Энбелгинин (логотип) автору — Бакыт АСАНГАЗИЕВ. Бул таланттуу художнигибиз өзү абыдан акжолтой жигит. Акжолтой дегенибиздин себеби, биз билгенден эле  «Айтыш» фонд, кийин «Дастанчы» жана «Устат» академиясынын логотиптери да Бакыттын колунан чыккан. Кыргызда «Жандоочу кийик аттырат» демекчи, эн белгинин артында кабат-кабат көп ой жатканында эмеспи…

Кумурскалар

Баарынан тың кылыш үчүн тирилик,
кумурскалар жашайт экен биригип.

Дүйнөдө жок мындай майда жаныбар,
өзүнөн оор жүк ташынар алы бар.

Жоон сан менен ичке бели түйүлө:
жемин тапса, тоголотот үйүнө.

«Колдоп алар жүргөн үчүн бир-бирин –
кор болушпай өткөрөт», – дейт тирлигин.

Үйүн карай жүгүн ташып жондогу,
адаштырбайт кыйма-чийме жолдору.

Жер үстүнөн биз эмгекке үйрөнөр
оо булардай барбы жандык дүйнөдө?

13-март, 2011-ж.
Олжобай ШАКИР

One Reply to “Биздин энбелгибиз жагабы сизге, окурман?”

  1. Олжоке! Эн белги жакшы экен,чынында ойлонуп коюш керек экен. Ктрдын эн белгиси боз уй,эшиги 1 канал дегенди тушундурот эмеспи.Ушул эн белгиге кадимки Каныкей апабыз катуу капа болбодубу.2011-жылы тушумо кирди.Ктрда Орозбек Мусакеев агайдын студиясында компьютерин Каныкей апа колу менен сылап жатыптыр.Жанына барсам жарыктык киши боз уйду туз кылып ондой албай жатыптыр. Мени коруп козу-кашы менен «ондо’ дегендей ишарат кылды. Мен болсо.агай озу келсе ондоп коет.силердин убакта компьютер жок эле да деп апаны карасам,козундо жаш толуп туруптур. Капа болбонуз дегиче жок болуп кетти. Бул тушту ошол кезде катуу чыгып жаткан Арстан Алайдын мыктыларына,коз ачыктарга,кырк чоронун касиеттуусуно, аягында Ат-Башылык 90 гу апага жоруттум.Козу ачык шайыктар жоруй албаганды апа жоруп берди. Кыргыз элинде эч качан боз уйдун эшиги кыйшык болгон эмес,арбак да болсо элибиздин кыйшыйып жатканын сезип жатыптыр,колдон келсе кыйшык эшикти тузотуш керек ,-деди .Чеч-Добого келип куран окутуп келип,Орозбек агайды таппай,Сонунбу Кадыровага айтсам жетекчиликке айтайын деп кирип кеткен,макул болбой коюшту деп айтып келди.Ошентип дагы эле тушумо кирет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *