Алтай жомогу

Алыс-алыста, тогуз суунун куймасында, тогуз тоонун ашташында бир алп кедр ай-ааламдын баарын ээлеп өсүп турган. Анын шуудураган жибек жалбырактарынын астында аркайган бутактарын тирек кылып узак-узак жылдар бою жалгыз алачык тигилип турган.

Алачыкта карылыктан сөөктөрү куурайдай куу, өңүнүн оту такыр өчкөн бир абышка жашачу экен. Карыянан биринен бири сулуу үч небереси бар эле.

Бир жолу ошол абышка отунга келди. Токойлуу тоону өрдөп чыгып, бир карагайга көзү кадалды.

— Бул карагайдын тамыры чирип бүтүптүр. Балта менен бир урсаң жыгылат, — деди карыя.

Анан ал белинен жаңы тууган айдай курч балтасын сууруп чыкты. Сууруп чыкты да карагайды келиштирип чапты. Опей, кайдан чыкканы белгисиз бир жырткыч чыкты да, абышканы колдон тиштеди.

— Ой, ой! – Карыя ыйлап жиберди. – Мени коё бер! Не тилесең, тилегиңди берейин, коё бер мени!

— Андай болсо макул, жанагы коркунучтуу жырткыч адамча сүйлөп кирет, – мага сүйүктүү небиреңди бер!

Абышка алачыгына келет. Чоң небересине кайрылат:

— Сен ушул жырткычка барасыңбы? Мен убада берип койдум эле.

Кыз бурулуп караса, чын эле каардуу бир жырткыч турат.

— Андан көрө мен сууга боюмду таштап өлөм! – дейт ал кыз.

Карыя экинчисинен сурады.

— Андан көрө асынып өлгөнүм жакшы! – дейт анысы.

— Сенчи, Ак-чечек, менин Ак гүлүм, сен маакул болбойсуңбу?

Кичүү небереси жерден башын алды. Анын көзүнөн мончок-мончок жаш куюлуп аткан.

— Убада берген нерсе аткарылыш керек. Не болсо болор, – деди кичүү небере.

Ошол сөз ооздон чыгар менен жанагы жаанда* жок жырткыч кызды алып жөнөдү. Алар өрөөндөрдөн өттү, бөксө тоолорду кезди, дайраларды кечти, токойлорду аралады. Ошентип жүрүп-жүрүп акыры бир жерге байырлашты. Бул алтын талаада карагайлар жайын-кышын жапжашыл болуп, кайнар булактар атылып, жыл бою күкүк сайрап жан жыргатчу.

Ак-чечек ошол талаанын тамам болгон жеринен, аркы көгүлтүр тоолордун этегинен дөбөлөрдү көрдү. Алар жетөө эле. Баары муз сыяктуу жалтырап туруптур.

Жырткыч ортоңку дөбөгө барды да таманы менен бир урду эле, дөбө ачылып, анын ичинен бийик, ак сарай көрүндү. Ак-чечек кирди. Дасторкондо дүйүм тамак жайнайт. Дубалда эки кылдуу топ шуура* жана күмүш чоор – шоор*. Алардан сыбызгыган үн чыгып, көрүнбөгөн кимдир бирөө ыр ырдайт. Саламга алар алик албайт, чакырыкка жооп бербейт.

Ошентип Ак-чечек көк муздай дөңсөдөгү ак сарайда жашап калды. Анын ичинде эч ким жок, сыртында болсо бир коркунучтуу жырткыч жүрөт. Ал кызды күнү-түнү кайтарат.

Ак-чечек баягы алачыгында жашаганда таңды ыр менен тосуп, кечти жомоктор менен узатчу. Буерде болсо сүйлөшөр да киши жок, ырдашар да жан жок.

Бул арада Ак-чечектин эжелери экөө тең кыл мергендерге күйөөгө чыгышты. Бир күнү алар сүйлөшүп отуруп:

— Эгер ал өлсө, мүрзөсүнө барып ыйлап келели, жок, тирүү болсо бир айласын кылып мында эрчитип келели, – деп масилеттешет.

Жол камы кылып майлуу эттен кууруп, баштыгына арчемаки* салышты. Арака* ачытып, аны чаначка куюшту. Аттарды жакшылап таптап жолго чыкты.

Алаамат айбан ат дүбүртүн тыңшап, ат үстүнө келаткан эже-сиңдини көрдү. Бутунун таманы менен бир чапты эле кыз отурган ак сарай жаман кепеге айланды. Чаңы чыккан топурак үстүндө жыртыкчтардын күйгөн терилери жатты. Отто болсо капкара жыгач кесе.

Ак-чечек жаман кепеден чыкты да, эжелерине таазим кыла амандашты.

— Ой, алтыным, Ак-чечек, кандайсың? – Келгендер ыйлап атышты. – Сен чоң атаны укпашың керек эле… Атка мин да, камчы бас, учкан куш сага кууп жете албайт, алып кетебиз?

— Сөзүмдөн кайта албайм. – Ак-чечек акырын унчукту.

— Ой, Ак гүл, бактысыз жаралып калган экенсиң! — Эжелери сиңдисин карап үшкүрүштү. — Карачы, сенин көк беттигиң, айтканыңдан кайтпастыгың сени ушул жаман кепеде жаныңды алат.

Бир туугандар күйүп-бышып, акыл-насаат айтып ошерге отурду да, алып келген эттерин жеп, аракаларын ичип, Ак-чечекти бооруна катуу-катуу кысып өбүштү. Тулпар аттарына миништи да үйлөрүнө кайтып кетишти.

Жанагы апсайган айбан таманы менен жерди бир чапты эле заматта жепирейген жер кепе жоголуп, анын ордуна мурдагыдан да кооз ак сарай туруп калды.

Ошол аймактын ханы ушул кезде өзүнүн улуу уулун үйлөнткөнү жаткан. Тойго деги бир тирүү жанды койбой чакырып, кала берсе Ак-чечек дайынын угуп, аны да той коногуна таклиб кылды.

Кыз ыйлай баштады, алгач мертебе онтоп кирди:

— Мен эми майрамдарда ырдабай, бийлебей каламбы?

Коркунучтуу жырткыч ага жакын келип, адамча сүйлөп минтти:

— Менин момунум, Ак-чечегим, мен көпкө баш катырып сени кантип сыйлоону билбей, акыры таптым. – Ошентти да ал кыздын алдына алтын ачкычты таштады. – Алтын сандыкты ач!

Ак-чечек алмаз ачкычты ачып, калай менен капталган сандыктын оор капкагын көтөрдү. Сандык ичинде кедр жаңгактарындай алтын-күмүш жасалгалары жайнап жатыптыр. Ал колун сандыкка салды эле ак көбүккө тийгендей жумшак кийимдерге колу урунду.

Ак-чечек тандап-тандап көпкө кийинди. Баары бир тандабай кийинсе дале бу жаханда ага тең келер келбеттүү периште жок да.

Кыз жасанып кийинип босогого келди. Ал жерде кара күрөң ат турат. Ээри бермет менен кооздолгон, күмүш жабдыктар күн нуруна агарып ажайып айкалышат. Дагы кыздын көзү илинип турган жибек чачыга чалдыкты, анысы тим эле жерге чейин чубалат.

Ак таңдай ак көйнөктө Ак-чечек кара күрөң атында ажайып чырайлуу көрүнүп, ыраң-башы албырып, атка камчы басты. Таскактатып жүрүп, жорголотуп отуруп, кези келгенде катуу чаап тулпар менен кыз ойдон ойду басат, тоодон тоону ашат, токой-черди кыдырат, күкүктөнгөн сууларды кечет. Бир жерде келатса артынан туяктардын дүбүртү угулат. Тыңшап калат. Тыңшаса назик, бир сонун жагымдуу үн менен бирөө эле ырдап атат:

Шар аккан суудан сузуп берсем,
Ичээр белең, сулуу кыз?
Бир күнчөлүк ыраакта күтүп турсам,
Келээр белең, сулуу кыз?
Ак-чечек артына бурулуп караса – бир жигит. Жигиттин мингени келишкен кара жорго, кийгени кара жибек капталган жарашыктуу тон, башында бийик кундуз киш тебетей. Анын бети кечки айдай – тегерек жана кызгылт, каштарынын каралыгын эми сүрөттөп айтып бүтө албайсың.

— Якши-ба, кандай жашап атасыңар? – деп учурашты чабандес.

— Якши, жакшы жашап атабыз, – деди Ак-чечек. – Силерде якши-ба? Силер өзүңөр кандай жашап атасыңар? – Ошентип айткан менен кыз өз сөзүн өзү укпайт.

Жүрөгүнө ийне тепчилип, терисинен суук аралап өткөндөй. Көзүн көтөрүүгө анын чамасы жетпеди. Ылдыйга караса жигиттин үзөңгүдөгү чоң жана жез өтүгү көрүнөт. Экөө ааламга нур чачкан эки күндөй, дайранын терең жериндей…

Шар аккан суудан сузуп берсем,
Ичээр белең, сулуу кыз?

Жигит ыры кайра угулат.

Ак-чечек менен жолоочу жигит тойго бирдей келишти.

Кыз-келиндер жигиттен көзүн албай тиктешет, тепшиден* эт алып берүүнү унутушат, кесеге кымыз куюп сунууну эстен чыгарышат. Эркектер болсо дем албай, көзүн жалдыратып Ак-чечекке тигилет. Алардын ыры үзүлүп, чылымдарынын оту түгөнөт.

Бул тойго калктын бирин койбой чакырды дебедик беле. Чоң ата да, анын күйөөгө кеткен эки кызы да келген эле. Алар жанагы жигитти көрүп үшкүрүндү:

— Эгер биздин сүйүктүү Ак-чечегибиз биз менен жашаганда, анда бул азамат мырза бизге күйөө бала болмок экен, – дейт уулу эжеси.

— Эгер Ак-чечек бул тойго келсе, ал баягы жырткычка кайтып барбайт эле, – деди экинчиси.

Алар өздөрүнүн Ак-чечегин кооз, аппак көйнөктө көргөн эмес да. Таанышпады. Эжелерине Ак-чечек өзү барууга батынбады.

Күн тоо артына жашынды. Ак-чечек кара күрөң атына минди. Жигитке көз аңтара бир карап белги бергендей, ат тизгинин силкти.

Ак-чечек жарым жолго келгенде дагы баягыдай туяктардын дүбүртү чыгып, баягыдай эле муңдуу, жагымдуу, назик үн угулду:

Алаканга аккан суудан сузуп келсем,
Ичээр белең, сулуу кыз?
Бир айчалык алыста набыт кетсем,
Эстээр белең, сулуу кыз?

— Тойдо убакыт кандай өттү? – деген үндү угат кыз.

Анын назик жүзү кургак жыгачтай купкуу болуп калыптыр. Сөз айта албайт. Жигит ага жакындап калат, мына-мына катарлашат… Ак-чечек жеткире койбой атын ылдамдатат.

Ал өзүнүн көгүлтүр дөңсөөсүнө шашып аткан.

— Саламатсыңбы! – дейт ага коркунучтуу жырткыч адамча сүйлөп. – Хандыкында кандай болду? Аерден кандай адамдарды көрдүң, кандай кызыкка баттың? Ал жерден кимиси көөнүңө өзгөчө толду?

— Майрам-той кандай болгонун билген да жокмун. Канча адам келген-койгонун да санакка албадым. Хан тоюнда бир гана адамды көрүп, ошол адам жөнүндө гана ойлодум. Ал кара жоргодо кайкалай жүрүп, кара жибек тону менен, кундуз тебетейди кулпунта кийип, бир келишкен өңү бар, жүрөктү өрттөгөн ыры бар…

Коркунучтуу жырткыч силкинип ийди. Ошол үндөн жанагы апсайган териси ыргып түштү. Ак-чечек эртеден бери кимди айтып, ким жөнүндө ойлоп атса, куду ошол адам дал маңдайында турган.

— Менин кымбатым Ак-чечегим – Ак гүлүм! Мен жети жыл бою коркунчтуу бир жырткыч болуп жашадым, а сен мени адам кылдың. Сенин берилгендигиң менен каардуу сыйкыр урап, заардуу сыйкыр жоголду.

Топшуур менен шооралар үнүн безеп, улуу ырды жаңыртып көрүнбөгөн ырчылар күлүп да, ыйлап да атышат. Биздин кайчы* – ырчылар ошол ырды үйрөнүп, бизге чын ыкластан сунуш кылышты.

Которгон Абдыкерим МУРАТОВ

Сөздүк:

Жаан – жахан, жер жүзү, аалам.
Топ шуура – музыкалык аспап.
Шоор – чоор сыяктуу музыкалык аспап.
Арчемаки – азыктын бир түрү.
Арака – кымыздан ачытып жасаган суусундук.
Тепши – жыгач чара, идиш.
Кайчы – ырчы, песенник.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *