ЗАМАНДАШТЫН БЕЙНЕСИ

Кээ бир тоо алыстан далдайып көрүнгөнү менен бир үзүк булуттай да көлөкөсү болбойт. Кээ бирөөлөр эл үчүн, мекен үчүн жанын үрөп эмгек кылганын дембе-дем какшап, аты-жөнүнө илимий даражасын, алган сыйлыктары менен наамдарын чиркеп жазганы менен, атайын десең оозго алар иши жана окуйун десең жалчытарлык эмгеги табылбайт.  Педагог, адабиятчы, жазуучу, котормочу, публицист, коомдук ишмер, илимдин доктору, профессор Абдыкерим Муратов андай илдеттен алыс.

Ал кумурска сыңары үн чыгарбай жана жаны тынбай эмгектенет. Буга анын кыргыз адабиятын мектептерде окутуу, адабият сабагын кыскартуу маселеси, балдарга таалим-тарбия берүү, СЕБАТ мектептеринин өлкөнүн билим берүү тармагындагы орду, медреселердин ишин өкмөттүк көзөмөлгө алуу, ошондой эле исламчыл күчтөрдүн эволюциялык жол менен калыптанган каада-салттарга каршы агрессиясы сыяктуу коом, улут келечеги үчүн маанилүү проблемалар боюнча көпчүлүк саясатчы, жетекчи, чиновниктерге окшоп четке чыга бербей, өз ойлорун ачык айтып, ооруунун өзү байкаган себебин түз атап жазган макалалары, берген интервьюлары айкын далил.

Алардын баарына токтолбой эле бүгүн мамлекеттик органдардын көз жумуусу менен чоң күчкө айланып бараткан ислам топторуна байланыштуу соңку айткан сөзүн чогуу окуп көрөлү. «…кезегинде эл башкарып көнүп калган коммунист-активдер, партократтар эми беш маал намазын үзбөй окуп, дааватка чыгып, айыл-кыштак исламизацияланып жатып калды. Мунун оң жагы – арак ичкендер азайды. Бирок ажырашуулар, уурдап-тоноолор, жемкорлук, көп аял алуучулук, зыначылык азайган жок, аларга диндин күчү жетпеди… Ушундай исламчы күчтөрдүн Жаңы жылда тигилген ёлкаларды талкалап, өрттөп ийиши, Аяз ата менен Аяз кызын уруп, тепкилеши, «шайтандыкы» деп телевизорлорду, компьютерлерди сындырып, фотолорду күйгүзүшү, менчик дүкөндөргө жулунуп кирип, арак-шараптарды чаап сындырышы, КР Мамлекеттик Гимни ырдалып жатканда ордуларынан турбай, хорго кошулбай коюшу ж.б. ушул сыяктуу «майда хулиганчылыктарды» жасашы өлкөдө ислам кадимкидей коркунуч жаратып жаткандыгынан кабар берет.

Булар бизди адамзат эчак басып өткөн жана андан аябай азап-тозок менен суурулуп чыккан эскиликке түртүүгө аракет кылып жатышат…

Мисалы, биз 50-60 жаштан жогоркулар коммунисттик-советтик идеология, орустук ой менен башыбызды толтуруп алганбыз, ал эми кырк жашка чейинкилер арабдык, пакистандык, түрктүн идеологиясы менен сугарылып, сакал коюп, чалма чалып, хиджап кийип, кыргыздык жүзүн жоготуп жатат.

Анан ким кыргыз болот да, эртең «Манасты» ким окуйт деп уктабай чыгасың…» (Макала менен толук таанышкыңыз келсе, http://bulaninstitute.org, 24.01. 2017-жылды караңыз).

Публицист А.Муратов зар какшап тизмелеп айтып жаткан чоң жана арты коогалаңдуу окуяларга биринчи кезекте ырасмий бийликтер өз баасын берип, Конститутция жоболоруна шек келтирген  жарандар тийиштүү жазасын алыш керек эле го! Бирок андай болгон жок. Тилекке каршы, кыргыз интеллигенциясы жана улуттун руханий көсөмү болчу аксакал-көксакалдар да өз оюн айтпай, маргинал катмарга айланып кетти. Же ошого баратат.

Арийне, А.Муратов да көксөөлдөй жел айдаган жакка томолонгон «коомдук ишмерлер», «саясатчылар», «илимпоздор», «журналисттер» тейде убагы келгенде «биз ушинтип ойлогонбуз», «мезгил ушундай болчу», «башкалар деле ушинтип жүрбөдүбү» дешип, убагы келгенде актанса болот эле. Бирок антүүгө Абдыкерим Муратовдун таалим-тарбиясы, абийири жол бербейт. Себеби, мен урматтаган россиялык чоң илимпоз, маркум Дмитрий Лихачев айткандай, «интеллигент адамдын парзы ар качан: билүү, түшүнүү, каршылык көрсөтүү, өзүнүн руханий өз алдынчалыгын сактоо жана калп ишке катышпоо болгон жана боло берет».

Абдыкерим Муратов менен замандаш гана болбостон курагыбыз да тең. Ошого аз, бирок саз сүйлөгөн жана «Заман Кыргызстан» гезити эми түптөлүп жатканда чогуу иштешкен теңтушумдун коомдогу талуу проблемалар боюнча айткан ойлоруна, адабий чыгармачылыгына чейрек кылымдан бери астейдил мамиле кылам жана колдон келишинче калтырбай окуганга тырышам. Эрктүү Кыргызстандагы биринчи эл аралык гезитте педагог, эстет, журналист замандашым менен таанышкам жана анын  эмгекчилдигин, ар кандай маселеге кол учунан эмес, терең түшүнүп, ар тараптуу караганга аракет кылганын байкап,  ичимден суктанганмын.

Андыктан, «Сунулган баш… Суурулган кылыч» тарыхый романы чыкканда илимий-педагогикалык жана журналисттик ишке катар көркөм чыгарма, болгондо да даректүү окуяларга жана архивдик материалдарга таянган китеп жазганга үлгүргөнүнө таң калган эмесмин. Автор бул китепте чагатай тили совет заманы орногонго чейин жана андан кийинки жылдары Парагана өрөөнүн байыртан байырлаган тажик, кыргыз, өзбек жана башка элдердин орток тили, өз ара карым катнаштын тили болгонун, большевиктердин сөзүнө ишенип, Түркстанда жашаган элдердин алдыңкы өкүлдөрү курган Кокон автономиясы кандай мыкаачылык менен кыйратылганын, басмачылык кыймылдын пайда болуу себептерин изилдеп, көркөм чагылдырат. Ошо чагатай тилинин ширеси бүгүн да Түштүк Кыргызстандын ичкилик диалектинде жана Тажикстан менен Өзбекстанда жашаган боордошторубуз арасында сакталып калган.

2011-жылы «Арча» сыйлыгына татыктуу болгон бул романдагы каармандардын бири падышалык Россиянын аскер окуу жайын бүтүп, мыкты кызматы үчүн полковник даражасына чейин жеткен теги кыргыз Сулайман Күчүковдүн Кокон автономиясын түзүүгө катышкан зылаалылардын бири экени кимди гана болбосун сыймыктантпайт. Абдыкерим Муратовдун ошол С.Күчүковго, романдын баш каараманы Мадаминбекке, айтылуу төкмө акын Токтогул ырдап кеткен Алымканга, Чынгыз Айтматовдун  «Жамилясы», Мурза Гапаров, Куңуш Жусупов, Салижан Жигитовго, Парагана өрөөнүнөн чыккан ойчул-сопу Бабарахим Машрабка (1657-1711), XII кылымда өткөн жапон акыны Сайгёго, байыркы кытай акын Тао Юань-миндин (365-427) поэзиясына байланыштуу макалалары жана башка эмгектери анын талыбаган өжөр изилдөөчү экенин шардаана кылат.

Ноокат ашуусунун этегиндеги колотто гүлдөгөн бадамга Мурза Гапаров  барып суктанып отурганын, студент кезде Мурзакенин Ош кыргыз драма театрындагы спектаклине барууларын, (акын Жолон Мамытов менен студенттердин жолугушууларын) деги эле жазуучунун өмүрүнө байланыштуу эскерүүлөрү окурман журтка бул ажайып инсандын чыгармачылык жана адамдык бейнесин толук түшүнүп билгенге жардамдашат. Анан да А. Муратов Мурзаке тууралуу изилдөөсүн жана эскерүүлөрүн болочокто да толуктап жаза берет деп ойлойм.

Бул ишти токтотпогонун каалайт элем. Себеби, 1-ден, Мурзакедей элибиздин руханий дөөлөтүн түзүшкөн чебер жазуучулар бүгүнкү жана келечекки муун үчүн соолбос руханий азык. 2-ден, болочокто М.Гапаровдун Ноокатта бадам гүлдөгөнүн, Арстанбаптын булбулдарынын сайраганын, Баткенде айгүлдүн ачылганын көргөн жерлери өлкө ичиндеги адабий маршруттардын бири болот деп ишенем. Бул оюма тиешелүү бир гана мисал келтирейин. Улуу орус акыны А.С.Пушкиндин Псков облусунда “Михайловское” музей-коругу бар. Бул коруктагы акындын мүрзөсү, жашаган үйү, баскан жолдору, анын ичинде “Руслан жана Людмила“ поэмасындагы “У лукоморья дуб зелёный“ деген ырдагы эмен дарагы, Анна Керн аллеясы келген туристтер сөзсүз зыярат кылган жайларга кирет. Өзүм да 1983-жылы музей-корукту көргөнү барганда ал кездеги СССРдин түрдүү бөлүктөрүнөн, анын ичинде Камчаткадан келген үй-бүлөнү кездештиргем. Ошондо бир кезде биздин классиктердин өмүрүнө байланыштуу жерлерде Пушкин, Лермонтов, Толстой, Тютчев, Чеховдуку сыяктуу музей-коруктар пайда болот деп үмүт кылгам.

Ырас, Абдыкерим Муратов абдан жемиштүү иштейт. Буга анын электрондук медиага чыккан публицистикалык жана илимий макалалары, изилдөөлөрү, аңгемелери, адабий котормолору айкын далил. Анын жомокторду которуусунун максаты — балдар жана улуулар жомок аркылуу алтай, бурят, түрк жана башка дүйнө элдеринин фольклордук дүйнөсү, көркөм ой жүгүртүүсү, дүйнөнү кабылдоо өзгөчөлүктөрү менен таанышып, билсин деген аруу тилек.

Абдыкерим Муратовдун иштемчилдиги жөнүндө айтканда, арифметиканын жардамысыз сөзүбүз ишенимдүү болбойт. Википедияда көрсөтүлгөндөй, ал 7, 9, 11- орус класстар үчүн Кыргыз адабияты китебинин автору. Кыргыз адабияты боюнча мектептер үчүн жазылган 13 китепти жана 4 сөздүктү жазууга катышкан. 30га жакын илимий монографияны, окуу-усулдук колдонмону жазган, 10дон көп китепти которгон. Жыйнактарды, авторефераттарды, окуу-нормативдик материалдарды кошуп эсептегенде, алардын саны 100дөн ашып кетет.

Булардан башка да университетте болочок педагогдорго дарс окуйт, коомдук иштерге да активдүү катышат. Анын жетекчилиги астында педагогика илиминен үч адам кандидаттык дисертациясын жактаган. Мунун баарына үлгүрүү үчүн, менин оюмча, той-аштарга барбай, ар кандай үлпөтчүлүктү унутуп, стулда көчүк жоорутуп отуруп, окуп иштөө, кесибин жана адабиятты өмүрүндөй сүйүү керек. Береги сапаттардын баары эми алтымыштын кырын ашып жаткан Абдыкерим Муратовдо бар. Ошон үчүн аны сыймыктануу менен педагог, илимпоз, адабиятчы, жазуучу, котормочу, журналист, публицист, коомдук ишмер атайбыз. Эгер ушу кесиптин бирин Абыкерим Муратовдун фамилиясына кошуп жазбай калсак эле кумурскадай мээнеткеч жана интеллигент замандашымдын чыгармачылык да, инсандык да портрети толук болбой калат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *