Которгон Насыпбек АСАНБАЕВ
ПРИТЧА-ПОВЕСТЬ

I БӨЛҮМ
Бай чарбанын ээси мистер Жонс уктаганы баратып тооккананын оозун бекитти да мастыгы менен кичинекей тешигин жапканды унутуп калды. Колундагы панары ары-бери теңселип, тегерек жарыгы бирде нары кетип, бирде бери кетип баратты. Акыры арткы эшиктен кирип, өтүгүн силкип таштаган соң челектеги сырадан бул күндүн акыркы чөйчөгүн кылкылдата жутуп, керебетте үчүнчү түшүн көрүп жаткан миссис Жонстун жанына сулк жыгылды.

Жатак үйдүн жарыгы өчөрү менен короодо дабыр-дүбүр, күбүр-шыбыр башталды. Күндүз эле картаң Корбашынын, көрсөтмөлөрдө далай байге жеңген таза кандуу көк камандын, өткөн түнү укмуштай сонун түш көргөнү жана аны жалпыга угузгусу келгени тууралуу кабар бүтүндөй короого тараган. Натыйжада мистер Жонс тынчыыры менен чоң сарайга чогулушмак. Картаң Корбашыны (эл алдына Уиллингдондун сыймыгы деп чыгып жүргөнү менен бул жерде аны ушунтип айтышат) чарбада баары сыйлачу. Ушундан улам анын сөзүн угуш үчүн бир сааттык уйкудан калууга бардыгы чын дилден макул болду.

Корбашы короонун төрүндөгү шыпка илинген панардын жарыгы түшкөн секичеде, бир кучак самандын үстүндө жатты. Ал быйыл он экиге чыкмак. Бирок акыркы жылдары кыйла картайып калганына карабай, дале кадырын жогото элек. Анын акылдуу, мээримдүү келбетин керек болсо аркайган азуусу да бузчу эмес. Ошентип акырындан жаныбарлар агылып келе баштады. Топураган немелер өз ыңгайына карап атып көпкө ыбырсыды.

Чү дегенде эле Ичкебел, Иймеккаш жана Тиштээк аттуу үч ит келди. Алардын артынан эле чочколор кирип текченин алдындагы самандан орун алды. Тооктор терезенин текчелерине чокчоюп, көгүчкөндөр барпырап келип туура устундарга конду. Койлор менен уйлар чочколордон кийин орун алды да, дароо эле магдырап кепшеп баштады. Жанаша кирген Тоотору менен Кашка майда жандыктарды тебелеп албаш үчүн барпайган жүндүү, чоң туяктарын өтө кылдат шилтеп отуруп секичеге шашылбай жакындады. Кашка дегенибиз төрт кулун туугандан кийин узун-туурасы чыгып кеткен орто жаштардагы дампыйган бээ. Тоотору болсо аты эле айтып тургандай бою эки метрдей келген, эки аттыкынан ашкан күчү бар кабелтең жылкы. Маңдайындагы узун кашкасынан улам маңыроо чалыштай көрүнчү. Айтмакчы, ал акыл-эси боюнча эч кандай өзгөчөлөнбөгөнү менен, туруктуулугуна жана укмуштуудай эмгекчилдигине карап баары сыйлачу.

Аттардын артынан Чунак эчки менен Бенжамин эшек жетип келди. Баарынан улуусу да, баарынан терсаягы да ушул Бенжамин. Ал көбүнчө сүйлөбөйт деле, бирок бир сүйлөсө катыра сүйлөйт. Мисалы, бир жолу «Кудай мага чымындан сактаныш үчүн куйрук берди. Бирок мен куйруксуз деле, чымынсыз деле жансактап кетмекмин» деген. Айбандардын арасынан эч качан күлбөгөн жападан-жалгыз жаныбар да ушул. Кокус мунун себебин сурап калышса, тек гана күлүүгө себеп жок деп кутулчу. Ал бир гана Тоотору менен ынак болгонуна карабай анысын да көп байкатчу эмес. Жекшемби күндү экөө бакчанын артындагы кашаада эч сүйлөшпөй жанаша оттоп жүрүп өткөрөр эле.

Аттар жаңы эле орун таап сунала жатканда энесинен эрте ажырап калган бир үйүр өрдөктүн балапаны балпаңдай басып кирип келди. Алар чыйк-чуйк этип чыйпылдашканча ары-бери темселеп, тебелендиде калбагандай ыңгайлуу орун издеп калды. Аңгыча Кашка аларды алдыңкы буту менен калкалай берди эле тигилер ошол эле жерден уйкуга кетти. Соңку мүнөттөрдө мистер Жонстун кош дөңгөлөктүү арабасын тарткан чолок акыл боз байтал Молли бир кертим кантты шимирип алып кылыктана басып кирди. Ал секичеге жакын жайгашып алып улам-улам жалын серпий берди. Чынында көкүлүнө байланган бир тутам кызыл тасма менен мактана албай чыдамы кетип турган. Эң акыркы болуп адатынча жылуураак жай издегенче эки жагын уурдана карап таргыл мышык кирди. Ал ары-бери карап атып аягында Тоотору менен Кашканын ортосуна кыпчыла жатты да, бырылдап уйкуга кетти. Ошону менен Корбашынын бир да сөзүн уккан жок.

Жыйналышка арткы эшиктин кырында уктап жаткан үйрөнчүк карга Мойсейден башка бардык жандыктар келип бүттү. Корбашы жаныбарлар ыңгайлаша жайгашып, угууга даяр болуп калганын көрүп, бир жөтөлүп алып сөзүн баштады:
— Жолдоштор! Өзүңөр билгендей, өткөн түнү мен таң каларлык түш көрдүм. Бирок мен аны бир аз койо туруп айтсамбы деп турам. Алгач мен силер менен такыр башка нерсе тууралуу сүйлөшүп алгым келет. Байкашымча, жакында мен араңардан кетет окшойм. Ошондон улам канча жылдык тажрыйбамды өлүп кете электе бөлүшүп калууну борч деп билдим. Мен өтө көп жашадым жана күпкөмдө жатып алып көп нерсени ойлогонго жетиштим. Ушундан улам жер бетиндеги жашоонун түзүлүшү тууралуу түшүнүгүм учурда жашап аткан бир да жаныбардан кем эмес деп толук ишеним менен айта алам. Мына силер менен сүйлөшкүм келген нерсе ушул.

Эмесе, жолдоштор, биздин жашоо кандай түзүлгөн? Келгиле чындыкка тике карайлы. Жакырчылык, аягы жок эмгек, күтүүсүз өлүм – мына биздин маңдайга жазылган жашоо. Биз бул жалганга келебиз да эптеп өлбөгөнчөлүк азыгыбызды жейбиз. Жумушчу айбандарды болсо кашык каны калганча иштетишет. Качан эч нерсеге жарабай калганыбызда бизди укмуштай канкорлук менен өлтүрүп тынышат. Анлияда бирге чыккандан кийин жыргалчылык жана бактылуулук менен кош айтышпаган бир да айбан жок. Англияда эркиндик эмне экенин билген бир да жаныбар жок. Жакырчылык менен кулчулук – мына жаныбарлардын жашоосу. Мындан эч кайда качып кутула албайбыз.

Бирок жаратылыш мыйзамы ушундай түзүлгөн дейсиңерби? Эмне биздин мамлекет өз аймагында жашагандарды бага албай турганчалык кедей дейсиңерби? Жок, жолдоштор, жок, жок жана дагы бир жолу жок. Англиянын жери түшүмдүү, аба ырайы мээлүүн. Ал бизден сырткары дагы көптөгөн жашоочуларды тойгуза алат. Бир эле биздин чарбабыз ондогон жылкы, жыйырмадай уй, жүздөгөн койду тойгуза алат жана ошонун баары түшкө кирбегендей эркиндикте жыргап-куунап жашамак. Андай болсо эмнеге минтип кыйналып жүрөбүз? Анткени биздин тапкан-ташыганыбызды бүт адамдар ээлеп алып жатышат. Мына бардык маселе ушул жерде. Кыскача айтканда – маселе кишиде. Киши — мына биздин чыныгы душман. Эгер биз адамдан кутула алсак, анда ачарчылык менен жан кыйнаган жумуштан түбөлүкө кутулабыз. Анткени ушунун баарынын бирден-бир себеби ошол.

Бардык жан-жаныбардын ичинен бир гана адам баласы баарын колдонот, бирок эч нерсе өндүрбөйт. Ал сүт бербейт, жумуртка туубайт. Аны кошко чеге албайсың, анткени ал өтө алсыз. Ал койон кармай албайт, анткени ылдам чуркай албайт. Бирок ал баарыбыздын үстүбүздөн бийлик жүргүзөт. Ал бизди өзү үчүн иштегенге мажбурлайт. Биз өндүргөн нерселерди алат бирок бизди эптеп эле тойгузат. Жери биздин күч менен иштетилип, биздин кык менен семиртилет. А биздин эмнебиз бар? Жон терибизден башка эч нерсебиз жок. Мына силер, уйлар, өткөн жылы канча литр сүт бердиңер? Кана ошол торпогуңарды дыңкыйта бага турган сүттөр кайда кетти? Анын баарын бир тамчысын калтырбай душмандарыбыз ичти. А силерчи тооктор, бул жылы канча жумуртка туудуңар жана анын канчасы жөжө болуп чыкты? Калган жумурткаңар кайда? Аларды Жонс менен анын жумушчулары өздөрү үчүн базарга алып чыгып сатып ийишти. А сенчи Кашка, кайда сенин кулундарың? Төрт бакандай кулунуң, карыганда тирек болор балдарың кайда? Аларды бирге чыгары менен биринин артынан бирин сатып жоготушту. Эми сен аларды өмүр бою көрбөйсүң. Аларды кандай кыйынчылык менен туудуң, кандай кыйынчылык менен талаада иштедиң, а кайрымына эмне тийди? Кичинекей тоют менен бастырмадан өзүң баткыдай орун, болду!

Анысы аз келгенсип ушул эптекей жашообузду да аягына чыгара жашатышпайт. Чынында мен нааразы деле эмесмин, мен бул жагынан жолдуу болдум. Азыр он үчүнчү жылымды жашап атам. Төрт жүздөн ашык торопойлуу болдум. Каманга буюрган жашоо ушундай экен. Бирок өмүрүнүн соңунда жалаңдаган канжарга туш келбеген бир да жаныбар жок. Мына силер, маңдайымда отурган торопойлор, арадан бир жыл өтпөй бириң да калбай чаркыраган бойдон жашооңор менен кош айтышасыңар. Бүт баарыңарды, уй, кой, чочко, тоок дебей баарыңарды ушундай коркунучтуу өлүм күтүп турат. Ал тургай аттарды да, иттерди да бул коркунуч айланып өтпөйт. Мына сен, Тоотору, алдагы тоо томкорчудай күчүң кеткен күнү Жонс сени да касапчыга өткөрүп берет. Ал болсо кекиртегиңен мууздап туруп этиңди туш келди таратат.

Иттерди болсо, карылык жетип, тиши түшкөн күнү мойнуна кыш байлап туруп жакын жердеги көлмөгө чөктүрүп салышат.
Бизге жетчү бардык кесепеттин анык себеби киши экени силерге дагы эле жете элекпи, жолдоштор? Эгер кишиден кутулсак биздин эмгектен жаралган түшүмгө эч ким ээлик кыла албайт. Эртеси эле жакырчылык менен адилетсиздиктен кутулабыз. Кана, кандай дейсиңер? Күчүбүздү аябай, күн-түн дебей иштеп кишинин баскынчылыгынан кутулалы! Ойгонгула, жолдоштор! Мына менин чакырыгым. Көтөрүлүш качан ишке ашат, бир жумадан кийинби же жүз жылдан кийин болобу, так билбейм, бирок кудум ушул саманда турганыма ишенгендей, эртеби-кечпи адилеттүүлүк жеңишке жетээрине ишенем. Мейли, анча узак жашабасаңар да, бардык жашооңорду ошол күндү жакындатууга арнагыла! Эң негизгиси – менин чакырыгымды өзүңөрдөн кийин келгендерге жеткиргиле. Артыңардан келген муун бул күрөштү жеңиштүү жыйынтыктасын.

Жана эң башкысы, жолдоштор, максатыңардан эч качан тайбагыла. Эч бир нерсе силерди улуу күрөштөн азгырбасын. Кимдир бирөө адам уулу менен айбандардын жалпы максаты бир, өнүгүү жолу тыгыз байланышта десе укпагыла. Мунун баары калп. Киши өзүнүн, бир гана өзүнүн кызыкчылыгын көздөйт. Жашасын улуу күрөштөгү ынтымак, жолдоштугубуз эч качан ажырабасын! Бардык киши – душман. Бардык жаныбар – жолдош.

Так ушул маалда коркунучтуу тополоң болуп кетти. Корбашынын сөзүнө кызыккан төрт чоң чычкан ийнинен чыгып келип кеп тыңшап отуруп калыптыр. Бирок айтылган кепти аягына чейин угуу аларга буюрган жок. Шып этип ийиндерине кире качпаганда иттер алардын башын жулуп алмак. Корбашы алдыңкы бутун көтөрүп жаныбарларды тынчтандырды.

— Жолдоштор, — деди ал, – ушул жерден чечип алчу бир маселе бар. Жапайы жандыктар, мисалы чычкандар, же койондор бизге доспу же каспы? Келгиле добушка койолу. Кана кимдер чычкан бизге дос дегенди колдойт?
Ошол эле жерден добуш берилип, натыйжада көпчүлүктүн колдоосу менен чычкандар дос деп табылды. Каршы добушту төртөө эле берди: үч ит менен бир мышык. А кийин мышык эки жакка тең кол көтөрүп койгону да билинип калды. Корбашы кебин андан нары улады:
— Кебим деле аяктап калды. Кайталап койойун, кишилер жана алардын жолун тутунган бардык нерселер менен күрөшүү силердин милдетиңер экенин эч качан унутпагыла. Эки буттуу бардык нерсе – душман. Төрт буттуулар жана канаттуулар — дос. Дагы бир нерсени эскерте кетсем, киши менен күрөшүп жүрүп ага окшошуп калбагыла. Ал тургай аларды уткандан кийин да жаман адаттарын кайталабагыла. Үйгө жашабагыла, керебеттерге уктабагыла, кийим кийбегиле, спирт ичимдиктерин ичпегиле, тамекисин чекпегиле, соода кылбагыла, акча кармабагыла. Алсызбы, алдуубу, акылдуубу, акылсызбы, баарыбыз бир тууганбыз. Бир дагы жаныбар башка жаныбардын канын төкпөсүн. Бардык жаныбарлар тең укуктуу.
Эми жолдоштор, өткөн түнү түшүмө эмне киргенин силерге айтып берейин. Даана көргөнүмдөй айтып бере албайм го, бирок аракет кылам. Түшүмө кишилер бул дүйнөдөн жок болгондон кийин жер бети кандай болуп калары кирди. Ушундан улам эсиме бир нерсе түштү. Илгери-илгери, мен али торопой кезде, энем башка чочколор менен бирге бир эски ырды ырдаган. Алар ал ырдын обону менен алгачкы үч сөзүн эле билчү. Бала чагымда ал обонду мен да билчүмүн. Бирок качантан бери эстебей деле калгам. А кечээ түнү түшүмдө ошол обонду эстедим. Ал эле эмес, тээ илгери кайсы бир учурларда жаныбарлар ырдап жүрүп, кийин муундардын алмашуусу менен унутулуп калган сөздөрү да эсиме түштү. Эмесе азыр, жолдоштор, мен ал ырды силерге ырдап берсем. Азыр карыдым-арыдым. Үнүм да каргылданып калды. Бирок ошого карабай муну силерге үйрөткүм келет. Силер аны кайра өз обонуна салып, жакшылап ырдагыла. Ыр «Англиянын айбандары» деп аталат.
Картаң Корбашы бир жөтөлүп алып ырын баштады. Анын үнү чынында эле каргылданып турганы менен жакшы ырдады. «Клементин» менен «Ла кукарачага» окшоп кеткен дене бойду козгогон обону бар экен. Сөздөрү болсо төмөнкүдөй:
Англиянын айбандары,
Бүт дүйнөнүн жандыктары,
Сүйүнчүмдү уккула!
Келечекке жаркылдаган,
Кадам таштап чыккыла!

Эртеби же кеч болобу,
Адам доору жок болот.
Англиянын аймагы бай,
Айбанаттар ток болот.

Кутулабыз ноктолордон,
Камчылардан сап кетет.
Кулактарга эн салынбайт,
Тамга баскан так кетет.

Байлыгыбыз кампа толуп,
Кырманыбыз дан толот.
арпа, буудай, жүгөрүнүн,
Баары бизге нан болот.

Англиянын суусу тунуп,
Жашылданат жайыты.
Шамалы да көңүлдү ачат,
Эркин болсок башкысы.

Биз ал күнгө жетпесек да,
Максаттан эч тайбайбыз.
Уй, кой, өрдөк, эшек дебей,
Ынтымактан кайтпайбыз.

Англиянын айбандары,
Бүт дүйнөнүн жандыктары,
Сүйүнчүмдү уккула!
Келечекке жаркылдаган,
Кадам таштап чыккыла!
Бул ыр жаныбарларды укмуштуудай делөөрүтүп таштады. Корбашы аягына чыга электе эле алар кошулуп ырдап кирди. Ал тургай эң акылсыз дегендери да обонго түшүп, кай бир сөздөрүн жаттап алганга жетишти. Ал эми эң акылдуулары, тагыраак айтканда чочколор менен иттер бир мүнөткө жетпей ырды башынан аягына чейин илип кетти. Ошентип бир канча жолу кайталашкандан кийин бүтүндөй ферма «Англиянын айбандарын» дүңгүрөтө созду. Уйлар мөөрөп, иттер үрүп, койлор маарап, аттар кишенеп, өрдөктөр кайкылдап ырдады. Ыр аларга ушунчалык жаккандыктан, беш жолу кайталап ырдашты. Балким Жонс тоскоолдук кылбаганда бул түндү ырдаган бойдон деле өткөрүп жиберишмек.

Тилекке каршы, алардын ызы-чуусунан кожоюн ойгонуп кетти. Ал короого түлкү кирдиби деген ойдо төшөгүнөн ыргып туруп, дайыма жатак бөлмөсүнүн бир бурчунда турчу мылтыгы менен асманды карай басып-басып алды. Мылтыктан чыккан бытыролор короонун дубалдарына тепчилиши менен жыйналыш аяктап, баары жай-жайына тарап кетти. Канаттуулар туурларына конуп, төрт аяктуулар саманына жайгашты. Арадан көп өтпөй бүткүл чарба оор уйкуга кетти.

II БӨЛҮМ
Ошондон үч күн өткөндөн кийин Корбашы жакшынакай уктап атып эле о дүйнөгө кете берди. Сөөгү бакчанын тээ наркы бурчуна көмүлдү.
Бул окуя март айынын алгачкы күндөрүндө болду. Кийинки үч ай бою жаныбарлар тымызын даярдык иштерин жүргүздү. Анча-мынча акылдуулардын көз карашын Корбашынын сөзү түп тамырынан өзгөртүп салган экен. Алар Улуу Төңкөрүш качан келерин билчү эмес. Ал тургай өздөрү ал күнгө жетер-жетпесин да ойлогон жок. Бирок ошол күнгө даяр туруу өздөрүнүн милдети экенин аябай жакшы түшүнүштү. Жаныбарларды даярдоо жана уюштуруу иштери албетте айбанаттардын акылдуусу саналган чочколорго жүктөлдү. Алардын арасынан мистер Жонс сатууга камдап жүргөн Картомо менен Напалоен аттуу эки жаш каман өзгөчөлөнүп турчу. Наполеон олбурлуу келген, заар көздүү, чарба боюнча жападан-жалгыз таза кандуу Беркшир каманы. Ал чечилип сүйлөбөгөнү менен өжөрлүгү жагынан баарынан өтчү. Картомо болсо Наполоенго салыштырмалуу ийкемдүү, сөзмөр, тапкыч жана жумшак мүнөздүү каман. Чарбада бул экөөнөн башка каман жок, калгандары бүт жаш торопойлор. Торопойлордун арасынан болсо эң көрүнүктүүсү Баканооз аттуу тегерек тумшук, чапчаң мүнөз, көзү тынымсыз ойноктоп турган чарылдак торопой. Ал чынында өтө сөзмөр да болчу. Кандайдыр бир маселени далилдеш керек болсо турган жеринен чимирилип, куйругун шыйпаңдатып ийме адаты бар. Мына ушунусу угуучуларын муютууга кандайдыр бир таасир берчү. Деги караны ак көрсөтүү Баканооз үчүн кеп деле эмес дечү башкалар.

Мына ушул үчөө картаң Корбашынын айтканын өнүктүрүп отуруп, «айбанизм» деп аталган философиялык система ойлоп тапты. Дээрлик күн сайын мистер Жонс уктагандан кийин тымызын кепеге барып, башка жаныбарларга айбанизмдин негиздерин түшүндүрүп чыгышчу. Алгачкы күндөрү алар укмуштай келесоолук менен кайдыгерликке туш болушту. Кай бир жаныбарлар мистер Жонско жан дилин берүүгө милдеттүү экенин айтып, ал тургай «Мистер Жонс бизди багат. Ал болбосо биз ачкадан өлөбүз» дегенге чейин барчу. А кай бири «Биз өлгөндөн кийин эмне болсо ошо болсун», же «Эгер көтөрүлүш баары бир боло турган болсо, анда ага даярдануунун канчалык кажети бар?» деген сөздөрдү айтчу. Чочколор бул өңдүү кептер айбанизмдин негизине жатпай турганын түшүндүрүү үчүн өтө көп эмгек кылды. Бирок эң келесоочо суроолорду боз байтал Молли берчү. Ал чү дегенде эле Картомодон «Көтөрүлүштөн кийин кант болобу?» деп сурады.

— Болбойт, — деп кесе айтты Картомо. – Биз кант өндүрө албайбыз. Деги сага канттын эмне кереги бар? Сен ансыз деле сулу менен чөптөн тоюшуңча жеп атпайсыңбы.
— А тасмачы, көкүлүбүзгө тасма байлана беребизби? – деди Молли.
— Мени укчу жолдош, — деди Картомо, — сен ушунчалык сүйүп аткан тасма чынында кулчулуктун белгиси. Эмне эркиндик деген ошол тасмадан да баалуу экени акылыңа сыйбай турабы?
Молли макул болгонсуганы менен, анча ишене берген жок.

Баарынан дагы Мойсей тараткан ушак-айыңга каршы туруу чочколор үчүн кыйын болду. Бул мистер Жонстун сүйүктүү каргасы барып турган ушакчы, барып турган баканооз болгону аз келгенсип, башкаларды сөзгө тартууну да жакшы билчү. Ал сүт агып, каймак токтогон дарыясы бар өрөөн тууралуу айтып, бардык жаныбарлар өлгөндөн кийин ошол жайга барат деп ишендирчү. Мойсейдин айтуусунда бул өрөөн асманда, булуттардын бир аз нарыраак жагында имиш. Ал жакта аптанын бардык күнү дем алыш болуп, беде жыл бою көгөрүп, кант менен зыгырдын улпагы даяр бойдон өсүп турат экен. Жаныбарлар анын болбогон жомокторду айтып, керээли кечке бекер жүргөнүн көрүп жек көрүшкөнү менен, кай бирлери сүт агып, каймак токтогон дарыяларга ишенип алчу. А чочколор андай өрөөн жок экенин тастыктоо үчүн далай убара болду.

Камандарга Тоотору менен Кашка гана кыңк дебей ишенчү. Бул экөө өз алдынча эч нерсе ойлоно албаганы менен, камандарды биротоло пир тутуп, айткан сөздөрүн үтүр-чекитине чейин башкаларга жеткирчү. Алар чоң сарайдагы жыйналыштарга калтырбай катышып, жыйналыштын аягында ырдалчу «Англиянын айбандарын» тартынбай ырдачу.

Ошентип жүрүп көтөрүлүш булар ойлогондон да тез жана жеңил болду. Мистер Жонс чыгаан, табышкер чарбачы болгону менен, акыркы жылдары арты-артынан келген кыйынчылыктарга туш болгон. Ал кайсы бир сотто өтө көп акчага чыгым болуп, натыйжада өзүн таштап, ичкиликке берилип кетти. Кээде күн бою аш үйдөн чыкпай гезит барактап, анда-санда ичип аткан сырасына нан малып Мойсейге сугунтуп коюп отура берчү. Аны көрүп жумушчулары да жалкоо, калпычы болуп кетти. Айдоо аянттарын отоо басып, дубалдар урап, тосмолор жыгылып, айбандар ачка кала баштады.

Аңгыча июнь да келип, чөп чабылчу убак болду. Кайсы бир ишемби күнү мистер Жонс Уиллингдондогу «Кызыл арстан» сыраканасына барып, сыра ичип жүрүп эртеси түш ченде араң келди. Жумушчулары болсо эртең менен уйларды саап коюп, койон уулаганы кеткен бойдон малга жем-чөп бербей койду. Түш ченде келген мистер Жонс «Ньюс оф ворлд» гезити менен бетин жапкан бойдон кечке чейин диванда сулап жатты. Ошентип күн бою ачка калган жаныбарлардын кечке жуук чыдамы түгөндү. Акыры бир уй мүйүзү менен кампанын эшигин челип ыргытты эле, калган жаныбарлар каптап кирип үкөктөгү арпадан аптыга жей баштады. Мистер Жонс мына ушул тополоңдон улам ойгонду. Көп өтпөй ал төрт жардамчысы менен кампага кирип келип айбандардын жонуна шапалак ойното баштады. Ансыз да ачка немелер мындай кордукка чыдай алган жок. Эч кандай кеңешпей, эч кандай болжошпой туруп заалымдарга каршы жапырт чабуул койду. Жонс менен жардамчыларына туяктын соккусу мөндүрдөй жаады. Мындайды бала болуп башына түк чыкканы көрбөгөн кишилердин жүрөктөрү түшүп калды. Бир саам коргонууга аракет кылышты да, такыр болбой калганына көздөрү жеткен соң артын карабай качып беришти. Чоң жолду карай кеткен жолдо бешөө антаңдап качып, артта болсо жаныбарлар кубана кыйкырып кууп баратты.

Мунун баарын терезеден карап турган миссис Жонс колуна тийген кийим-кечегин баштыгына тыга салып чарбанын арткы эшигинен чыгып жок болду. Мойсей конуп турган жеринен учуп чыгып, каркылдаган бойдон артынан кетти. Бул убакта жаныбарлар Жонсту жумушчулары менен чоң жолго кубалап таштап, дарбазаны ичинен жаап алышкан. Эмне болуп кеткенин али эч ким түшүнө электе көтөрүлүш ийгиликтүү аяктап, Жонс качып жоголуп, Бай Чарба бүтүндөй алардын колуна өттү.

Алгач алар бакыттын мынча оңой келгенине ишене да алышкан жок. Кокус бирди-жарым киши калып калган жокпу дегенсип чарбаны булуң-бурчуна чейин аңтарып да чыгышты. Качан эч бир адам табылбаган соң шаймандар турган жайга чуркап, Жонстун бийлигинен калган мурастарды такыр тазаламай болушту. Атканадагы ат-жабдыктарын туш келди чачып, жүгөндөрдү, ит байлаган чынжырларды, торопой, козу-корполорду бычкан бычактарды кудукка ыргытышты. Нокто-чылбырларды, божуларды, араба шаймандарын, жембаштыктарды короонун ортосунда быкшып түтөп аткан таштандыга ташташты. Шапалактар да ушул эле жерден орун алды. Айрыкча ошолор өрттөнө баштаганда бардык жандыктар кубанычтан так секирип сүйүндү. Картомо базар күндөрү аттардын жал-куйругуна байланчу тасмаларды да отко салды.

— Тасмалар, – деди ал, — кийим менен барабар. А кийим деген кишинин белгиси. Бардык айбандар жылаңач жүрүшү керек.
Анын бул сөзү Тооторуга ушунчалык таасир эткендиктен жайында чымын-чиркейден сактаныш үчүн кийе калчу баш калканчын да апкелип отко таштады.
Ошентип мистер Жонсту эске салган бардык оокатты бир заматта талкалап жок кылышты. Андан кийин Наполеон баарын кампага ээрчитип барып ар бирине экиден үлүш жем, иттерге экиден табак нан берди. Анан «Англиянын айбандарын» баштан-аяк жети сыйра ырдап алып, уйкуга кетишти. Буга чейин дегеле мындай жыргап укташпаса керек кайрандар.

Эртеси адаттагыдай эле таң заардан ойгонушту да, кечээ кандай сонун өзгөрүүлөр болгонун эстеп алып, баары жайытты карай чуркады. Жайыттын орто ченинде бүтүндөй чарба алаканга салгандай көрүнгөн дөңсөө бар болчу. Жаныбарлар ошого чыгып алып таңкы таза абада айлананы суктана карап турду. Кайда караба көз жеткен жердин баары алардыкы. Ушул жерден алар өздөрүн кармай албай калды. Кубангандарынан так секирип туйлап, ары-бери тоголонуп ооналактап атышты. Моокумдары канганча ойноп, шибер чөптөн тамшана жешти. Кара жерди челип ыргытып, топурактын жытынан көөдөн кере дем алышты. Андан кийин бүтүндөй чарбаны кайра бир сыйра кыдырып чыгышты. Айдоолорду, шалбааны, бакчаны, көлмөнү, корукту кудум биринчи жолу көрүп аткандай карап, ушунун баары өздөрүнө таандык экенине дагы эле ишене албай жүрүштү.

Акырында ээрчише басып короого келип, кожоюндун үйүнүн алдына токтоп калышты. Чынында бул үй деле буларга өткөнүн билишкени менен кирүүгө даай албай турушту. Бирок, Картомо менен Наполеон бул чечкинсиздикти тез эле жеңип чыгып, эшикке асылды. Аны бир заматта талкалай салышты эле жаныбарлар кезектеше басып, кудум бир нерсени талкалап алуудан коркушкандай абайлап басып үйгө кирди. Ошол буттарынын учу менен баскан бойдон бөлмөдөн бөлмөгө өтүп, бири-бирине акырын шыбырап, мурда кийин көрбөгөн эмеректерди – мамык төшөлгөн керебеттерди, күзгүлөрдү, жумшак дивандарды, кымбат баалуу килемдерди, конок үйдөгү каминдин үстүнө чегилген ханыша Викториянын сүрөтүн көздөрүн алайта карашты. Акыры үйдөн чыгып, тепкичтен түшүп баратышып араларында Молли жок экенин байкап калышты. Бир канчасы кайра үйгө чуркап кирип, аны эң жакшы кооздолгон жатак бөлмөдөн табышты. Кайран неме миссис Жонстун көк тасмасын ийнине арта салып алып, өзүн-өзү күзгүдөн суктана карап момурайып отуруптур. Аны бир сыйра жемелеп жүрүп сыртка алып чыгышты. Аш үйдө илинип турган сан эттерди алып чыгып жерге көмүп, бурчта турган сыра челекти Тоотору талкалай тепкени болбосо, башка эч нерсеге тийишкен жок. Ошол жерден эле кожоюндун үйүн музей кылуу чечими бир добуштан кабыл алынды. Андан сырткары жаныбарлардан бирөө да бул үйдө жашабасын дегенге баары макул болду.
Эртең мененки нанүштөдөн кийин Картомо менен Наполеон кайра баарын чогултту.

— Жолдоштор, — деди Картомо. – Азыр саат араң алты жарым болду. Алдыда дагы толук бир күн бар. Биз бүгүн чөп чабыкты башташыбыз керек. Бирок, андан да биринчи карай турган бир иш турат.
Көрсө мистер Жонстун балдарынын таштандыдан табылган дептерлери аркылуу камандар акыркы үч айда эсеп жүргүзүүнү, жазуу жазганды үйрөнүп алыптыр. Муну ушул жерден жарыя кылышты. Наполеон бир калай ак сыр, бир калай кара сыр таптырып, баарын чоң жолго чыкчу дарбазага ээрчитип келди. Ал жерден Картомо (баарынан жакшы жазганы ошол болчу) кистини туягына кыпчып туруп, алгач дарбазанын эң үстүндөгү туура темирге жазылган «Бай Чарба» деген жазууну өчүрдү да, ордуна «Айбан чарба» деп жазды. Бул чарба ушул күндөн тартып түбөлүккө ушунтип аталмай болду. Андан кийин кайра короого кирип чоң сарайдын жанына келишти. Картомо менен Наполеон тепкич таптырып келип сарайдын дубалына тирей салды. Ошол жерден экөө тынымсыз мээнеттин арты менен акыркы үч айдын ичинде айбанизмдин негизги жети осуятын түзүп чыгышканын билдирди. Эми ошол Жети Осуят чоң сарайдын каптал дубалына жазылып, Айбан Чарбанын жаныбарлары түбөлүккө ошол осуяттар менен жашамай болуптур. Картомо шатынын башына араңдан зорго чыгып (чочко үчүн тепкичте туруу албетте оңой эмес да) жаза баштады. А Баканооз болсо андан ылдыйраак туруп сыр челекти кармап берди. Осуяттар кара чайыр шыбалган дубалга ак сыр менен отуз метрден даана көрүнгүдөй жазылды.
Жети Осуят:
1. Ким эки буттап басса ал душман.
2. Ким төрт буттап басса, же канаты болсо ал дос.
3. Жаныбарлар кийим кийбейт.
4. Жаныбарлар керебетте уктабайт.
5. Жаныбарлар спирт ичимдигин ичпейт.
6. Жаныбарлар башка жаныбардын канын төкпөйт.
7. Бардык жаныбарлар тең укуктуу.
Чынында «төрт» деген жазуу «торт» болуп, «эки» деген «еки» деп жазылып калганы эле болбосо, калган сөздөр катасы жок, даана жазылды. Жазып бүткөндөн кийин Картомо аларды жалпыга угуза окуп берди. Жаныбарлар болсо баш ийкегилеп коюп угуп турушту. А кай бир акылдуураактар көп создуктурбай жаттап да алды.
— Кана жолдоштор, — деп кыйкырды Картомо кистини нары ыргытып жатып. – Жүрүгүлө талаага! Чөптү Жонс менен анын жардамчыларынан да тез бүтүрүү сыймыгына татыктуу бололу.
Так ушул маалда жанатан бери кыйраңдап араң турган үч уй өңгүрөп мөөрөп жиберди. Көрсө алар туура бир күндөн бери саалбай, желиндери жарылайын деп туруптур. Чочколор бир саам ойлоно калды да, нары жактан чакаларды алып келип, отура калып шыпылдата саап алышты. Алардын туягы бул ишке өтө эптүү экени ошол жерден билинди. Ошентип беш чака ынак сүт көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып ортодо көбүк чертип турду.
— Мынча сүттү эмне кылабыз? – деди кимдир бирөө.
— Жонс кээде биздин жемге сүт аралаштырып берчү, — деди бир тоок.
Наполеон дароо сүттөрдү далдалап тура калды да:
— Жолдоштор, сүт менен башыңарды оорутпагыла, — деди. — Анын чарасы жеңил. Бүгүн чөп чабык андан да маанилүү. Жолдош Картомо силерди баштап барсын. А мен бир аздан кийин келип калам. Алга, жолдоштор! Чөп чабык бизди кутуп турат.
Ошентип жаныбарлар тобу менен чөп чапканы кетти. А кечинде кайра кайтышканда жанагы сүттүн дайыны да жок болуп чыкты.

III БӨЛҮМ
Айбандар чөп-чарды толук жыйнап алуу үчүн жан үрөп иштеди. Анткени менен ошончо мээнет да текке кеткен жок. Чөп өздөрү күткөндөн да көп жыйылды.

Чынында жумуш деле оңой болгон жок. Себеби чалгы, айры дегендер жаныбарларга эмес, кишилерге ылайыкталып жасалган эмеспи. Натыйжада айбандар аларды колдоно албай аябай кыйналды. Деги аспап колдонуу үчүн киши кептенип арткы бутка турбаса болгудай эмес. Бирок чочколор да оңой эмес да. Алар кандай кыйынчылык болбосун амалын таап чечип алчу. А аттар болсо талааны ар бир быдырына чейин билчү. Ошондуктан оруу иштери да, жыйноо иштери да Жонс менен жардамчыларына караганда сонун аяктады. Чочколор өздөрү талаада иштеген жок, алар башкаруу жана көзөмөл иштерин жүргүздү. Ооба, алардын ошончо билими менен башкача болушу да мүмкүн эмес болчу. Тоотору менен Кашка тыным албай бирде косилка сүйрөп, бирде тырмоо тартып жүрдү (албетте алар аркан жип да, тизгин-жүгөн да колдонгон жок). Андайда чочколордон бирөө алардын артынан түшүп алып кээде «Канакей, жолдош, чымыркан!» деп кыйкырса, кээде «Кана жолдош, арткараак!» деп кыйкырып турчу.

Тоют камдоо ишине кичине-чоң дебей бардык жаныбарлар катышты. Каздар менен тооктор тыным албай нары-бери чуркап, күнү бою тумшугуна тиштеп чөп ташыды. Кыскасы чөп маалынан эрте жыйналып бүттү. Болбосо Жонс жумушчулары менен жок эле дегенде дагы эки күн жүрмөк. Анан калса буга чейин чөп бир да жолу мынчалык көп жыйналган эмес. Дээрлик бир талы да чыгым болгон жок. Тооктор менен өрдөктөр да көрөгөч эмеспи, талаага тиш чукуур калтырбай жыйнап келишиптир. Айтмакчы, бир да жандыкта бир аз кымтып алайын деген ниет болбоду.

Ошентип чарба жай бою кынтыксыз иштеди. Мынчалык болоорун күтпөгөн жандыктар кубанычтан балкып жүрдү. Ар бир оозго алынган азыктан ырыхат алышты. Өз колуң менен жыйнаган чөптүн даамы сараң кожоюндун битиреп бергенине караганда алда канча жагымдуу болот тура. Жанагы зыянынан башка пайдасы жок жегич кишилерди кууп жибергенден бери ар бирине берилчү тоюттун да үлүшү көбөйдү. Анткени менен тажрыйбасыздыктын айынан көп убакытты да бош өткөрүшчү. Аларды кадам сайын кыйынчылыктар коштоп турду.

Мисалы, эгин оруу маалы келгенде эгилген эгинди самандан тээ илгеркидей тебелеп ажыратышты. Чарынан арылтуу үчүн ооздору менен үйлөөгө мажбур болушту. Деги чарбада кырман машинасы жок болгону менен, бардык кыйынчылык чочколордун тапкычтыгы жана Тооторунун укмуштуудай өжөрлүгү менен чечилип жатты. Мындайда Тооторуга баары суктанчу. Ал Жонстун убагында деле эч жалкоолончу эмес, эми болсо үч аттык ишти жалгыз кылып жүрдү. Таң заардан күн батканга чейин тыным албаганы аз келгенсип, эң оор жумуш кайда болсо ошол жакка чуркайт. Ал бала короздордун бирөөнө эртең менен башкалардан жарым саат эрте ойготуп коюсун өтүнүп, ойгоноору менен талаанын эң татаал жерине барып иш күн башталгыча иштечү. Кандай көйгөй, кандай жаңылыштык болбосун ал «Мен дагы көбүрөөк иштейм» деген ураанга айланган кебин айту.

Анткени менен башкалар деле жан алы калбай иштеди. Мисалы тооктор менен каздар талаа аралай чуркап машак терип жүрүп, эки центнердей буудай жыйнап таштады. Эч кимиси кымырган жок, эч ким берилген милдетке нааразы болгон жок. Кыжыңдашмай, тилдешмей, кызганыч деген дээрлик болбоду. Болбосо мунун баары мурда демейдеги көрүнүш саналчу. Кыскасы, жумуштан эч ким качкан жок. Дээрлик эч ким… Ооба, Молли гана эртең менен кыйылып атып араң туруп, кечкисин туягымды ташка уруп алдым деген сыяктуу шылтоолор менен тезирээк короого кетүүгө аракет кылчу. Баса, берки мышык дагы башкача жүрдү. Качан болбосун жумуш берилээрде кайдадыр житип кетерин байкашчу. Ошону менен жоголуп жүрүп түшкү тамак маалында, же кеч кирип, иштин баары бүткөндө эч нерсе болбогондой пайда болуп калчу. Бирок ал ушунчалык ишенимдүү актанып, ушунчалык муңайым мыйоологондуктан анын ниети ак экенине ишенбей койо алышчу эмес. Бир гана Бенжамин, картаң эшек кандай болсо ошондой жүрө берди. Жонстун убагында кандай болсо, эми деле ошондой, жумуштан да качпайт, ашыкча жумушка да суранбайт. Мурункудай эле кебелбейт, мурункудай эле кырс. Көтөрүлүш тууралуу дагы, ага байланыштуу өзгөрүүлөр тууралуу да кеп кылбайт. Андан Жонс жок жашооң кандай өтүп атат деп сурагандар, «Эшектер көп жашайт. Анын өлүгүн көрүү бирөөңө да буюрган эмес» деген табышмактуу жооп алып отуруп калчу.

Жекшемби күндөрү кадимкидей эс алышчу. Нанүштө башка күндөрдөн бир саат кечирээк берилип, аягы дүркүрөгөн салтанат менен аяктачу. Чү дегенде эле желек көтөрүлчү. Картомо ат-жабдыктарын койгон жайдан миссис Жонстун эски тасмалын таап, ага мүйүз менен туяктын сүрөтүн ак сыр менен тартып койгон. Ошентип жекшемби сайын тасмал бакчадагы каскака илине турган болду. Желектин өңү жашыл эле. Көчкү аны Англиянын талаалары жашыл болгону менен түшүндүрдү. «А мүйүз менен туяк болсо келечекте биз адам уулунун бийлигин кулаткан соң курула турган Жаныбарлар Республикасын билдирет» деди. Желек көтөрүлгөндөн кийин жаныбарлар чоң сарайга чогулуп, «курултай» деп атап алышкан жыйналышын өткөрүшчү. Ал жерден алдыдагы аптанын иш мерчеми түзүлүп, ар кандай сунуштар талкууланчу.

Сунуштарды көбүнчө чочколор киргизер эле. Башка жаныбарлар добуш берүүнү билгени менен, эч бир сунуш киргизе алчу эмес. Мындай талкууларда Наполеон менен Картомо алдына ат салдырган жок. Бирок, булардын пикири дайыма карама-каршы келе берчү. Кимиси оюн билдирбесин, экинчиси сөзсүз ага каршы чыкчу. Ал тургай пенсияга чыккан жаныбарлар өргүй турган турган шалбаа бакчанын нары жагында болсун деп чечкенден кийин – эми бул жерде талаша турган деле эч нерсе жок да – экөө кайсыл айбан канча жашында өргүүгө чыгышы керек деп катуу талашты. Анткени менен, кандай болгон күндө да курултай «Англиянын айбандарын» ырдоо менен аяктачу.

Ат жабдыктары турчу жайды чочколор штаб кылып алды. Кечкисин алар кожоюндун үйүнөн алып чыккан китептер аркылуу темир усталык, жыгач усталык сыяктуу өнөрлөрдү үйрөнчү. Мындан сырткары Картомо ар кандай уюмдарды түзүү ишин изилдечү. Ал буга баш-оту менен берилип алды. Натыйжада сабатсыздыкты жоюу өнөктүгүнөн башка, тооктор үчүн Жумурткачылар уюмун, уйлар үчүн Таза Куйруктуулар кыймылын, Жапайы Жаныбарларды Тарбиялоо Ассоциациясын (негизги максаты чычкандар менен койондорго багытталган), койлор үчүн Аппак жүн лигасын жана башка дагы ушул сыяктуу долбоорлоду киргизди. Бирок, адаттагыдай эле эч биринен майнап чыккан жок. Мисалы, чү дегенде эле Жапайы Жаныбарларды Тарбиялоо Ассоциациясы кыйрады. Себеби, жапан айбандар кымындай да өзгөрбөй койду. Тескерисинче ар бир жылуу мамиленин артыгын чыгарып, кайырын чайыр кылышты. Мышык жапайыларды тарбиялоо ишине катуу жигердүүлүк менен катышып жүргөн. Бир күнү аны үйдүн чатырында отуруп алып нарыраак отурган чымчыктар менен маектешип жатканын көрүштү. Кайран эр аларга бардык жаныбарлар бир тууган экенин, эгер каалагандар болсо түз эле колуна консо болоорун айтып жатыптыр. Бирок чымчыктар анын бул сунушуна ишене калууга шашылган жок.

Анткени менен сабатсыздыкты жоюу өнөктүгү өтө жакшы натыйжа берди. Күзгө чукул бардык айбандар жамандыр-жакшыдыр сабаттуу болуп чыга келди.
Чынында чочколор эчак эле ээн-эркин окуп, жазып калган. Иттер окууну жакшы өздөштүргөнү менен жети осуяттан башканы окугусу келген жок. Чунак эчки иттерге караганда дурус окуп, кай бир күндөрү таштандыдагы гезиттин айрындыларын баарына жарыя окуп берчү. Бенжамин деле эч бир чочкодон кем калчу эмес, бирок бул өзгөчөлүгүн да колдонгон жок. Ал «Окуганга татыктуу эч нерсе жок болгон соң, окугандын кереги эмне» деп койчу. Кашка алфавитти акыркы тамгасына чейин жаттаганы менен, сөз курап окуй алчу эмес. Тоотору болсо Г тамгасынан нары өтө албай койду. Даңкыйган туягы менен А, Б, В, Г деп жазгандан кийин эле кулагын куушуруп, жалын салпылдатып алып мындан нары кайсы тамга келерин эстей албай жалдырап калчу. Башка тамгалар дегеле эсине келчү эмес. Чынында анын Дны, Ени, Жны, Зны жаттаган күндөрү да болгон. Бирок, аларды жаттаган күнү башындагы А,Б, В,Г тамгалары тумалак эсинен чыгып кетти. Аягында ал эң алдыңкы төрт тамганы үйрөнгөнүнө ыраазы болду да, эми алар да унутулуп калбаш үчүн күнүгө эки жолудан жазып турмай болду. Молли өзүнүн атына келген төрт тамгадан башка эч нерсе үйрөнгүсү келген жок. Анткени менен ал өз атын тал чыбыктар менен түптүз кылып жазып, үстүнөн гүл менен кооздоп алып, ошонусунан көзүн албай суктанып, айланып-тегеренип жүрө берчү.
Булардан башка жаныбарлар А тамгасынан нары өтө алган жок. Ал эми кой, тоок, өрдөк сыяктуу келесоо жаныбарлар керек болсо Жети Осуятты да жаттай албаганы маалым болду. Ошондо Картомо ойлонуп отуруп, жети осуятты бириктирип «Төрт бут жакшы, эки бут жаман» деген эле бир негизги осуятты чыгарса болорун жарыялады. «Мына ушунда айбанизмдин эң негизги өзөгү жатат» деди ал. «Муну жакшы сиңирген жаныбарга бир да киши таасир бере албайт». Бирок бул осуятка алгач канаттуулар каршы чыгышты. Себеби алардын да эки эле буту бар эмеспи. Натыйжада Картомо алардын адашып жатканын минтип түшүндүрдү:
— Канаттуулардын канаты, жолдоштор, — деди ал. – Жумуш жасай турган эмес, күүлөнө турган мүчө. Ушундан улам аны бут менен барабар десек болот. Адамды башкалардан өзгөчөлөнткөн эң негизги мүчө – бул кол. Алар бардык күнөөнү колу менен жасайт.

Канаттуулар Картомонун айткандарын түшүнбөгөнү менен, бир ооздон макул болушту. Ошентип бардык жаныбарлар жаңы осуятты жаттап алууга киришти. Кепенин дубалындагы жети осуяттын үстүнө «ТӨРТ БУТ ЖАКШЫ, ЭКИ БУТ ЖАМАН» деген осуят чоң тамгалар менен кошумчаланды. Бул жаңы эреже айрыкча койлорго аябай жагып калгандыктан баары тең жаттап алып, жуушап жатса деле «Төрт бут жакшы, эки бут жаман! Төрт бут жакшы, эки бут жаман!» деп тынымсыз какшай берчү.

Наполеон Картомонун уюмдарына дегеле кызыгып да койгон жок. Ал жаштарга билим берүү жашы өткөндөргө жасалган бардык нерседен пайдалуу деген ойдо болчу. Аңгыча эле чөп чабык бүткөн кезде Ичкебел менен Иймеккаш удаа-удаа тогуз күчүк тууду. Күчүктөр сүттөн эми чыкканда Наполеон «Жеке көзөмөлүмө алам» деп энелеринен ажыратып, ат жабдыктары коюлган жайдагы тепкич менен жогору алып чыгып көздөн далдоо бекитип келди. Ошону менен күчүктөрдүн бары-жогун деле эч кимиси эстебей калды.
Кыңыр иш кырк жылда билинет демекчи, баягы сүттүн табышмактуу жоголушу бат эле баарына маалым болду. Көрсө чочколор аны өз жемине кошуп жеп жүрүптүр. Аңгыча эле алманын эрте жетилчү түрү бышып, жер жайнап түшө баштады. Жаныбарлар адаттагыдай эле түшүм баарына тегиз бөлүнөт деп күтүп атышкан. Бирок, алмалар терилип, чочколор турган жайга киргизилсин деген буйрук чыкты. Кай бири нааразы болуп сүйлөнгөнү менен эч нерсе өзгөргөн жок. Бул маселеде бардык чочколор, ал тургай Наполеон менен Картомо дагы бирдей пикирди карманды. Баканоозго жаныбарларга түшүндүрүү милдети жүктөлдү.

— Жолдоштор! — деп кыйкырды ал. – Чочколор сүткө дагы, алмага дагы өзүмчүлдүк менен, өздөрүн башкалардан өйдө көрүү менен ээ болуп алышты деп ойлобойсуңар деп ишенем. Чынында көбүбүз алманы деле, сүттү деле анча жакшы көрбөйбүз. Мисалы мага дегеле жакпайт. Биз буларды тек гана ден соолугубузга пайдалуу болсун деп алдык. Себеби сүт менен алмада (бул илимде даана аныкталган, жолдоштор) чочколордун ден соолугуна эң керектүү заттар бар. Чочколор – акыл-эс менен иштечү жаныбарлар. Чарбага жетекчилик кылуу жана башкаруу милдети бизге жүктөлгөн. Биз күн-түн дебей силер үчүн иштеп жатабыз. Сүттү да, алманы да силер үчүн гана жейбиз. Эгер биз, чочколор, өз милдетибизди аткара албай калсак эмне болоорун силер билесиңерби? Анда Жонс кайра келмек! Ооба, ооба, Жонс кайра келип алмак! Ишенип койгула, жолдоштор!

Баканооз ушул жерден нары-бери басып, куйругун чимирилте баштады.
— Эч кимиңер Жонстун кайра келишин каалабайсыңар да туурабы?
Аныгында жаныбарлардын бирден-бир каалабаган нерсеси — Жонстун кайра келиши эле. Натыйжада маселени ушул жагынан койгондо баары тең унчукпай калды. Эми чочколордун ден соолугу баарынан маанилүү экенине эч ким шектенген жок. Ошону менен жаныбарлар сүт менен алманы (алманын калган түрлөрүн дагы) бир гана чочколорго берүүгө кыңк этпей макул болду.

IV БӨЛҮМ
Жайдын аягы менен Айбан Чарбадагы окуялар тууралуу кабар дээрлик Англиянын жарымына тарады. Наполеон менен Картомо кошуна чарбаларга жаныбарлардын көтөрүлүшү тууралуу жеткирип, «Англиянын айбандарын» жаттатуу үчүн күн кур эмес көгүчкөндөрдү учуруп жатты.

А бул убакта мистер Жонс Уиллингдондогу «Кызыл арстан» мейманканасынын сыраканасына отуруп алып, кичине эле кулак түргөн киши болсо чарбасынан кууп жиберген жаныбарлардын опасыздыгын айтып, «Эми колдорунан келсе менсиз жашап көрүшсүн» деп ыйлактап жүрдү. Башка чарба ээлери ага боор ооруганы менен, чындап жардам берүүгө ашыгышкан деле жок. Ал тургай ичтеринен Жонстун абалынан канткенде пайдаланам деп да ойлонуп жатышты. Тилекке жараша, Айбан Чарба менен чектешкен эки кошуна бири-бири менен такыр келише алчу эмес. Алардын Түлкүтокой деп аталганы таптакыр иретсиз, туш келди чачылган, жерин ар кандай бадал каптап, жайытын чаң баскан, кашаалары кулаган чарба болчу. Анын ээси мистер Пилкингтон шайыр-шатман келип, көпчүлүк убактысын балыкчылык, аңчылык сыяктуу көңүл ачуу менен өткөрчү. Экинчиси Кууштөр аталган анча чоң эмес, тыкан чарба.

Кожоюну мистер Фредерик оройураак келген куу адам. Бат-бат эле ар ким менен соттошуп да турат. Акча дегенде эт-бетинен кетип, кашык сунсаң беш ууртачу. Бул экөө бири-бирин ушунчалык жаман көргөндүктөн, качан, кандай иш болбосун келише алчу эмес. Ал тургай ортодо экөөнүн тең кызыкчылыгы турганы да маанисиз болчу.

Анткени менен Айбан Чарбадагы көтөрүлүш экөөнүн тең жүрөгүн түшүрүп койду. Өздөрүнүн малы көтөрүлүш тууралуу укпасын деп эмне гана кылышкан жок. Алгач экөө «Ии, басаарын го басып алышты, эми чарбаны кандай күтүшөөр экен» деп шылдыңдап күлүп аткан. «Айбандар бийликте эки жума да тура албайт» дешчү алар. Анан Бай Чарбада (алар болбой эле Бай Чарба дей беришчү, себеби Айбан Чарба деген аттан кыжырлары кайнап турчу) ызы-чуу башталыптыр, бүгүн-эртең жаныбарлар ачкадан өлө баштайт деп ушак таратышты. Бирок убакыт өтүп, бир да айбан ачка өлгөн жок. Айласы кеткен Пилкингтон менен Фредерик ушактын өңүтүн буруп, «Айбан Чарбада адеп-ахлак деген өлгөн» деп башташты. Айбандар бири-бирин жеп, алсыздарын чокко какталган така менен куйкалаарын, ургаачылары кордолуп, талоондо калаарын айтышты. «Мына, жаратылыш берген мыйзамга каршы чыккандар ушундай болот» дешчү экөө.
Тилекке каршы, жаныбарлары экөөнө анча деле ишенчү эмес. Жаманбы-жакшыбы кишилерди кууп жиберип, айбандар өздөрүнчө тирилик кылып аткан укмуштуу чарба тууралуу кабар барган сайын туш-тарапка жайылып, жыл бою улам бир жерде баш көтөрүүлөр болуп турду. Демейде момурап жүрө берчү өгүздөр жин тийгендей кутуруп, койлор тосмолорду жыгып бедени каптап, уйлар саанчылардын чакасын ыргыта тээп, күлүктөр тосмонун үстүнөн аттап өткөндүн ордуна, чабандесин башынан алыс ыргытчу болду. Баарынан жаманы, бүтүндөй Англияда «Англиянын айбандары» аттуу ырдын обону менен сөзүн билбеген жаныбар калбады. Бул ыр болуп көрбөгөндөй ылдамдыкта жайылды. Кишилер аны укканда кыжыры кайнап чыкканы менен, коомдук жайларда эч байкабагандай, болбогон бир неме укккандай түр көрсөтүшчү.
— Болбогон бир сандырактык, — дешчү алар. – Ыр деле эмес. Мындай тантыракты керек болсо жаныбарлардан да күткөн эмеспиз.

Кокус короолорунан кайсы бир айбан «Англиянын айбандарын» ырдап атканын угуп калышса, дароо камчыга алып сабап жатып калышчу. Бирок, миң аракет кылганы менен ырды токтото алышкан жок. Ырды чыйырчыктар кашааларга тизилип алып ырдаса, таранчылар кара жыгачтын бутактарына конуп алып созду. Бирде балка менен дөшүгө аралаша чыңкылдаса, бирде чиркөөнүн коңгуроосуна кошул-ташыл шаңгырады. Аны укканда келечекте болчу алаамат жаңырып аткансып элдин жүрөгү солкулдап кетчү.
Ошентип октябрдын алгачкы күндөрү да кирип келди. Айбан Чарбанын жаныбарлары короо-жайды тазалап, чөп-чарын жыйып, эгиндерин майдалап аткан. Аңгыча өзүн жоготчудай алактаган көгүчкөндөр топурап келип жерге конду. Көрсө Жонс, жумушчулары, аларга кошулуп Түлкүтокой менен Кууштөр чарбасынан кошулган беш киши болуп каптал эшиктен кирип, араба жол менен Айбан Чарбага жакындап келатыптыр. Баарынын колунда жоон таяктар, Жонс гана мылтык кармап алдыда келатат. Алардын бийликти кайтарып алууну көздөп келатканында шек жок эле.

Албетте, жаныбарлар да жөн туруп калышкан жок. Алар бул күнгө эчак эле даярданып коюшкан болчу. Коргонууну Картомо өз мойнуна алды. Ал кожоюндун үйүнөн табылган «Юлий Цезардын казаттары» аттуу эски китепти эчактан бери окуп жүргөн. Дароо туш тарапка буйрук жаадырып, бир заматта баарын орду-ордуна жайгаштырды.

Кишилер короого эми аяк басканда Картомонун чабуулу башталды. Отуз беш көгүчкөндөн турган аба күчтөрү баскынчылардын төбөсүнөн тынымсыз ары-бери учуп, заңдарын жаадырды. Кишилер аларды кубалоо менен убара боло калганда тосмонун артында турган каздар каптап, туш келди тиштегилеп кирди. Бирок бул тек гана душмандын колун чаржайыт кылуу үчүн жасалган амал болчу. Ошондуктан кишилер аларды бат эле таяктарын булгалап кууп жиберди. Мына ушул кезде Картомо чабуулга өттү. Чунак, Бенжамин баштаган койлор Картомонун башчылыгы менен баскынчыларды каптап кетти. Бирөө сүзүп атса, бирөө жөөлөп атат. Бенжамин болсо улам артын сала калып секирип тебет. Анткени менен жеңишке жете коюш кайда. Жаныбарлар бул жолу да адамдардын мизин кайтара алган жок. Себеби беркилер таяктар менен, олчойгон кырдуу өтүктөр менен куралданып алышкан. Аңгыча Көчкү ачуу чаңырып коргонуу белгисин берди эле айбандар дароо артын салып сарайды карай качып берди.

Арттан ураалаган үн угулду. Жонстун кишилери душманды жеңдик деген ой менен катарларын толуктап алганды ойлобой айбандардын артынан кууп жөнөдү. Картомо да мына ушуну көздөгөн болчу. Кишилер короонун орто ченине жеткенде уйканада аңдып жаткан үч жылкы, үч уй жана башка чочколор алардын артынан чыкты. Мына ушул жерден Картомо чыныгы чабуулдун буйругун берди. Ал өзү түз эле Жонсту мелжеп жөнөдү. Өзүн карай аткан октой келаткан каманды көргөн Жонс шаша-буша мылтыгын туштап машаасын басып калды. Бытыролор анын жонуна тийип, шара-шара тилип кетти да, калганы жандай чуркап келаткан бир койду өлтүрүп тынды. Бирок, Картомо кебелип да койгон жок. Ал күлтүңдөгөн бойдон учуп келип Жонсту көмөлөтө сүздү. Бечара кожоюн башы менен кыкка сайылып, колундагы куралы алда кайда учту.

Баарынан да Тооторунун чабуулу кишилердин жүрөгүнүн суусун алды. Ал кош аяктап тура калып темир такалуу зор туяктары менен алдынан чыкканды чапчып жатты. Бутун биринчи эле шилтегенде Кууштөрдүн атчысы башка жеп, жерге сулады. Жүрөгү оозуна тыгылган кишилер таяктарын ыргытып таштап чымын-куюн болуп качып жөнөдү. Качкан жоону катын саят дегендей, жаныбарлар антаңдаган немелерди короону айланта кууду. Бирөө мүйүзүнө илип ыргытып атса, бирөө тээп, бирөө тиштеп, дагы бирөө тебелеп жүрөт. Илгертен берки өчүн алып, моокумун кандыргысы келбеген бир да айбан калган жок. Керек болсо мышык дагы кайсы бир малчынын жонуна секирип мойнунан апчып алганга жетишти эле, тиги үнү Кудайга жетчүдөй өкүрүп берди. Ошентип жүрүп кишилер араң дегенде дарбазага кетчү жолду таап, артын карабай чоң жолго чыга качты. Айбан Чарбага киргенине беш мүнөт болбой жатып ишбалдасы чыгып кайра кайтканга мажбур болушту. Алардын артынан түшкөн топ каз улам бир жерлерин аткый тиштеп, бир топко чейин кууп барып келди.

Кайра келишсе бир киши качпай калыптыр. Кыктын үстүндө көмкөрөсүнөн жаткан немени Тоотору алдыңкы буту менен түрткүлөп, оодара албай кыйла убара болду.

— Байкуш өлүп калыптыр, — деп кайгырды ал. – Мен аны өлтүрөйүн деген эмесмин. Бутума така кагып коюшканын таптакыр унутуп коюпмун. Эми муну билбей өлтүрүп алганыма эч ким ишенбейт эмеспи.
— Сезимталдыкты нары таштаңыз, жолдош! – деп кыйкырды кызыл жаян канга бөлөнгөн Картомо. – Согуш деген согуш. Жакшы киши — бул өлгөн киши.

— Мен эч кимди өлтүргүм келбейт, ал тургай кишилерди да, — деп каршы болду Тоотору. Көзүнө жаш тегеренип мөлтүлдөп алган.
— А Молли кайда? – деди аңгыча бирөө.
Чын эле Моллинин дайыны жок. Баары тең дүрбөп калды. Кишилер аны жарадар кылып, же өздөрү менен кошо жетелей кеткен болушу мүмкүн. Дабырап жүрүп аны акырда башын саманга тыгып жаткан жеринен табышты. Мылтык тарс эткенде эле качып жоголгон экен. Жаныбарлар Моллини таппай жүргөндө жанагы киши эсине келип, качып жоголуптур.

Айбандар кайра чогулуп алып көрсөткөн эрдиктери тууралуу бири-бирине айтып түгөтө албай бажырап, маңдайлары жарыла кубанып жатышты. Акыры бүгүнкү жеңиштин урматына салтанат уюштурмай болушту. Тууну желбирете көтөрүп, «Англиянын айбандарын» бир канча ирет ырдашты. Согушта кайтыш болгон кой улуу урмат менен жерге берилип, мүрзөсүнө долоно тигилди. Ошол жерден Картомо сөз алып, Айбан Чарба үчүн жаныбарлар кашык каны калганча күрөшүп, керек болсо жанын берүүгө даяр туруусу керектигин баса белгиледи.

Көрсөтүлгөн эрдиктер үчүн сыйлык уюштуруу сунушуна баары бир ооздон макул болду. Натыйжада Биринчи даражадагы Айбан Чарбанын баатыры деген наам түзүлүп, ал ошол эле жерден Картомо менен Тооторуга ыйгарылды. Мындан нары сыйлык ээлери дем алыш жана майрам күндөрү жез медалдарын тагынып жүрсүн дешти (жез медалдарды ат-жабдыктарынан чыгарып алышкан). Ал эми Экинчи даражадагы Айбан Чарбанын баатыры наамын баатырларча курман болгон койго ыйгарышты.

Аягында бул согуштун кантип аталаары гана кызуу талаш жаратты. Акыры аны Уйкананын алдындагы уруш деп атамай болушту. Себеби, так ошол уйканада буктурмада жаткандар негизги соккуну урбадыбы. Чылада жаткан Жонстун мылтыгын алып келип, туунун алдына замбирек катары орнотуп, жыл сайын эки жолу – Уйкананын алдындагы уруштун урматына 12-октябрь күнү жана улуу көтөрүлүштүн урматына июндун алгачкы жекшемби күнү атып турууну макулдашышты. Албетте, үйдө Жонстун көп эле огу бар болчу…

V БӨЛҮМ
Кышка чукул Молли ого бетер келесоолоно баштады. Күн сайын жумушка кеч чыгат да, уктап калыпмын деп актанат. Же бир жери ооруп аткандай кыңкыстай берет. Анткени менен тамакка келгенде балээдей эле жейт. Анан эптеп бир шылтоо таап жумуштан кутулат да, көлмөнүн жээгине барып алып келесоо немедей суудан өзүн алая тиктеп бир канча саат бою тура берет. Бирок көпчүлүктүн оозундагы кепке караганда анда дагы тереңирээк маселе жаткан. Бир күнү ал бир тиштем беде чайнап алып, салбыраган куйругун ары-бери шыйпаңдатып туш келди басып жүргөндө Кашка акырын бурчка тартты.

— Молли, — деди ал. – Сени менен жакшылап сүйлөшпөсөм болбой калды. Эртең менен тосмого артылып алып Кууштөр чарбасын карап турганыңды көрдүм. Тосмонун нары жагында мистер Пилкингтондун атчысы да турган. Угуп тур, мен чынында силерден алыс болчумун, бирок жаңылбасам ал сени мойнуңан кашып, бир нерселерди сүйлөп атты окшойт. Сен болсо дегеле каршы болгонуң жок. Айтчы Молли, бул эмне кылганың?
Молли:

— Ой кайдагы кашыганды айтасың? Керек болсо ал жерде турганым да жок. Мунун баары калп! – деп кыйкырып, буттары менен жер чапчып ийди.
— Молли! Көзүмө тике карачы! Атчы мойнуман кашыган жок деп каргансаң.
Бирок Молли тике карай алган жок. Тек гана:
— Мындай окуя дегеле болгон жок, — деди да, шарт бурулуп талаага басып кетти.
Ушул жерден Кашкага бир ой келди. Ал эч кимге эч нерсе дебей туруп Моллинин акырын аңтара баштады. Натыйжада самандын алдынан бир уучтай кант, ар кандай түстөгү бир канча тасма табылды.
Ошондон үч күн өтпөй Молли жок болуп кетти. Жума артынан жума өттү. Бирок анын кайда кеткенин эч ким билген жок. Кийинчерээк көгүчкөндөр аны Уиллингдондун наркы бетинен көргөнүн айтып келишти. Сыраканын оозунда кызыл-кара түстүү кооз, чакан арабага чегилип туруптур. Түрүнө караганда ошол сыракананын ээсине окшогон чакмак күрмө шымдуу, кызыл мурундуу семиз киши тумшугунан сылап, кант берип аткан экен. Жалы таралып, көкүлүнө кызгылт тасма тагылыптыр. Көгүчкөндөрдүн айтканына караганда, жашоосуна да ыраазы окшойт.

Ошол күндөн тартып Молли тууралуу эч ким эч жерде кеп кылган жок.
Январь айынан тартып аяз күч алды. Жер таштай тоңуп, талаа иштерин жыйыштырууга туура келди. Жыйналыштар эми чоң сарайдын ичинде өтчү болду. Чочколор жазгы жумуштарды мерчемдөө ишин колго алды. Алар башкалардан алда канча акылдуу болгондуктан, чарбада кандай иш болбосун чочколордун айтуусу боюнча чечилээрине баары макул болушкан. Бирок ошого карабай, алардын сунушу көпчүлүктүн добушу менен бекичү. Бир гана Картомо менен Наполеондун ортосундагы баш-аягы жок талаш болбогондо, баары тынч эле чечилчү. Ал экөө болбогон нерсени деле талашып жатып калаар эле. Бирөө буудайды көп айдайлы десе, экинчиси сөзсүз сулуну көп айдайлы деп чыкчу. Кокус бирөө бул талаага капуста тигели десе, экинчиси ал жерге кызылча жакшы өсөт дечү. Экөөнүн тең жактоочулары болуп, алардын ортосунда дагы укмуштай кызуу талаш жүрчү. Тилинен бал тамган сөзмөр Картомо жыйналыштарда элдин баарын өзүнө көндүргөнгө жетишчү. Бирок жыйналыштарда гана. Башка убактарда болсо Наполеондун жактоочулары көбөйүп кете турган. Айрыкча койлор Наполоенго катуу ишенчү. Акыркы убакта алар «Төрт бут жакшы, эки бут жаман» деп учуру келсе деле, келбесе деле маарай берип, жыйналышты үзгүлтүккө учуратчу болду. Анан калса Картомо кебинин талуу жерине жеткенде койлор да күчөнүп какшана баштачу.

Картомо кожоюндун үйүнөн табылган «Дыйканчылык жана малчылык» китебин да бир тамга калтырбай окуп чыкты. Анын беттери чарбаны өнүктүрүү жана жаңылоо боюнча ой-пикирлер, эскермелер менен кырларына чейин толду. Ал сугатчылык, тоют камдоо, фосфордуу жер семирткичтерди колдонуу боюнча туура маселелерди көтөрчү. Ал эми талаага жер семирткич ташуу ишин оңойлоштуруш үчүн, жаныбарлар талаанын ар кайсы жерине заңдоосун өтө акылдуулук менен долбоорлоду. Наполоен болсо тетирисинче эч кандай сунуш киргизчү эмес. Ал башкаларды Картомонун долбоорунан эч нерсе чыкпасына ишендирип коюп, өзү кандайдыр бир чечүүчү учурду күтүп жүрө берчү. Бирок экөөнүн ортосундагы эң чоң чатак жел тегирмендин айынан чыкты.

Короонун нары жагындагы жайытта бир дөңсөө боло турган. Бул чарбадагы эң бийик жер да ошол эле. Картомо айлананы жакшылап изилдеп чыккан соң «Бул дөңсөө жел тегирмен үчүн эң ыңгайлуу жай» деди. А жел тегирменге генератор коюлса, чарба ток менен камсыздалмак. Андан сырткары короону түнкүсүн жарык кылып, кышкысын жылуулап, электр араа, чөп кырккыч, кызылча туурагыч жана уй саагыч иштетип алышмак. Мындай укмуш жынабарлардын үч уктаса түшүнө кирген эмес. (Бул мурдатан эле артта калган чарба болгондуктан, машина бар деген күндө да, алары такыр чалдыбары чыккан немелер болчу). Ошондуктан алар Картомонун айткандарын дем тартпай угушчу болду. А тиги болсо буларды ого бетер таң калтырган сүрөттөрдү көрсөтө баштады. Анда бардык иштерди машиналар аткарып, жаныбарлар жыргап гана оттоп жүрүшөт, же китеп окуп, ар кандай маселе тууралуу маектешип, өздөрүнүн билим деңгээлин көтөрүп атышат.

Арадан бир эки апта өтпөй Картомо жел тегирмендин бардык долбоорун иштеп чыкты. Негизги булак катары мистер Жонстун китепканасынан алынган «Үй иштери боюнча миң кеңеш», «Өз дубалыңды өзүң сок» жана «Башталгыч электрик эмнелерди билиш керек» деген үч китебин колдонду. Өзүнө иш бөлмө катары мурда инкубатор жайгашкан сарайды бөлүп алган. Себеби ал сарай түптүз жыгачтар менен тамандалып, чийим иштерине бап келчү. Картомо ал жерде бир канча саат бою тынбай иштечү. Китептин керектүү бетин таш менен бастырып коюп, туягына борду кыпчып алып бирде алдыга, бирде артка кетип жүрүп чийме артынан чийме чийип, улам-улам маашырлана куркулдап коюп иштей берчү. Бара-бара муунактуу вал менен тиштүү дөңгөлөктөрдүн татаал чиймелери дээрлик сарайдын жарымын ээлеп жатып калды. Жаныбарлар чиймеден эч нерсе түшүнбөгөнү менен, катуу таасирленишти. Жумасына жок дегенде бир жолу карап кетпеген жаныбар чарбада жок болчу. Ал тургай өрдөктөр менен тооктор да келчү. Бирок алар чиймелерден нарыраак туруп көрчү. Бир гана Наполеон бир да жолу кызыккан жок. Ал тээ башынан бери эле бул ишке каршы экенин айтып келетат. Анткени менен ал деле бир күнү чиймени караганы келип кетти. Каадалана басып сарайды айланып келип чиймени майда-чүйдөсүнө чейин карап, улам бир жерин жыттагылап турду да, бир маалда талтая тура калып булгап таштап баса берди.

Мына ушул жел тегирмендин айынан чарбанын ынтымагына жарака кетти. Картомо тегирмендин курулушу үчүн бардык жаныбарлар тер төгүп иштеши керектигин жашырган жок. Таш ташып дубал тургузуп, бараларын орноткондон кийин дагы генератор, өткөргүчтөр керек эле. (Мунун баарын кантип табаарын айта элек.) Ошого карабай тегирменди бир жылда бүтүрөөрүнө жаныбарларды ишендирди. «Курулуш бүткөндөн кийин тегирмен айбан күчүн ушунчалык үнөмдөйт десиңер, тим эле аптасына үч эле күн иштеп каласыңар» деди ал. Наполеон болсо тескерисинче, азыркы учурда тоют ишине басым жасаш керектигин айтып чыкты. Жел тегирмен куруу алардын алтындай убактысын алып, аягы коркунучтуу жут менен аяктайт деди. Ошону менен жаныбарлар эки жээкке бөлүнүп калды. Бир тарабы «Картомого жана жумасына үч күндүк жумуш күнүнө добуш бергиле» десе, экинчи тарабы «Наполеонго жана тоюттун көптүгүнө добуш бергиле» деп кыйкырып атты. Бир гана Бенжамин экөөнү тең колдогон жок. Ал келе турган токчулукка да, тегирмендин арты менен эмгек күнүнүн азайышына да ишенген жок. «Тегирмен курулабы, же курулбайбы, айрымасы жок.

Буга чейин жашообуз кандай жаман болсо, мындан нары деле ошондой жаман болот» деди ал.
Пикир келишпестик жел тегирмен боюнча гана болгон жок. Чарбаны коргоо маселесинде да биримдик жок болчу. Уйкананын алдындагы урушта кишилер утулганы менен, чарбаны басып алып, мистер Жонстун бийлигин кайра орнотуш үчүн алар дагы бир чабуулга, болгондо да мурдагыдан да чечкиндүү чабуулга өтүшү мүмкүн экенин баары эле түшүнүп турду. Анан калса алардын утулганы тууралуу кабар туш тарапка желдей тарап, кошуна чарбадагы айбандар такыр эле баш ийбей калды. Картомо менен Наполеон мына ушул жерден да тил табыша албай калды. Наполеон атыла турган курал таап, согушка дайым даяр туруу керектигин талап кылды. Картомо болсо көгүчкөндөрду туш тарапка дагы көбүрөөк жиберип, кошуна чарбаларды да көтөрүлүшкө үндөө керектигин сунуш кылды. Бирөө коргонууну күчөтүш керек, болбосо бизди талкалап ташташат десе, экинчиси бардык чарбаларда көтөрүлүш отун тутандырыш керек, ошондо эч кандай коргонуунун кереги жок болот деди. Айбандар бирде Картомого ооп, бирде Наполеонго ооп шайлары кетти. Кимиси туура, кимисин угуш керек? Негизи эле алардын алдына кимиси чыгып сүйлөбөсүн, баары ошону колдоп жатып калышчу.

Ошентип чечүүчү күн да келип, Картомо долбоорун чийип бүттү. Жекшемби күнү тегирмендин курулушун баштоо же баштабоо боюнча маселе добушка коюлду. Жаныбарлардын баары чогулган кезде Картомо сөз алып, койлор тынбай какшана бергенине карабай жел тегирменди эмнеге сунуштап атканын толук түшүндүрүп берди. Андан кийин каршы пикирин айтуу үчүн Наполеон сөз алды. Ал токтоо гана туруп жел тегирмен куруу деген болбогон кеп экенин жана курулушту баштабоону сунуш кыларын айтып жарым мүнөтчө гана сүйлөдү. Кыязы сүйлөгөн сөзү уккандарга кандай таасир берерине кызыккан деле жок окшойт. Анын артынан эле Картомо кайра сөз алып, ошол эле замат какшанып баштаган койлордон да өтө кыйкырып, жел тегирмен ишин кызуу жактай баштады. Буга чейин Картомо менен Наполеондун дээрлик теңме-тең колдоочулары бар болчу. Бүгүн болсо Картомонун бал тамган сөзүнөн улам бардык угуучулар ага ооп кетти. Ал жаныбарлар түйшүктүү жумуштан кутулган кезде Айбан Чарбасы кандай кулпураарын тим эле көз алдыга тартылчудай сүрөттөп берди. Кыял чабыты алда кайда учуп, саман-чамгыр туурагыч дегендер кеп деле болбой калды.

— Электр, — деди ал, — эгин баскычка, сокого, малага, чөп чапкычка, боолагычка жарайт. Ал тургай аны ар бир короого свет койгонго, ысык суу, муздак суу чыгарганга жана сарайларды жылытканга колдонобуз.
Картомо сөзүн жыйынтыктай электе эле добуш берүүдө ким утушка жетээри белгилүү болуп калды. Бирок так ушул маалда Наполеон ордунан турду да Картомону көзүнүн кыры менен бир карап алып укмуштуудай ачуу чыңырды. Мындай чыңырыкты буга чейин андан эч ким эч качан уккан эмес.

Буга жооп катары иттердин коркунучтуу үргөн үндөрү угулуп, жез каргылуу килейген тогуз дөбөт сарайга атырылып кирип келди. Алар түз эле Картомону карай аркырап жөнөдү. Дагы жакшы тиги ордунан буйтап кеткенге жетишип калды. Болбосо тогуз дөбөт бир заматта башын жулуп кетмек. Көз ачып-жумгуча Картомо сыртка чыга качты. Иттер болсо анын артынан кетти. Ооздору ачылып, көздөрү алаңдап калган жаныбарлар далдыраган бойдон кубалашкан немелердин артынан чыкты. Картомо кең жайытты кесе чаап чоң жолду карай уруп баратат. Ал ушундай чымылдап баратты дейсиң, чочколордон башка бир да жандык мынчалык ылдам чуркай алмак эмес. Анткени менен иттер баары бир күлүктүк кылды. Аңгыча эле алдыдагы мүдүрүлүп жыгылды. Ай эми дөбөттөр эми аны соо койбойт ко… А жок, каман кайра секирип туруп, жанагыдан да ылдамдап жөнөдү.

Бирок ортодогу аралык болбой эле кыскара берди. Мына, дөбөттөрдөн бирөө бир секирип куйруктан алаарда Картомо шып этип буйтап кетти. Ал ошол жерден акыркы күчү менен күүлөнүп барып кашаанын тешигинен сыртка жылт койду. Ошол бойдон аны көргөн жан болгон жок.
Ындыны өчкөн жаныбарлар үн-сөз жок шылкыя басып сарайга кирди. Алардын артынан көп өтпөй иттер да келди. Алгач булар кайдан пайда болгонун эч ким түшүнгөн жок. Иштин чоо-жайы бир топтон кийин гана белгилүү болду. Көрсө булар баягы Иймеккаш менен Ичкебелдин Наполеон алып кеткен күчүктөрү тура. Тим эле дардайып чоңоюп алышыптыр. Түрүн көрсөң карышкырдан бетер аркырайт. Болбосо булар дагы толук чоңойо элек кездери эмеспи. Тогузу тең Наполеонду тегеректеп алып бир кадам жылбай туруп калышты. Жаныбарлар алардын кудум баягы мистер Жонско жагалдангансып Наполеонду айланчыктап, жасакерленип турганын байкады.

Бир аздан кийин Наполеон иттердин коштоосунда баягы Корбашы белгилүү сөзүн айткан секичеге чыкты. Чү дегенде эле мындан нары жекшемби күндөрү жыйналыш болбой турганын билдирди. Бул күндөрү жыйналуунун убакыт коротуудан башка кажети калбады деди ал. Мындан нары чарбанын иштерине байланыштуу бардык маселелерди бир гана чочколордон туруп, өзү башчылык кылган комитет караарын жар салды. Жыйналыштар жабык эшиктин артында өтүп, чыгарылган чечимдер кийин билдирилет экен. Жекшемби сайын айбандар мурункудай эле желектин алдына жыйналып, таазим кылып, «Англиянын айбандарын» ырдап, бир апталык милдеттерин алышат. Бирок талаш-тартыш, кеңешме деген мындан нары такыр болбойт.

Ансыз да Картомонун качышын түшүнө албай турган жаныбарлар, бул чечимдерди укканда такыр эле далдырап калды. Балким кимдир бирөө жакшыраак жүйөө тапса каршы деле чыкмак. Ал тургай Тоотору да кыжыры кайнап турган. Ал кулагын куушуруп, жалын кайра-кайра силккени менен, ою бир жерге топтолбой атты. Канча кыйналганы менен мындайда эмне айтыш керек экенин таба алган жок. Анткени менен ошол эле чочколордун арасынан нааразы болгондор табылды. Алдыңкы катарда турган төрт жаш каман бул айтылгандарга каршы экенин айтып, жапырт кыйкырып жиберди. Бирок Наполеонду тегеректеп турган иттер аларды карай аркырап тап берди эле төртөө тең жаагын жаап отуруп калды. Ошол жерден койлор адатынча «Төрт бут жакшы, эки бут жаман» деп чейрек саатча какшанып жатып эч кимге сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк бербей койду.

Ушундан кийин Баканооз бүт чарбаны кыдырып, жаныбарларга түшүндүрүү ишин жүргүздү.
— Жолдоштор, — деди ал. – Жолдош Наполеон бүтүндөй чарбанын ишин жүргүзүү ишин мойнуна алуу менен кандай кыйынчылыкты көтөрүүгө макул болгонун өзүңөр деле түшүнүп турсаңар керек. Эми чарбаны башкаруу оңой эмес иш экенин баарыңар эле билесиңер да, туурабы? Керек болсо бул өтө оор, өтө жоопкерчиликтүү милдет. Жаныбарлардын арасындагы тең укуктуулукту сактоодо жолдош Наполеондон өткөн эч ким жок жана болбойт дагы. Ал керек болсо бардык чечимди жалгыз өзү кабыл албай, силерге таштап коюудан деле ырахат алмак. Бирок, силер туура эмес чечим чыгарып албасыңарга ким кепилдик берет? Маселен так эле ошол барып турган митаам, өзүмчүл Картомонун өмүрү ишке ашпай турган жел тегирменине бат эле башыңар айланып, колдоп койо жаздабадыңарбы.

— Ал Уйкананын алдындагы урушта эрдик менен согушкан, — деди кимдир бирөө.
— Бир гана эрдик менен маселе чечилбейт, — деди Баканооз. – Анык берилгендик жана кыңк этпей баш ийүү – мына эң негизгиси. Айтмакчы, Уйкананын алдындагы урушта Картомонун кылган иши өтө эле көбүртүлүп айтылып жүргөнү билинчү убакыт алыс эмес деп ойлойм. Тартип, жолдоштор, темирдей тартип! Мына бүгүнкү эң негизги ураан. Бир эле туура эмес кадам таштадыкпы, бүттү, душман бизди басып алат. Силер мистер Жонстун кайра келишин каалабайсыңар да, туурабы, жолдоштор?!

Ошентип ал бул жолу да эч ким каршы чыга албай турган жүйөө тапты. Албетте баары тең Жонстун кайра келишин каалачу эмес жана жекшемби күндөрдөгү жыйналыш анын кайтуусуна себеп боло турган болсо, анда андан деле баш тартып коюшмак. Ушул маалда оюн топтоого жетишип калган Тоотору баарынын атынан минтип сүйлөдү:

— Эгер жолдош Наполеон ушунтип айткан болсо, анда ал ошондой. Жолдош Наполеон эч качан жаңылбайт.
Ушундан тартып ал өзүнүн «Мен дагы көбүрөөк иштейм» деген ураанына «Жолдош Наполеон айтса туура айтат» деген кепти кошуп алды.

Акырындап сууктун илеби кайтып, жазгы жумуштарды баштачу маал да келди. Картомо жел тегирмендин чийимин чийген сарай сыртынан бекитилди, балким чийиндери да таптакыр өчүрүлсө керек. Жекшемби күндөрү бардык жаныбарлар чоң сарайдын алдына бир апталык милдеттерин алуу үчүн жыйналып турушту. Убакыттын өтүшү менен жылтырап калган Корбашынын баш сөөгүн казып алып туунун жанына, мылтыкка катарлаш турган дүмүргө орнотушту. Мындан нары желек көтөрүлгөндөн кийин сарайга кирерден мурун бардык жаныбарлар баш сөөктүн алдынан салтанаттуу жүрүш менен өтүшмөк. Андан сырткары жаныбарлар мурункудай чогуу отурбай калышты. Наполеон, Баканооз жана Кичкинтай аттуу ыр жазып, обон чыгаруу жаатында укмуштай жөндөмдүү торопой үчөө секичеден орун алып, алардын артынан тогуз ит уй мүйүз тартып отуруп, андан кийин калган чочколор жайгашты. Калган жаныбарлар маңдайга жайгашып, секичеден эмес, такырайган эле жерден орун алды. Наполеон аптадагы аткарылчу иштерди кудум аскерлерге буйрук бергендей кыска-кыска айтып тапшырган соң, «Англиянын жаныбарларын» бир жолу ырдап алып, тарап кетишчү.

Картомо кубалангандан үч жумадан кийин Наполеон жел тегирмен куруу ишин колго алаарын айтып, бардык айбандарды таң калтырды. Бул чечимге кандай келгенин ал түшүндүргөн жок. Тек гана бул кошумча жумушту аягына чыгаруу үчүн болуп көрбөгөндөй эмгек талап кылынып, ал тургай күнүмдүк тоютту да кыскартууга туура келерин билдирди. Көрсө жел тегирмен долбоору эң кичинекей бөлүкчөсүнө чейин иштелип бүтүптүр. Акыркы үч аптада жалаң чочколордон турган өзгөчө комитет анын үстүндө иштептир. Жел тегирмендин негизги курулушуна жана башка иштерине эки жыл кетет деп болжошту.
Кечкисин Баканооз жалпы жаныбарларга Наполеон жел тегирмендин курулушуна чынында каршы деле болбогонун түшүндүрдү. Тескерисинче, ал башынан эле аны колдогонун жана сарайда чийилип турган долбоорду Картомо Наполеондон уурдап алганын айтты. Жел тегирмен аныгында Наполеондун табылгасы экен. «Андай болсо ал эмнеге каршы болду эле?» деп сурап жиберди кимдир бирөө. Баканооз кудум күткөн суроосу берилгендей жымыңдап жооп берди.

— Жолдош Наполеондун кеменгерлиги ушунда. Ал жел тегирмендин курулушуна каршы болуу менен Картомонун, элдин баарын тескери жолго азгырып бараткан анык душмандын көзүн тазалады. Мына эми минтип Картомо жолдон алынган соң, жел тегирмендин курулушун эч кам санабай баштай берүүгө болот. Мына айлакерлик деген ушул. Айлакерлик керек, жолдоштор, айлакерлик!

Баканооз ушинткенче кытмыр күлүп, адатынча куйругун шыйпаңдата жаныбарларды айлана басты. Айбандар бул эмне болгон айлакерлик экенин анча деле түшүнө берген жок. Бирок Баканооздун ишендире айткан кеби менен тиштерин арсайтып ыркырап турган үч итти көрүп эч кимиси маселеге тереңдеп кирбей, түшүнүмүш болду.

VI БӨЛҮМ
Жаныбарлар жылы бою жан аябай кулча иштеди. Бирок бул эмгекти деле алар бакыт деп санап жүрүштү. Не болсо да кишилер үчүн, эч иш кылбаган жалкоо баскынчылар үчүн эмес, өздөрү үчүн, келечек мууну үчүн иштеп атканын ойлоо аларга болуп көрбөгөндөй дем-күч берип, кандай кыйынчылык, кандай коркунуч болбосун чыдоого түрткү болду.

Жазгысын да, жайкысын да алар күнүнө он сааттан иштеп атты. А августтан тартып Наполеон мындан нары жекшемби күндөрү да түштөн кийин жумушка чыгуулары керектигин жар салды. Дем алыш күнү ишке чыгып-чыкпоо ар кимдин өз эркинде болгону менен, ким ишке чыкпаса үлүшүнүн жарымы кыскарат дешти. Бирок ушуга карабай алар болжогондон кыйла аз иш бүтүрүштү. Тоют былтыркыдан аябай аз чогулуп, кызылча менен картошка айдайбыз деген талаа убагында айдалбаганы үчүн бош калды. Натыйжада алдыдагы кыш кыйын болоору эмтеден белгилүү болуп калды.

Курулуш маалында айбандар таптакыр күтүүсүз кыйынчылыкка туш болушту. Чарбанын аймагында анча деле чоң эмес карьер бар болчу. Сарайлардын биринен болсо жетээрлик цемент менен кум табышты. Кыскасы курулуш каражаттарынан көп кыйналышмак эмес. Бир гана көйгөй алардын айласын кетирди. Бул таштарды керектүү өлчөмдөгүдөй талкалоо маселеси эле. Лом, же барскансыз бул ишти жасоо мүмкүн эместей. А алар менен иштөөгө жаныбарлардын ыгы келбей жатты. Себеби эч кимиси арткы эки бутуна тура алгыдай эмес. Акыры жердин тартылуу күчүн колдонолу дегиче бир канча апта өтүп кетти. Карьердин түбүндө килейген аска таштар эч пайдасыз жаткан. Жаныбарлар ошол таштарды бирден байлап алып, ат, уй, кой, кай бир кыйын кырдаалдарда чочколор да кошула калып жапырт тартып карьердин кырына чейин чыгарышчу да, бийиктен ылдыйды карай күү менен таштап жиберишчү. А талкаланып кеткен таштарды ташып чыгуу анча деле кыйынга турчу эмес. Аттар арабага салып сүйрөчү, койлор болсо бир-бирден тоголотуп чыгарчу. Чунак менен Бенжамин да көпчүлүккө салым кошуу үчүн эски арабаны чиркеп алды. Натыйжада жайдын аягына чейин бир кыйла таш дайындалып, чочколордун башкаруусунда дубал тургузула башталды.

Анткени менен курулуш дагыле өтө жай жүрүп атты. Кай бирде алар күн бою тырышып жүрүп араң дегенде бир таш сүйрөп чыгышчу. Анан калса кээде карьердин кырынан ыргытылган таш талкаланбай да калчу. Деги Тоотору болбогондо булар эч нерсе кыла алышмак эмес. Себеби күч жагынан баары бир тең, жалгыз Тоотору бир тең эле. Кокустан өйдө чыгып бараткан аска таш жаныбарларды сүйрөгөн бойдон кулачу болсо, Тоотору арканга жабыша калып бардыгын таш-пашы менен токтотуп калчу. Анын терең-терең дем алып, эки капталы көбүктөнө тердеген бойдон чоң туяктары менен жерди ойо басып ташты тырыша кармап турганын башка айбандар суктана карачу. Кашканын кай бир күндөрү аны “Өзүңдү аясаң боло, эмне мынча жаныңды кыйнайсың” деп урушканын Тоотору кулактын сыртынан кетирер эле. “Мен мындан да көп иштешим керек” жана “Жолдош Наполеон айтса туура айтат” деген ураандары менен анын бардык көйгөйлөрү чечилчү. А жаш корозго болсо эртең мененкисин мурункудай жарым саат эмес, кырк беш мүнөт эрте ойготуп коюну тапшырган. Ал мына ушул ашыкча мүнөттөрүн да аңгекке түшүп, арабасын ташка толтуруп алып курулуш аянтына сүйрөп чыгуу менен өткөрчү.

Анткени менен минтип көл-шал түшүп иштегендерине карабай, жай күндөрү анча деле жаман өткөн жок. Азык маселеси Жонстун маалына караганда оңолбосо да, жаман болуп кетпеди. Айтмакчы, аларда азыр бир чоң жеңилдик да бар эмеспи. Айбандар азыр мурункудай беш киши, болгондо да беш тойбос кишини бакпай, өздөрүн гана камсыздап атпайбы. А бул көп эле жеңилдик эмей эмне. Анан калса кай бир иштерди айбандар ары оңой, ары ийкемдүү да жасайт экен. Эсеби маселен талааны отоо чөптөн арылтуу иши кишилер түшүндө да көрбөгөн ийгилик менен аяктады. Ал эми мал кирип кетет деген түшүнүк жок болгондуктан, жайыттарды, чөп чапчу талааларды тосуу, чарбактарды оңдоо, эшик салуу деген түйшүк өзүнөн-өзү жоюлду. Бирок ушул жайдан тартып, бир тигинин, бир мунун жетишсиздиги күч алды. Керосин, мык, аркан, жип-шуу, иттердин тамагы, аттын такасы дегендер чекеден түгөндү. Айбан Чарбада мунун бирөө да өндүрүлчү эмес жана өндүрүүгө да мүмкүндүк жок болчу. Ал эми үрөн, минералдык жер семирткич, күрөк, балка-чот, берки тегирмендин курулушу үчүн керектелчү аспаптарды сөз кылып да кереги жок. Мунун баарын кантип табуу керек, алардын мээси мына ушуга жетпей турду.

Акыры бир жолу жаныбарлар апталык милдеттенмесин алуу үчүн чогулганда Наполеон өнүгүүнүн жаңы багытына өткөнүн жарыя кылды. Мындан нары Айбан Чарба кошуна чарбалар менен пайда көрүү үчүн эмес, тек гана учурдагы өтө зарыл оокаттарды табуу үчүн соодалашууну баштай турган болуптур. «Жел тегирмен куруу маселеси биз үчүн баарынан бийик турат» деди Наполеон. Мына ушул максатта бир үймөк чөп менен быйылкы буудайдын түшүмүн сатуу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатыптыр. А келечекте дагы акча керек болуп калса, аны жумуртка сатуу менен толуктайбыз деди. Себеби жумурткага талап Уиллингдондо дайыма күч эмеспи. Ошондуктан тооктор сүйүнүшү керек, деди Наполеон. Анткени алар өтө чоң кереке жарап, жел тегирмендин курулушуна чоң салым кошуп жатышыптыр.

Бул жолу да жаныбарлар далдырап калды. Себеби Жонсту жеңгенден кийин кишилер менен байланыш курбайбыз, соода кылбайбыз, акча колдонбойбуз деген чечимдерге келишпеди беле? Деги мындай кеп болгону баарынын эсинде болчу. Эми таптак эстешпесе да, ушундай нерселер бар экенин билишчү. Баягы Наполеон жыйналыштарды токтоткондо нааразы болуп чыккан төрт жаш каман дагы каршы пикир билдирмей болду эле, иттердин ыркырап чыгуусу менен кайра үн катпай отуруп калышты. Койлор болсо дароо баягы «Төрт бут жакшы, эки бут жаман» дегенин какшанып баштады да. Аңгыча Наполеон алдыңкы бутун көтөрүп баарын тынчтандырып туруп, бул маселе боюнча бардык келишимдер түзүлгөнүн жар салды. Кишилер менен иш жүргүзүүгө эч бир айбан аралашпоосун, бул эң жарабаган иш болорун айтты. Бул жүктү ал бүт бойдон өз мойнуна алыптыр. Уиллингдондук Вимпер аттуу адвокат Айбан Чарба менен кошуна чарбалардын ортосунда элчилик кылууга макул болуп, ар бир дүйшөмбү күнү тапшырма алыш үчүн келип турат экен. Сөзүнүн аягын Наполеон адаттагыдай эле «Жашасын Айбан Чарба!» деп бүтүрүп, артынан жалпы жаныбарлар «Англиянын айбандарын» ырдап тарап кетишти.

Кийин Баканооз дүүлүгүп турган айбандарга жыйналыш өтүп, баарын тынчтандырды. Кишилер менен соодалашууга жана акча колдонууга каршы чечим эч качан чыккан эмес. Ал тургай мындай чечим тууралуу маселе добушка да коюлган эмес деди ал. «Мунун баары ойдон табылган нерселер. Мындай кептерди ким таратып атканын жакшылап иликтеп көрсөң, барып-барып эле Картомого такалаары турган кеп» деп ишендирди. Анткени менен кээ бир жаныбарларды Баканооздун жүйөөлөрү да ынандырган жок. Натыйжада ал «Деги кандай немесиңер, жолдоштор! Кокус мындай чечим чыкканын түшүңөрдө көргөн жок белеңер? Же алардын бар экенин далилдей турган күбөңөр барбы? Кана ал чечимиңер бир жерде жазылуубу деги?» деп кыйкырды. Ушундан улам бул тууралуу жазылган эч нерсеси жок болгондуктан, жаныбарлар чын эле адашып атабыз го деп отуруп калды.

Ошентип келишим боюнча мистер Вимпер Айбан Чарбага келе баштады. Бул эки жаагын чач баскан, кодо бойлуу, кытмыр көздүү неме демейде майда-чүйдө иштерге ортомчулук кылгандан башкага жарабаганы менен, Айбан Чарбага бир күнү болбосо бир күнү сөзсүз ортомчу керек болорун жана мында жакшы акча жатканын башкаларга караганда илгиртпей байкаптыр. Айбандар андан коркуп, колдон келишинче алыс турганга аракет кылчу. Анткени менен төрт аяктуу Наполеондун эки буттуу Вимперге буйрук бериши аларды кыйла сыймыктандырып, жаңы саясатка болгон мамилелерин түзөдү. Деги эле акыркы убактарда адам баласына көз караштары өзгөрдү. А кишилердин Айбан Чарбаны жек көрүүсү мурункудан азаймак тургай, анын өнүгүп атканын уккан сайын күч алды. Алар бири да калбай Айбан Чарба бир күнү болбосо бир күнү кулаарына, а жел тегирмендин курулушу эч качан аягына чыкпасына чын жүрөктөн ишенчү. Сыраканаларга чогулуп алып өздөрүнчө бирдемелерди чиймелеп, тегирмен бир күнү кулаарын, же кулабаса да иштебей калаарын бири-бирине далилдешчү.

Бирок ошого карабай айбандар чарба иштерин өтө жакшы жүргүзүштү жана кишилерде каалап-каалабаса да аларга карата сый түшүнүк пайда боло баштады. Буга далил катары алардын Айбан Чарбаны Бай Чарба деп атабай калганын айтсак болот. Себеби кишилер мурун чарбанын жаңы атын такыр эле көрбөмүш, билбемиш боло берчү. Андан сырткары алар Жонсту колдогонду да коюшту. Натыйжада ал Айбан Чарбаны кайра ала албасына көзү жеткен соң, дайынсыз бир жака кетип жоголду. Айбан Чарба менен адам баласынын ортосунда мистер Вимперден башка эч бир байланыш болбогону менен, Наполеон соода келишимин же Түлкүтокойдогу Пилкингтон менен түзөөрү, же Кууштөрдөгү Фредерик менен түзөөрү, бирок эч качан бир убакта экөө менен тең макулдашпай турганы тууралуу ушак тарап кетти.

Болжол менен ушул убактарда айбандын баарын таң калтырып, чочколор кожоюндун үйүнө көчүп кирди. Жаныбарлар кайрадан кишилер жашаган жайда жашабайбыз деген чечим кабыл алынгандай болгонун айтып чыкты. Бирок бул жолу да Баканооз алардын адашып атканын ишендирүүгө жетишти.

— Чочколор силерге кам көрөт, — деди ал. – Ошондуктан алар иштегенге жакшы шарт түзүп бериш керек. А жолбашчылар (акыркы убактарда ал Наполеонду жолбашчы деп калган) чочкоканада эмес, үйдө жашабаса болбойт.
Кай бир жаныбарлар чочколор тамагын аш үйдө жеп, конок үйдө эс алганы аз келгенсип, керебеттерде укташаарын укканда катуу нааразычылык билдиришти. Ошондо деле Тооторудан «Наполеон айтса туура айтаттан» башка кеп чыккан жок. Анткени менен керебетте уктоого тыюу салынганын эсине түшүргөн Кашка чоң сарайдын капталына барып, Жети Осуятты окуйм деп кыйла турду. Бирок ал тамгалардан сөз курап окуй албагандыктан Чунак эчкиге жөнөдү.

— Чунак, — деп суранды ал. – Мага төртүнчү осуятты окуп берчи. Анда керебетте уктоого тыюу салынганы жазылган да, туурабы?
Чунак онтолоп жатып араң окуду:
— «Жаныбарлар шейшептүү керебетке жатууга болбойт». Ооба, ушунтип жазылып турат, — деди ал акыры.
Мына сага! Кашка төртүнчү осуятта шейшеп тууралуу сөз болгонун такыр эстей албай койду. Бирок дубалда ушунтип жазылып турган соң, демек сөз болсо керек. Так ушул маалда бир эмес үч ит менен ошол жерде пайда болгон Баканооз маселеге акыркы чекитти койду.

— Байкашымча, жолдоштор, силер биздин, чочколордун, керебетте уктаарын уксаңар керек? Бирок, керебетте уктоого да тыюу салынган деп ойлобойсуңар да, туурабы? Деги бул керебет деген эмне? Ал болгону бир уктай турчу жай. Тагыраак айтканда, керебетте уктайсыңбы, же түркүкө жөлөнүп уктайсыңбы, же саманга жатып уктайсыңбы, айрымасы канча? А чын-чынында шейшепке жатып уктоого тыюу салынган, себеби аны кишилер ойлоп тапты. Биз кожоюндардын керебетинен шейшептерин сыйрып таштап, анын ордун жууркандар менен алмаштырдык. Айтмакчы, керебет өтө ыңгайлуу экен. Жок, андай деле ыңгайлуу эмес, болгону, бизге окшоп жооптуу иштер менен алектенгендер колдонсо ашыкча деле болгудай эмес. Деги эмне силер бизди эс алдыргыңар да келбейби, айланайын жолдоштор? Эмне силер бутубузга туралбай чарчап, сүйрөлүп калышыбызды каалайсыңарбы? Эмне ошондо силер, жолдоштор, Жонстун кайра келишин да каалап турасыңарбы?

Жаныбарлар мындай нерселердин бирөө да ойлоруна келбегенине бекем ишендиришти. Ошону менен керебет тууралуу кеп жым болду. Ушундан көп өтпөй чочколор мындан нары бир саат кеч тураарын жар салды эле эч ким үн каткан жок.

Жаныбарлар күзгө чарчап-чаалыгып, азып-тозуп араң жеткени менен жашоолоруна дагы эле ыраазы. Бул жыл алар үчүн оңойго турган жок. Чөп менен арпанын бир бөлүгүн сатууга туура келгендиктен, кышкы тоют азыраак болуп калды. Анткени менен жел тегирмен баарына кайыл кылып турду. Курулуш дээрлик бүтөйүн деп калган. Чөп-чар жыйналып бүткөндөн кийин күн ачылып, жаныбарлар болгон күчү менен иштеп атты. Тегирмен дагы бир карыш көтөрүлүшү үчүн алар таң аткандан түн киргенге чейин таш ташыганга даяр эле. Тоотору керек болсо түндө да уйкусунан тура калып эки саатча таш ташып жиберчү. Дагы жакшы күз анча жамгырлуу болбой, ай жаркырап тийип берди. Кээ бир бош убактарда жаныбарлар жарымдап калган тегирменди айлана басып калчу. Дубалдын бекемдигин, түздүгүн көрүп алып ушунун баары өздөрүнүн колу менен бүткөнүн ойлоп, сыймыктанышар эле. Бир гана картаң Бенжамин башкалардын оюна көп кошула бербей, «Бара көрөрбүз. Эшектер узун жашайт эмеспи» деп кобуранып жүрдү.

Антип-минтип ноябрь да кирип келип, маал-маалы менен түштүктөн-түндүккө муздак шамал сого баштады. Куюлган цемент кургабай калгандыктан курулушту токтотууга туура келди. Акыры бир күнү түн бир оокумда сарайдын дубалын солкулдатып, чатырдын бир канча черепицасын жулуп кеткен катуу бороон сокту. Түн бир оокумда тооктор чочуп ойгонуп, чурулдап жиберишти. Көрсө анча алыс эмес жерден курал атылганы баарынын түшүнө кириптир. А эртең менен сыртка чыгышса желек айрылып жерде жатат. Бакчанын четиндеги кара жыгач болсо түп тамыры менен омкорулуп калыптыр. Бирок бул дагы эч нерсе эмес. Анык кыйроону көргөндө айбандар чуркурап ыйлап жиберди. Себеби, жел тегирмендин дубалы урап жаткан болчу.

Жаныбарлар жапырт дөбөнү карай чуркады. Демейде чуркоону өз даражасына ылайык көрбөгөн Наполеон да эң алдыда уруп баратты. Ооба, ушунча эмгек менен тургузулган тегирмен пайдубалына чейин талкаланып, а араңдан-зорго талкаланып, ташылып келген таштар туш келди чачырап жатыптыр. Бардыгы жайнап жаткан таштарды нес болуп карап калышты. Наполеон бирде нары кетип, бирде кетип ары-бери басып жүрдү. Маал-маалы менен тегерек тумшугун ар кай жерге такай коюп, жыттап койот. Чыгырык куйругу жазылып, шып-шып этип ары-бери шыйпаңдаганы мээсинин укмуштай чыңала иштеп атканын кабарлап турду. Аңгыча эле ал тык токтой калды. Кыязы, бир чечимге келди окшойт.

— Жолдоштор, — деди ал үнүн бийик көтөрүп. – Бул иште кимдин арам изи бар экенин билесиңерби? Түн бир оокумда тымызын келип тегирменибизди талкалап кеткен зыянкеч ким экенин билесиңерби? Картомо! Картомо баарын кыйратып кетти! – деп айкырды ал. Ичи өрттөнүп өлүп бараткан неме биздин ийгиликти талкалап, ошону менен шермендеси чыгып кубаланганынын өчүн алыш үчүн түн ичинде тымызын кирип, дээрлик бир жылдык эмгегибиздин түшүмүн талкалап кетти. Жолдоштор, мен мына ушул ордуман жылбай туруп ага өлүм жазасы берилүүсүн буюрам. Ким бул буйрукту аткарып келсе «Экинчи даражадагы Айбан Чарба» медалы менен бир чака алма берилет. А ким аны тирүүлөй кармап келсе, эки чака алма берилет.
Картомонун мындай акмакчылыгын көргөндө жаныбарлардын ачуусу шакардай кайнады. Керек болсо алар андан мынчалык пастыкты күтүшкөн эмес. Жаны кашайган немелер бири-биринен өтүп кыйкырып, Картомо кайра келсе кармап калуунун жолдорун айтып жатышты. Ошондон көп деле өтпөй үймөк чөптүн наркы бетиндеги жайыттан чочконун изи табылды. Он метрдей жерде жаткан из байкоолору боюнча тосмонун жыртыгын карай кетиптир. Наполеон аны жыттап көрүп Картомонун жыты экенин билди. Ал Түлкүтокойдо эле жашап жүрсө керек деп болжолдоду Наполеон.

— Урушта туруш жок! – деди ал изди иликтеп чыккандан кийин. – Ишке киришели, жолдоштор! Бир мүнөттү да текке кетиргенге болбойт. Бүгүнтөн баштап жел тегирменди кайра курууга киришебиз да, эч бир тоскоолдукка карабай кышы бою куруп чыгабыз. Жанагы бечара саткын бизди эмне кылса да токтото албасын көрүп алсын! Билип койгула, жолдоштор, максатыбызга жетүүгө эч нерсе жолтоо болбойт! Канча убакытта жетебиз десек, так ошончо убакта жетебиз. Алга, жолдоштор! Жашасын жел тегирмен! Жашасын Айбан Чарба!

VII БӨЛҮМ
Кыш бул жылы болушунча каарын төктү. Бороондун артынан балпактап суу кар жаап келип, артынан сөөктөн өтүп чучукка жеткен аяз жүрдү. Ошону менен февраль айына чейин ызгаардын мизи кайткан жок. Бирок жаныбарлар да жел тегирменди оңдоо ишин токтотушпады. Себеби, кишилер аларды туш тараптан сынай карап турушпайбы. Кокус тегирмен белгиленген мөөнөттө бүтпөй калса эле бүттү, ичи тар немелер кандай уу-дуу түшүп жыргап калаары баарына белгилүү.

Анан калса кишилер жөн эле кычастыгынан жел тегирменди Картомо кулатканына ишенбегендей түр көргөзүп жүрүштү. Алар тегирмендин жыгылышын дубалдын жукалыгынан көрүп атышыптыр. Айбандар болсо кеп дубалдын калыңдыгында деле эмес экенин билип турганына карабай, дубалды кырк сантиметр эмес, бир метр калыңдыкта тургузмай болушту. Албетте буга ошончо көп таш керек эмеспи. Карьер көпкө чейин кар алдында калып, таш алып чыгууга мүмкүн болбой жатты. Андан кийин кары жок кургак суук башталып, иш кичине жылгандай болду. Бирок жумуш ушунчалык оор болгондуктан, айбандардын таптакыр көңүлү чөгүп кетти. Алар дайыма сууктун, а көпчүлүк убакта ачкалыктын да азабын тартышчу. Бир гана Тоотору менен Кашканын эрки сынган жок. Баканооз болсо жаныбарларды бал тилге салып, «Силердин чарба үчүн төккөн териңер анык эрдик жана баатырдык» деп жайгарып жүрдү. Анткени менен аларды анын кооз сөздөрү эмес, чарчоо билбеген Тооторунун кажыбас кайраты менен «Мен дагы көбүрөөк иштейм» деген сөзү кайраттандырчу.

Январь айында тоют түгөнө баштады. Натыйжада чү дегенде эле арпага кыскартуу кирип, ордуна картошкадан көбүрөөк бермей болушту. Бирок, мына ушул жерден дээрлик бүтүндөй картошканын шагырап тоңуп калганы билинди. Көрсө аны жылуулап жапканды унутуп коюшуптур. Картошканын көбүнөн балжырап суу агып, капкара болуп бузулуп кетиптир. Эми айбандар күн бою тоют кызылчасы менен кабык-сабыктан башка эч нерсе жебей калды. Айбан Чарбада кадимки жут башталчудай болуп турду.

Бирок бул кишилерге такыр билинбеши керек эле. Ансыз деле жел тегирмендин кулашы менен адамдар ар кандай кептерди айтып чыгышкан. Айбан Чарбадагылар ачкалык менен ылаңдан кырылып атат, же аларда тынымсыз талаш-тартыш жүрүп, акыры бири-бирин жеп, бала-чакасын кырып атышыптыр деген сыяктуу ушак-айың кайра күч алды. Эми тоют көйгөйү да билинсе, арты эмне менен аяктаарын Наполеон жакшы түшүнүп турду. Ушундан улам ал мистер Вимперди колдонуу менен маселенин алдын-алууга киришти. Буга чейин жумасына бир келген мистер Вимперден жаныбарларды алыс кармап келишсе, эми мындан ары кай бир ишенимге кирген айбандарды, айрыкча койлорду, Вимпердин жанына келип, тек гана өз ара сүйлөшүп аткансып, тоюттун аябай көп бериле баштаганы тууралуу сүйлөшүүлөрүн буюрду. Андан сырткары, кампалардагы бош үкөктөрдү кырбуусуна чейин кумга толтуруп, үстүн ун, арпа менен жаптырды. Ошону менен бир ыңгайын келтирип туруп Вимпер үкөктөрдү көргүдөй кылып кампаларды кыдыртып чыкты. Натыйжада тигил өзү да алданып, башкаларга Айбан Чарбада тоют жагынан баары жайында деп кеп кыла баштады.

Бирок баары бир январдын акыркы күндөрү кайдан болбосун арпа табууга туура келди. Наполеон эми сыртка өтө эле сейрек чыкчу болду. Ал алдыңкы эшикти да, арткы эшикти да күрсүйгөн дөбөттөрүнө кайтартып алып кожоюндун үйүндө отура берчү. Ошол булуттан чыккан айга окшоп көрүнө калганы дагы тим эле өтө чоң салтанат менен өтчү. Андан бир кадам артта калбай, бир кадам алга кетпей тегерене баскан алты дөбөт Наполеонго бир аз эле жакындай түшкөн жаныбарды аркырап беттен алчу. Ал керек болсо дем алыш күнкү жыйналышка да келбей калды. А апталык жумуш тапшыруу ишин чочколордон бирөө, көбүнчө баягы эле Баканооз аткара турган.

Мына ушундай күндөрдүн биринде Баканооз жаңыдан тууй баштаган тооктордун жумуртка тапшырышы керектигин, аларды чарба иштери үчүн сатышарын жар салды. Көрсө Наполеон мистер Вимпер аркылуу аптасына төрт жүз жумуртка өткөрүп туруу келишимине кол коюптур. Жумурткадан түшкөн акчага арпа, ун алып, эптеп көккө илинели деген экен.

Тооктор ызы-чуу түшүп эле жатып калды. Чынында мындай болуп кетери аларга ага чейин эле эскертилген болчу. Бирок, тооктор Наполеон ошончого бармак беле деп ишенбей, жакында жаз келет эмеспи деп эмтеден эле жөжө басуунун камын көрүп жүрүшкөн. Эми минтип жумурткаларын алабыз дегени өлүм менен барабар болду. Натыйжада мистер Жонсту кубалап чыккандан бери биринчи жолу көтөрүлүш сыяктуу бир нерсе кылышты. Кара минор тукумундагы үч мекияндын башчылыгы менен бүтүндөй тооктор Наполеондун буйругуна катуу каршы чыкты. Баары тең короонун устундарына конуп алып, ошол жерден тууп кирди. Албетте ошончо бийиктен түшкөн жумурткалар курулай эле талкаланып жок болуп жатты. Бирок Наполеон бул каршылыкка өтө ыкчам жана айоосуз чара көрдү. Ал тоокторго жем берүүгө тыюу салып, кимде-ким бир эле дан берсе өлүм жазасына тартыларын эскертти. Каардуу дөбөттөр башчынын айтканы кынтыксыз аткарылышын тыкыр көзөмөлгө алды.

Арадан беш күн өткөндө тооктордун мизи кайтып, тартипке келди. Ачарчылык маалында тогуз тоок көз жумду. Алардын өлүгүн бакчага көмүшкөн соң, башкаларга катуу оорудан улам каза болду деп угузушту. Албетте бул окуялар тууралуу мистер Вимпер билген да жок. Жумурткалар болсо өз маалында даяр болуп, жума сайын келип жүктөп кетип турушту.

Бул арада Картомо деле көзгө көрүнгөн жок. Аны бирде Түлкүтокойдо жашынып жүрөт дешсе, бирде Кууштөрдө экен деген гана кептер жүрүп жатты. Бара-бара Наполеон бул кошуналары менен да тил табыша баштады. Себеби Айбан Чарбанын бир бурчунан он жыл мурун жайытты кеңейтиш үчүн кыйылып, ошол бойдон үйүлүп жатып какчыйып кургаган бир чоң үймөк жыгач таап алышты. Вимпер бул тууралуу укканда эле сатып жиберүү сунушун киргизди. Ушундан улам мистер Фредерик да, мистер Пилкингтон да ошол отунду алуу үчүн жан үрөй баштады. Наполеон болсо кимисин тандаарын билбей чайналып калды. Кокус ал мистер Фредерик менен макулдашып, отунду ага сатайын десе эле, Картомо Түлкүтокойдо жашынып жатат деген кабар келип калат. Же жакшы эле Пилкингтон менен соодалашайын десе Картомо Кууштөрдө деген кабар жетет.

Жаз жаңы келген учур болчу. Аңгыча эле Картомо түнкүсүн чарбага келип жүрүптүр деген кабар дүңк дей түштү. Жаныбарлар өздөрүнчө дүрбөп алып, түнү менен уктабай чыкчу болду. Картомо караңгы түнгө жамынып кирип, ар кандай жамандыктарды кылып жүргөн имиш деген кеп тарады. Ал арпаны чачып, сүттөрдү төгүп, жумурткаларды талкалап, айдоо жерлерди таптап, ал тургай бактарды да кемирип кетет имиш. Ошону менен чарбада кандай жамандык болбосун баарын андан көрүү салтка айланды. Терезе сынса деле, куурга бир нерсе тыгылса деле Картомонун түндө кылып кеткен иши дешчү. А бир жолу кампанын ачкычы жоголду эле, бүтүндөй чарбадагы жаныбарлар Картомо кудукка ыргытып салса керек деп кеп кылды. Баарынан таң калычтуусу, жоголгон ачкыч кийинчерээк ун салынган каптын алдынан табылганына карабай, айбандар дагы эле Картомону күнөөлөгөнүн коюшкан жок. Уйлар Картомо түнкүсүн баары уктап атканда тымызын келип саап кетип атат деп жапырт даттанышты. Ошол кышта чарбага көп зыян келтирген чычкандарды да Картомо менен тил табышып алыптыр деп күнөөлөштү.

Акыры Наполеон Картомонун кылыктарына чекит коюу үчүн өзү киришмей болду. Ал дөбөттөрдүн коштоосунда бүткүл сарайларды кылдаттык менен карап чыкты. Калган жаныбарлар бир аз арткараактан ээрчип, коштоп жүрдү. Бир канча кадам аттаган сайын тумшугун жерге такап Картомонун изин издеп калат. Айтуусуна караганда анын изин жытынан эле билет экен. Ошентип ал кампаларды, уйкананы, тооккананы, бакчаны, деги дээрлик чарбанын бардык булуң-бурчун изилдеп, баардык жерден Картомонун изин тапты. Тегерек тумшугун жерге такай калып бир аз шуулдата жыттайт деле төбө чачты тик тургузган үнү менен “Картомо! Картомо бул жерде да болуптур! Мына жыттанып атат!” деп чаңырып жиберет. Ал ошентип Картомо деген сайын жанындагы дөбөттөр үрөйдү учуруп ыркырайт.

Жаныбарлардын таптакыр жүрөгү түшүп калды. Алар дыкерек болсо Картомо көзгө көрүнбөй каалаган жерине келип, каалаган зыянын кылат деген сезим каптады. Ошол күнү кечинде Баканооз бардык жаныбарларды чогултуп, өтө кайгылуу маанайда бир кабар айтып коюшу керектигин жар салды.

— Жолдоштор! – деп сүйлөдү ал катуу кайгырып тургандай. – Өтө коркунучтуу кылмыш тууралуу маалымат алдык. Көрсө Картомо Кууштөрлүк мистер Фредерик менен келишип алып биздин чарбаны басып алайын деп мерчемдеп жүрүптүр. Ал баскынчыларга жол көтсөтүп берет экен. Бирок бул дагы эч нерсе эмес. Биз Картомо мунун баарын тек гана атак-даңк, байлык-бийлик үчүн жасап атат го деп ойлогонбуз. А көрсө биз катуу адашыптырбыз, жолдоштор. А иштин жайы эмнеде экенин билесиңерби? Көрсө Картомо тээ башынан эле Жонс менен тил табышып алган тура! Ал Жонстун тымызын жүргөн тыңчысы экен. Биз муну бүгүн гана Картомо унутуп кетип, кокустан колубузга тийген документтерден билдик. Менимче, жолдоштор, бул окуя өтө көп нерсенин жүзүн ачып берет. Ал тургай Уйкананын алдындагы урушта ал бизди аз жерден утултуп койо жаздаганын да өз көзүбүз менен көрбөдүк беле.

Жаныбарлар селейип эле калды. Мындай акмакчылыктын жанында керек болсо жел тегирмендин талкаланышы да аздык кылып тургансыды. Анткени менен бул эч бирөөсүнүн мээсинен түнөк таба албай жатты. Уйкананын алдындагы урушта Картомонун эң биринчилерден болуп чабуулга өткөнү, жаныбарларга улам-улам дем берип сүрөп турганы, ал тургай Жонстун мылтыгынын октору жонуна тийгенине карабай тайманбай чуркаганын эстешти, же мындай айтканда үрүл-бүрүл эстегендей болушту. Ушундан улам эгер Картомо Жонско сатылган болсо, анда эмнеге анча эрдик менен согушканын түшүнбөй коюшту. Керек болсо Тоотору дагы, а бул анда-санда эле шектенет, ишеңкиребей турду. Ал улам бир бутуна салмак салып, көзүн бекем жумуп алып эптеп-септеп жатып оюн топтоду.

— Ишенбейм буга, — деди ал. – Картомо Уйкананын алдындагы урушта баатырларча согушкан. Мен муну өз көзүм менен көргөм. Биз ага ошол эрдиги үчүн Биринчи даражадагы Айбан Чарбанын Баатыры деген сыйлыкты бергенибиз эмне калппы?

— Биз ошондо чоң ката кетиргенбиз, жолдош! Биз тапкан сырдуу документтер боюнча, Картомо баарыбызды өлүмгө алып бара турган кылтакка түшүрмөк.
— Бирок ал жарадар болгон, — деди Тоотору. – Анын кан-жаян болуп жүргөнүн баары көргөн.
— Алардын келишиминдеги шарттардын бирөөсү ошондой болуптур, — деп кыйкырды Баканооз. – Жонстун огу Картомону бир аз эле чырпып кеткен. Эгер окуй алганыңарда мен документтерди деле көргөзмөкмүн. Ал жерде бул тууралуу таптак жазылып турат. Экөөнүн келишими боюнча, уруштун тагдыры так чечилээр маалда Картомо жаныбарларга чегингиле деп белги бермек. Мына ушул максат аз жерден ишке ашпай калган. Тагыраак айтканда, жолдоштор, эгер биздин эр жүрөк жол башчыбыз жолдош Наполеон болбогондо алар максатына деле жетмек экен. Силер ошол күнү Жонс өзүнүн жумушчулары менен короого кантип кирип келгенин унутуп калдыңарбы? Картомо көпчүлүктү ээрчитип алып артты карай качпады беле. Же силер баары өзүн жоготуп, жеңилебиз деп турганда жолдош Наполеон “Кишилерге өлүм!” деп кыйкырып чабуулга өтүп, азуусу менен Жонстун бутун айрып өткөнүн унутуп калдыңарбы? Башканы билбейм, бирок жолдоштор, муну унутуп калганыңар болбойт.

Баканооз ушунтип элестүү айтып берген соң жаныбарлар да бир нерселерди эстегендей болду. Эч болбоду дегенде Картомонун чечүүчү маалда артты көздөй качып баратканы көз алдыларына тартылды. Тоотору гана шектенүүдөн кутула албай койду. Акыры ал оюн дагы эптеп-септеп жыйып алып:

— Мен Картомонун тээ башынан эле саткын болгонуна ишенбейм. Кийин сатылышы мүмкүн. Бирок Уйкананын алдындагы урушта ал биз менен катарлаш туруп согушкан, — деди.
— Биздин жолбашчыбыз жолдош Наполеон, — Баканооз сөздөрүн бөлүп-бөлүп салмак менен сүйлөдү, — чечкиндүүлүк менен, жолдоштор дагы бир кайталап койоюн, чечкиндүүлүк менен Картомо тээ башынан эле, ооба, ооба, ошол көтөрүлүш баштала электе эле, биз ал тууралуу ойлонуп жүргөндө эле Жонско сатылып кеткенин айтты.

— Аа анда башка кеп, — деди Тоотору. – Эгер жолдош Наполеон ушундай десе, демек ал ошондой.
— Мына бул жакшы кеп болду, жолдош, — деп кыйкырып жиберди Баканооз. Бирок ал ойноктогон көзү менен Тооторуну жеп ийчүдөй карап турган. Ал кетейин деп баратып кайра бир саам токтоло калды. – Баарыңарды эскертип койоюн, өтө сак болгула! – деди ал. — Картомонун тыңчылары азыр да арабызда жүргөнүн унутпашыбыз керек.

Ошондон төрт күн өтпөй кечке жуук Наполеон жаныбарлардын баарын короого чогултту. Айбанаттар топтолгон кезде Наполеон медалдарын жаркылдатып (бир аз мурдарак эле ал Биринчи жана Экинчи даражадагы Айбан Чарбанын Баатыры наамын өзүнө ыйгарып алган) кожоюндун үйүнөн чыга келди. Жанындагы күрсүйгөн дөбөттөрдүн туш келди аркырап, сес көрсөтүп турганын көрүп жаныбарлардын тула бою дүркүрөдү. Баары кандайдыр бир коркунуч жакындап келатканын сезгендей дем чыгарбай туруп калышты.

Наполеон чогулгандарды бир сыйра каардана карады да катуу чаңырып жиберди. Ошол замат дөбөттөр атырылып барып төрт торопойду кулактан алып, чырылдаткан бойдон Наполеондун бут алдына чөгөлөттү. Алардын жырылган кулагынан куюлган кандын жыты дөбөттөрдү ого бетер козутту. Алардан үчөө тургандардын баарын таң калтырып түз эле Тооторуга атырылды. Бирок Тоотору тайманган жок. Ал алдыңкы бутун көтөрүп туруп килейген буту менен секирип келаткан бир итти жерге ныгыра басты. Бечара ит каңшылап ыйлап кечирим сурап жиберди. Берки экөө болсо куйругун такымына кыскан бойдон кайра качты. Тоотору Наполоенго өлтүрүп таштайынбы же койо берейинби дегендей суроолуу тигилди. Ырайы кадимкидей өзгөрө түшкөн Наполеон итти бошотуп коюшун буйруду. Берки бутун көтөрдү эле тигил кыңкылдап ыйлаган бойдон тура качты.

Көп өтпөй абал тынчыды. Төрт торопой калч-калч этип титиреп тагдырлары кандай чечилерин күтүп турду. Алардын сырткы түрүнөн эле күнөөлөрүн моюнга алганы билингенсийт. Бул баягы Наполеон жекшемби күнкү жыйналышты жокко чыгарчуда каршы чыккан төрт торопойдун дал өзү болчу. Алар ошол эле жерден Картомо кубалангандан кийин аны менен тымызын тил табышып алганын, жел тегирменди талкалоого жардам беришкенин жана аны менен Айбан Чарбаны мистер Фредерикке өткөрүп берүү максатында сүйлөшүүгө барышканын моюнга алышты. А түгүл Картомонун илгертен бери мистер Жонс менен кызматташып келгенин да кошумчалап жиберишти. Күнөөлөрүн айтып бүтөөрү менен дөбөттөр төртөөнү баса калып, тытып кетти. Наполеон болсо каардуу үнү менен жаныбарлардын арасында дагы өзүн күнөөлүү сезгендер барбы деп сурады.

Баягы жумуртка чатагын баштаган үч тоок алдыга чыгып, Картомо түштөрүнө кирип Наполеондун буйруктарын аткарбоого үгүттөгөнүн айтты. Аларды да алеки заматта тырпыратып ташташты. Алардан кийин бир каз алдыга чыгып, былтыркы түшүм жыйноодо алты машакты катып коюп, түндө жегенин мойнуна алды. Андан кийин бир кой Картомонун сунушу менен башкалар суу иче турган көлмөгө ушатып койгонун моюндады. А анын артынан чыккан эки кой болсо Наполеонго жан дили менен берилген картаң койду өлтүрүп коюшканын билдирди. Көрсө ансыз да жөтөлүп жүргөн немени булар атайылап отту айланта кубалашыптыр. Алар да ошол эле жерде өлүм жазасын алды. Ошентип күнөөсүн моюндагандар арты-артынан өлүп атты. Арадан көп өтпөй Наполеондун алдына өлүк тоодой үйүлдү. Аба болсо тээ Жонс кубалагандан бери унутулуп калган кандын жытына чулганып турду.

Жазалоо аяктагандан кийин чочколор менен иттерден башка жаныбардын баары топураган бойдон короодон чыкты. Көздөрү алаңдап коркуп, шөмтүрөп калышыптыр. Алар Картомо менен тил табышып кеткен жолдошторунун кылыгынан коркуштубу, же алардын өтө мыкаачылык менен жазага тартылганынан коркуштубу, айтор өздөрү да билбей калды. Негизи буга чейин деле мындан ашпаса да, асты кем калбаган далай мыкаачылыкты көрүшкөн. Бирок буларга жакпаганы мында өздөрүн өздөрү өлтүрүп атпайбы. Жонсту кубалап чыккандан бери бир да жолу бирөө бирөөнүн канына забын болгон жок эле. Керек болсо чычкан да өлтүрүшкөн эмес. Бардыгы чогуусу менен дөбөчөгө барып тегирмендин жарым-жартылай тургузулган дубалын ын түбүнө кыналыша жатып калышты. Кашка, Чунак, Бенжамин, уйлар, койлор,тооктор, каздар бүт бар, бир гана мышык жок. Ал жана Наполеон чогулгула дегенде эле бир жакка житип жок болгон. Алгач эч кимден сөз чыккан жок. Тоотору гана жаткан жок. Ал салмагын бирде наркы, бирде берки бутуна салып коюп, узун куйругу менен эки капталын кайра-кайра жанып, маал-маалы менен бир нерсеге мээси жетпегендей бышкырып тура берди. Акыры бир топ турган соң:

— Эч нерсе түшүнбөй койдум. Биздин чарбада ушундай болот десе эч качан ишенмек эмесмин. Кыязы өзүбүз күнөөлүү окшойбуз. Мен мындан чыгуунун бир эле жолун көрүп турам. Ал дагы катуураак иштөө. Мындан кийин мен эртең мененкисин толук бир саат эрте тура баштайм.
Ошону менен шылкыйган бойдон карьерге түшүп кетти. Ал жактан эки араба таш ташып тегирмендин жанына төгүп коюп анан уктаганы кетти.

Башкалар болсо Кашканын жанында үйүлүп турушту. Бирок дале эч кимден үн чыккан жок. Дөбөчөдөн бүтүндөй айлана көрүнчү. Бул жерден чоң жолго чейин кеткен жайыт, үймөктөлгөн чөп, шалбаа, күндө суу ичкен көлмө, жаңыдан көктөгөн айдоо, түтүн булап турган кернейдин нары жагындагы кызыл чатырлуу сарайлар бүт алакандагыдай көз алдыңа тартылат. Жаздын жаркыраган кечи эле. Батып бараткан күндүн нурлары чөптөргө, бүчүрлөргө чагылышып турду. Чарба буга чейин бир да жолу көздөрүнө мынча сулуу көрүнгөн эмес. Мына ушул жерден алар бул чарба ар бир булуң-бурчуна чейин өздөрүнө таандык экенин, кандай күч менен колдоруна тийгенин эстешти. Кашка өйдөдөн ылдый карап туруп көзүнө жаш тегеренди. Эгер ал оюн топтой алганда бир кездерде мына ушул күндөргө жетиш үчүн кан-жанды аябай адамзаттын бийлигин кулаттык беле демек. Эмне картаң Корбашы көтөрүлүшкө чакырган түнү ушул кан суудай төгүлгөн мыкаачылык түштөрүнө кирди беле? Андагы көз алдына тартылган келечек боюнча жан-жаныбар камчыдан, ачарчылыктан кутулуп, баары тең укуктуу болуп, баары абийири менен эмгектенип, ошол түнү өзү энесинен эрте ажыраган өрдөктүн балапандарын буту менен коргогондой алдуулар алсыздарын коргомок эмес беле. Мына анын бири да жок.

Анын ордуна, эч ким оюн ачык айта албаган, ажаан иттер каалашынча жүрө берген жана өз жолдошторуң күнөөсүн мойнуна алары менен көз алдыңда жара тартылган заман кирип келди. Бирок, мунун себебин өзү да түшүнбөй койду. Анткени менен ага көрөтүлүш кылалы, же буйруктарды аткарбай койолу деген ой да келген жок. Ал кандай балакет болгон күндө да Жонстун убагына караганда жакшы жашап атышканын, азыр эң негизгиси кишилердин бийлигин кайра келтирбөө керектигин жакшы түшүнчү. Кандай күн болбосун ал өз ишине бекем туруп, жан аябай иштеп, өзүнөн эмне талап кылынса аткарат жана Наполеон көргөзгөн жол менен басат. Ооба, ошентет, бирок, ал жолдоштору менен ушуну кыялданды беле? Эмне ушул күндөр үчүн эмгектеништи беле? Жок, алар жел тегирменди ушул үчүн курушкан эмес, ушун үчүн Жонстун огуна каршы өз жандарын тобокелге салып чуркаган эмес. Мына Кашканын мээсин ушундай ойлор чулгап турганы менен, аларды сөз менен жеткирүү колунан келген жок.

Акыры эч сөз таба албай койгон соң, жок дегенде чыңалып турган көөдөнүн бошотуп алуу максатында “Англиянын айбандарын” ырдап баштады. Жанындагылар аны жапырт колдоп кетишти да, катары менен үч жолу баштан-аяк ырдады. Баары тегиз ырдап, жакшы эле созуп атканы менен, бул ыр буга чейин бир да жолу мынчалык кайгылуу ырдалган эмес.

Жаңы эле үчүнчү жолу ырдап бүтүшкөндө дөңсөөгө артынан эки дөбөт коштотуп алып Баканооз чыга келди. Кебетесине караганда өтө маанилүү кабары бардай. Ал келип эле “Англиянын айбандарын” ырдоого жолдош Наполеондун өзгөчө буйругу менен тыюу салынганын билдирди. Мындан ары такыр ырдаганга болбойт экен.
Жаныбарлар шашмалап калышты.
— А эмнеге? – деп чыдамсыздана сурады Чунак.
— Себеби, бул ырдын ырдалчу убагы өттү. “Англиянын айбандары” көтөрүлүшкө чакырган ыр. А көтөрүлүш болсо аягына чыкты. Анын эң акыркы кадамы бүгүнкү саткындарды жазалоо иши болду. Биз ички дагы, сырткы дагы жоону жеңдик. “Англиянын айбандары” биздин келечек коом тууралуу, жаркыраган келечек тууралуу кыялыбызды чагылдырчу. Азыр болсо андай коом түзүлүп бүттү. Эми бул ыр бизди эч кайда чакырбайт.

Жаныбарлар ушунчалык чочулап турганы менен, балким арасынан анча-мынча нааразы боло тургандар деле табылмак. Бирок койлор баягы эле “Төрт бут жакшы, эки бут жаман” дегенин дээрлик он мүнөтчө какшанып туруп алган соң, кайдагы нааразылык айтылып, талаш болмок эле.
Ошону менен “Англиянын айбандарын” такыр ырдабай калышты. Анын ордуна акын Кичкинтай башка ыр токуп бере салды. Анысы төмөнкүдөй саптар менен башталчу:
Айбан Чарба, Айбан Чарба,
Зыян келбейт менден сага.
Бул ырды жекшемби сайын желек көтөрүлгөндө ырдашчу болду. Анткени менен жаныбарлар ырдын сөзү дагы, обону дагы “Англиянын айбандарына” жетпейт деп кобуранып калчу.

VIII БӨЛҮМ
Жазалоо күнүнөн бир канча апта өтүп, жаныбарлардан аз-аздап коркунуч тарап калган кезде арасынан кимдир бирөө алтынчы осуятта «Эч бир жаныбардын башка жаныбарды өлтүрүүгө укугу жок» деп жазылганын эстеди, же чала-була эстегендей болду. Натыйжада бардыгы жакында эле өткөн жазалоо алтынчы осуятка каршы келерин сезди, бирок ал тууралуу чочколор менен иттердин көзүнчө эч ким сөз кыла алган жок. Бир күнү Кашка Бенжаминден алтынчы осуятты окуп берүүсүн өтүндү. Анда «Себепсиз эч бир жаныбар башка жаныбарды өлтүрүүгө болбойт» деп жазылып туруптур. Негедир биринчи сөз айбандардын такыр эле эсине түшпөй калыптыр. Анткени менен алар алтынчы осуят бузулбаганын билишти. Картомо менен келишим түзүп алып саткындык кылуу эмне себеп эмес бекен? Болгондо да кандай себеп…

Бул жылы алар былтыркыдан да катуу жан үрөп иштеди. Жел тегирменди кайра калыбына келтирүү, болгондо да эки эсе калың дубалы менен айтылган мөөнөттө жыйынтыктоо жана чарба жумуштарын да бүтүрүү кандай эмгек талап кылаары белгилүү эмеспи. Кай бир убактарда аларга Жонстун убагынан да көп иштеп, бирок аз жеп аткандай сезилчү болду. Жекшемби күндөрү эртең менен Баканооз чарбанын жашоочуларына тоюттун бардык түрүнүн өндүрүмү кээде эки жүз, кээде үч жүз, ал тургай кай бирде беш жүз пайызга ашыгы менен аткарылганын далилдеген көптөгөн сандарды окуп берчү. Андайда ага ишенбей коюуга себеп да таба алышчу эмес. Себеби көтөрүлүшкө чейин кандай жашагандарын да унутуп калышкан эле. Анткени менен кай бирде сан менен эмес, кандайдыр бир колго тийе турган нерсе менен тойгузушун самашчу.

Эми бардык буйруктар Баканооз аркылуу, же башка бир чочкоьаркылуу берилчү болду. Напоелондун өзү жарым айда бир көрүнсө көрүнөт, көрүнбөсө а да жок. Анда да артынан бир үйүр дөбөт ээрчитип алганы аз келгенсип, алдына жар салдырып кара короз салып алат. Анысы кулак-мээни жеген кыйкырыгын бир созуп алган соң гана Наполеон сөзүн баштайт. Жаныбарлардын арасында Наполеон кожоюндун үйүндө өзгөчө бөлмөгө ээлик кылып алыптыр деген кеп жүрчү. Тамакта да жалгыз отуруп, жанында дайыма эки ит тейлеп турат экен. Тамак жегенде колдонгону Жонстун үй-бүлөсү өзгөчө салтанаттуу учурларда керектечү фарфор идиштер. Асманга мылтык атуу салтанаты да мурунку эки улуу күндөн сырткары, Наполеондун туулган күнүндө аткарылмай болду.

Аны азыр жөн гана Наполеон дебей калышты. Азыр аны өтө расмий тил менен «Биздин жолбашчы жолдош Наполеон» деп айтышат. А чочколор аны даңазалоодо кадимкидей жарышка түштү. Бардык Жаныбарлардын Атасы, Адамзатты Кан Ыйлаткан Эр, Акылман Ыйык, Балапандардын Эң Жакын Досу жана дагы ушул сыяктуулар… Баканооз Наполеондун акылмандыгы, бардык жаныбарларга, айрыкча коңшу чарбаларда дале кулдукта, кыйынчылыкта жашап, кордолуп жаткандарга көргөзгөн мээрмандыгы тууралуу баяндамаларды жасачу. Кандай ийгилик, кандай жетишкендик болбосун Наполеонго ыйгара коюу адатка айланды. Бир тооктун экинчи бир тоокко «Жолдош Наполеондун жетекчилиги менен мен алты күндө беш жумуртка туудум» дегени, же эки уйдун суу жээгине туруп алып «Бах, кандай даамдуу суу! Мунун баары биздин жолдош Наполеондун акылмандыгында» деп мактаганы көп эле кайталанчу көрүнүштөрдөн болуп калды. Ал эми Кичкинтай жазган «Жолдош Наполеон» аттуу ыр айбандардын сезимдерин баарынан сонун чагылдырды. Ал ыр төмөнкүдөй жазылган эле:
Көктөгү күндөй ойготкон,
Көзүнөн мээрим ойноткон,
Көңүлгө бейкут тартуулап,
Кутманым жолдош Напоелон!

Жол баштап дайым ак жолдон,
Ар дайым бизди ойлогон.
Эки эсе жемден көп берип,
Эл баккан Жолдош Наполеон!

Жандуунун баары мемиреп,
Уктаган кезде ойгонгон,
Санааркап биздин камды жеп,
Саргайган Жолдош Наполеон!

Болсо да али балакай,
Торопоюм томпойгон.
Өзүңдөн таалим алсын деп,
Тартуулайм жолдош Наполеон!

Ата менен энеден,
Ашыкча сени ойлогон.
Алгачкы тили чыкканда,
Сүйлөсүн «Жолдош Наполеон!»
Наполеон бул ырды жактырып кабыл алды да чоң сарайдын капталына, Жети Осуяттын жанына жаздырып коюуну тапшырды. Ырдын үстүнө Баканооз ак сыр менен Наполеондун портретин кошо тартты.
Бул убакта Наполеон мистер Вимпер аркылуу Фредерик менен Пилкингтондун ортосунда дагы эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан. Жыгач али сатыла элек болчу. Экөөнүн ичинен Фредериктин кызыгуусу күч болуп турду. Бирок, алиге чейин канча берээрин так айта элек. Ошол эле маалда ал жумушчулары менен Айбан Чарбаны басып алып, ичин куйкалап өлтүргөнү калган жел тегирменди такыр талкалап салгысы келип жүргөнү тууралуу ушак да күч алды. Картомо болсо мурда айтылгандай эле Кууштөрдө жашырынып жүргөн имиш. Жайдын кап ортосунда үч тоок өз ыктыяры менен Наполеонду өлтүрүү максатында Картомо менен убадалашканын билдирди. Башка жаныбарлар муну угуп далдырап калды. Албетте ал тооктор ошол эле күнү өлүм жазасына тартылып, Наполеондун саламаттыгы үчүн өзгөчө чаралар киргизилди. Мындан нары анын керебетинин ар бир бурчуна бирден ит жайгашып, түнү менен кайтарып жатмай болду. А Булкулдак аттуу торопойго Наполеондун тамагы ууланбаганын текшерүү үчүн дайыма биринчи даамдап туруу милдети жүктөлдү.

Болжол менен ушул убактарда Наполеон жыгачтарды Пилкингтонго сатууну чечип, андан сырткары Айбан Чарба менен Түлкүтокой чарбаларынын ортосунда ар кандай оокаттарды алмашып турууга убадалашканы маалым болду. Наполеон менен Пилкингтондун ортосундагы мамиле Вимпердин ортомчулугу менен ишке ашканына карабай, дээрлик сырдаш достукка чейин жетти. Башка жаныбарлар үчүн болсо Пилкингтон башка кишилердей эле эч кандай ишенич туудурган жок, бирок жек көрүмдүү жана коркунучтуу Фредерикке караганда жакыныраак сезилчү. Канчалык жел тегирмен бүтүүгө аз калган сайын (аны ушул күздө бүтөбүз деп турушкан), Фредериктин чабуулу тууралуу күбүр-шыбыр да күч алды. Фредерик тишине чейин куралданган жыйырма жумушчусу менен чабуул койору, бийлик менен полицияны сатып алганы жана эгер ал Айбан Чарбасын бүтүндөй басып алса да бийликтегилердин кылы кыймылдабай турганы кеп болуп жатты.

Ал эле эмес, Кууштөрдөн келген маалыматтар боюнча, Фредерик колундагы жаныбарларга жырткычча мамиле кылып жатыптыр. Ал картаң чобурду өлгүчө сабап, уйларды бир канча күн ачкалык менен кыйнап, бир итти тирүүлөй куйкалап, а кечкисин короз уруштуруп эрмектечү. Жөн эле уруштурса да жакшы эмеспи, короздордун текөөрүнө лезвиянын сыныктарын тагып коюп уруштурчу. Муну укканда жаныбарлардын каны кайнап, эгер уруксат берилсе эле Кууштөрдүн өзүнө чабуул коюп, ал жактан кишилерди кубалап чыгып, айбандарына эркиндик берели деп чамынышчу. Бирок, Баканооз сабырдуулукка чакырып, жолдош Наполеондун кыраакылыгына ишенели дечү.

Анткени менен Фредерикти жек көрүү барган сайын күч алып бараткан. Бир жолу жекшемби күнү Наполеон сарайга келип жыгачты Фредерикке сатуу үч уктаса түшүнө кирбегенин, андай акмак менен иш кылуу өзүн-өзү жок кылуу менен барабар экенин айбандарга жар салды. Мурдагыдай эле коңшу чарбалардагы айбандарды көтөрүлүшкө чакырып жүргөн көгүчкөндөргө Кууштөрдөн айланып учууну тапшырышты. А «Кишилерге өлүм!» деген ураанды «Фредерикке өлүм!» деп өзгөртүштү. Жайдын аяк ченинде Картомонун дагы бир итчилиги билинди. Буудайды аябай отоо басып кеткен эле. А көрсө түн жамынып чарбага келген Картомо буудайдын үрөнүнө отоо чөптүн үрөнүн аралаштырып кетиптир. Бул иште Картомону тымызын колдогон жаш каз Баканооздун алдында күнөөсүн мойнуна алып, артынан уу коргошун жеп өз жанын кыйды. Айбандарга ошол эле жерден Картомо эч качан (эми муну кайдан чыгарышты экен?) Биринчи даражадагы Айбан Чарбанын баатыры наамын албаганын жарыя кылышты. Бул Уйкананын алдындагы уруштан кийин Картомо өзү эле жайып жиберген уламыш имиш. Ошону менен аны сыйлыктан ажыратып эле тим болушпай, урушта коркоктук кылганы үчүн жазалап да жиберишти. Мына ушул жерден да жаныбарларда кандайдыр бир шектенүү болуп кетти. Анткени менен Баканооз алардын адашып атканына бат эле ишендирип койду.

Күздүн келиши менен жан аябас күч, теңдеши жок эмгек менен (ошол эле убакта түшүм жыйноо да жүрүп жаткан) жел тегирменди тургузуп бүтүштү. Вимпер аны иштете турган жабдыктарды сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп аткан. Ошончо кыйынчылыкка, тажрыйбанын, техниканын жетишсиздигине, күтүүсүз кокустуктарга, Картомонун миң түрдүү кыянатчылыктарына карабай курулуш таптак белгиленген убакта, таптак белгиленген күнү аяктады. Жаныбарлар чарчап-чаалыкканына карабай тегирменди сыймыктана карап жатышты. Бул тегирмен аларга баягы биринчи жолкудан да алда канча көрктүү көрүндү. Ал эми анын дубалы мурункудан эки эсе калың экенин айтыштын да кереги жок эмеспи. Эми муну эч ким жардыргычсыз талкалай алмак эмес! Канчалаган эмгек кеткенине карабай үмүттөрү үзүлгөн жок. А тегирмендин баралары айланып, генератор иштей баштаарын ойлогондо алар чарчаганын да унутуп, кубанычтуу кыйкырганча тегирменди айлана чуркашты. Ал тургай Наполеон дагы дөбөттөрү менен Баканоозун ээрчитип алып тегирменди көргөнү келди. Ал бардык жаныбарларды жеке өзүнүн атынан куттуктаган соң, тегирменге өз аты берилерин жар салды.

Ошондон эки күн өтпөй жаныбарларды кезексиз жыйынга чакырышты. Жыгач Фредерикке сатылганы айтылганда алгач жыйындагылар ишенген жок. Эртеси Фредерик араба жиберип, ташып кетмей болуптур. Көрсө, Наполеон бир жактан Пилкингтон менен достошумуш болуп коюп, бир жактан тымызын Фредерик менен сүйлөшүү жүргүзгөн экен.

Ошентип Түлкүтокой менен мамиле аягына чыгып, Пилкингтонго сөгүш толо нота жиберилди. Көгүчкөндөргө Түлкүтокойдун аймагына конуу тыюу салынып, «Фредерикке өлүм!» ураанын «Пилкингтонго өлүм» урааны менен алмаштырышты. Андан кийин Наполеон Айбан Чарбага каршы даярдалып жаткан чабуул тууралуу кептердин чындыгы жок экенин жана Фредерик колундагы жаныбарларга мурда айтылгандай деле катуу мамиле кылбай турганын билдирди. Мындай кептерди Картомо менен анын пикирлештери таратат деди. Айтмакчы, Картомо Кууштөрдө жашынмак тургай, ал жакта дегеле болбоптур. Көрсө ал эчак эле Пилкингтонго сатылып кетип, Түлкүтокойдо жыргап жатыптыр.

Чочколор Наполеондун акылмандыгын айга-күнгө жеткире мактап жатышты. Ал Пилкингтон менен достошумуш болуп туруп, Фредерикти он эки фунт көбүрөөк төлөгөнгө аргасыз кылыптыр. Баканооздун айтуусу боюнча, жеткен кыраакы Наполеон эч кимге, керек болсо Фредерикке да ишенбейт экен. Фредерик алгач жыгачтын акысын кандайдыр бир чек деп аталган кагаз менен төлөгүсү келиптир. Бирок, Наполеондун акылы андан ашса ашат, асты кем калбайт да. Ал төлөм кайдагы бир чек-мек менен эмес, беш фунттук акча жүзүндө болуусун, болгондо да жыгачты ташып кеткенден кийин эмес, ташып кете электе аткарылышын талап кылыптыр. Натыйжада Фредерик акчасын төлөп, анысы жел тегирмендин жабдыктарына толук жетмей болуптур.

Бул арада Фредерик жыгачты толук ташып кетти. Качан короодо бир тал жыгач калбай ташылып кеткенде жаныбарларды сарайга кезексиз жыйынга чогултуп, аларга Фредериктен алынган акчаны көргөзүштү. Наполеон кош медалын жаркылдатып секичеге жайылган самандын үстүндө мээримдүү жылмайып турду. Жанындагы кожоюндун аш үйүнөн алынган фарфор идиште болсо тыкандык менен таңгакталган акча турат. Жаныбарлар акырындан чубап келип акчаны каалашынча көрүп атышты. Тооторуга кезеги келгенде шуулдата жыттап көрдү эле, баалуу кагаздар дирилдеп, шуудурап кетти.

Ошондон үч күндөн кийин укмуштуудай чуу көтөрүлдү. Алгач өлгөн немедей кубарып алган Вимпер шуулдап келип, велосипедин короого таштай салып кожоюндун үйүн карай чуркады. Артынан эле Наполеон жаткан үйдөн ачуудан буулуккан чаңырык угулду. Жаңылык бир заматта Айбан Чарбага дүң дей түштү. Көрсө берилген акчалар жасалма экен! Фредерик жыгачты бепбекер ташып кетиптир!

Наполеон ошол замат бардык жаныбарларды чогултуп, чучукка жеткен ачуу үнү менен Фредерикке өлүм жазасын жарыялады. Колубузга түшкөн күнү аны тирүүлөй кууруйбуз деди ал. Анан мындай акмакчылыктан кийин мындан да жаманына даяр турууну эскертти. Бүгүн болбосо да эртең Фредерик менен анын жумушчулары илгертен бери күтүлүп жаткан чабуулун баштайт. Айбан Чарбанын оозуна нөөмөтчүлөрдү коюшту. Ошону менен бирге Пилкингтон менен мурунку жылуу мамилени сактап калуу максатында Түлкүтокойго төрт көгүчкөн учуруп, тынчтык каттарын жөнөттү.

Эртеси эле күнү Фредерик Айбан Чарбага чабуул койду. Жаныбарлар жаңыдан нанүштөгө чогулган кезде нөөмөтчүлөр Фредерик менен жан жөкөрлөрү негизги эшиктен кирип, Айбан Чарбаны көздөй келатканын кабарлады. Айбандар бир саам да кармалган жок. Түз эле душманга каршы чуркады. Бирок бул жолу жеңиш Уйкананын алдындагыдай оңойго турбады. Буларга каршы он бештей киши алты мылтык менен келатыптыр. Элүү метрдей жакындаганда эле алар аткылай баштады. Дүңгүрөгөн мылтыктын үнү менен жамгырдай жааган бытыро айбандардын шаштысын алды. Наполеон менен Тоотору канчалык дем бергенине карабай баары артка качты. Көпчүлүгү жарадар болду. Жаныбарлар качып келип сарайларга жашынып алып, ар кайсы тешиктен тигилерди аңдый баштады. Бүтүндөй жайыт менен жел тегирмен баскынчылардын колуна өттү. Ал тургай Наполеон да өзүн жоготуп койду окшойт. Ал үн-сөзсүз гана куйругун чамгарактатып алып ары-бери баса берди. Маал-маалы менен Түлкүтокой тарапты ынтызарлана карап койот. Пилкингтон кишилери менен жардамга келип калса, баскынчыларды кууп чыкпайт беле. Так ушул маалда бир күн мурун Пилкингтонго жөнөтүлгөн төрт көгүчкөн кайтып келди. Бирөөсүнүн тумшугунда кичинекей кагаз жүрөт. Ага Пилкингтон өз колу менен «Сага сооп болот» деп жазыптыр.

Бул убакта Фредерик менен жумушчулары жел тегирмендин айланасына чогулду. Жаныбарлар алардан көз албай, акырын кобуранып коюп карап турду. Лом менен барскан ала келген эки жумушчу тегирменди талкалоого камынды.

— Колдорунан келбейт, — деп кыйкырды Наполеон. – Биздин тегирмендин дубалдары ушунчалык калың. Демек аны буза алышпайт. Апта бою аракет кылса да буза алышпайт. Коркпогула, жолдоштор!
Бирон Бенжамин жумушчуларды кылдаттык менен карап, алардын максатын түшүнүүгө аракет кылып жаткан. Эки жумушчу лом, барскандын жардамы менен тегирмендин так эле пайдубалын тешип кирди. Бенжаминге бул көрүнүш жагып аткансып, шашылбай гана узун тумшугун ийкеңдетип турду.
— Мен мына так ушуну күткөм, — деди ал. – Азыр эмне болорун билесиңерби? Азыр тигил тешикке ок-дары куюшат.

Жаныбарлар коркконунан алайып эле калды. Эми алар жашынган жеринен дегеле чыкчудай эмес. Бир нече мүнөттөн кийин жумушчулар туш келди чуркап кетти. Артынан эле укмуштай катуу жарылуу болду. Көгүчкөндөр көктү карай дуу көтөрүлүп, Наполеондон башка жаныбардын баары тумшугу менен жер сайып, бетин жаап жатып калды. Кайра турушкан кезде дөңсөөнүн үстү капкара туман болуп калыптыр. Акырындап туман тарап, дөңсөө көрүндү. Бирок тегирменден дайын жок!

Мына ушул жерден жаныбарлар кайратына келди. Ушунчалык кара ниеттик алардын жанын кашайтып, бир аз мурунку коркунуч менен үмүтсүздүктү кумга сиңген суудай жок кылды. Өч алуу алардын аң-сезимин бүтүндөй ээлеп алгандыктан, эч кандай буйругу жок эле душманды карай чабуул коюшту. Бул жолу мөндүрдөй жааган бытырого да көңүл бурушкан жок. Жан аябаган кырчылдашуу жүрүп жатты. Кишилер тынымсыз аткылап атып, айбандар чукул кирип келгенде мылтыктарын таштап, таяктары, таштай катуу өтүктөрү менен коргоно баштады. Бир уй, үч кой, эки каз ошол жерден жан берип, дээрлик бардык айбандар жарадар болду. Керек болсо тээ тылга жатып алып согушту башкарып турган Наполеондун да куйругунун учуна ок тийди. Анткени менен кишилерге да оңой болгон жок. Үчөөнүн башын Тоотору жара тээп, төртүнчүсүнүн курсагын бир уй айра сүздү. Бешинчисинин шымын Иймеккаш менен Ичкебел аз жерден сыйрып ала жаздады. А качан Наполеон тогуз дөбөтүн арттан кол салуу үчүн жөнөткөндө кишилер такыр эле өздөрүн жоготуп койду. Алар курчоодо калып баратканын тез эле түшүндү. Фредерик жаныбарлар ороп алгыча качып кетели деп кыйкырды эле баары тең артын карабай качып берди. Айбандар аларды тээ чек арага чейин кууп барып, тигилер тосмолордон өтүп атканда да сүзүп, тээп калышты.

Анткени менен шайлары да ооп калыптыр. Баары тең баштан ылдый кан. Аксап-тексеп сүйрөлгөн бойдон чарбаны карай бет алышты. Ар кай жерде жаткан жолдоштордун өлүгү көпчүлүктүн көзүнөн жаш тегеретти. Бир аз мурда эле жел тегирмен турган жерге келип, үн-сөз жок аза күтүп туруп калышты. Ооба, тегирмендин изи да калбаптыр. Ушунча эмгек талаага кетти! Ал тургай пайдубалы да талкаланып кетиптир. Мурун талкаланганда жок дегенде таштарын колдонушту эле, эми алар да жок. Азыр айланада бир да таш калбаптыр. Жарылуу аларды тээ жүздөгөн метр нары чачыратып таштаптыр. Тим эле тегирмен дегеле курулган эмес десе да болгудай.
Айбан Чарбага жетип калышканда негедир согушка катышпай калган Баканооз куйругун чамгарактатып жаркылдап чыга келди. Аңгыча эле бакча тараптан мылтык үнү салтанаттуу дүңгүрөдү. Кызык, бул эмне деген майрам болуп кетти?
— Эмненин урматына атылды? – деди Тоотору.
— Жеңиштин урматына, — деп кыйкырды Баканооз.
— Кайдагы жеңиш?
Анын тизелери айрылып, арткы бутуна ок тийиптир. Бир такасы жоголуп, туягына жарылып кеткен.
— Кайдагы жеңиш дейсизби, жолдош? Эмне биз мекенибизди, Айбан Чарбанын ыйык жерин баскынчылардан бошоткон жокпузбу?
— Бирок алар жел тегирменди талкалап кетишпедиби. Биз аны толук эки жылда курганбыз!
— Анда кайра курабыз. Керек болсо андайдан онду салабыз. Бизде каалоо болсо эле болду да. А сен, жолдош, биз кандай эрдик кылганыбызды түшүнбөй турат окшойсуң. Душмандар мына ушул жерди, мына ушул сен экөөбүз турган жерди басып алышпадыбы. А биз жолдош Наполеондун кеменгерлиги менен аны кайра ар бир карышына чейин кан төгүп атып бошотуп алдык.
— Ошондо биз өз жерибизди кайра өзүбүз алдыкпы? – деп сурады Тоотору.
— Мына ошонун өзү жеңиш, — деди Баканооз.
Аксап-тексеп короого кирип келишти. Бутуна сайылып калган ок Тооторунун жанын кейитип турду. Ал жерпайына чейин талкаланып калган жел тегирменди кайра тургузуу үчүн канча күч керек экенин жакшы түшүнгөндүктөн, ичинен ошого даярданып жатты. Бирок ушул жерден ал быйыл он бир асый болгонун, мурдагыдай күч-кубаты калбаганын биринчи жолу сезди.

Анткени менен бийик желбиреген жашыл желек, жети жолу атылган мылтыктын дүңгүрөгү жана Наполеондун урушта көрсөткөн эрдиги үчүн жаныбарларга билдирген ыраазычылык сөзү аларды чындап эле улуу жеңишке жеткенине ишендирди. Согушта курман болгон айбандарды терең урмат менен жерге беришти. Алардын сөөгү жаткан арабаны Тоотору менен Кашка сүйрөдү. Азалуу айбандарды болсо Наполеон жеке өзү баштап баратты. Эки күн бою эч ким иштеген жок, баары майрамдашты. Ар бир сөздөн, ар бир дүңгүрөгөн атылуудан кийин ырлар ырдалды. Баарына белек берилди. Айбандар бирден алма, канаттуулар алтымыш граммдан жем, иттер үчтөн үлүш тамак жеди. Бүгүнкү согуш Жел Тегирмендин алдындагы уруш деп аталганы жана Наполеон «Жашыл желек» деген жаңы орден уюштуруп, аны өзүнө ыйгарганы жалпыга жар салынды. Кыскасы, жеңиштин салтанаты менен жасалма акча окуясы да унутулуп калды.

Ушундан көп өтпөй чочколор кожоюндун жер төлөсүнөн бир жащик виски таап алды. Жаңы көчүп кирген күнү муну байкашкан эмес. Ошол эле кечте кожоюндун үйү тараптан заңкылдап ырдаган үндөр угулду. Алардын арасынан «Англиянын айбандарынын» да үзүндүлөрү угула калып жатты. А болжол менен тогуз жарымдар болуп, жаңыдан көз байлана баштаган кезде Наполеон мистер Жонстун эски баш кийимин кийип алып арткы эшиктен чыкты да, текиреңдей чуркап короону айланып өтүп кайра кирип кетти. Эртеси эртең менен кожоюндун үйү тарап таптакыр тынчтыкка бөлөнүп калыптыр. Чочколордон дайын жок. Акыры саат тогуздарга чукул Баканооз сыртка чыкты. Көздөрү тунарып, куйругу шалпайып, араңдан-зорго басып жүрөт. Сырткы түспөлүнө караганда катуу ооруп калгандай.

Ал бардык жаныбарларды чакырып, өтө коркунучтуу кабар айтууга мажбур экенин билдирди. Көрсө жолдош Наполеон өлүм алдында жатыптыр.
Кайгыга чыдабай жаныбарлар чуркурап жиберди. Кожоюндун үйүнүн оозуна саман төшөп, жалаң бутунун учтары менен басып жүрүштү. Көздөрү жашылданып, эгер жолбашчы жок болсо кантебиз деп бири-биринен сурап коюшат. Бир маалда Картомо Наполеондун тамагына уу кошуп кетиптир деген ушак тарады. Саат он бирлерде Баканооз кайра чыгып жаңы билдирүү таратты. Жолдош Наполеондун жаңы бекиткен буйругу боюнча спирт ичимдигин ичкендер өлүм жазасына тартылат экен.

Анткени менен кечке маал Наполеон оңолуп кетти. А кийинки күнү эртең менен Баканооз жолбашчынын ден-соолугунда коркунуч жок экенин билдирди. Ошону менен ал кечке жуук ишке кирип, эртеси күнү Вимперге Уиллингдондон сыра кайнатып, шарап ачытуу боюнча китеп сатып келүүнү тапшырганы маалым болду. Бир жумадан кийин бакчанын нары жагындагы, мурда улгайган жаныбарлар эс алууга чыксын деп бөлүнгөн жайыт айдалсын деген буйрук чыкты. Жаныбарларга жайыт тапталып калганы, аны кайра айдоо керек экенин айтылды. Бирок көп өтпөй эле Наполеон ал жерге арпа айдай турганы билинди.

Болжол менен ушул убактарда жаныбарлардын баарын ойлонткон табышмактуу окуя болуп кетти. Бир күнү түн ортосу ченде катуу дүбүрт угулуп, айбандар дабырап сыртка чуркап чыкты. Чоң сарайдын жети осуят жазылган капталында тең ортосунан талкаланып жаткан жыгач шаты айдын жарыгында даана көрүндү. Анын жанында эле Баканооз эсин жоготуп жатыптыр. Бери жагында электр панар менен ак сыр куюлган челек жатат. Аңгыча эле дөбөттөр атып чыгып, Баканоозду курчап алышты. Баканооз араң өзүнө келип иттердин коштоосунда үйгө кирип кетти. Жаныбарлардан бирөө дагы бул жерде эмне болуп кеткенин түшүнбөй калды. Бир гана картаң Бенжамин бир нерсе түшүнгөндөй баш чайкады, бирок үн каткан жок.
Ошондон көп өтпөй Чунак өзүнчө эле жети осуятты окуп отуруп, буга чейин дагы бир осуятты туура эмес жаттап жүрүшкөнүн байкады. Алар бешинчи осуятта: «Жаныбарлар спирт ичимдиктерин ичкенге болбойт» деп жазылган деп жүрүшкөн. А көрсө андагы эки сөз унутулуп, «Жаныбарлар мас болгуча спирт ичимдиктерин ичкенге болбойт» деп жазылыптыр.

IX БӨЛҮМ
Тооторунун жарылган туягы такыр эле айыкпай койду. Аңгыча жеңиш майрамын майрамдап бүтүп, тегирменди кайра курууга киришишти. Тоотору жан алакетке түшүп иштеп атат. Ал өзүнүн кыйналып турганын көрсөтпөөгө аябай аракет кылды. Бирок болбой эле кечкурун Кашкага туягы сарсанаа кылып жатканын айтып алчу. Кашка ар кандай чөптөрдү чайнап, аларды тигинин туягына чаптап айыктырганга аракет кылды. Андан сырткары Бенжамин экөө эки жагынан чыгып, өзүн да караш керектигин айтып жалдырашчу.

— Жылкынын өпкөсү алсыз болот, — дешти алар.
Бирок Тоотору аларды уккан жок. «Эми мен бир гана нерсени, эс алууга чыгардан мурун жел тегирмендин дээрлик бүтүп калганын гана көргүм келет» деди ал.

Негизи көтөрүлүштөн кийин мыйзамдарды бекитип атышканда аттардын пенсияга чыкчу маалы он эки асый, уйлардыкы он төрт жыл, иттердики тогуз жыл, койлордуку жети жыл, тооктор менен каздардыкы беш жыл деп белгилешкен. Андан сырткары карылар үчүн сараңдык кылбоого баары макул болушкан. Чынында азырынча эч ким өргүүгө чыга элек болгонуна карабай акыркы күндөрү пенсия мөөнөтү көп талкууга түшчү болду. Бакчанын артындагы жайытка арпа сээп салышкандан бери картаң айбандар үчүн чоң жайыттын бир бөлүгү тосулуп, өргүүгө чыккандар ошонун ичинде ээн-эркин отттойт деген кеп чыкты. Айтуулар боюнча пенсияга чыккан аттарга жайкысын күнүгө эки килограммдан жем жана жети килограммдан чөп, а майрам күндөрү же сабиз, же алма кошуп берет имиш.

Мына эми Тоотору келерки жылы он эки асый болот…
Бул арада алар аябай кыйынчылыкта жашап атышты. Кыш былтыркыдай эле суук болду, а тоюттун жетишсиздиги андан да катуу сезилип турду. Иттер менен чочколордон башкалардын күнүмдүк тоютун дагы кыскартышты. Баканооздун айтуусу боюнча, үлүш берүүдө теңчилдик, айбанизм түшүнүгүнө туура келбейт экен. Деги кандай болгон күндө да тоют жетишсиздиги тек гана алардын түшүнүгүндөгү нерсе экен. Болбосо алардын курсагын жарылгыча эле тойгузуп жатышканын Баканооз жеңил-желпи эле далилдеп берди. Ал убактылуу кыйынчылыктардан улам үлүштөрдү кайра карап чыгышканын (Баканооз эч качан «кыскартуу» деген сөздү колдончу эмес. Ал «кайра кароо» деп эле койчу), бирок Жонстун убагында мындан да кыйналып жашашканын танбай турганын айтты. Баш айланткан сандарды жаңылмачтай бат-бат айтып отуруп, Жонстун убагына караганда көбүрөөк чөп, көбүрөөк сулу, көбүрөөк чамгыр жеп атышканын, жумуштар жеңилдеп, суунун сапаты оңолуп, жашоолор узарганын, балдардын өлүмү азайып, саман төшөнчүлөр жумшарганын жана бүргөлөр сээлдегенин далилдеп салчу. Жаныбарлар анын ар бир сөзүнө ишенчү. Болбосо Жонстун убагындагы жашоодон эстеринде дээрлик эч нерсе деле калбаптыр. Алар жашоолору оорлошуп, көпчүлүк убактарын суукта тоңуп өткөрүп атышканын, уйкудан сырткары бардык күнү жумуш менен өтөөрүн жакшы билчү. Бирок, буга чейин балким мындан да жаман жашасак керек дешчү. Андан сырткары, алар ал кезде кул болчу, азыр болсо эркин. Бул Баканооз дайыма унутпай эскертчү негизги нерсе.
Бара-бара чарбада кекиртек да көбөйдү. Күзгө жуук төрт чочко отуз бир торопой тууду. Алардын чаар ала кебетеси менен чарбада Наполеондон башка доңуз жоктугун ойлогондо, торопойлордун атасы ким экенин билүү анча деле татаал эмес болчу. Натыйжада ал жакында кирпич, жыгач сатып алып, торопойлор үчүн мектеп курдура турганын жарыялады. Ага чейин аларды жеке өзү ашканада окутуп жүрдү. Жаш торопойлор сыртка чыкканда башка жаныбарлардын бала-чакасы менен аралашууга катуу тыюу салынды. Анын артынан эле жолдон чочко менен бет келишип калган кайсы жаныбар болбосун жол бошотуу буйругу берилди. Андан сырткары, жекшемби күндөрү бардык чочколор даражасына карабай куйругуна жашыл тасма байлап жүрмөй болушту.

Анткени менен жыл жакшы эле түшүмдүү болду. Бирок дале каражат тартыштыгы сезилип турчу. Алдыда дагы мектеп үчүн кум, кирпич, топурак алынышы керек эле. Андан сырткары жел тегирмен үчүн акча чогултушу керек. Дагы эмнелер гана керектелбейт. Керосин керек, үйгө шам керек, Наполеон жегенге кант алыныш керек (семирип кетесиңер деп башкаларга жегенге тыюу салган). Андан сырткары аспаптар, мык, аркан, көмүр, зым, темир менен иттердин тамагы да түгөнүп баратат. Натыйжада бир үймөк чөп, картошканын бир бөлүгү сатылып, жумасына төрт жүз эмес, алты жүз жумуртка сатуу боюнча келишим түзүлдү. Ушундан улам тооктор өтө аз жөжө чыгарып, саны азайып кете жаздады.

Декабрда кыскартылган үлүш, февралда дагы кыскартылды. Керосинди үнөмдөш үчүн устундардагы панарларды жагууга тыюу салынды. Анткени менен чочколор жыргап жашап атышты. Ал тургай жылтылдап семиргени да байкалды. Бир жолу февралдын аяк ченинде короону ушундай жагымдуу, табитти ачкан жыт өрдөп өттү. Жаныбарлар мындайды мурда дегеле жыттаган эмес. Ал Жонстун убагында эле колдонулбай калган ашкананын артындагы сыра кайнатуучу бөлмөдөн келип жаткан. «Арпа кайнатып атышат» деди кимдир бирөө. Айбандар абадан кере-кере дем алып, кечки тамакка сонун ботко даярдалып аткан го деп кыялга батты. Бирок эч кандай деле ботко берилген жок. Кийинки жекшембиде болсо мындан нары бардык арпа чочколорго гана бөлүнөөрү жарыяланды. Бакчанын ары жагындагы талаага эчак арпа эгилген. Ушундан көп өтпөй чочколорго күнүнө жарым литрден, Наполеондун өзүнө болсо эки литрден сыра бөлүнүп, кымбат баалуу аяк менен берилип жатыптыр деген кабар тарады.

Кыйынчылыктар биринин артынан бири келип атканына карабай, жаныбарларды мурдагыга караганда кыйла барктуу жашап калдык деген сезим жубатып турду. Алар буга чейин бир да жолу мынчалык ырдап, жарыш сөздөрдү угуп, салтанаттуу жүрүштөргө чыккан эмес. Наполеон Айбан Чарбанын тарыхында өткөн согуштарды, жеңиштерди эскерип туруу максатында жума сайын тынч жүрүштөрдү өткөрүп туруу буйругун чыгарды. Белгиленген мөөнөттө бардыгы жумуштарын таштап катарга тизилип алып чарбаны айланып чыгышчу. Эң алдыда чочколор басып, андан кийин аттар, уйлар, койлор, анан эң артта тооктор менен каздар жөнөчү. Иттер эки жээктен коштоп, тээ башта Наполеондун кара корозу жүрчү. Тоотору менен Кашка мүйүз менен туяк тартылып, «Жашасын Наполеон!» деген ураан жазылган жашыл тууну көтөрчү. Жүрүш Наполеонго арналган ырлар жана Баканооздун акыркы убактардагы тоют жыйноодогу ийгиликтери тууралуу сөзү менен аяктап, белгилүү күндөрдө мылтык атуу менен коштолчу. Мындай жүрүштөрдү айрыкча койлор аябай жакшы көрөр эле. Кокус кимдир бирөө нааразы болуп (кээде жакын арада чочколор менен иттер жокто андайлар да боло калчу), дайыны жок убакыт коротуп, суукка тоңуп атабыз дей баштаса эле койлор баягы «Төрт бут жакшы, эки бут жаман» дегенин какшанып баштачу. Болгондо да ушунчалык катуу маарашкандыктан, башка кимдин болбосун үнү угулбай калчу. Анткени менен жалпы жонунан мындай салтанаттар жаныбарлардын көңүлүн көтөрдү. Кандай күн болгондо да алардын үстүнөн карай турган кожоюндун жоктугу менен эмне иш болбосун өздөрү үчүн кылып атканы алардын көңүлүн жай кылды. Кыскасы, ырлар, жүрүштөр, Баканооз окуп берген аягы жок сандар, жапырт мылтык атуу, короздун шаңдуу кыйкырыгы, шамалга желбиреген желек анча-мынча болсо да курсактын ачкалыгын унуткарды.
Апрель айында Айбан Чарба өз алдынча республика болуп жарыяланды. Демек эми президент шайлаш керек.

Президенттикке жалгыз гана Наполеон талапкерлигин коюп, бардыгы аны бир добуштан шайлап берди. Мына ошол күнү Картомо менен Жонстун шериктештиги боюнча буга чейин эч ким биле элек документ табылганы жарыяланды. Картомо көрсө өзүнүн митаамдыгы менен Уйкананын алдындагы урушта айбандарды жеңилтип гана тим болбой, ачык эле Жонс тарапка өтүп согушуптур. Чындыгында ал кишилер тарапты согушка баштап кирип, «Жашасын адамзат!» деген кыйкырык менен чабуулга өтүптүр. А анын жонундагы жаралар болсо (жаныбарлардын арасында аз да болсо анын жарадар болгонун унута электер бар болчу) Наполеондун азуусунун изинен башка эмне болмок эле…

Жайдын кап ортосунда канчадан бери дайынсыз жоголуп кеткен карга Мойсей чарбага кайтып келди. Ал эч кандай деле өзгөрбөптүр. Мурдагыдай эле бекерпоздук кылып, баягы эле сүт агып, каймак токтогон дарыялары бар аймак тууралуу жомокторун айтып жүрүптүр. Укканга бирөө табылса эле болду, түркүккө конуп алып, капкара канаттарын калдаңдатып күүлөп-күүлөп коюп бир канча саат бою тынымсыз сүйлөйт.
— Тигине, жолдоштор, — дечү ал тумшугун асманды көздөй жаңсап. — Тетиги кара булуттун нары жагында сүт агып, каймак токтогон дарыя агат. Бизге окшогон байкуш жаныбарлар түбөлүк эс ала турган жай ошол жакта.

Ал эле эмес бир жолу көкөлөп учуп отуруп ошол аймакта болгонун, кант менен эзилген күнжара өскөн чеги жок жапжашыл беде талааны өз көзү менен көрүп келгенин айтты. Көпчүлүк айбандар ага ишенип да калыптыр. «Чала-чарпыт тоюп, таң аткандан күн батканга чейин иштеп жашаганыбызга жараша ошондой жыргал дүйнө болсун да. Чыныгы адилеттүүлүк деген ошол эмеспи» дечү алар. Бирок бир гана нерсени, чочколор менен Мойсейдин мамилесин гана түшүнө алышчу эмес. Себеби чочколор анын кебин укпай, сүт агып, каймак токтогон дарыя тууралуу айткан кебин болбогон нерсе деп кол шилтешкени менен, эч иш кылбай жүргөн немени Айбан Чарбадан кубалабай, ал тургай күн сайын бир чөйчөктөн сыра беришчү.
Күн артынан күн өтүп отуруп, акыр-аягы Тооторунун туягы да калыбына келди. Ал айыккандан бери мурдагыдан да күжүрмөндүк менен иштечү болду. Деги эле бардык айбандар кулагы жок кулдардай иштечү. Алар чарба иштерин бүт аткарып, жел тегирменди кайра тургузуп атканы аз келгенсип, эми март айынан бери торопойлордун мектебин да тургуза баштады. Кээде эле ачка бойдон иштей берүүгө чыдабай калышканы менен, Тоотору дегеле кайратынан жазган жок. Анын сүйлөгөнүн, иштегенин карап туруп мурункудан алсырап калыптыр деп эч ким айтмак эмес. Бирок сыртынан каруусу кеткени даана эле байкалып турат. Баягыдай жүнү кайраттуу тикирейбей, дүңкүйгөн соорусу ичине кирип кеткен. Айбандар «Эптеп көккө илинип алса эле Тоотору кайра оңолот» дешчү. Бирок жаз келип, жер көктөгөнү менен Тоотору ошол аркыйган бойдон калды. Кай бирде алка-шалка түшүп араба толо таш сүйрөп баратса аны кажыбас кайраты эле кармап тургандай сезилчү. Үнү эчак чыкпай калгандыктан, кыбыраган эрди «Мен дагы көбүрөөк иштешим керек» деп тырышып жаткансыыр эле. Бенжамин менен Кашка андан өзүн аяп коюусун өтүнүп жүрүп чарчады. Тоотору алардын кебине маани да берген жок. Он эки асыйга толчу күнү жакындап калгандыктан бир эле нерсени, пенсияга чыкканга чейин колунан келишинче көбүрөөк таш чогултуп алганды гана ойлончу.

Жайкы кечтердин биринде Тоотору кырсыктаганы тууралуу кабар дүңк эле дей түштү. Ал адатынча жел тегирменге жалгыз таш ташыганы кеткен. Жаңылыш айтылбаптыр. Арадан бир-эки мүнөт өтпөй эки көгүчкөн «Тоотору тура албай жатат» деп келди.

Дээрлик жаныбардын баары дөңсөөнү карай жүгүрдү. Жел тегирмендин жанында арабанын жан жыгачтарынын арасында мойнун созуп жатыптыр кайран ат. Көздөрү айнектей тунуп, капталы ак көбүк болуп тердеп алган. Оозунан сызылып кан чыгып атат. Кашка анын алдына тизелей калып:
— Тоотору, сага эмне болду? – деп сурады.
— Өпкөм жарабай калды окшойт, — деди берки араң жан шыбырап. – Эч нерсе эмес, менсиз деле тегирменди бүтүрүп аласыңар. Курулушка жеткидей таш үйүп койдум. Ансыз деле пенсияга чыгаарыма бир айдай калбады беле. Чынын айтсам, өргүүгө чыкчу күнүмдү аябай күткөм. Бенжамин деле карып калды. Эгер экөөбүздү бирдей эс алууга чыгарса, убакытты көңүлдүү өткөрмөкпүз.

— Бизге жардам керек, — деди Кашка. – Кимдир бирөө Баканоозго барып бул жердеги абалды билдирсинчи.
Баканоозго кабар айтыш үчүн жаныбарлар кожоюндун үйүн карай дабырап чуркап кетти. Тооторунун жанында Бенжамин менен эле Кашка калды. Эшек Тооторунун жанына жатып алып узун куйругу менен чымындан коруп жатты. Арадан он беш мүнөт өткөндө катуу кайгырган немедей күйүгүп Баканооз келди. Ал жолдош Наполеон Айбан Чарбанын эң ишенимдүү, күжүрмөн жумушчусуна келген кырсыкка кайгыруу менен көңүл айтканын билдирди. Азыр ал Тооторуну Уиллингдондун ооруканасына дарыланууга жиберүү тууралуу сүйлөшүп атыптыр. Жаныбарлар муну угуп чурулдап жиберди. Буга чейин Молли менен Картомодон башка эч ким Айбан Чарбадан сыртка чыккан эмес. Эми оорукчан жолдошун да адамдардын колуна салып берүүдөн чочулап турушту. Баканооз чарбада колго тийген неме менен дарылагандан көрө, Уиллингдондун ветеринардык ооруканасына көрүнүү алда канча ишенчиликтүү эмеспи деп аларды заматта көндүрдү. Ошентип жарым сааттан кийин Тоотору бир аз өзүнө келип калганда эптеп өйдө тургузушуп, жөлөп-таяп алып Кашка менен Бенжамин алдына самандан кенен төшөгөн бастырмага араң жеткиришти.
Эки күн бою Тоотору ошол жерден чыккан жок.

Чочколор ага ваннадагы кутудан алынган кызгылт дарыдан жиберип турушту. Кашка аны күнүнө эки маал тамактан кийин Тооторуга ичирди. Ал кечкурун кеселдин жанына жатып алып өткөн-кеткенден кеп салып берет. Бенжамин болсо куйругу менен чымындан коруйт. Тоотору өзү ушундай болуп калганына анча кейиген деле жок. Эгер жакшылап дарылашса дагы үч жыл жашап, чоң жайыттагы тосмонун ичинде өргүп жатат элем дейт. Жок дегенде ошол жерден окуганды үйрөнүп, маданий деңгээлин көтөргүсү келет экен. Болбосо буга чейин андайга убакыт таба албай койбодубу. «Калган өмүрүмдү алфавиттеги тамгаларды жаттоо менен өткөрөйүн» деди ал.

Бенжамин менен Кашка Тооторуну жумуштан кийин гана карай алчу. А жүк араба түшкө жуук келип калды. Жаныбарлар ал кезде чочколордун көзөмөлүндө чамгырдын отоосун терип аткан. Аңгыча эле болушунча чуркап, болгон күчү менен айкырып келаткан Бенжаминди көрүп баарынын оозу ачылып калды. Анын мынчалык шашмалап алганын, ал тургай, минтип адыраңдап чуркаганын да мурда-кийин эч ким көргөн эмес.
— Болгула, болгула! – деп кыйкырды ал. – Баскыла бол! Тооторуну алып кеткени калышты!
Жаныбарлар керек болсо чочколордон да суранбай туруп сарайды карай чуркап жөнөдү. Келишсе чын эле короодо эки ат чегилген, үстү жабык, капталында чоң-чоң жазуулары бар жүк араба туруптур. Ат айдай турган секичесинде көздөрү кымыңдаган, баш кийимин баса кийген кичинекей киши отурат. Тоотору болсо ордунда жок экен.
Жаныбарлар арабаны тегеректеп алып:
— Көрүшкөнчө, Тоотору! Көрүшкөнчө! – деп дуулдай баштады.
— Келесоолор, акмактар! – деп кыйкырып жиберди Бенжамин. Ал бир орунга тура албай тыбырап, буту менен жер тепкиледи. – Келесоолор! Арабада эмне деп жазылып турганын көрбөй турасыңарбы эмне?
Айбандар бир саамга токтолуп, айлана тунжурай түштү. Чунак тамгаларды бир-бирден окуй баштады. Бенжамин аны түртүп таштап, тунжураган жымжырттыкты бузуп шатырата окуду:
— «Альфред Симмондс. Касапчы жана желимчи. Уиллингдон. Тери, сөөк алабыз. Итканалар менен иштешебиз». Мына эмне экенин эми түшүндүңөрбү? Тооторуну касапканага алып баратышат!
Жаныбарлар коркконунан дүрбөлөң түшүп кетти. Так ушул маалда жанагы кодо киши шапалагын шилтеп-шилтеп алды эле, аттар атырылган бойдон жөнөдү. Айбандар боздогон бойдон арабанын артынан кетти. Анткени менен араба бат эле күүлөнүп алды. Кашка бечара болгон күчү менен чуркаса да жете алган жок. Кыйла оорлошуп калган неме араң эле дүңкүлдөп барат.
— Тоотору! –деп кыйкырды ал. – Тоотору! Тоотору!
Ким билет, балким анын кыйкырыгын уктубу, же жөн эле тургусу келдиби, айтор арабанын арткы терезесинен Тооторунун кашка маңдайы көрүнө түштү.
— Тоотору! – деп кыйкырды Кашка бир башкача үн менен. – Тоотору! Кач! Кач айланайын! Сени өлтүргөнү алып баратышат!
Башка айбандар да кошулуп кетти.
— Кач, Тоотору, кач!
Бирок күүлөнүп алган аттар барган сайын алыстап баратты. Тоотору Кашканын эскертүүсүн түшүндү окшойт, бир саамга терезеден арылай түштү. Анан арабанын ичинен оор туяктын дүңкүлдөткөн үнү угулду. Көрсө ал арабанын капталын талкалай тепкенге аракет кылып жатыптыр. Кайран ат, илгерки убак болгондо бир-эки тепкенде эле арабанын эшиги ыргып кетмек. Мына эми ал кездегидей күч да жок. Дүңкүлдөк акырындап азайып отуруп, аягында тынчып калды. Айласы кеткен жаныбарлар араба тартып бараткан аттарга жалдырап, токтоп беришин өтүндү.
— Жолдоштор! Жолдоштор! – деп кыйкырып жатышты алар. – Ойлонгулачы, өзүңөрдүн бир бооруңарды өлүмгө алып баратпайсыңарбы!
Бирок мээси жок айбандар, өздөрүнүн караңгылыгы менен кеп эмне жөнүндө болуп атканын түшүнгөн да жок. Анын ордуна кулактарын жапырып алып ого бетер катуу чуркашты. Араларынан бирөө алдыга чуркап барып чоң дарбазаны жаап калмак болду эле, ал да кечигип калды. Араба бир заматта дарбазага жетип, жылт коюп чыгып кетти. Ошону менен Тооторуну эч ким көргөн жок.
Арадан үч күн өткөндө Тоотору канча аракет кылышканына карабай Уиллингдондун ооруканасында жатып көз жумганын кабарлашты. Анын өлүмүн айбандарга Баканооз угузду. Ал Тоотору өлүп атканда жанында туруптур.
— Мындай өлүмдү өмүрү көргөн эмесмин, — деди ал көз жашын аарчып туруп. – Мен анын акыркы демине чейин жанында турдум. Өлөөрүндө такыр эле шайы кетип калды. Сүйлөгөнгө дарамети жок, кулагыма араңдан зорго шыбырап, бир эле арманы бар экенин айтты. «Тегирменди куруп бүтүп анан өлөйүн дедим эле, болбой калды» деди. «Алга, жолдоштор!» деп шыбырады ал. «Биздин көтөрүлүштүн урматына, алга! Жашасын Айбан Чарба! Жашасын жолдош Наполеон! Наполеон айтса туура айтат!» деди. Мына анын акыркы сөздөрү.
Ушул жерден Баканооздун түрү кескин өзгөрүп кетти. Бир саамга унчукпай, айлананы сыдыра карап турду да, анан сөзүн улады.
— Тооторуну алып кеткен күнү чарбаны кайдагы бир келесоодой кеп аралаптыр. Кимдир бирөө арабанын капталынан «касапчы» деген сөздү окуп алып, аны сойгону алып кетти деген жыйынтык чыгарыптыр. Эми ушуга кантип ишенесиңер? Жаныбарлар ушунча пастыкка бармак беле? Мындай болушу да мүмкүн эмес!» — деди Баканооз куйругун ары-бери чамгарактатып. — Сүйүктүү жолбашчыбыз жолдош Наполеон тууралуу минтип жаман ойлоо дегеле жарабаган иш. Баары жөнөкөй эле нерсе болчу. Мал доктур касапчынын арабасын жаңы эле сатып алып, сыртындагы жазуусун өчүргөнгө чолосу тийбей калыптыр. А силер ушул биттей немени киттей кылып чыктыңар.
Жаныбарлар кыйла жеңилдей түштү. Баканооз Тооторунун акыркы мүнөттөрүн майда-чүйдөсүнө чейин сүрөттөп берди. Ага кандай кам көрүшкөнүн, кандай кымбат баалуу дарылар кеткенин, ал эмес Наполеон бир мүнөт да ыргылжың болбой туруп өтө көп акча коротконун укканда акыркы шектенүүлөрү өчүп, кайгылары жеңилдеди. «Жок дегенде акыркы мүнөттөрү жакшы өткөн экен жаныбардын» дешти алар.
Кийинки жекшембиде Наполеон жеке өзү жыйналышка келип, Тооторуну кыскача эскерип кетти.
— Ыраматы болгур жолдошубуздун сөөгүн алып келип жакшылап жерге бере албасак да, мүрзөсүнө коюу үчүн бакчада өскөн арчадан чоң гүлчамбар жасап Уиллингдонго салып жиберели, — деди ал. Чочколорго болсо бир канча күндөн кийин Тооторуну эскерүү кечесин уюштурууну тапшырды.
Сөзүнүн аягын Наполеон Тооторунун «Мен дагы көбүрөөк иштейм!» жана «Жолдош Наполеон айтса туура айтат!» деген ураандары менен аяктады. «Бул ураандар ар бир жаныбардын жүрөгүнөн орун алса жаман болбойт» деди ал.
Эскерүү күнүндө кожоюндун үйүнүн алдына Уиллингдондон суусундук ташыган араба келип, бөтөлкө толо килейген жашик таштап кетти. Кечкисин үйдөн заңкылдаган ырлар, анын артынан дапыраган мушташ, анан саат он бир чендерде шарактап айнектин сынганы угулду да, анан барып тынчып калышты. Ошону менен кийинки күнү түшкө чейин үйдөн кыбыр эткен жан чыккан жок. Чарбада болсо чочколор кайдан-жайдан акча таап, бир жашик виски сатып алыптыр деген ушак тарады.

X БӨЛҮМ
Жылдар жылып өтүп, мезгилдер арты-артынан алмашты. А жаныбарлардын кыска өмүрү ого бетер тез өтүп жатты. Акыры Кашка, Бенжамин, карга Мойсей менен бир канча чочкодон башкалары көтөрүлүшкө чейин кандай жашаганын унутуп калган учур да келди.
Чунак өтүп кетти. Ичкебел, Иймеккаш, Тиштээк үчөө тең кайтыш болду. Жонстун өзү да тээ алыс жактарда, ичимдикке берилгендер үчүн ачылган жайда жүрүп көз жумду. Картомону баары унутту. Тооторуну эстегендер деле бирин-экин гана калды. Кашка болсо кыйлага барган балпайган бээ болду. Тизелери бүгүлбөй, көзүнөн дайыма шор агып турчу. Мындан эки жыл мурун эле пенсияга чыгышы керек болчу. Бирок, ушуга чейин бир да жаныбар өргүүгө чыга элек. Картаңдар үчүн жайыттын бир бурчун бөлүп берет экен деген сөз айтылбай деле калды. Наполеон балтайып толду. Болжол менен жүз элүү килодой бар го. Баканооз да күлтүйүп семирди. Көздөрү араң эле кымыңдап көрүнөт. Бир гана картаң Бенжамин кандай болсо, ошондой бойдон калды. Тумшугундагы түгү бир аз агарып, Тоотору өлгөндөн кийин ого бетер унчукпас, сөзгө сараң болуп кеткени эле болбосо баягы эле Бенжамин.

Айбан Чарбадагы жаныбарлар көбөйгөнү менен, көтөрүлүштүн биринчи жылында байкалгандай катуу өсүш деле болгон жок. Андан бери далай балдар туулуп өстү. Алар үчүн көтөрүлүш ооздон-оозго айтылып калган жомок сыяктуу болчу. Бир канча жаныбарды сырттан сатып алышты. Булар болсо Айбан Чарбага келгенге чейин көтөрүлүш тууралуу дегеле укпаптыр. Азыр чарбада Кашкадан башка дагы үч ат бар. Ден-соолугу чың, күчтүү, иштерман бээлер. Жакшы жолдоштор, бирок мээ дегенден эч нерсе жок. Бирөө дагы Б тамгасынан нары өтө албады. Алар көтөрүлүш, айбанизмдин негиздери тууралуу эмне айтылса, ошонун баарына макул болчу. Айрыкча өз энелериндей көргөн Кашканын айткандарына кыңк этишчү эмес. Бирок, кеп эмне жөнүндө болгонун түшүнчү да эмес көрүнөт.

Чарбада иштер жолго түшүп, мурункуга караганда байып да калды. Айбан Чарбанын аймагы мистер Пилкингтондон сатып алынган эки талаага кеңейди. Акыры жел тегирмендин да курулушу аягына чыкты. Эми аларда тегирмен, чөп жыйгыч иштеп баштады. Дагы кошумча сарайлар салынды. Вимпер өзүнө чакан араба сатып алды. Бирок алигиче жел тегирменге генератор орнотуша элек. Ага дан тартышат, а бул аз акча таппайт да. Эми жаныбарлар күчүн аябай дагы бир тегирмен курууга киришти. Ошону бүтүргөндө генератор орнотобуз деп жүрүшөт. Бирок баягы бир кездерде Картомо кеп кылган ар бир устунга орнотулган электр лампа, ысык суу, муздак суу, эмгек күнүнүн кыскарышы дегендердин бирөө да оозго алынбай калды. Наполеон андай ашыкча ырахат айбанизм түшүнүгүнө дал келбейт деп койду. «Жан аябай иштөө жана карапайым жашоо – мына ушул чыныгы бакыт эмеспи» деди ал.

Айтмакчы, Айбан Чарба байыганы менен, иттерден, чочколордон башка жашоочулардын турмушу оңолуп деле кеткен жок. Бул балким алардын бир аз көбөйүп кеткенинен да болду окшойт. Албетте ит-чочколор эч кандай иш кылбайт деп айтканга деле болбойт. Ар ким өзүнө жараша иштеп атат. Баканооздун тажабай түшүндүргөнүнө караганда, жумуш бөлүштүрүү менен уюштуруу иши да чоң эмгек талап кылат экен. Бул ушундай татаал жумуш болгондуктан, чочколордон башка эч бир жан аны түшүнүүгө мээси жетчү эмес. Мисалы, Баканооздун айтымында чочколор «маалыматтар», «эсептер», «протоколдор», «докладдар» деп аталган түшүнүксүз нерселерди түзүү үчүн күн сайын өтө көп эмгек каржашат экен. Бул деген килейген-килейген кагаздар деди ал. Алар кылдаттык менен толтурулган соң мешке ыргытылат имиш. Мына ошонун арты менен Айбан Чарбасы кыймылдап атат деп ишендирди. Анткени менен чочколор дагы, иттер дагы кенедей бир өндүрүш кылчу эмес. Анан калса быжырап көбөйүп алганычы. Ал эми напсилерин айтпай эле койолу.

Башка жаныбарлардын жашоосу болсо, эстегендери боюнча, кандай болсо ошондой бойдон эле калды. Дайыма эле курсактары толук тойбойт, саманга жатып укташат, сууну көлмөдөн ичишет, талаада иштешет, кышында сууктун, жайында чымын-чиркейдин азабын тартышат. Кай бирде кээ бир улуураактары картайып бараткан мээсин чукулап, Жонсту кубалап, көтөрүлүш кылгандан кийин жакшы жашап калыштыбы, же жаман жашап калыштыбы деп эстегенге аракет кылчу. Бирок, эстерине эч нерсе түшчү эмес. Алар бүгүнкү турмушун Баканооздун барак толо сандарынан башка эч нерсе менен салыштыра албай калды. А анын сандары жашоонун укмуш жакшырганын гана далилдеп тура берчү. Акыры айбандар чындыкты таап чыкканга шарттары жетпей турганын моюнга алды. Анан калса аларда ойлонууга да убакыт жок эле. Бир гана картаң Бенжамин өткөн өмүрүн майда-чүйдөсүнө чейин эстеп, «Биз эч качан жаман да, жакшы да жашаган эмеспиз. Ачарчылык, жан кыйнаган жумуш, алданган үмүттөр — мына ушунун баары жашоонун өзгөргүс мыйзамы» дечү.

Ошого карабай жаныбарлардын дымагы өчкөн жок. Анан калса алар Айбан Чарбанын жараны болуу бактысы өздөрүнө буюрганын да такыр унутушчу эмес. Себеби айбандар ээлик кылып, айбандар башкарып аткан чарба бүтүндөй мамлекетте, бүтүндөй Англияда бирөө гана эмеспи. Буга бардык жаныбарлар, керек болсо эң жаштары да, он беш, жыйырма чакырым алыстыктагы чарбалардан жаңы эле сатып келинген эң жаңылары да мактана карачу. А мылтыктар жапырт атылып, жашыл желек асманга желбирей көтөрүлгөндө алардын жүрөгү чексиз сыймыктан балкып, кандай сөз болбосун аягы келип баягы Жонсту кубалаган, жети осуятты түзүп, баскынчы адамдарды кубалап чыккан эрдиктерге такалчу. Илгерки кыялдардын бирөө да унутулган жок. Алар дагы эле Корбашынын айткандары ишке ашаарына, Англия Айбандардын Республикасына айланып, анын аймагында бир да кишинин изи калбайт дегенге катуу ишенчү. Ооба, бир күнү ал күндөр да келет. Балким ал күндү дагы көпкө күтүшөөр, балким ал күнгө булардын эч кимиси жетпейттир, бирок ал күн сөзсүз келет. «Англиянын айбандарын» дагы эле бирде тигил жерде, бирде бул жерде тымызын кыңылдап ырдап калышчу. Аны ачык ырдай алышпаганы менен баары билчү. Мейли жашоолору оор болсун, мейли кыялдары ишке ашпасын, баары бир алар башка чарбадагы айбандардан айрымалуу экенин сезишчү. Алар ачка калса зордукчул кишилердин айынан ачка калган жок, жумуштары оор болгону менен өздөрү үчүн иштеп атышат. Араларынан эч кимиси эки буту менен басып, башка бирөөнү кожоюн деген жок. Бул жерде бардык айбандар бирдей.

Бир жолу жай башында Баканооз койлорго «Артыман баскыла!»деп буйрук берип, Айбан Чарбанын ак кайыңдар өскөн наркы башына ээрчитип кетти. Койлор ал жерде кечке чейин Баканооздун көзөмөлүндө кайыңдын жалбырактарын жеп жүрдү. Кечкисин Баканооз жалгыз кайтып, тигилерди ошол жакка түнөгүлө деп таштап койду. Дагы жакшы аба-ырайы жылуу болчу. Ошону менен алар эч кимге жолукпай бир апта бою ошол жакта жүрдү. Баканооз күн бою койлор менен жүрөт. Өзүнүн айтуусу боюнча, жаңы ыр жаттатайын деп атайын тынчыраак жерге барышыптыр.

Ошентип бир күнү кечке жуук койлор кайрадан сарайга кайтып, жаныбарлар жумуштарын бүтүрүп чарбаны карай чубап келатканда короодон коркунучтуу кишенеген үн угулду. Баары кадап койгондой катып калышты. Көрсө Кашка кишенептир. Аңгыча ал экинчи жолу ачуу кишенеди эле бардыгы чуркаган бойдон короого кирип барды. Кашка көргөндү алар да ошол жерден көрдү.

Баарынын көз алдында бир чочко арткы буттары менен басып жүрдү…
Баканооз экен. Мурдатан көнбөгөндүктөн ошончо салмакты эки буттап кармап жүрө албай аябай кыйналып атат. Бирок болбой эле нары-бери басып жүрдү. Аңгыча кожоюндун үйүнөн башка чочколор да чыкты. Баары тең арткы буту менен басып алган. Кээ бирөө жакшы үйрөнүптүр, кээ бирөө араң эле жүрөт. Бир-экөө таяк таянып алса деле болгудай. Бирок ошого карабай баары тең короону ийгиликтүү басып өтүштү. Эң аягында иттер арсылдай үрүп, короз кулак тундура кыйкырды да, үйдөн Наполеондун өзү чыга келди. Түптүз кекирейе туруп, эки жагын каадалана карады. Иттер айланасында шыйпаңдап жүрөт. Колуна шапалак кармап алган.

Чымын учса угулчудай жымжырттык басты. Көздөрү алайып, таноолору дердеңдеген жаныбарлар топурап үйүлүп алып ээрчише басып жүргөн чочколорду карап турушту. Кудум бүтүндөй аалам аңтарылып кеткенсиди. Ошентип таңдануунун биринчи эпкини өтөөрү менен иттердин жүрөктүн үшүн алчудай күрсүлдөп үргөнүн да, канчадан бери эч нерсеге каршы чыкпай, эч нерсени сындабай жүрүп көндүм болуп калган адаттарын да аттап өтүп нааразычылык билдирмей болушту. Бирок дал мына ошол убакта кимдир бирөө буйрук берген немедей койлор какшанып кирди:

— Төрт бут жакшы, эки бут сонун! Төрт бут жакшы, эки бут сонун! Төрт бут жакшы, эки бут сонун!
Алар беш мүнөт бою тынымы жок маарады. Качан жаактары басылган кезде чочколор ээрчише басып үйгө кирип кетти. Ошону менен нааразычылык билдирүүнүн мааниси да калган жок.
Кимдир бирөө тумшугу менен Бенжаминдин жонун нукуду эле, артына кылчайса Кашка туруптур. Көзү баягыдан да тунаргансып калган. Эч нерсе дебей туруп акырын жалынан тартып, чоң сарайдын Жети Осуят жазылган дубалына алып келди. Экөө бир канча мүнөттөй чайырланган дубалдагы аппак жазууларды карап калышты.
— Мен такыр эле көрбөй калдым, — деди акыры Кашка. – Чынында бул жердеги жазууларды жаш кезимде деле айрымалай алчу эмесмин. Бирок, дубал бүгүн өзгөргөнсүп турат. Кана, Бенжамин, баягы жети осуят ошондой эле турабы?
Ошондо гана Бенжамин өзүнүн эрежесин биринчи жолу бузуп дубалдагы жазууну окуп берди. Ал жерде бар болгону бир гана осуят калыптыр.
БАРДЫК ЖАНЫБАРЛАР ТЕҢ УКУКТУУ. БИРОК КАЙ БИР ЖАНЫБАРЛАР БАШКАЛАРДАН АРТЫГЫРААК ТЕҢ УКУКТУУ
Эртеси күнү көзөмөлчү чочколор жумушка шапалак көтөрүп чыкканда да көп таң калышкан жок. Радио сатып алышканда, телефон койдурабыз дегенин укканда, «Жон Буль», «Тит-битс» журналдары менен «Дейли Миррор» газетасына жазылганда да таң калышкан жок. Наполеон бакчада мүштөгүн түтөтүп нары-бери сейилдеп басканда да таң калышпады. Ал тургай чочколор мистер Жонстун кийимдерин кийип алганда да таң калуу болбоду. Наполеон кара бешмант, галифе шым, булгаары өтүк кийип, сүйүктүү жубайына миссис Жонстун жибек көйнөгүн ыйгарды.

Бир аптадан кийин Айбан Чарбага арабалар келе баштады. Көрсө кошуна чарбалардын өкүлдөрү Айбан Чарба менен таанышканга келиптир. Коноктор чарбаны кыдырып чыккан соң, дээрлик бардык көргөндөрүнө, айрыкча жел тегирменге катуу таң калганын билдиришти. Жаныбарлар ал кезде чамгыр талаасын отоп жүргөн. Алар же чочкодон көбүрөөк коркоорун, же кишилерден көбүрөөк коркоорун билбей, башын жерге сайып алып иштеп атышты.

Кечкисин кожоюндун үйү тараптан шарактаган күлкү, заңкылдаган ыр угулду. Жаныбарлар аралаша чыккан үндүн кимиси ким экенин тааный албай кызыга баштады. Деги ал жакта эмне болуп атат? Кандай болгон күндө да айбандар менен адамдар биринчи жолу бирдей деңгээлде жолугуп атышпайбы. Натыйжада баары шыбыш чыгарбай басып үйдү карай жөнөдү.

Дарбазанын алдына келгенде жайлап, тайсалдай калышты эле Кашка алдыга түшүп ээрчитип кетти. Буттарынын учу менен жүрүп отуруп үйгө жетип, бою жеткендер аш үйдүн терезесинен шыкаалай баштады. Узун столдун жээгинен алты фермер менен дагы ошончо жогору даражалуу чочко орун алыптыр. Наполеондун өзү столдун эң төрүндөгү сыйлуу орунга жайгашкан. Көрүнүшкө караганда чочколор орундукка жакшы эле көнүшкөндөй. Кыязы кумар ойноп атышса керек. Бирок так ушул маалда каалоо-тилек айтуу үчүн оюндарын токтото турушту. Стол үстү менен көөкөр айланып, чөйчөктөргө сыра толтурулду. Терезеден таңыркай карап турган айбандарды эч кимиси байкаган жок.

Түлкүтокой чарбасынан келген мистер Пилкингтон чөйчөгүн кармап ордунан турду. Бир аздан кийин баардык конокторду чөйчөк көтөрүүгө чакырарын, бирок ага чейин бир-эки сөз айтпаса болбой турганын билдирди ал.
— Канча жылдан бери уланып келаткан ишенбөөчүлүк менен түшүнбөстүк аягына чыкканына өзүм гана эмес, эч шек-күмөнсүз ушул жерде отургандардын баары кандай кубанып отурганын сөз менен айтып түгөтө албайм, — деди ал. — Албетте менде да, ушул жерде отургандарда да андай сезим болбогону менен, ушундай убакыттар болду, кошуна чарбадагылар Айбан Чарбанын урматтуу кожоюндарына душманча дебейин, бирок кандайдыр бир коркунуч менен карачу. Ортодо өкүнүчтүү кагылышуулар, туура эмес түшүнүктөр болду. Чочколорго таандык болуп, чочколор башкарган чарба адаттан тыш нерседей көрүнгөндү мындай кой, андай чарба сөзсүз айланадагы чарбаларга терс таасирин тийгизет деп эсептешти. Көпчүлүк, ал тургай өтө көпчүлүк чарбакерлер эч кандай сурамжылоо жүргүзбөй туруп эле мындай чарбада баш аламандык, шалаакылык өкүм сүрөт деген ишенимде жүрдү. Алар мындай чарбанын болушу колундагы жаныбарларына гана эмес, жумушчуларына да терс таасир берет го деп санааркады. Бирок, бүгүн минтип бардык шектенүүлөр аягына чыгып отурат. Бүгүн мен досторум менен Айбан Чарбага келип, кылдаттык менен баарын карап отуруп аягында көп нерсеге күбө болдум. Эң алдыңкы башкаруу ыкмаларына гана эмес, бардык чарбакерлер үлгү алгыдай тартипке, тактыкка күбө болдум. Азыр эгер Айбан Чарбада төмөнкү даражадагы жаныбарлар башка чарбаларга караганда көп иштеп, тоютту аз алат десем акыйкатка каршы сөз айткан болбойм деп ишенем. Кыскасы, мен жана менин досторум бүгүн эч кечиктирбей өз чарбабызга ала кетчү көп нерселерди көрдүк.

— Сөзүмдүн аягында, — деди мистер Пилкингтон, — Айбан Чарба менен анын кошуналарынын ортосундагы буга чейин сакталып келген достук мындан ары да сактала беришин дагы бир жолу баса белгилегим келет. Чочколор менен кишилердин кызыкчылыгы кандай болсо да бири-бирине каршы келбейт жана каршы келбеши керек. Алардын койгон максаты бир, күрөшкөн кыйынчылыгы да бир. Же эмне жумушчу күчү маселеси бардык жерде бирдей эмеспи?

Ушул жерден мистер Пилкингтон угуучуларын мурдатан даярдай келген курч тамашасы менен күлдүрөйүн деди эле, бирок өзүнүн күлкүсү кармап, ыкшып күлүп атып сүйлөй албай калды. Боору эзилип, богоктору кызарып кеткиче күлүп жатып өзүн араң дегенде токтотту.
— Силерге төмөнкү баскычтагы айбандарды кармоо туура келсе, — деди ал, – бизге ылдыйкы таптагы кишилерди кармоо туура келди!

Столдо отургандар дуу жарылып, күлкүдөн кыйрап калды. Акыры мистер Пилкингтон чочколорду Айбан Чарбадагы өлмөсөк берилген үлүш, узака созулган жумуш сааты жана эч бир бошоңдобогон тартипке жетишүүсү менен куттуктады.
Ошону менен ал дасторкондо отургандарды ордунан туруп, колдорундагы чөйчөктөрүн унутпай толтурушун суранды.
— Урматтуулар! – деп жыйынтыктады ал сөзүн. – Урматтуулар, мен азыркы тостумду Айбан Чарбанын гүлдөп өсүүсү үчүн алгым келет!
Дүркүрөтө кол чаап, дүңгүрөтө жер тепкилешти. Айтылган кеп Наполеонго ушунчалык жаккандыктан, чөйчөгүн түп көтөрө алаардан мурун ордунан туруп барып Пилкингтон менен чөйчөк кагыштырды. Дүркүрөгөн кол чабуулар аяктаган кезде али ордуна отура элек Наполеон бир канча сөз айткысы келгенин билдирди.
Наполеон адаттагыдай эле кыска-нуска сүйлөдү. Ооба, түшүнбөстүктөрдүн аяктаганына ал дагы кубанып туруптур. Көп убактан бери эл ичинде аны жардамчылары менен бузуку, ал тургай төңкөрүшчүл көз карашта деген ушак-айыңдар жүрүп атты. Албетте мунун баары ичи тарлардын кылыгы экенине толук кепилдик бар. Алар кошуна чарбадагы жаныбарларды көтөрүлүшкө чакырып атат дегенди да жармаштырышыптыр. Мунун баары баштан аяк ушак! Булардын буга чейин да, мындан кийин да каалаганы бир гана тынчтык жана кошуналар менен жакшы катнашта болуу. Андан сырткары Наполеон өзү башкаруу сыймыгына ээ болуп турган чарба жөн гана кооперативдик ишкана экенин, андагы мал-мүлктүн ээлери жалпы чочколор экенин кошумчалады.

— Мен, — деди Наполеон, — буга чейинки шектенүүлөр аягына чыкканына ишенем. Бирок ортодогу ишенимди дагы бекемдеш үчүн кай бир эрежелер дагы өзгөртүлөт. Мисалы, ушуга чейин айбандардын арасында бири-бирин «жолдош» деп чакырган кызыктай адат бар болчу. Аны өзгөртүш керек. Анан дагы күн сайын эртең менен устунга кагылган камандын куу башынын алдынан салтанаттуу марш менен өткөн жапайы адат бар эле. Ал адат дагы токтотулганы турат. А куу башты болсо эчак көмүп таштаганбыз. Биздин коноктор дагы, албетте, желбиреп турган жашыл желекти көрсө керек. Мурда андагы ак сыр менен тартылган туяк менен мүйүздүн элеси көздөрүнө урунуп келсе, эми алар дагы жок. Желегибиз бүгүнтөн баштап түбөлүккө чейин тек гана жапжашыл түс алат.

Мистер Пилкингтондун кошуналык жылуу сөзүнүн бир гана жерин тууралагым келет. Урматтуу коногубуз өзүнүн сөзүндө биздин чарбаны Айбан Чарба деп атады. Албетте, Айбан Чарбанын доору бүткөнүн бүгүн биринчи жолу жарыялаганыбыз үчүн, мистер Пилкингтон аны билмек эмес. Мындан нары биздин чарба тээ мурункусундай эле Бай Чарба деп аталат.

— Урматтуулар, — деп сөзүн жыйынтыктады Наполеон. – Мен жанагы эле тостту бир аз өзгөртүү менен көтөргүм келет. Чөйчөгүңөрдү кырбуусуна чейин толтурсаңар. Урматтуулар, эмесе Бай Чарбанын гүлдөп өнүгүүсү үчүн алып жиберели.
Дуулдаган кол чабуулардын коштоосунда чөйчөктөр түп көтөрө алынды. Ушул убакта сырттан карап турган жаныбарлардын көзүнө кандайдыр бир сыйкырдуу нерсе болуп аткандай сезилди. Эмнегедир чочколордун бети өзүнө-өзү окшошпой баратты. Кашканын көзү улам бир чочкодон башка чочкого чуркады. Алардын кай биринде беш кабат, кай биринде төрт кабат, кай биринде үч кабат богок бар эле. Эмнеге келбеттер минтип эрип баратат? Кол чабуулар бүткөн соң столдогулар колдоруна карталарын алып, тыныгып калган оюнун андан нары улады. Жаныбарлар болсо акырын короолоруна кайтты.

Бирок жыйырма кадамдай өтүп-өтпөй токтоп калышты. Кожоюндун үйүнөн кыйкырышкан үндөр жаңыра баштагандыктан кайра чуркап келип терезеге жабылышты. Болжогондой эле ичкериде отургандар кыйкырышып, столду койгулап, бири-бирине атырылып сөгүшүп атыптыр. Кыязы Наполеон менен мистер Пилкингтон экөө тең көзүр тузду бирдей таштаган окшойт.
Натыйжада он эки үн бири-бирине тажаалдана кыйкырып, кайсынысы кимдики экени билинбей аралашып эле калды. Мына ошол жерден чочколордун жүзү эмне болуп атканы жаныбарларга түшүнүктүү болду. Алар бирде чочколорду карап, бирде кишилерди карап атып, аягында кимиси чочко, кимиси киши экенин таба албай калышты.
1943-1944

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *