгузбады беле. Ал эми бүгүн кечке чейин он чегиртке жедириш керек. Сентябрга чейин дагы эки ай бар. Ошондуктан балапанга арбын-арбын жем берип, эртерээк чоңойтушу зарыл.

Ормотой борбашынын бутундагы узун жипти чечти. Эркиндик. Эмнеден коркмок эле. Кара мышыкты атасы талаага таштаганы алып кеткен. Эгер балапан качса баары бир алыс кете албайт. Чөп-чар, куурай-суурайдын калың жерине дегеле жолотпойт, андай жерде, кокус жоголуп кетерин билет. Мына тазаланган кепкенен эшиктин алды турбайбы, каалашынча «пөө-пөөлөп» борбашын үйрөтө берет. Жыргал!

Бүркүтчү Карабай абасы айткан колундагы жемди борбаштын тумшугуна жакындатып: «Кля!», «Кля!»–деп үн салгын, анан ал да: «Кля!», «Кля!»–деп оозун араандай ачып жооп берет, ошондо жемди оозуна салып кой, андан аркысын өзү билет. Ушул ыкманы бир нече жолу колдонгонуңдан кийин, борбаш үйрөнөт да, акырында колдогу жемди өзү тартып алуучу болот. Үнүңдү чыгарып, колуңду көтөрүп эле койсоң, сенден сөзсүз жем үмүт кылат. Оболу көнбөй кача берген немеден, учуру келгенде өзүң качып кутула албай каласың. Үйрөтүүнүн биринчи алиппеси ушул, уулум.

Үйрөтүүнүн дагы башка ыкмасы болот: эгер куш берген жемиңе көңүл бөлбөсө, күн мээ кайнаткан учурда, өзүң көлөкө жерге туруп ал да, аны бир жарым кулач өзүңдөн обочолонтуп күндүн ысыгына кактап сазайын бер. Сокур куш болсо да салкын жерге ыктайт, салкын жерге талпынат. Эскертемин: «Кля!», «Кля!» менен жемди унутпагын. Жаныңа келери менен эгер кааласа сыйлап тур. Көпкө кайтала. Секин-секин көнө баштайт. Аралыкты аз-аздан кошуп отуруп ыраактан. Анан өзүң да ысыкка отуруп алып, ошол ишти кайтала. «Көлөкөңдөн айланайын Ормотой, кайдасың», – деп көлөкөңө ыктайт. Ошентип, уулум, борбашың өзүң турмак көлөкөңдү ээрчий турган болот.

Үчүнчү ыкмасы: көпкө кезертип ачка кой. Айласы куруганда атала берсең да ичем дейт. Ошондо чегирткеден сугунткун, түзүкпү?

Ормотой, ушул ыкмалардын бардыгы, кушка өз ээси ким экендигин таанытуунун жолу болот. Кийинки жолу уу алдырмай жолу. Оболу чымчык эти менен жаңы союлган малдын сулп этин жедирип үйрөтүшүң керек. Эттин даамын билсин, ансыз борбашыңа аркар алдыра албайсың. Андан кийинки кезек канаттуу аттуунун кайсынысы болсун: мейли таранчыбы, мейли мисчеби, тирүүлөйүн тап. Буттарын башына бириктирип байла: анчалык бекем болбосун, башы жер караган абалда болсун.

Анан коё берсең да эч жакка учуп кете албайт. Канаттарын каккылап гана бир жерде тыбырчылап жата берет. Бул кезекте борбашыңды ачкараак абалда карма да, байлалуу канаттуунун денесинин бир жеринен эти көрүнгөндөй кылып айры. Анан «пөө!» деген үн чыгарып, кушуңду тукуруп кой. Канаттуу өлгүчө аны менен жаалы чыга албай кармаша да берет, тартынбай барып, денесине кол сала берет. Бул – кыраандыктын эң сонун ыкмасы. Борбашың балакатка жетип тапталгандан кийин, көрүнгөн чымчыкка кол салып тарпын чыгарат! Кийик, теке алдырмайдын жолу мындай: өзүңдүн эчкиңдин эки көзүнө сулп этти салаңдатып байла да, борбашыңды кондуруп кой. Анысын да жейт, мунусун да жейт.

Дасыккандан кийин, көзгө асылмай өнөрдү үйрөнөт. Этият бол, айылдагы кой-эчкинин бардыгы сокур болуп калбасын,– деп тамашалады бүркүтчү. – Ал эми сокур мал жарым кадам баспай жатып калат эмеспи. Менин сага берер акыл кеңешим, максатка адам аракет менен жетиптир. Борбашыңды кыраан кылып тапта. Андыктан, ар бир ыкманы кайтала, кайтала, кайтала!..

Сентябрь! Окуу жылынын башталышынын бул биринчи күнү балдар үчүн өзүнчө эле чоң майрам. Майрамга карай ашып-шашып Ормотой келатат. Колунда сумкасы, далысына кондурган борбашы бар. Мектептин спорт аянтчасына жакындады. Тигине, балдар-кыздар, окутуучу эжелер, агайлары… Бардыгы Ормотойго тигиле карап калышты.

– Кана, Ормотой, эр болсоңор борбашың экөөңөр билген өнөрүңөрдү көрсөткүлөчү! Тартынба, Ормотой, силерден чоң нерсе күтүп көпчүлүк жарданып турат!

– Бул куш үйрөтүлгөнүн көрүп турбайсыңбы?– деп жооп беришти экинчилери.

Ормотой далысындагы борбашын алаканына кондурду да: «Пөө!» – деп бир шаңшып туруп, аны көккө серпти. Жарданган көпчүлүктүн үстүнө муштумдай болгон шамдагай куштун канаттары кагылып беш-алты айлана жасады да, бийик теректин кылда учуна барып конду.

– Качып кетпегей эле,– дешти саксынышып бирөөлөрү.

– Качса качып деле кетет,– дешти экинчилери.

– Качпас,– деди арсар гана, үчүнчүлөрү. Ошол кезде Ормотой экинчи ирет шаңшыды:

– Кля, кля, кля!

Ким чакырып жатканын түшүнгөн борбаш ошол замат ошондой эле үн менен жооп кайтарды: «Кля, кля, кля!»

– Пөө-пөө-пөө!– деп чакырды Ормотой кушун. Борбаш теректин учунан учуп чыкты да, чакырык үн угулган тарапты көздөй багыт алды.

Ал Ормотойдун төбөсүнөн эки-үч курдай ары-бери кайып айлана учту да, сунулган колдун алаканына конуп калды.

Көпчүлүк дүр эте түшүштү…

Бир күнү бүркүтчү Карабай абасы капыстан Ормотойго мындай деди:

– Кана, Ормотой, убакыт жетти: келерки дем алышыңда ууга аттансаң кантет. Камда азыгыңды, чомдо эшегиңди, ээрчит итиңди. Түзүктөнүп даярдан, макулбу?

– Макул, аба.

Ошол күнү Ормотой жарым түнгө чейин тынган жок, жаа жасады, жебе жасады. Тоо деген тоо да! Эмнелер күтүп болбойт андан. Балакет басып алдынан карышкыр, же аюу чыгып калышы ыктымал. Так ошондой учурда жаа зарыл болот. Аз уктаганына карабай, бүркүтчүнүн «тур!» деген үнүн угары менен көздөрү чайыттай ачылды Ормотойдун.

Ал борбашын чакыра баштады. Жооп жок. Дагы, дагы… Билинбейт…

Бак тарапка чуркады. Жок… Коңшулардын короосунан үмүт кылды. Дагы эле жок. Жок, жок, жок…

Аттиң ай! Азыгы камдалып, эшеги чомдолуп, ити байланып, жаасы жайланып, баары даяр болгон мезгилде борбашынын табылбай жатканын карачы! Үч ай бою эмгектенип, теке алдырарда борбашынын жоктугун карачы! Эгер олжолуу кайтсам айылга эт салып берем деп, эч кимге айтпай купуя максат кылуучу эмес беле!

Аттиң ай, кыраанынын жоктугун карачы!..

Бардык жактан үмүтү үзүлүп, Ормотой үйүнө кайтты. Балким, багым болуп табылып калар деген ой менен өздөрүнүн малканасына кирсе, илгери жоголгон кара мышыгы «шарт» этип акырдын ичинен атып чыкты да, кайдадыр житип кетти. Баланын көз алдында желгенден кийинки калган борбаштын бозоргон канат-жүндөрү бырыксып чачылып жатты. Өзүнүн эң ысык көргөн жолдошунан ажыраган кишиче ал салмактуу басып жакын келди да, өтө эле мүңкүрөгөн абалда башын шылкыйтып, жылтыраган акылдуу көздөрүнөн мончоктогон жаш чыгарып, «ыраматылык» кушуна аза күттү.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *