Даанышман кеби бар «каардуу чечим ишке ашпайт, ал дайыма дөшүгө «каңк» этип тийип, кайра тарткан балкадай». Балка да, дөшү да бирине-бири катуу тиери турган иш. Арийне, балканы кимиси биринчи «каңк» эткизди, баарыбыз көрдүк. Эл жерге түкүрүндү ошондо эле. «Эң коркунучтуу душмандар эски достордон чыгат» болуп, эски достордун кырчылдашынын аягы дагы эмне менен бүтөт, болжоп болбойт. Ыштанына чычкан киши колун аябабагдай эле; бийлик эми колун аяна турган эмес. Жүзүн да аянбайт өңдүү. Булганган колу менен өз жүзүн да шыбап алды. Жууса кеткис анысы…

Бийликтин ыштаны булганганы булганып, эми аны тазалоонун мүшкүлү өз башына түштү. Кантип тазаланат? Жытын кантип жашырат? Канчалык «тазаланбасын», сүртүнбөсүн… бирок саясый мурду өтө жытчыл, өтө шекчил коомго «андай эмес, мындай» деп актанган сайын кимдин ичи шырылдап өтүп атат? Бийликтин.

Начар организм шондой болот. Эмне жесе, шыр кетет. Аш болбойт. Витамини жукпайт. Дары ичсе болмок. Ал дары – акыл пештөө гана. АША өзү айткан: бизге абийирдүүлүк, ыймандуулук, чыдамкайлык, сабырдуулук керек деп. Шол акылы дары-дармек болуп бермек өзүнө. Элге акыл айткан, элди ыйманга чакырган шол дарыны өзүнө колдонсо гана элде ынтымак болмок. Ыйкы-тыйкылар ырбабайт эди. Акыл пештөө – ыштанды булгаткан балээни токтотмок. Бийликтин шырылдаган ичин токтотор башка дары жок. Булганган сайын булгана бербей, акылга келгенден башка арга жок болчу. Анткендин ордуна улам өзүн таза көрсөтөм аракети менен булганып алышты.

Мындай кекчилдик, мындай алешемдик менен эми биротоло өз богуна өзү оонагандан башка неси калды бийликтегилердин?! Таза бийлик болмоюн – таза коом болобу? Таза коомду таза бийлик түптөйт. Бийликтин булганычын көргөн коом жийиркенчээк болорун эки жолку мамлекеттик төңкөрүш көрсөткөн жокпу?! А.Акаев менен К.Бакиевдин бийликтен кулоосуна да дал ошол саясаттагы булганыч көрүнүштөр себеп болду эле го. «Саясат сасык» ылакабы атам замандан айтылып келгенин «ыштанына чычкан бала колун аябайт» деп эл акылына такаганым ошол.

Кай цивилизация, кай доор болбосун бийлик тагында отурган адамдардын тагдырын образ менен айтканда, алардын баары «ич өткөк» болушкан. Керек болсо андан да ачуу чындыкты Остин О`МАЛЛИ деген америкалык жазуучу минтип катуу айткан: «Саясатты саясатчылар ылжыган мастай булгайт. Алардын кусундудай саясатын биз тазалайбыз».

Бирок тазалана албай келебиз. А.Акаев менен К.Бакиевден калган вирустар азыркы бийликке да жукту. Кусуп, чычып, окшуса да тазалана албай турган абалга келишти. Болгондо да Акаев+Бакиевдин бийликтен кетээр алдындагы ичегини шырылдаткан вирусун азыркылар да жугузуп алышты. Чычкактап атышат. Сасып кетти. Чыдоого болбой баратат. Коомчулук жийиркенип баштады. Аны устатыбыз Алым Токтомушев айтмакчы, бийлик акырынан жем жеген журналисттер болсо колдорунан тряпка, швабра түшпөй, бийлик булгаган полду жууп атыры… Шыбап атышат каалаганча, туш келди.

Бийликтин ич өткөгүн көрсөткөн мисалдар

Албетте, биз орчундууларын эле санайлы. Алар кайсы? Мен санабай кеткен мисалдар башкалардын эсебинде бардыр…

№ 1 Кыргызстандагы каратүнөк кылмыштуу дүйнөнүн анабашы делген Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулуп кеткени үчүн буга жоопкерчиликтүү азыркы бийликтин тиешелүү тармагында отургандардын эч бирөөсү административдик да жазасын алган жок. Эмнеге?.. Бул суроо али күнчө туюк бойдон калды…

№2 2010-жылдан бери «Атамекен» партиясынын айланасындагы мародерлук маселесин канча көтөрүп, канча жолу жалаа жаппасын, акыры аны далилдей алышпады көрүнөт…

Агер «атамекенчилердин» мародерчулугун АША бийлиги далилдеп бере алганда, жамы журт АШАнын бийлигин кош колдоп кубаттап, «атамекенчилердин» орду бир гана түрмөдө экенин эл өзү демилгелеп турмак. Бийликтин ооматы бийиктемек. Азыр тескерисинче, мунун баары жалган жалаа экенине күндөн күнгө элдин көзү жете баштады.

№3 Мародерлук боюнча кампания ишке ашпаган соң, жалааны башка өңүттөн издеп, «Мегаком» үлүшүн «атамекенчилерге» «бөлүштүрүп» бере салабыз дешти эле, «Белизгейтти» бетке карманган далилдери да суу кечпей калгандай болду… Куру дегенде Ө.Текебаевди абакка камоодон мурда, ага каршы оозеки (!) көрсөтмө берген Маевскийдин айткандары кагаз түрүндөгү документтерге дал келбестигин мыйзам арибин жадындай билген «Атамекен» фракциясынын депутаты Аида Салянова парламент трибунасынан документтердин негизинде айтканына да бийликтегилердин бети чымырабады.

Маевскийдин оозеки көрсөтмөсүнө ишенели десек, Текебаев менен ал 2010-жылдын 12-13-май күндөрү Бишкекте кезигишкен экен. А бирок дал ошол күндөрү Башмыйзамдын жумушчу тобунун кеңешмесин ал убакта Текебаев жетектеп турган учурга туш келип, ал эми мамлекетке тиешелүү мүлктөрдү көзөмөлгө алчу адам Убактылуу өкмөттүн 1-вице-премьер-министри А.Атамбаевдин өзү болуп турганын ошол кездеги документтер далилдеп берерине башкы прокурор да, УКК төрагасы да кулак кагып коюшпады. Мындайды кыргыз мурдун балта кеспес адамдар дечү эле, Салянованын балтасы бийликтегилердин мурдуна мококтук кылды.

Ал кездеги «технический» өкмөттүн курамында Ө.Текебаев болбогондугун мамлекеттик иш кагаздар көрсөтүп турса, демек, ошондогу 1-вице-премьер-министри каякты карап отурган?!

Анысы ал дейли, 2010-жылдын 10-11-июнында Текебаев 1 миллион доллар талап кылмакчы болуп Москвага учуп барганын айткан Маевскийдин дагы бир оозеки көрсөтмөсү боюнча Текебаевди колдон-буттан байлап берер жипти чорт үзгөн башка факты чыкты: ал фактыда Текебаев ошол күндөрү Москвада болбогондугун «Манас» аэропортунун чегара постундагы балчайта басылган мөөрлөр кашкайтып көрсөтүп тургандыгын анын адвокаттарынын бири Искен Афиджанов чайнап жутуп сиңиргидей далилдеп берди коомго. Көрсө, 2010-жылдын 6-июнунан 12сине чейин Ө.Текебаев баштаган кыргызстандык делегация Норвегиянын Осло шаарында өткөн ОБСЕнин жайкы сессиясына барган учурга туура келет экен.

№4 Америкалык «Global Finance» финансы басылмасы 2016-жылдын эсеби боюнча дүйнөнүн эң бай жана жакыр өлкөлөрүнүн тизмесин түзүп, анда 189 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 148-орунду ээлгенин маалымдады. Ал эми өлкөбүз итке минген абалда экенине карабай, өлкө башчыбыз четөлкөлөргө барса да, өзүбүздө болсо да өз байлыгы менен мактанып, алда качан эле Кыргызстандын мультимиллионери экенин өз оозунан уктук. Бирок жийиркеничтүү мактаныч болуп калды анысы…

№5 Кыргызстандын стратегиялык өнөктөштөрү менен болгон дипломатиялык мамилелер кескин сууп калгандыгы. Тышкы саясатта болсун, ички саясатта болсун, өлкө башчы катары оозуна келген желди кармана албаган желөпкө мактанчаактыгы менен четөлкөлүктөрдү да, өз элин да сетиркетип бүттү. Андай жагдайлардын бирине эки жыл мурунку Араб өлкөлөрүндө болгон А.Атамбаевдин расмий иш-сапары учуруна өзүм күбө болуп келген жайым бар. Ал жактан араб мамлекет башчыларынын Алласын оозунан түшүрөр авантюралык жосундары Кыргызстандын дипломатиялык мамилелерине доо кетирерин ошондо жазгамын. Себеби башка өлкөгө барган жеринен өзүбүздүн коңшу өлкөлөрдүн короосуна таш ыргыткан жагдайлар оозунан чыгып кеткени үчүн; сүйлөгөнүн АША сүйлөп, уялганын башкаларыбыз уялып, башыбыз жерге шылк дей түшкөн…

№6 Сөз эркиндигине басым-кысымды опсуз жерден ойлоп табышканы күчөдү. Буга мисал: эларалык норманы карманып келсе да АШАнын оозу менен ушакчы атыккан булактар булар экен: «Азаттык» радиосу, «Заноза» жана «24.kg» сайттары, ж.б. журналисттердин аттары аталды!

Ооба, Кыргызстанда өздөрүн журналист атаган ушак деңгээлинен ашпаган кесип ээлери толтура. Бирок алардын катарына кыргыз, англис, орус тилдеринде эркин жазган журналисттердин эң тажырыйбалуусу деген журналисттердин бири Нарын Айыпка карата коюлган кине да, анын мойнуна жана «Заноза» сайтына 3 миллион сомдон 6 миллион сом жаза колдонуп, журналистин үй мүлкүн камакка алуу чарасы – башыңды ичиңен чайкатат.

Башкасынан да биздеги эларалык журналистиканын рамкасын бекем карманган саналуу маалымат булактарынын катарында ушул эле «Азаттык» радиосу, «Заноза» жана «24.kg» сайттары экени акыл чөйчөгү толук адамдын баамына дароо урунат. Агер ушул ЖМК каражаттары учурган «өрдөктөр» менен «кара жашик» атыккан КТРК учурган өрдөктөрдү бутага алып мээлеген киши болсо, талпылдап жерге кулагандын баары «кара жашиктин» ичинен учуп чыккан өрдөктөр болмок…

Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *