Кыргыз-казак ортосунда эзелтен эле «бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун сөөгү зыркырайт» орток сезими болуп келген эмеспи. Кандай болбосун кыргыз менен казактын ортосунда боор деген боор экен: Интернет аркылуу Текебаевдин адилетсиз жерден айыпталып келатканын окуган казак акыны Ауыт Мүкибек «Текебаев– мандатсыз президент» аттуу поэмасын жаратып, анысы бүгүнкү күндө Интернет айдыңында абыдан жайылып кеткен чыгарма болду. Биз аны кыргызчага оодарып жарыялоону эп көрдүк.

Ауыт Мүкибек өзү Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин саясый курсун колдоп келаткан интеллигенция өкүлдөрүнүн бири. Казакстан Жазуучулар уюмунун Астана шаарындагы филиалынын төрагасынын орун басары… Эмесе, акындын аңдазасын аңдайлы…

1

Ала-Тоонун ар жагы Кыргыз мүлдө,

Атамбаев бийлигин жүргүзүүдө.

Өмүрбектин добушу биз тарапка,

Өткүр кыргыз мүнөзүн билгизүүдө.

 

Ала-Тоонун бер жагы Казак мүлдө,

Көктөм, жазы, кышы кооз азат күндө.

Боордош өскөн эгиз эл эчен жолу

Боштондук деп тушукту азап күнгө.

 

Буюрган жок азаттык кечээ тегин,

Кызыл кандын агыздык нечен селин.

Санаа тартат Ала-Тоо ортобузда,

Сая кылып эки элге эки этегин.

 

Эки элдин тең суусу бал, мекени кут,

Ээлик кылып турган жок бөтөн улук.

Ала-Тоонун башынан биригишет.

Аппак түтүн боз үйдөн көтөрүлүп.

 

Жеп-ичебиз жыл бою карта, кымыз,

Жада калса ортоктош ар таңыбыз.

Ысык-Көлгө қыргыздар киринишет,

Мекендейбиз Жети-Суу, Арканы биз.

 

Бир болгон соң шору да, ырысы да,

Кулак түрөм коңшу элдин шыбышына.

Кыргыз-казак эзелтен баатыр эл го,

Кылтылдаган шамшары, кылычы да.

 

Талдап акыл ар элдин абалына,

Тамшанамын татардын аванына.

Кыйырлашым кантти деп санаам тынбай,

Кызыгамын кыргыздын кабарына.

 

Атакемдин таянып таягына,

Ал кезекте мал баккан баламын да…

Көк-Камырдын қырында, кой четинде

Окуп чыккам Чыңгызды баягында.

 

Күндөр кечип тарыхта жакшы-жаман,

Жеке-жеке эл болдук баш кураган.

Кетти мына келбеске ал бир күндөр,

Буйрук алып туруучу Москвадан.

 

Алаш десе, қыргызым – бир қанатым,

Дүнүйөгө чыгарган чындап атын.

Үйрөнөөрү көп бизден алардын да,

Сен да алардан аз эмес үлгү аласың.

2

Кылт этпестен эл жүгүн көтөргөнү,

Кыргыздын да көп экен көсөмдөрү.

Ойчулу көп, андан да арбын экен

Орок ооз, от тилдүү чечендери.

 

Билээр бекен қыргыздар сүйүктүү уулун,

Эл үчүн деп албаган минут тыным.

Ал көсөмдүн ичинде Текебаев

Өмүрбектин ысымы бийик бүгүн!

 

Жигит экен бак конуп, кут даарыган,

Бийик болсун чыгаары чыкканынан.

Билгичтердин ичинен Текебаев,

Бийик болуп көрүнөт бүт баарынан.

 

Ага болбойт билгичте, көсөмдө — ини,

Элге аманат алардын эсендиги.

Өрттөй жанган сөзмөрлөр арасында,

Өмүрбектин өзгөчө чечендиги!

 

Акыйкатта жактырбай мал атоону,

Атка минген кары-жаш жара тоону.

Унуткан жок дүнүйө кыргыздардын

Теңселткенин эки ирет Ала-Тоону.

 

Муштум болуп манжага күч бүткөнү,

Бириктирип түндүктө, түштүктө элди.

Унуткан жок Жер жүзү кыргыздардын

Толкутканын эки ирет Ысык-Көлдү.

 

Куп жарашат Хан десең, Билги десең,

Тууй бербес мындайды күндө көсөм.

Кууп салган Аскарды, Курманбекти,

Күрөштөрдүн башында жүрдү Өмүкөм.

 

Болуш үчүн журт аман, бирге, бекем,

Бар кыргызды өзүнө бурду Өмүкөм.

Эринбестен элине баштап берди

Эркиндик деп аталган ырды Өмүкөм.

 

Башы далай түйшүккө түштү Өмүкөм,

Жакшылыкты эртеңден күттү Өмүкөм.

Эжесине берди да бар бийликти,

Билек түрүп ортого чыкты Өмүкөм.

 

Үлгүрдү элин эзилген түлөтүшкө,

Бирдей болду — ким төрдө, ким эшикте.

Ажыдаардай арааны ачылгандын

Эки аягын киргизди бир өтүккө.

 

Желбиреди Кыргыздын туусу кырда,

Бүт каматты саткынын, уурусун да.

Баш Мыйзамды түздү да, аны менен,

Баштап турду өз элин уучунда.

 

Жулунбастан куюндап жаны калбай,

Журт тынчыды дүрбөбөй, дабырабай.

Беш-алты жыл болду окшойт андан бери,

Бейпилдикте эл күттү жаңы маанай…

3

Ачайын деп түнөргөн көңүл көгүн,

Ырга коштум кыргыздын Өмүрбегин.

Изгиликтин ырчысы нагыз акын,

Адалдыктын жарчысы элим менин.

 

Жаман көрөт ким журтун, ким бабасын,

Жигит болсоң эл менен бирге башың.

Кээде элиңдин чегинен аттап өтүп,

Алыстагы бир жандан үлгү аласың.

 

Кыргыз бүгүн бутадай көп мергенге

Кыйыгынан көз салат чет жерлерде.

Кыйырдагы бирөөгө сүйүнөсүң,

Кыялына кыялың төп келгенде.

 

Жылдар сени сынады жылжып аккан,

Мергенимсиң атканын чын кулаткан.

Кандай кылсам түрмөгө түшүрөм деп,

Касташканың көп жерден курду капкан.

 

Көз алдымда бүгүнүң, өткөн ишиң,

Шумпайлардын сыйрыдың бет терисин!

Далай-далай капканга бир илинбей,

Таш каптырып келаткан Көк Бөрүсүң!

 

Айбыкпайсың эч кимден бетме-беттен,

Арстандан, түлкүдөн, көк дөбөттөн.

Өзү таза кишинин — иши таза,

Үнүң чыгат ар дайым өктөм-өктөм.

 

Айкалышта көп жылдар сенделди журт,

Чыкпаса экен дагы да элден бүлүк.

Тазамын деп айта алдың өзүң гана

Бүткүл қыргыз алдында көөдөндү уруп!

 

Көрсөм эгер сөзүңдү иргеп ичтен,

Көп төбөлдөр мезгилге иргелишкен.

Укканым жок а бирок мындай сөздү,

Бир англис, болбосо бир немистен.

 

Көргүм келип кыргызды нуру жанган,

Көп тиленем чынында бир кудайдан.

Укканым жок мындай сөз али күнчө,

Эл башкарган бир орус, бир кытайдан.

 

Мезгил суу го тынымсыз зуулап аккан,

Өтөт күндөр, дооронуң дуулап аткан.

Жебедим деп айткан сөз эч убакта,

Чыкпасы «ак» бир өзбек, бир казактан.

P.S. Поэманын калган бөлүгүн кийинчерек толук которуп жарыялайбыз.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *