Бурят жомогу

Качандыр бир кезде бир улуста үч балык уучу жашаптыр. Жайында алар Анкарадан налим балык уулоочу да, кышында Анкаранын өйдөкү агымындагы карагайларга белги коюшчу экен.

Бир жолу алардын бири экинчисине айтат:

— Жүр, тайгага барып аюуларга аңчылык кылабыз, ошондо бизге киреше көп кирет, аябай байып кайтабыз. Анан тим эле байлыкка тунуп, кудайды да тааныбай кутурабыз!

— Ырас эле. Ошентсе ошентели. Жакшы ойлопсуң. – Экөө аны колдоду.

Анан алар тайгага жол алды. Кеч күз болчу. Айлананы аппак кар басып турган. Итти ээрчитип алышкан. Бир убакта ит шимшилеп жүрүп, аюунун чээнин тапты. Мергендер чээнге жакын келип, кантип андан аюуну чыгарып, кантип аны колго түшүрүү же атып алуу керектигин маслаатташты. Акыры алар чээнге кирип, андан аюуну тирүү кууп чыгуу чечимине келди. Чээнге улам илгерилеп киришип, биринчиси аюунун бутуна жетип кармаганда калгандарга белги кылмак болду. Ошентишти.

Чээнден чыгып карашса, аюу жок. Аюу түгүл биринчи кирген мергендин башы кошо жок.

— Бул эмне дегендик?! Башы жок ко?! – Алар эси чыгып таң калды.

Бири экинчисинен сурайт:

— Деги биз чээнге кирип баратканда анын башы бар беле?

— Бар сыяктуу болгон… – Экинчиси ишенбегендей үн катты.

Анан алар дагы талашып-тартышты. Талаша берип, тартыша берип, бири бирин жеңе албады. Акыры тиги башы жоктун үйүнө – аялына бармак болду да, андан шеригинин башы бар-жок экенин сурамакка белсеништи. Чана жасап, сөөктү сүйрөп жөнөштү. Үйүнө жакын келишсе, аялы отурат. Күйөөсүнө тери тебетей тигип атат.

Мергендердин бири аялдан сурайт:

— Сенин күйөөңдүн башы деги бар беле же жок беле?

Аял камаарабай:

— Эсимде жок… Баса, токтогулачы, мен ар жылы бирден тери тебетей тигип берчүүмүн, — деген экен.

Которгон Абдыкерим МУРАТОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *