ЗАМАНДАШТЫН БЕЙНЕСИ

(Абдыкерим Муратовдун 60 жылдык мааракесин куттуктап)

Айылда төрөлүп чоӊойдум, бой таркандан баштап борбор шаарга келгениме кырк жылдан ашса да шаардык жашоонун ыӊгай-шартын кабыл ала албай, баари бир токойду эӊсеген карышкырдай болуп айылымдын ак таӊдары көздөн учуп, ушул күнгө чейин ошол жакка баргым келе берет. Айылдаштарымдын мүнөзү, жашоо эрежелери, кылык жоруктары эси-көөнүмдөн чыкпай, мен аларды бүгүн чыгармаларымдын каармандарына айлантып алгам.

Белгилүү жазуучу, публицист Абдыкерим Муратовдун каармандары да дээрлик айылдыктар. Ошон үчүн бул жазуучунун чыгармалары менин жүрөгүмө жакын. Анын айыл жыттанып турган ар бир аӊгемесин тажабай окуй бересиӊ. Ошол эле Үркүнбай «үч талак» деген сөздү калпыс айтып алып, ал сөздүн маани-маӊызы мээсине жеткенде не кыларын билбей, айласы куруп, асманы түшүп, кетменге алы жеткен эркек кебине алы жетпей отуруп калат. Окурмандын ага чындап боору ооруйт. Эгер Үркүнбай шаардык болгондо минтип өзүн кыйнап, жан-алакетке түшпөйт эле. Ал үч эмес беш талак айтса да шариаттын кусурунан, элдин кебинен чочуп минтип эзилбейт эле.

Дагы бир аӊгемесинде шаардагы бийик кабат үйдүн балконунда чабалекейдин уясынын бузулганын, алардын кетип калганын көрүп айылдык кемпир кейиштен жаны жай таппай калды. Уя бузулмак эмес, эгер келини небересин тарелка менен чаппаганда. Шаардагы небересинин үйүнө келген кемпир чабалекейлерди жакшы көрчү. Ошончо быжыраган көп үйлөрдүн ичинен мунун небере уулунун балконуна чабалекейлердин уя салганын ал ичинен жакшылыкка жоруп жүргөн.

Аларды адамга от ташып келген, адамзат тукумун улантканга себепчи ыйык канаттуу деген уламышка бөркүндөй ишенген кемпир паранданын уясы бузулуп, жерге түшүп өлүп калган балапандарын дарак түбүнө алып барып көмөт. Ошол ошол, жүрүм-туруму башкача, шаардык небересинин үйүндө кемпир андан ары калгысы келбейт. Өзү менен кошо айылдан ала келген салт-санааларын балдарына үйрөтө албай койду. Анан акыркы айла-амалды колдонуп үйдөн качып чыгып айылына жөнөйт.

Дагы бир айылдык кемпир алыста жүргөн уулунан сурап-этпей эле аны үйлөнтмөк болот. Бүт өрөөндү түрө көтөрүп өзүнө ылайыктуу келин издейт. Кемпир өзү көкүрөгүнө жаратып алган образдагы кызды издеп жүрүп, кызды эле эмес, цивилизация нугунда улам кертилип кетип жаткан айылдык салт-санааны, ыйман-адепти издейт, таппай убара болот.

Чебер калемгер А.Муратов айыл менен шаардын, эзелтен келаткан салттуулук менен бүгүнкү мүнөт сайын өзгөргөн, бүгүнү бар, эртеӊкиси бүдөмүк жашоо ортосундагы контрасттардын, пейил-мүнөздөрдүн кагылышын адабий кейипкерлер аркылуу таасын сүрөттөйт. Сүрөттөп эле жөн койбой, чыгармаларында айылдыктарга жан тартып, айылды сүйгөнүн, сагынганын, уламыштарга ишенген айылдыктарын жакшы көргөнүн билдирип коёт.

Оозуна от тиштеп, жарадар канаттарын каккылап эчен жол жүрүп аны адамзатка алып келип берген чабалекейдин эрдиги бизди курчап, биз менен канатташ, аралаш, керек болсо имерилип үйүбүзгө, балконубузга кирип келип уя салып жашап жаткан жаратылыштын тилсиз макулуктарынын баары ыйык экенин, досторубуз экенин айтып турбайбы. Демек, табиятка аяр мамиле жасоо менен өзүбүздүн үй-бүлөбүздөгү ынтымакты да кошо жаратып алат экенбиз. Түшүнгөн кишиге мунун баары тарбия, жашоо эрежеси. Мен да авторго кошулуп терезени чоӊ ачып: чабалекейлер бизден алыс учпагыла, бизге жакын келгиле, бар болгула деп асман жаӊыртып айткым келди.

Жазуучу А.Муратовдун «Күнэжей» жана «Чочок кесер» деген аӊгемелери бу оомал-төкмөл дүйнөдө адам өмүрү бирде дарыядай толкуп, шоокум салып, күч кубаты төгүлүп, сулуулугу артып турса, бирде өчкөн оттой бозоруп, камгактай калкып каларын таамай сүрөттөйт. «Күлүк күнүндө, тулпар тушунда» деген элдик философияга дагы бир ирет ынанасыӊ. Бирок дагы бир ачуу чындык – эл ичиндеги кадыр-барктуу адамдын мезгил өтүп унутулуп калышы анын өзү үчүн чоӊ кайгы, муӊ экенин бүгүнкү социум түшүнбөй калганы. Бүгүнкү коом унуткан адам өзүнө калканчты адата арактан издейт…

Бүгүн А.Муратов чыгармачыл баралына толуп, ой-кыялдары ашып-ташып турган учуру экени анын ар бир жазган аӊгемелеринен, публицистикаларынан, ой-толгоолорунан даана көрүнүп турат.
Жазуучуга биз сагынган айылдыктар мүнөзүн, пейилин, кыял-жоругун чагылдырган көркөм чыгармаларды көп-көп жаза беришине тилектешпиз.

Белгилей кетсек, А.Муратов илимдин педагогика тармагында чоӊ окумуштуу, адис педагог. Ал мектеп окуучулары үчүн жазылган бир нече китептердин, этнопедагогика боюнча көптөгөн изилдөөлөрдүн автору.
Кыргыз коомундагы көйгөлүү маселелерге кайдыгер карабай, өзүнүн жарандык активдүүлүгүн көрсөткөн мекенчил публицист да болуп саналат.

Белгилүү журналист жана публицист Амирбек Усмановдун (Азам уулу) пикирине толук кошулам. А.Муратов кумурскадай мээнеткеч инсан. Анын илимдеги, педагогдук ишмердигиндеги, чыгармачылыгындагы кечирген өмүрү бүгүнкү жаштар үчүн үлгү.
Кутман курак кут болсун, Абдыкерим аке!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *