Азимбек БЕКНАЗАРОВ: Атамбаевдин доору (мурдагы бөлүмү ушул шилтеме)

Убактылуу Өкмөт
2008-жылдын аягында БЭК түзүлүп жатканда бир гана Бакиевдердин жеке үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы биригип, радикалдык-революциялык жолдор менен аракеттенүү эле эмес, ал үй-бүлөлүк башкаруу режиминин ордуна кандай бийлик системасы, кандай заман курулары жөнүндө да оппозиция лидерлери бир пикирге келип калган эле.

Эгерде 2008-жылдын ноябрь айына чейин Кыргызстанда негизинен оппозиция үч топко бөлүнүп аракеттенип жүрсө, БЭК түзүлөрү менен оппозиция бир муштумга бириге алышты. (Сынганы сынып, БЭКке келбей калгандарды кошкондо) Мурда оппозициянын айырмачылыктары жогоруда белгилегендей анын максаттарында эмес, ошол максаттарын ишке ашыруудагы жолдордо болгон. Эми ал жол да аныкталды.
Муну оппозиция лидерлеринин бири, “Улуу биримдик” партиясынын төрагасы Э.Каптагаев 2008-жылдын 29-ноябрында Орус драмтеатрында өткөрүлгөн оппозициянын курултайында эң даана, ачык, так көрсөткөн. Ал өз докладында: “Бүгүнкү күндө мен билген оппозициялык күчтөрдүн бардыгынын максаты бир – бул азыркы түзүлүп калган үй-бүлөлүк башкаруу системасын жок кылуу, өлкөнү демократиялык өнүгүү жолуна кайтарып алып келүү, адилеттүү, акыйкат, калыс мамлекеттик бийликти калыптандыруу, бийликтин эл алдында жоопкерчилигин камсыз кылуу.
Бул туура максат, улуу максат.

Ал эми жол тандап алууда айырма бар. Азимбек Бекназаров башында турган Элдик Революциялык Кыймылы бийликтин ажыдаарын түз эле кекиртегинен алып, башын жулуп алуу керек деп жатышат. Антпесе система онолбойт дешет. Мындай позицияны түшүнсө да болот, сыйласа да болот, ага кошулса да болот.

Социал-демократтар болсо бийлик ажыдаарын камалап олтуруп жардын кырына жеткирсек, андан ары өзү кулап кетет деген пикирде. Жардын кыры бул эмки Президенттик шайлоо. Бул позицияны түшүнсө болот, бирок кошулуу кыйын. Анткени азыркы бийликтин колунда шайлоо деген оюнчук кандай чимириле турганын баарыбыз көрдүк ко… Шайлоо элдин эркин билдирүүчү инструмент катары жок болду, талкаланды.

Ал эми тилектештик Меморандумуна кол койгон бир топ саясий күчтөр болсо – койгон максатка жетүүчү жолду тандап алуу саясий кырдаалга жараша болсо деген ойду айтып жатышат. Эгерде кырдаал туура келип калса “Кетсин” деген ураанды да көтөрүп чыгуу мүмкүнчүлүгү четке кагылган жок. Бул позицияга дагы кошулса болот, түщүнсө болот” . (“7-апрель – улуттук каармандык” 2011-ж. 197-198-бб)

2008-жылдын ноябрь айына чейин оппозиция ушундай үч топко бөлүнгөнү менен максаттары боюнча тилектеш болгон. Биздин революциялык кыймылдын көпчүлүгү март революциясынын башчылары болгондуктан, башкалардан айырмаланып, Бишкекте эле ММКда кооз, акылдуу концепцияларды жазып, же интервьюларды берүү менен чектелбей, региондорго, элге барууну, өлкөдөгү үй-бүлөлүк башкаруу режиминен бир гана революциялык жол менен кутуларыбызды түшүндүрүүнү приоритеттүү деп эсептегенбиз.

Аны башка топтогу оппозиция лидерлери колдоого алып турган. Мисалы, дагы бир оппозиция лидери “Ак-Шумкар” партиясынын төрагасы Т.Сариев мындай деген: “Мына, Бекназаровдун кечээ Таласта өткөрүп келген курултайын алдыда боло турган жыйын-курултайлардын көч башы болгондугун белгилешибиз керек. Мына ушуга окшогон жыйындарды уюштурган лидерлер биринчиден карапайым калкка негизги чындык маалыматтарды жеткирип жатышкандыгы жакшы иштин башаты…” (“Ачык саясат” 25.11.2008-ж.)
Ошондуктан революциялык-радикалдык жол менен кулатылган бийликтин ордуна БЭКтин лидерлеринен түзүлгөн Убактылуу Өкмөт өткөөл мезгилде бийликти колго алып, көп жылдардан бери нечен жолу жазылып, нечен жолу элдик курултайларда жактырылып, БЭКтин да саясий бюросунда нечен жолу талкууланган башкаруунун парламенттик түрүнө жакын саясий системаны орнотуу, мамлекеттик бийлик бутактары бир адамга эмес, жалпы элге кызмат кыла турган, адам укуктары менен эркиндиктери кагаз бетинде эмес, иш жүзүндө сакталган, Президент же депутаттардын бийлиги эмес, мыйзамдын диктатурасы үстөмдүк кылган, эркин ойлонуп, эркин сүйлөгөн заманды камсыз кыла турган реформаларды жүргүзүү анын башкы милдети эле. Өткөөл мезгилдеги Убактылуу Өкмөт — Кыргызстанда бийликке келди дегенге караганда “кыргыздар өз үй-бүлөсү үчүн иштеген бийликти кетирип, оппозиция өкүлдөрүнө да көп жылдан бери заманды оңдойт элек, деп жүрөсүңөр, мына силерге бийликти алып бердик, каалагандай башкаргыла да, айтып жүргөн заманыңарды кургулачы, көрөлү”-деп эл тарабынан берилген элдин, мезгилдин оор сыноосуна келди десек туура болгудай эле.

Ошондуктан Бишкекте оппозициянын лидерлерисиз эле революцияны жасаган карапайым эл жүзгө жакыны окко учканына, миңдейи оор майып болгонуна карабай, мамлекеттик бийликти тар чөйрөдө “ээлеп алган” Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнө негизинен каршы болушкан жок. Ишеним артышты.
2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революциядан бери 5-6-жыл өтсө да коомчулук арасында Убактылуу Өкмөттүн аталышы, түзүлүшү, курамы, мыйзамдары (Декреттер), жүргүзгөн саясаты (реформасы), аткарган жумуштары ж.б. маселелер боюнча ар кандай кайчы пикирлер айтылып, алар боюнча ар түрдүү бүтүм чыгарылып жүрөт. Ошол кезде өлкөдө болуп жаткан проблемалар, элдин нааразылыгы, бийликтин өзүм билемдиги, сокур-дүлөйлүгү, акыйкатсыздык менен мыйзамсыздыктары сыртынан серепчилик кылып байкап жүргөн адам эмес, ошолордун ичинде “кайнап” же, “кайнатып” жонтерим менен көргөн, уккан, жасаган адамдардын бири катары жогорудагы суроолорго мен билген, көргөн чындыктар жөнүндө окурмандарга бөлүшкүм келет.

Алгачкы, Убактылуу Өкмөттүн аталышы жөнүндө сөз. 7-апрелдеги революциянын шарапаты менен мамлекеттик бийликти колго алган өткөөл мезгилдин бийлиги эмне үчүн Убактылуу Өкмөт деп аталды?
2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя менен 2005-жылдын 24-мартындагы окуянын аралыгы болгону 5 жыл. Бул эки окуяны эки башка бөлүп кароого болбойт, тескерисинче 2010-жылдын 7-апрелдеги окуя 2005-жылдын 24-мартындагы окуянын уландысы, экинчи бөлүгү деп атасак туура болот.

Биринчиден, 2002-жылдын башынан тарта Кыргызстандагы оппозиция күчтөрү бири нече топко биригип (“Элкомсоц”, “Кыргызстан” депутаттык оппозициялык топтору, “Акаевге отставка – эл үчүн реформа”, “Эл үчүн” , “Кыргызстан Элдик Кыймылы (КЭК) ж.б. саясий-коомдук кыймылдар туруктуу, ырааттуу, мезгил-мезгили менен саясий акцияларды уюштуруп, элдик курултайларды өткөрүп, 2000-жылдардын башында кадыресе калыптанып калган Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине туруктуу каршы аракеттенип турушкан. Ал 2005-жылдын 24-мартында элдин жеңиши менен аяктады.

Экинчиден, 2005-жылдын 24-мартындагы элдик революциянын жеңиши менен бийликке келген К.Бакиев март революциясынын башкы талабы болгон өлкөдөгү үй-бүлөлүк башкару режимин өлкөнүн саясий системасын демонтаждоонун ордуна аны кайра өркүндөтүп, мамлекеттик бийлик бутактарын толук менчиктештирүүнү, аны уулдары менен инилеринин ээлигине биротоло Конституциялык деңгээлде бекитип берүү жолуна түшкөн. 24-марттагы элдик революциянын женишин эл менен кошо уурдатып жиберген март революциясынын лидерлери Д.Садырбаев, А.Атамбаев, Т.Тургуналиев, А.Бекназаров, Р.Отунбаева, И.Исаков, Р.Жээнбеков, Э.Булекбаев, Д.Чотонов, Б.Мамырова, А.Артыков, ж.б. ондогон жергиликтүү лидерлер революциялык саясий күрөштөрүн токтоткон эмес, жаны саясий-коомдук кыймылдардын, партиялардын курамында улантышкан.

Алар менен кошо эле, мурда Акаевдин айланасында жүрүшүп, Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимин “байкашпаган”, “көрүшпөгөн”, укса, көрсө да радикалдарга кошулуп “Акаев кетсин” деген ураанга аралашпаган К.Байболов, Т.Сариев, Э.Каптагаев, Ө.Абдрахманов, Ө.Текебаев, А.Сасыкбаева, И.Өмүркулов, М.Мукашев, А.Жекшенкулов, К.Карабеков, М.Эшимкановго окшогон бир топ саясатчылардын айрымдарынын көзү ачылып, үнү пайда болуп, Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу системасын “демократиялык жолдон тайды” (Акаевдин доорунда эле ал жолдон тайылганын айткылары келбейт), “өлкө коррупциялашып, криминалдашып кетти”-деген адилеттүү сын-пикирлери, келишпес күрөшү менен алар да “радикалдарга” кошулуп ачыкка чыгышты. Алар Акаевдин доорунда “радикалдар” деп жанына жакын келбеген жогоруда аталган айрым революционер саясатчылар менен бир саясий-коомдук кыймылга биригип, 7-апрелге чейин 2006-2010-жылдар аралыгында “Реформа үчүн”, “Акыйкаттык үчүн”, “Коомдук Парламент” жана Бириккен Элдик Кыймыл (БЭК) саясий-коомдук кыймылдарында биригишип, Бакиевдик бийликке каршы аракеттенишкен. Максаты бир болгон. Же, жыйынтыктап айтканда эки революциянын максаты бир, ал Кыргызстандагы коррупцияланган үй-бүлөлүк башкаруу режимди талкалоо, анын ордуна элдик бийликтин (демократиянын) принциптерин орнотуу, бийликти ачык, мыйзамдуу, эркин атаандаштык принциптери менен, элдин эрки (шайлоо) менен түзүү, укуктук мамлекет куруп, мыйзам алдында жашоого умтулуу болгон.

Ошондуктан бул адамдардын экинчи революцияда мурдагыдай элдин жеңишин бир адамга Бакиевге берип коюп, кайрадан кимдир бирөөгө уурдатууга моралдык укугу жок болчу. Алар элдик революциядан кийин конституциялык реформаларды жүргүзүү үчүн өткөөл мезгилди белгилеп, ал мөөнөт ичинде Кыргызстандын жаңы саясий системасын аныктап, бекитип, анан ошого ылайык адилеттүү шайлоо аркылуу жаңы мамлекеттик бийлик органдарын камсыз кылып, жеңүүчүлөргө бийликти өткөрүп берип, өзүн-өзү таркатууну тарыхый максат жана милдет катары мурдатан аныктап келишкен.

Тарыхтан белгилүү болгондой, акыркы үч кылымдын ичинде элдик революциялык жол менен бийлиги алмашылган өлкөлөрдүн дээрлик көпчүлүгүндө жеңүүчүлөр тарабынан Өткөөл мезгил учурунда Убактылуу, революциялык же, өзгөчө дейбизби, же башкача аталабы, негизинен маңызы окшош эле Убактылуу Өкмөттөр түзүлүп келген. Бирок Элдик деп аталышы туура эмес болмок. БЭКтин саясий бюро мүчөлөрүнүн арасында да бул маселе көп жолу талкууланып, ачык жарыяланбаса да “сүткө оозу күйгөн, айранды үйлөп ичет” дегендей, Убактылуу бийликти, убактылуу болсо да бир адамга бербей, коллегиалдуу иштеген, башынан чечилген Убактылуу Өкмөттү түздүк. Бирок башында жогоруда айтылгандай Убактылуу эмес, Сариев айткандай “Элдик Өкмөт” болуп Отунбаеванын кабинетинде түзүлгөн. Аны кечинде Атамбаевдин “Медиа-Форумунда” “Убактылуу Өкмөт” деп кайра түзүшүп, С.Жээнбековдун ордуна И.Өмүркуловду киргизишкен. Чындыгында бул аталыш тарыхый процесстерге, Убактылуу Өкмөттүн максатына шайкеш келет. Биринчи 2008-жылдын ноябрь айында Талас шаарынын стадионунда өткөн элдик революциялык кыймылдын курултайында Убактылуу Өкмөттү түзүү сунушу айтылып, аны делегаттар колдоп беришкен.

Убактылуу Өкмөттүн курамы жөнүндө
Убактылуу Өкмөттүн курамы эмне үчүн 14 кишиден түзүлдү? Бул дагы коомчулукта талаш-тартышты, айрыкча саны эмес, курамы (составы) боюнча көп суроолорду жаратып келаткан маселе. Башында айтканымдай, мен Нарындан келип, Исаков жана башкаларды түрмөдөн бошотуу боюнча алаксып жүргөнүмдө, Убактылуу Өкмөттүн өзү, курамы, жетекчилиги чечилип калыптыр. Ошондо Убактылуу Өкмөттүн курамы төмөнкүдөй түзүлгөн:
1. Р.И.Отунбаева – Убактылуу Өкмөттүн төрайымы;
2. А.Ш.Атамбаев – Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары;
3. А.А.Бекназаров – Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары;
4. Ө.Ч.Текебаев – Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары;
5. Т.А.Сариев– Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары, Каржы министринин милдетин аткаруучу;
6. И.Ш.Өмүркулов – Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, Бишкек шаарынын Мэринин милдетин аткаруучу;
7. Б.Шерниязов – Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, Ички иштер министринин милдетин аткаруучу;
8. Т.Тургуналиев – Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, Токой чарбасы жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу;
9. И.Исаков – Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, Коргоо министринин милдетин аткаруучу;
10. А.Эркебаев – Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү;
11. Э.С.Каптагаев – Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, Өкмөттүн Аппарат жетекчиси;
12. Д.Т.Чотонов – Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, МЧСтин министринин милдетин аткаруучу;
13. Э.С.Ибраимова – Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү;
14. К.Дүйшебаев — Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, УКМКнын төрагасынын милдетин аткаруучу.
Убактылуу Өкмөт курамы боюнча коалициялык Өкмөткө окшош болгон. Анын курамында “батышчылдар”, “орусчул” жана улутчул көз караштагы ар кандай саясий партияларда турушкандар түзүшкөн. Алардын саясий көз караштары ар кандай болгону менен, бардыгын БЭКтин максаттарын ишке ашыруу бириктирген.
Мындан: А.Атамбаев, Р.Отунбаева, И.Өмүркулов – КСДП партиясынан, Ө.Текебаев, Б.Шерниязов, Д.Чотонов, “Ата-Мекен” партиясынан, А.Бекназаров, Т.Тургуналиев — Кыргызстан Элдик Революциялык Кыймылынан, Т.Сариев — “Ак-Шумкар” партиясынан, И.Исаков — “Жаңы Кыргызстан” партиясынан, Э.Каптагаев – “Улуу биримдик” партиясынан, А.Эркебаев “Коомдук Парламенттен”, К.Дүйшебаев – (2005-жылы “Акыйкат” партиясында болгонун, бирок ал партия аракетте эместигин, өзү партияда эместигин сурак протоколунда көрсөткөн), Э.Ибраимова – (2009-жылы М.Садыркулов өлтүрүлгөндөн кийин “Ак Жол” партиясынан чыгарылган) эркин саясатчылар. Алгачкы документте С.Жээнбеков Элдик Өкмөттүн мүчөсү болгон. Бирок Элдик Өкмөт Убактылуу Өкмөт болуп түзүлгөндө анын ордуна И.Өмүркулов мүчө болгон. С.Жээнбеков революциядан кийин Ош областында губернатор болуп, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү болгон жок.

Убактылуу Өкмөттүн жетекчилиги жана курамы боюнча башында анча кызыккан эмес элем, бирок Атамбаев экөөбүздүн ортобузда болгон биринчи “кагылышуудан” кийин изилдеп көрүүгө туура келди. Көрсө, БЭКтин Бишкекте калган лидерлери дээрлик баары кармалып, УКМКга алып келинип, андан ары Атамбаев Бишкек ИИБнүн УКЖна өзүнчө камалып, Отунбаева ары-бери орун которунуп, жашырынып жүрүп камалбай калган. 7-апрелде түштөн кийин “бийлиги бүтүп баратканын” сезген Бакиевчилер жогоруда жазылгандай И.Өмүркуловдун демилнеси менен И.Өмүркулов жана Т.Сариев менен жолугушат. И.Өмүркулов кеткенден кийин, Т.Сариев камалбай сыртта жүргөн Р.Отунбаеваны таап, Ак үйдү курчап турган элди токтото албаса да, бийлигин таштап качууга камынган Д.Усеновдун арызын алып калууга жетишет, жана ошонун негизинде “Бакиевдин бийлиги бүттү, бийлик Элдик Өкмөткө өттү”-деп жарыялашкан. Бирок Д.Усенов арызын Т.Сариевге же Р.Отунбаевага эмес, К.Бакиевге жазган. (№3-тиркеме)

Андан соң УКМКда кармалып турушкан Э.Каптагаев, К.Дүйшебаев, Ө.Текебаев, Б.Шерниязов ж.б. элдин жардамы менен чыгышкандан кийин Р.Отунбаеванын кабинетинде, БЭКтин аткаруу комитетинин базасында Элдик Өкмөт түзүлсүн, деп чечим алышат. Бир жагынан чечим эң туура болгон. Анткени мезгил тез арада жаңы бийликти талап кылып жаткан. Экинчиден, 2010-жылдын 17-мартында БЭКтин аткаруу комитети XI элдик курултайдын чечими менен түзүлгөн. Р.Отунбаева ошондо аткаруу комитетинин төрайымы болуп шайланган. Элдик Өкмөт БЭКтин аткаруу комитетинин базасында түзүлүп жаткандан кийин, Р.Отунбаеванын Элдик Өкмөткө төрайым болгону, аткаруу комитетинин башка мүчөлөрү Элдик Өкмөттүн мүчөсү болушу мыйзамченемдүү көрүнүш болчу.

Бирок БЭКтин мүчөсү болбогон Э.Ибраимова, К.Дүйшебаев, Т.Сариев (башында БЭКке мүчө болушкан), А.Эркебаев, С.Жээнбековдордун Элдик Өкмөттүн мүчөлүгүнө ким тарабынан сунушталып кирип кеткени мага түшүнүксүз бойдон калды. Ал түгүл мен, эмне үчүн А.Жекшенкуловду, Э.Булекбаевди, О.Нарбековду Убактылуу Өкмөткө киргизген жоксуңар?-деп Р.Отунбаевадан сурагам. Анткени алар БЭКтин саясий бюросунун мүчөлөрү болушкан. Көрсө ал учурда деле өз ара жеке кызыкчылыктар, пикир келишпестиктер эске алынып кеткен экен. Ошондо да көрпендечилик болуп кетиптир.

Мындайча айтканда, аткаруу комитети XI элдик курултайда түзүлгөнү менен анын курамын Р.Отунбаева менен Э.Каптагаев өздөрү билип, же бирөөлөрдүн сунушу менен кошумчалап, толуктап жүргөн. Же ошол күнү Р.Отунбаеванын кабинетинде эле түзүлгөнү 2016-жылдын 25-августунда Р.Отунбаева мага 2010-жылы 7-апрелде анын кабинетинде “Элдик Өкмөт” түзүү жөнүндөгү алгачкы документти (жогоруда көрсөтүлдү) бергенден кийин түшүнүктүү болду. Бирок, менде ушул күнгө чейин Бакиевдер сүйлөшүү үчүн Т.Сариевди тандаганы тууралуу суроо жоопсуз жүрөт. Анткени көп документтерде “Э.Сатыбалдиев Т.Сариевге чыгып сүйлөшкөн, Э.Сатыбалдиев ортомчу болгон” деген да такталбаган пикирлер бар. Бийлик Т.Сариевдин 2009-жылдын июнь айындагы Президенттик шайлоонун алдында БЭКке мүчөлүгүн токтотконун жакшы билчү. 7-апрелде өтчү жер-жерлердеги элдик курултайларга да анын тиешеси жок болчу. Аны да бийлик билчү, Сариев да ошондой көрсөтмө берген. Анын үстүнө аны аэропорттон кармап келип сурак кылганда “менин БЭКке тиешем жок” деп берген көрсөтмөсү Бакиевге жеткирилген болуш керек эле. Бул суроолорго Т.Сариев, ага сүйлөшүүгө эгер Д.Усенов чыкса, ортомчу Э.Сатыбалдиев эртеби-кечпи өздөрү жооп айтышар деп калтырдым, анын үстүнө бул көп деле маанилүү эмес.

Бирок эң маанилүүсү эмне үчүн бийлик БЭКтин төрагасы, ошол кездеги бириккен оппозициянын лидери А.Атамбаевдин деле Бишкек шардык ИИБнүн УКЖда кармалып жатканын билип, аны менен сүйлөшүүгө барышкан эмес? Эмне үчүн аны УКМКнын СИЗОсунан Бишкек ШИИБнүн УКЖна жалгыз алып келген? Ага ким ошондой буйрук берген? Эмне үчүн Р.Отунбаева аны күткөн жок? Же, Убактылуу Өкмөттү түзүп жатканда, өзүн анын төрайымы кылып жарыялап жатканда кара жумуш жасап жүрүшкөн, оорчулугун көтөрүп жаткан БЭКтин төрагасы бар, штабдын башчысы бар, Аксыда Т.Тургуналиев, Таласта О.Нарбеков жүрөт, камактагы И.Исаков, Э.Булекбаев, А.Жекшенкуловдор баары чогулсун, анан чечели деген жок? Чындыгында 7-апрелдеги жер-жерлердеги элдик курултайларды уюштурууда аткаруу комитети эмес, түздөн-түз Атамбаев экөөбүз көп маселени тар чөйрөдө чечип, уюштуруп келген элек, аны Отунбаева, Каптагаев, Текебаев да жакшы билишкен. Ошол үчүн жогоруда “эгерде революция Бакиевдерди жеңе албай калганда Атамбаев экөөбүз эң чоң жазаны алат элек” дегеним ошондон улам айтылган. Сариев, Дүйшебаев, Эркебаев, Ибраимова, С.Жээнбековдор деги эле тиешеси жок адамдай, көп болсо күбө катары суралып калышмак.

Ал эми И.Өмүркуловдун айтуусунда Убактылуу Өкмөттүн түзүлүшү мындай болуптур: “ …2010-жылдын 6-апрелинен 7-апрелге караган түнү дээрлик БЭКтин лидерлери Бишкектен, Оштон, Таластан кармалып УКМКга суракка алынып келинет. Аларга кошуп К.Дүйшебаев, Э.Ибраимова, Т.Сариевдер да УКМКда сурак берип жүрүшкөн. Т.Сариевди сурап бүткөндөн кийин “кете бер” деп кое беришкен, бирок Сариев сырттагы окуяларды көрүп кеткиси келбедиби, айтор кетпей коридордо галстукчан ары-бери басып жүргөн. Болжол менен саат 12ден кийин тергөөчүлөр деле кармап келгендерди сурап бүткөндөн кийин же кое берише албай, же камап кое албай, “жогортон” команда күтүп олтуруп калган. Болжол менен саат 14төн кийин И.Өмүркулов тергөөчүлөргө “кое бербейсиңерби?” дегенде, алар “жогоркулар чечет” дешет. Ал Суталиновго киргизгиле дейт. Суталинов жок болгонуна байланыштуу анын биринчи орун басарына жолуктурушат.
Ошондон кийин И.Өмүркулов Т.Сариевдин телефону менен Э.Сатыбалдиевге чыгат да, бизди кое бербейсинерби?-дейт. Э.Сатыбалдиев макул болуп, Өмүркуловду Ак үйгө чакырат.Ошол учурда кармалып келинген Чотонов, Сариев, Ибраимова ж.б. тергөөчүлөрдүн кабинеттеринен чыгып, коридордо эле басып жүрүшкөн болот. Сариев Өмүркулов менен Ак үйгө келишет. Ак үйдүн биринчи кабатында жүргөн Д.Усеновго жолугушат. Андан соң Усеновдун кабинетине көтөрүлүп, И.Өмүркулов Усеновдон, “элди атканды токтоткула”-деп талап кылат. Сариев Усеновго “коалициялык Элдик Өкмөт түзүүнү” сунуштайт. И.Өмүркулов: “кайсы Өкмөттү айтып жатасыңар, элди атканды токтоткула, оппозициянын лидерлерин токтоосуз бошоткула”-дейт. Ошол учурда эл УКМКга чабуул жасап жатканын угуп, Өмүркулов ал жакка кетет. Ал жакка барганда Текебаев, Шерниязовдор УКМКдан чыгып келе жатканын көрүп, Атамбаевди чыгаруу үчүн Бишкек шаардык ИИБнүн УКЖна келет. Ал келгенде Атамбаев да чыгып келе жаткан болот. Өмүркулов Атамбаевди машинасына салып үйүнө жеткирет. Элдик Өкмөт түзүлдү деп Сариев, Отунбаева экөө качан жарыялаганын ал билген эмес. Ал Отунбаеваны ал күнү көргөн да эмес. Бирок ал Ак үйдөн чыгып баратканда Сариев Усеновдун кабинетинде калган жана Элдик Өкмөт түзүү жөнүндө айтып жатканын уккам дейт. Ошондо кетип жаткан Усеновдон арыз жаздырып алышып, анан бийлик бизге өттү деп жарыялашы мүмкүн, мен аларды ошол бойдон кечинде Медиа-Форумда топтолгонубузда көрдүм, ал жерде мага Бишкек Мэриясын сунушташты”-дейт Иса Өмүркулов.

И.Өмүркуловдун айткандары чындыкка дал келет. Анткени, 1-документ Элдик Өкмөт деп, Сариев айткандай болуп жатпайбы. Бакиев, Усеновдордун бийлиги түгөнүп баратканын сезген Сариев ушул учурдан пайдаланып, оппозицияга кирип, бийликке келүүнү көздөгөн. Ушунча кан төгүлгөндөн кийин “коалициялык Элдик Өкмөтү” ишке ашпашына көзү жеткен Сариев БЭКтин лидерлери менен бирдикте гана бийликке келерин түшүнүп, БЭКтин лидери А.Атамбаев экөөнүн 2009-жылкы Президенттик шайлоодон кийинки “салкын мамилесин” эстеп, ал БЭКтин аткаруу комитетинин төрайымы, бекинип бош жүргөн Р.Отунбаевага чыгып, аны Убактылуу Өкмөттүн төрайымы болуңуз деп айтышы мүмкүн. Албетте муну Текебаев, Каптагаев ж.б. колдоп кетишкен болуу керек. Убактылуу Өкмөттү БЭКтин эмес, анын аткаруу комитетинин базасында түзөлү деп Сариев, Дүйшебаев, Жээнбеков, Ибраимоваларды, БЭКтен чыгып кеткен же мүчө эместерди аткаруу комитетине киргизе коюшкан сыяктуу.

Ал эми Ө.Текебаевдин айтымында, А.Атамбаев камактан чыккандан кийин үйүнө кетип калган жана телефондорун өчүрүп салган. Ошол кездеги кырдаалды эске алып, Р.Отунбаеваны башчы кылып, Элдик Өкмөт түзүшкөн.

Дагы бир суроо жараткан маселе, көрсөтмө берүүдөн баш тарткан А.Атамбаевди УКМКнын СИЗОсуна камабай, эмне үчүн Бишкек шаардык ИИБнүн УКЖна жеткиришкен? Демек, УКМКга кармалып келген ар бир оппозиция лидерлеринин көрсөтмөлөрүн Ак үйгө жеткирип, алардын тагдырлары ошол жактан чечилип турганы көрүнүп турат. Эгер абал Бакиевдер тарапка оогондо ИВСте Атамбаевди “каралар менен сындыруу” аракети толук болушу мүмкүн эле.

7-апрелдеги окуяга тиешеси бар БЭКтин саясий бюросунун мүчөлөрү Бакиевдик режим менен күрөштө келишпес, туруктуу позиция кармашкан Исаков, Булекбаевдер түрмөдө, Жекшенкулов үй камагында, сакалын сүйрөп 5-апрелден тартып эл арасында Таласта жүргөн О.Нарбеков, Аксыда жүргөн Т.Тургуналиевдер — Сариев, Дүйшебаев, Ибраимоваларга караганда “чийинден” сыртта калып, Э.Байсаловго окшогондордон кагуу да угушпадыбы.

Бул суроолорго дагы жоопту Убактылуу Өкмөттү шашып жарыялап, анын курамын “комплекттеп” жиберишкен “шамдагайлардын” өздөрүнөн угууну каалар элем. Дал ушул суроолордун жообун уккусу келген БЭКтин лидери А.Атамбаев 7-апрелден тартып мага таарынып, оолактап жүрдү. Андан кийин 11-апрелдеги Таластагы курултай, элдик губернатор шайлоо, К.Курманалиеванын элдик губернатор болушу, анан экөөбүздүн түштүктүн бажы башчысы Матраимов жөнүндөгү телефондогу сүйлөшүүбүздүн ачыкка чыгышы, Атамбаевдин “Вечерный Бишкек” гезитинин редакциясында жекшемби – дем алыш күнү журналисттерди топтоп пресс-конференция уюштуруп, “Мына, Бекназаров прокурорлору менен Ысык-Көлдө Бакиевдердин пансионаттарына рейдерлик кылып жүрөт”-дегендей айткан каралоолору, ал эми май айында болсо, тергөөчүлөр кылмыш ишин алкагында соттун санкциясы менен, Улуттук банктын өкүлүнүн катышуусунда айрым банктык жеке ячейкалардан “Бакиевдердики” деп шектелип ачылып алынган жана Башкы прокуратурада сакталып турган акча каражаттарын Каржы министрлигинин балансына которуп, аны кайра Убактылуу Өкмөттүн чечими менен өлкөдөгү коопсуздукту, саясий, экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу, коомдук коопсуздуктун алдын алуу максаттарда жумшоого байланыштуу Сариев экөөбүздүн телефондук сүйлөшүүбүздү ачыкка чыгарып, бизди “ячейкаларды уурдап жатат” дегендей айтуулары, айрыкча өткөөл мезгилдин Президенти катары Р.Отунбаева аныкталгандан кийин, башка да негизсиз айыптоолору күндөн-күнгө көбөйүп акыры аны менен “эркекче”, “жекеме-жеке” досторчо сүйлөшүүгө туура келди.

Мен ага бир жолу кирип, — Алмаз досум, эмне болуп жатасың, менде эмне таарынычың бар, өзүңдөң-өзүң туура келеби, келбейби, айтор Бакиевдерди унутуп, номер 1 душманың мен болуп баратам, ачык айт, эмне таарынычың бар, мага акча бергемин деп элге барганда, телевизордон да айтып жүрөсүң, канча карызмын айт, аны өзүмө айтпайсынбы?-дедим.

Ал дагы мага атырылып: — “Менин акчама бардык иштерди жасап, силер “саруулар” мени пайдаланып кеттиңер, апичеңе аткаруу комитетин алдын ала атайылап түзгөн экенсин, мына билинди, Шерниязов экөөң саруу (жаман сөздү айтып) кызыңарды губернатор кылдыңар! Бизди “сатып” Бакиевдерге өтүп кеткен Сариев экөөң акчаларды бөлүп, маселе чечип, мен билдим сенин арам оюнду, мени, менин акчамды каалагандай пайдаланган экенсиңер. Эми мындан кийин андай саясатыңар өтпөйт, балаң, келиниң экөө чет өлкөгө качып жатканда акча албадын беле? Азыр угуп жатам, байып кетипсиң”-деп, ж.б. сөздөрдү айтып кыйкырды. Мен анын сөздөрү өтө заар экенин Жалал-Абадда Ж.Жээнбековду сөгүп жатканда уккан элем.

Мен ага: — Алмаз, Убактылуу Өкмөттү өзүңөр — КСДПчылар мен жокто чечипсиңер го, мен келгенде, менин эмне иш аткарарымы өзүң айтпадыңбы. Отунбаеваны ошондо мага чейин эле шайлап алган экенсиңер го, дедим. Ал мага: — “Каякта ошондо шайладык, мен түрмөдөн чыккыча эжең өзүн-өзү Элдик Өкмөттүн башчысы катары Сариев экөө жарыялап коюптур, ошол үчүн мен түз үйгө кеттим. Революция үчүн эжең эмне иш кылды? Аны мен депутат кылдым, болбосо эч нерсеге жарабай жүрмөк, фракциянын жетекчиси кылдым, силерге “сарууларга” жакшылык жок экен”-дегенде, мен ага, — Болду Алмаз, урууга, көзү жок адамдарга асылбай мага сүйлө, деп, андан да катуу кетишип, “эркектерче” сүйлөшүп алдык.

Эки-үч күндөн кийин А.Атамбаев Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн, БЭКтин аксакалдарын чакырып, “Досуман кечирим сурайын деп атайын кара козумду сойдум, Азике досум кечирип кой, менден жанылыштык кетип, сени арам ойлоп алыптырмын”-деп кечирим сурады.

Топчукем менен Оморбай акем: — “Бул башка кеп, чыныгы достор айрылбайт, кээде эле таарынышат”-дешип, биздин жарашканыбызды кубатташты. Көрсө, Убактылуу Өкмөттүн төрагасы болбой калганына, Таласта губернатор КСДП партиясынан шайлай албай калганына, Өткөөл мезгилдин Президенти катары Р.Отунбаеванын аныкталышын, Р.Отунбаева, Б.Шерниязов, Т.Тургуналиев саруулар туугандарча, И.Исаков, Д.Чотонов саруунун күйөө балдарын кошуп жана башка ага жакпаган “арам” ойлорун же ал толук укпай калган маселелерди – булар саруулар биригип алып, тымызын Текебаевдин, Сариевдин колдоолору менен, ага каршы саясат жүргүзүп жатат, деп ойлоп жүрүптүр.

Мен ага: — Алмаз, сен айткан көп маселелер менин да ичимде жүрөт, бирок өлкө үчүн, ынтымак, биримдик үчүн элге уят болбойлу деп мен деле унчукпай жүрөм. Биздин максат кызматка жетүү эмес да, элдик кыймылдын оор жүгүн Атамбаев көтөрүп жүрдү деп, мен дайыма айтып келатам, дагы айтам, бул абсалюттук чындык. Сен өткөөл мезгилдин Президенти болбосоң, кудаа кааласа, биз чогу курабыз деп жаткан жаңы системалуу Кыргызстандын Президенти болосуң, мен да эми түшүндүм, сен баарын менден көрүп жүрүпсүң, а мен болсо баарын КСДПлар өздөрү партиясында чечип жатышат деп ойлогом. Ошентип экөөбүз 2010-жылдын май айынын аягында жарашымыш, бири-бирибизди түшүнгөндөй болдук. Бирок бул жарашуу ошол эле жерде калды. 2010-жылдын май-июнундагы түштүктөгү улуттар аралык жаңжалдар Атамбаев экөөбүздүн келишпестигибизди дагы ырбатты…

Мен Атамбаев экөөбүздүн ортобуздагы мамиленин салкындашын эмне себептен айттым, себеби, Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрү кайдан, кимдин сунушу менен киргени, же БЭКтин аткаруу комитетинин мүчөлөрү деген адамдар качан, кантип түзүлгөнү, Сариевдин УКМКдан Д.Усеновго келип, тез эле Отунбаеваны таап, экөө “Элдик Өкмөт түзүлдү” –деп жарыялап жибергени, ал эми бириккен оппозициянын лидери Атамбаев ошол эле Сариевдей кармалып олтурса да бийлик аны менен сүйлөшпөгөнү мага көп суроолорду жаратып келген. Бирок ага карабай Атамбаев, БЭКтин башка лидерлери ошол кездеги оор мезгилде буларды билмексенге салып, майдаланбай, териштирип олтурбай, ар кимиси өзүнө жүктөлгөн улуу милдеттери менен алектенип, туура кылышкан деп ойлоймун.

Ал эми Атамбаевдин мага таарынганы бир жагы жакын “досум” деп, экинчи жагы, 7-апрелдеги жер-жерлердеги элдик курултайларды жарым жашыруун түрдө экөөбүз уюштуруп жаткандыгыбыздан, үчүнчүдөн, элдик курултайлардын бүт чыгашасын мени менен кеңешип, мен аркылуу, жалгыз өзү көтөрүп жаткан адам катары, төртүнчүдөн, бириккен оппозициянын бирден-бир лидери катары Убактылуу Өкмөт жаңы түзүлүп жатканда четте калганы үчүн (төрага болбогону үчүн) таарынганга саясий жактан, моралдык жактан да, адам катары да укугу бар эле. Бирок ал аны менден башкага билдирбей чоң эрдик кылды. Күнөөнүн баарын мага гана жүктөп, колунан келишинче 6 жыл бою менден өчүн алды… Болгону кийин 2016-жылдын 31-августунда баары бир жарылды…

Убактылуу Өкмөттүн мыйзамы – Декреттер жөнүндө

2010-жылдын 7-апрели деген дата менен Убактылуу Өкмөт өзүнүн биринчи укуктук документин № 1- Декретин 8-апрелде кабыл алды. Эмне үчүн Декрет деп аталды, анткени Убактылуу Өкмөттүн дээрлик бардык мүчөлөрү советтик доордун адамдары болгонубуз үчүн 1917-жылкы Октябрь революциясынын тарыхын жакшы билгенибизден ушул атты тандадык окшойт.

№1-Декрет Убактылуу Өкмөттү түзүүчү жана Кыргызстандагы бийлик жөнүндөгү Декрет болду. Бул Декреттин тарыхый, саясий баасы жогору. Окурмандарга түшүнүктүү болушу үчүн ал Декретти толук беремин.

Декреттен түшүнүктүү болгондой, Убактылуу Өкмөт 7-апрелде Бакиевдик режимге өмүрүн тобокелге салып, саясий күрөшкө чыккан элдин эркин негизденип, өзүн-өзү түзгөн Кыргызстанда убактылуу бийликти өз колуна толук алган өткөөл мезгилдеги мамлекеттик бийлик органы болду.

Убактылуу Өкмөттүн пикиринде элге каршы, бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгы үчүн аракеттенишкен Президент, анын Аппараты, катчылыгы, Президенттик институтка кирген органдар Жогорку Кеңеш, ал түзгөн формалдуу Өкмөт таркатылды. Бул Декрет окурмандарга толук берилгендиктен башка комментарий ашыкча деп ойлоймун.

Коомчулукта “Бекназаров өзү эле таркатып жиберген” деп айтылып жүргөн Конституциялык сотту таркатуу жөнүндөгү 2010-жылдын 12-апрелиндеги №2-Декрет жөнүндө дайын болуш үчүн таржымалын толук айта кетейин. Таластан жаңы эле келсем, прокуратура кызматкерлери, оперативдик кызматкерлер мени издеп жатышыптыр. Жолукканда алар өздөрүнүн каналдары аркылуу Бакиевчилер өздөрүнө келишип, айрымдары Москвада жолугушуп, жакын арада Убактылуу Өкмөттүн күчүндө турган Конституцияга каршы, легитимсиз, мыйзамсыз орган катары Конституциялык соттон чечим чыгарып, ошол замат эле Жогорку Кеңеш аркылуу жаңы Өкмөт түзүшмөк экен. Жаңы Өкмөткө КСДПнын депутаттарынан да мүчө болууга даярдангандар бар экен, — деп, ишенимдүү маалыматтарды айтышты. Ал мезгилде мени бүт күч структураларынын куратору катары эсептешип, ушундай жашыруун оперативдик жолдор менен алынган маалыматтарды жеткирип турушчу.

Ооба, Убактылуу Өкмөт өзүн-өзү түзгөн, Конституцияда жок орган болчу. Бирок, мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болгон Кыргызстандын эли өз эркин билдирип, бир үй-бүлөгө кызмат кылышкан бардык мамлекеттик органдарга каршы чыгып, канын төгүп, жеңишке жетишип, бийликти кетиришпеди беле?!
Жеке Президенттин үй-бүлөсүнө кызмат кылышкан Конституциялык сотко окшогон бийлик органдарын пайдаланып “реванщисттик” аракеттерин улантууну, Констиуциялык сот чечим чыгаргандан кийин түштүктө качып жүргөн Президент өз бийлигин Ошто олтуруп жүргүзүүнү көздөгөнүн сезип, Убактылуу Өкмөттүн бир топ мүчөлөрү менен тезинен жолугушуу өткөрүп бул маселени талкууладык.

Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү дээрлик 100 пайыз мени колдошту. Конституциялык сот Убактылуу Өкмөт жөнүндө чечим чыгара элегинде, алар жөнүндө биз аны таркатуу жөнүндө бүтүмгө келип, ал Декретти даярдап ишке ашырууну мага тапшырышты. Эгерде биз ага барбасак, Конституциялык сот аркылуу Бакиевдер бизге ошондой каршы аракеттерди жүргүзүп, өлкөдө элдик революция болгондугун тааныбай, Убактылуу Өкмөттүн өзүн, анын Декреттерин Конституциялык сот аркылуу жокко чыгарылып, дүйнөлүк деңгээлде, коомчулукта дагы бир топ талаш-тартышты, а мүмкүн эл кайрадан көтөрүлүп жарандык согуш чыгып, же Кыргызстан экиге бөлүнүп калмак.

Убактылуу Өкмөт таркатпаган сот системасын, Конституциялык сотту кошуп эл өзү кууп чыгып, имаратын өрттөп жибериши да мүмкүн эле. Анткени эл арасында сотко болгон нааразылык, айрыкча Конституциялык сотко болгон нааразылык курч болчу. Конституциялык сот дегенде эл — бул Президенттин жеке бийлигин ар дайым колдогон, узурпациялап алган ыйгарым укуктарын мыйзамдаштырып берген, Акаев үчүнчү, төртүнчү жолу Президенттикке барса да, “экинчи жолу эле барып жатат” деп, М.Эшимканов менен К.Карабековдун арызынын негизинде өзү милдеттүү коргоого ала турган аракеттеги Конституцияны алда качан Жогорку Кеңеш аркылуу жокко чыгарылган, күчүн жоготкон Конституцияны жетекчиликке алып Бакиевдер үчүн жокко чыгарып берген, ал түгүл “Кумтөр” алтын кени боюнча да Конституциялык денгээлде чет элдик коммерциялык компаниянын кызыкчылыгы үчүн атайын корутунду чыгарып берген орган катары түшүнүшчү.

Конституциялык сотту таркатуу жөнүндө юристтердин тобу менен тез арада Декреттин долбоорун даярдап, ага Р.Отунбаевага кол койдуруп, өзүм Конституциялык сотко келип, Конституциялык соттун судьяларын топтоп, 2010-жылдын 12-апрелинде ал Декретти жарыяладым. Ошентип, өзү Жалал-Абаддын Тейит айылында жашырынып жүрүп, айрым Жогорку Кеңештин депутаттары, Конституциялык соттун судьялары менен алдын ала сүйлөшүп, Убактылуу Өкмөткө сокку ургусу келген Бакиевдин кезектеги реванщисттик планы ишке ашпай калды. Мындай кадамга биз – Убактылуу Өкмөт кеңешип, чечип барганбыз. Айрымдар айтып жүргөндөй Бекназаров жалгыз өзү эле таратып жиберген эмес. (№4-тиркеме)

Бир жолку жыйында Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Р.Отунбаева “Убактылуу Өкмөттү Жогорку Кеңеш аркылуу легитимдештирип койбойлубу, айрым депутаттар сунуш берип жатат”-деген оюн айтты. Исхак Масалиев да ушундай ой пикирди ММКлар аркылуу билдирген эле. И.Масалиевдин ою боюнча Р.Отунбаева жана Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрү жаңы Өкмөтү түзмөк. Бирок Бакиевчил “Ак Жолчулар” ага бармак эмес. Ошондо бул маселе боюнча биз – Убактылуу Өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрү Бакиевдин 2005-жылы март революциясынан кийин кетирген кемчилигин кайталабоону, Парламентте көпчүлүктү тузгөн “Ак Жол” партиясы менен кызматташпоону, көчөдөгү эл бизди түшүнбөй каларын, андан көрө чыныгы элдин эркин колдоп революциялык жол менен аракеттене берүүнү чечкенбиз.

Эгерде биз “Ак Жолчу” Жогорку Кеңеш аркылуу легитимдүү болгонубузда, эртеси же үч-төрт күндөн кийин эле Парламентте көпчүлүктү түзгөн Бакиевдик “Ак Жол” фракциясы өз чечимдерин каалагандай өзгөртүп салышы да мүмкүн эле. Март революциясынан кийинки Бакиевдин трагедиясы мына ушунда болгон. Өзү бийликке Конституциялык эмес жол менен келип, бирок аны бийликке алып келген элдин эркин сыйлабай, аны унутуп, таркасын деген Акаевдик Парламенттен легитимдүү болом деп, аны таанып, чу дегенде эле эл ишеничинен акаевчил депутаттардын ишеничин жогору койгондугунда болгон.

Биз ошолордун баарын эске алып, Убактылуу Өкмөттүн №1 Декрети менен таркатылбай калган Конституциялык сотту №2 Декрет менен таркатып, “Ак Жол” Парламентинин кызматынан баш тартып, революциялык жол менен алдыга жүрүп олтурдук. Бирок 2010-жылдын 7-апрелиндеги Убактылуу Өкмөттүн №1-Декрети менен таркатылган Жогорку Кеңеш ал Декретти тааныган жок. Конституциялык соттун таркатылып, тийиштүү корутунду алалбай калганына карабай 2010-жылдын 19-апрелинде жарым легалдуу түрдө жыйын өткөрүп, И.Масалиевди спикер кылып шайлашып, Премьер-министрликти Н.Тюлеевге берүүнү пландаштырышкан. Бирок, Убактылуу Өкмөттүн чечкиндүү аракеттери менен алардын планы ишке ашкан жок.

Айрым серепчилер, эл аралык уюмдар да Убактылуу Өкмөт “Ак Жол” Парламентинен легитимдешип алганда Декреттердин Конституциялуугу, Убактылуу Өкмөттүн легитимдүүлүгү жөнүндө талаш-тартыш болбойт эле, деп жазып жүрүшөт. Мындай пикирдегилер чындыгында Кыргызстанда 7-апрелде эмне болгонун, жүздөгөн адамдар эмнеге курман болушканын, Бакиев эмне үчүн Жалал-Абаддагы Тейитке жашырынганынын максатын түшүнүшпөгөндөр. Алар Кыргызстанда Ак үйдөн Бакиевдерди оппозиция кууп чыгып эле бийликти тартып алгандай сезишет. Алар эмне үчүн оппозиция лидерлери текши куугунтукта жүрүшкөнүн, эмне үчүн айрым журналисттер токмоктолуп өлтүрүлгөнүн, М.Садыркуловго окшогон ошол эле Бакиевдерге чексиз кызмат кылып беришкен чиновниктер, депутаттар, журналисттер, “каралар”, “кызылдар” колдонулуп бүткөндөн кийин өзгөчө мыкаачылык менен көздөрү тазаланып турганын, карапайым элдин көпчүлүгүнө светтин, газдын, жылуулуктун, суунун баасы көтөрүлүп, “майлуу”, “сүттүү” жерлер менчиктештирилип, стратегиялык обьектилер, “өнүгүү фонду” аркылуу күрөөгө коюлуп, андан ары сатылып турганын, бүт мамлекеттик бийлик органдары Президент жеке өзү түзгөн “Президенттик институт” Президенттик кенешме аркылуу Максим Бакиевге баш ийип кала турганын, 7-апрелде тынчтык жолу менен элдик курултай өткөрүү жана 6-апрелден 7-апрелге караган түнү камакка алынган оппозиция лидерлерине колдоо көрсөтүү үчүн Медиа-Форумга топтолгон элди ошол жерде, андан кийин Ак үйдүн алдында провакация жолдору менен атып өлтүрүлгөнүн билбеген жөн гана, кайсы бир “проектин акчасы үчүн” жазып койгондор деп эсептеймин.

Болбосо беш жылда Бакиевдин бийлигинин өлкө, эл үчүн жүргүзгөн саясатынан кийин 7-апрелдеги Ала-Тоо аянтындагы окуядан кийин эмненин легитимдүүлүгү, конституциялуулугунун талаш-тартышы жөнүндө сөз болмок? Кыргызстанда деле анын эли бийликтин булагы болуп эсептелет.

Убактылуу Өкмөт 3 айдын ичинде өлкөдөгү башаламандыкты токтотуу, өлкөнү укуктук нукка буруу, коомдук тартипти орнотуу, каржылык жутчулукка жол бербөө, түштүктө болгон апрель, май, июнь айындагы окуяларды жөнгө салуу, токтотуу, калыбына келтирүү, Бакиевдер тарабынан “уурдалган”, “тартып алынган” обьектилерди, жерлерди улутташтыруу, бааларды ордуна келтирүү, айрым эл аралык келишимдерди ратификациялоо, Конституциялык реформаларды жүргүзүү, референдум, шайлоо өткөрүү жана башка өлкөдө мамлекеттик бийликти калыбына келтирип үзгүлтүккө учуратпай, ырааттуу иштетүү үчүн жүздөгөн Декрет, токтом, буйруктарды кабыл алышты. Декреттер Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экисинин макулдугу менен кабыл алынып жатты.

Өзгөчө тарыхый мааниси бар, №1 “Бийлик жана Убактылуу Өкмөт жөнүндөгү”; №2 “Конституциялык сотту таркатуу жөнүндөгү”; № 39 “Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти жөнүндөгү”; № 40 “Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясын кабыл алуу боюнча референдум өткөрүү (бүткүл элдик добуш берүү) жөнүндөгү”; №30 “К.Бакиевдин кол тийбестик укугунан ажыратуу жөнүндөгү”; №120 “А.Акаевдин кол тийбестик укугунан ажыратуу жөнүндөгү”; №56 “Ыктыярдуу элдик кошуун түзүү жөнүндөгү”; №58 “Согуштук куралды зыянсыздандыруу үчүн колдонууга уруксат берүү жөнүндөгү”; № 69 “Кыргыз Республикасында толук эмес мобилизация, айрым региондорго өзгөчө кырдаалды киргизүү жөнүндөгү” ж.б. ондогон Декреттер илимпоздор, тарыхчылар, юристтер тарабынан изилденүүгө алынып, саясий-укуктук баасын алууга муктаж. Болгону алар 2010-жылдын апрель-июнь айларындагы кыргыз элинин тарыхында түбөлүк сактала турган кайгылуу, коогалаңдуу оор мезгилдин мыйзамдарын , ошол мезгилдин көзү менен карап баа берилсе деген тилек.

Убактылуу Өкмөттүн укуктук-ченемдик актылары негизинен убактылуу мүнөздөгү, жалпыны милдеттендирүүчү же кайсы бир мезгил ичинде, кайсы бир милдеттерди аткаруу же аткарбоо (тыюу салуу) мүнөзүндө болду. Албетте өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн талашы жок мурдагы бийлик тарабынан кол коюлган айрым эл аралык келишимдер да ратификация кылынды. Салыктарды, бааларды жөнгө салуу үчүн айрым мыйзамдарга, референдум, шайлоо өткөрүү үчүн референдум жөнүндөгү убактылуу жобону алууга, Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мажбур болдук.

Мамлекеттик жана жеке менчикти коргоо максатында айрым учурларда таланып-тонолуп же кайра документтештирилип колдон-колго өтүп кетпеши үчүн “Бакиевдердики” деп шектелген, же мыйзамсыз ээленген, берилген, тартып алынган, кароосуз калган кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү, обьектилерди, жер участокторун, акцияларды ал факты боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында улутташтыруу Декреттери да кабыл алынды.

Убактылуу Өкмөттүн жүргүзгөн саясаты жана анын ишмердүүлүгү жөнүндө

Убактылуу Өкмөт негизинен оппозициянын БЭКке биригип жатканда белгиленген милдет-саясаты өздөрү Бакиевдин бийлигинен талап кылган талап-милдеттерди турмушка ашыруу саясатын жүргүздү. Мындайча айтканда, жаңыдан кайсы бир программа же саясат токуган жок. 2006-2010-жылдар аралыгында оппозициянын күндөн-күнгө, жылдан-жылга ар кандай саясий коомдук кыймылдардын аты менен Бакиевдин режимине коюп келген талаптарын турмушка ашырды. Ал талаптардын жыйындысы 2010-жылдын 17-мартында БЭК тарабынан өткөрүлгөн XI элдик курултайда кабыл алынган талаптар болду. Алар:
1. Электр энергиясынын, жылуулуктун, ысык жана муздак суунун жогорулатылган тарифтерин, агын сууга жана жайыттарды пайдаланганы үчүн негизсиз көтөрүлгөн бааларды жокко чыгаруу;
2. “Түндүкэлектро” ААКнун, “Кыргызтелекомдун” мыйзамсыз сатылганын моюнга алуу жана сатылышын жокко чыгаруу, мындан ары энергетика тармагынын башкы обьектилерин (“Ошэлектро”, “Жалал-Абадэлектро”, “Востокэлектро”, ж.б.) арзан, мыйзамсыз сатууну токтотуу;
3. Күнөөсүз соттолдгон И.Исаковду, Балыкчыдагы 18 адамды, соттолуп жаткан Э.Булекбаевди, С.Аргынбаевди, У.Рыскуловду бошотуу, А.Жекшенкуловдун, К.Кадыровдун кылмыш иштерин кыскартуу;
4. Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүү, толуктоолорду токтотуу, Инвестиция, инновацияны өнүктүрүү боюнча Борбордук Агенттикти (ЦАРИИ) жана башка мыйзамсыз мамлекеттик органдарды жоюу;
5. Мамлекеттик кызмат органдарында иштешкен, Президент К.Бакиевдин уулдары Марат жана Максимди, инилери Жанышты, Адылды жана Маратты кызматтарынан бошотуу. Президент К.Бакиевдин уулдарынын, инилеринин жана башка жакын туугандарынын мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын ишине кийлигишүүсүн токтотуу;
6. Акыркы жылдары мамлекетибиздин бардык активдерин каалагандай пайдаланып, контролсуз башкарып жатышкан, К.Бакиевдин үй-бүлөсү тарабынан Кыргызстанга алып келинген эл аралык аферист Евгений Гурьевичтин жана анын шериктеринин, алар түзгөн компаниялардын иш аракеттерин толук масштабдуу изилдөө үчүн курамына оппозициянын жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирген атайын комиссия түзүү;
7. Массалык маалымат каражаттарын, сөз эркиндиктерин калыбына келтирүү, журналисттерди уруп-сабоону, коркутууну токтотуу, өлкөнүн бардык региондорунда “Азаттык” радиосунун уктуруусун камсыз кылуу, көз карандысыз интернет-сайттарды тоскоолсуз пайдалануу, оппозициянын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнө мамлекеттик телерадио каналдарынан эфирдик убакыт берүү болгон эле.

Бул талаптардын Бакиевдин бийлиги тарабынан аткарылбашы 7-апрелде бүткүл Кыргызстан боюнча мөөнөтсүз “Бакиев кетсин” деген ураан алдында өтө турган элдик курултайларга алып келди. Бакиевдер аткарбаган бул 7 талапты эми оппозиция өкүлдөрүнөн түзүлгөн Убактылуу Өкмөт кыска мөөнөттө өздөрү аткарышы керек болду.

Убактылуу Өкмөт кыска мөөнөт ичинде негизинен бардык өздөрү талап кылгандарды аткарды. 2010-жылдын апрель айында электр энергиясына, жылуулукка, сууга, телефонго, жайытка көбөйтүлгөн тарифтер жокко чыгарылды. “Түндүкэлектро”, “Кыргызтелеком” улутташтырылып, башка энергетика тармактарын менчиктештирүү токтотулду. Саясий куугунтуктар токтотулуп, соттолгондору акталып, камактагылар бошотулуп, качып жүргөндөрү Кыргызстанга кайтып келишти, Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү токтотулду. ЦАРИИге окшогон органдар жокко чыгарылды. Бакиевдин үй-бүлөсү кызматтарынан бошотулду, айрымдары кылмыш жообуна тартылды, Е.Гурьевич, Надель, Елисеев, ж.б. Максим Бакиевдин өнөктөштөрү дароо качып кетишти, айрымдарына кылмыш иштери козголду. Сөз эркиндиги калыбына келтирилди. Убактылуу Өкмөттү жактырбаган, ага оппозиция болгон саясатчыларга КТРден, ЭлТРден чыгууга мүмкүнчүлүк берилди. КТР коомдук статуска ээ болду. Бул талаптардын аткарылышы боюнча Убактылуу Өкмөт элге тынбай маалымат берип турду. Мисалы, мен ар бир 10 күндө өз ишим боюнча коомчулукка отчет берип турамын деп жарыялап, аны уүгүлтүксүз аткарып, жалгыз эле өзүмдүн ишим боюнча эмес, жалпы Убактылуу Өкмөттүн иштери боюнча да пресс-конференцияларда айтып турдум.
Убактылуу Өкмөттүн эң башкы максаты болуп өлкөдөгү 20 жылдан бери өсүп-өнүгүп жетилген коррупцияланган үй-бүлөлүк, кландык, авторитардык режимди демонтаждап (талкалап), мамлекеттин саясий системасын жаңылап реформалоо болуп эсептелген.

2008-жылдын күз айларында негизинен А.Жекшенкулов даярдап, коомдук Парламент тарабынан жактырылган, ондогон саясий партиялар, коомдук уюмдар, саясатчылар колдогон Кыргызстандын жаңы саясий системасынын Концепциясын ишке ашыруу үчүн жаңы Конституция даярдалышы керек эле.
Убактылуу Өкмөт өзүнүн алгачкы чечимдери менен башында Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары, “Ата-Мекен” партиясынын лидери Ө.Текебаев турган Конституциялык кеңешме түзүп, болжолдуу түрдө жаңы Конституцияны референдумда кабыл алуу датасын, анын негизинде Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрүүнүн болжолдуу датасын да жарыялады. Конституциялык кеңешме Кыргызстандын жаңы Конституциясынын долбоорун Убактылуу Өкмөткө 2010-жылдын 18-майында сунуш кылды. Революциядан кийинки көрсөтүлгөн каршылыктарга карабай, Маевка айылындагы, Жалал-Абад, Ош областтарындагы апрель-май айларындагы реванщисттик аракеттерге, түштүктөгү өзбек сепаратисттери тарабынан уюштурулган июнь коогалаңына карабай жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча жарыяланган референдумду өткөртпөө боюнча айрым Бакиевчил жана башка саясатчылардын, саясий партиялардын каршылыгына карабай, эгемен Кыргызстандын баш мыйзамын мурда өздөрү 2010-жылдын 20-майында № 40 Декрети менен белгилеген мөонөттө – 2010-жылдын 27-июнунда референдумда кабыл алууга жетишти.
Убактылуу Өкмөт референдумга бир гана жаңы Конституцияны койгон жок. Конституциялык кеңешме иштеп чыккан жаңы Конституциянын долбоорун 2010-жылдын 18-19-майында өз ара кызуу талкуудан өткөргөндөн кийин, Кыргызстандын саясий системасы жаңы Конституцияга ылайык, бутуна туруп толук кандуу иштеп кеткенге жана өлкөдөгү саясий туруктуулукту, жаңы бийликтер толугу менен жаңы Конституцияга ылайык шайланып келип иштеп кетүү үчүн өткөөл мезгилди жана өткөөл мезгилдеги мамлекет башчысы катары — Өткөөл мезгилдин Президенти деген бийлик институтун — 2010-жылдын 19-майындагы № 39 Декрети менен бекитти. Өткөөл мезгилдин Президенти катары Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Р.И.Отунбаева аныкталды жана бул Декретти да жаңы Конституциянын долбоору менен бирге референдумга алып чыктык.

Эмне үчүн бул институт керек эле? Эмне үчүн ага Р.Отунбаеванын талапкерлиги тандалды? Анткени, жаңы Конституцияга ылайык жаңы Жогорку Кеңеш 2010-жылдын октябрь айында шайланып келмек, ал Жогорку Кеңеш кандай шайланат, кимдер жеңүүчү болот, бир кудай билет эле. “Ө.Текебаевдин “Ата-Мекен” партиясы 120 депутаттык мандаттын 65 мандатын алат, калганын башка партияларга бөлүп берет”-деген оптимисттик билдирүүсү Убактылуу Өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрүн ынандыра алган жок. Ошондуктан 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуядан кийин бүт жоопкерчиликти өз мойнуна алган Убактылуу Өкмөт жаңы Конституцияга ылайык жаңы Жогорку Кеңеш шайланып келип, өзүнүн Өкмөтүн түзгөндөн кийин өз аракеттерин токтотуп, өзүн-өзү таркатат, деп мурда жарыялаганбыз. Бирок жаңы Жогорку Кеңеш, ал түзгөн жаңы Өкмөт Убактылуу Өкмөт баштаган реформаларды аягына чыгарабы, өлкөдө туруктуулук сакталабы? Жогорку Кенештин шайлоосу тынч өтөбү? Иштеп кетеби, баары белгисиз эле. Жогорку Кенеш толук кандуу иштеп кеткенче Президенттин милдетин аткаруу үчүн өткөөл мезгилдин Президенти керек болчу, маселе ошондо эле. Айрыкча түштүктө эл арасында жүргөн И.Исаков экөөбүз Убактылуу Өкмөткө, анын жүргүзүп жаткан реформаларына элдин, саясатчылардын баары эле ыраазы эмес экенин, факты, далилдер менен айтып бердик, реванщисттик маанайдагы саясий партиялар бар экенин, аларды Бакиевчил электорат колдоп жатканын да белгиледик. Ошентип, Убактылуу Өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрү 2020-жылдын 19-майындагы жыйында жаңы Конституциянын долбоорундагы жаңы Президент шайланып келгенге чейинки мөөнөттү да аныктоону чечтик. Өткөөл мезгилдин керектигине токтолуп, анын мөөнөтү 3 айдан 3 жылга чейин болсун деген сунуштар айтылды. Акыры бир жарым жыл же 2011-жылдын 31-декабрына чейин деп аныкталды.

Өткөөл мезгилдин Президентин да аныктап өзүнчө мыйзам менен жаңы Конституциянын долбоору менен референдумга бирге алып чыгып, элдин добушу менен бекитүүнү туура көрдүк. Өткөөл мезгилдин Президенти катары Убактылуу Өкмөттүн төрайымы аныкталды. Анткени ал Убактылуу Өкмөттүн башчысы катары баштаган ишти аягына чыгарууга милдеттүү эле, башка бирөөнүн талапкерлиги жөнүндө сөз да болбош керек болчу. Өткөө мезгилдин Президенти жөнүндөгү мыйзамды Ө.Текебаев, Д.Нарынбаев (Конституциялык кеңешменин катчысы), үчөөбүз даярдап, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү Декрет менен бекитишти. Муну Конституциялык кеңешме аныктаган эмес. Убактылуу Өкмөт чечкен.

Убактылуу Өкмөт Кыргыз Республикасынын Конституциясын бийликке келген тар чөйрө — Жогорку Кенеш же Президент Жогорку Кенеш аркылуу өз кызыкчылыгы үчүн 2006-жылдын ноябрь, декабрь айындагы Конституция кабыл алуу “саясий оюнун” ойноп, өлкөдө саясий туруксуздукту жаратпасын деп, Жогорку Кенештин Конституцияны өзгөртүү укугун 2020-жылдын 1-сентябрына чейин күчүнө кирбейт деген мораторияны референдумга Конституиця менен кошо чыгарып кабыл алдырттык. Бул Конституциянын кайра-кайра “жамаачылашына” кандайдыр бир денгээлде өткөөл мезгилди белгилөө болду. (Конституцияны кодонууга киргизүү жөнүндөгү мыйзам 4-берене).

Эми Убактылуу Өкмөттүн элге берген убадасы катары дагы бир максаты алдыда турган. Ал жаңы Конституциянын негизинде жаңы мамлекеттик органдарды түзүү болчу. Ал үчүн Убактылуу Өкмөт 2010-жылдын 10-октябрында жаңы Конституциянын талаптарына ылайык жаңы Жогорку Кеңешке шайлоо дайындады. Убактылуу Өкмөт элге убада берип, мезгилдин оор жүгүн көтөргөн убадасына ылайык, мүмкүнчүлүккө жараша, ачык, айкын шайлоону уюштура алды. Убактылуу Өкмөттүн мучөлөрүнүн көпчүлүгү ал шайлоого катышуу үчүн кеткенине карабай башында Р.Отунбаева турган, калган Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү Жогорку Кенешке болгон шайлоону — эн башкысы тынч, жанжалсыз өткөрдү.

Убактылуу Өкмөт дүйнө жүзүнө, биринчи кезекте Кыргызстандын элине берген принципиалдуу, тарыхый миссиясын чын жүрөктөн, ак пейилден аткарып жатканын, өзүн Убактылуу Өкмөткө оппозиция катары жарыялаган “Ата-Журт” партиясы шайлоодо эн көп добушту (28 мандат) алып, жеңүүчү болгонун таануу менен дагы бир ирет далилдеди.

Шайлоонун жыйынтыгы Убактылуу Өкмөттүн партиялары болгон КСДП экинчи (26 мандат) орунду, үчүнчү орунду (25 мандат) “Ар-Намыс”, төртүнчү орунду (23 мандат) “Республика”, бешинчи орунду (18 мандат) “Ата-Мекен” партиясы ээлегенин тастыктады. Бул сейрек кездешчү көрүнүш болду. Негизинен аракеттеги бийликтин партиялары көпчүлүк учурда жеңүүчү болуп таанылат, бул дүйнөлүк практика. Убакытлуу Өкмөттүн деле КСДП менен “Ата-Мекенге” жеңиштин 50 пайызынан көбүн ыйгарып алганга мүмкүнчүлүгү болгон, бирок биз Бакиевдик бийликтин 2007-жылдын декабрь айындагы Жогорку Кеңешке болгон шайлоодогу кетирген кемчиликтерин кайталагыбыз келген жок.

Эми Убактылуу Өкмөттүн акыркы тарыхый миссиясы калды. Ал жаңы Жогорку Кеңеш өз Өкмөтүн түзгөндөн кийин өзүн-өзү таркатуу эле. Өткөөл мезгилдин Президенти Р.Отунбаева жаңы Конституциянын 84-беренесинин 2-пунктуна ылайык Жогорку Кеңешке шайланып келишкен 5 партиянын бири да депутаттык мандаттын теңинен көбүнө ээ болбогондуктан жаңы Өкмөттү түзүүнү өз партиясынын лидери А.Атамбаевге жүктөдү. Бирок А.Атамбаев Конституцияда белгиленген 15 күндүк мөөнөттө Парламенттик көпчүлүк коалициясын түзө алган жок. Президент Р.Отунбаева өз ыйгарым укугунун чегинде экинчи партияга, “Республика” партиясынын лидери Ө.Бабановго Парламентте көпчүлүктүн коалициясын түзүүнү тапшырды. Бул сапар депутаттардын өзүн-өзү сактоо инстинки пайда болдубу, айтор Ө.Бабанов Парламенттеги көпчүлүктүн коалициясын түздү. Көпчүлүк коалициясын “Ата-Журт”, КСДП, “Республика” партиялары түзүп, “Ата-Журттун” лидери А.Келдибеков Жогорку Кеңештин төрагасы, КСДПнын лидери А.Атамбаев Өкмөт башчысы, “Республика” партиясынын лидери Ө.Бабанов Премьер-министрдин биринчи орун басары болушту.

Убактылуу бийликтин партиясы аталган “Ата-Мекен” партиясы менен Ф.Куловдун “Ар-Намыс” партиясы Парламенттик оппозиция статусуна ээ болду.. “Ата-Мекен” партиясынын Парламенттик оппозицияда калышы да Убактылуу Өкмөт өзүнүн элге берген убадасын канчалык денгээлде так аткарганынын бир далили болду. Дүйнөлүк деңгээлде Кыргызстандагы 7-апрелдеги элдик революция, анын кесепеттерин жоюу, июнь коогалаңын жөнгө салуу, жаңы Конституцияны кабыл алуу үчүн референдум өткөрүү, Кыргызстанды укуктук талаага алып келүү, ага ылайык жаңы Жогорку Кеңешке шайлоо өткөрүү, жаңы Өкмөттү түзүү — баардыгы канчалык оор трагедиялар менен коштолуп сырткы жана ички күчтөр аркылуу каршылык көрсөтүлүп турса да, Убактылуу Өкмөт Кыргызстанды, анын титулдук калкы – кыргыздарды дүйнө жүзүнө уят кылган жок. Ананчы. Кыргыздардын жолун кайталап, “Араб жазы” деген ат менен тарыхта калган 2011-жылдын жаз айларында бир катар араб өлкөлөрүндөгү болгон революциялар жылдап созулуп, миңдеген арабдар бири-бири менен ушул күнгө чейин душман болуп согушуп жатышат, биз кыргыздар болсо 5 жылдын аралыгында эки элдик революция жасап, эки үй-бүлөлүк Президенттерди 5-6 сааттын аралыгында Ак үйдөн кууп чыгып, эртеси революциялык бийликке баш ийип, аларга ишенип, үчүнчү күнү үйлөрүбүзгө тарап кеткенибиз кыргыздардын улуулугу, өзүнө гана таандык феномени эмей эмне?!
7-апрелде Ак үйдүн алдында жүздөгөн шериктеринен айрылышкан, окко, өлүмгө тике караган кыргыздар ишеним көрсөткөн Убактылуу Өкмөт тарыхый миссиясын толук аткарып, 2010-жылдын 21-декабрындагы Декрети менен өзүн-өзү таркатты.

Убактылуу Өкмөттүн дагы бир өзгөчөлүгү өзү жүргүзгөн кандай гана саясаты, чечими болбосун алар негизинен коллегиалдуу кабыл алынып, коллегиалдуу жоопкерчиликте болгондугунда болду. Эгерде Убактылуу Өкмөттүн кайсы бир мүчөсү шартка, кырдаалга жараша кандайдыр бир чечимди жеке өзү кабыл алса, ал жөнүндө Убактылуу Өкмөттүн калган мүчөлөрүнө эмне себептен бул чечимге барганы тууралуу дароо айтылып, андан соң жалпы коомчулукка маалымдалып турганы болду. Буга мисал катары, К.Бакиев үй-бүлөсү менен Р.Отунбаеванын жеке чечиминин аркасында чет өлкөгө чыгарылганын атасак болот. Убактылуу Өкмөттүн кайсы бир мүчөсү, мейли ал төрайым, орун басар болсун, бир гана добушка ээ болуп, бардык маселе добуш берүү менен чечилген. Ага мисал катары Акевдин кол тийбестигин алуу боюнча Декретке ким, кандай добуш берген тиркемесин Декреттер менен кошо тиркеймин. (№5-тиркеме)
Ошентип Убактылуу Өкмөттүн жүргүзгөн саясатынын негизинде Кыргызстан эгемендүү, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет катары өлкөнү башкаруунун Папрламенттик түрүнө жакыныраак, Президенттин ыйгарым укуктары кескин чектелген өлкө катары өнүгүүнүн жаңы этабына кадам таштады.

Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн жеке ишмердүүлүгү

Убактылуу Өкмөттүн 14 мүчөсүнүн дээрлик көпчүлүгү, айрыкча Акаевдик, Бакиевдик үй-бүлөлүк башкаруу режимине ондогон жылдар бою каршы оппозицияда жүрүшкөн мүчөлөрү — үй-бүлөлүк башкарууну демонтаждоо, Конституциялык реформаларды жүргүзүү, уурдалган, мыйзамсыз, рейдерлик жолдор менен “прихватташтырылган” обьектилерди улутташтыруу, өлкөнү стабилдештирүү, реваншисттер, сепаратисттер менен күрөшүүдө чечкиндүүлүктү жана тилектештикти көрсөтүштү. Ошентсе да тарых үчүн, адилеттүүлүк үчүн ошол өлкөнүн тагдыры чайпалып турган учурда кимдин-ким экенин, жеке өзү кандай жүктү көтөргөнү боюнча жеке өзүмдун көз карашымды айта кетүүнү парзым катары эсептедим. Мен бирөөнү мактагым же каралагым келбейт. Жөн гана ким эмне иш аткарганын, ал иштердин айрымдарынын кандайча аткарылганын белгилеп коюуну туура көрдүм.

1. Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Отунбаева Роза Исаковна боюнча: Жогоруда айтылгандай, 2010-жылдын 7-апрелинде кечинде Атамбаевдин “Медиа-Форумунда” Убактылуу Өкмөттүн курамы биротоло чечилип, оозеки түрүндө ким, кайсы тармакты тейлээри аныкталган. Кийин ал тартип бир аз өзгөртүлүп, атайын буйрук менен Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын, анын орун басарларынын милдеттери бөлүштүрүлгөн. Ошол буйрукка ылайык Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Р.Отунбаевага төмөнкү милдеттер жүктөлгөн.
— Убактылуу Өкмөттүн ишине жалпы жетекчиликти жана контролду жүргүзүү;
— Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы саясаттарынын негизги багытын аныктоо;
— Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын сот системасынын, Эсептөө палатасынын, Улуттук банкынын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун, Акыйкатчынын, Борбордук шайлоо комиссиясынын өз ара аракеттерин камсыздоо;
— Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басарларынын ишин координациялоо;
— Кыргыз Республикасынын Президенти жана Премьер-министринин компетенциясына кирген кадр маселесин чечүү;
— Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин, Коргоо министринин, Ички иштер министринин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Улуттук статистика комитетинин, Мамлекеттик кадр кызматынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын иштерин координациялоо.

Жыйынтыктап айтканда, бул милдеттер мамлекет башчысы менен Өкмөт башчысынын жалпы иштери болуп эсептелген милдеттер эле. Роза Исаковна менин жеке пикиримде, өзүнө жүктөлгөн бул милдетти такшалган саясатчы, тажрыйбалуу мамлекеттик чиновник катары эле эмес, кыргыздын чыгаан кызы, эне катары да чыдамкайлыкты көрсөтүп, ак дилден аткарды. Башкасын айтпаганда да, жүгөнү жок азоо аттай болгон, Акаев, Бакиевдерге баш ийбеген, каалагандай эркин сүйлөп, эркин сындап үйрөнгөн, көз карандысыз саясатчы катары такшалышкан Т.Тургуналиев, А.Атамбаев, Ө.Текебаев, А.Бекназаровдордун “каприздерине” чыдап иштөөнүн өзү чон эрдик болчу.

Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн Р.Отунбаеванын тоготпогондой мамилелерине ошого жараша тилин таап мамиле жасап, ал эми өмүр бою аппаратчик болуп “лаппайга” көнгөндөрүнө дагы башка мамиле жасап, чыныгы жетилген дипломаттыгын көрсөттү. Айрыкча Кыргызстан укуктук талаадан чыгып, убактылуу укуктук-ченемдер менен жашап жатканда башка өлкөлөрдүн көпчүлүгү Убактылуу Өкмөттү тааныбай, мамлекеттик, өкмөттүк деңгээлдеги мамилелерин токтотуп турганда (гумжардамдан башкасын) Роза Исаковнанын көп жылдардан бери БУУнун, ЮНЕСКОнун, ОБСЕнин деңгээлинде, эл аралык уюмдарда иштегени жана Кыргызстандын тышкы иштер министрлигин эки жолу башкарган тажрыйбасы чоң роль ойноду.

Бакиевди үй-бүлөсү менен чет өлкөгө Убактылуу Өкмөттүн коллегиалдуу чечими жок, жеке өзү саясий, эрктүү чечим алып чыгарып жибериши – бул эл аралык денгээлдеги бышкан саясатчынын гана кадамы. Бакиев беш жыл бийликте олтуруп түзө албаган коңшу өлкөлөрдүн, Россиянын Президенттери менен бир тууган элдердин башчылары катары жеке мамиле түзгөнү Кыргызстандын ичинде болуп жаткан тополондордун ырбап кетпегенине өбөлгө болду.

Эгерде Убактылуу Өкмөттүн башчысы, өткөөл мезгилдин Президенти Отунбаева эмес, Убактылуу Өкмөттүн башка бир мүчөсү болгондо, 7-апрелден кийинки Кыргызстанга эл аралык уюмдар, айрым мамлекеттер башкача мамиле жасап, өлкөнүн ичиндеги туруксуздукту күчөтүүгө түрткү болушу да мүмкүн эле. Албетте, өзүбүздүн кыргыздарга, айрыкча түштүктүн кыргыздарына Отунбаеванын башчы болушу тегиз жакты дегенден алысмын. “Байтал чуркап байге алыптырбы?”, “Эркегиңер чыкпадыбы?”, “Отунбаева АКШнын тыңчысы”, “Массондордун мүчөсү” ж.б. жабыштырылган сөздөр менен аны, бизди соккондор четинен чыкты. Ал кезде бир эле Отунбаева эмес, Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн баары эле айрымдар үчүн “кыргыздын башына келген трагедияга” айланган.

Р.Отунбаева түштүктө 2010-жылдын май, июнь айларында болгон тополоңдордо эл аралык денгээлдеги ар кандай бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн көбүрөөк угуп, өзбек диаспорасынын К.Батыров, И.Абдирасулов, Ж.Салахутдиновго окшогон сепаратист лидерлерин кабыл алып, айрымдарына “жан тартканы “ үчүн түштүктүн патриот-улутчул саясатчыларынын катуу сын-пикирлерине дуушар болду.

Р.Отунбаеванын дагы бир белгилей кетчү кемчилиги — ал КСДП партиясынын кызыкчылыгын башкалардан жогору коюп, Атамбаевдин айтканынан чыга албады. Атамбаев каалаган Убактылуу Өкмөттүн чечимине, каалаган жерде кол койдуруп, каалаган адамын дайындатып жүрдү. Мына ушундай партиялык же тар чөйрөнүн кызыкчылыгы үчүн Убактылуу Өкмөттүн бардык мүчөлөрү менен макулдашпай, Убактылуу Өкмөттүн саясатын колдоп, тоодой жумуш аткарышкан Ош шаарынын Мэри М.Мырзакматовду, Башкы прокурор Б.Ибраевди, Бишкек шаарынын, Ош, Жалал-Абад областтарынын прокурорлорун кызматтарынан алынышына бөгөт кое албай, Жогорку Соттун төрагасы К.Момбековду ж.б. негизсиз жумушунан четтетип, катачылык кетирди. Алардын ордуна да ушундай эле катачылыктар менен кадрларды койду. Ушундай кемчиликтер үчүн, мисалы, Мырзакматов үчүн Оштун эли көтөрүлүп, ортодо Отунбаева өзү эле уят болду. Ал эми Баш прокурор Б.Ибраевди бошоткондо куратор мени менен кеңешип коймок тургай, ушул жөнүндө сөз болуп жатат чынбы десем да, Каптагаев экөө менден жашырып айтпай коюшту. Бул катачылык 2005-жылдын 19-сентябрында К.Бакиев мени Баш прокурорлуктан бошотуп алып Указын жарыялабай жүргөнүнө окшош эле. Тагдырдын тамашасы апрель революциясынан кийин Баш прокурор болгон Б.Ибраев да мага окшоп 6 айга жетпей, өзү билбей жашыруун кызматынан четтетилди.

Дагы бир Отунбаеванын катачылыгынын бири, Ибраевдин ордуна Ички иштер министри болуп эки-үч ай мурда эле дайындалган К.Байболовду Баш прокурор кылып дайындаганы эсептелет. Ошондо мен Отунбаевадан: — Эмне үчүн Байболов? Ал жаңы эле Ички иштер министри болбодубу?-деп сурасам, Отунбаева: — “Ал министрликти тарта албай жатпайбы?!”-деп мени таң калтырган. — Эгерде милицияны тарталбаса, көзөмөл органы болгон прокуратураны кантип тартсын, — деп айтканым эсимде. Отунбаева Байболовду АКШнын өтүнүчү мененби, же Текебаевдин же башка таасирлер мененби, айтор “байдын уулундай, эбегейсиз эркелетти”. 7-апрелдеги революциядан кийин АКШдан келген Байболов 5 айдын ичинде 1-жолу Убактылуу Өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрүнүн колдоосу менен УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары болду, анан эле Ички иштер министри болуп кетти. Генерал-лейтенант наамын алды. Ал жерден Башкы прокурорлукка секирди. Ал түгүл ал Отунбаеванын өзүнө, мага чап салды. Акыры Отунбаева экөөнүн ортосундагы жаңжалдан кийин 2011-жылы жазында кызматынан бошотулду. Ортодо революциядан кийин козголгон ондогон кылмыш иштер “сындырылды”, улутташтыруу саясаты токтотулду, Байболовдун өзүнө карата кылмыш иши козголду. Мен, бул Отунбаеванын бирөөлөрдүн тилине кирип кадр маселесиндеги кетирген одоно кемчилиги болду деп ойлоймун.

Бирок бул кемчиликтер Р.Отунбаеванын башка Кыргызстан үчүн, эл үчүн жасаган жалпы эмгектеринин көлөкөсүнө да арзыбаган майда нерселер. 2010-жылдын июнь коогалаңында эл аралык денгээлдеги “батышчыл” саясатчы катары бул коогалаңды басыш үчүн “чет элдик миротворецтерди” киргизүү идеясын мени менен кенешип талкуулап жатканда мен ага, — эже, мен 1990-жылы Ош коогалаңын тергеген тергөөчү катары айтайын, сырттан келген тили, дини башка “миротворецтер” кылымдардан бери бирге жашап келишкен бир тууган эки элди жараштырбайт, кайра кычатат, деп, Араб өлкөлөрүндөгү, Жакынкы чыгыш өлкөлөрүндөгү, Югославиядагы, 1990-жылкы Ош окуясындагы билгендерими далилдеп айтып берсем, мени угуп олтурган. – Азыр түштүктөгү жанжал токтоду десек болот, эже, эки бир тууган элди жараштыруу процесстерин ар бир шаарда, райондо, мааледе, көчөдө көбөйтүшүбүз керек, кыргыздын да, өзбектин да айрым сепаратисттерге алданып калганын сезишип, желдери чыкты.

1990-жылы Москвадан келген “миротворецтер” аралашканда жанжал айлап-жылдап улантылган, азыр 4 күндө жанжал токтоп, 5-күнү жарашуу процесстери башталды. Бизге эми сырткы күчтүн, арачачынын кереги жок десем, эже мени угуп, “миротворецтерди” чакырам дегенин токтотту. Мен ошондо эже Бакиевди эч кимден сурабай чыгарып жибергендей кылып, БУУдан, ОБСЕден жардам сурап же АКШнын Манас аэропортундагы аскер күчтөрүн түштүккө киргизип жибереби деп аябай чоочулагам. Анткени Отунбаеванын АКШнын мамлекеттик катчысы Х.Клинтон ж.б. эл аралык денгээлдеги айрым уюмдардын лидерлери менен жеке мамилеси бар экенин билчүмүн. Отунбаева “миротворецтерди” чакырбаганы менен айрым эл аралык уюмдардын таасири менен түштүктөгү улуттар аралык жанжалды иликтейбиз деген ОБСЕнин өкүлдөрүн Кыргызстанга киргизүү чечимин кабыл алды.

Ага чейин экөөбүз жолукканда ар дайым менден өзбек улутунун укугун “улуттук азчылыктын” укугу бузулду деп жатышкан айрым бейөкмөт укук коргоочулардын берген, айткан маалыматтарын кайталап сурап жүрдү. Мисалы, эмне үчүн тергөөчүлөр өзбектерге каршы көп кылмыш иш козгогон, эмне үчүн коогаланда өзбектер көп өлгөн, эмне үчүн өзбек улутундагылар камакта көп?-деп сурачу. Мен эжеге: — Роза Исаковна, кылмыш бул саясат эмес, саясатта “аз улуттун өкүлдөрү”, “гендердик саясат” деп корголуп, бийликтин курамына алар милдеттүү киргизилет. Мисалы ар бир төртүнчү депутат аял же эркек, кайсы бир пайызы башка улуттун өкүлү болсун деп өзүбүздү өзүбүз мажбурлап аны аткарып жүрөбүз, ал эми кылмыш окуясында ким кылмыш жасаса, ошол жоопко тартылат, улутуна, жынысына каралбайт. Эки тараптан тең кетти деп теңеп коюуга да болбойт, сиз бир гана өзбектердин укугун коргошуп жүргөн, ошол боюнча проект менен акча алышкан айрым бейөкмөт уюмдардын, айрым укук коргоочулардын “кыргыз бийлигине ишенбейбиз, кыргыз тергөөчүлөрүнө тергетпейбиз, кыргыз судьяларына ишти каратпайбыз”-деген сөздөрүнө окшош сөздү айтып жатасыз.

1990-жылы Москвадан келгендер “аз улуттун” укугун коргойбуз деп нечендеген кыргыздарды “оптом” соттоп жиберишкен, азыр биз көз карандысыз мамлекетбиз, Кыргызстанда болгон окуяларды обьективдүү, калыс тергөөгө мүмкүнчүлүгүбүз жетет, бул биздин эегемендүү укук, тергөө иштерине мен кураторлук кылып жатамбы, мага да ишениңиз, мени да угунуз, тигил укук коргоочуларга айтыңыз, батыштан “юридикалык жардам көрсөтөбүз “-деп алган акча каражаттарынан канча кыргызга адвокат жалдап беришиптир, акчанын канча пайызы өзбектерге, канчасы кыргыздарга жумшалды, ошол боюнча да отчет беришсин, аларыныз бир дагы жабырланган кыргызга жардам бере элек. Алар биздин укук коргоо органдарыбызга, сотторубузга, деги эле Кыргызстандын эгемендүү бийлиги бар экенине шек келтирип жатышат.

Эгерде ОБСЕден сиз чакырам деген көз карандысыз комиссия келсе келсин, изилдешсин, бирок алардын тергөө иштерин жүргүзүүгө акысы жок. Аларыныз эртең эле Аскаровду, Батыровду, Абдирасуловду ж.б. актап, кыргыз бийлик бутактарын сизди баш кылып каралап, тергөө ишин бүтүрсө эмне кылабыз эже, бул кезектеги ызы-чууну көбөйткөндөн башка эч нерсе бербейт дагы ойлонуп көрүңүз, дегем. Отунбаеванын дагы бир артыкчылыгы сүйлөшүп жаткан адамды уга билгенинде болчу. Ал мени бул жолу да кунт коюп укту. Мен кетеримде, эже, ОБСЕден көз карандысыз комиссия чакырганга чейин июнь окуясы боюнча бүт тергөө иштерин координациялап, жетекчилик кылып жаткан Р.Бактыбаевди (Баш прокурордун 1-орун басарын), Оштун коменданты, Ош шаарынын ИИБнүн башчысы К.Асановду, Ош областынын губернатору С.Жээнбековду да кабыл алып угуп койбойсузбу?-дедим. Кийин билсем, эже аларды кабыл алыптыр, жазуу түрүндө да маалымат алыптыр.

Ошондон кийин башында Киммо Кильюнен деген ОБСЕнин Парламенттик Ассамблеясынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү башчы болгон Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяны изилдөө боюнча көз карандысыз эл аралык комиссия Р.Отунбаеванын кайрылуусу боюнча түзүлүп, Кыргызстанга келип, июнь окуясын иликтөөгө алды. Бирок тергөө иштерин жүргүзүүгө укугу жок болду.

Бул комиссия 2011-жылдын 1-апрелинде өзүнүн отчетун кыргыз бийлигине тапшырды. Аталган комиссиянын жыйынтыгы боюнча төмөндө өзүнчө кенен сөз болот, бул жерде менин айтарым – Убактылуу Өкмөттүн башчысы катары Р.Отунбаева 2010-жылдын 10-14-июндарында Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык жаңжалды эл аралык денгээлде, көз карандысыз комиссияга текшертип, бир топ эл аралык укук коргоочу уюмдардын, айрым укук коргоочулардын “Кыргызстандын бийлиги өзбек улутуна карата геноциддик саясат жүргүздү” деген бир тараптуу пикирлерди эл аралык деңгээлде жокко чыгартып, алардын оозун биротоло жапты. Бул жаш Кыргызстан үчүн өтө чоң саясий жеңиш болду.

2010-жылдын 7-апрелиндеги революциядан, 2010-жылдын 10-июнундагы улуттар аралык жанжалдан кийин Кыргызстандын имиджин эл аралык денгээлде сактап калууда Убактылуу Өкмөттүн төрайымы, өткөөл мезгилдин Президенти Отунбаева Роза Исаковнанын зор эмгеги тарыхтан өз баасын алат деген ойдомун.

2. Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын 1-орун басары Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин милдетине:
— Кыргыз Республикасынын энергетика, экономика, айыл чарба, өзгөчө кырдаалдар боюнча, жаратылыш ресурстары, транспорт жана коммуникация, мамлекеттик мүлк боюнча министрликтеринин, Өкмөттүн алдындагы монополияга каршы, байланыш, айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча, каттоо кызматы боюнча, бажы кызматы боюнча, мамлекеттик агенттиктердин, мамлекеттик резерв фонду жана социалдык фонддун иштерин ж.б. координациялоо кирген.

Тизмектин өзү көрсөтүп тургандай, Атамбаев иш жүзүндөгү Өкмөт башчысынын ыйгарым укуктарын аткарды. Мурда Өкмөт башчы, экономика министри, жеке ишкер болуп иштеген тажрыйбалуу адис катары өзүнө жүктөлгөн милдеттерди камчы салдырбай, революциядан кийинки экономикалык башаламандыкка жол бербей иш жүргүздү. Экономикалык жана башка маселелер менен Россияга тез-тез каттап турду. Россияга каттаганынын башкы себеби, келечектеги өзүнө байланыштуу перспектива боюнча колдоо алуу үчүн барып жатканы түшүнүктүү болчу. Ал Убактылуу Өкмөттүн коллегиалдуу жыйындарына, иштерине көп аралашпай, боюн тартып, жогоруда белгиленгендей “ички таарынычы” менен жүрдү. Убактылуу Өкмөттүн жыйынына келсе да кеч келип, эч нерсе айтып аралашпай, же эрте чыгып кетип калчу. Эгерде өзүнө тийиштүү кандайдыр бир чече турган маселе болсо, аны Р.Отунбаевага даярдап келип эле кол койдуруп же чечтирип жүргөнүн билчүбүз. Баарыбызга убактылуу болсо да тарых алдында жооп бере турган конкреттүү участоктор, милдеттер бөлүнүп берилгендиктен, биз Атамбаевдин андай жүрүм-турумуна көп деле көңүл бурган жокпус. Бирок кээде айрым маселелер боюнча түз сүйлөшүүгө туура келчү. Анын бири жогоруда айтылган түштүк региону боюнча бажы башчысы Р.Матраимов боюнча сүйлөшүү болгон.

Атамбаев Россияда иш сапар менен жүргөн мезгилде Атамбаев тейлеген Өкмөттүн алдындагы бажы кызматынын башчысы кылып Д.Федоров деген Бакиевдин командасында жүргөн (Ж.Бакиевдин курсташы, милиционер) адамды Т.Сариев директор кылып дайындап салат. Ага нааразы болушкан Бажы кызматында көп жылдардан бери иштеп жүрүшкөн Жолбунов, Акматов ж.б. (негизинен оппозицияны көп жылдардан бери колдоп жүрүшкөндөр) топтолуп мага келишти. Мен аларга Бажы кызматын Атамбаев тейлээрин, ал азыр Кыргызстанда жок экенин айтсам, эгерде тез аранын ичинде Д.Федоровду алмаштырбасаңар анда биз аны өзүбүз кууп чыгабыз, азыр Бажы кызматына Д.Федоровдун келиши менен жагымсыз кырдаал түзүлүүдө, -деп кетишти.

Атамбаев жок болгондуктан, кырдаал курчуп кетпесин деп Отунбаева, Сариевдер менен кеңешип Бажы кызматынын коллективине барууга туура келди. Ал жерге Д.Федоров келген жок. Бажы кызматынын чоң залында жыйын өткөрүп, кырдаалды түшүнгөндөн кийин Бажы кызматынын жамаатынын сунушу боюнча Э.Акматовду Бажы кызматынын директорунун милдетин аткаруучу, Б.Жолбуновду анын орун басары кылып Атамбаев келгиче иштеп туруусун өтүнүп, коллективге салдым. Кийин Атамбаев Москвадан келери менен бул тууралуу экөөбүз сүйлөштүк. Ал мага: — “Абдан туура кылыпсын, Бажы кызматынын башчылыгына К.Кулматовду Россиядан алып келип койгону жатам, ал эми сен дайындаган балдар орун басар болуп иштей берет”-деди. Мен, кайсы Кулматов? Акаевдин доорунда бажыда директордун орун басары болуп иштеген Кеңеш Кулматовдун уулу бар эле, ошобу?-деп сурадым. Ал: — “Ообо, ошол “-деди. Кийин бир жолу : — “Акматов деген таза эмес экен, аны орун басарлыктан алам го, ал эми Жолбунов иштей берет”-деди.
Ошондон көп өтпөй Атамбаев экөөбүздүн түштүк бажысынын башчысы Матраимов жөнүндөгү телефондук сүйлөшүүбүз ачыкка чыккандан кийин Акматовду, Жолбуновду да кызматынан алып салды. 2013-жылдан кийин Акматов кайра бажы кызматында жооптуу чон орундарда иштеп калды, ал эми Жолбуновду менин “курсташым” катары пенсияга кетиришти. Матраимов болсо Жээнбековдун жана башкаларынын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, ушул күнгө чейин (2016-ж) иштеп жүрөт. Убагында, “борбордогулар Матраимовдон акча алып кайра кызматына коюпсуңар, Ошто түштүктүн эли жаңы бийликке “түкүрүп” жатат”- деген С.Жээнбеков өзү Премьер-министр болгондон кийин ошол Матраимовду бажынын директорунун “өзгөчө” укуктуу орун басары кылды. Баягы ыйлаган Жээнбеков жок! Атамбаев коррупция менен күрөшүп жатам дейт, бирок бир Матраимовго күчү жетпеди. Эми азыр КСДПнын түштүк региону боюнча ишенгени Матраимов болуп калды. Ал КСДПнын, Атамбаевдин бийлигинин “кошелогу” деген эл арасында сөз тарады. Жээнбеков экөө аны эркелетип калды. “Жээнбековдун ыйлаганын Атамбаевге айтам деген өзүң 5 жылдан бери жумушсуз калдың”- деп мага айткандар көп болду…

Р.Матраимов 2013-жылдан кийин Жээнбековдор эле эмес, Атамбаевдин өзү менен түз байланышта болуп, ай сайын “кабар алып” кирип турат деген сөз эл арасында жашаганына көп болду.
Дагы бир жолу Убактылуу Өкмөттүн Аппаратынан адамдар келип, АзияУниверсалБанкын реструктризациялоо боюнча чечиминин долбооруна кол коюп берүүнү айтышты. Мен Отунбаевага телефон чалып, “АзияУниверсалБанкына” Максим Бакиевдин банкы катары кылмыш иштин алкагында арест салынып турат, анын курамындагы “Максат банк”, “Акылинвест банк” ж.б. банктар да текшерилип жатат, арест салынган обьекттердин статусу чечилмейинче эч ким аны “кайра түзүү”, “кайра майдалоо” боюнча чечим албашы керек дедим. Силер АУБду кантип кайра түзөбүз деп жатасыңар?-деп сурасам, ал аны Атамбаев даярдап жатканын айтты. Мен эжеге кол койбойм, жана каршымын, Убактылуу Өкмөттүн жыйынында чечели бул маселени дедим.

Эки-үч саат өтпөй Отунбаева кайра чыкты да, “сенин кандай сунушуң бар АУБ боюнча, өлкөдөгү экономикалык маселелер боюнча аны кайра түзүү зарыл деп жатышат”-деди. Мен эжеге, Эгер Атамбаев Убактылуу Өкмөттүн жыйынында Максимдин арест салынган банкын эмне үчүн кайра түзөмүн деп жаткан себебин негиздеп айтып берсин, мен ошого жараша өз пикиримди айтайын дедим. Отунбаева, “Атамбаев токтому жок эле АУБду реструктуризация кыламын деп жатат”-деди. Мен кыла берсин, аресттеги бирөөнүн мүлкүн ээлеп алганы үчүн жоопкерчилик бар, аны унутпасын, дедим. Менин каршы болгонум, мурда АУБдун үстүнөн ушундай эле сунуш менен Сариев да мага чыгып айтты эле. Бирок ал менин жүйөө-аргументтеримен кийин унчукпай калган. Ошол эле учурда Москвада жүргөн А.Надель кайсы бир Убактылуу Өкмөттүн мүчөсүнө чыгып, АУБду кайра түзбөйлүбү деген сунушун айтыптыр деген менде маалымат да бар болчу.

Ушул АУБдун айынан да өз ара жанжалдашпай, АУБду Декрет менен улутташтырып, Атамбаевге өткөрүп берип, жоопкерчиликти да ага жүктөөнү туура көрүп, Отунбаевага чыгып сунуш кылдым. Аз убакыт өтпөй эже, макул Декретиңерди жазгыла деди. Мен тергөө органдары, юристтер менен АУБду улутташтыруу боюнча Декретти даярдап, Отунбаевага бердим. Бирок АУБдун тагдыры анын учредителдери болгон “Манас банк”, “Максат банк”, “Акылинвестбанк” ж.б. партиялык кызыкчылык менен АУБдун өзү да 2011-жылы Жогорку Кеңешке алынып келинбей, “жиликтенип” жок кылынды. А.Надель менен Москвада сүйлөшүлгөн деген сөз чын окшоп калды.

Атамбаев 2010-жылдын 23-апрелинде Отунбаевага өзүн күч структураларынын башчысы кылып өзгөчө комиссия түздүрүп, токтом чыгартып алганын, мен 2010-жылдын күз айларында, июнь коогалаңын изилдеп жаткан, башында А.Эркебаев турган комиссия мени сурак кылганда билдим. Июнь окуясын иликтөө боюнча комиссиянын мүчөлөрү айрыкча А.Эркебаев, Ж.Жекшеев (алар кызуу экен), Ш.Атахановдор мага “сиз күч структурасына куратор болгонсуз” дешип, бүт күнөөнү мага жүктөөгө, ошондой корутунду чыгарууга багыт алышканын сездим. Мен аларга: — Ооба, иш жүзүндө куратор болгом, бирок кагаз (документ) түрүндө эмес, күч структураларына, айрыкча түштүк жергесинде мен кураторлук кылдым, себеби ал жакка апрель, май, июнь айларындагы тополоң, кайгылуу окуяларда Убактылуу Өкмөттөн кээде жалгыз барып аргасыз күч структураларын топтоп, алардын жетекчилери менен сүйлөшүп, координациялап, ал жактагы окуяларды жөнгө салуу, тынчытуу боюнча иш чараларды жүргүзгөнүм анык.

2010-жылдын 13-15-апрелинде, 19-20-апрелде Жалал-Абад, Ошто, майдын 14-16да Жалал-Абадда, июндун 11де Ошто, 13-14-июнда Жалал-Абадда, Сузакта болуп, күч структураларын, коменданттарды топтоп аракет жүргүзгөнүмдү мойнума алам, бирок мен аны Улуттук коопсуздук боюнча кызматтын төрагасы, же Ички иштер министри түштүккө барбаганынан, Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын тапшырмасы, өтүнүчү менен, убактылуу бийликтин өкүлү катары ыйык милдетим катары окуя болгондон кийин “өрт өчүргүч” катары барып жүрдүм. Куч структураларынын бир да кадр маселесин, бир, эки учурду кошпогондо мен чечкен жокмун. Бир жолу К.Асановду 2010-жылдын 10-июнунда коогалаң башталган түнү Ош шаарынын Мэри М.Мырзакматовдун өтүнүчү боюнча Свердлов РИИБнүн башчылыгынан кайра Ош ШИИБнүн башчысы катары министр Б.Шерниязовго айтып буйрук чыгартып Ошко ала кеткем.

Экинчиси, июнь коогалаңында Р.Отунбаевадан, Б.Шерден суранып, Ө.Суваналиевдин аброюн, тажрыйбасын Ош областындагы башаламандыкта пайдалануу үчүн Ош областынын ИИБнүн башчылыгына койдурткам.
Күч структараларынын куратору деп сиздерге окшоп бул кемчиликтерди мага жүктөшүп айрым бейөкмөт уюмдар, укук коргоочулар, журналист, серепчилер да жазып жүрүшөт, бирок, расмий документ боюнча мен прокуратура, сот системасына, түрмөлөргө, каржы полициясына, каржы чалгындоо кызматына куратормун дедим. Комиссия кийин өз корутундусунда баары бир мени күч структурасынын куратору деп күнөөлөптүр. Буларды жазып жатканым ошол комиссия мени сурагандан кийин сыртка чыгып баратсам залда олтургандардан бирөө артыман келип, сиз бул токтомду билесизби, мурда көрдүңүз беле?-деп бир токтомду көрсөттү. Ал документти окусам күч структуралары, башкы прокурорду кошуп, коомдук тартипти сактоо, ар кандай тополондордун алдын алуу боюнча Убактылуу Өкмөттүн атайын комиссиясы түзүлүп, анын төрагасы А.Атамбаев дайындалган экен. Мен бул документти биринчи көрдүм, көчүрүп алайын десем, ала бериңиз деп берди. Ошол токтомду тиркеп кетемин. (№ 6-тиркеме) Бирок мындай комиссия бар экенин мага окшоп эч ким деле билген жок.

Атамбаев мына ушундай ыйгарым укуктарды Отунбаевадан көп эле жолу алып жүрдү. Бирок иш жүзүндө Атамбаев түштүктөгү окуяларды басуу үчүн бир жолу да басып барган жок. Аракет да кылган жок. Бирок, ошол эле учурда өзбек диаспорасынын лидери К.Батыровдор менен тыгыз байланышта турганын, өзбек улутунун өкүлдөрүнөн кадрларды койгонун кийин К.Батыров, Б.Асановдор нечен жолу жазышпадыбы. Бирок Н.Тулеевдин жактоочуларынын 2010-жылдын 12-майындагы Бишкектеги аракетине элди ээрчитип чыгып, борбордук аянтка топтоп чечкиндүү аракеттерди жасады.

Жогоруда айтылгандай Атамбаев Убактылуу Өкмөттүн ишине алгылыктуу аралашпай, бирок, ошол эле учурда өзү катышпай, билбей калган Убактылуу Өкмөттүн айрым чечимдерине тескери пикирин айтып жүрдү. Анын бири тергөө органдары тарабынан ячейкалардан табылып, арестке алынган айрым акчаларды мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн Убактылуу Өкмөттүн чечими менен бөлүштүрүп иштетилгенин да бир чоң кылмышты ачкансып ыр-жомок кылганы, ал боюнча Сариев экөөбүздүн телефон аркылуу сүйлөшүүбүздү ачыкка чыгарып, шайлоо учурунда өзүнүн “платформасы” катары көрүнгөн жерде сүйлөп жүрдү. Кийин 2016-жылдын 31-августунда салтанаттуу мааракеде аны жана башка “дейди” сөздөрүн кайталап, Р.Отунбаевага орунсуз асылып сүйлөп, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнө, алардын жүргүзгөн иштерине дагы деле көзү түз эместигин билдирип койду. Ошол күнү (31-августта) Аксынын Унгар-Тоосун Өзбекстан бир тараптуу 22-августтан тартып басып алганы тууралуу ооз ачып, кейип же өкүнүп койгон жок. Ячейкалардан табылган акчаларга жана Атамбаевдин 2010-жылдын май айында айткан “дейди” сөздөрүнө жооп беришкен Р.Отунбаева менен Т.Сариевдин интервьюларын да тиркеймин. (№ 7-тиркеме)
3. Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары Сариев Темир Аргенбаевичтин милдетине:
— Каржы министринин милдетин аткаруу, Улуттук банктын, каржы-насыя уюмдарын, салык кызматынын, каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөл кылуу боюнча мамлекеттик кызматтардын иштерин координациялоо кирген.
Т.Сариев өзүнө жүктөлгөн бул милдеттерди ошол оор кырдаалдарда өтө жогорку профессионал катары аткарды. Сариевдин талыкпаган аракетинен өлкөбүздө каржылык каатчылык же тартыштык болгон жок. Айлык, пенсия, пособия ж.б. жөлөкпулдар өз убагында берилип турду.

Бакиевдин бийлиги бекитип кеткен 2010-жылдын бюджетинде каралган акча каражаттарын өзгөчө кырдаалдар түзүлүп, кошумча акча каражаттары талап кылынса да бюджеттик мыйзамды бузууга жол берилген жок. Сариевдин демилгеси менен 7-апрелде түштүктөгү май, июнь окуяларында, Маевка айылындагы 19-апрелдеги окуяда каза болгондордун үй-бүлөсүнө бир жолу берилчү жардамдар, оор жаракат алышкан жүздөгөн адамдарга мүмкүнчүлүккө жараша материалдык жардамдар берилди.

7-апрелден кийин айрым курч, тез чечилчү маселелерде, мисалы 8-10-апрелде Бишкекте, 19-апрелде Маевкадагы окуяда болуп жаткан мародерлукту токтотуу үчүн түзүлгөн ыктыярдуу элдик дружиналарга ал өз каражатын да жумшаганын билем. Айрым банктык жеке ячейкалардан табылып алынып, прокуратуранын депозитинде сакталып турган акча каражаттарын Улуттук банкка кабыл алып, кайра Убактылуу Өкмөттүн чечими менен иштетүү маселеси каралганда да ал өзүнө таандык чечкиндүүлүктү көрсөтүп телефондон мени менен кеңешип жатканы ачыкка чыгып, аны өзүбүздүн эле Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрү “катуу чырга, чууга, ал түгүл кылмышка” айланткысы келип, тескери коомдук пикир жаратканына карабай, элдин кызыкчылыгы, тынчтыгы үчүн тынч мезгилдин мыйзамына туура келбеген кадамдарга барганы бул анын эрдиги.

Мына ушундай оор, тагдырлар тобокелге салынган мезгилде сыноодон өткөн Т.Сариев бекеринен Премьер-министрликке чейин көтөрүлгөн жок. Т.Сариев 2010-жылдын 7-апрелинен кийин өлкөдөгү инвестиция климатын жөнгө салуу жана коогалаң болгон жерлердеги ишкерлерге көмөк көрсөтүү үчүн бир нече Декреттер анын демилгеси менен кабыл алынды. Мисалга, 2010-жылдын 19-апрелиндеги Инвестицияны коргоо боюнча Декрет, 2010-жылдын 28-июлундагы Салык салуу маселелерин жөнгө салуу жөнүндөгү № 115 Декрети, 2010-жылдын апрель, июнда болуп өткөн окуялардын кесепетинен экономикалык зыян келтирилген ишкердик субьектеринин бажылык жана социалдык төлөмдөрдү төлөөсүн кийинкиге калтыруу жана мөөнөтүн узартуу жөнүндөгү 2010-ж. 28.07. №116-Декрети, Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад областтарындагы тополондун убагында жабыр тарткан жеке жана юридикалык жактар үчүн фискалдык преференциялар, жеңилдиктер жана мөөнөтүн узартуулар жана регионду турукташтыруу менен калыбына келтирүү боюнча иш чаралар жөнүндөгү 2010-жылдын 19-июнундагы №77 Декретти ж.б. атасак болот.
Сариевдин дагы айрым маселелердеги катуу позициясын байкап жүрдүм. Сариев Бакиевдин үй-бүлөлүк режимин, Бакиевдин доорундагы саясий куугунтуктоолорду, коррупция жөнүндө ушунчалык күйүп-бышып, өзүн өлкөдөгү ушундай көрүнүштөрдүн келишпес душманы кылып көрсөткүсү келет да, ошол эле учурда ушул эле көрүнүштөр Акаевдин доорунда гүлдөп, өсүп келгенин, Бакиевдер аны улантканын эч бир тааныгысы келбегени болчу. Ал Убактылуу Өкмөт тарабынан Акаевдин кол тийбестигин алуу жөнүндө 2010-жылдын 12-августунда №120 Декрет кабыл алынып жатканда аны колдобой койгону менен ал позициясын дагы бир жолу тастыктады. Мындайча айтканда Т.Сариев айрымдарга окшоп “суу ичкен кудугуна түкүргөн жок”. Бул да сыйлай турган позиция, касиет болуп эсептелет.

4. Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары Текебаев Өмүрбек Чиркешович жогоруда айтылгандай 7-апрелдин алдында белинен операция болуп, көпкө тике тура албай калганына байланыштуу, үйүндө жаткан жеринен УКМКга “ооруп жатам” дегенине карабай камашып, бирок 7-апрелде түштөн кийин кырдаал оппозиция тарапка өзгөрүлүп, элдин жардамы менен УКМКдан бошотулгандан кийин дароо демилгени колго алып, Отунбаеванын кабинетинен жаңы бийликти түзүп жибергенге шашат. 2005-жылдын март революциясынан кийин да ушундай аракеттерди жасап, бирок анда КЭКтин лидерлери ага жол берген эмес эле. Бул жолу Текебаевге “керектүү учурда, керектүү жерде” БЭКтин лидерлери Атамбаев, Тургуналиев, Исаков, Бекназаровдордун жоктугу ага “суудагы балыктай” маневр жасаганга мүмкүнчүлүк берди. Белинин ооруганы басылып, КТРге келип бир нече дайындоолорду да жарыялап жиберген.

Кечинде “Медиа-Форумда” кызмат бөлүшүүдө ал эч кандай “кара жумуштуу” милдеттенме албай, “Конституциялык реформа жүргүзүүнү камсыз кылайын, ал үчүн мага бир гана Юстиция министрлигин берсенер болду”-деп ушул тармакты алат. Бул милдет Текебаевдин өмүр бою аткарып келген милдети болчу. 1993-жылкы Конституциядан бери бардык Конституциялык реформалардын катышуучусу Текебаев, Нарынбаев, Укушевдер болгону белгилүү. Ошол кызматы үчүн Акаевден “Эмгек сиңирген юрист” деген наамдарды алышкан.

Эгерде А.Акаев 1993-жылкы Конституцияны 4 жолу референдум аркылуу бурмалап, өлкөдө үй-бүлөлүк режимди жаратканы, узурпациялап алганы боюнча кылмыш жообуна тартылса, анын аткаруучуларынын бири катары Текебаев да сурак бермек. Ошондуктан Текебаевдин “Конституциялык реформаны жүргүзөйүн”- дегени убагында өздөрү кетирген кемчиликтерди ондоюн деген да тилеги болуш керек деп, жеке мен аны туура көрүп, колдоого алдым. Юстиция министрлигинин милдетин аткаруучу кылып белгилүү юрист Э.Мамыровду сунуштасам, ал мага — “Азим, Мамыровду билем, жакшы юрист, бирок мага ал керек эмес, бир министрликти менден талашпай эле койбойсуңбу?-дегенинен, мен макул деп ага көндүм. Юстиция министринин милдетин аткаруучу кылып А.Салянованы сунуштады.

Өмүрбек Чиркешович өтө оперативдүү иштеди. Конституциялык кеңешмени түзүп, курамын Убактылуу Өкмөткө сунуш кылды. Ошол жыйында Конституциялык кеңешменин курамын бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен Нарынбаев, Укушев ж.б. мурдагы эле Текебаевдин “реформатор” достору киргизилген экен, мен айрымдарына ачык эле каршы болдум. Мисалы, “Жарандар коррупцияга каршы” коомдук уюмунун жетекчиси Т.Исмаилова кеңешменин төрагасынын орун басары экен, анын өзүнө кайрылып, — Төлөйкан Асаналиевна, сиз капа болбоңуз, биз принципиалдуу нерселерди бири-бирибиз менен таарынбай ачык сүйлөшүп алганыбыз оң, сиз бейөкмөт уюмунун жетекчисисиз, сиздин уюмду чет мамлекет каржылайт, Уставыңар боюнча өлкөнүн ички саясаттарына аралашканга укугуңар жок. Кыргызстандын Конституциясын кабыл алуу бул эгемен Кыргызстандын жеке өзүнүн иши, сиздин төраганын орун басары болгонуңуз туура эмес, бул жерде дагы “Интербилимден” А.Сасыкбаева, дагы он чакты бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү бар экен, кеңешменин теңинен көбүн алар түзөт экен, менин билишимче Конституциялык реформаны колдоо көрсөтүү үчүн каржы маселесин да чет элдин бир авторитеттүү уюму НПОлор аркылуу каржылайт экен деген сөз бар. Ушандай темп менен иштесек аягы кандай болор экен?-дедим.

Төлөйкан Исмаилова : — “Азимбек Анаркулович, сиз туура айтасыз, мен сизге таарынбайм, тескерисинче колдойм, мен өз талапкерлигими алам”-деди. Мен Текебаевден НПОнун ордуна өзүбүздүн саясий партиялардан, белгилүү окумуштуулардан, патриот-улутчулдардан, юристтерден көбүрөөк тартууну өтүндүм. Ошол жыйындан кийин белгилүү себептер менен Конституциялык кеңешме Конституциянын долбоорун толук даярдап 2010-жылдын 16-майында Убактылуу Өкмөткө алып келгенге чейин анын жыйынына бир да жолу катыша алган жокмун.

Текебаев өз милдетин тез, өз убагынан да эртерээк бүтүрдү. Текебаев милдетин алган бул жолку Конституциялык реформа жалгыз эле Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн эмес, 2000-жылдардан бери Акаевдин, Бакиевдин жүргүзгөн Конституциялык реформаларына каршы жүрүшкөн жүздөгөн оппозиционерлердин, саясатчылардын Конституциялык реформа керек деп жүргөн аруу тилектери, үй-бүлөлүк башкаруудан кутулалы деп 2005-жылы март революциясында, 2010-жылы апрель революциясында чыгышкан миндеген, мүмкүн миллиондогон замандаштарыбыздын тилеги эле. 7-апрелде Ак үйдүн алдында ушул максат үчүн жүздөгөн эр азаматтарыбыз төшүн окко тосту…

Конституциялык реформа бул баарынан жогорку максат, жаңы заман, жаңы турмуш, бул келечек экенин жакшы түшүнгөн Текебаев бүткүл тажрыйбасын, билимин жоопкерчилик менен жаны Конституциянын долбооруна жумшаганы тездик менен даярдалган долбоордон далилденди.

Ар кандай мыйзам долбоорлорунда кемчилик болгондой эле Текебаев башында турган кеңешме даярдаган долбоордо да кемчиликтер болду. Алардын көпчүлүгү техникалык жана редакциялык мүнөздөгү кемчиликтер жана долбоордун мамлекеттик тилдеги тексти менен расмий (орус) тилдеги текстинде абдан көп дал келбөөчүлүктөр болгондуктан, долбоор жарыялангандан кийин эки жолу, биринчиси 2010-жылдын 26-майында, Убактылуу Өкмөттүн №52 Декрети, экинчиси 2010-жылдын 10-июнундагы №64 Декрети менен 50дөн ашык беренелерге, бөлүктөргө, абзацтарга ондоолор, түзөтүүлөр киргизилди. Белгилүү укук коргоочу, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Т.Үметалиева “Текебаев Конституциянын долбоорун алмаштырып салган”-дегени ушундан болсо керек.

Убактылуу Өкмөт долбоорду кароону баштаганда ар кандай ой-пикирлер, сунуштар көп айтылды. Мен Убактылуу Өкмөткө Текебаев даярдаган долбоорго катар өзүмдүн долбоорумду айттым. Ал 1993-жылдын 5-майындагы Конституцияга кайрылуу менен Конституциялык реформа жүргүзүү долбоору болчу.
Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү ушунча мээнет кылынса, Кыргызстандын эли эле эмес, бүткүл дүйнө жүзү кыргыздар жаңы Конституция жазып жатышат деп колдоо көрсөтүшсө, анан биз эми 1993-жылкы Конституцияга кайрылып, ошого толуктоо, өзгөртүүлөрдү киргизсек коомчулук түшүнбөй калат, же башында кошо каралса болот эле деп менин сунушум боюнча каршы пикирлерин айтышты. Мен макул болдум.

Эки күндүк талкуудан кийин жогоруда айтылгандай Текебаев башында турган жаңы Конституциянын долбоорун жактырып, ага кошуп өткөөл мезгилдин Президентин да кошо аныктап, Конституцияны колдонууга киргизүүнүн тартиби боюнча мыйзамы менен баарын референдумга чыгардык.

Эң башкысы үй-бүлөлүк башкарууну, авторитаризмди пайда кылуучу Президенттин жана Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары Конституция менен гана чектелди. Бул деген жаңы Конституцияга ылайык Президент, Жогорку Кеңеш мыйзамдар, башка укуктук-ченемдик актылар менен өздөрүнө Конституцияда жок кошумча ыйгарым укуктарды алалбайт дегенди түшүндүрөт. Бул биринчи момент.

Экинчи баса белгилеп кете турган нерсе, мурдагыдай Конституцияны жеңил-желпи өзүнө ылайыктап өзгөртүп албасын деп оңдоп, түзөтүүнүн татаал процедурасын же тактап айтканда Жогорку Кенештин депутаттарынын көпчүлүгүнүн сунушу, же 300 миң шайлоочунун демилгеси менен Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинин добушу менен, окуулардын ортосу эки ай аралык менен үч окуудан кийин гана кабыл алынарын, же Жогорку Кенештин депутаттары кабыл алган референдум жөнүндөгү мыйзам менен референдумда кабыл алынары бекитилди. Эми Президенттер мурдагыдай референдум жарыялап Конституцияны ондоого, өзгөртүү киргизүүгө болгон укуктарынан таптакыр ажыратылды.

Эгерде биз жаңы Конституцияга ылайык Жогорку Кеңеш шайланып, алар өз Өкмөтүн түзүп, жаңы Конституцияга ылайык жаңы Президент шайланып, жаны бийлик бутактарын толук калыбына келтирип иштеп кетүү үчүн өткөөл мезгилди 2011-жылдын 31-декабрына чейин белгилесек, жаңы Конституциянын өзүнүн толук кандуу иштеп кетиши үчүн жаңы Конституцияны колдонууга киргизүү жөнүндөгү мыйзамды да референдумга алып чыгып, анын 4 беренеси аркылуу “Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 114-беренесинин 2-бөлүгүнүн жоболору 2020-жылдын 1-сентябрында күчүнө кирет” деп, Конституциянын 3-4-5-6-7-8-бөлүмдөрүндөгү бийлик органдары, анын ыйгарым укуктары бекитилген жоболорду 2020-жылдын 1-сентябрына чейин Жогорку Кенеш тарабынан өзгөртүлбөйт деген өткөөл мезгилди аныктап, мараторий киргиздик. Бул өтө маанилүү учур, көптөр буга көңүл бурбай жүрөт.

Убактылуу Өкмөттүн ою боюнча азыркы Конституцияда бекитилген мамлекеттик органдар өзгөртүлбөй, биринен бири кайсы бир ыйгарым укукту Жогорку Кенеш аркылуу Конституцияга өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жолу менен ээлеп албасын, ырааттуу 10 жыл бою иштеп өзгөртүүсүз иштеп көрсүн, анан 10 жылдык жыйынтыгы менен гана Конституцияга өзгөртүү, толуктоолор киргизилиши Кыргызстандын алдыга жылышына жана этаптуу реформаларды жүргүзүүгө негиздүү шарттарды түзөт. Мындай маратория 2006-жылдын ноябрь, декабрь айларындагыдай Конституция кабыл алуу оюндарына бөгөт болот.

Жыйынтыктап айтканда Текебаев башында турган Конституциялык кеңешме иштеп чыккан Конституциянын долбоору жогоруда айтылган Убактылуу Өкмөттүн кошумчалары менен (убактылуу бийлик үчүн өткөөл мезгилдин Президенти (2011-ж. 31.12) , Конституция толук иштеп кетиши үчүн өткөөл мезгилдер (2020-жылга чейин) аныкталып ж.б. ондогон ондоп, түзөтүүлөр менен) 2010-жылдын 19-майында Убактылуу Өкмөт тарабынан жактырылып, №40 Декрет менен референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) чыгарылды.

Ө.Текебаев өзү тандап алган өз милдетин кыска мөөнөт ичинде аткарды. Жаңы Конституцияны сапаты жагынан жогорку денгээлде деп тааныбасак да (Конституциянын өзөгүн көп жылдардан бери оппозициялык күчтөр жазып келишкен – башкаруунун Парламенттик түрү түзүп, бирок концепцияларды кодификациялоодо (мыйзам түрүнө айланууда) техникалык, редакциялык мүнөздөгү кемчиликтер кетирилген) ошол мезгилдеги өлкөдөгү саясий кырдаалды жөнгө салууда, 2010-жылдын 27-июнунан тартып өлкөбүз укуктук талаага киришине Текебаевдин кеңешмеси, албетте биринчи кезекте Текебаевдин аракети менен кыска мөөнөт ичинде жаңы Конституциянын иштелип чыгышы зор роль ойноду. Муну тарых үчүн белгилеп, айтып жүргөнүбүз адилеттүүлүк болот.

5. Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, Убактылуу Өкмөттүн Аппарат башчысы Каптагаев Эмил Саламатович — Акаевдин доорунда ар кандай иштерде иштеп такшалган “аппаратчик” катары Убактылуу Өкмөттүн Аппаратын былк эттирбей башкарды. Менин жеке пикиримде Каптагаевдин саясий бейнеси ушул аппаратты башкарганда ачылды. Коомчулукка өзү да белгилүү болду. Өткөөл мезгилдин Президенти Отунбаеванын ишеничине арзып, кийин да “эриш аркак” ынтымакта жүрүштү. Эгерде Убактылуу Өкмөттүн күнүмдүк аткарган иштери, кабыл алган чечимдери жакшы деп таанылса, ал биринчи кезекте Каптагаевдин ишмердүүлүгү.

Жогоруда белгилегендей айрым маселелерде Отунбаева Атамбаевге кандайдыр бир деңгээлде аргасыз көз каранды болсо, кайсы бир маселелерде Отунбаева өз эрки менен Каптагаевдин айтканындай маселе чечип жүрдү. Мындайча айтканда, Каптагаев бир гана аппарат башчы эмес, кандайдыр бир деңгээлде Отунбаеванын кеңешчиси, ишенимдүү жакын адамы катары да кызмат өтөдү.

Аппарат башчылыктан сырткары Э.Каптагаев жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу боюнча Улуттук агенттиктин, религия боюнча мамлекеттик комиссиянын, Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын ж.б. иштерин жеке өзү координациялады. Айрым учурларда, мисалы, Токой чарбачылыгы боюнча Т.Тургуналиев менен кадыресе “күрөш” жүргүзүп, жеңүүчү да болуп чыкты. 7-апрелден кийин түзүлгөн “Мекен шейиттери, “Айкөл Ала-Тоо”, “7-апрель”, “Элдик сакчы”, ж.б. жыйырмага жакын элдик кыймылдардын башын “Апрель байрагы” кыймылына бириктирип, алар менен тыгыз байланышта болуп, алардын социалдык, медициналык көйгөйлөрүнө жардам берип, кээде аларды өзү каалагандай пайдалана коюп да жүрдү. “Апрель элдик революциясынын баатыры” деген төш белгини иштеп чыгып 7-апрелдеги элдин женишин бекемдөөдө чон салым кошту.

Р.Отунбаева өткөөл мезгилдин Президенти болгондон кийин Эмил Саламатович Президенттин Аппарат жетекчиси болуп калды. Жаңы Конституциянын негизинде Жогорку Кеңеш шайланып, анда жаңы бийликке өздөрүн оппозиция катары көрсөтүп утуп келген “Ата-Журт” партиясындагы “бригаданын” балдары өз алдынча соттук реформа жүргүзө баштаганда алар менен Каптагаев көпкө чейин күрөшүп жүрдү. “Вазир жакшы, хан жакшы” дегендей, эгерде Отунбаеванын эмгеги оң бааланса, бул Каптагаевдин эмгегинин эң зор экендиги деп билсек болот.

6. Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Исаков Исмаил Исаковичке Коргоо министринин милдетин аткаруучу, Убактылуу Өкмөттүн түштүк региону боюнча өзгөчө ыйгарымдуу өкүлү катары ага абдан оор, жооптуу милдеттер жүктөлгөн.

Коргоо министрлигин өз үйүндөй жакшы билген И.Исаков министрликти кырдаалга жараша, ар дайым күчөтүлгөн согуш режиминде кармап турду. 7-апрелден кийин түрмөдөн чыгып, буту ооруганына карабай, улам түштүккө жалгыз барып жаткан мага боору ооруп, күнү-түнү экөөбүз байланышта турдук. Убактылуу Өкмөттүн атайын чечими менен ага түштүктө жергиликтүү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын кызматынан бошотуу, бош орунга дайындоо үчүн сунуш берүү укуктары да берилген.

Исмаил Исакович 2010-жылдын май, июнь айларындагы түштүктөгү окуяларда өзүнө жүктөлгөн милдеттерди так аткарып жүрдү. Бул окуяларда Исаковго түздөн-түз жардам берип жүргөн адам катары айта кетчү нерселер аябай көп. Кийин бул окуяларды иликтеген комиссиялар кимдир бирөөну күнөөлүү кылыш үчүн эле ага “ал окуялардын алдын албаган” деген жалпы мүнөздөгү күнөөнү тагып коюшту. Себеби, түштүк жергесиндеги бул окуялар тендешсиз күрөш эле. Ачык эле айтканда, күч структураларынын кызматкерлери күндүз биз менен, түндө Бакиевдер менен жүрүштү. Митингге чыккан элге тик карап катуу айткандан да алар коркуп калышкан, анткени ондогон күч структураларынын кызматкерлери 7-апрель боюнча “крайный” болуп жоопко тартылып жаткан.

Реваншисттердин колунда курал, каражат, тууганчылык, жердешчилик деген түштүктүн жөнөкөй элин куру намыс үчүн көчөгө чыгаруучу ондогон себептер бар болчу, аларга кошумча болуп “бакиевчилсиң” деп борбордон (Бишкектен) кызматтарынан бошотулган укук коргоо органдарынын, башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери аларга кошулуп кетип жатты. Алар: “бизди түштүктөн болгонубуз үчүн эле “бакиевчилсиң” деп жаңы бийлик бошотту” деп туугандарын кошуп алып көчөгө чыгып жатышкандар көбөйүп баратты. Алар Убактылуу Өкмөттүн жактоочуларына караганда өтө агрессивдүүлүгү менен айырмаланышкан.

Ал эми түштүктө Исаковго жардам бере турган күч органдарынын кызматкерлери жогоруда айтылгандай “мойнунан байлаган иттей…” болуп, эч нерсеге жарабай жүрүштү. Көбүндө Бакиевдин бийлиги кайра келет деген ишеним бар болчу. Ушундай абалды туура баалап, Исаков экөөбүз Ошто кеңешип олтуруп, “Жарым жартылай мобилизация кылуу”, “Элдик кошуундарды түзүү” ж.б. кадамдарга барууга аргасыз болгонбуз. Кээде биз да урук-тууган, жоро-жолдошторду таап, жардам суроого мажбур болдук. Мындай учурларда кыйбаган гана адам жаныңда каларын өз көзүбүз менен көрүп, ишендик. Кийин ошондой кыйбаган адамдардын бир-экисине болор-болбос кызмат берип койсо, аны да “Исаков өз туугандарына, жакындарына кызмат берип жатат”- деп жогортон сөз кылгандар болду. Айтор Исмаил аке май, июнь окуяларын жөнгө салууда чыныгы генерал экенин көрсөттү, аны төмөндө май, июнь окуялары боюнча баянда окуса болот.
7. Өмүркулов Иса Шейшенкулович Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, Бишкек шаарынын Мэри катары анын милдетине 7-апрелден кийин кан жыттанып, түтөп турган Кыргызстандын борбору Бишкекке тартипти, туруктулукту орнотуу жүктөлгөн эле. Ар кандай согуш, төңкөрүш, революциядан кийин, кайсы гана, кандай гана өлкө болбосун жеңиш анын борборунда орногондон кийин таанылат эмеспи.

2005-жылкы март революциясындагы жениш 24-мартта Бишкекте орногондо гана таанылган, ага чейинки 4-мартта Жалал-Абад областындагы, 16-мартта Ош областындагы, 18-19-марттагы Талас областындагы элдин жениши эсепке алынган эмес, алар тарыхта да айтылбайт. 2002-жылдын 17-мартынан кийин Аксы районунда элдик бийлик орноп, борбор жергиликтүү эл менен эсептешип иштеп калганы Кара-Суу, Кара-Жыгач айылдарында участкалык милицияга чейин жергиликтүү эл көрсөткөн адамдар гана иштеп, эл өзү тартип сактап, көп маселени бийликсиз чечип калганы белгилүү, бирок бул элдин жениши качан гана 24-мартта Бишкекте толук орногондо таанылган.

Ошондуктан 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдин женишин кармап калуу, Убактылуу бийликтин бийлигин орнотуу, биринчи кезекте Бишкектин Мэринин милдетин аткаруучу Иса Шейшенкуловичтин ишмердүүлүгүнө байланыштуу эле. И.Өмүркуловдун Мэрликке талапкерлиги жөн жеринен тандалган эмес. Өмүркулов 2006-жылдын ноябрь митингинен кийин өзүнүн активдүүлүгү, уюштуруучулугу менен Чүй өрөөнүндөгү саясатчылардын лидерлеринин бири экенин иш жүзүндө көрсөтүп жүрдү. Эгерде Чүй өрөөнүнөн чыккан саясатчылардын көпчүлүгү тийип-качып, оппозициянын иштерине аралашса, Өмүркулов өзүнүн туруктуу позициясы менен өзүнө, үй-бүлөсүнө кылмыш иштер “токулуп” куугунтукталганына карабай тез эле оппозициянын лидеринин бирине айланды.

Чүй боорунан эн көп жолу эл ишенимине ээ болуп Жогорку Кенешке депутат болгон өзүнүн туруктуу электораты, колдоочулары бар, алар менен тыгыз байланышта тургандыгы боюнча да Чүйдөн чыккан Сариев, Мукашев, Байболов, Атамбаевдер Өмүркулов менен атаандаша алышмак эмес.

Бишкек шаарынын Мэрлигине ошол учурда Өмүркуловдон артык талапкер болгон жок. Өмүркулов бул милдетин өтө так, жоопкерчилик менен аткарды. Бишкек шаарына тез эле тартипти келтирип, элдик кошундарды уюштуруп, марадерчулукка, басып алууларга карата активдүү иштерди жүргүздү.

2010-жылдын 19-апрелиндеги Маевка айылындагы тополоңдо өзү эл арасында жүрүп, аны басууга чоң роль ойноду. Анын дагы бир жакшы сапаты ИИМдин, башка күч структураларынын, айрыкча Бишкек шаардык ИИБнүн иштери аксап жатканын жалпы өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн бетке, ачык айтканы болду. Анын сын-пикиринен кийин күч структуралары Бишкекте ишин жандандырды.

Бишкек шаарындагы ийгиликтер дүйнө жүзүндө Кыргызстанда абал турукташып жатат деп айтканга, өзүбүздүн региондордо “болду эми, борбордо жаңы бийлик орнободубу, ага баш иели” деген маанайды жаратты.

Өмүркулов 7-апрелдин алдында Чүй областы боюнча БЭКтин куратору катары 7-апрелде жок дегенде 3-4 жерде элдик курултай өткөрүү боюнча даярдык көргөнүнүн натыйжасында Аламүдүн, Ысык-Ата, Москва ж.б. райондордо, Токмок шаарында 7-апрелде тез эле жергиликтүү бийлик элдин колуна өтүп, чыр-чатакка жол берилген жок.

Өмүркулов Бишкек шаарында иштеген Мэрлердин эн алдынкысы катары элдин эсинде калды. Ош базарынын айланасындагы “бардакты” аздыр-көптүр жөнгө салып, жолдорду оңдоп, транспорт каттоолорун жолго салганы эле эмне деген иш. Ал иш чаралар канчалан митинг, толкундоо, Ак үйдүн алдына чыгуу менен коштолуп, акыры жөнгө салынганда эл аны туура түшүндү.

Бишкек шаарындагы бир нече көчөлөр ондолуп, жол жээгине гүлдөр эгилип, борбор шаарыбыз көркүнө чыккан сайын, жаны бийликке болгон ишеним арта баштады.

8. Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары катары (А.Бекназаров) өзүмө жүктөлгөн милдет жана аткарган иштерим жөнүндө айта кетейин. Анткени өзүмдүн аткарган иштерим боюнча жаза кетпесем, аны эч ким жазбайт, жаздырбайт, же жазгандарды чыгартпайт эмеспи.

Мага 2010-жылдын 7-апрелинен 8-апрелге караган түнү “Медиа-Форумда” А.Атамбаев: — “Сага сот, прокуратура, күч структураларын тейлөө милдетин чечтик”-деп айткан эле. Кийин Убактылуу Өкмөттүн Декрети боюнча сот, прокуратура органдарынын, каржы полициясынын, каржы чалгындоо кызматынын, ГСИНдин иштерин координациялоо жүктөлдү. Бирок иш жүзүндө күч структураларынын жетекчилиги түштүк жергесине барбаганына байланыштуу жана Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын тапшырмасы, кээде Убактылуу Өкмөттүн чечими менен жалпы иш үчүн кээде түштүктө күч структураларын топтоп, координация кылууга мажбур болдум.

Прокуратура, сот системасын түздөн-түз координация кылуу мага жүктөлгөндүктөн Бакиевдик бийликтин жасаган кылмыштарын тергөө, сотто каратуу, мурдагы адилетсиз куугунтуктоолор менен козголгон кылмыш иштерди кайра каратуу, тергетүү, мыйзамсыз менчиктештирилген обьектилерди, жерлерди, акцияларды улутташтыруу менин милдетиме кирет болчу. Алардын көбү жөнүндө жогоруда айтылып кетти. 2010-жылдын 17-мартындагы оппозициянын Бакиевге койгон 7 талабынын дээрлик көпчүлүгү сот, прокуратура органдарына байланыштуу болгон.

Ошондуктан, чу дегенде эле “Северэлектро”, “Кыргызтелекомдун” сатылышы боюнча кылмыш иштерин козготуп, анын алкагында алар кайра улутташтырылды. Исаковдун, Жекшенкуловдун, Булекбаевдин, Аргынбаевдин, Рыскуловдун, Балыкчыда соттолгон 18 адамдын, Кадырбековдун иштери ондоп каратылып, акталып, иштери кыскартылды. Аларды мыйзамсыз соттогон судьяларды бошотуу боюнча сунуш Убактылуу Өкмөткө киргизилди. Качып жүргөндөрдүн издөөлөрү алынды.

Максим Бакиевдин “жөөттөр” группасына кылмыш иштер козголду. 7-апрель, май, июнь окуялары боюнча кылмыш иштер козголуп, сотко өткөрүлө баштады. М.Садыркуловдун ж.б. ушундай коомчулуктун көнүлүндөгү кылмыш иштер боюнча кайра тергөө иштери башталды.

Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү катары жеке өзүмдун же мен кураторлук кылган мамлекеттик органдардын демилгеси менен даярдалган айрым Декреттерди да белгилеп кетейин. Жогоруда айтылган №2- Конституциялык сот жөнүндөгү Декреттен башка 50гө жакын айрым обьектилерди улутташтыруу жөнүндөгү Декреттер менин жеке көзөмөлүм, демилгем менен Убактылуу Өкмөттөн өттү. Бул Декреттерди кабыл алуу сунуштары Башкы прокуратура тарабынан киргизилди. Окурмандарга белгилүү болушу үчүн айрымдарын атап кетейин.

1. 2010-жылдын 19-апрелинде Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан Максим Бакиевдин үстүнөн КР УКнын 303, 304-ст. 4-б. жана 305-ст. менен козголгон кылмыш иштин алкагында Башкы прокуратура тарабынан Убактылуу Өкмөткө келтирилген сунуштун негизинде “Витязь” пансионатынын 9,32 га. жер участогу менен 91 дааны кыймылсыз мүлк (котедждер) Убактылуу Өкмөттүн 2010-жылдын 20-майындагы №48 Декрети менен улутташтырылган.

2. 2010-жылдын 15-майындагы Башкы прокуратуранын сунушунун негизинде Ысык-Көл областтык прокуратурасы тарабынан тергелип жаткан кылмыш иштин алкагында “Достук” эс алуу үйү 6,5 га жери менен Убактылуу Өкмөттүн №51 Декрети менен улутташтырылды. Ушул эле Декрет менен 8,41 га жер участогу “Достук” эс алуу үйүнө мыйзамсыз берлгени үчүн Бостери айыл өкмөтүнө кайтарылган.
3. Башкы прокуратуранын 2010-жылдын 7-майындагы сунушунун негизинде Ысык-Көл райондук прокуратурасынын Бакиев Максимдин үстүнөн козголгон кылмыш иштин алкагында “Ысык-Көл Аврора плюс” турак жай комплекси 7,44 га жер участогу менен Убактылуу Өкмөттүн 2010-жылдын 20-майындагы №43 Декрети менен улутташтырылган.

4. Башкы прокуратуранын 2010-жылдын 28-июнундагы сунушунун негизинде “Ысык-Көл – Аврора” санаториясынын аймагындагы “Аврора-Грин” ОсОО “О.К.К.В. ден-соолукту чындоочу туристтик комплекси 29 даана котеджи жана квартиралуу конок үйү менен Убактылуу Өкмөттүн 2010-жылдын 19-июлундагы №99 Декрети менен улутташтырылган.
5. Башкы прокуратуранын 2010-жылдын 25-майындагы сунушунун негизинде “Солнышко” пансионатынан Бакиева Т. жана Бакиев Максимдин “Барди-Компани” ОООго берилген 11, 029 га жер участогу жана 5 даана кыймылсыз мүлкү Убактылуу Өкмөттүн 2010-жылдын 27-майындагы №54 Декрети менен улутташтырылган.

Мына ушундай тартип менен Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылындагы курулуп бүтпөгөн 3 кабаттуу мансарды менен мейманкана, Кара-Ой айылындагы 10 га жер участогу Кара-Ой айыл өкмөтүнө, Чолпон-Ата Мэриясына караштуу ООО “Терра-Новага” берилген 4,73 га жер участогу, “Санвей” ОООна берилген 4,91 га жери Чолпон-Ата шаардык Мэриясына кайтарылган.

Башкы прокуратуранын 2010-жылдын 8-июнундагы сунушу менен “СК Ресурс” ОсООнун уставдык капиталындагы “Sky Finanse” ЖАКнын 28,34% үлүшү, экс-Премьер-министр И.Чудиновго таандык “СК Ресурс ОсООнун 35% үлүшү, “Каприз” эс алуу борборунда жайгашкан И.В.Меняйловага таандык №56 котеджи, ж.б. улутташтырылган.

Ысык-Көлдөгү жогорудагы обьектилердин көпчүлүгү 7-апрелдеги революциядан кийин Бакиевдин режимине нааразы эл тарабынан “Бакиевдердики” делип өрттөлүү, тонолуу коркунучунда болгон. Жогоруда сөз болгон Атамбаевдин “Вечерный Бишкек” гезитинин редакциясында “Бекназаров прокурорлору менен Бакиевдердин мүлкүнө рейдерлик кылып жүрөт” кыязындагы айткандары, ошондо мен дем алыш күн экенине карабай түштүктөн келип эле 2010-жылдын 20-апрелдери эле, мени күтүп жатышкан Ысык-Көл областтык прокуратурасынын кызматкерлери, Башкы прокурор Б.Ибраев болуп түз эле Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылындагы “Аврорага” барып, ал жерде “Бакиев Максимдики” деген жарым- жартылай өрттөлгөн үйдүн жанында айылдын эли менен жолугушуу уюштуруп жүргөм.

Ошондо эл арасынан бирөө чыгып: — “Азимбек Анаркулович, мен сизди сыртыңыздан жакшы тааныйм, кумир кылып жүрөм, сиз түз сүйлөйсүз, коркпойсуз, бирок дайыма жалгыз каласыз, 2005-жылдагы революциядан кийин да бир топ Акаевдики делген обьектилерди кайтаргансыз, бирок сиз Башкы прокурорлуктан кеткенден кийин баары токтотулуп, Бакиевдер келип мына “Авроранын” чыгыш жагын “Аврора-Грин” деп, батыш жагын “Аврора-Плюс” деп бөлүп алып курулуш куруп жатышат. Бирок гарантия жок, эртен сиз кеткенде буларды Бакиевдер кайра алып койбойт деп. Мына биз Булан-Сөгөттүлүктөр көлгө өтө албай калдык. Бул жерде айыл тургундарынын пляжы бар эле. Аны бул үйлөрдүн ээлери тээтиги Жаныштыкы, тигиси Мараттыкы, тигил Сатыбалдиевдики имиш, алар жерди менчик кылып көлдүн жээгин тосуп алышты. Ошондукдан Азике бизге уруксат бериңиз, биз Максимдин үйүн өрттөп жатсак сизди келет дегенинен токтоп калдык, күйүүчү майларды алып келип койдук өзүңүз көрдүңүз. Себеби азыркы бийликке, кийинки бийликке да сабак болсун. Жергиликтүү элге да жашоо керек. Буларды өрттөбөй тим койсок, дагы бирөөңөр ээлеп аласыңар”-деп туура маселе койду.

Максимдики делген үйдүн залында бөтөлкөлөргө күйүүчү майлар куюлуп, тактайлар жыйылып коюлган экен. Эл анын сөзүн колдоп, жаалап турушту. Менден, “бул үйлөрдү соттор мамлекетке алат деп гарантия бересизби, биздин пляжга жол ачылабы?”- деп мени кысымга алышты.

Ошол мезгилде Баш прокурор Б.Ибраев бирөө менен телефондон сүйлөшүп, “Байке мен Бекназаров менен жүрөм”-деп бирдемелерди айтып, мындай басып кетти. Келгенде ким десем, “Атамбаев менен сүйлөштүм, кайда жүрөсүң?-дейт, көлдө сиз менен жүрөм десем, күпүлдөдү, келген максатыбызды айтсам уккусу жок байкенин, деди. Аны угуп, азыр эле элдин айтканы биздин ушундай экенибизди сезип айтып жатат да, дедим. Өздөрү элге чыгышпайт, бирок баш оту менен жаман көрүнүп иштеп жаткандарды жамандап, иштеткиси келбейт деп ойлодум.

Эл туура айтат. 2005-жылы март революциясынан кийин ондогон “акаевчилердики” делген обьектилерди мамлекетке алуу жөнүндө сунуш менен Өкмөткө чыкканбыз, кылмыш иштер козголуп, “Шампанвинкомбинат”, Канттагы цемент-шифер комбинаты, Битель, “Достук” эс алуу борбору ж.б. сотко өткөрүлгөн. Мен кызматтан кеткенден кийин баары тынчып, кайра мен өзүм жаманатты болгом. “Шампанвинкомбинат” С.Ибраимовго, “КЦЩК” казактарга, “Достук” Ж.Бакиевге тийген.

Азыр да баштаган иштер 2005-жылдагыдай аягына чыкпай калса мен биротоло тарых алдында эч нерсе жасабаган адам катары каламбы? Соттун конфискациясын күтпөй эле Декреттер менен улутташтырып салсак эмне болот? Убактылуу Өкмөттүн көпчүлүгү мени колдосо керек. Экинчиден, кылмыш иштердин алкагында буларга арест салынып турат деген ойго келдим.

Турган элге, урматтуу туугандар мен гарантия бере албайм, канча иштээримди да бир кудай билет. Бирок бир нерсе боюнча убада берем. Мынабу курулуп жаткан үйлөрдү өрттөбөгүлө, бирөөнүн мүлкүн өрттөгөн болуп жооп берип каласыңар, силерге окшоп мен да азыркы сотторго ишенбейм, кылмыш иш тергелип бүтүп сотко жеткенге чейин бул үйлөр эмне болот, ага да гарантия бере албайм. Эгер сотко жетсе сотто мыйзамдуу ээлери пайда болуп, алардын жаңы бийликте жакындары, колдоочулары чыкпайт деп да айта албайм. Бирок силердин сөзүңөрдөн кийин сот аркылуу эмес, Убактылуу Өкмөт аркылуу улутташтырууну туура көрүп турам. Убактылуу Өкмөт мени колдойт болуш керек дедим.

Эл арасынан бирөө чыгып: — “Мыйзамда жеке бирөөнүн менчиги улутташтырылса анын ордун толтуруп берүү жана анын макулдугу менен гана жүргүзүлөт деген, силер Бакиевдерге бул үйлөрдүн ордун төлөп, сатып алабыз деп жатасыңарбы?”-деди. Мен ага, туура айтасын, мыйзамды билет экенсин, мыйзамда ошондой, анын мыйзамдуу жолдору бар, биз Убактылуу Өкмөт Бакиевдин бийлигин деле Декрет менен улутташтырып койбодукпу, алардын менчиги эмне болуп калыптыр, деп тамашага салдым. Баары күлүп калды.

Мен аларга бул тамаша эмес, улутташтыруу жолу менен, ушул Максимдин үйүнүн алды менен түз пляжга чейинки жолду силер, айыл үчүн кошо чечебиз, макулсуңарбы?-десем, анда макулбуз дешти. Анда силерге өтүнүчтөрүм бар:

Биринчиси, Бакиевдердики, анын жакындарыныкы деген обьектилерге тийбейсиңер, тескерисинче биз билбегендер болсо аны билсеңер жаңы бийликке билдирип койгула, биз алардын баарын улутташтырабыз. Өрттөө кыйын деле эмес, андан эч кимге пайда жок. Андан көрө элге алсак, булар иштесе, туристтер келсе силерге пайда, өрүк, карагатынарды сатасыңар, пляжыңарды чечип беребиз. Экинчиси, бүгүн ушул жерде болгон сөздөрдү бүт көл жээги боюнча элге жеткирип айткыла, тоноо, басып алуу, өрттөө токтосун. Үчүнчүсү, мынабу Баш прокурор болуп турган жигит көлдүк, силердин жердешинер, Тоңдон болот. Бакиевдердин үстүнөн кылмыш иштерди жүргүзө турган адам ушул. Эгер сиздер “Бакиевдердики” деген обьектилерди прокурорлор жаап-жашырып элге өткөрбөсө, же жаңы бийликтин бирөөсү ээлеп алганын уксаңар дароо өзүңөр Тондон кармап сурап аласыңар, бул Исаев (губернатор) эмес, качып кетпейт. Андан көрө бизге жардам бергиле, элдик контроль күчтүү болбосо кайрадан байлар, олигархтар жаңы бийликтин бир жерине кирип алып буларды жең ичинен сатып алышат, же кайра документтештирет, силер болсо дагы пляжыңарга өтө албай каласыңар, дедим.

Башында сүйлөгөн жигит: — “Канча убакытта улутташтырасыңар?”-деп сурады. Мен Ысык-Көл районунун прокурору Жапарга кайрылып, канча убакытта представление даярдай аласыңар?-деп сурасам, “бир айга барат ко”-деди. Мен элге: — бул обьектилерди улутташтыруу үчүн мыйзам бузуучулук болгонун же болбогонун изилдеп, далилдөө керек, ал үчүн прокурорлор бир ай сурап жатат, бир ай ичинде жер участогу кандайча берилген, мыйзамдуу берилгенби, ким, кимге бергени такталат. Эгер прокурорлор мыйзам бузуулар болсо аныктап Убактылуу Өкмөткө берсе, биз тез эле карайбыз, ашып кетсе эки айга барат экен дедим.

Жанагы жигит: — “Эки ай тез эле өтүп кетет, туугандар Азимбек Анаркулович өзү суранып жатат, буларды пляжга өтө турган жолу менен бизге алып берем деп жатат, Азикеге ишенип күтө туралы өрттөбөй”-деди. Эл макул болду. Биз эки сааттай элден суранып жатып “Аврора-плюс” менен “Аврора-Гринди” талап тоноодон, өрттөөдөн сактап калдык. Бир эле булар эмес, “Солнышко”, “Витязь” сыяктуу мыйзамсыз ээленип алынган обьектилер, жерлер, дагы башка автомашиналар, самолет, яхталарды да улутташтыруу идеясы ушинтип Булан-Сөгөттүнүн эли менен сүйлөшүп жатканда пайда болуп, ишке ашырылды. Бул элдин талабы болгон. Ысык-Көлдөгү ошондогу прокуратуранын ишин белгилөөгө татыйт. Аны ошол кездеги Ысык-Көл районунун прокурору Жапар Шакиров өзү баяндасын.

Шакиров Жапар – Ысык-Көл районунун экс-прокурору:
2010-жыл апрель май айы.
2010-жылы апрель окуясынан кийин Ысык-Көл областынын Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан козголгон жана улутташтырууга кирген обьектилер боюнча козголгон кылмыш иштер:
1.«Ысык-Көл Аврора» саноториясына (жетекчиси Валиев Руслан Геннадьевич) тиешелүү 10 га жер мыйзамсыз Кыргыз Республикасынын мурдагы Президенти К.Бакиевдин тууганы Ж.Бакиевке болгону 11 501 300 сомго «Инвест Трест» ЖЧК сатып жиберген, ошол кезде ал жердин басы 135 000 000 сомду түзгөн (же 3 000 000 АКШ дол). б.а. Ж.Бакиев мамлекетке 123 498 700 сом материалдык зыян келтирген.
Бул факты боюнча 17.04.2010 жылы Кыргыз Республикасынын КЖК 303- ст.жана 304-ст. 4-бөл. менен Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон.

2. Чоктал айылына караштуу «Витязь» пансионатына тиешелүү 9.2 га жерди Кыргыз Республикасынын мурдагы Президенти К.Бакиевдин баласы М.Бакиев аркылуу, формалдуу түрдө жерди Гос.имущества аркылуу приватизация өткөрүшүп, (жетекчиси Валиев Руслан Геннадьевич) ушул адамга мыйзамсыз бекитип берип коюшкан. Бул жерде дагы баасы төмөндөтүлүп, болгону 3 753 400 сомго баалап сатып алышкан, ошол убакта өзүнүн баасы 125 820 000 сомду тузгөн (2 796 000 АКШ дол). б.а. М.Бакиев мамлекетке 122 066 600 сом материалдык зыян келтирген.

Бул факты боюнча 19.04.2010 жылы Кыргыз Республикасынын КЖК 303-ст.жана304- ст.4-бөл. менен Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон.
3. Жер мыйзамын текшерүү учурунда, Ысык-Көл областынын мурдагы губернатору Исаев К.Ш. Кара-Ой айылында жайгашкан «Сейил» эс алуу жайына тиешелүү , өзгөчө корголуучу территориядагы 61,99га жерди мыйзамсыз «Сансет» ЖЧКга болгону 15 029 300 сомго сатып жиберген. Кийин текшерүүдө ал жердин орточо эсеп менен баасы 299 550 000 сомду түзгөн же болбосо мамалекетке 284 520 700 сомдук зыян келтирген.

Бул факт боюнча 24.04.2010 -жылы Кыргыз Республикасынын КЖК 305 -ст. менен Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон.
4. Корумду айыл өкмөтүнө караштуу, Прищип коктусунда 7 кабат үйдү Ж.Бакиев «Айнаш компании» — деп өзүнүн баласы Чынгыз Салиевке каттатып алган үйү, кийин мамлекеттин карамагына өткөрүлүп, азыркы учурда Корумду айыл өкмөтүнүн балансына алынды.
Мындан сырткары, мыйзамсыз менчиктештирилип берилген алты объект боюнча «Аврора-Плюс», «Витязь», «Тикарамус», «Жетиген», «Касабланка Де-люкс» жана Кара-Ой айыл округуна караштуу 10га жер участоктору боюнча Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн кароосуна улутташтыруу үчүн прокуратура тараптан сунуш берилген, бирок аягы эмне менен бүткөнү белгисиз.

2010-жылы апрель окуясынан кийин, иштөө оор болгон, себеби Бакиевдерди жактаган адамдар көп болгон жана мамлекеттик кызматта иштеген адамдар дагы көп болушкан.
Ошол кырдаалда көп фактыларга иш козголсо дагы азыркы убакка чейин аягына чыкпай келет. Мындан сырткары көп иштер азыркыга чейин токтолуп турат, себеби аларга тиешеси бар адамдар дагы деле жогорку кызматтарда иштешет.

Б.Ибраев экөөбүз жолдо кайсы бир обьектти улутташтыруу үчүн прокурорлор кылдаттык менен иликтеп чыгуусун, ошол иликтөөнүн негизинде Башкы прокуратура Убактылуу Өкмөткө сунуш киргизүүнү, ал сунушту прокуратуранын куратору катары мен кол коюшумдун милдеттүүлүгүн жана башка механизмдерин макулдашып келдик. Албетте, Б.Ибраев Атамбаевдин телефон чалуусу, анын сүйлөнгөнү боюнча ойлонуп, нааразы болуп келди.

Убактылуу Өкмөттүн улутташтыруу Декреттери ушинтип элдин талабы менен пайда болгон. Жогоркулардан сырткары прокуратура органдарынын сунуштары менен: Бишкек шаарындагы “Чатыр-Көл” кинотеатры, “Бишкек ликер-арак завод ААКы”, “Петрол групп” ОсООсу жана “Дельта Петролиум ОсООсу, “Пятый канал” ЖАКу, “Пирамида” телерадиокомпания ОсООсу, “Континент” ОсООсу, Самолет Як-40, “Бавория -38 Крузер” яхтасы, Манас аэропортунун кичи терминалы, “Таш-Көмүр” ААКу, “Кристал” ААКу, “Альфа телеком” (Мегаком), “Кант цемент завод ААКнын 13,21% акциясы, “Манас Аэрофьюэле” ЖАКы, “СК Идеал Хаус” ОсООсу, “Нарынгидроэнергострой” ААКы, Бишкек шаарынын Эркиндик бульварындагы 39 “а” административдик имараты, “Чакан ГЭС ААКы, “Кайынды кант ААКнын 35,5% акциясы, “Кошой ААКынын 33,6% акциясы, “Фаберон ОсООнун 44, 08877% акциясы, “Топ-Инвест” ЖАКнун 6,36817 % акциясы, “Двадцать пятый кадр” ЖАКы, “Азия Универсал Банк (АУБ) ААКы, БМВ-750LL, Лексус-LX570, Лексус PX 330, Мерседес-Бенц G500, Шевроле-Субурбан LS — бардыгы 5 даана автомашина, “Аригата” ОсООнун 35,545% жана “Подключ” ЖАКнын 33,204% акциялары, АО ТНК “Дастандын” 50,45% акциялары Башкы прокуратуранын сунушу менен Убактылуу Өкмөт тарабынан улутташтырылган. Улутташтыруунун максаты негизинен менчикти коргоо болгон.

Убактылуу Өкмөт “Бакиевдердики” деп шектелген обьектилерди, жер участокторун улутташтырып, аларды таланып, тонолуудан, жок болушунан сактап эле калбай, экинчи жагынан айрым обьектилерди, акцияларды эгерде убагында Бакиевдер рейдерлик, же мажбурлоо жолу менен тартып алган фактысы болсо чыныгы менчик ээлерине сот аркылуу далилдеп алуусуна мүмкүнчүлүк түзүп, обьекттерди, жер участокторун мамлекеттен кайтарып алганга, же баасын (чыгымын) төлөтүп алганга шарт түзүлгөн.

Убактылуу Өкмөт тарабынан улутташтырылган обьектилер, акциялар Убактылуу Өкмөт тарабынан кайра сатылган жок. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк боюнча министрлигинде атайын аларды тейлей турган сырткы башкаруу кызматын киргизип, алардын иштөөсүн токтотпой, кийинки бийликке толугу менен өткөрүлүп берилди. Бул маселеде мен бекем позицияда болдум. Мисалы Мегакомдо Максимдин үлүшү катары эсептелген талашсыз 49% акцияны (51% талаш болгон) мамлекетке ыктыярдуу өткөрүп бергенине байланыштуу, Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнөн эле аны кайра сатып жиберүү сунуштары түштү. Анын баасы ошол кезде болжол менен 350 млн. долларга бааланган. Мен Убактылуу Өкмөттүн төрайымына, башка мүчөлөрүнө кийинки бийлик же башкалар “Отунбаева менен Бекназаров Мегакомду миллиард долларга сатып, 650 млн. долларды жеп койгон”-деп айыпташы мүмкүн, ошондуктан улутташтырылган обьектилерди мамлекеттин мүлкү катары Жогорку Кеңеш тагдырын чечсин, деп бирин да сатпай кийинки бийликке өткөрүп бердик. Ал эми акыркы алты жылда ал обьектилердин тагдыры эмне болуп, кимдердин колуна өтүп жатканын окурмандар өзү жакшы билет.

Кийинки бийлик бул обьектилердин тагдырын толук мыйзамга ылайык чечпегени да коомчулукка белгилүү. Айрымдары 2011-жылы Жогорку Кеңештин уруксаты жок эле Өкмөттүн деңгээлинде бөлүнүп, жиликтенип, майдаланып жок болсо, айрымдары бийликтегилердин партиялаштарына сатылды. Мисалы “Бишкек ликер-арак заводу”, АУБ, “Крисстал” ж.б. Жогорку Кеңешке алынып келгендеринин айрымдарын (Мисалы, БНК автозаправкалары) Өкмөткө жеткирбей Парламент эле тагдырын чечип, айрым партиялар өздөрү сатып алып, кайра 50 эсеге чейин кымбат сатышты.

Болжолдуу жалпы баасы ондогон миллиард сом суммадагы обьектилер бийликке келишкен партиялардын арасында бөлүнүп кетти окшойт. Кезеги келип, бир азамат чыгып, мунун баарын кайра изилдетип кустурат ко деп ойлойм. Себеби, ал арам акча, ач көздүк менен табылган обьектилер Айдарга, кийин Максимге буйруп, жукпаган, эми азыркы бийликтегилерге жугат беле?!

Бакиевдердин жакындарыныкы делген ондон ашык обьектини сот аркылуу чечилсин, дешти. Кызыктуусу улутташтырылган обьектилердин тагдыры Жогорку Кенеште талкууга түшүп чечилген жок. Жең ичинен чечилди.
Мындан сырткары менин демилгем жана күч органдарынын жетекчилеринин колдоосу (И.Исаков, Б.Шерниязов, К.Дүйшебаев) менен түштүктөгү коогаланды басуу, өлкөдө тынчтыкты орнотуу үчүн 2010-жылдын 12-июнунда “Ыктыярдуу элдик кошуун түзүү жөнүндө № 66, “Согуштук куралды зыянсыздандыруу үчүн колдонууга уруксат жөнүндөгү” № 68, “Кыргыз Республикасында толук эмес мобилизация жарыялоо жөнүндөгү № 69, “Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, Коргоо министрлигинин аскер кызматчыларынын өзгөчө кырдаал киргизилген аймактардагы коменданттын мыйзамдуу буйрук-талаптарын аткарбагандыгы боюнча жоопкерчилик жөнүндөгү“ №71 Декреттери чыкса, Бакиевдердики делген жана “арам” акчаларга алынган обьектилер колдон-колго өтүп, адалданып кетпеши үчүн, “Менчиктин, жеке менчик, мамлекеттик, муниципалдык дагы башка формаларын коргоого байланышкан мараторий жарыялоо жөнүндө” 2010-жылдын 19-апрелинде №23 Декрет кабыл алынган.

Мага жүктөлгөн милдеттердин алкагында экс-Президент К.Бакиевдин кол тийбестигин ажыратуу жөнүндөгү 2010-жылдын 26-апрелиндеги, №30 Акаевдин кол тийбестигин ажыратуу жөнүндөгү 2010-жылдын 12-августундагы №120 Декрет, Мунапыс жарыялоо жөнүндөгү 2010-жылдын 26-апрелиндеги №32, Кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу жөнүндөгү 2010-жылдын 30-апрелиндеги №36, Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кенешинин ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндөгү 2010-жылдын 26-апрелиндеги №24, Судьялардын, жергиликтүү соттордун төрагаларынын жана анын орун басарларынын бош кызмат орундарын ээлөөнүн тартиби жөнүндөгү Убактылуу жобону бекитүү тууралуу 2010-жылдын 19-июлундагы №107 Декреттер, ж.б. ушундай убактылуу мүнөздөгү Декреттер Убактылуу Өкмөт тарабынан кабыл алынды. Аталган Декреттер өз убагында ошол кездеги кырдаалды жөнгө салууда, пайда болгон проблемаларды чечүүдө өз максатына жетти. Менин жеке аткарган иштеримин айрымдары ушулар болду.
Мына ушул жерде биринчи кезекте мага, анан Убактылуу Өкмөткө ишенип, 20 жылдан бери Акаевдин, Бакиевдин айланасында жүрүп, мамлекеттик байлыкты уурдашкандарга, 7-апрелде элди аткандарга кылмыш иш козгоп, колго түшкөнүн жоопко тартып, качып кеткенин сыртынан соттотууга аракет кылышып, жүздөгөн кылмыш иш аркылуу, улутташтырылган обьектилер, үлүштөр, жер участоктору үчүн нечендеген адамдарга душман болушкан, Убактылуу Өкмөттөн, кийинки бийликтен да ал иштери үчүн “рахматтын” ордуна “жакшы барыңызды” угушкан ондогон прокуратура кызматкерлери бар. Ошолордун атынан 2005-март революциясында да Жалал-Абадда областынын прокурору болуп, тонолгон Жалал-Абад банкы боюнча Жаныш Бакиевди сурак кылып, Бакиевдерге душман болуп, Бекназаров менен кошо кызматтан четтетилген, кийин 2010-жылдын 7-апрелинен кийин Башкы пркурордун милдетин аткарып, элдик революциянын талаптарын аткарууда ат көтөргүс эмгек кылган, бирок 6 айга жетпей белгисиз себептер менен кызматынан четтетилип, 5 жылдан бери мага окшоп “бош” деген статус менен жүргөн Байтемир Ибраевдин маегин окурмандарга сунуш кыламын.

Ибраев Байтемир – Кыргыз Республикасынын экс-Башкы прокурору:
2010-жылы 8-апрелде Убактылуу Өкмөт тарабынан Башкы прокурор болуп дайындалдым. Менин бул кызматка дайындалганым тууралуу прокуратуранын кызматкерлерине билдирүү үчүн келген, Убактылуу Өкмөттүн башчысынын орун басары А.Бекназаров экөөбүз Башкы прокуратурага эртен менен 9.30 чамаларында келдик. Ошондогу көрүнүш эч эстен кеткис болду, анткени Башкы прокуратуранын кеңсеси толугу менен өрттөнүп кеткен экен. Негизинен өрт өчүрүлсө да, айрым бөлмөлөрдөн түтүн алиге дейре түтөп турган экен.

Үйүлгөн өрт калдыктарынын арасынан прокуратуранын кызматкерлери өзүлөрүнүн иш кагаздарынын аман калган бөлүктөрүн, компютер же башка буюмдарын карап чогултуп жүрүшүптүр. Биз топтошуп сүйлөшүп олтура турган бир дагы аман калган бөлмө болбогондуктан, короодо эле болгон кызматкерлер менен кездешип Азимбек Анаркулович менин Башкы прокурордун милдетин аткарарымды жарыялап кыскача өлкөдөгү акыбалды айтып, тез арада өзүңөрдүн милдеттериңерди аткарганга киришкиле, жай баракат олтура турган убакыт жок деп, өзгөчө тапшырмаларды берди.

Эң алгач иштей турган кеңсебиз болбогондуктан, мен жеке иштешкен иштерди уюштуруу башкармалык жана кадрлар башкармалыктарын алып Аскер прокуратурасына жайгаштык. Калган башкармалыктар Бишкек шаардык прокуратурага жана шаардын райондук прокуратураларынын кенселерине жайгашышты. Албетте ишке киришер замат баардык иштер ойдогудай болуп жүрүшүп кеткен жок, иш шаймандарыбыз, компьютер, принтер сыяктуу бир дагы шайманыбыз калбай өрттөнүп кеткен.

Бирок, өзүбүздүн акыбалыбызды байма-бай ондоп олтурууга эч убактыбыз жок эле, себеби жаалданган эл, 7-апрелде каза болгон эр азаматтардын тууган-уруктары прокуратурадан укуктук баа беришип, күнөөлүүлөрдү жазага тартышат деп чыдамсыздык менен күтүшкөн. Жеке өзүмдүн токтомум менен 2010-жылдын 8-апрелинде Ала-Тоо аянтындагы кандуу окуяны иликтеп, күнөөлүү адамдарды сот жообуна тарттыруу максатында, Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 97 ст. 2-бөлүгү (массалык түрдө адам өлтүрүү), 305-ст. 2-бөлүгү (кызмат адамдары тарабынан ыйгарым укуктарынан аша чабуу) беренелери менен кылмыш иш козгоп, кылмыш ишти тергөө үчүн буйрук чыгарып, 20дан ашык тергөөчүдөн турган тергөө тобун түздүм.

Тергөө тобуна негизинен Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү кирди. анткени, негизги жоопкерчилик иш боюнча Убактылуу Өкмөт тарабынан жеке мага жүктөлгөн. Мындан сырткары, тергөө тобуна Улуттук Коопсуздук кызматынын, ИИМдин жана Финансы полициясынын тергөөчү-оперативдик кызматкерлери кирди. Кылмыш иш козголуп жатканда эле снайперлердин огунан жаракат алган жүздөгөн эр азаматтардан башка, каза болгондордун саны 40-50го чукул эле. Ал күнү бул алааматтан чынын айтканда өзүбүз да баш аягыбызды алиге дейре жыйа элек болчубуз. Толук маалымат шаардын ооруканаларынан келе элек эле. Кылмыштын өзгөчө оордугун, нечендеген адамдардын өмүрү кыйылгандыгын, элди аткан снайперлердин ар биринин ордуларын так аныктоо максатында, тергөө топтогу тергөөчүлөр менен бирге окуя болгон жерди карап атайын видео-фото техникаларын колдонуу менен протоколдорду түзүү үчүн, өзүм дагы Өкмөт үйүнө бардым. Мен эле эмес, Убактылуу Өкмөт башчысынын орун басары А.Бекназаров дагы келди. Тергөөчүлөр менен бирге Ак үйдүн чатырында Азимбек Анаркулович экөөбүз окуя болгон жерди кароо жүргүздук, колубузда болгон видео, фото техникаларды колдонуп баардык далил заттарды алдык. Элди аткан снайперлер Ак үйдүн чатырында жана акыркы кабаттарда болушкандыктары күмөнсүз болду.

Ак үйдүн крышасын кароо жүргүзүп бүткөндөн кийин тергөөчүлөр менен бирдикте улам төмөн түшүп кароо жүргүзүп олтурдук. 7 этаж, 6 этаж, 5 этаж. Бул күндөрү Ак үйдүн ичиндеги эл кете элек болчу, өзүлөрүнчө элдик кошуун түзүп, кайтарып жүрүшкөн. Бирок Ак үйдүн ичи тонолгон, талкаланган, айрым жерлери өрттөлгөн экен. Ошентип тергөөчүлөр менен жүрүп биринчи жана экинчи этажга жеттик. Ак үйдү кайтарган элдин өкүлдөрү дагы биз менен жүрүштү. Ушул жерден белгилеп кете турган окуя болду, себеби бул кийин чоң саясатка айланды. Ак үйдүн ичинде чынын айтсам тонолбогон эч нерсе калбаптып, бир гана сейф талкалап лом менен чукуласа да ачылбай бүтүн калган экен. Совет убагында жасалган сейф экендиги көрүнүп турду, бухгалтериянын бөлмөсүндөгү сейф экен. Тергөө тобу сейфти ачып карабай кетсек болчудай эмес, ага мыйзам дагы жол бербейт эле, максатыбыз таланбай калган баалуу нерселерди сактап Өкмөткө өткөрүп берүү болгон. Ошол себептен тергөөчүлөргө муну ачып, эмне болсо баарын алып Өкмөткө өткөргүлө деп көрсөтмө бердим. Тергөөчүлөр сейфти атайын специалисттердин жардамы менен ачышып бардыгын видео тасмага түшүрүшүп, элдин катышуусунда 11миллион 139 сом, 52887 АКШ доллары, 25340 евро, 44384 орус рубли, 52520 беларусь акчасы, 1250 чехтердин акчасы, 104 крон монетасы жана 2200 венгерлердин форинт акчалары табылып, комиссия менен Улуттук Банкка өткөрүп беришти. Бул акчаларды кийин “Азимбек Бекназаров алып койгон” деп ушак айың чыгарышып, бирөөлөр чон саясатка айлантты. Мына ушинтип жакшы ой, маанай менен жок дегенде рахмат деген сөзгө татыктуу тергөөчүлөрдүн эмгеги тескерисинче сасык саясатка айланган.

Кылмыш иштин жүрүшү менен тергөө тобу тарабынан 760тан ашык ар кандай экспертизалар жүргүзүлдү, мисалы 403 медициналык, 66 баллистикалык, 1 жардыруучу заттарга карата, 3 дактиласкопиялык, 59 криминалистикалык жана башкалар. 200 ашык “Калашников” автоматтары, 10го жакын снайпер мылтыгы, 40 жакын “УЗИ” автоматтары изилдөөгө жиберилген. Тергөө тобунун жүргүзгөн инвентаризациясынан 200дөн ашык курал-жарак жоголгону аныкталган. Денелерине октон жаракат алган 466 адам изилденди, ошол учурдагы каза болгондордун саны 81 адамга жеткен эле, 19 адам жоопко тартылып, 9 адам камакка алынган, 4 адам үй камагына, 6 адам дүйнөлүк издөөгө жарыяланган. Алар: Бакиев Курманбек, Бакиев Жаныбек, Бакиев Марат, Усенов Данияр жана башка атка минерлер. Улуттук Коопсуздук кызматынын атайын «Альфа» жана Мамлекеттик күзөт кызматынын атайын «Арстан» тобундагы снайперлери командирлери менен жоопко тартылды. Бирок кылмыш ишти аягына дейре тергеп сотко жибергенге мен жетишпедим, себеби 5 айдан кийин ээлеген кызматымдан Р.Отунбаеванын жарлыгы менен 2010-жылдын сентябрында алындым. Бул иштин 2010-жылы 3-ноябрда тергөөсү бүтүп сотко жиберилди.

Жогоруда белгиленген кылмыш иштер албетте негизги ишибиз эле. Бирок Бакиев учурунда гүлдөп өскөн коррупционерлер, атка минерлер элдин байлыгын тоноп жан баккан сүткорлор, прокуратура көп адамдар каза болгон ишин тергеп бүтүп алсын деп күткөн жок, алар издерин жашырып качканга үлгүрүштү, калгандары өлкөдө өзүлөрүнүн кылмыштарын жаап-жашыруу максатында далилдерди жок кылып, чуркап жүрүштү десем жанылышпайм. Мисалы, Бакиевдер элдин сүрүнөн коркушса керек, 7-апрелге чейин эле өзүлөрүнүн байлыктарын өлкөдөн алып чыга башташкан экен. Бизге кийин түшкөн маалыматтарга караганда 5-7- апрель күндөрү «Азия Универсал Банкынан» эле 270 миллион доллардан ашык акча каражаты Латвия, Кипр, США, Гонконг, Швейцария, Кытай, Нигерия, Англия, Канада, Голландия, Австрия, Турция, Эстония, Корея, Литва, ОАЭ, Польша, Дания, Сингапур, Тайвань өңдүү мамлекеттерге которулуп кетиптир.

“Урушта туруш жок” дегендей Башкы прокурорлук кызматка дайындалаар замат токтоосуз негизги максаттар жана багыттар деп беш багыт аныктап, тиешелүү тергөө топторун түздүк жана иштөө группаларын аныктадык. Биринчи тергөө тобу мен жогору белгилеп кеткен 7-апрель күнкү кандуу окуяны тергөө үчүн түзүлгөн топ, башчысы Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы У.Каримов. Экинчи топ, Бакиевдин коюн-колтугуна кирип алып, кызматтык абалдан пайдаланып, коррупция жолуна түшкөн мамлекеттик кызмат адамдары жасаган кылмыштарды тергөө группасы, башчысы Башкы прокуратуранын тергөөгө көзөмөл кылуу башкармалыктын башчысы К.Боорсоков. Үчүнчү топ, Бакиев Максимдин айланасына чогулган эл аралык шылуундар тарабынан жасалган кылмышкердерди тергөө тобу, алардын рейдерлик жолдор менен жасаган кылмыштары, банк тармактардагы мыйзамсыз акчаларды легалдаштыруу багытындагы кылмыштарды тергөө группасы, башчысы Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы М.Эшперов. Төртүнчү топ, Бакиев учурунда саясий заказ менен бурмаланып, сот органдары тарабынан каралган кылмыш иштерди кайрадан текшерип чыгуу, ошондой эле тергөөдө саясий заказ менен бурмаланып, тергелбей жаткан актуалдуу иштерди кайрадан текшерип чыгуу группасы, башчысы Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы Н.Жээналиев жетектеген. Бешинчи топ, Ысык-Көл областындагы жер тилкелерин баш аламан таратуу фактыларын, мамлекеттик эс алуу жайларын мыйзамсыз сатуу, көл жээгиндеги мыйзамсыз курулуш иштери боюнча текшерүү жүргүзүү группасы, башчысы Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы В.Краснокуцкий.

Башкы прокуратуранын башкармалыктарынын башчылары К.Боорсоков менен М.Эшперовдун группалары тарабынан «Азия Универсал Банкы», «Улуттук электр тармактары», Марат Бакиев директорлор кенешин башкарган «Өнүктүрүү Фонду» «Кыргызгаз», Жер байлыктар боюнча министрлик (К.Курманалиев), «Кыргызтемир» акционердик коому, «Кыргызалтын», «Мегаком» уюлдук компаниясы, «Электр станциясы» башчысы (С.Балкибеков), «Дастан» акционердик коому, «Кыргызтелеком», «Манас» аэропорту, «Кыргыз Темир Жолу» мамлекеттик ишканасы, Мамлекеттик Мүлк Фондусу, башчысы (Т.Турдумамбетов), «Чакан ГЭС» акционердик коому, « Түндүк Электр» акционердик коому, Бишкек шаарынын Мэриясы жана башка ушул сыяктуу мамлекеттин экономикасына чоң салым кошо турган мекеме-ишканалар менен байланышкан, айрым учурда түздөн-түз кылмышка катышкан фактылар боюнча 100дөн ашык кылмыш иштер козголгон. Козголгон кылмыш иштер боюнча мамлекетке келтирилген зыян 5 миллиард сомдон ашык жана 130 миллиондон ашык америка долларына жеткен.

Тергөөнүн алгачкы күндөрү эле мамлекетке 1 миллиард 130 миллион сом жана 35 миллион америка доллары кайтарылып берилген. Бул акчалар Максим Бакиев жетектеген «Өнүктүрүү Фонду», жеке билемдикке салып, Орус өкмөтү Кыргызстанга берген 300 млн. доллар кредит акчасынын ичинен, ар кайсы коммерциялык банктарга пайда табуу максатында 35 млн. доллар акчаны жайгаштырган. Мындан башка 226 млн. доллар акчаны пайда табуу максатында өзүнүн кылмыштуу шериктеши Е.Гурьевич жетектеген жеке компанияга берип койгон. Ошентип Кыргыз мамлекетине кредит катары келген 300 млн. доллар акча элге эмес, жеке Максим Бакиевке пайда алып келип турган. Өз учурунда тергөөчүлөр тарабынан токтотулуп калып, бул акчалар чет мамлекетке кетпей кармалып, мамлекетке өткөрүлгөн.

Мындан сырткары, жогоруда аталган кылмыш иштер боюнча жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринде Бишкек шаарынын прокурору К.Абылов жетектеген тергөөчүлөр тобу тарабынан 3 коммерциялык банктардан Бакиевдерге жана анын жакындарына тишелүү болгон 19 миллиондон ашык Америка доллары, 2 миллиондон ашык улуттук сом акчалары ячейкалардан табылып, комиссия менен мамлекетке өткөрүлүп берилген. Бул маселе дагы кийин өтө саясатташып, ал тургай ушул акчаларды тапкан прокурор К.Абыловго жана тергөөчүлөргө кылмыш иштер козголуп, айрымдарын камаганга чейин барышты. “Ак ийилет, бирок сынбайт” деген кыргызда улуу сөз бар эмеспи, кызматкерлер сот тарабынан эч күнөөлөрү жок болгондуктан акталып чыгышты. Бирок, укуктук жактан сот органдарынан акталып чыкса да, ар бирибиздин ички сезимибизде өчпөс так калды. Ошентип, мамлекет өзүнө пайда алып келген прокурор, тергөөчүлөрдү камап, иш козгоп сыйлады.

Мегаком уюлдук байланыш компаниясынын алкагында козголгон кылмыш иши боюнча, компаниянын 49% акциясы тергөө тарабынан камакка алынган, себеби акциялар Максим Бакиевге тишелүү болгон. Ал өзүнүн эн жакын адамына каттатып койгон эле. Башкы прокуратуранын сунушу менен 49% акция Убактылуу Өкмөт тарабынан 20.05.2010-жылы улутташтырылып алынган, кылмыш иштин алкагында калган 51% арест салынган.

Ал эми Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы Н.Жээналиев баштаган төртүнчү группа Бакиев учурундагы коомдо чоң резонанс жараткан, коомчулуктан бурмаланып сот органдары, тергөө органдары бурмалаган иштерди текшерип жаңы ачылган жагдайлар менен ал иштерди сотторго кайра каратып, мурда кабыл алынган чечимдерди буздуруп, кайра тергөөгө жиберип жатты. Мисалга айта кетсек, ал баарыңарга белгилүү болгон М.Садыркуловдун өлүмү боюнча козголгон кылмыш иш.

Ушул кылмыш ишти козгоп бурмалап тергеген тергөөчүлөргө кылмыш иш козгогон элем, бирок иштен кетип аягына жеткен жокмун. Эң кызыгы жогоруда айткан ячейкалардан 19 млн. доллар тапкан прокурор, тергөөчүлөргө кылмыш иши козголду, камалышты, кыйналышты, ал эми М.Садыркуловдун өлүмү боюнча ишти бурмалап тергеген тергөөчүлөр, прокурорлор, ИИМдин кызматкерлери, Коопсуздук Кызматынын кызматкерлери ушул убакытка чейин эч нерсе болбогондой иштеп жүрүшөт.

Ушул топтун басымы менен соттор кылмыш ишти кайра карап, кылмыш иш боюнча чыгарган өзүлөрүнүн мурунку өкүмүн бузуп, ишти кайра тергөөгө жибергенге мажбур болушту. Кылмыш иш кайра тергелип накта кылмышкерлердин бети ачылды, 17 адамдан Бакиев Жаныш башында турган, бийлик өкүлдөрү аралашкан кылмыштуу топ кандуу кылмыш жасашкандыктары толук аныкталды. Жаныш Бакиев качып жүрсө да коомчулукка болгон окуянын чын, төгүнү жетти.

Мындан сырткары бул группа мурун жабылып калган Жогорку Кенештин депутаты Ө.Текебаев Варшава шаарынан «героин» алып бараткан деген жалаа менен кармалган факты боюнча кылмыш иш, 2005-жылы Жалал-Абаддагы Улуттук Банктын филиалынан уурдалган 22 млн. сом боюнча жабылган кылмыш иш, Канттагы цемент заводунун 13% мамлекетке тиешелүү болгон акциянын мамлекетке келбей калган фактысы боюнча козголгон кылмыш иш, жактоочу И.Кочкаровдун өлтүрүлгөндүгү боюнча кылмыш иш, Аксы окуясы боюнча жоопко тартылбай калган жооптуу А.Акаевдин тегерегиндеги адамдар Б.Жанузаков, Ч.Абышкаевдер боюнча кылмыш иш, Жогорку Кенештин депутаты Р.Шаботоевдин жана Жусуп Жээнбековдун баласынын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иштер, Балыкчы окуясы боюнча соттолгондордун кылмыш иштерин кайрадан көтөрүп чыгышып, акыйкат каралууга жана тергөө жүргүзүүгө жол ачып беришти.
Ал эми Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы В.Краснокуцкий башында турган топ улутташтыруу маселесин толук көзөмөлдөп, улутташтырууга Убактылуу Өкмөткө жөнөтүлүп жаткан, Бакиевдер тарабынан ар кандай жолдор менен мыйзамсыз ээленип алынган элдин мүлкү тууралуу материалдарды топтоп, ар кайсы кылмыш иштерден материалдардын көчүрмөлөрүн алып, башка мамлекеттик органдардан тиешелүү кагаздарды чогултушуп, Өкмөткө сунуш даярдап турушкан. Убактылуу Өкмөт бул мүлктөрдү жөн эле чай үстүндө олтуруп улутташтырып салган деп жөнөкөй адамдар ойлошу мүмкүн. Жок, андай эмес. Убактылуу Өкмөт улутташтырылып жаткан мүлктөр Бакиевдердики же алардын атайын дайындалган адамдарына катталгандыгы тиешелүү кагаздар менен далилденгенде гана улутташтырууга барган. Ал эми далил заттарды, документтерди топтоо, материалдарды чогултуу ушул топко жүктөлгөн. Бул топ Өкмөткө улутташтырууга жиберген документтер өкмөттүн юридикалык бөлүмүнөн кылдат текшерилип, анан гана андан ары Өкмөт башчысына жөнөтүлүп турган.

Ушул топтун мен иштеген 5 айдын ичиндеги жумушу — 33 ар кандай ишканалар боюнча улуташтырууга топтогон материалдары болду жана Башкы прокуратуранын Убактылуу Өкмөткө келтирген сунуштарынын негизинде баардыгы улутташтырылып, мамлекетке алынды.

Бул 5 топтун 5 айдын ичиндеги аткарган иштери. Тилекке каршы, мен кызматтан кеткенден кийин бул топтор ишин токтоткон, уланткан эмес. Себеби, кийин келгендер тескерисинче топтун башчысы В.Краснокуцкийди кызматтан алып, иштен айдап, ушул топко кирген прокурор, тергөөчүлөрдүн үстүнөн кылмыш иш козгоп, тергөөгө алып, куугунтукташкан. Өкүнгөндөн башка айла калган жок, дагы улутташтырып мамлекетке ала турган Бакивдердин жана алардын тегерегиндеги сүткорлордун мүлктөрү дагы көп эле, бирок муну менен иштеген эч ким болгон жок. Тескерисинче, адаттагыдай эле ушул ишти жасаган прокурор, тергөөчүлөр жок дегенде алкыш сөздү уга алышкан жок.

Мындан башка көйгөйлүү маселелердин бири болуп, Максим Бакиевдин көрсөтмөсү боюнча, Кыргызстанда негизги чоң уюлдук элге кызмат көрсөтүү компаниялары, уюлдук телефондон чалганда эле 60 тыйындан алуу тарифин киргизген фактысы эле. Башкы прокуратура окуяны текшерип келгенде уюлдук операторлор төлөмдүк тарифти мыйзамсыз киргизгендиктери аныкталып, кылмыш иши козголгон. Элден 60 тыйындан мыйзамсыз топтолгон акчанын суммасы 200 млн. сомдон ашык болуп калган экен. Кудай жалгап айтылган акчаны Бакиевдер алып кеткенге жетишпей калышты. Башкы прокуратуранын кызматкерлери өз убагында тиешелүү чара көргөндүктөн аталган акча Убактылуу Өкмөткө которулуп берилип, кийин бул акчага Өкмөт апрель революциясында каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жарат алгандардын үй-бүлөсүнө арнап Бишкек шаарында көп кабаттуу турак жай салып берди.

Албетте, эгерде Убактылуу Өкмөт прокуратурага жана башка укук коргоо органдарына саясий колдоо көрсөтпөй, кубат бербегенде, мындай жетишкендиктер болбойт эле. Айрыкча улутташтыруу маселеси көтөрүлгөндө көпчүлүк Өкмөт мүчөсү каршы чыкпай, саясий эркин көрсөтүшүп колдоп беришти, бул элге, мамлекетке болгон чоң кызмат деп мактоого татый турган эмгек.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *