АҢГЕМЕ

Тамеки талаада, сарайларда кытай басып келет экен деген сөздөр жүрчү. Андай убаймалуу ушактар улам күчөп отуруп, бир күн эле бүгүн келет имиш деп калышты.
— Бүгүн кытай келет деп атышат, — деди апасы алар төшөккө жатарда. — Эгери бомба түшсө биринчи мага түшсүн, силердин апа деп кыйкырганыңарды көрбөсөм экен.
Ошондой кыжалат күндөрдө Жали аттуу киши таң азан сыртка чыга калса, күн батыш жактан адагенде гүрүлдөп-шарылдаган добуш угулуп, анан жылт-жылт эткен жарыктар көрүнөт. Саресеп салып караса, кадимки эле танка экен. Чуркаган бойдон үйүнө кайра кириптир. Ал өзү көп балалуу киши болчу. Он баласы катар-катар болуп бир бөлмөдө жатат дейт. Жали ака аялын түрткүлөп ойготот.
— Катын тур, кытай келип калыптыр. Жакшы көргөн балдарыңдын бир-экөөнү ал, Жаман-Адырга качайлы. Бардыгын алып кете албайбыз…
Ичи түтпөй кайра эшикке чыкса, боорунда Кызыл жылдыздары бар танкалар так эле үйүнүн жанынан өтүп аткан экен. Кошуналардын баары жол боюнда кызыкка батып, аларды карап турушат.
Булар машыгууга бараткан өзүбүздүн эле советтик танкалар экенин билгенде сүйүнгөнүнөн эки баласын алып, Жаман-Адырга качмакчы болгонун кошуналарына айтып бериптир. Кошуналары кыраан-каткы түшүп, жаман көргөн балдарың да чоңоюп атышабы деп аны көпкө чейин тамашалап жүрүшкөн.
Арадан көп жыл өткөн соң Кытайга барганда Митал ушу окуяны бир кытай жигитке саймедиреп берсе, жаңы таанышы Тишин ырсайтып, бала кезде алар да чегаранын ары жагында Совет келет экен деп далай түндү кирпик какпай, калчылдап өткөргөндөрүн айтты…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *