Тарых илимдеринин доктору, профессор. ЖалалАбад облусундагы Сузак районуна караштуу ОртоАзия айылында 1963-жылы туулган. Кыргыз Улуттук университетинин тарых факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Кыргыз Улуттук илимдер академиясында жана Ж.Баласагын атындагы КУУда тарых факультетинин Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын доценти, профессору, кафедра башчысы, биринчи проректору болуп иштеген.
У ч у р д а « М а н а с » Кыргыз-Түрк университетинин профессору.

Тарыхтын өчпөс издери
… Алар (хотондор) боз үйдү пайдаланышат, өздөрүн мусулмандарбыз … кыргыз тегиненбиз деп билишет.
Б.Владимирцов
Бүгүнкү Монголияда Кытайдан (Батыш Кытай тараптан, Ичкерки Азия) көчүрүлүп келинген хотондор аттуу өздөрүнүн тегин кыргыздардан тараткан, тили моңголдошкон этнографиялык топ бар. Соңку эл каттоонун жыйынтыгы боюнча (2009-ж.) хотондордун жалпы саны 10 000ден ашуун калкты түзөт. Албетте, бул этносту Чыгыш Түркстандагы Хотан (Хотен) жана хотендик уйгурлар менен чаташтырбоо зарыл.
«Уйгур» деген расмий этноним калыптанганга чейин Чыгыш Түркстандын (Циньзян-Уйгур Автономиялуу районунун негизги калкы) уйгурларынын басымдуу бөлүгү «хотендиктербиз» деген этностук өзүн өзү таануусу болгон. Оболу, «хотон» этнониминин маанисин тактап алуу зарыл. Этнонимдин параллелдери (окшоштугу) бүгүнкү кыргыздардын чекир саяк жана саяк урууларынын курамдарынан «хотон» формаларында кездешери белгилүү.

«Хотон» монгол тилдеринде: 1. кырг. биргазан (орусча – пеликан); 2. «Маяк» маанилерин туюнтат (Монгол орос толь,1957, 343). Ошол эле учурда этностук аталыштын параллели бүгүнкү түркмөндөрдүн курамынан «готан» формасында кездешери маалым. Бул термин түркмөн тилинде да жогорудагыдай эле мааниге ээ. Этностук аталыш жер (топонимика) атына (котон – котон) байланыштуу келип чыгышы да мүмкүн. Хотон топоними шаар жана аймактын аталышы катары Тарим (Батыш Кытай) суу бассейнинин жогорку агымына чукул жайгашкан. Бул аймакта кыргыздар азыр да жашап келишери маалым.

Хотон топоними «Манас» дастанынын бардык варианттарында жыш эскерилет («Манас». Энциклопедия, Т.I, 324). XIII к. Борбор Азиянын мейкиндиктерине чыккан монголдор Чыгыш Түркстандын мусулмандарын «хотон» деп аташкандары маалым. Арийне, монгол тилдүү элдерде (ойрот-монголдордо) «хотон» кандаш бир туугандардан куралган, көчүп-конуп жүрүүчү чарбалык бирдик маанисин да түшүндүрөт. Аха (кыргызча – ага, аке) башкарган бул чарбалык бирдикке саны экиден кем эмес үй-бүлө мал-жандыктары менен кирген. Хотондогу түтүндүн саны мал жайытынын ыңгайына карата көбөйүп, айрым учурларда азайып турган.
«Хотон» атынын маанисине Жунгар (Ойрот) хандыгынын тарыхы боюнча адис И.Я.Златкин төмөндөгүдөй аныктама берет: Хотон – кандаш туугандыкка негизделген, чогуу чарба жүргүзүшкөн үйбүлөлөрдүн тобу. Хотондо 4, 10, 50 же андан көбүрөк үй-бүлө тобу болгон. Бир нече хотон аймак же отокту түзүшүп, ал жалпы менчикти, ээликти аныктаган. Отоктор же аймактар тобу – улусту, ал эми улустар болсо Жунгар (Ойрот) хандыгын түзгөн (Чернышев, 1990,59). Ал эми дал ошол Монголияда Убсу-Нур жана Улан-Гом аймактарында жашап жаткан хотондор кимдер деген суроо келип чыгат.

Долондор Монгол Эл Республикасынын Түндүк-Батышындагы Убсу–Нур аймагынын (Убсу-Нур көлүнүн түштүк тарабы) Траиалан сомонунда (монголчо – «жер иштетүү мыкты өнүккөн» маанисин туюнтат), Улан-Гом аймагынын Наран-Булак сомонунда, аталган аймактын борбор калаасында жашашат. Фольклордук маалыматтар боюнча долондор Цинь Кытайынын аскерлери тарабынан Чыгыш Түркстандын хандыктары менен болгон согушта туткундалып келген имиш.

XVII к. аягы, XVIII к. баш чендеринде хотондорду азыркы жашап жаткан Хархира (кырг. Каркыра) жерине жунгар ханы Галдан Бошоктухан жайгаштырган деп айтылат. Хотондор кошуна жашаган калмак-монголдордун дэрбет, хотогойт ж.б. этникалык топторунан антропологиялык тиби (памир-фергана, монголоиддер) боюнча кескин айырмаланып турушат. Дини боюнча исламдын суннит багытын тутунушат. Өз тилдерин дээрлик унутушуп, туткан диндеринде да буддизмдин, шаман ж.б. диний агымдардын эле менттери байкалат. Бирок өздөрүнүн этникалык башатын, динин унутушпай келишери маалым. Мындан үч кылымдан ашуун мезгил илгери Хархира суусуна жамаатташ жерлерге сугат системалары курулуп, дыйканчылык маданияты жогорку деңгээлде өнүккөн. Ошондон улам аталган аймак Тариалан (монголчо – «жер иштетүү мыкты өнүккөн») деп аталат. Бүгүн да хотондор дыйканчылык жана бакча менен байланышкан жашоо укладын өзгөртпөй келишет.

Улан-Гомдун Хархире (Каркыра) дарыясына чукул жерлерде жашашкан, курамына бир катар түрк этнокомпоненттери (анын ичинде басымдуусу кыргыз этнокомпоненттери) кирген хотондор бир нече кылым илгери Хотон тоолорунда жашаган деген маалыматтар бар (Абрамзон 1990, 67–68). Түрколог С.Е.Малов да өз изилдөөлөрүндө хотондордун этностук жактан кыргыздарга жакын экендигин белгилеген жүйөлүү пикирин айтат.

Монгол тилдери боюнча адистердин айткан пикирлерине караганда хотондор дэрбет жана хошут тилдерин (диалектилерин) дэрбет жана хошуттардан дурус билишет (Доржи Басаевдин маалыматы).
Хотондор жашаган аймак ойрот-калмактар үчүн ыйык жер катары эсептелет. Бул жерде Галдан-Бошокту хандын сөөгү (будда расмиси боюнча) өрттөлгөн. Хотондор кошуна жашаган дэрбет, хошут, хотогойт ж. б. ойрот этносторун «хальмг» (калмак) деп аташат.

Өздөрүнүн тегин «кыргыздарбыз», Күңкер хандын тукумдарыбыз деп айтышат. Тибеттиктердин тилинде түрк тилдүү элдерди «күнкер» деп аташары маалым. Бул аймак Россия (Тыва Республикасы) менен чек аралаш жайгашып, тогуз жолдун тоомун ээлейт. Ошондуктан, аймакта мурдагы падышалык доордогу атактуу орус саякатчылары көп ирет болушуп, өз эмгектеринде хотондор тууралуу арбын эскеришкен. Аларга атактуу саякатчылар Г.Н.Потанин, Б.Б.Барадин, түрколог-тарыхчы В.В.Радлов, Монголия жана Тибетти алты ирет экспедиция уюштуруп изилдеген П.К.Козлов, атактуу монголтаануучу, тилчи Б.Владимирцов, белгилүү түрколог А. Самойлович ж. б. кошууга болот. Атактуу саякатчы Г.Н.Потанин хотондордун ичинде болуп: «Хотондордун тили кара кыргыздардын тили менен өтө жакындыгы байкалып турат. Кара кыргыздардын «сары баш» («сары багыш» – тактаган Г.Н.Потанин) уруусунун «кырк кыздан» тараган деген санжырасы мени аябагандай таңдантты» – деп эскерген (Потанин, Очерки, II, 162).
Ушул эле автор хотондордун уруулук курамы тууралуу маалымат берип, алар жети уруктан турарын жазган. Монголияны жана Тибетти изилдеген саякатчы П.К.Козлов хотондордун сырткы келбеттери арий өңдүү, көздөрү чоң, мурундары кырдач, кийген кийимдери айланадагы башка элдерге окшоборун жазат. Ал хотондордун (Алашань аймагы) айткан уламыштарына таянып, бул аймакта кыргыздар болгон деген пикирин айткан.

Дүйнөлүк аты бар монголтаануучу Б.Владимирцов жана чыгыштаануучу, түрколог А.Самойлович хотондорду этнографиялык, тилдик маалыматтардын негизинде терең изилдешип, сырттан келип кирген аралаш элементтери болгону («кара кыргыз жана орто азиялык сарттар») менен кыргыз этнокомпоненттери басымдуулук кылат деген жыйынтыкка келишкен. Б.Владимирцов хотондор өздүк этникалык эстутумунда «кыргыздарбыз» деп айтарын белгилейт.

Анын айтымында, «хотондордун Улан-Гомго келген кыргыздарды көргөнүндө алардын тилдери жана мыйзамдары биздики менен жалпы экендигине ынандык…» дегендерин жазат. Ушул эле окумуштуу хотондордун ислам дини менен катар байыркы түрктөргө таандык конушту, үй-бүлөнү колдоочуларга, жер-сууга ишенишерин, анын урматына кой курмандыкка чалынып, териси молдого берилерин жазат (Владимирцов Б. Я. (1916 а) Новые данные о хотонах // Записки Восточного Отделения Имп. рус. арх. Общества, Пг.: Тип. Имп. АН, т.23: 265–277; Владимирцов Б.Я. Турецкий народ хотоны.// ЗВОРАО, 1916. – т.23. – с.265–277).

Кызыктуусу, хотондор өздөрүн кайсыл урууга таандык экендигин билишет. Учурда хотондордун уруулук курамы жети бөлүккө (долоон элкен) ажырайт. Б.Владимирцов мындай деп жазат: «…алар (хотондор) боз үйдү пайдаланышат, өздөрүн мусулман, Чыгыш Түркстандан келгенбиз, кыргыз тегиненбиз деп белгилешет. Уруктары: аджу-хурман, яс, ильбя, бурут, удзебук, касыль, жуппар, худайберды, шава, нилва, шалбак, озбек, хасн, цёс (Владимирцов Б.Я. Турецкий народ хотоны.//ЗВОРАО, 1916. – т.23. – с.265–277).
Айрым булактар хотондордун уруктарынын өкүлдөрүн төмөндөгүдөй бөлүшөт: 35.4% шаавай, 20.77% холидог, 6.99% шалбаг, 6.98% бурд(аг), 5.3% оготор, 0.32% хаснут, 0.02% хочкэлд.
Мисалга, «холидог» – аралашкан, жуурулушкан маанисин туюнтат. Бурд (аг) – бурут, оготор – кыргыздын дөөлөс, саруу урууларында – «оготур» уруктары бар экендиги маалым. Хөчкелд, балким, «көчүп келди» маанисин билдирет.

Монголиядагы Баян-Улгэй казактарынын муфтийи Азаткандын берген маалыматы боюнча хотондордун курамы төмөндөгүдөй уруктардан турат: 1. Бурууд. 2. Хаснууд. 3. Огтар. 4. Чабай. 5. Чалбык. 6. Хошгелди. 7. Курумьян.
Монголиядагы «кыргыз» энчилүү аттары
Азыркы Монголия Азиянын так ортосунан орун алган мамлекет. Аянты бир жарым миллион чарчы километр, калкынын саны эки жарым миллион кишиден бир аз ашкан өлкөнүн аймагы түрк-монгол, манжур тилдүү элдердин, уруулардын (хуннулар, Сяньби, Теле конфедерациясы, Түрк кагандыктары, Уйгур мамлекети, Кыргыз каганаты, кара кытайлар, наймандар, Монгол мамлекети, Монгол Эл Республикасы, 1921-ж. тартып) этникалык-маданий бешиги, мамлекет куруу салттары калыптанган тарыхый-этнографиялык зор аймак болуп эсептелет. Бүгүнкү Монголиянын ландшафты, рельефи да бир кылка эмес, территориясынын көпчүлүк бөлүгүн Гоби чөлү, жарым чөлдөр ээлейт. Негизинен, түндүк аймактары тоолуу-талаалуу жерлер, Түштүк Сибирдин климаттык шарттарын элестетет.

Аскердик-стратегиялык мааниси зор, төрт түлүккө ыңгайлуу болгон бүгүнкү Монголиянын аймактарында (өзгөчө, Батыш Монголия) борборлошкон мамлекеттер пайда болуп, бири экинчисин алмаштырып турган. Биринчиден, аймак бир эле учурда Ыраакы Чыгышка, түштүктөгү Кытай династияларына, батышта болсо Чыгыш Түркстанга, Орто Азияга, негизгиси Чыгыш Түркстан аркылуу Кытайдын Шэньси, Ганьсу аймактарына чыгып, Улуу Жибек жолуна көзөмөл орнотууга боло турган.

Кыргыздар үчүн да Борбордук жана Батыш Монголия аймактары өтө маанилүү болгон. Кыргыздардын азыркы Чыгыш Түркстан, Батыш Монголия жана ага чектеш аймактардан Тува жана Минуса аймагына б. з. IV–V кк. хуннулар же аварлар (жуан-жуандар) сүрүп чыгарган деген профессор-археолог Ю.С.Худяковдун пикирин эч ким төгүндөй элек. Ушул тарыхый окуялардан кийин деле кыргыздар Борбор Азиянын мейкиндиктерине чыгууга аракет жасай беришкени белгилүү.

Согуштук-стратегиялык, экономикалык маанилүү мейкиндикке кыргыздар 840-ж. Уйгур каганатын моюн сундургандан кийин чыгышты. Албетте, кыргыздардын башка элдер, уруулар менен этникалык-маданий алакалары өнүгө бергендиги анык.

«Кыргыз» этнокомпоненттери азыркы Монголиянын аймактарына кенен жайылышы IX к. тартып күчөй баштаган десе болот. Дал ушул мезгилде кыргыз аскерлеринин авангарддары кара кытайларга (Ляо – Корей жарым аралына жакын жердеги мамлекет), Ички Азияга – Тибетке чейин жеткендигин тарыхый булактар тастыктайт.

Эбегейсиз зор территорияны жана анын калктарын каратып алган кыргыздар бир жарым кылымдай бул аймактарды бийлеп турушту. Кыргыз Каганатынын курамына кирген Туванын аймагы аркылуу түз монгол талааларына чыкканга болот. Кыргыз каганы Уйгур мамлекетин жойгондон кийин кагандык өргөөсүн (мамлекеттин борборун) Танну Олага көчүргөнү белгилүү. Бул аталган тоо бийиктиктеринен Монголиянын түздүктөрү алаканга салгандай көрүнчү.

Батыш монголия. Хяргас-нор (Кыргыз-Көл)
XI–XII кк. кара кытай, наймандардын миграциясынан улам Кыргыз мамлекетинин чеги кыскара баштаган. Кыргыз уруулары жашаган азыркы Монголиянын (Түндүк жана Түндүк-Батыш Монголия) аймактарына монгол тилдүү ойроттор, миянгаттар ж. б. уруулар өздөштүрө баштаган эле. Ушул мезгилден тарта кыргыздар менен монгол урууларынын ортосунда этникалык-маданий терең алакалар жүрө баштаган. Тактап кетчү маселе, жашоо образы, чарбалык уклады окшош, тили бөтөн кыргыздар менен монгол тилдүү (ойрот) урууларынын алакалары IX–X кк. эле башталган. Бир катар чыгыштаануу-тарыхчылардын пикирлеринде (Е.Кычанов ж.б.) монгол мамлекетинин негиздөөчүсү Чынгыс хан кыргыз тегинен чыгат: «Чынгыс хандын уругу Аланго анын кичүү уулу Бодончардан келип чыгат. Бодончардын өз атасы теги кыргыз Маалих-Баяудец болуу керектиги санжырада айтылат.

Кыргыз Маалих-Баяудец Алангоанын күйөөсү көз жумгандан кийин бул үйдө калган жалгыз эркек үй кызматкери эле. Башка кыргыздар сыяктуу эле Маалих-Баяудец кызгылт түстөгү чачтуу, көк көздүү болгон экен. Бодончар 970-ж. кара кидандар (кара кытайлар) кыргыздарды жеңилүүгө учураткандан кийин туулган. Анын укум-тукумдарынын баары тең Чынгыс хан сыяктуу чачы кызгылт түстүү, көздөрүнүн өңү көк болушкан» (История Хакасии, 2005, – с.154) «Кыргыз» этнонимдери халха-монголдордун негизги ири уруусунун бири катары учурайт. Монголиянын монголдору «халха(с) — монголдор», Кытайдын Ички Монголия Автономиялуу районунун монголдору «барга-монголдор» деп аталышат. Этноним уруу-урук энчилүү аттары катары «хиргис», «херхис» формаларында Монголиянын борбордук жана батыш аймактарындагы монгол тилдүү этностордун дээрлигинин курамдарынан кездешет.

Эң кызыктуусу, Батыш Монголияда Хяргас-Нор (Кыргыз-Көлү) аттуу көлдүн аты да тегин жерден пайда болбосо керек. Хяргас-Нор Монголиядагы Чоң Көлдөр суу системасына кирген көл жана геологиялыкгеографиялык термин менен аталган «Кыргыз ойдуңунан» («Хиргисская впадинадан») орун алган. Кобдо, Забхан дарыяларынан суу алат. Деңиз деңгээлинен 1028 м., аянты 136 чарчы км., тереңдиги 80 м. чейин жетет. Ноябрь айынан апрелге чейин тоңот. Айланасы, чөл, таш-кум, айрым жерлери мал жайганга ыңгайлуу. Суусу минералдуу, балыкка бай. Колдо болгон тарыхый-этнографиялык маалыматтардын негизинде «кыргыз» этнокомпоненттери монгол тилдүү этностордун курамына үч этап менен киргенин байкоого болот:

1. Бул мезгилдерди шарттуу түрдө борборлошкон Кыргыз мамлекетинин түзүлүшү (840-ж. кийин), Монгол мамлекетинин калыптанышы (1206-ж.), кыргыздардын Чынгыс хандын мамлекетине вассалдык абалга өтүүсү;
2. Монголдордун Кытайдагы Юань династиясынын түзүлүшү (1271– 1368-жж.). «Түмөн-Кыргыз» атайын округунун түзүлүшү; кыргызойрот мамилелери, Ойрот мамлекетиндеги кыргыздардын ээлеген орду;
3. Жунгар хандыгынын түзүлүшү (1640–1775-жж.). Енисей Кыргыз мамлекети жана Жунгар хандыгы, Алтан хандар. Енисей кыргыздарынын Жунгарияга сүрүлүшү (1703-ж.). Енисей кыргыздарынын чачылышы (1775–1776-жж.).

Кыргыздардын бир бөлүгүнүн XII к. түзүлгөн Ойрот конфедерациясына киргендигин тастыктаган тарыхый булактар бар. Калмак тарыхчысы Г.К.Авляев Ордос князы Саган Цэцэн жазган «Эрдэниийн Тобчи» тарыхый булагына таянып Ойрот конфедерациясы (XII к.) огулет (олет), багатут (батут), хойт (хойхат) и кэргуддардан (кыргыздар) тургандыгын жазат. Орто монгол тилдеринде кыргыз этноними «кэргут» (кэргу + т; – т монгол тилдеринде көптүк маанини түшүндүргөн сөз жасоочу мүчө) формасында жазылган. Белгилүү монголтаануучу Б.Владимирцовдин пикиринде Ойрот союзуна кирген (XII к. чейинки мезгил) «кергуддар» енисейлик кыргыздар болушкан (Владимирцов, М.– Л., 1934. – с.131).

1207-ж.бүткүл монголдук курултайда Тэмучин ак кийизге салынып, такка Чынгыс хан деген ат менен олтургузулганда кыргыздар бул тактыга баш ийгендиктерин билдирген элчиликти жөнөткөн. Монголдордун Юань династиясы калыптанып, андан кийин Кара-Корумдагы бийлик үчүн болгон күрөшкө кыргыздар да катышкан. Хайду жана анын тарапкерлерин колдогон кыргыздарды Хубилай хан (Юань династиясынын негиздөөчүсү, Чынгыс хандын небереси, Толуй хандын уулу) кыргыздарды бир нече ирет көчүрүү саясатын ишке ашырган. Натыйжада, кыргыздар азыркы монгол талааларынан Маньжурияга чейинки аймактарга чейин чачыраганына тарых өзү күбө.

Илимий адабияттарда «херексур» деген археологиялык термин колдонулуп келет. Бул термин (Коновалов, 1987, 121) «хэгэс-уур — «кыргыз жайы, үйү, конушу» или «гэргэс-хуур» – «кыргыз мүрзөлөрү», «кыргыз бейиттери» маанилерин туюнтат. Бул археологиялык терминге жана Монголиядагы эстеликтерге профессор Ю.С.Худяков төмөндөгүдөй аныктама берет: «Борборуна таш төгүлгөн, тегеректерине таш кыналган бейиттер». Илимпоз бул эстеликтердин Монгун-Тайгадагы орто кылымга таандык кыргыз бейиттери менен жалпы экендигине токтолгон. Демек, «херексур» деген термин кыргыздар калтырган тарыхый-археологиялык эстеликтерге карата айтылат.

Монголдор бүгүнкү күндөрү да (Борбордук жана Батыш Монголиянын монголдору) тарыхый эстеликтерди жогорудагыдай «хэгэс-уур — «кыргыз жайы, үйү, конушу» или «гэргэс-хуур» – «кыргыз мүрзөлөрү», «кыргыз бейиттери» деп атап келишет. Атактуу окумуштуу Г.Н.Потаниндин «Киргизские могилы» («Кыргыз бейиттери») аттуу илимий макаласы («Очерки Северо-Западной Монголии. Выпуск IV. 1883 г.) 1983-ж. «Сибирьская жизнь» деген гезитке басылып чыккан. Бул эки муундан турган сөз («хэрэксур») байыркы кыргыздар менен байланышы бар. Монголтаануучу Б.Я.Владимирцов бул эстеликтерди дэрбэттер «киргиз-ур» – «кыргыз уялары» деп аташарын, эстеликтерди дэрбэттер байыркы «кыргыс» аттуу элге таандык, казактарга эч бир тиешеси жок экендигин белгилешерин эскерген. Халха-монголдордун тарыхый эстутуму аймактын элинин этникалык тарыхында, маданиятында кыргыздардын алган тарыхый ордун чагылдырат.

Монголиянын дагы эң бир кооз көлдөрүнүн бири болгон Хубсугулдун батыш тарабында Дархат өрөөнү жайгашкан. Ушул жердеги дархат, урянхай, халхас деген этностордун ичинде «хиргис» аттуу уруу бар экендиги катталган. Элдик санжыралар боюнча «хиргис» уругу кирген дархаттар монголдордун (Чынгыс хандын доорунан бери карай) тектүү урууларынын бири катарыбыз деп эсептешет.

Элёттордун курамында да «кыргыз» уруктары жыш кездешет. Ойрот мамлекетинин курулушуна (Юань династиясы кулагандан соң) кыргыздар жигердүү катышкан. Ойрот союзунун негиздөөчүсү Хара-Хула болгон. Анын тактысын Эрдени Батур-Хунтайжи мураска алган; кийинки мамлекеттин чыңдалышына, 1640-ж. монгол-ойрот «Цааджийн-бичиг» («Великое уложение» – «Улуу мыйзамдар» аттуу мыйзамдар топтомун Улуу Курултайда кабыл алган. 1660-ж. Эрдени Батур-Хунтайжи көз жумгандан соң анын тактысын кыргыз (хара хыргыс) аялынан туулган улуу балдары (Зодов жана Зорикту) менен торгоут аялынан туулган Сэчэн Тайжинин ортосунда күрөш жүрүп, натыйжада кыргыз ханышасы тактыга мураскер уулдары менен биргеликте ордодогу Сэчэн Тайжини уулап өлтүрүшөт.

Зодов жана Зорикту Көкөнордогу элётторго барып баш калкалашат. Ал эми Эрдени Батур-Хунтайжинин төртүнчү уулу Онцон Тайжи 1667-ж. тартып «Хиргис» (Кыргыз) ээлигин башкарып калды. Демек, Ойрот хандыгында 1703-ж. чейин эле «Кыргыз отогу» («Кыргыз аймагы, жери», «Кыргыз башкаруу бирдиги») болгон деген көз карашты айтууга болот. Себеби Енисей кыргыздары Жунгарияга 1703-ж. сүрүлгөнү илимге маалым.

Халкас-монголдордун да курамында байыркы жана тектүү деген «кыргыз» уругу бар. Монгол илимпоздорунун пикирлерине караганда халхастардын ичиндеги «хиргис» этнокомпоненти монгодордун курамына Чынгыс хандын тушунда эле кирип, XVI к. чейин чингисидноёндор тарабынан бөлөк башкарылган. XVI к. кийин «хиргистер» Тумэн хан сайн ноён (Чынгыс хандын тукумдары Онооху уйзэндинин уулу) башкаруусуна өткөн. Мындан сырткары, учурда халха(с) – монголдордогу этностордун бири болгон миянгаттардын ичинде (мингат) кыргыз («хиргис») деген уруу бар. Бул уруу негизги үч уруктан турат: Алар монгол тилинин ыңгайына карата «шар хиргис», «хар хиргис», «мөдөн хиргис» (сары кыргыз, кара кыргыз, дарак же жыгач кыргыз) деген урук аталыштарын алып жүрүшөт. XIX к. аягы, XX к. баш чендерине чейин «хара хиргистер» – «хайрхан» же «хайраханга» сыйынышса, «шар хиргистер» – «эхийин ууд» же энеге сыйынышкан.

Балким, бул Умай энеге сыйынууну чагылдырса керек. «Мөдөн хиргис» – «мөдөн» – дарак маанисин туюнтуп, ошол эле учурда даракка сыйынуунун шамандык идеясын чагылдырат. Борбордук Азиядагы түрк-монгол элдеринин ичинен «Хайрхан» же «Хайраханга» сыйынуу кыргыздарга гана мүнөздүү көрүнүш болгон. Бул топтогу кудайларга (Хайрахан) арнашып, тору атты (кёк боро) курмандыкка чалышкан. Демек, миянгаттардын курамына кирген кыргыздар өздөрүнүн байыркы туткан динин унутушкан эмес дегенге болот. Мисалга, миянгаттар чыккан жараны, жарадар болгон денени кыргыздарга көрсөтүшпөйт экен. Эгерде кыргыз (хиргис) бул жараны көрүп калса, анда анын оорусу күчөйт, кыргыздын көзү тиет (шаман дининде – «кара ишеним» деп коюшат) деген ишеничте болушкан. Миянгаттардын башка уруктары Көк Теңирге арнап ак боз атты жана көк түстүү койду курмандыкка чалышканы маалым. Бул мисалдар, кыргыздардын миянгаттардын (монголдордун) курамына биротоло сиңип кетпегенин чагылдырат дегенге болот.

Монгол тилдүү буряттардын ичинде кудиндик этнотерриториялык этникалык топ бар. Бул этнотерриториялык топ Россиянын Иркутск облусунун Голоустной дарысынын өрөөндөрүн, Куда, Мурина, Китая дарыяларынын агымдарына карата жашашат. Ушул этникалык топтун ичинде «хан хирхис» аттуу ири урук бар экендиги маалым (Балдаев 1970, 24). Төмөндө Монгол Эл Республикасынын Баянхонгор аймагынын калкынын курамындагы «хиргис» (кыргыз) этнониминин сомондор боюнча таралуу ареалы берилди. Батыш Монголиянын калкынын дээрлигинен «кыргыз» урук аттарынын жыш кездешүүсү аймактагы этникалык узак процесстин жүрүшүнө кыргыздардын катышуу деңгээлин чагылдырат. Ошону менен бирге, жогорудагы келтирилген фактылар ж. б. маалыматтар кыргыздардын саясый турмушка жигердүү катышкандыгын айгинелейт.
1. Баян-Овоод: Урианхан, сартуул;
2. Галуутад: Урианхан, найман, олхунуд, сартуул, хошууд, уйгад
өөлд, хиргис, завар;
3. Эрдэнэцогтод: Урианхан, өөлд, хошууд, хиргис;
4. Баян-Өндөрт: бэсүд, хошууд;
5. Баянцагаанд: бэсүд, хошуул;
6. Гурванбулагт: сартуул, хошууд, хиргис;
7. Жаргалангад: сартуул, урианхан;
8. Заг суманд: сартуул, хошууд, уйгад, урианхан;
9. Баацагаан: сартуул, хошууд, хиргис;
10. Баянцагаанд: сартуул, хошууд;
11. Бууцагаан: харчин, хошууд, бидэгүүн, хиргис;
12. Богд суманд: харчин, өөлд;
13. Хүрээмаралд: харчин, хошууд, хиргис;
14. Өлзийтэд: өөлд, хошууд, хиргис;
15. Баянлигт: өөлд, хошууд, хиргис;
16. Бөмбөгөрт: хорхой нүдтэн, хошууд;
17. Баянбүлагт: хошууд, бидэгүүн, хиргис;
18. Жинстэд: хиргис;
19. Шинэжинст: хошууд.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *