ФЕЛЬЕТОН

Аңгемени адегенде түшүндүрүп отурбай, туура эле чокусунан түшүү керек. Ошондой болсо да, аз-аздан алдын-ала сүйлөгөн жакшы.
Фрунзеден Ысык-Көл жакка, Тянь-Шань жакка баруу үчүн поезд же автомобилге түшөсүң. Поезд болсо, Рыбачыга чейин гана алып барат. Ал эми автомобилге, акча маселеси жайында болсо шофёрлорду чекеге чертип туруп түшөсүң. Кээ бирөөлөр машинага түшкөндү, кээ бирөөлөр поезддин ичинде чай ичип термелип барганды жакшы көрүшөт. Мен көбүнчө чөнтөк жагым менен кеңешем. Маселен, мындай деп ойлоном: «Кош… машина болсо Рыбачыга чейин 70ти алат.

Таза машина болсо го түзүк, май тарткан неме болсо барып түшкөн жериңден шофёруң ким, сен ким экениңди эч ким тааныбай калат. Ал эми дүкөндүн буюмун тарткан машина болсо, барган жеринде бир-эки тоголок жип, эки-үч аялдын байпагы (мейли пудрасы) кемип калдыбы, опус кылат. Кой, буга түшүп кереги жок. Анын үстүнө машинанын бузулуп калмасы да болот. Бузулган жерде дөңгөлөгүнө жел толтурушуп бербесең, акчадан аша кечип, ара жолго таштап кетмейи да бар. Андан көрө он беш сом төлөп, Быстровкага чейин поездге түшөйүн, калганын да көрө жатармын…» – деп ойлодум.

Жеке мен элемин десем, муну элдин баары эле үйрөнүп алыптыр. Вагондо көп киши баратабыз. Көңүл жай. Ар кимиси менен сүйлөшкүң келет. «Ушулардын ичинде мени менен Рыбачыга чейин кимиси жолдош болор экен?» – деп ойлоном. Чынында жолдош болчулар көп экен. Менин жанымда жакшы кийинген бир жигит, шакылдаган илбериңки ак куба кыз менен шынаарлашып сүйлөшүп келатат.

– Жүгүңүз көп экен? – деп коёт жигит.
– Жо-ок, көп деле эмес, эки чемодан, бир таңгак идиш-аяк, анан тетиги эки түйүнчөк, анан мына бул бал куйган бөтөлкө, – деп дардайган чертбутту көрсөттү да, машинага түшөрдө жардам берерсиз, – деди жигитке.
– Пажалуста, жардам кылмак түгүл кайтарышып берем.
Аңгыча болбой бир сөзмөр аял:
– Эми машина эрте келип бизди күтүп турса экен.
– Кайсы машина?
– Ой кокуй, ушу убакка чейин билбейсизби? Быстровка менен Рыбачынын ортосунда ар дайым Киртранстын машинасы жүрүп турат. Бир аздан кийин ушу поезддин ичинен машинанын билетин сатат, кырк беш сом бирдеме тыйын, – деди.
– Ий, айтыңыз, тыйыны курусун, маа десе тоголок эле элүүнү алсын, – деп жиберишти бир тобу.
Мен кубанганымдан ордуман тура калып ышкырык менен обон салып да жибердим. Мурун «эми кандай немеге түшөр экенбиз. Канча сом алаар экен?» – деп сарсанаа болуп барттым эле. Жыргал, сонун иш турбайбы. Жанараак жердин баарын жайнатып кырсылдатып семичке чагып аткан сары чач аялга жиним келди эле, кубангандан ал да менин көзүмө жакшы көрүнүп кетти. «Чакса чаксын бечара, балким ачкадыр же ушуга көнүп калгандыр. Балким, семичкеси өтө эле таттуудур» – деп коём.
Деги кубандык. Аңгыча болбой сумка асынган узун бойлуу аял:
– Ким Рыбачыга барат, билет алгыла? – деп коңшулаш вагондон чыга келди. Бул кишинин сөзү мага «ким бекер дарбыз жесе очередге тургула» дегендей эле сезилди. Билеттерди алдык. Жоготуп жибербейли деген ой менен бекем катып атабыз.
Иңир кирип, айлана караңгы жамынган кезде Быстровкага келип түштүк. Чогулган элдин арасынан:
– Билет алгандар тетиги жерге чогулгула! – деп жанагы билет саткан аял бөлүнүп баскандай болду.
Аны ээрчип элдин теңинен көбү чубады. Сарала куржунду моюнга салынып мен да такымдап жетип бардым. Машинаны күттүк, күттүк. Он беш-жыйырма минутча өтүп калды. Көпчүлүктүн арасынан бир шашкалаң неме:
– Машина эмне мынча кечикти, жанагы аял кайда, бизди алдаганы жатабы?
– Ал аял дагы билет сатып жүрөт, – деп бирөө кыйкырып жооп берди. «Билетти алып алгандарыбыз буюмдарыбыз менен үч машинага араң баткыдайбыз, эми дагы сатып жүрсө, иш кылып үзүлүп кеткиче озунуп жатып түшүш керек» деген ойго келдим да, сырымды эч кимге айткан жокмун.
Аңгыча болбой дүркүрөп машина да келип калды. Алдыңкы машинасы өтө берип кетип арткы чиркелгенине асылдым. Кымкуут, асылгандар көп. Ыргып улам чыгайын десем эле бирөө куржундан тартып калат.
– Ой, куржундан тартпа, өчүң болсо жакадан алсаңчы, – дейм.

Айла кеткенде сарала куржунду машинанын ичине «аман болсок табышарбыз» деп ыргыттым. Анан эптеп атып чыктым. Жеткен эле жерден орун алдык. Бир бурчка отура калайын дедим.

– Ой, көзүң жокпу? Алда жердеги корзинкада күчүк бар! – деп бирөө менин колума өлүп бере жаздап, корзинкасын колуна ала койду. Ала коёр замат мен отура кеттим, киши үстүнө киши жыгыла берди… Уру-чуу, гүрү-күү. Элдин арасынан: «Кокуй күчүк өлүп калган турбайбы» – деп жанакынын каңырыгы түтөдү (Жана катуу жөөлөштө бирдеме каңк дей түштү эле ошондо жан берсе керек).

Сыгылышып атып көбүбүз араң машинага түштүк, жерде калгандар чурулдады эле шеферлор кээ бирөөлөрүн буттап, кээ бирөөнү жөн эле көтөрүп машинага салып дүрүлдөтүп жөнөп кетти. Мына, чурулдакты эми көр. Жалдырап эле сыгылышып калдык. «Ой, үстүмө отурба» – деп бирөө айтса, «кокуй, эмне үстүмө чыгып алган эки акмакты көрбөй көзүң кашайып калдыбы» – деп тигиниси кыйкырат. «Кокуй өлдүм, адамсыңбы?» деген сөздөр учуп кетип жатат. «Ой, деги күчүктүн өлүгүн ыргытып иейин, колумду бошоткулачы» деген жанагы неменин үнү бир жактан чыгат. «Ой, сына турган буюмуңар болсо колуңарга алып алгыла, болбосо жанчылып калат» – деп бирөө эстүүсүндү эле: «Кол бош болсо айтсаң боло, былжыраган келесоо, өзүбүз кыйраганы жатабыз» – деди жаны ачынгандардын бири. Сөгүшүүгө колдонула турган сөздөрдүн бардыгы аял-эркектин оозунан тең жамгырдай жаады.

Караңгыда ким-кимди көрүптүр. Ошентип жүрүп олтурдук. Дагы күндүз болбогонуна кудая шүгүр. Өңүн тааныбай эле сөгүшүп жаттык. Караңгыда бетин сыйпап көрөйүн десең да мүмкүнчүлүк жок. Болгондо да жаны болсо сыйпатпайт эмеспи.

Жөнөкөй жүргөндө жөөлөп кетсең «жүр милицияга» деп жетелөөчү немелер азыр жөөлөмөк турмак, бутун эзе бассаң да эчтеке дебей калды. Өйдө туруп келаткандардын буттары талыды белем, отургандардын үстүнө шалак-шалак жыгыла баштады. Жедеп сөгүшүп бүткөндөн кийин киши бышы кулак же өлүү жоордой болуп калып эчтекени сезбейт экенсиң. Чыдабай кетти бейм бирөө:

– Ай, акмак аял экенсиң, эмне үчүн мойнума минесиң, ансыз деле бир бутумда бир килейген неме чамаданы менен баса олтурат, оң бутума дагы бир локуйган аял үч пуд картошкасы менен олтуруп алды, ал аз келгенсип сен да… – деди эле аны минген аял:

– Ырысыңды жебе, мен сени минбей эле далыңа бир жак жамбашымды жөлөп турам. Эки бутуңа ээ болуп жыя албай анын эмнесин мага айтасың? – деди.

– Эки бутумдун ортосуна мына бул чочко дугдуюп олтуруп алды, кантем, – деди бурчтагы бирөө.
Ушинтип жүрүп олтурдук. Менин бутумда да бирөө олтурган, адегенде тиземден ылдый какшап ооруду эле, кийин чымырап барып эчтекени сезбей калды. Бир маалда элдин арасынан дагы бир эстүү неме:

– Ой, айланайындар! Баарыбыз бир козголушуп буту-колду бошотуп алалычы, – деди эле, анда бирөө:
– Козголуш өзүңөн башталсын, сен менин үстүмдө олтурасың, сен козгол.
– Мен кантип козголом, кыймылдаар айла жок.
– Анда былжырап ишке ашпаган жумушка киришпей олтура бер, – деп бирөө күңк этти.
– Ой, бөйрөгүмө өтүп кетти, тартчы бутуңду, – деди бирөө.
– Ал менин бутум эмес, мынабу жигиттики, – деп мени көрсөттү.
– Жок, жок. Сеники, менин бутумда мына бул балалуу аял олтурат, – дедим.
– Желмогуз аял олтурса да тарт, бөйрөгүм түшүп калды.
– Сенин бөйрөгүңдү менин бутум эмес, мына мунуку, – деп жанагы жигитти көрсөттүм.
– Ай, бир акмак экенсиң да, бул сенин бутуңбу, менин бутумбу, көрө коёлу?
– Бутум эчак уюган, эч нерсени сезбейт, сыйпап билейин десем, колум жетпейт, көрчү, – дедим.
– Өтүк беле, батинка беле?
– Таманында жамаачысы бар, жулугу айрылган өтүк эле, – дедим. Тигил сыйпап көрдүбү, мен сезген жокмун.
– Бул батинка экен, – деди.
– Эми бөйрөгүңө өткөн бутту өзүң кармалап көрсөң боло, ээси чыгар, – деп мен бөйрөгү ооруганга айттым эле, ал араңдан зорго козголуп сыйпап көрдү көрүнөт:
– Таманы такыр түшкөн өтүк экен, бирок такасында темир наалысы бар, – деди эле тиги менин бутумду кармалаган жигит:
– Ой, эмне көлөшү жок бекен? – деди.
– Жок, эч кандай көлөш жок.
– Анда эмесе нары жагы чулгоо бекен же тор байпак бекен?
– Тор байпак экен, – дедим эле:
– Кокуй… менин бутум турбайбы, көлөш кайда түштү экен аа? Машинанын ичинде эле болсо болду. Быстровкада калды го. Тиги бутумду да сыйпап көрчү.
– Анын кайда экенин билбейм. Мага бир эле бутуң өтүп атат.
Таң сүрүп калганда капчыгайдын башына чыгып, Рыбачыга баруучу түзгө түшкөндө машинабыз токтоду. Көрсө, дөңгөлөгү жарылыптыр. «Билетти ойго келгенче эле сата беришет экен», – деп шофёрдун «Киртранска» урушуп жатканын уктум. Алар антип-минтип дөңгөлөк оңдогон чакта баарыбыз серептеп түшүп эс алдык.
Аңгыча таң атып кетип, бири-бирибизди ормоё карашып өңүбүздү көрүштүк. Күчүктүн ээси күчүктүн өлүгүн ошондо араң ыргытты. Ал да «Киртрансты» тилдеди. Бизди сүйрөгөнгө түшкөндөргө караганда чиркелген биз жакшы келиптирбиз. Анткени биз тараптан чыгым бир күчүк, сол буттун бир көлөшү жок болуптур (үзүлгөндөрдү, тигишинен кеткен кийимдерди эске албаганда). А тигилер тараптан болсо баягы жакшы кийимчен жигит, ак куба кыздын жүгүн жакшы салышып берейин дептир, бирок ал кыз сынып калат деп баягы бал куйган чертбутту так ошо жигиттин үстүнө сындырып алып экөө катуу сөгүштү деп уктум. Анан дагы эки мушташ чыгып, бирөөнүн кулагын бирөө каната тиштеп алыптыр. А биз кайра бири-бирибиздин бутубузду бирибиз кармалашып сыпайкерчилик менен келдик.
* * *
Рыбачыга келип «Киртранстын» конторунун жанына түштүк. Түшөр замат: – Ким Нарынга, ким Ысык-Көлгө барат, билет алгыла деген кыйкырык чыкты. Баарыбыз тең тарап, бет-бетибизче качтык. Жанагы күчүгү «шейит» болгон менен жалгыз көлөшчөн калган экөө:
– «Киртранстын» директору өзү түшсүн! – деп кыйкырышты.
Бал төгүлгөн сулуу жигит пальтосун кайра бүктөп колтуктап кабагын катуу бүркөп өз жолуна түштү.
Сарала куржун экөөбүз да шофёр издей баштадык.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *