Саясый чөйрөдөгүлөрдүн бир адаты бар: эл көзүнө көрүнүш үчүн, эл оозуна алыныш үчүн иш-чара уюштурган. Анысын атпай журтка жар салып жайылтмайын жандары тынбайт. Андайлардын жандооч журналисттери да көп. Жулкунган журналисттер анан радио-теле, гезиттен түшүрбөй мактап, иш-чара уюштурган каармандан өткөн мекенчил жоктой сыпатташат. Элге андан өткөн жапакеч жан калбагандай, эл десе ичкен ашын серпип ийип ордунан үзүлүп жүгүргөн эр-азамат экенин дуулдатып жатып калышат. Анысы маа демектен кылмышкер болсо да Манаска теңешет. Өлдү деген Манастын кырк чоросу тирилип тура калгандай жашытып ийээр мактоолорду жамыратышат, ата-а… 

Эрендердин эр оюн

Өлкөбүз өз алдынча эгемендикке ээ болгон жылдардан кийин улуттук кайра жаралуу сезимибизди ойготкон баалуулуктар кайсылар болуп калды? “Манас-1000” мааракесиби? Жок! Бул иш-чара Кыргызстандын мамлекеттик деңгээлдеги чайкоочулугу менен ишпалдасы чыккан той менен аяктады. Чоңдордун ичип-жеп, чычкан салтанаты зор болду. Ала-Тоодой эт, Ысык-Көлдөй чык кордолду! Мааракенин шарапатынан кийин Манастын жети осуятын “таап чыгышты”. Аны мамлекеттик идеологияга айландырабыз деп шардана салган бийлик төбөлдөрү элдин жүрөгүнө да, мээсине да сиңире алышпады. Жети осуят улуттук кайра жаралуу сезимибизге айланбады.

Эки жолку мамлекеттик төңкөрүштөн кийин да улуттук кайра жаралуу сезимибиз козголду, анын авторлору жалаң жармач патриоттор болгондуктан жамы журттун жапырт колдоосуна алынбады. Себеби өзөксүз идея эл колдоосуна алынбайт экен. Сөз башында бизде эл көзүнө көрүнүш үчүн, эл оозуна алыныш үчүн демилге көтөргөндөр толтура дегеним ошондон. Ал эми көкбөрү менен оозеки айтыш өнөрү элге кандай алынып кетти? Бул эки долбоордой улуттук деңгээлдеги баалуулукка, популярдуулукка кайсы долбоор жетти?

Бу жагына келгенде улуттук дөөлөттөрүбүздү даңазалаган бир-үйбүлөдөн чыккан эки эр-азамат болду. Экөө бирдей ири масштабдуу улуттук долбоорду көкөлөттү. Болот Шерди канча жылдан бери жакындан билем, ал киши куру мактоолор үчүн далбас урганын көрбөдүм. Адегенде көкбөрү өнөрүнүн атын ааламга таанытуунун баардык жол-жобосун, эрежелерин эларалык нормалардын негизинде иштеп чыкты. Болбосо кылымдардан бери аталган оюндун эрежесин иштеп чыккан кыргыз болгонбу? Бул оюндун жазылган эрежеси, тартиби жок үчүн мелдеш соңунда улакчылар урушуп-чабыбыш жатып калышчу. Уруштун себеби – ат үстүндөгү эр өнөрүнүн оюн эрежесин ар дубандын оюнчулары ар кандай түшүнгөнүндө эле. Талааны чаңызгытып, улакты эңип жөнөгөн сүрмө топ атчандар бул оюндун кумарынан башканы билген эмес.

Тай казан дегени бала күнүмдөн эсимде: эки тараптын оюнчулары тай казан дешип, тегерете таш тизип койгон чек болор эле. Белгиленген ошол чекке оюнчу улакты таштаар замат, “тай казан ал жер эмес, бул жер” дешип, эки жааттын ызы-чуусу башталчу. Себеби улакчылар тиякка удургутуп, биякка удургутуп чаап өткөн сайын баягы тай казан делип тегерете тизилген муштумдай таштар ат туягынан туш-тушка чачырачу.

Андан да кокую: судья дегени болчу эмес. Топтун арасында ким аксакал болсо, калыс кепке ошону чакырышчу. Көзүнөн карыгып жаш аккан ал аксакал оюн жүрүшүн толук көрбөсө да, кайсы тараптагы топ омуроолоп чуу көтөрсө, жеңишти ошол тарапка оодара салып четке чыга берчү. Көкбөрүнү биз ошонүчүн дүйнө элине спорттун эң кызыктуу түрү катары тааныта албай келдик…

Тек гана улуттук оюн катары таанылып келгени болбосо, 21-кылымга дейре көкбөрү дүйнө жүзүнө ат үстүндөгү спорт катары дегеле бир даңазаланбаган. А бүгүн көкбөрү оюну дүйнө жүзүнө көчмөн элдердин флагманы болуп таанылды. Аны Болот Шер таанытты, казактардан озунуп. Болбосо азыркы күндө тарыхый энчибизге ээ боло албаганыбыздан, тарыхый баалуулуктардын көбү дүйнө элине казак элиники деп таанылууда. Ал эми эларалык “Көкбөрү” федерациясы Кыргызстан наамынан өз убагында катталып калды. Атайын жобосун жана эрежесин Кыргызстан тарап иштеп чыккан үчүн ал Эларалык федерациянын конгрессинде бекитилгени дайын. Андыктан көкбөрү өнөрүн улуттук оюн деп билсек, тай казандын автору Болот Шер деп тааныганыбыз ийги.

Иликтөөлөргө караганда: эрендердин эр оюну көкбөрүнү тээ кылымдардан бери Азия аймагында жашаган көчмөн элдер ойноп келишкен. Борбор Азия өлкөлөрүндө, Ооганстан, Пакистан, Иран, Индия, Кытай, Монголия, Орусиянын Батыш Сибиринен тартып айрым араб малекеттеринде да ойнолгон экен. Бирок ошондо да бул оюндун бирдиктүү эрежесин, тартибиз болбогон. Муну Кыргызстан гана дүйнөлүк спорт оюндарынын нормасына салып, өз энчисин өзүнө каттата алды!

Тилекке каршы, К.Бакиев заманынан кийин “Көкбөрү” федерациясынын ооматы кетти. Ага жалпы атпай журт күбө. Себеби бакиевчилер өнүгүү жолунда бараткан федерациянын ишин өргө эмес, көргө сүйрөп, азыркы күндө Кыргызстандагы көкбөрүнүн деңгээли кыйла артка кетти. Болот Шер аталган федерациядан четтегенден кийин уюштуруу иштерин жолго койгон бирөө-жарымы чыкпады. Болбосо жылыга эларалык турнирлер уюшулуп, оюнчулар Ооганстан, Кытай, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстандын командалары чоң мелдеште таймашаар эле. Көкбөрүнү Улуу Британиянын ICON FILMS телекомпаниясы «Дискавери» каналы аркылуу дүйнө жүзүнө таанытканына ар бир кыргыз кандай сыймыктандык эле! Кайсы бир жылы Токио телевидениесинде атайын көрсөтүүлөр уюштурулуп, андан соң Италиянын Рим, Милан шаарларында атайын фото-көргөзмөлөр уюштурулса, Кореядан атайын келип көкбөрү тууралуу көркөм тасма тартып кетишкени белгилүү. А бүгүнкү күндө эларалык мелдештер тургай, республика аралык мелдештер тыңгылыктуу өткөрүлбөй келет. Командалар болсо чачырап кетти. Ошондон улам “Көкбөрү” федерациясын ким жетектеп турган болсо, демек эрендердин эр оюнунун даңазасы, деңгээли, даярдыгы да ошол жетекчисинен көзкаранды экени ачыкка чыкты…

Азыр шамалдай шамдагай, куштай ыкчам оюнчулардын аты чыкпай турат. Бир кездегидей ышкыбооздор арасында кулагы шамдай күлүк аттар туурасында шыпшынып кеп кылгандар да жоктой. Көкбөрүгө салынчу күлүктөрдүн базар баасы жөнүндө да сөз болбой калды. Болбосо абыдан мыкты тапталган күлүктөрдүн баасы темир тулпар джиптердин баасын чапчыганы ооздон түшпөс кепке айланды эле го… 

Чыгармачыл коомго тирек табылды

Ыраматылык Тууганбай Абдиев анда филармониядан иштен бошоп калган маалы. Ал кезде Амантай Кутманалиев, Элмирбек Иманалиев өңдүү канаты жаңыдан жетилген төкмө ырчылар көчөдө ишсиз калышканы бар. Тукебиз болсо шакирттерин коргойм деп филармония деректиринин каарына өзү кошо кабылып, үчөө бирдей иштен ажыраган. Тукебиз кадимкидей депрессияга кабылып, мага датын айтып, интервьюбуз менин алгачкы чыгармачыл чыйырымды баштаган “Кербез” гезитине чыгып кеткенден кийин филармониядагылар чуу түшүп жатып калышкан.

Ошол тушта Ашыраалы Айталиев да пенсияга чыгып, үй бурчуна камалып отурган кези. А чыгармачыл адамга мунун өзү кандай оор сокку?! Анын үстүнө 90-жылдардан 2000-жылдарга чейинки турмуш каары чыгармачыл адамдарды эле эмес, байманасы ашынып тургандарды итке мингизип таштаганын ким унутат? Ашыке менен Тукебиз кайышып жүргөн ошол мезгилдерде, эки аксакалдын сөөгүн агартып Садык Шер-Нияз “Айтыш” коомдук фондун ачты. Эки аксакал өздөрүнүн төкмө ырчылык мектеби ачылганына жетине алышпай, өлөөр өлгөнчө Сакемди алкап жүрүп өтүштү.

Ошол жылдардан тарта Сакем экөөбүз да коюн-колтукташ тилектеш, доско айландык. Далай урушуп-талаштык. Көп учурда Сакем мени уйкудан калтырып, түн жарымына чейин иштеткенине ызырындым. “Нормальный” адамдар 8 саат иштесе, “Айтыш” коомунун өкүлдөрү үйлөрүбүзгө түн оогондо барабыз. А командадагылар мага шыбырашат: “Сакеге сиздин тилиңиз өтчү эле, досуңузга айтыңызчы: бизди эртерээк бошотсун” деп чыгышат чычымдар. Өзүм деле үйгө кеталбай араң тургандыктан, Сакеге ороңдоп бир тийип алам. Ал мага ызырынып баштайт: “Ушинтип атсак кантип өнүгөбүз?! Сага уйку кымбатпы же улуттун маданиятын көтөргөнбү?!” Муну укканда баарыбыздын диңкебиз сууп отуруп калабыз…

“Айтыш” коомдук фонду менен “Айтыш-фильм” киностудиясын Сакем ошентип баарыбызды уйкудан калтырып жүрүп өнүктүрдү. Ким-бирөөнү ишке алаарда өзүнүн бир кеби бар: “Бизге чындап иштей аласыңбы, жокпу? Айтып коёюн, биз күнү-түнү иштейбиз. Үйбүлөм бар, тууганым өлүп калыптыр, таяке-жээниме барат элем дегендерди ишке алалбайбыз…”

А чынында кыргыз коомун өнүктүрүп-өстүрүүгө Сакемдей талабы күчтүү эр-азаматтар жетпей турган жокпу?

Оозеки чыгармачылыктын экинчи өмүрү

“Айтыш” коомдук фонду негизделген күндөн баштап өнөр өстөнүндө канчалаган жаңы ысымдар, канчалаган төкмө ырчылар пайда болду. Оозеки чыгармачылык өнөр сапаты жагынан кыйла өстү. Мурда эки төкмө сахнага чыкса, алардын бирин-бири мазактаган кордоо айтыштарына деле эл арсаңдап күлө берчү. Төкмө ырчылар биринин көзү тосток, экинчисинин кулагы делдек экенин ага чейин көрбөгөн сыңары, качан эл алдына чыкканда бири-бирин чукулап, өң-келбетин кордогон мүнөздөгү кептердин айланасынан чыга алышчу эмес.

Азыркы мезгилде төкмө ырчылар кайсы темада айтышпасын, өнөрдүн дасыккан чеги жок экенине ынанасың. Төкмөлөр бири-биринин кемчилигин эмес, коомдун кемчилигин чукуп тапкан курчтукка жетти. Саясый темада болобу же социалдык темада болобу, айтор төкмө ырчылардын ой чабыты кеңип, коомдун көйгөйүн чагылдырган айтыш өнөрүнүн чыгармачылык сапаты кыйла жогорулады.

Чынында бул тепкичке алар жөндөн жөн келип калган жок. Өзүм “Айтыш” коомдук фондунун маалымат кызматына аралашып жүргөн мезгилдерде, төкмөлөр менен жакындан аралашып, ар бир он күндүк сабактарына катышып жүрдүм. Ал жерде Ашыраалы Айталиев менен Тууганбай Абдиевдин сабагынан сырткары да аттуу-баштуу Ишенбай Абдуразаков, Салижан Жигитов, Дооронбек Садырбаев, Дастан Сарыгулов сындуу мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин төкмө ырчылар үчүн атайы лекциялары окутулуп жүрдү. Алардан сырткары да тарыхчылар, тилчилер, дипломаттар, саясатчылар чакырылып, төкмөлөр турмуштун күрөө тамырын кантип кармап, казактын төкмө ырчылары менен беттешкенде кандай мүнөздө жооп берүү керектигинен өйдө даярдык көрүлгөн үчүн төкмө ырчылардын чыгармачылык сапаты, акындык мектеби азыркы деңгээлге көтөрүлдү.

Садык досум Шер-Нияз далай күндөрү түнкү саат 3-4төргө чейин Азамат Болгонбаев, Аалы Туткучев өңдүү жаңыдан чыгып келаткан жаш таланттарды алып калып, аларды кайрап-бүлөп өстүрүш үчүн баарыбыз колубузга комуз алып, үй мүйүз тартып отуруп айтышкан күндөр өттү. Амантай, Шекербек, Элмирбекке кошулуп Сакем жана мен болуп, Шайырбек Абдырахманов үчөөбүздүн да төкмөлүк өнөр чыгып барып токтогон ошондо. Себеби биз алым сабак айтыштан тартып, тема айтыштардын кайрылбаган түрүнө кайрылып, чычалаганыбыз кызаңдап барып айтыштын кордоо жанрына жеткенде тизгинибизди тартып, айтор таң куланөөк атканда үйлөрүбүзгө тараган учурлар болду. Боксерлор рингге чыкканга чейин кара терин далай жолу шорголотуп төккөндөй эмгек эле бул. Жыйынтыгында “Айтыш” фонду негизделгенден көп өтпөй Азамат Болгонбаев менен Аалы Туткучевдин атпай журтка жылдызы жанып чыга келишти. Алардын соңунан кийин да далай жаштар күргүштөп өсүп чыкты.

Бу жерде чыгармачылык “лабораториябызды” учкай кеп кылганымдын себеби – эгерде Садык Шер-Нияз өнөргө өзү аралашып, оозеки чыгармачылыкка ошончолук күйүп-бышып мамиле кылбаганда, төкмө акындардын куру деми менен “Айтыш” фонддун акындык мектеби ийгиликтин артынан ийгилик жаратпас эле.

Бокебиз да, Сакебиз да жаратман

Убагында Болот Шер да көкбөрү оюнун дүйнөгө таанытуу үчүн өзү баш болуп ат сарайларда чыла кечип, күлүктөргө кантип жем-чөп бериш керектигине чейин аралашпаганда, жогоруда айтылган ийгиликтерге жетет беле? Өзү саяпкердей болуп ар бир жылкынын алдындагы жем-чөбүн көзөмөлдөп келгенин улакчылар жакшы билет.

Ошентип ага-ини эриш-аркак атаандашып, улуттун аң-акылындагы, канындагы, жүрөгүндөгү байтактуу маданиятты, улуттук дөөлөттү көтөрүп чыгышты. Көкбөрү жана төкмөлүк өнөр менен катар манасчыларды өстүрүштү. Жөн эле жаттама манасчыларды эмес… Сагынбай, Саякбайдай төкмө манасчылардын сынагын уюштуруп, өнөрпоздорго уюк болор маданий ордо курушту. Азыркы күндө “Айтыш” жана “Манас-мурас”фонддору өнөрпоздордун чыгармачыл уюмуна айланды. А Маданият министрлиги, Улуттук филармония, Улуттук консерватория же искусство институту кайсы манасчы же кайсы төкмө ырчыны тарбиялап чыкты? Акыркы жыйырма жылда жазуучулар, композиторлор, сүрөтчү-архитекторлор,кинематографисттер менен театр ишмерлер союздары чыгармачыл уюм катары “Айтыш” фонддой деңгээлде эларалык же руспубликалык маданий иш-чара уюштурганына качан күбө болдук? Же “Айтыш” фонддун алдындагы “Калемгер” адабий клубунчалык жаш акын-жазуучулардын чыгармачылык өсүшүнө камкордук көргөн бизде кайсы башка коомдук уюмдар бар?

Коомдун моралдык авторитетине айланган биртуугандар

Шер-Нияздан тараган тукум дагы эмнени сууруп чыкты дээрсиз. Мына, А.Масалиев, Б.Сарногоев, С.Жигитов, Ч.Айтматов, Д.Садырбаев, Э.Турсуналиев, Т.Абдиев, А.Айталиев өңдү кыргыздын тиреги делген залкарлар одүйнө узаганда – төкмө ырчыларды баш кылып Ш.Дүйшеев, К.Урманбетов сындуу акындарга маркумдарды жоктоо ырын жаздырып, кыргыз фольклорунун бир салаасындагы жанрды тирилтишти. Улут сыймыгына айланган залкарларды соңку 15 жылда акыркы сапарга узатуу зыйнатында төкмөлөрдүн жоктоо ыры салтыбызга кайрадан кирди. 2010-жылдагы 7-апрелде курман болгон эр-азаматтарды жоктоодо Э.Иманалиевдин жоктоо ыры атпай-журттун сай-сөөгүн сыздатып турду…

А турмуш жүзүндө фольклордук адабияттагы жокто жанрындагы чыгармачылык таптакыр унутулган эле го. Жоктоо ырдын үлгүсү Илимдер академиясындагы кол жазмалар арасынан эле табылбаса, кайсы эл жакшысын акыркы сапарга узатууда кыргыздын каада-салты менен узатчу элек?! Эсимде: улуттун улуу сыймыгы Сүймөнкул Чокморов өңдүү инсандарды акыркы сапарга узатууда Моцарт менен Вердинин реквием музыкалары жаңырып турган!

Баарынан да чыгармачыл адамдардын көзү тирүүлөрү менен көзү өткөндөргө келгенде Боке менен Сакедей тикесинен тик туруп тирээч болгон ким бар? Өнөр адамдарына болгон сыйга келгенде ушул экөө качан болсо тонун чечип берүүгө даяр. Айрыкча Байдылдадай улуу акыныбыз менен Алым Токтомушевдей чыгаанды акыркы сапарга узатууда экөөнүн тең жамандык зыйнатын көтөргөн Болот Шерге арбактар да, кыргыз эли да ыраазы болсун! Сакем экөө улут сыймыгына айланган залкарлардын кимисинин көзү өтүп кетсе, маркумдарды одүйнөгө татыктуу узатууда “уят болбойлу деген намысты” сөз кылып, жаманчылыктын ыгым-чыгымын көтөргөнгө келгенде четте карап тургандарын көрбөдүм. Далай жаманчылык-жакшылыктарда чогуу аралашып калдык. Бирине да тиги таластык, тиги көлдүк же нарындык деген мамиле болгон жок. Баарына тегиз күйүп-бышып, тирүүлүктүн милдетин кылып келишет.

Бир курдай ыраматылык Жолдошбек Мамажанов агабыз мага сүйүнүп келип калды. “Терезеңди карачы, көрдүңбү темир тулпарымды?!” Көрсө, депутат-министрлер Ысык-Көлдөгү резиденцияда чардап, ырчы-чоорчулар чакырылат. Ага Мамажанов да барып калат. Иш-чара соңунда концерт болуп, эл тараарда Жолдошбек байкебиз “машинеңде орун болсо ала кет” деп бирөөгө жабышып кеталбай атканын Болот Шер көрүп калыптыр. Жокенин айтуусунда “Сиз Рысбай Абдыкадыров, Асан Керимбаев менен үзөңгүлөш келаткан улуу талантсыз. Сизге жөө жүргөн жарашпайт” деп залкар обончубузга “ак тулпар” “Нива” мингизип узаткан экен ошондо.

Айтор, чыгармачыл адамдардын тоодой таянычына айланган Бокем менен Сакемдей ага-инилер турган үчүн улуттун уюткусу бузулбас. Улутка таандык ушундай уулдар гана улуттун кайра жаралуу сезимине от жагат. Албетте, бизде башка да топ башкараар эр-азаматтар толтура, бирок атпай журтка баш-көз болор эр-азаматтарыбыз өтө саналуу. Ошол саналуулардын башына бүгүн кара булут айланып туру…

Олжобай ШАКИР

One Reply to “Улуттун кайра жаралуу сезимин ойготкон ага-ини”

  1. «Айтыш» фонд Болот Шер Көкбөрүнүн негиздөөчүсү Садык Шер эми кино тармагын маданият жагын колго алды а Болот болсо Кокборуну дуйнолук денгелге жеткизип озгочо шан менен отор эле ,а кийин апрель революциясынын симболу болгон .Азыркы мезгилде Эл аралык Кокбору федерациясы озунун ишин жоготуп койду ,кайрадан Болот келип жандандырбаса болбой калды ким корунгон башчылык кылып ,кокбору чулордун кучу менен отуп жатат.Болот ойлон бул ишти колго албасан болбой калды …..

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *