Бурят жомогу

Карышкыр дарыя боюна келип, баткакка тыгылган кулунду көрдү. Шилекейин чууртуп даяр оокатты жегиси келди.

Кулун жалбарды:

— Сен адегенде мени тартып чыгар, анан деле жегенге үлгүрөсүң.

Бөрү айтканга көндү. Кулунду тыгылган жерден тартып чыкты.

Анан аны жемекчи болду эле кулун минте салды:

— Коё тур, кашабаң, анан дале сен жейсиң да. Мен адегенде курганайын, жуунуп-тазаланайын. Болбосо ушул баткак менен кантип даап оозуңа саласың.

Кулун курганды, жүнү жылтырап тазаланды. Карышкыр тишин кайрап, ичин жара тартууга камынды.

— Коё тур, – деди кулун кайра, – менин арты аягымдын таманында алтын мөөр басылган. Ошону сен ал, бай болосуң, сага баары суктанып карашат…

Буга карышкыр абдан сүйүндү. Кулун таманын көтөрдү. Карышкыр темселеп анан таманынан алтын мөөр издеп кирди. Ошондо оң келтирип туруп, кулун карышкырды тумшуктан ары тепти эле, анын төрт буту көктү карап сырайып жатып калды. Ыйлады, көзүнөн мончоктоп жаш куюлду.

Кулун болсо секирип ойноп кетип калды. Карышкыр ойлойт: «Эмне үчүн мен аны дароо эле жеп салбадым. Эмне ал менин балам беле же бир тууганымбы?»

Карышкыр андан ары жол улады. Караса, кашаа ичинеде бир кулун оттоп жүрөт.

Кашабаң тиштерин качыратып:

— Мен сени жейм! – деп кыйкырды.

— Кел, мени мин, мен сени бир айлантып ойнотуп келейин, анан дале жейсиң. – Кулундун ушинтип суранганына карышкыр ойлоно түштү.

Макул болду сыягы. Кулунду минип карышкыр шамалдай сызып жөнөдү. Анан ал айлана берди, айлана берди. Бир кезде тосулуп турган кашааларга салды эле карышкыр эң үстүнкү кашаага тийип оонап түштү. Өлүк сымал өзөрүп көпкө жатты. Көпкө барып эптеп турду. Теңселе басып айыл тарапка багыт алды. Аякта болсо жер челип чочколор жүрүшкөн.

Ачка жана жарадар карышкыр бүт күчүн сарптап кыйкырды:

— Мен силерди жейм!..

— Сен, карышкыр, дароо эле жейм дебей, биз кандайча ырдай турганыбызды бир көрүп албайсыңбы?- Ошентишти да чочколор хор менен ырдап киришти.

Чочколордун ызы-чуусунан адамдар чуркап чыгышты. Карышкыр куйругун түйүп качууга мажбур болду, ал токойду көздөй шуу койду. Токойдо ач карышкырга мергендин аңчы ити жолугуп калат.

— Мен сени жарып таштайм! Курсагым өлө ачып турат! – деди карышкыр.

— Жолуңа түш! – Иттин ачуусу келип, тишин кайрап, жүнүн үрпөйттү.

Карышкыр куйругун кыпчып, дагы арылады.

Жаңы эле өлгөн эчкинин эти мында, алдында эле жатпайбы. Кашабаңдын сүйүнүчүн айтпагыла: «Мына, кудай берет деген, азыр өлө тойгончо жейм». Ал ушинтип ойлонуп барып этти бир жулкту эле «чак» этип өзү капканга  илинди.

Которгон Абдыкерим МУРАТОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *