АҢГЕМЕ

Биздин турган колхоз колотко отурукташкан беш-алты айылды бириктирип турат. Орто аралыгында дүкөнү бар. Атам ошондо иштейт. Үйүбүз андан алыс болгондуктан, таң ата жумушуна жол тарта турган. Кээде мен да кошо ойгоном. Айылдын башына чейин бирге учкашып барып, узатып келчүмүн. Ушинткенимди жактыра турган.
– Салпактатып эмне кыласың муну?» – деп апам түшүнбөй айтып калганда:
– Тим кой баланы, сергек болсун, – дечү атам. – Таза аба көңүлүн сергитет…
Бөлөгүн айтпаганда да, менин таза абаны жутушума чейин кам көргөн атамы абдан жакшы көрөр элем.
Үчүнчү класска көчкөн жылы дүкөнгө бир нече жолу барып, балдар менен достоштум, көп кишилердин үйүн көрдүм. Алыс эмес жерде үчөө жаңы салыныптыр. Үстүн жаап койсо эле бүтө тургандай.
Мен алардын бирөөнүн ээсин жакшы билем. Ал Сабит эле. Мотоцикли бар. Биздин үйдүн тушунан көп өтө турган. Экөөбүз дүкөндө таанышканбыз. Мени: «Чоңойсоң жакшы дүкөнчү болосуң»,– деп мактаганы эсимде. Бир күнү классташ балдар биригип китеп окуп олтурсак, жогору тараптан мотоциклдин үнү чыгып калды. Жолду көздөй чуркадык. Сабит аке келатыптыр. Коңшубуздун тушуна токтоду. Үйгө кирер алдында минтип эскертти:
– Эй, «командир»– деди ал үй ээсинин уулуна,– эч кимге кол тийгиздирбе, мына бул жардангандарды алыс тургула де!
«Командир» жакшы бала эле, тигил кирип кеткенден кийин:
– Келгиле, көрөбүз. Кармай бергиле, куубайм! – деди.
Колубуздун кычуусу, көзүбүздүн моокуму канганча мотоциклдин жанында болдук. Бала бир аздан кийин себепсиз эле кароолчулугун аткарбай үйүнө кирип кетти да, муну айтып чыкты:
– Сабит аке атамдан тунуке сурап атат. Атам макул деди. Анын акчасына арзаныраак шифер алабыз деп жүргөн.
– Бир топтон кийин үйдөгүлөр көрүндү.
– Мотоциклге мине аласыңарбы?
– Жок!
– Ээ, жаман десе, сага үйрөтүш керек экен да! Кел, учкаш. Төлкө, бекем карма.
Сабит акенин «баласаактыгынын» аркасында «командир» мотоциклге учкашып бирде айылдын этегине, бирде башына ойт берип ойноп жүрдү. Биз алардын чаңына аралашып, артынан чуркап жыргап жүрдүк. Ошондо дикилдеп чуркап жүргөн балдар менен катар мен да муну самаган элем: «Сабит акем биздикине да кирсе го»…
Арадан күндөр өттү. Коңшуман сурадым:
– Сабит аке тунукеңерди алып кеттиби?
– Жок. Акча издеп жүрүптүр деп уктук.
– Мотоциклине минсең керек?
– Көрө элекмин, көрсөм го жыргайт элем!
Аны эртеси көрдүк. Жогортон төмөн карай өтүп баратып: «Аа, азаматтар!»– деди. Төмөнтөн бат эле кайрылды. Мотоцикл токтоду. Чуркап бардык.
– А, салам кайда?– Тартына түштүк. Чоң адам бизге кичи пейилдик менен кол сунуп жаткан. Капыстан ал: – Атаңа барасыңбы?–деди.
– Барам, аке,– дедим мотоциклден көзүм өтүп.
– Учкаш,– деди эркелете. – Төлкө, бекем карма! Ии, ошондой. Аз-за-маат!
Ичимден сүйүнүп: «Минтип бизди ойноткон кандай жакшы киши Сабит акем!»– деп ойлойм…
Ийри-буйру колот арасындагы чоң жол менен зымырап баратканымда биздин артыбыздагы чаңыган топурак сур туманга окшоп жатты. Көңүлүмдө тумандуу суроо бар эле: «Неге бизди минтип ойнотот?..»
Дүкөндүн тушуна келип токтодук. Түштүм. Сабит акем андан ары жүрүп кетти. Аябай сүйүнгөн мен жылмайып, атама кирдим. Соода жүргүзүп атыптыр. Мени байкаган жок. Бет маңдайына барып, келгенимди билгиздим.
– А сенсиңби, Султан! Кайдан учуп келдиң мында?
– Сабит акем мотоцикли менен алып келди, билдиңизби?
– Киреби мында?
– Кетти.
– Кетти… Кириңиз дебейсиңби?!
Андан кийин үч-төрт жолу дагы келдим. Адатындагыдай ал атамын үстүнө кирген жок.
– Кетти, – дейм атамын суроосуна.
– Кеттиби? Кириңиз дебейсиңби? А балам-аа!
Бир жолу ал кирип келди эле, агамдай жабыштым.
– Сабит аке!
– Кел, Сабит кел! – анан жабышкан мага карап: – Жаман үйрөнүпсүң, ээ… – Жетине албай айткан сөзү эле атамын.
Бала да көңүлү өссүн, тим коюңуз… Көпкө эркелетишти мени.
– Султан!
– Аа…
Акеңдин мотоциклине дайым эле минесиң, эми кантип сыйлайсың, өзүң айтчы? Акчаң болсо конфет алып бербейсиңби, канча тартайын, бол ылдам!..
– Акчам жок, чоңойгондо алып берем,– дедим.
– Туура айтасың!– Башыман сылады Сабит аке. Дүкөндө үчөөбүз. Атам бир бутылканын оозун ачып, мейманга стакан сунду.
– Алып кой, иничек. Султан иниңдин чоңоюп, кезеги келгенде сени да мотоциклге учкаштырышы үчүн!
– Султаным эр жетип, өмүрлүү болушу үчүн! – «Чыңк» этип үн чыгарган стакандар буга күбө болушту.
Арадан эки күн өтпөй Сабит аке бизди конокко да чакырды. Үстү жабыла элек үйдү көрдүк. Дасторкондогу табакка үймөктөлгөн палоону жеп отурганыбызда, сөз ошол тууралуу болду.
– Үйүңдү качан жабасың, Сабит?– деди атам.
– Билбейм, колдо азырынча болбой жатат. Силерге коңшу жашаган кишинин тунукеси бар экен, макулдашып койдум эле. Ээ, эмнесин айтасың! – Үшкүрүп койду. – «Жөлөк болор адамыңды кулап кетерде көр» деген эмеспи. Досторум да, кастарым да бар эле. Туугандарым, тааныштарым да бар эле, бири да ал-жайымды сурап коюуга жарабайт. Ар ким өз арабасы менен алек. –Тамак желгенден кийин муну кошту: – Таянарым өзүңүз… Дүкөнүңүздөн беш жүз сом карыз берип турбасаңыз болбойт. Зарыктырбайм, бат эле кайтарып берем, аке?
Атам жерден башын албай:
– Ушул акча өзүмдүкү болсо… Өкмөттүн, элдин мүлкү экен, – деди. Кечинде атка учкаштык да, үйдү көздөй жол тарттык. Атам ойлуу келатты. Кез-кез карт-карт күлүп, бир нерсеге таң калгандай башын чайкап, кызык түрдө эле. А менин көңүлүмдө Сабит акенин акча сураганы гана кайталанып турду.
Бир жума үйдөн жылган жокмун. Коңшум экөөбүз мотоциклге мингенибизди айтып бир кыйла аңгеме куруп жүрдүк.
– Сабит аке качан ойнотот бизди?
– Билбейм. Колу бошобой жүрөт ко. Көрүнбөйт.
– Бүгүн атаңа барбайлыбы? Балким, ошол жакта жүрүп мотоциклге минип ойноп жүрбөйлү.
Бирок шеригимди атасы жибербей койду. Жалгыз жөнөдүм. Айылдан узап, колоттун ичиндеги жолдо баратам. Капыстан артымдан мотоциклдин үнү угулду. Карасам, Сабит аке! Мотоциклдин үнү эле угулса сүйкүмдүү Сабит акемин элесин эстеген жаным, кандай бактылуу болгонумду айта аламбы? Заматта ал жанымдан өтө берди. Мына азыр токтотот, анан экөөбүз учкашып жөнөйбүз деген ой оюмду көңүлүмдү гүлдөтүп жиберди.
– Сабит аке! – дедим ички жакшы көрүүмдү арнап. Бирок ал мага бөтөнчө мамиле жасады:
– Жолобо! – Чаңырды. – Энеңдин мотоцикли жок бул жерде! Жогол!
Заматта узап кетти. Менин көңүлдүү оюнум үчүн кам көргөн, стакан кагыштырар алдында атамдай узун өмүр тилеген бул адамдын алиги сөзүнө ишенбедим. Сүйкүмдүү мамилеси көңүлүмө уялап калган эле. Тигине, ал менден алыстап баратат. Жолдун уюлгуган чаңы, кичинекей сур туманга окшоду. Менин да оюм туман: эмне үчүн токтотпойт! Эмне үчүн? Жок, ал менин үнүмдү укпады же мени көрбөдү. Жок, жанагы кыйкырык аныкы эмес, тырылдаган мотоциклдин үнү!
Бардык күч-дарманымды жумшап, буттарым көзгө илешпей дикилдеп, артынан кыйкырып жөнөдүм:
– Са-би-ит а-ке! Са-би-ит а-ке-ее!..

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *