Редакциядан: КР Президенти А.Ш.Атамбаевдин бийлик мөөнөтү аяктап бараткан жыл экендигин эске алып, белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаровдун «Мен кыргызмын» аттуу 2016-жылы «Турар» басмасында жарык көргөн китебинин 2-бөлүмүн толугу менен жарыялоону эп көрдүк. Аталган китептин 1-бөлүгү «Бакиевдин доору» деп аталса, 2-бөлүгү «Атамбаевдин доору» деп аталат.  Китептин жооптуу редактору Анарбек Кайназаров болгондуктан «РухЭш» сайты тарабынан эч кандай алымча-кошумча болбогондугун эскертебиз. О.э. автордун стилдик жана грамматикалык мүчүлүштүктөрүнө да кол тийгизгенибиз жок. Окурмандар аны түшүнүү менен кабыл алат деген ойдобуз…

Бирок эң маанилүүсү — аталган китеп Кыргызстандын соңку саясый-экономикалык турмушундагы көшөгө артында болгон көмүскө ыйкы-тыйкыларды окурмандардын калың катмарына жеткирүүдө чоң мааниге ээ экендигинен күмөнүбүз жок… 

Революциядан кийинки алгачкы күндөр
Эртеси Жогорку Кеңеште эл көп болгондуктан жыйын өткөрө албадык. Борбордук аянтта эл көп. Биз дароо 7-апрелде окко учуп өлгөндөр боюнча тезинен атайын комиссия түзүп, алардын өздүгүн аныктап, сөөгүн жерге жашырып, туугандарын табуу боюнча иш алып барууну чечтик. Көчөдөгү эл уламдан-улам Убактылуу Өкмөт элге чыксын деп кыйкырып турду. Мен 8-апрелде эки жолу элге чыгып келдим. Сөз сүйлөдүм. Эсте калганы мен сүйлөп жатканда асманда учуп бараткан бир топ каркыра биздин үстүбүзгө келгенде бир нече жолу айланып учуп, анан түндүктү көздөй учуп кетти. Мен элге: — Мына, биздин окко учкан баатырларыбызга каркыралар да таазим кылып токтоду туугандар, баатырларыбыз Кыргызстандын келечеги деп, бир үй-бүлөнүн кулу болбойбуз деп, эркиндик үчүн авторитаризмге каршы, окко көкүрөгүн тосуп, арабыздан тиги каркыраларга окшоп учуп кетишти. Эл дуу-дуу болуп асмандагы каркыраларды тиктеп калышты. Убактылуу Өкмөт №1-Декретти кабыл алып, ошонун негизинде иш жүргүздүк. (№ 1-тиркеме)

Ар бир Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү тезинен иш баштоо керектигин сезишип, өзүнө бөлүнгөн участоктордо жүрүштү. Мен да 7-апрелде өрттөлүп кеткен Башкы прокуратуранын имаратына саат 11де келдим. Түндө Байтемир Ибраев деген 2005-жылы март революциясында Жалал-Абад областынын прокурору болуп туруп элге өтүп, “элдик прокурор” аталган жигит, университетти бүтүргөндөн бери прокуратура системасында иштеп тажрыйбалуу болуп калган курсташымы чакырып, эртең Башкы прокуратурага бар, бүт прокурорлорду чогулт, сен Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп иштеп бер деп суранган элем. Ал прокурорлорду топтоп коюптур. Өрттөлүп кеткен имараттын алдында жыйын кылдык. Бүт тарап күйүк жыттанат.

Кесиптештериме өрттөнгөн имаратты көрсөтүп, — мына силердин ишиңерге элдин берген баасы, бирок муну эл өрттөгөн жок, менин оюмча муну араңарда турган, качкан бийлик менен байланышы бар, өзүңөрдүн айрымдарыңардын катышуусу менен кылмыш иши барлар, же кылмышын жашырып жок кылам дегендер өрттөштү. Дагы айтамын эл өрттөгөн жок. Эми ишке чыккыла, куугунтук болбойт, бирок бийликтин мыйзамсыз буйруктарын аткаргандар өзүңөр билип арызыңарды жазып кетүү жолун силерге сунуш кылам. Мен силерге Убактылуу Өкмөттүн атынан Байтемир Ибраевди Башкы прокурордун милдетин аткаруучу катары сунуш кылып келдим. Буйрук, Жарлык жок, бирок жакында болот. Кайда барып иштей турган оюңарды айтып имарат издегиле, азырынча Убактылуу Өкмөт силерди бул жерге барып олтургула деп айта албайбыз, өзүбүз да иштей турган орун издеп жатабыз. Ак үйдү дагы эл канча күн ээлейт, бир кудай билет.

— Урматтуу коллегалар, тарых, эл бизден, менден дагы эртең бир нерсени сурайт, ал кечээ Ак үйдүн алдында окко учуп өлгөндөрдү ким атканы, ким буйрук бергени жөнүндө. Мен силерге азыр ушул жерде туруп эң башкы ишиңер ошол элди аткандар боюнча кылмыш иш козгоп, ысыгында, айныгыс, талашсыз далилдер менен бекитүүнү, ал үчүн атайын тергөө тобун токтоосуз түзүп, бүгүн болбосо да эртең Ак үйгө кароо жүргүзүп, ок-дарылардын, гилзалардын калдыктарын алып, Ак үйдүн чатырын, ар бир терезесин, ар бир кабинетти кароо жүргүзүүнү тапшырам. Эсиңерде болсун карапайым эл, жабырлануучулар элди Бакиев аттырды, СГО атты, аларды кармап аттырыш керек деп талап кылат. Ооба, Бакиев аттырды, бирок ал өзү жалгыз аткан жок, анын буйрук бергенин, атканын да далилдей турган далил табуу керек, аны биз юристтер түшүнөбүз, эл түшүнбөйт, эртең бизден сурайт. Бакиев да жөн кетпесе керек, далилдерди жок кылып, изин жашырып кетти да. Алар Аксы окуясындай кылып, “эл өзүн өзү атты” дейт, “эл биринчи иштеп жаткан Президентти атты, бийликти ээлеп алуу үчүн куралдуу кол салды, анан биз бийлик Ак үй ичинде мыйзамдуу коргондук” дейт, алар алдын ала ушундай пландарды түзгөн болуш керек, алар ондогон күчтүү адвокаттарды алышат, аларда акча көп, күнөөнү элге, оппозицияга шылтайт, керек болсо алар эл аралык сотко чейин барышат, ошондуктан бизге Кыргызстандын ичиндеги сотто да, эл аралык сотто болсун алардын күнөөсүн так аныктоочу далдилдер керек.

Илгерки заман эмес, Кыргызстан укуктук өлкө, силерге ушунчалык оор мезгилде, олтура турган жериңер жок болсо да мен Убактылуу Өкмөттүн атынан биринчи кезектеги тапшырма катары, ушуну окко учкан баатырларыбыздын сөөгү жерге бериле электе тапшырамын.
— Дагы бир жолу эскертемин, элди атып, качкан бийликтин куйруктары – бул кылмыштын бетин ачууда, күнөөлүүлөрдү аныктоодо араңарда болушу мүмкүн, ошондуктан Байтемир Ибраевич, сизден персонально суранарым, жүздөгөн адамдардын өлүмүнө, миңдеген адамдардын жарадар болушуна алып келген бул кылмышты тергөө үчүн түзүлө турган тергөө тобунун ар бир мүчөсү кылдаттык менен изилденип алынсын. Кийин кеч болуп, тарых, эл алдында жооп бере албай жүрбөйлү. Бүгүндөн баштап ар бир моргдо, ооруканаларда, үйлөрүндө жаткан маркумдардын өздүгүн, алган жараттарын аныктап калгыла, эртеңден баштап жерге берүү башталат, кийин экзумация кылабыз деп туугандарын нааразы кылып жүрбөйлү- дедим.
Аягында жумшарып, башыман эки элдик революцияны өткөргөн киши катары, 1-революциядан кийин аз да болсо сиздер менен иштеп, али тарых өз баасын бере элек, өтө чоң иштерди жасаган кесиптештер катары тагдыр мени дагы бир жолу силерге байлап жатат, кайрадан мезгил, тагдыр бизди сыноодон өткөргөнү турат. Ошондо бүткөрө албаган ондогон иштерди аягына чыгарып, уурдалган обьекттерди элге кайтаруу керек. Ачык эле айтайын, сиздерден башка күч, тергөө органдары элдик революциянын максаттарын, талабын силер аткаргандай аткара алышпайт, алардын көпчүлүгү аткаруу бийлигинде түзүлүп, иштеп, айтканды гана аткарып көнүшкөн. Силер өлкөдөгү көзөмөлдөөчү орган катары мыйзамдуулук эмне, мыйзамдын бузулушу кандай болорун жакшы билесиңер.

Ошондуктан адам өлтүрүү милициянын тергөөчүлөрүнүн караштуулугуна жата тургандыгына карабай, кечээги Ак үйдүн алдындагы кылмышты тергөөнү көзөмөлгө алууну Башкы прокурордун милдетин аткаруучу катары Байтемир иним жеке сага тапшырамын. Бул Убактылуу Өкмөттүн жана жеке менин тапшырмам, деп жыйынды бүттүм.
Б.Ибраев, ж.б. прокуратура кызматкерлери менен өрттөлүп кеткен Башкы прокуратуранын имаратын кыдырдык. Эч нерсе калбай, баары өрттөлгөн экен. Күлдөн башка эч нерсе жок. Подвалдагы архив да бүт күйгөн. Ибраевке милиция менен бирдикте имараттын өрттөлүшү боюнча кылмыш иш козгоп, өрттөлдү деп шектелген ар бир кылмыш ишти тактап чыгууну, ким өрттөшү мүмкүндүгү боюнча “версияларды” иштеп чыгууну тапшырдым да эртерээк орун изде дедим.
Камактан чыккан Э.Булекбаевди Кыргыз Республикасынын Каржы полициясынын башчысы кылып дайындоону чечтим. Ал кесиби боюнча экономист, эки чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон, сырттан юридикалык факультетти бүтүргөн болчу. Өзү БЭКтин саясий бюросунун мүчөсү болуп, Петровка окуясынын шылтоосу менен жана Бакиевдин сүрөтүн шылдыңдап кабинетке илгенсиң деп “саясий түс менен” камалып, көптөгөн кыргыз депутаттарына караганда Үзөнгү-Кууш кытайга кетерде каршы чыгып, патриот экенин далилдеп, айрым оппозиционерлерге окшоп сатылбай жүргөнүн эске алып, экинчиден жаңыдан камактан чыккан ага моралдык жактан жөлөк болсун деп, ушундай чечимге келдим. Эркин Булекбаев менин ишеничимди актап, өз милдетин таза, так аткарды.

Менин сот системасына да куратор болгонуму уккан Жогорку Соттун төрайымы Ж.Алиева мага келип өз ыктыяры менен төрагалыктан кетүү боюнча арызын жазып берди. Мен куратор болгон сот, прокуратура, башка тергөө органдары Бакиевдердин бийлигинен жабырланган эл үчүн эң жек көрүндү бийлик бутагы болгондуктан, элдин көбү акыйкаттык издеп мага келе башташты. Анткени, Бакиевдер өздөрүнүн “каардуу” жана “кандуу” бийлигин сот, прокуратура ж.б. күч органдары аркылуу ишке ашырганын жалпы эл билчү.
Садыркуловдун туугандарынан тартып Шаботоевдин туугандарына чейин арыз менен келишти.

Садыркуловдун ишине окшогон өзүбүздүн Жекшенкулов, Исаков, Булекбаев, Аргынбаев, Рыскулов, Балыкчы сот процессине байланыштуу, ал түгүл Кадырбековдун иштери, ж.б. коомчулуктун көзөмөлүндө турган ондогон кылмыш иштер боюнча жаңы ачылган жагдайлар менен оңдоп каратууга мүмкүнчүлүк түзүүнү, керек болсо айыптан баш тартууну, башынан жаңы тергөө жүргүзүүнү да Баш прокурор Б.Ибраевден өтүндүм.
7-апрелдеги элдик революциядан кийин да, бардык ушундай жол менен бийлик алмашуулардай эле элдин толкундоолору токтобой турду. 9-апрелде туугандары макул болгон маркумдардын сөөгүн бул маселе боюнча атайын түзүлгөн, башында белгилүү инсан, жазуучу-акын, Жогорку Кеңештин бир нече жолку чакырылышынын депутаты К.Иманалиев турган комиссиянын сунушу менен “Ата-Бейитке” коюу боюнча Убактылуу Өкмөт чечимге келдик. Ага чейин ар бир курман болгондордун үйүнө 1 млн. сомдон жардам катары бөлүү жөнүндө чечим кабыл алганбыз. Акча каражатын берүүдө тергөө органдары менен макулдашып тактап, анан ошол К.Иманалиев башында турган комиссия тарабынан берилсин деп, мен сунуш кылдым. Анткени Бишкекте 7-8-апрелде өлгөн адамдардын апрель революциясына тиешеси бар-жогун аныктоо керек эле. Бирөөнүн менчигине кол салам деп, же башка жакта өлүп, өлүгү моргго же ооруканага түшкөн адамдар менен борбордук аянтта саясий күрөштө өлгөндөрдү тергөө органдары иликтеп, ажыратып жаткан.
Экинчиден, тарыхый жоопкерчиликти өз мойнуна алып, Убактылуу Өкмөттү түзүшкөн БЭКтин лидерлерине коомчулукта, “Булар эмне үчүн бийликти өздөрү билип эле ээлеп алышты, ким буларга мындай укукту берди” –деген пикир да бар болуучу. Мен жогоруда “бышкан аштын ээси көп” деп белгилегендей, бул боло турган көрүнүш болгону менен, түшүнгөн айрым саясатчы-серепчилер деле, кечээ эле Бакиевдер бийликте турганда үнү чыкпай, кайда экени билинбей жүрүп, эми БЭКтин лидерлери тарабынан нечен жылдар бою үзгүлтүксүз түрдө өмүрүн тобокелге салып, күрөш жүргүзүлүп келгенин айткысы, тааныгысы келбей, 7-апрелдеги окуя жөн эле стихиялуу түрдө эл тарабынан өзүнөн-өзү чыгып кеткендей, ой-пикирлерин жазып жатышты. Бийликке жетпей калгандар тарабынан да мындай пикирлер атайылап, көчөдө, митингдерде көтөрүлүп жүрдү. Качкан бийлик да реваншисттик саясатында бул пикирди пайдаланды.

Ошентип, курман болгондордун сөөгүн жашырууну, аларга жардам катары бөлүнгөн каражаттарды таратууну К.Иманалиев башында турган коомдук комиссия жүргүздү. Тергөө органдарынын алгачкы жыйынтыгы чыгып, 7-апрелде бардыгы болуп 87 адам окко учканын, анын ичинен бир СГОнун солдаты, 2 ИИМдин курсанты бар экени, 1500дөй адам ар кандай деңгээлде денесинен жарат алганын, окко учкан адамдар республикабыздын ар кайсы региондорунан экендиги, кайсы бир саясий партияда турбаган, жөнөкөй бей-бечаралар экени аныкталды.

Моргдо ким экени аныкталбай жаткан өлүктөр да болду. Ата-Бейиттеги өлгөндөрдү жерге жашыруу, коштошуу иш-чарасына мен кеч бардым. Себеби, Ак үйдү ээлеп олтурган элдин өкүлдөрү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн келишкен тергөөчүлөрдү киргизбей коюшкандыктан, Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Б.Ибраев “байке өзүңүз барып тигилерди көндүрүп, биз менен кошо жүрбөсөңүз, бизди укпай жатышат”-дегенинен, жана карапайым эл Ак үйгө кароо жүргүзүү, башка тергөө амалдарын жүргүзүү, күнөөлүүлөрдү аныктоодо, жоопко тартууда чоң роль ойной турганын жакшы түшүнбөгөндүктөн, аларга кошулуп Ак үйгө келдим. Ак үйдү кайтаруу боюнча башында К.Бейшенов турган, дагы башка эки-үч элдик топтор бар экен, аларды топтоп, — эртең эле окко учкан балдардын ата-энелери бизден сурайт, “кимдин буйругу менен, менин баламды ким атыптыр?”- деп, Бакиевдердин атканын баарыбыз билгенибиз менен, кылмышка тартуу үчүн ар бир жеке адамдын жосунунда кылмыштын курамы бар же жок экенин сот аныктамайынча эч ким жоопко тартылбайт, эч ким соттолбойт, тергөөчүлөр Ак үйдөн сот үчүн ошол далилдерди издеп, аныкташы керек, силер тергөө ишине жолтоо болбой, уруксат бергиле?-деп өтүндүм. Өзүм да тергөөчүлөр менен кошо жүрүп кароого катыштым. Ак үйдүн чатырына чыгып, снайперлер олтурган жерлердеги патрондорду, башка кабинеттердеги кылмыштын белгилерин издедик. Кароо толугу менен Ак үйдү кайтарып олтургандардын өкүлүнүн, калыстардын катышуусунда жүргүзүлүп, видеотасмага тартылып алынды.

Президенттин кабинетине кирип, ар бир терезесине кароону кылдаттык менен жүргүздүк, себеби, “Президенттин кабинетине көчөдөн атылган ок тийди, ошондон соң гана көчөдө куралчан жүргөн элге карай Ак үйдөн ок чыгарылган”- деген бийликтин актануу версиясы айтылып жаткан. 7-кабаттагы Президенттин түштүк-чыгыш бурчундагы эс алуучу бөлмөсүнүн айнеги сынып, кабинеттин төрүндө турган муздаткычтын үстүнө окко окшогон нерсе тийген жер бар экен. Тергөөчүлөрдөн ушул фактыны кылдаттык менен жакшылап изилдөөнү, себеби муздаткычтын үстүндөгү “ок тийди” деген жер менен терезедеги сынык тешик бир деңгээлде түз экендиги жөнөкөй көзгө да байкалып турган. Эгерде бул мылтыктын огу болсо, анда октун келген багыты (траекториясы) түз эле тарых музейинин чатырын көрсөтүп турган. Кийин ушул факты боюнча соттук экспертиза да өткөрүп коюуну өтүндүм.

Эгерде бул атылган октун изи десек, анда ал тарых музейинин чатырынан атылган, эгерде жерден атылганда терезеден кирген ок потолокко тиймек, муздаткычтын үстүнө, дубалдын капталына тиймек эмес десем, калыстар да туура дешти. Ушул фактыдан да бийлик тарабынан “Президенттин кабинетине ок атылды” деш үчүн, провакациялык план алдын-ала уюштурулганы далилденип калды. Эгерде 7-апрелде эл жеңбегенде ушул фактыны кайра-кайра өздөрүнө ыңгайлуу кылып бурмалап көрсөтүп, мүмкүн Президент Бакиев өзү комментарий берип, ал иште олтурганда кандайча ок тийгени боюнча каалагандай коомдук пикир жаратмак экен деп, эски тергөөчү катары божомолдодум.

Мен Ата-Бейитке барышым керек, өлгөндөргө топурак салайын, силер ишиңерди уланта бергиле деп кеткени жатсам Ак үйдү кайтаруучулар топтолуп, тарых үчүн сүрөткө түшүүнү өтүнүштү. Бирге сүрөткө түштүк. Алар мага: — “Биз ушул желек менен Ак үйгө киргенбиз, Убактылуу Өкмөттөн сиз биринчи Ак үйгө кирдиңиз, ошол үчүн бул тууну сизге берели деп чечтик, дешип өздөрүндөгү тууну мага тапшырышты. Ал туу азыр да менде сакталуу.
Дагы бирөө Ак үйдүн подвалынан СГОнун солдаттары жаткан жерден Жаныш Бакиевдин дептерин таптык, деп тетрадь-китепчени беришти. Мен аны, карап көргүлө, бир нерсеси болсо буюм-далил катары ишке тиркегиле, деп ошол эле жерден тергөөчүлөргө бердим. Ак үйдүн подвалындагы СГОнун кызматкерлери жаткан жерге түштүм, баары чачылып-бүлүнгөн. Ар бир кабинет тонолуп, сейфтер талкаланып, кабинеттердин, коридорлордун баары чачылган кагаз. Тергөөчүлөргө белгилүү адамдардын, айрыкча Президенттин, Өкмөт башчысынын, Аппарат жетекчисинин, катчылыктын, Мамлекеттик кеңешчинин кабинеттериндеги чачылып жаткан документтерге да кароо жүргүзүп, көңүл бурууну өтүндүм, себеби кимдир бирөө мага “жерде жатыптыр, Атамбаев боюнча экен” деп бир папка берди. Президенттин кабинетинде төлгөлөрүн жайып алып бир ак жоолукчан айым олтуруптур. Ал мага Президенттин кабинетин кайтарып, “жин-шайтандарды киргизбей кууп жатканын” айтты. Мен тамашалап, экинчи бул кабинетке желмогуз шайтандар келбей турган кылып дубалап салыңызчы?- дедим.

Ал кезде ал жерде Ак үйдү алгандан бери кайтарып олтургандар кожоюн эле. Мен алар менен жолукканда Ак үйдү тазалап, ремонт кылуу зарылдыгын айттым. Бирок, алар мага бир гана алардан “комендант” дайындоону катуу эскертишти. Мен аларга комендант боло турган адамыңарды аныктап, Отунбаевага кирип айткыла, ошол киши чечет, бирок эми Ак үйдү бошоткула дедим.
Сыртка чыксам Б.Таабалдиев өтүп баратыптыр. Мен, — Бузурманкул Беркутович токтоңузчу, деп өзүмө чакырдым. Бул кишини “матрешкагейттен” кийин Жанышка күчү жетпесин билип, депутаттардын талабы менен чындыкты айтып, өз ыктыяры менен УКМКнын башчылыгынан кеткенден бери сыйлап калгам. Ал токтогондо, — Бузуке, сиз аскер адамысыз, таза иштейсиз, Убактылуу Өкмөткө жардам бербейсизби, Ак үйдү тазалап, ремонттоо керек, жаңы бийликтин иш башкармалыгын колго албайсызбы, мен эжеге сунуш кылайын десем, “эгер ишенсенер иштеп берейин”-деди. Эртеси Р.Отунбаевага аны сунуш кылып, ал макул болуп, 3-4 күн иштегенден кийин А.Атамбаев мага, — “Иш башкармалыгына Турусбек Коеналиевди коелу, Таабалдиевди юрист катары сен өзүңө бөлүм башчы кылып ал, Ак үйдү тазалатуу боюнча мен иш баштайын”- деди. Албетте, Ак үйдү тезинен калыбына келтирүү керек, бирок комендант кылып азыр Ак үйдү кайтарып олтургандардын бирин тандап ал, алар ошону суранышты эле деп кошумчаладым. Б.Таабалдиевди биз укук жана тартип боюнча бөлүмдүн башчысы кылып дайындадык. Иш башкармалыгына Т.Коеналиев келди.
Мен Ата-Бейитке келгенде аза күтүү митинги аяктап бараткан экен. Митингдин алып баруучусу И.Өмүркулов менин келгенимди көрүп сөз берейин деди. Митингде турган элдердин: “митинг саясий митингге айланып баратат, болду, токтотпойсуңарбы?”-дегендерин угуп, байкап, жок мага сөз бербей эле кой дедим. Ошентип, дүйнө жүзүн “дүңк” эттирген, Ак үйдөн ок атылып жатса да, бир гана нерсе үчүн – бир үй-бүлөнүн башкаруусунан кутулуу үчүн гана кайра окту көздөй чуркаган, өлүмгө түз барышкан баатырларыбыздын денеси жерге берилди.

7-апрелдеги баатырлар жөнүндө, мисалы, Мусаев Чолпонбектин машинасы менен Ак үйдүн коргонун таран кылганы, дагы биринин көйнөгүн чечип көкүрөгүн ачып, “Жаныш, атасынбы, ат”-деп кыйкырганын, дагы бири БТРди жүргүзүп жатып окко учканын, бири ыр окуп жатып окко учса, дагы бири жигиттердин алдында аларга баш-көз болом деп окко учса, бири снайперлерди видеотасмага тартып алууга аракеттенип жатып окко учканы жөнүндө толгон токой ыр, макала, эскерүүлөр айтылды, жазылды, дагы жазылат. Чындыгында эле алар баатырларча курман болушту. К.Иманалиев жазгандай, улуттук каармандыкты көрсөтүштү. Адилетсиздик болуп жатса атылып жаткан окко тайманбай чуркаган бул биздин кыргызда гана бар Чолпонбай Түлөбердиев бекеринен дзоттон атылып жаткан пулеметко төшүн тоспосо керек. Кыргыз элинин 7-апрелдеги тарыхый улуу баатырдыгы боюнча дүйнө элдери суктануу, баалоо менен белгилеп жазышты. Орусияда, Украинада кыргыздар жөнүндө “ушунча кыргызым болсочу” деп айтылыптыр деген аңыз кептер тарады. Мына ушундай кыргызды он жагынан, эр жүрөктүүлүгү, баатырдыгы жагынан дүйнө элдерине тааныткан баатырлардын денелери Ата-Бейиттен түбөлүк орун тапты.

Ата-Бейиттен түз эле сот департаментине келдим. Ал жерде иштегендер эки-үчкө бөлүнүп алышып, департаменттин директорлук орунун талашып жатканын угуп, чогулуп тургула деген элем. Мурдагы директордун орун басарлары бар экен. Бири мен мурда депутат кезде мага жардамчы болгон Эрнист деген жигит, экинчиси Салмоор деген жигит, мен Октябрь районунда судья болуп иштегенде, ал сот аткаруучу эле. Экөөн тең жакшы таанычумун. Эрнист мурда 2000-жылдары Президенттин иниси Марат Бакиев депутат кезинде ага да жардамчы болгондуктан, айтпаса да, ичтеринде аны “Бакиевчил” деп күнөөлөгөндөр бар экен. Мен Салмоор менен Эрнистти жамааттан бөлүп, өзүнчө кабыл алып, кимиңер биринчи орун басар болосуңар, бийлик талашып жатат дегизбей эле чечип албайсыңарбы, силер Акаев болобу, Бакиев болобу өз ишиңерди аткарган аткаруучусуңар да туурабы десем, Салмоор: биринчи орун басар Эрнист, ал директор болсун, мени биринчи орун басар кылып дайындап коюңуз, биз өзүңүз айткандай жамаатты ынтымакка чакырып силерге Убактылуу Өкмөткө деле иштеп беребиз”-деди. Мен Салмоорго, — Убактылуу Өкмөткө эмес, мамлекетке, элге деп айт деп ондодум.

Экөө макул болгондуктан Салмоор айткандай кылып, Эрнисти директор, Салмоорду биринчи орун басар кылып дайындап, жамаатка, мыйзамда бекитилген ыйгарым укуктарыңарды аткара бергиле, бийлик талашты токтоткула, деп өтүнсөм бирөө: — “Убактылуу Өкмөт бүт баарын алмаштырат деп жатышат, ушул чынбы?”-деп сурады. Мен аларга, жок ал калп, бизге азыр эртерээк укуктук талаага кирүү башкы милдет, укуктук талаага түшсөк анан реформа жүргүзүлөт, Конституция жаңыланат, ошого ылайык бийлик шайлоо жолу менен жаңыланышы мүмкүн. Мен сот системасынын куратору катары бүгүн эле 100 пайыз кадрлардын алмашышына каршымын, бирок кеткен бийликтин үй-бүлө мүчөлөрүнө кызмат кылгандар, силердин качып кеткен директоруңарга окшогондор сөзсүз алмашат, кылмыш жасаган айрымдары соттолот, дедим. Алар кол чаап жиберишти. Көрсө алардын арасында “Бекназаров сот департаментин толук кетирет экен”-деген сөз тараткан экен. Бул Конституциялык сотту таркаткандан кийинки сөздөр болсо керек. Жыйналыш өтүп жатсам, Роза Исаковна телефон чалып, “Биз Форумдабыз, эстеликтин ордуна таш коюп жатабыз, келип калбайсынбы?”-деди. Мен, эжеге колум тийбей жатканын билдирдим. Кийин билсем ошондо Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү курман болгондордун аты менен эл үчүн, мыйзам бузбай, ак иштейбиз дешип ант беришиптир.

2010-жылдын 7-апрелинен кийин деле жогоруда айтылгандай элдин толкундоосу токтогон жок. Убактылуу Өкмөттүн ар бир мүчөсү өзү жоопкерчилик алган тармактардан сырткары, уланып жаткан башаламандыкты, “марадерлукту”, айрым талап-тоноолорго каршы аракетин жүргүзүп жатты. Айрыкча Маевка айылындагы тополон “этникалык” түскө боелуп, айрым “провокациячыл” кыргыздар түрктөргө, курддарга ж.б. улуттарга каршы көтөрүлүштү. Кыргызстан боюнча качкан бийликтин куйруктары эсине келип, ар кандай жолдор менен каршылык, провакация уюштура баштады.

Мен 7-апрелден кийин жумуш орду катары Коргоо министрине келип иштей баштадым. Ошондо Иса Өмүркулов телефон чалып, — “Ички иштер министрлиги иштебей жатат, милиция жок”- деп, өзү болсо Маевкада эл арасында жүргөндүгүн билдирди. И.Өмүркулов Бишкек шаарынын Мэринин милдетин аткарып, эң оор участокто эле. Б.Шерниязовго телефон чалып, Өмүркуловдун айтканын билдирсем, “милиция иштеп эле жатат”-деди. Акырында өзүм тааныган МАИде иштеген иним Иман Саркуловду чакырып, милиция кызматкерлеринин арасында “климат” кандай? Жашырбай айт?-десем, “көп жакшы эмес”- деди. Мен ага, сен бизге жардам бер, МАИнин бардык машиналарын көчөгө чыгарып, сиреналарын жагып, көчөмө-көчө “коомдук тартипти сактагыла, ким бузса катуу чара көрөбүз”-деп айтып кыдыргыла, айрыкча Маевка тарапты тынбай кайтаргыла, дедим. Сен Бишкек шаарынын МАИнин башчысы болосун, дедим. Ал ошол жерде орун басар эле. Ал ишти баштады. Бул чечим боюнча Исага билдирдим.

МАИ кызматкерлеринин көчөдө сирена менен кыйкырып жүргөнү “бийлик жок” деп кылмышын улантып жүргөн айрым “марадерлорго” психикалык жактан чабуул болду, экинчиден, бийлик иштей баштады деген пикир жаратып, коомдук тартип орнотууга чоң өбөлгө болду. Бишкек шаардык милицияга “Ата-Мекенчи” Т.Мадылбеков начальник эле, ага айтып, шаардык милициянын өздүк жамаатын топтотуп, алардан да биз үчүн эмес, Кыргызстан үчүн, эл үчүн жумушка чыккыла, деп өтүндүм. Шаардык милиция кызматкерлери коомдук тартипти жөнгө салууда чоң кызмат кылышты. Бирок ага карабай Бакиевдердики делген үйлөр, офистер эл тарабынан эч тоскоолдуксуз басып алынып, талап-тонолуп жатты. Айрымдары өрттөлдү. Бул окуялар негизинен 7-апрелден 8-апрелге караган түнү болду.

Жибек-Жолу көчөсүндөгү Марат Бакиев (Президенттин тун уулу) жашаган үйдү оболу тоноп, анан өрттөп, акырында майыптар ээлеп олтурганы боюнча, “Северэлектрону” басып алынганы, Президенттин дагы бир инисинин Токтогул көчөсүндөгү үйүнө, М.Эшимкановдун үйүнө, ж.б. басып алуучулук тынбай болуп жатканы тууралуу билдирип турушту. Мен бул окуялар боюнча Б.Шерниязов, Т.Мадылбековдон телефон аркылуу маалымат алып турдум. И.Өмүркулов, Т.Сариев болуп ар кимибиз өзүбүздүн жакындардан турган “элдик дружина” түзүүнү чечтик. Мен уулум Русланга бүт досторуңду, туугандарды топто, марадерлорго каршы тургула, Шерниязовго барып ага жардам бергиле деп жөнөттүм. Мындай кадамдарга барганыбыз, бийликти колго алдык деген Убактылуу Өкмөттүн али толук күчү жок эле, мамлекеттик күч органдары эки анжы болуп, башында шыр иштеп кете алган жок, аларга караганда ар кимибизде команда, колдоочулардан, революционерлерден дружина түзүү жеңил болду. Мына ушундай жакын санаалаш, кыйбаган туугандардан, партиялаштардан элдик дружиналарды түзүп, аларга таянып Бишкектеги өзгөчө маанилүү обьекттерди, мисалы, КТР, ЭлТРди, ири соода түйүндөрүн, кампаларды өзүбүз коргоп, ошол эле учурда элдик бийликти орното баштадык.

Прокуратурадан жана элдик дружинанын мүчөлөрүнөн “Северэлектрону” басып алган ким экен деп жиберсем, экс-депутат, “Ата-Мекенчи” З.Парманкулов экен. Ал барган адамдарга “Северэлектрого” “Ата-Мекен” партиясы жооп берет”-деп жолотпоптур. Аны телефонго чакырып, — Замир, сен түшүнбөйсүңбү, мүмкүн сен ээлебей эле, убактылуу кайтарып олтургандырсың, бирок коомчулук сени “Северэлектрону” Ширшовдуку деп басып алды, “Ата-Мекенчилер” өздөрү марадерлук кылып жатат”-деп түшүнүп жатат, “Северэлектро” ж.б. улутташтырылат, ал жерден чыгып кет, болбосо жооп берип каласың, деп катуу айттым. Текебаевге да телефон чалып, Парманкуловдун “Ата-Мекендин” атынан кылып жаткан жоругун айтып, ага айт десем, ал, Парманкулов “Ата-Мекендин” мүчөсү эмес, деди.

Марат Бакиевдин (Президенттин иниси) үйүнө 3-4 жолу адамдардын тобу келиптир, прокуратура кызматкерлери күбөлүктөрүн көрсөтүп, бул арест салынган квартира деп аран кетиришет. Жибек-Жолудагы Бакиевдердин үйүнөн майыптар чыкпай коюшканда, алардын өздөрүнө сактоо үчүн тил кат алып өткөрүп беришти. Себеби бул үй кылмыш иш боюнча арест салына турган үйлөрдөн болчу. Самсаалыны баш кылып, М.Эшимкановдун үйүнөн кабар алгыла, жардам бергиле деп жибердим. Эн кызыктуу окуя Панфилов көчөсү менен Чүй проспектисиндеги “Бейиш” саламаттыкты сактоо борбору боюнча болду. Ал жерди аксакал О.Нарбековдун адамдары ээлеп алыптыр дешти. Ал эми резиденцияга болсо мурдагы Акаевдин доорундагы резиденциянын директору Д.Шадыбеков барып директорлук кылам деп, ал жерде да чоң жаңжал болуптур. Айтор, айрым адамдарыбыз “БЭКтин лидерлери мамлекеттик бийликти ээлеп алышты, биз деле мээнет кылдык, биз да бир нерсеге ээ бололу”- дегендей ачык аракеттенүүгө өттү.

2010-жылдын 9-апрелинде эртең менен эрте Ж.Бакиевдин конторасы болгон Киев көчөсүндөгү Улуттук гвардияга Коргоо министри И.Исаков, Башкы прокурор Б.Ибраев болуп келдик. Себеби, Улуттук гвардияны (СГОну) конторасы менен Исаковго (Коргоо министрлигине) өткөрүп берүү үчүн жана Ж.Бакиевдин кабинеттерине кароо жүргүзүү керек эле. 2010-жылы 7-апрелде Ак үйдү кайтаруу үчүн кимдер чыккандыгы, ким кайсы ишти аткаргандыгы, кайсы жерде постто турганы, кандай курал менен болгону жана башкаларды тактоо 7-апрель окуясы боюнча козголгон кылмыш ишке зарыл керек болчу.

Биз келгенде Д.Дунганов деп, өзүн тааныштырган жигит СГОнун штаб башчысымын деп мага чест берди. Мен андан 7-апрелде кайда болгонсуң?-деп сурасам –Ак үйдө,-деп жооп берди. — Эл атылып жатканда кайда элең?-десем, — “Ак үйдө кызматта”-деп жооп берди. Мен анын менин суроолорума аскердик тартип менен так, ачык жооп берип, Ж.Бакиев менен качып кетпей, же СГОну таштап кетип калбай, кызмат орунунда жүргөнүн көрүп бир жагынан ичимен сыйлап турдум. Исаков менен барган адамдарга имаратты, курал-жаракты опистеп, бүт баарын өткөрүп берүүнү ага тапшырдым. Тергөөчүлөр тийиштүү документтерге кароо жүргүзүп, керектүүлөрүн алышты.

Андан соң Д.Дунгановго, 7-апрелде эмне болгонун айтып берчи десем, ал бүт баарын кандай болгонун, эң башкысы түздөн-түз командири Ж.Бакиев 7-кабаттан туруп элге каршы курал колдонуу жөнүндө буйрук бергенин, ал болсо 2-кабатта туруп Жаныштын бүт буйруктарын кайталап буйрук берип турганын айтты. Мен андан, элге ок тийип өлүп жатканын көрүп турдуңбу?-десем, “Ооба”-деди. “Бирок конкреттүү түрдө, кимдин аткан огунан, ким өлгөнүн айталбайм, биз аскер адамыбыз, ант бергенбиз, командир буйруса аткарабыз”-деп кошумчалады. Мен ага, аткарбай койсоң 100дөй адам өлбөй калмак да, десем, “мен болбосом, башка бирөө командирдин буйругун аткармак”-деди. Мен ага, мени менен барасың, болгон окуяны болгондой кылып жазып бересиң, деп коргоо министрлигине алып келип, түшүнүк кат алып, кылмыш ишине тиркөө үчүн Башкы прокурорго бердим. Ал мага: — “Мени эл өлтүрүп коюшу мүмкүн”-деди. Мен ага, — Ооба, мага айтканыңды угушса тытып салат, эми сени сотко чейин коргош тергөөчүлөрдүн милдети, деп, ал убакта толук кандуу иштей элек УКМКнын СИЗОсуна камайсыңарбы, үйүңөргө бекитип турасыңарбы, айтор, башынан бир тал чач түшпөсүн, качып да кетпесин, деп аскер прокурору А.Турганбаевди чакырып, Дунгановду ага тапшырдым.

Аскер кызматкерлеринин үстүнөң ишти аскер прокурору тергейт болчу. Айбектен, этият бол, көчөдөгү эл Дунгановду билип калса колду-санды кылып кетет, деп сурандым. Дунганов ал убактагы көчөдөгү элдин каарынан коркуп, тергөөнүн бардык суроолоруна жооп берип жатты.
10-апрелде Коргоо министрлигине тергөөчүлөр Жолдошалиев Алмазбек деген жигитти алып келишти. Аны кабыл алып, сүйлөшүп көрбөйсүзбү, деп К.Дүйшебаев да айтты эле. Ал УКМКдагы терроризмге каршы түзүлгөн “Альфанын” командири экен. Ал да Дунганов окшоп эч нерсени жашырбай, болгонун болгондой айтып берди. Кыскача айтканда, ал Суталиновдун (УКМКнын төрагасы) буйруктарын аткарып, 6-апрелде кечинде (түндө) Атамбаевдин жашаган үйүнө келгенин, Атамбаевди алып барып тергөөчүлөргө тапшырганын, 7-апрелде эки жолу, биринчисинде саат 9да, экинчисинде болжол менен саат 11де “Форумга” келгенин, экинчи жолу келгенде 40тай кызматкери менен куралчан 3-кабатка чейин көтөрүлүп, 3-кабатка жеткенде эл аларды курчап алгандыктан куралдарды таштап, өздөрү “рукопашный” приемдор менен сыртка чыгып кеткенин, ошондон кийин Ак үйгө келип Бакиевдер кеткенге чейин Ак үйдү акыркы болуп таштап, жашыруун эшиктер менен УКМКга келип, УКМКнын төрагасы М.Суталиновго рапорт берсе ал, жанында олтурган К.Дүйшебаевди көрсөтүп, мага эмес, буга рапорт бер, ал УКМКнын жаңы төрагасы дегенин, андан соң Дүйшебаев Суталиновду узатып кеткенине чейин айтып берди.

Мен ага өзүң “Альфанын” командири, Кыргызстандагы жападан жалгыз терроризм менен күрөшө турган күч структурасынын жетекчиси болуп туруп Атамбаевдин үйүнө эмнеге бардың, эмне сага бирөө Атамбаевди террорист деп айттыбы?-деп сурадым. Ал: — “Мага оппозициянын лидерлерин кармап УКМКнын тергөөчүлөрүнө алып келүү буйрулган, мен Атамбаевди тергөөчүгө алып келдим, буйрукту аткардым”-деди. Мен ага, Атамбаев көчөдөгү бир адам эмес да, сен билгенсиң, өлкөдө оппозициянын акциялары башталып жатканын, бийлик аларга каршы атайын штаб түзгөн, ал эми Атамбаев ошол оппозициянын башчысы, мындайча айтканда сен билип туруп тынчтык жол менен акция өткөрөбүз деген оппозициянын лидерлерин кармап жатасың, мен саясатка аралашпайм, оппозиционер Атамбаевди кармабайм, бул менин милдетиме кирбейт”-деп буйрукту аткарбай койсоң болот беле?-десем, -“бизде аскер адамдарында буйрук талкууланбайт, аткарылат, мен аткарбасам, башка бирөө аткармак”-деп жооп берди. Мен андан, эмне үчүн Атамбаевдин үйүнүн дарбазасын, эшигин болгарка менен кыркып ачтыңар, эмне анча күч келди десем, “буйрукту аткардым”-деп башка унчуккан жок.

Мен андан, — эмне үчүн Форумдун 3-кабатына согуш куралдарын таштап качып кеттиң, муну атайын жасадыңарбы?-десем, ал: — “кырдаалга жараша чечим кабыл алдым, куралды таштабасак, аргасыз курал колдонуп, эл өлөт эле, эл куралыңарды таштап чыгып кеткиле деп талап кылган”-деди. Эл Ак үйгө ошол курал менен келди да, туурабы?-десем, — “да, туура”-деп шыр жооп бергенинен улам, бул алдын ала “эл куралдарды тартып алып Ак үйгө кол салды” деп элди күнөөлөш үчүн жүргүзүлгөн провакация экенине ичимен шекшип, сен куралды провакация үчүн атайын таштаган жоксуңбу, куралдын октору бар беле?-деп сурасам, — “Жок провакация эмес, кырдаалга жараша чечим кабыл алдым, айрым куралдарда боевой патрондор болушу мүмкүн эле”-деди.

Андан кийин эмне кылдың, кайда бардыңар?-деп сурадым. – “Андан кийин Суталинов Ак үйдү кайтарасыңар деп буйрук берди”. – Ак үйдө ок атылып, эл өлүп жатканын сен өзүң көрдүң да, сен өзүң, солдаттарың элди аттыңарбы?-десем, — “Ак үйгө келгенден кийин Жаныш Бакиевге баш ийдик, мен лично эч кимди атып өлтүргөн жокмун, тигини ат, муну ат деп эч кимге буйрук берген жокмун”-деди. – Элди ким атып өлтүрдү деп ойлойсуң?-деп сурасам, — “Биздин милдет Ак үйдү кайтаруу, биз өзүбүздүн милдетти аткардык”-деди. – Анда эмне үчүн Ак үйдү кайтара бербей, Бакиевдер Ак үйдөн кеткенден кийин кетип калдыңар?-десем, -“Ак үйдү кайтаруунун муктаждыгы жок болчу, эл курчап алган, Ак үйдү таштап кеткиле деген бизге буйрук берилди, буйрукту аткардык”-деди. – Куралдарды эмне кылдыңар, дагы таштап кеттиңерби?-десем, -“куралдарды бир машинага жүктөп алып кетели десек, эл курчап машинаны чыгарбай, куралдарды тартып алышты”-деди. Мен ичимен тергөөчүлүк инстинк менен, “элди аткан куралдарды жок кылуу үчүн атайын сыртка чыгарылып, эл тартып алды” –деп жок кылышса керек, же кокус курал табылса да элдин өзүнөн чыксын дешкен экен, деп ойлоп калдым. Анткени элди аткан мылтык аныкталмайынча баллистикалык экспертизаларды өткөрүү кыйын экенин булар да жакшы билишет, ошондуктан элди аткан куралдар ар кандай амалдар менен жок кылынган.

А.Жолдошалиев менен сүйлөшүп бүткөндөн кийин анын аракеттеринде тергөө органдары текшере турган көп фактылар бар экенин билип андан түшүнүк кат алып, анан тергөө органдарын чакырып мыйзам чегинде сурак кылып, башка күбөлөрдүн берген көрсөтмөлөрү менен салыштырып, мунун да статусун чечкиле деп аларга тапшырдым. Аны менен сүйлөшүү учурунда К.Дүйшебаев телефон чалып, “Жолдошалиевдей оперлер жетишпей жатат, аны камакка албай эле турбайлыбы, колдоно бербейлиби?”-дегендей оюн кыйытты. Аны тергөөчүлөр чечерин айтып, Дүйшебаевдин ушундай оор мезгилде ишене турган Жолдошалиевдей кызматкерлерге муктаж болуп турганын сезип турдум. Себеби, Бакиевдер толугу менен Жалал-Абадга барып, кичи родинасы болгон Тейит айылында өзүнүн каршылык аракеттерин улантып жаткан. Бизди – Убактылуу Өкмөттү алдыда дагы канча кыйынчылыктар күтүп турган болчу.

Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү кээде ар ким өзүнө берген участокто өз алдынча чечим кабыл алууга туура келип жатты. Анткени баарыбыз бир жерде чогу иштей алган жокпус. Менин артыман эле Отунбаева мени менен кеңешип, коопсуздук үчүн Коргоо министрлигине келүүгө аргасыз болду. Мен кабинетимди ага бошотуп берип, өзүм бир кичине кабинетке которулдум. Атамбаев өзүнүн Форумунда олтурду. Исаков, Шерниязов, Өмүркулов, Сариев, Дүйшебаевдер ар кимиси өздөрүнүн министрликтеринен, Мэриядан орун алышты.

Исаков өзүнүн авторитети менен коргоо министрлигин былк эттирбей башкарууга өтсө, Дүйшебаев менен Шерниязовго кыйын болду. Булар башкарган күч структураларында Ж.Бакиевдин, М.Суталиновдун, М.Конгантиевдин ишенимдүү кадрлары көп болгондуктан алар тымызын, айрым жерлерде ачык эле саботаж кылышып жатты. Кыргызстандын түштүгүндөгү күч структуралары толугу менен Бакиевдердин көзөмөлүндө турду.

Мамлекеттик бийлик Таласта эл тарабына 2010-жылдын 6-апрелинде кечке жуук өтсө, Нарын областында, Аксы районунда мурда пландаштырылгандай элдик курултайда 7-апрелде түшкө чейин, түштөн кийин Алай районунда тынч митингде алмаштырууга жетишилди. 7-апрелде түштөн кийин Ысык-Көл областында, Чүй өрөөнүндө, Базар-Коргон районунда бийлик стихиялуу түрдө элге өттү. Акимдер, Мэрлер бийлигин таштап кетип калышты.

8-апрель күнү дээрлик Кыргызстан боюнча жаңы бийлик ар кандай күчтөр тарабынан түзүлгөн координациялык кеңештер тарабынан алмашылды. Мисалы, Ош областы боюнча координациялык кенештин төрагасы экс-депутат Рустам Маманов шайланып, Ош областынын губернатору экс-депутат С.Жээнбеков, милициянын башчысы Капаров болду.

Аксыда элдик бийликти алмаштырган Топчубек Тургуналиев 8-апрелде Ала-Бука, Чаткал райондорунда, Таш-Көмүр шаарында элдик бийлик орнотконго салым кошкондон кийин Жалал-Абадга жөнөдү. Т.Тургуналиев баш болгон Аксыдан келе жаткан топту 2005-жылдагы март революциясынын командирлери М.Усенов, А.Шакиров, Б.Асанов ж.б. Топурак-Белден тосуп алышып, Бакиевдер Жалал-Абадда, Тейит айылында экенин билдиришип, алар силерди Жалал-Абадга киргизбейт, кайткыла деп артка кайтарышат. Мен Топчукеге Бишкекке келе бериңиз деп айттым. Асан, Бектур, Медер үчөө мени менен телефондон тынбай сүйлөшүп турушту. Медер Усенов Жалал-Абадга Мэр, Асан Шакиров Жалал-Абадга убактылуу губернаторлук кылышты. Алар, айрыкча А.Шакиров Бакиевдер менен байланышта турганын билдирди. Мен Асанга: — сен Бакиевге барып айт, каршылык кылуунун кажети жок, өз ыктыяры менен колго түшүп беришсин, ушунча адамдын каны төгүлгөнү жетишет, эми түштүктө кан төксө укум-тукумуна чейин түштүк-түндүк дебей эл каргап өтөт, ойлонсун, барып айт, дедим. Ал Бакиевдерге айтса, “кандай гарантия, ким алар менен сүйлөшөт, ошону тактагыла”-дептир.

Мен Асанга, Убактылуу Өкмөттөн мен, дагы башкалар сүйлөшөт, керек болсо Жалал-Абадга да барабыз, ким менен сүйлөшкүсү келсе айтышсын, Президент үй-бүлөсү менен биз белгилеген жерде үй камагында болот, Жаныш Бакиев сөзсүз камакка алынат, ушуларды ачык айт, баары бир колго түшөт, азыр Бишкектен аларды кармап келүү тобу түзүлүп жатат. Бул кан төгүүгө алып келиши мүмкүн. Ансыз да алар элдин канын төгүштү, эми граждандык согушту баштабасын, -дедим. А.Шакиров Тейит айылына барып, ал жерде “элчилик” кылып бир топ укук коргоочулар, Турсунбай Бакир уулу да жүргөнүн айтты, алар да сүйлөшүп жатышканын кошумчалады.

А.Шакировду облгубернатор кылып эч ким шайлаган жок, координациялык кеңеш түзүлбөдү. Жөн гана март революциясындагы революционер катары бош калган орунга өзү барып губернатормун деп жүрдү. Бектур Асанов Пакистанда элчи эле, түз эле Жалал-Абадда пайда болуп калганынан улам, ичимен муну Бакиевдер же достору Медер же Асан чакырды деп ойлодум. Ошол эле учурда элдик губернатор болобуз деп Жусуп Жээнбеков, К.Бечелов дегендер өз топтору менен кайсы бир Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнө чыгып жатканы да белгилүү болчу. Кыскасын айтканда, Бакиевдер Тейитте турушканда толук кандуу элдик бийлик Жалал-Абадда орногон жок.

Бакиевди үй-бүлөсү менен сыртка алып кетүү боюнча Отунбаевага ОБСЕнин, Россиянын, Казахстандын лидерлери чыгып жатышканын айтышты, Отунбаева 7-апрелден кийинки алгачкы күндөрү чет элдиктерге интервью бергенден колу бошободу. Чындыгында эле ал кезде Кыргызстанга дүйнө жүзү кызыгып карап турган. Кыргызстанда эл өз бийлигин сактай алабы? Түштүктө жүргөн Бакиевдер реваншисттик саясатын токтотобу? Түндүк-түштүк граждандык согушу чыгып кетпейби? Кыргызстандын жаңы бийлиги кандай жолду тандайт? Кайсы система, мамлекеттерге жандайт? Ушуга окшогон суроолор эл аралык коомчулукка тынчтык бербей, Бакиевдердин үй-бүлөсүн сыртка чыгаруу маселеси да курч коюлуп жаткан.

2010-жылдын 10-апрелинде Убактылуу Өкмөттүн биринчи расмий жыйыны болду. Жыйында Убактылуу Өкмөт үчүн эн маанилүү документ болгон Убактылуу Өкмөттүн регламенти кабыл алынды. Убактылуу Өкмөттүн документтери Декрет түрүндө кабыл алына турган болду. Декреттер Убактылуу Өкмөттүн 14 мүчөсүнүн үчтөн экиси добуш бергенде кабыл алына турган болду.

Айрым уюштуруу маселелерин чечтик. Түштүктөн алиге чейин келе элек Т.Тургуналиевге Элге билим берүү министрлиги, О.Нарбеков аксакалга Саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басары оруну тийди. Ушул эки орун тууралуу сөз болуп жатканда Эдил Байсалов ошол кезде Р.Отунбаеванын катчысы болуп калган экен, бул экөөнө каршы чыгып, “аксакалдар жаштарга орун бербейби?” -деп О.Нарбековго катуу тийди. Мен Нарбековго болушуп, — бул эки аксакал өмүрлөрүн тобокелге салып, Бакиевдер менен бетме-бет күрөшүп жүргөндө сен кара башынды сактап батышта качып жүргөнсүң, башка айтса да сен унчукпай турбайсынбы?!-деп кагып койдум.

Жогорку Соттун төрагалыгы бош тургандыктан, анын биринчи орун басары К.Момбековду төраганын милдетин аткаруучу кылып бекитүүнү сунуш кылдым. К.Момбеков Аксылык экенин белгилеп, жердешин сунуш кылды дебегиле, эгер дооматынар болбосо милдетин аткара берсин деп сунуш кылдым дедим. Эч ким каршы болбоду. Менин сунушум боюнча Б.Мамырова Социалдык жардам көрсөтүү жана миграция министри болмок болду, ал да Алайдан келе элек болчу.

Жыйын бүткөндөн кийин Р.Отунбаева тар чөйрөнү алып калып, ОБСЕ, Россия, Казахстан, Белоруссия Бакиевди үй-бүлөсү менен Кыргызстандан сыртка алып кетүү жөнүндө суранып жатканын айтты. Атамбаев “эл эмне дейт” деп дароо каршы болду. Мен да, Россияга, Казахстанга бир гана Президенттер керек, 2005-жылы да качып кеткен Акаевди бергендин ордуна Москва коргоп жүрөт, бир эле Акаев эмес, аны менен кошо бир топ адамдар да, эми миндеген элди аткан Бакиев эле керек бекен аларга, мен да каршымын, дедим. Калгандары да бизди колдоду. Отунбаева жалгыз калды.

Маселе түштүктө эле, түштүктөкантип толк кандуу жаңы бийлик орнотобуз Бакиевди кантип кармайбыз, маселе ошондо эле, биз ошол тууралуу кеңештик. Акыры менин сунушум менен 13-14-апрелдерде Жалал-Абадда, Ошто элдик курултай өткөрүп, эл колдогон элдик губернаторду шайламак болдук. Ал үчүн Аксыдан, Ала-Бука, Чаткал, Токтогулдан, Таш-Көмүрдөн, Базар-Коргондон Жалал-Абадга элди алып келүүнү, Алайдан, Кара-Кулжадан элди Ошко түшүрүүнү сүйлөштүк.

Эми маселе элдик курултайга элди ташуу үчүн каражат табууда эле. Муну Каржы министри Сариевге тапшырдык. Түштүккө Убактылуу Өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрү бармак болдук. Түштүктө жүргөн Бакиевдерди кармоо боюнча конкреттүү иш чараларды иштеп чыгууну күч структураларынын жетекчилерине тапшырдык. Ушул жыйында 11-апрелде Таласта да элдик курултай болуп, жаңы элдик губернатор шайлаганы жатышканы, К.Курманалиеваны кетиргени жатышканы тууралуу сөз болду. Аны Б.Шерниязов билдирип, Таласка Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнөн барып катышуусу зарылдыгын, өзү баралбай турганын, себеби К.Курманалиева да “Ата-Мекенчи” экенин жашырган жок. Ал, — “Азике Таласка туугандарга өзүң барбайсыңбы? Кызмат талаштырбай, туугандар сизди угушат”-деди. Отунбаева аны колдоп, — “Туура болот эле, кызмат талашып жатышат деп сөз кетет, башка региондорго да жугат бул”-деди. Мен, барса барайын, Оморбай Нарбеков байкеми кошуп алайын, анда түндө чыгып кетели, дедим.

Биз түндөп О.Нарбеков менен чыгып кеттик. Саат 10до Таласта болдук. Эл көп чогулуп жатыптыр. Алдын ала К.Курманалиевага жолугуп, муну ким уюштуруп жатат?-деп сурасам, КСДПчылар деди. – “Менин орун басарым Анарбек деген КСДПдан, ошол тымызын уюштуруп жатат”-деди. Аянтка келсек эки миндей адам чогулуп калган экен. Мени жакшы тааныган активисттердин айрымдары Азике десе, айрымдары Бекназар дешип, “бизге аралашпа, биз өзүбүз элдик губернатор шайлайбыз, Койсун 6-апрелде качып кеткен, эл обладминистрацияны алгандан кийин Б.Шерниязовдун адамдары эле аны кайра коюп койгон”- дегендер мени тегеректеп, айрымдары сага сөз бербейбиз, дешти.

Мен көптөн бери таанып жүргөн Роза деген айым, (бул Отунбаева, Нурматова да эмес) “Койсун кетсин!”-деп кыйкырды эле, жанында турган аялдар колдоп кыйкырышты. Мен Койсундун “уюштургандар бар” дегенине эми ишендим. Эгерде Таластык туугандарга элдик губернатор керек болсо жөн эле Койсунду кетсин дебейт эле, каалагандарын шайлап койсо болмок, маселенин түбү Бишкекте экенине көзүм жетти. “Ата-Мекенчилер” менен Социал-демократтардын алдыда боло турган шайлоого тымызын даярданып жатканы билинип калды.

Эмне үчүн Текебаев мага жаңы Конституциянын долбоорун даярдоону бергиле деп, азыркы конфликттүү мезгилде кайнап турган жерлерден, конкреттүү иш-жоопкерчиликтен боюн ала качып турганы — бир эле белинин ооруганы эмес, дагы элге жаман көрүнүп калбайын деп этияттанганы окшойт, Нарындагы элдик губернатор А.Эсенбеков “Ата-Мекенчи”, К.Курманалиева да “Ата-Мекенчи”, Атамбаев да Текебаевден кала бербейин деп, Убактылуу Өкмөттүн ичинде активдүүлүгүн көрсөтпөй жүргөндүгү ушул турбайбы деген ой кетти. Атамбаев Чүйгө А.Азыранкуловду губернатор кылды, Ысык-Көлдө М.Асанакунов губернатор, К.Кадыровду ИИМге орун басар, И.Өмүркуловду Бишкекке МЭР кылышканы бекер эмес турбайбы, булар КСДПнын депутаттары эле, эми Таласка Курманалиеванын ордуна КСДПдан губернатор шайлоо КСДПнын иши экенине ишене баштадым. Ал жерде айрым КСДПчылар ачык эле өзүбүздөн губернаторду шайлайбыз деп айтып турушту. “Ата-Мекенчилер” менен КСДПчылар бийлик талашып согушпаса болду деген ойдо турдум.

Микрофонду мага бербегенге аракет кылышты. Аргам кеткенде обладминистрациянын (ал кезде талкаланган бойдон болчу) 3-кабатына чыктым. Мени коштоп жүргөн милиционерден Конгантиевди кайсы терезеге алып чыкты эле десем, ушул терезе деп көрсөттү. Мен ошол жерге чыгып колумдагы мегафон менен сүйлөй баштадым. Сөзүмдү “Аксы-Таластык” тууганчылык акцентке салдым. Көчөдөгү элдин көбү саруу уруусунан болгондуктан “тууганчылык обонуна” салып 47 мүнөт сүйлөптүрмүн. Башында укпай жаткан эл, акырындап муюп угуп, акыры Койсун Курманалиева иштей берсин деп көпчүлүгү кол көтөргөндө анан токтодум.

Менин сөзүм кыскартып айтканда төмөнкүдөй болду. — Мен силерди апрель революциясынын баатырлары, баштоочулары деп келдим. Мен силерге Таластык туугандарым деп келдим. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү, анын төрайымы Роза Отунбаева, туугандарга өзүң бар, кызмат талашып Таластыктар мушташып жатат деп уят болушпасын дегенинен келдим, мына бир жума өтө элек, мына ушул мен турган терезеде жылаңач ким турду эле, бир жума мурда кандай ынтымактуу элеңер, эми бир жума өтпөй бийлик талашкан сиздердей революциянын баштоочуларына жарашпайт. Ооба, Курманалиева сизге, ага, а мүмкүн мага да жакпайт, бирок ал БЭКтин Таластагы координатору эмес беле, ошондо аял болсо да тобокелчиликке барып, 7-апрелде Бакиевдерге каршы өткөрүлчү элдик курултайды өз мойнуна албады беле?

Урматтуу революционерлер! Активисттер, БЭКтин мүчөлөрү, силер унутсаңар мен аны унуткан жокмун. Мына ошондо мени менен сакалын сүйрөп Омокем да келген, бүгүн дагы келди. Тигине силердин бир жума өтпөй “Курманалиева кетсин” дегениңерге уялып турат, бүгүн кеп Курманалиевада эмес, бүгүн маселе силер баштаган революцияны биротоло аягына чыгарууда турат. Бакиевдер түштүктө “мен легитимдүү эл шайлаган Президентмин” деп жүрөт. Жок дегенде революция биротоло жеңгенче Курманалиеваны бүгүн бекитип кое турбайсыңарбы?!-дедим. Акырында элден айланса болот, мени туура түшүнүп Курманалиева иштей берсин деп, эч кимди алтернатива кылып көрсөтпөй шайлап беришти. Ошентип Таласта К.Курманалиева эл тарабынан губернатор болуп шайланды.

Жолдо Омокеме “Ата-Мекенчилер” менен КСДПчылар шайлоону өтө эле эрте баштап жибергенин жашырбай айтып келдим. Эртеси 12-апрелде Отунбаевадан түштүккө кимдер бармай болду, деп сурасам, “азырынча эч ким барам дей элек”-деди. Жалал-Абаддан А.Шакиров телефон чалып, “Президент Бакиев сүйлөшүүгө макулдугун билдирди”,-деди, мен ага Текебаев, Исаков, Тургуналиев төртөөбүз өкүл болобуз дедим, тигилер менен сүйлөшпөй туруп эле. Анткени түштүккө баруу, Бакиевдер менен сүйлөшүү биринчи кезекте Убактылуу Өкмөттүн түштүктүк мүчөлөрүнүн иши деп ойлодум. Канткен менен эл, жерибиз бир, адатыбыз, мамилелерибиз окшош, биринчи кезекте сүйлөшүү бизге ылайыктуу деп эсептеп, ошентип айтып салдым. Түштөн кийин Р.Отунбаева бир дагы Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү түштүккө барууга макул эместигин билдирди. Мен И.Исаковго телефон чалсам, бутум шишип кетти деди. Текебаев белине шылтап, басалбайм, деди. Атамбаев, Сариевдер, биз барганда эмне чечилет, дегендей кылышты. Сариев мен каражатты таап койдум сизге алып барышат деди. Кечке жуук Коргоо министринде олтурсам Балбак Түлөбаев деген акча алып келип, менден расписка алып кетти. Канча десем 10 млн. сом деди. Мен Исаковго кирип, эгерде сиз түштүккө барбасаңыз, жок дегенде Ош областына бөлүнгөн акчаны С.Жээнбековго берип жибериңиз, дедим. Сооронбай Жээнбеков курултай өткөрүүгө, элди Алай, Кара-Кулжа, ж.б. алып келип кармап турууга акча жок деп мага бир нече жолу чыккан эле.

5 млн. сомду И.Исаковдун жардамчысына берип, калган 5 миллионун Самсаалы Четинбаевге (ал Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысынын орун басары эле) берип, муну Жалал-Абад областы боюнча ишеничтүү адам таап, мынабу кагазда жазылган адамдарга жеткирип бер дедим. 13-апрелде Жалал-Абадга бара турган элдин бензини, тамак-ашы, жол киреси үчүн Токтогул, Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондоруна, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Жалал-Абад шаарларына деп бөлүнүп, кимге бериле турганы жазылган каражатты башка адамдар менен жиберген себебим, кокус мени Бакиевчилер кармап алышса, же кокустукка учуратышса да курултай үзгүлтүккө учурабасын, каражат жетип калсын дедим. Ал жактагы жооптуу адамдар мени менен телефон байланышында эле. Алар негизинен 2009-жылдагы Президенттик шайлоодогу А.Атамбаевдин ишенимдүү өкүлдөрү болчу. Муну майдалап токтоп жазып жатканымын себеби, кийин Атамбаевдин бийлиги 2012-2013-жылдары “Бекназаров 10 млн. сом акчаны алып кетип жеп койгон” дегендей сөз таркатып, атайын “дүжүр” балдарга пресс-конференция бердиртип, ал гана эмес Башкы прокуратурага текшертүү жүргүзүштү. Коомчулукка, элге мени жаманатты кылып, каралоого аракеттеништи.

Алардын ою боюнча мен “бул акчаны 2010-жылы 9-апрелде Ак үйдөн таап алып кеткен” экем. Чындыгында 9-апрель күнү кечинде Ак үйдөн ошол эле Балбак Түлөбаевдин айтуусу, көрсөтүүсү боюнча бекитилген жерден Ак үйгө кароо жүргүзүшкөн тергөөчүлөр тарабынан менин катышуумда 10 миллиондон ашык акча табылып алынып, купюрларына чейин жазылып, видеотасмага тартылып, комиссия менен улуттук банкка тапшырылган. Мага ошондо Балбак келип, “эл талап кетпесин деп, Президенттин иш башкармасынын кассасында турган акчаларды, сейфи менен бекитип, үстүнө ящик, кагаздар менен үйүп бекиткенин айтып, эгерде сиз кошо барбасаңыз Ак үйдө олтурган эл ал акчаны талап кетет дегенинен, Башкы прокурорду, тергөө тобун кошуп, Балбак көрсөткөн жерге калыс адамдардын катышуусунда кароо жүргүзүп, сейфтин ключу жок экен, атайын адис чакырып, кесип акчаны алып банкка тапшырткан элек. Ошондо аны ошол жерде көргөн айрым адамдарга “ал акчаны Бекназаров алып кеткен” деп пресс-конференция бердиртишти. Ал акчага байланыштуу документтер, видеотасма 7-апрелдеги окуя боюнча козголгон кылмыш иште тиркелүү болгондуктан, Башкы прокуратурага алардын көчүрмөлөрүн бердим. (№2-тиркеме)

Ал эми 2010-жылдын 12-апрелиндеги Ош жана Жалал-Абад областтарындагы элдик курултай өткөрүү, коомдук тартипти сактоо үчүн берилген 10 млн. сомду Сариев мага кайдан алып бердиртти, аны мен билбеймин. Бирок аны алганым, өз максаты үчүн иштетүү үчүн башкаларга бергеним, кийин ошол эле башында Р.Отунбаева турган Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү менден чыгарып (списание) салгандыгы жөнүндөгү документтердин көчүрмөсүн да прокуратурага көрсөтүүгө мажбур болдум. Мени кейиткени башка болду. Ошондо Бакиевдер түштүктө жүргөндө, түштүккө баруудан коркуп качкан, 10 млн. сомду мен аркылуу беришкен Убактылуу Өкмөттүн Исаков, Текебаевден башкасы, Отунбаева баш болуп үнүн чыгарып койбогону болду. Мен го мен, алар ошол 10 млн. сомду стабилдүүлүк үчүн жүргүзүлгөн иш чарада керегине жумшаган, аны менен Кыргызстанды реалдуу түрдө экиге бөлүнүп кетүүдөн сактаган, өмүрлөрүн тобокелге салган, Кыргызстандын тең жарымындай болгон эки областынан курултайга барган он миңдеген жергиликтүү элдерин шылдыңдагандай болушту.

Убактылуу Өкмөттөн түштүккө эч ким барбаганын билгенден кийин “мага эле жалгыз керекпи?”-деп, мен да барбай коеюн деп, бирок, түштүктө бизди колдоп, бизге ишенип, Бакиевдерге каршы турган элди сыйлап, С.Четинбаев экөөбүз гана жашыруун, түндөп такси менен чыгып кеттик.

13-апрелде Бакиевдер кайрадан обладминистрацияга келишип, митинг уюштуруп, жаңы губернатор дайындады. Чогулган эл экиге бөлүндү. Чоң жаңжал чыкканы калды. Бакиевдердин айрым колдоочулары ачык эле автомат көтөрүшүп, активдүүлүлүктү көрсөтүп, укук коргоо органдары “калыс позицияны” ээлеп, аралашкан жок. Аларды да түшүнсө болот эле. Анткени Бакиев Президент аман-эсен, кызматтан кете элек. Аны эч ким мыйзам чегинде бошото элек. Эртен эмне болорун ким билет? Биз эл арасында улам такси алмаштырып, ачыкка чыкпай, жашыруун жүрдүк. Саясатчылардан эл арасында Т.Бакир уулу жана башка укук коргоочулар жүрүштү. Ортодо чоң жаңжал чыгып кетпесин деп, бизди колдоочулардын лидерлери А.Текебаев, К.Өмүрбеков, С.Белековдор менен сүйлөшүп, элдик курултайды биз Базар-Коргондо райондук акимчиликтин алдында өткөрүүнү телефон аркылуу чечтик. Элди ошол жакка барууга чакырышты. Анткени Базар-Коргондо 7-апрелден бери элдик бийлик орногон болчу.

Эл топтолгонго чейин Б.Асанов, М.Усенов, А.Шакиров, А.Текебаев, К.Өмүрбеков, С.Белековдор ж.б. менен телефон аркылуу кимди губернатор кылып шайлоо жөнүндө пикир алмаштык. Губернатор болом деп өз адамдарын ээрчитип жүргөндөр да бар экен. Биз М.Усенов менен А.Шакиров губернатор болуудан баш тарткандан кийин Б.Асанов менен Ж.Жээнбековдун талапкерлигине токтодук. М.Усенов болсо Жалал-Абаддын Мэрлигинен да кеткенин айтты. Алар Шакиров экөө Бакиевдер менен байланышта болгондуктан Бакиевдердин таасири тийип жатканын байкадым. Асылбек Текебаев губернаторлуктан дароо баш тартты, аны же бир аксылыкты Бакиевдер эле эмес, Сузактыктар да шайлабашы мага маалым болчу жана алар бийликти кармап да туралбайт эле. Ж.Жээнбековго 2009-жылкы шайлоодогу окуядан кийин Атамбаев ишенбей, ага каршы болмок. “Ата-Мекен” менен КСДП Жалал-Абадды талашкан жок. “Бекназаровго бердик”- дешти окшойт.

Ары-бери ойлонуп Б.Асановдун талапкерлигине токтодум. 2005-жылкы март революциясынын лидерлеринин бири, 2005-жылы 15-мартта “элдик губернатор” бол десе баш тартып, Жээнбековду шайлайлы деп, Жусуп Жээнбековго жол бергенин да эстедим. Отунбаева, Атамбаевге телефон чалып, кимди губернатор кылалы деп кеңешейин десем, өзүң бил дегендей кылып, Жалал-Абад алар үчүн жок сыяктуу жооп беришти. Акыры Б.Асановго токтоп, аны курултайга чейин Базар-Коргондун бир чекесине чакырып, көзмө-көз сүйлөшүп алдык. Ал албетте, макул болду. Аны менен М.Усенов, А.Шакиров мага жолугуу үчүн кошо келди.

Бул үчөө тең илгери Аксы окуясынан бери аксылыктар менен бирге жөө жүрүштөргө чыгып, нечен сыноолордон өткөн, ишенген, бир туугандай адамдарым болуп калган. Алардан дагы өтүндүм. – Силер 2005-жылкы революциядан бери Бакиевдер менен жүрөсүңөр, бирок Бакиевдер силер башында жүрүп жасаган март революциясынын максаттарын сатып кетти, өздөрү күүнөөлүү, туурабы?-десем, — “туура”-дешти. – Эми дагы бир жолу элдик бийликти колдогула, азыркы апрель революциясы март революциясынын уландысы, бизге жардам бергиле, Бектурду губернатор кылалы, дедим. – Азыр курултайды Асылбек Текебаев баштайт, мен курултай жүрүп жатканда кирип барам, көп турбайм, Бектур сенин кандидатуранды добушка коюп, бата алып берем да кайра кетип калам, себебин өзүңөр жакшы билесиңер, -десем, “билебиз, этият болуңуз, сизге снайперлерди жалдады деген имиш бар”- дешти.

Ошентип ажыраштык. Курултай жүрүп жатканда такси менен кирип келип, дароо микрофонду алып сөзгө чыктым. Элди элдик революциянын жеңиши менен куттуктап, Б.Асановду Убактылуу Өкмөттүн атынан губернаторлукка шайлап бергиле деп сунуш кылдым. Бектурга каршы болгондор мени, Убактылуу Өкмөттү сыйладыбы, айтор, бир добуштан шайлап беришти. Бишкектен ала жүргөн токоч нанды элдин көзүнчө сындырып, сценада менин артымда турушкан жергиликтүү лидерлерге ынтымактуу болгула, баарыңар губернаторлукка татыктуусуңар, бирок орун бирөө эле, силерге да кызмат табылат, деп, А.Текебаевге, К.Өмүрбековго, К.Бечеловго, Ж.Жээнбековго ж.б. адамдарга нан тиштетип, бата-дуба кылып, кайра түшүп кеттим. Эл мени туура түшүнүштү, этият бол, этият бол, деген бойдон калып калышты.

Кийин ошол курултайда катышкан Докемин карындашы Гүласал Садырбаева “Азимбек сен эл аралап кирип келгенде, мен акемди көргөндөй, акем тирилип келе жаткандай болду, сен кепка кийип жер тиктеп басып келатсаң, акемин өзү болуп калат экенсин, же мага ошондой көрүндүбү, айтор, микрофонду бергенде гана сен экенинди тааныдым”,-деп айтканы эсимде.

Менин артыман тынбай ээрчип жүргөндөрдү адаштыруу үчүн, таксиге эмес, С.Белековдун машинасына олтуруп, Аксыны көздөй айдаттым. Тегенеге жеткенде артыбызда “куйрук” жок экенине көз жетип, болсо да Аксыга кирип кетти деп ойлоду деп, кайра Таш-Көмүргө келип, ал жерден Самсаалы экөөбүз бир таксини кармап, Ошко жөнөдүк. С.Белеков командасы менен Токтогулга кетишти. Таш-Көмүргө биз караңгыда келдик.

Ошко Бакиевдер 14-апрелде келип, Президенттин Оштогу резиденциясына олтуруп, Президенттин ыйгарым укуктарын аткаруусуна кепилдикти Ош шаарынын Мэри М.Мырзакматов берген. Ал Жалал-Абадга келип, Бакиевдерге жолугуп кеткени боюнча кабарым бар эле. Эгерде Бакиев Ошто олтуруп Президенттик ишин улантса Кыргызстан реалдуу экиге бөлүнүп калмак. Өлкөдө граждандык согуш сөзсүз түрдө башталмак. Бакиевдер Жалал-Абад шаарында, Сузакта, Баткен областында, Ош шаарында, Ош областынын Алай, Кара-Кулжадан башка райондордо өз бийлигин кайсы бир мөөнөткө чейин узартып алмак.

Ошко Жалал-Абаддан дагы башка такси которуп келдик. Самсаалы экөөбүз таксисттерден жаңылыктарды сурап коебуз. Мен таксиде эч бир сүйлөбөй, арткы орундукта кепкамды баса кийип, көз айнек тагынып, мурдума чейин шарф оронуп алгам. Эч ким мени таанымак эмес. Ошко келгиче таксист эртең Бакиев инилери менен Жалал-Абаддан Ошко келерин, бир топ адамдар Бакиевди Ошто жогорку деңгээлде тосуп алууну уюштуруу үчүн Жалал-Абаддан Ошко кетишкенин айтты. Мындан сырткары Бакиевдер Жалал-Абадга качып келгенден бери Жалал-Абад шаарында элдер доллар менен соода кылышып калганын, дүкөндөрдөгү карыздарынан көбү кутулганын, себеби, Бакиевдер Тейит айылында “бизди колдогула” деп доллар таратып жатканын айтып келатты.

Самсаалы улам, “биз дагы Таш-Көмүрдөн Бакиевдерди колдогону атайын бара жатабыз, Бакиевди эл шайлаган Президент, 5-6 оппозиционер эле элди уюштуруп иштеп жаткан Президентти Ак үйдөн кууп чыга береби?”-деп, “таксисттин колтугуна суу бүркүп” коет. Таксист кызып, дагы ага кошулат. Бирок, Бакиевдин инилери, балдары туура эмес иштерди жасашканын, айрыкча Жалал-Абаддагы Акмат Бакиев деген иниси өзүнчө эле Жалал-Абадда Президент болуп алганын, башка да жоруктарынан мисал келтирип, кейип келди.
Бакиевдер бир нече кап акчаны Бишкектен ала кетишкени боюнча Бишкекте сөз болгон. Жалал-Абаддагы менин жакын инилеримдин бири бүгүн эле Базар-Коргондо Тейитке, Жанышка чакырганынан келсе, Жаныш чоң бөлмөдө узун столго тангак-таңгак долларларды тизип алып, “эртең мынча адам алып келесиң, ме акча”-деп доллар таратып жатканын өзү көргөнүн, -“Жаныш аке туура эмес кылып жатасыз, акча алган адамдар киши алып чыгабы, кайдан билесиз?”-десе, — “Эй, сен Бекназаровский, мага акыл үйрөтпө, эртең канча адам алып чыгасың, ошону айт?”-деп, кагып, силкинди деди эле. Эми бул таксист да ошону кайталап айтты.

Биз Ошко жеткенде түнкү саат 2-3 болуп калды. Мен Сооронбай Жээнбеков, Рустам Маманов менен макулдашкан жерде жолуктум. Сооронбай: — “Эртең Бакиев Ошко келсе эч нерсе кылалбайбыз, Ошто эл саясатка аралашпай, Бакиевди колдогонсуп турат. Бизде да адамдар бар, бирок аз. Алайдан, Кара-Кулжадан эл ташыганга, Ошто алардын курсагын тойгузуп кармап турганга каражат жок”-деди.

Мен ага, Убактылуу Өкмөт түштүккө азыраак акча тапканын, аны Ошко Исаков алып келмек, бирок ал келе албаганына байланыштуу Чотоновдон берип жибергенин, жетишинче сарамжалдап, коомдук тартипти сактоо үчүн элдик кошундарды түзүп, алардын курсагын ачырбай 5-6 күн кармайсыңар, Ошто Бакиевдерди кучагын жайып эле күтүп жаткан эл болбосо керек, эл алардын Бишкекте жасаган кылмыштарын телевизордон көрүп жатат да, сотка деген бар, Оштуктардан өлгөнү деле көп, ушунча кишини атып салып, Ошто олтуруп бийлик жүргүзөм дегени арга кеткендин иши го. Эл Жалал-Абадда губернатор кылып азыр Б.Асановду олтургузушту. Мунун өзү Бакиевдин заманынын бүткөнүн далилдейт. Соке, биздин иш Ошто кан төктүрбөй, Бакиевдерди резиденцияга киргизбей кууп чыгуу, элдик губернатор шайлоо дедим.

Сооронбай: — “Азике сен Мырзакматов менен кандайсың? Аны менен сүйлөшүп, аны биз тарапка оодарсак, анда Бакиевдерди кууп чыкса болот, ал Жалал-Абадга барып Бакиевге жолугуп келиптир, бизге кошулбай жатат”,-деди. Мен Мырзакматов менен эч кандай тааныштыгым жоктугун айтып, телефону барбы, сүйлөшүп көрөлү дедим. Сооронбай ага чалып, телефонун мага берди. Мен Мырзакматов менен сүйлөшүп, ким экенимди айтып, жолугууну сунуш кылдым. Ал макул болду. Мен борбордук аянтта жүргөнүмдү, сен келсең өзүм сага барам деп билдирдим. Ал жарым саатта келип каларын айтты. Биз дагы башка такси которуп, Самсаалы экөөбүз борбордук аянттын Мэр тарабында турдук.

Мырзакматов 5-6 машина жан сакчылары менен аянтка келди. Биз Самсаалы экөөбүз кичинекей “Тико” машинасынан чыктык. Мелис менен көзмө-көз жигиттерче сүйлөшөлү (эркекче) деп ток этер жерден баштадым. – Мелис үкөм сенин Жалал-Абадга барганыңды, азыр Бакиевдерди күтүп жатканыңды билем. Сен акылдуу жигитсин, Бакиевдин заманы бүттү. Ушунча адамды атып өлтүрүп, анан Ошто олтуруп бийлик кылам дегени жаш баланын да сөзү эмес, сен аны түшүнүп турасың. Менин сага өтүнүчүм бар иним, тарыхый иш жаса, өзүңдүн авторитетиң менен Кыргызстанды жарандык согуштан, экиге бөлүнүп кетүүдөн сакта, эгер сен эртең Убактылуу Өкмөттү колдосоң, балдарыңы Жээнбековдун адамдарына кошуп Бакиевдерди резиденцияга киргизбей, Оштон кетиргенге жардам берсең, тарыхый иш жасаганын ошол болот.

Жок, Бакиевди колдойм, ал легитимдүү Президент, резиденцияга олтургузам десең да өзүң бил, бирок, Бакиевдер ашып кетсе эки күн араң олтурат, Алайдан, Кара-Кулжадан адамдар келе жатышат, Аксыдан да миң киши келет, аны баары бир Оштон кууп чыгабыз, мен атайын келдим, ал колго түшүп бермейинче түштүктө болом,-дедим. Ал баарын угуп, ичинен менин сунушума мурда эле даяр болсо керек, бирок ага карабай, “Бакиевди эл шайлаган, анын бийлигин күч менен тартып алабыз дегендерди атууга укугу бар бийликтин, ошол үчүн бийлик да, мен эртең менен Бакиевди тосуп алып, резиденцияга олтургузам”-деди.
Мен, — бул да тарыхый иш, бирок тарыхта кандай каласың, ойлон, жүздөгөн жарандарын атып, оор кылмыш жасап качып келген кылмышкерге жардам берип, Ошто да канча адамдын канын төккөнгө Мырзакматов салым кошкон, деп тарыхта каласың, а Бакиевдер болсо, эптеп чет өлкөнүн бирине качып кетем деп аракет кылып жатышат, аны Убактылуу Өкмөт уруксат берсе алып кетет элек деп ОБСЕнин самолету Манас аэропортунда турат, биз Убактылуу Өкмөт ушунча адамды аткан адамды чыгарбайбыз, эл алдында соттойбуз, деп азырынча макул болгон жокпус, күч келсе элдин тынчтыгы, өлкөнүн бүтүндүгү үчүн башка тарыхый чечим кабыл алып коюшубуз мүмкүн, эгерде биз ага үй-бүлөсү менен чыгып кеткенге уруксат берсек, сени кошо качырбайбыз, алып калабыз, сен да Бакиевдер менен кошо кетпейсиң да?-дедим.

Ал, -“Мен эмнеге качат элем?”-деди. Сен эртең Бакиевди олтургузам, коргойм, деп жатасың, мен, Сооронбай, Рустам, дагы башкалар Бакиевди Ошто олтургузбайбыз, аны кармайбыз деп жатабыз, ошентип ортодо Бакиев үчүн чыр чыгабы, ага сен күнөөлүү болосуң, мага ишенбей жатат окшойсуң, анда өзүң ук деп, Р.Отунбаевага телефон чалып, — Эже, ОБСЕнин адамдары дагы деле олтурабы?-десем, эже, — “Азимбек амансынбы, кайдасың?”-деп сурады. Мен Ошто экенимди, эртең менен Бакиевдерди кантип тосуп алабыз, ошону сүйлөшүп жатабыз, ОБСЕнин адамдары эмне деп жатышат?-деп телефондун бийик үнүнө коюп койдум. Эже: — “ОБСЕнин адамдары мени тажатып бүтүштү, Бакиевдерди үй-бүлөсү менен бергиле, алып кетебиз дешип, впрямо холлдо жатышат, Россия, Казахстан да жанды койбойт, чыгарып жиберели десем, силер эле болбой жатпайсыңарбы, ал кетсе өлкөдө стабилдүүлүк орнойт эле”-деди. Мен, мейли эже болуптур, дагы сүйлөшөбүз, десем, — “Азимбек этият бол”-деди.

Мен, Мелиске, — уктуңбу? Ишендиңби?-дедим. Ал дароо өзгөрүлүп, — “Аке, мага кандай гарантия?-деди. – Сага мен гарантия, мен Убактылуу Өкмөттө олтурганда сен Ошто Мэр болуп олтурасың, эгерде мен кетсем, ал жагын өзүн билесиң, дедим. Ал, — “Болду аке, мен силер менен болом”-деди. Мен ага эртең менен эрте Жээнбековдор, Мамановдор Лениндин эстелигинин алдында, ушул жерде болушат, Бакиевдер келсе аларга каршы чыгат, сен балдарыңы аларга кош, өзүң алар менен тур, алдоо болбойт, баарын мен өзүм көрүп турам,-дедим. — “Сиз кайда болосуз?”-дегенде, мен эл ичинде болом, силерди карап турам дедим.
Мен Бакиевдер түз эле резиденцияга барып олтуруп алса эмне кылабыз деп коркуп турдум эле.

Мырзакматовго катуу ишенсе керек. Эртең менен Бакиевдер эл турган борбордук аянтка келишип, эн чоң катачылык кетиришти. Борбордук аянтта эл сизди күтүп турат деп бирөөлөр ишендирсе керек. Алар машиналары менен аянтка драмтеатр жактан келе жатканда эле Асылбек Жээнбеков баштаган адамдар, ага Мамановдун, Мырзакматовдун балдары кошулса керек, айтор бир өңчөй жаштар, анча-мынча аялдар алдынан тосуп, — “Ошко кирбейсиңер, кайт артыңа, Оштон кет”-деп жакын келгенде, жан сакчылары асманга ок чыгарып, алар машиналарга кире качып, артка кетүүгө аргасыз болду. Артка кетип, Өзгөнгө барып токтогонун уктум. Эгер резиденцияга барганда, мүмкүн ал жерге барып олтуруп алмак. Ү.Сыдыковдун үйүндө олтурган түштүктүн бир топ аксакалдары аны тосуп алышмак.

Ошентип, Бакиевдин түштүктө олтуруп бийликти улантам деген ою ишке ашкан жок. Ошондо ага каршы турушкан карапайым эл, аларды уюштуруп жетекчилик кылган С.Жээнбековдун, А.Жээнбековдун, Р.Мамановдун, элдик милиционер аталган Капаровдун, камалып чыккан К.Тезекбаевдин, ж.б. кеч болсо да аларга кошулган М.Мырзакматовдун ошондогу эрдигин, өмүрлөрүн тобокелге салышканын тарых үчүн, калыстык үчүн айта жүрүү керек.

Бакиевдер артка качып кеткенден кийин баарыбыз С.Жээнбековдун кабинетине кирип, мен аларды кан төгүлбөй аяктаган жеңиштери менен куттуктадым. Самсаалынын сумкасында жүргөн Бишкектен келген нан-токочту бөлүп берип, аларды да аягына чейин бирге болуу үчүн антташтырдым. Сооронбай сыртта турган элге лепешка алып берүүгө да каржат жок экенин, элдик кошундарды кантип кармоо тууралуу дагы арызын айтып жатты. Бир жаш жигитти көрсөтүп, “ушул жигит бизге абдан чон жардам берди, биз координациялык кеңеш менен бирге ушул жигитти түштүк бажысына Матраимовдун ордуна коюп берүүгө сунуштайлы, ушул жигитти коюп берсеңер, эл кууп жиберген Раим Матраимовду Бишкекте 400 миңби же 700 минби доллар көтөрүп, жаңы бийликти да сатып алып, кайра кызматына келгени жатыптыр,- деген сөз жүрүп жатат эл арасында, Азике, мындай кылсаңар анда элге уят болобуз”-деп, күйүп-бышты.

Мен ага, — бажыны мен эмес, өзүңдүн партиялашың Атамбаев тейлейт, ага сөзсүз сенин салам-дубайынды, жазган сунушунду жеткирем, силер айткандай чечкенге аракет кылайын дедим. Кийин ушул маселе боюнча Атамбаев экөөбүздүн телефондон сүйлөшкөнүбүздү ачыкка чыгарып жиберишти. Сооронбай айткандай кайра Ошко өз ордуна келди. Атамбаев менен Кулматов аны кетирмек тургай коргоп жүрүштү. Ал дагы деле иштеп жүрөт. Сооронбай кийин “ыйлабай”, Матраимов жөнүндө сүйлөбөй да калды. 2016-жылы Премьер-министр болгондо Матраимовду өзү эркелетип жүрдү.

Жээнбековдун кабинетинен чыгып баратып Башкы прокурордун түштүк региону боюнча орун басары Рыскул Бактыбаев деген курсташыма телефон чалып, үйүңө мени ээрчитип бар, эч ким билбесин, жуунуп алайын, анан бир көйнөгүңү бер, которунуп алайын дедим. Рыскулдун үйүнө келип, жаңы эле жуунуп бүтсөм, Т.Исмаилова телефон чалып, жолугалы деди. Аны менен мурда Бакиев менен жолугуунун форматын сүйлөшкөн элек. Ал А.Абдирасулова менен келди. Ал келгиче К.Дүйшебаев менен сүйлөшүп, Бакиевдер азыр Өзгөндө турганын айтып, Жалал-Абад менен Өзгөндүн ортосундагы ашууда, эл жок жерде аларды кармаш үчүн мага Ошко спецназдын балдарын вертолет менен жиберүүнү сунуш кылдым. Ал мага: — “Сиз атайын операцияга барбай эле коюңуз, мен Жалал-Абадга 80 спецназ менен өзүмдүн биринчи орун басарым Артур Медетбековду жиберип жатам, азыр алар учат”-деди. Мен Артур Медетбеков деген ким? Ал качан орун басар болду? Мурда эле бар беле же жаңы болдубу?-десем, — “Жаңы эле дайындалды, ал профессионал чекист, бизди уят кылбайт, сиз ал жакка барбаңыз”-деди. Мен ага, мен Оштомун, эгер бир нерсе болсо дароо чал, дедим.

Эки-үч сааттан кийин Исмаилова менен Абдирасуловалар келишти. Биз Бакиевдер менен сүйлөшүүнүн жолун акылдашып жатканда эле, Азиза бирөө менен телефондон сүйлөшүп, анан бизге, “Бакиевди үй-бүлөсү менен ОБСЕ Жалал-Абаддан алып кетет экен, Убактылуу Өкмөт уруксат бериптир”-деди. Мен мындай болушу мүмкүн эмес деп, Р.Отунбаевага телефон чалсам, — “Мен жеке өзүм ушундай эрктүү чечим кабыл алдым, Оруссия, Казахстан, ОБСЕ жанды койбоду, ал чыгып кетсе Кыргызстанга стабилдүүлүк орнотконго жардам беребиз дешти”- деди эже. Мен, — Роза Исаковна, тарых алдында өзүңүз жеке жооптуу экениңизди элге чыгып айтыңыз, Убактылуу Өкмөттүн чечими жок, сиз жеке өзүңүз андай чечим алууга укугуңуз жок болчу, муну эл билсин, сиздин жеке чечимиңиз үчүн түштүктө өмүрүмү тобокелге салып жүргөн мен ортоктош боло албайм, деп телефонду өчүрдүм. Тигилерге Азиза туура айтыптыр, Отунбаева жеке өзү уруксат бериптир, мүмкүн туура кылгандыр, тарых өзү баасын берет дедим.

Р.Отунбаева Бакиевге үй-бүлөсү менен (кичи аялы, балдары менен) уруксат бергенин, шарт боюнча Жаныш Бакиев аэропорттон агасы учары менен колго түшүп берерин айткан эле. Иш жүзүндө андай болбоду. Бакиевдин ошондо жан-жөкөрлөрүнөн Бакыт Калиев гана (Коргоо министри) ал Жалал-Абаддан учуп кеткенге чейин таштап кетпей, аягына чейин “эркекче” бирге жүрүп, анан өз ыктыяры менен колго түшүп берди. Дагы бир Президент менен бирге жүргөн иниси Жаныш Бакиев болсо Артур Медетбековго “эртең “өзүм барам деп, генералча” убада берип, качып кетти. А. Медетбеков ага ишенип аны кармабаптыр. Бирок эл арасында, “Жаныш Артур Медетбековду сатып алыптыр”, “Жаныш А.Медетбековду коркутуп коюптур”, дагы башка сөздөр, миштер айтылып жүрдү. Бирок, чыныгы факты Жаныш Бакиев агасын аэропорттон учуруп коюп, 2010-жылдын 19-апрелинде Жалал-Абадда элди дагы көтөрүп, П.Рахмановду губернатор кылып, реванщисттик саясатын “талаа командириндей” баштагысы келди, бирок колунан келбеди. Тажикстан, Түркия аркылуу агасынын артынан Белоруссияга кетип калганы болду. А.Медетбековдун бул кетирген катасы үчүн, Ж.Бакиевди кармабаганы үчүн аны Убактылуу Өкмөт кызматынан бошотту. Биз Самсаалы экөөбүз да кезектеги миссиябызды аткарып, такси менен Бишкекке жөнөдүк.

Ошентип, 2005-жылдын март революциясынын шарапаты менен бийликке келген Президент К.Бакиевдин доору 2010-жылдын 15-апрелинде анын Р.Отунбаеванын чечими менен, ОБСЕнин жардамы аркылуу Белоруссияга чыгарылышы менен биротоло аяктады. Эми анын ордуна 2010-жылдын 7-апрелиндеги Элдик революциянын аркасы менен бийликке келишкен Убактылуу Өкмөттүн убактылуу өткөөл доору башталды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *