БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП

Поляк астроному Коперник Николай 1473-жылы 19-февралда Торунь шаарында туулган. 1491-95-жылдары Краков университетинде окуп, билим алуусун Италиянын Болонья, Падун, Феррера университеттеринде уланткан. Негизинен астрономия, андан тышкары медицина, укук боюнча билим алган.

1512-жылы Фромборк шаарына көчүп келген. Обсерватория куруп, изилдөө жүргүзгөн. Ал мамлекеттик ишмер, мыкты врач жана астроном катары белгилүү болгон. Дүйнөнүн гелиоборбордук системасын түзгөн. Коперник астрономия боюнча көп иштеп, ар бир түндү текке кетирбей жылдыздарга байкоо жүргүзгөн. Байыркы грек окумуштуусу Птолемейдин Жер – Ааламдын борбору деген окуусун жокко чыгарган. Бул динчилдерге жаккан эмес. 1543-жылы “асман сферасынын айланышы жөнүндө” деген жыйнагы жарык көргөн. Мында ал Птолемейдин математикалык теориясын өркүндөткөн. Бул ааламдын түзүлүшү жөнүндөгү китеби мурда эле жазылса да инквизициянын сотунан чочулап, өмүрүнүн акырында гана жарыялаган. Китеп бат эле элге тарап кеткен. Коперник тригонометриянын өнүгүшүнө да чоң салым кошкон. 1543-жылы 24-майда Фромборкто каза болгон.

Коперниктин Күн Жерди айланбастан, Жер Күндү айланат деген көз карашын жактап, ааламдын чексиздигин далилдеп китеп жазган илимпоз, окутуучу Жордано Брунону (1548 — 1600) жана анын китептерин динчилдер өрттөп жиберишкен.

Ысмайыл КАДЫРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *