Албан жомогу

Кең жаздын боюнда жайгашкан үйдө үч бир тууган жана алардын атасы жашаган экен. Сазга жакын жашоо жыргал турмуш эместигин баарыңар билет чыгарсыңар.
Балдардын атасы өлөр мезгил да келет, ал анан үч уулун чакырып, деп турганы:
– Уккула, балдарым! Силер бул жерден көчүшүңөр керек. Бизден оору менен жамандык кетпегени – кең сазда жашаганыбызда. Үй кургула, бирок аны тоо бооруна курсаңар, турмушуңар ошондо оңолот. Арийне, адегенде ишке билек түрөрдөн мурда токойдо жашаган акылдуу карыя менен кеңеш кургула.
Күндөр өтүп, атанын сөзүн эп көрүштү балдары. Саздан кетиш керек дешти. Дешти да өзара сүйлөшүп, кең саздан кетүү керекпи, жокпу, аны балдардын эң улуусу токойдогу акылман карыя менен кеңешип келмек болду.
Ошентип балдардын улуусу карыяга келип сурап турганы:
– Эмне кылалы? Эгерде саздан кетип, тоо бооруна үй курсак жаман болбос бекен? Кандай дегиңиз бар?
– Оңдуу болбос, – деди карыя, өзү алек болуп аткан ишине гана алаксып.
Тиги болсо андан аркы суроосун да бербестен, башын шылкыйткан бойдон кабагын чытып, үйүнө тартты.
Үйдөгү инилерине карынын айтканын жобурады.
– Биз кандай шорлоп атканыбызды айтпадыңбы? – деди ортончу иниси нааразы боло. – Анда мен барып, кандай күндө жашап атканыбызды түшүндүрөйүнчү, – ортончусу токойго жөнөдү.
– Айчты, аксакал, эмне кылалы анда? – дейт. – Кең саздын жакасында жашоо кыйындады. Жамандык менен оорудан кутулар эмеспиз. Кандай ойдосуз, кеткенибиз оңбу? Эгерде саздан кетип, тоо бооруна үй курсак жаман болбос бекен? – деди чебелектеген ортончусу да.
– Оңдуу болбос, – деди карыя мында даа.
Ортонусу да үйгө көңүлсүз келет, анын айтканын уккан соң кенжеси айтат:
– Болору болуптур, эми менин кезегим экен, – дейт жайдаңдап күлүп, – эмесе мен барайын карыяга.
Токойго бет алат. Карыянын кашына келип, ийилип таазим этет, дүмүргө көчүк коюп, минтип кайрылат:
– О акылман карыя! Атабыз өлөрүндө жамандык менен оору жабышкан саздан көчкүлө деп керээз айтты эле. Эгерде биз тоо бооруна үй курсак жакшы иш болор беле, кандай кеңешиңиз бар бизге?
– Абыдан сонун иш болбойбу, балам! – дейт карыя.
Балдардын эң кенжесине кубанычтан канат бүткөнсүдү. Карыяга ыраазычылыгын айтып, үйдө чыдамсыз жооп күтүп отурган агаларына тыз койду.
– О байкелерим, – деди бак-бак үн катып. – Эгер тоо бооруна үй курсак, абыдан сонун болот деп айтты акылман карыя!
Тиги экөөнүн таңгалгандан ооздору ачылды.
– Бу кандай дегени? – жарыша суроо узатышты, – А бизди эмне шылдыңдаганыбы? – дешип, үчөө токойго келишти.
– О акылман карыя! – деди энтиккен эң улуусу, – Сиз бизди шылдыңдаганыңызбы, же кандай? Эмне үчүн мага да, ортончубузга да эгерде саздан көчүп кетип тоо бооруна үй курсак оңдуу болбос дедиңиз эле, ал эми кенжебиз келсе, «абыдан сонун болот» депсиз го. Эмнеге?
– Йе, жарбагырлар, мен силерди шылдыңга алайын дегеним жок, – деди жылмайган карыя. – Мурда келген экөөңөр тең: «Эгерде саздан кетип, тоо бооруна үй курсак жаман болбос бекен?» деп сурадыңар. А кенжеңер келгенде: «Эгерде биз тоо боорунан үй курсак жакшы иш болор беле?» деп сурады. Мен анан: «Абыдан сонун иш болбойбу» дедим. Себеби ал жакшылыкты оозанса, а силер жамандыкты оозандыңар. Эгерде ишти баштаарда чочулоо менен «жаман болбойбу» десеңер, ушу кантип жакшы болсун? Адам жакшылык жөнүндө ойлоп, жакшылыкты оозаныш керек! – деп кеп кыстарды карыя.
Ошондо анан тиги үчөө акылман карыяга ыраазычылыктарын айтып, үй курууга жөнөшкөн экен.

Которгон Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *