Орусия империясынын оторчулук саясатын ар тараптан ачып берүү тарыхчылардын башкы милдеттеринин бири. Ансыз эгемендүүлүктүн баркын аңдап билүү мүмкүн эмес. Оторчулук аракет – бул жаңыдан каратылган калктын үстүнөн бир тараптуу чечимдердин кабыл алынышы, укуктарынын болуп көрбөгөндөй чектелиши, алардын ой-пикири, каада салты, маданияты, дини, тарыхынын басмыртталышы, кыскасы, карамагындагы калкты кыңк эттирбей башкаруу. Кыргыз эли Орусия империясына баш ийдирилгенден соң оторчулук саясаттын туташ зомбулугуна кабылган. Алардын бири кыргыз элинин тарыхый эстутумуна каршы жасалган аракеттер.

ХIХ кылымдын 2-жарымынан тарта Түркстан чөлкөмүн башкарган падышалык төбөлдөр, кыргыз жергесине көчүп келген славян калкынын өкүлдөрү айыл-кыштактардын, шаарлардын аталыштарын өзгөртүү менен элдин эстутумунан нукура тарыхый аталыштарды чыгарууну, каратылган аймакты Орусиянын катардагы бир провинциясына айландырууну көздөшкөн. Ала-Тоо аймагындагы, айрыкча Сары-Өзөн-Чүй боору менен ыйык туткан Ысык-Көлдүн тегерегиндеги Александровка, Николаевка, Ивановка, Алексеевка, Петровка, Романовка, Семеновка, Быстровка, Гавриловка, Орловка сыяктуу айыл-кыштактарды аралаганда өзүңдү Кыргызстанда эмес, Орусияда жүргөндөй сезесиң. Алардын тарыхын изилдей келгенде кызыктуу маалыматтар ортого калкып чыгат.

Оторчулуктун алгачкы жылдарында Кыргызстандын көк мелжиген кооз бир тоо кыркасы «Александровский хребет» деп аталып калган. Аны аймакка келген орус саякатчылары падышага жагынуу, жасакерленүү үчүн ыйгарышкан. Ошондон тарта кыргыз тоолоруна чоочун ысымдарды коюу уланып, 1988-жылы Теңир-Тоонун бир чокусуна «Орус чокунганына 1000 жыл» деп коюлса, 2010-жылы эле Чүй облусундагы дагы бир чокуга Владимир Путиндин ысмы берилген. Оторчулук доордо башталып, совет доорунда уланган бул салт эгемендүүлүк жылдарында тыйылган жок. Ошентип, Орусия империясынын оторчулук аракетинен улам, санжыралуу кыргыз жер-суу аталыштары оңду-солду орусча аталыштар менен алмаштырыла баштаган. Натыйжада тарыхка сокку урулган. Анткени жер-суу аттары тарыхты окуп билүүдө зор мааниге ээ. Экинчи жагынан дыйканчылыкка ыңгайлуу эгин талааларын, кыштоолорун «артыкбаш жерге» чыгарышып, кыргыздарды тоо таянта сүрүп, бошотулган жерлерди Борбордук Орусиядан жана Сибирден жер которуп келген келгиндерге күч менен тартып берген оторчулуктун зордук-зомбулугун билдирет.

Архивдик булактарга көз чаптырсак, 1868-жылдан 1892-жылга чейин кыргыздар басымдуу жашаган Жети-Суу облусуна 4200 үй-бүлө көчүрүлүп, 100гө жакын орус-украин кыштагы түптөлгөн. Кыргыздарды өз жерлеринен сүрүп чыгаруу аракети ХX кылымдын башында өзгөчө күчөгөнүн архивдик маалыматтар да ырастайт. Ал тууралуу Жети-Суу облусунда чыгуучу «Семиреченские областные ведомости» гезити 1912-жылы 9-декабрда сыймыктануу менен мындайча жазат: «пишпек уездинин башчысы п.н. затинщиковдун келгиндер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргелешип иштегендигинин натыйжасында, пишпек уездинде колониялаштыруу иштери эң мыкты жыйынтыктарды берди. Уездде келгиндерди орноштуруу үчүн жүздөй бөлүмдөр түзүлүп, бош жерлер арбын табылып, анын 28ине (28 кыштагына – м.к.) орустар жайгаштырылды». Бул жылдары кыргыздардын жерлерин келгиндерге тартып берүү Пржеваль уездинде да өтө тездик менен жүргөн. Аны Түркстан чөлкөмүнүн ошол кездеги генерал-губернатору, генерал-лейтенант Кондратевич 1906-жылы Ысык-Көлдү кыдырганда, Талды-Булактан баштап кыргыздардын турмушу өтө начар экендигин, алардын дыйканчылыкка ыңгайлуу 50 миң теше жерин келгин орустар тартып алганынан көрөт. Натыйжада, 1907-жылдан 1912-жылга чейин Пржеваль уездинде 22 орус кыштагы, 14 хутор түптөлгөн. Бул айыл-кыштактар жаңыча аталып, тарыхый аталыштарынан кол жууп калганын көптөгөн тарыхый булактар далилдейт. Оторчулук доордо ыйгарылган айылкыштактардын аталыштарын изилдей келгенде алар:

– Падыша жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ысымдары менен;

– П а д ы ш а м и н и с т р л е р и н и н , ж е р г и л и к т ү ү г е н е р а л -губернаторлордун, төбөлдөрдүн ысымынан;

– Христиан чиркөөсүнүн аттары менен;

– Алгач көчүп келген орус дыйкандарынын, ал жерде жашаган кулактардын, алардын бала-чакасынын аттары менен;

– Борбордон келген ар кандай мартабалуу коноктордун, саякатчылардын убактылуу токтогон же каза болгон жерлерине алардын ысымдарын ыйгаруу аркылуу;

– Орусиядагы айыл, шаар, губерниялардын аталыштары менен;

– Кыргыз тилинин тоскоолдугунан улам которулганына күбө болдук. Шаар, айыл-кыштактардын атын өзгөртүүдө же жаңы коюуда жергиликтүү эл менен кеңешүү эч болбогонун архив булактарынан кезиктирдик. Бардыгы бир ууч гана келгин элдин өкүлдөрүнүн демилгелери менен ишке ашып турган. Анда Алма-Ата, Ташкент, Санкт-Петербург шаарларынан жыйналган архивдик материалдарга таянып, оторчулук доордо шаар, айыл-кыштактардын орусча аталып калганына кененирээк токтололу.

Падыша жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ысымдары менен аталган шаарлар жана кыштактар

Падыша ысымдары менен шаарларды, айыл-кыштактарды, жер-сууларды атоо айрыкча Орусия мамлекетинде көп таркаган. Дүйнөнүн түркүн мамлекеттеринде адам атын ыйгаруу Орусиядагыдай көп учурай бербейт. Балким, бул ар бир улуттун өзгөчөлүгүнөн уламдыр же маданий өнүгүш деңгээлине жарашадыр. Айтор, падыша же жалпы эле адам ысымдары менен шаарларды атоо башка мамлекеттерде чанда гана кездешет. Ошондон уламбы, Кыргызстандагы тарыхый аталыштардын алмашуусу Орусия империясынын оторчулук доорунда, андан соң аны мурастап калган совет доорунда өтө тездик менен жүргөн.

Жогоруда айтылгандай Кыргыз тоолоруна «Александровский хребет» деген аталышты жергебизге келишкен алгачкы тыңчы-саякатчылар падышага жасакерленүү үчүн ыйгара салышкан. Мындай аракет Түркстан чөлкөмүндө оторчулук саясаттын күчөшү менен өрчүйт. Чөлкөмгө «жарым пааша» болуп келген фон Кауфман башта падышанын эң жакын кишиси болгонун эч унута албай, ошондой эле Ташкентке келгенинин 10 жылдыгынын урматына Ташкент шаарын «Александроград шаары» деп аталышына өзгөчө кызыкдар болгон. Ал 1877-жылы 30-августта Согуш министрине: «Сиздин улуу урматыңызга таазим кыла, сизден Ташкент шаарын «Александроград шаары» деп өзгөртүүгө болоор бекен, урматтоо менен сураныч кылам», – деген өтүнүч катын жолдойт. Өтүнүчтү министрликтин жыйынында атайын карап чыгып: «… Түркстан генерал-губернаторунун өтүнүчүн канааттандырууну Ташкентке көпчүлүк калк (Орусиядан көчүп барышкан – К.М.) отурукташмайынча жана жалпы эле биздин Орто Азиядагы ишибиз чыңдалгыча коё турууну Комитет ыңгайлуудур деп тапты» – деп жооп беришкен.

Ташкент ал убакта Түркстан чөлкөмүнүн борбору болгон. Кийин бул иштин кайра каралбай калганын падыша Александр, андан соң «жарым пааша» аталган фон Кауфмандын каза болушу менен байланыштырууга болот. Ошентип өз убагында бүтүндөй Түркстан чөлкөмүнүн борбору Ташкент Александроград шаары деп аталып калышына аз калган. Бирок Ташкент шаарынын аталышы сакталып калганы менен ал мезгилде чөлкөмдөгү айыл-кыштактар, шаарлар падышанын, анын балачакасынын ысымдары менен аталып турган. Алсак, Кыргызстандагы Александровка, Петровка, Петропавловка, Алексеевка, Николаевка, Романовка аталышындагы кыштактар падышага жасакерленүү менен коюлганын архивдик маалыматтарда баяндалат.

Кыргызстанда Николаевка, Ново-Николаевка деген аталыштагы айылдардын бири Пржеваль, бири Пишпек уездинде пайда болгон. Пишпек уездиндеги Каракунуз деген дунгандардын айылында 1903-жылы 14-январда болуштук курултай өтөт. Анда каракунуздук дунгандар өздөрүнүн Кытайдан жер которуп келгендигинин 25-жылдыгын белгилөө үчүн падышага жасакерленип төмөндөгүдөй салтанатты өткөрүүнү чечим кылышат:

Каракунуздагы бардык мечиттерде император Николай Александровичтин ден соолугун, узак өмүрүн тилеп жана бейиши болгур Александр IIни эстеп, алар менен бирге генерал Г.А. Колпаковскийдин арбагына арнап кудайга сыйынуу иштерин жүргүзүүнү…

Каракунуз айылын учурда бийлик жүргүзүп жаткан император Николай Александровичтин ысымына которууну жогору жактан өтүнүшүп кайрылышат. Бул өтүнүч катка 51 адам кол коёт. Бирговордун (өтүнүч каттын) жасалма эмес экендигин бышыктап болуш Санджур Лющенло өзүнүн мөөрүн басып, колун коёт. 1903-жылы 17-августта император Николай өзү Каракунуз айылын Николаевский деп аталуусуна макулдугун берет.

Жогоруда келтирилгендей өтүнүч каттын негизинде Анжиян уездинде жаңы пайда болгон айылга да Николайдын ысмы берилет. Ошондой эле азыркы Москва районундагы дунгандар жашаган Александровка айылына да падышанын аты ыйгарылган. Ошол кезде падышанын ысмын өз кыштактарына ыйгаруу жараяны зор атаандашууну жаратып, натыйжада Кыргызстанда ондогон айылдар падышанын ысымдары менен аталып калат.

Ушундай эле атаандашуу менен Кыргызстанга көчүп келген орус, украин дыйкандары падышанын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ысымдарын өз айылдарына коюуга ашыгышкан. Андай аталыштардын бири – Алексеевка.

1904-жылы август айында падыша уулдуу болот. Ал кезде мураскор төрөлүшү өзгөчө шаан-шөөкөт менен белгиленип, анын урматына атайын Манифест кабыл алынчу. Бул Манифесттин маанисин салыштырмалуу алганда, 1905-жылы Биринчи Орус революциясынын натыйжасында кабыл алынган 17-октябрдагы Манифесттен алда канча жогору турган. Мындай «маанилүү» окуяны падышанын кошоматчылары текке кетирбей, жагынуунун мүмкүн болушунча жолдорун пайдаланып калышчу. Кыргызстандык келгин орустар өздөрү жашап жатышкан кыштактарын падышанын мурасчысы Алексейдин ысмы менен атоого шашылышкан. Алсак, 1904-жылы 19-сентябрда Пржеваль уездинин Ой-Тал айылынын тургундары өз ара кеңешип бирговор жазышат. Бул бирговор боюнча мурасчы Алексейдин туулгандыгына байланыштуу айылын Алексеевское деп аталуусуна уруксат сурап жогорку бийликтегилерге кайрылышат. Жыйынтыгында, бул маселе боюнча Согуш министринин билдирүүсүн император колдоп, 21-ноябрда Ой-Талдын Алексеевка болуп өзгөрүшүнө макулдугун берет. Ушундай эле аракетти кийинчерээк Олуя-Ата уездинин Карабаевка айылынын жашоочулары кайталашкан. Ага төмөнкү өтүнүч кат ачык далил болот:

«Жогорку даражалуу Түркстан чөлкөмүнүн баш начальнигине Карабаевка айылынын ишенимдүү адамдары Григорий Герасименко жана Степан Лобановдон

Өтүнүч нааме

Биз жашап жаткан кыштак башынан баштап, ушул убакытка чейин Карабаевка деп аталат. Бул ат мусулманча (жергиликтүү элдин тилинде – К.М.) аталгандыгы үчүн бизди катуу ызалантат. Анын үстүнө биздин кыштакка жерин бошотуп берген кыргыздын айылы карабай болгондуктан, айыл анын атын алып калды. Мындан сырткары Кара-Балтадагы чиркөөнүн каттоо дептеринде биздин айыл Алексеевский деп жазылуу. Ошол үчүн биздин айылдык коом кыштагыбыздын атын «Алексеевское» деп аталуусун каалайт …

5-май 1910-жыл». Көп өтпөй Карабаевка айылы Алексеевское болуп өзгөртүүгө жогортодон макулдук келет.

1913-жылы Романовдор династиясынын 300 жылдыгы Орусияда чоң салтанат менен белгиленген. Ал салтанатка көлдүк Кыдыр аке баштаган кыргыз өкүлдөрү да катышып келген. Ушул салтанаттын алдында жана андан кийин Кыргызстандагы айрым айылдар Романовка болуп аталышына жогортон уруксат алганга жетишет. Сокулук болушундагы «Таялы-Арык» деген айылдык коом да 1912-жылы октябрь айында «Романовское» деп атын алмаштырууга жетишкен. Мындан сырткары бүгүнкү күндө да белгилүү болгон Петровское (Москва району), Ново-Павловка (Сокулук району) деген аталыштар оторчулук доордо пайда болгон тарыхый мурастарга кирет.

Ошентип падыша жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ысымдарына арналып коюлган аталыштар оторчулук доордо кеңири тараган. Кыргыз эли андай аталыштардын жайылышына каршы чыга алган эмес. Антүүгө ал мезгилде акысы да, укугу да жок эле. Жергиликтүү эл менен кеңешүү оторчулук доорго жат көрүнүш болгон.

Падыша министрлеринин, жергиликтүү генерал-губернаторлордун, төбөлдөрдүн ысымынан коюлган аталыштар

Оторчулук доордогу шаар-кыштактардын аталыштарын изилдөөгө алганда падышанын жакын жан-жөкөрлөрүнүн, жергиликтүү төбөлдөрүнүн ысымдары менен да көптөгөн айыл-кыштактар аталганын тактадык. Түркстан чөлкөмүнө Орусия империясынын оторчулук саясатын түптөөгө жана жайылтууга алгачкы генерал-губернатор же «жарым пааша» фон Кауфмандын «ишмердиги» өзгөчө орунда турат.

Ал 1867-жылдын 14-июлунан 1882-жылдын 4-майына чейин Түркстан чөлкөмүнүн «жарым паашасы» болуп турган учурунда анын ысмы айрым кыштактарга ыйгарылып, Теңир-Тоонун бир бучкагында Кауфман чокусу деген аталыш пайда болгон. Ошондой эле Кыргызстанда өскөн кооз гүлдөрдүн бирине да Кауфман гүлү деген ат берилип, ботаника илиминде түбөлүк орун алды. Бул кооз гүлдү ал Ала-Тоо бооруна алыскы Орусиядан алып келип отургузган да эмес, болгону Түркстанга келген саякатчылар фон Кауфманга жагыныш үчүн ыйгарышкан.

Жергиликтүү губернаторлорго жасакерленүү айрыкча Жети-Суу облусунда катуу өрчүгөн. Аталган облуста 1887–1899-жылдары аскер губернатору болуп генерал-лейтенант Г.И. Иванов турган. Ушул мезгилде Пишпек уездинин келгиндери ага жагыныш үчүн анын ысмын өздөрү жашаган кыштакка ыйгаргысы келген, натыйжада алардын мүдөөсүн Борбор бекитип берген. Анын ысымындагы Ивановка кыштагы бүгүнкү күнгө чейин Бишкек–Токмок жолунан орун алып, аталышын сактап келет.

Жети-Суу облусун Г.И. Ивановдон кийин Михаил Ефремович Ионов төрө жетектеп калат. Ионов төрө тууралуу Эл жазуучусу Т.Касымбековдун чыгармаларында кеңири баяндалып, окурмандарга тааныш ысым. Ал 1875-жылдан 1899-жылга чейин Фергана өрөөнүндө кызмат өтөгөн. Кокон көтөрүлүшүн басууга, Алай жортуулуна катышкан, айтылуу «Алай канышасы» Курманжан датка менен алгачкы жолугушкан, аны туткунга алып генерал Скобелевге алып келген аскер адамы. Ош уездинин алгачкы начальниги. Ал майордон генерал-лейтенантка, Жети-Суу облусунун губернаторуна (1899–1907-ж.ж.) чейин жеткен. Ионов Жети-Суу облусуна губернатор болуп келгенден көп өтпөй, ага жасакерленүү үчүн Верный уездинин Чилик, Карам айылынын төбөлдөрү 1907-жылдын 21-апрелинде өтүнүч менен кайрылышат. Өтүнүчтө Чилик айылын Ионовский деп, Карамды анын аялы Ольганын атынан Ольгинская деп алышканы айтылып, аны бекитип берүүнү суранышкан. Бирок генерал Ионов ага каршы чыгып: «Менин атым коюлгудай эмгек сиңире элекмин, качан мен кеткенде, менин ишим калыс бааланса, ошондо койсоңор болот», – деп макул болбой койгон. Ал учурда Ионовдой каршы чыккан падышалык төбөлдөрдү кезиктирүү өтө сейрек көрүнүш эле. Ал губернаторлуктан кеткенден кийин Пишпек уездинин арасан айылында жашаган келгин орустардын сунушу менен 1911-жылдын 28-январында бул айыл «Ионовское» деп алмаштырылган. Ошондой эле Алайдагы жайлоолордун бирине анын аялынын аты ыйгарылып, «Ольгинская луг» деп аталып калган.

Генерал Ионовдон кийинки Жети-Суу облусуна губернатору Самсонов, андан кийинки Фольбаумдун урматына Пишпек уездиндеги кыштактарга алардын ысымдары ыйгарылган. Пишпек, Пржеваль уездинин келгиндери облус губернаторлорунан башка айрым министрлердин аттарын да айыл-кыштактарына коюп алышкан.

Реформачыл аталган Столыпин менен Согуш министри Сухомлиновскийдин (1911-ж. 22-февраль, Пржеваль уезди) ысымдары ЫсыкКөл жээгиндеги айылдарга ыйгарылган. Ал эми Полот хан (Молдо Исхак) жетектеген Кокон көтөрүлүшүн ырайымсыз жол менен басып, Фергана өрөөнүн Орусия империясына каратууда кыргындуу жүрүштөрдү уюштурган генерал Д.Скобелевдин ысмы Фергана облусунун борбору Жаңы-Маргалаң шаарына коюлган. Ал 1875-жылдын август айынан 1877-жылдын 9-февралына чейин Фергана өрөөнүндө мыкаачылык, зомбулук жолу менен жергиликтүү элди баш ийдирип, башкарган Фергана облусунун алгачкы губернатору. Облустагы падышалык төбөлдөр генерал Скобелевдин өлгөнүнүн 25 жылдыгынын урматына ага эстелик тургузуу жана Жаңы-Маргалаңды анын ысымына которуу өтүнүчү менен Ташкент, Санкт-Петербургга кайрылышкан. Алардын бул өтүнүчү бат эле колдоо таап, 1907-жылдын 6-декабрында облус борбору Скобелевдин атынан коюлсун деген чечим кабыл алынган. Мында да Фергана облусунда жашаган кыргыз, өзбек, кыпчак, тажик жана башка элдер четте калган. Чөлкөмдөгү шаар-кыштактарга бир тараптуу ат коюуларды жаза берсек, учугу улана берчүдөй.

Чиркөөлөрдүн атынан коюлган айыл-кыштактар

Оторчулук доордо Кыргызстандын аймагында жаңыдан пайда болгон орус, украин кыштактарын трактирсиз (вино, самогон ичилүүчү жай), айылдын ортосунда курулган чиркөөлөрсүз элестетүү кыйын. Аларсыз бул кыштактар көркүнө чыкчу эмес. Ошол эле учурда айрым кыштактар андагы чиркөө аттары менен да аталып турган. Ал тууралуу айрым архивдик маалыматтарга кайрылсак.

Жети-Өгүз районунун борбору азыркыга чейин Покровка аталышын алып жүрөт. Покровка мурда Сливкина деп аталчу. Сливкинага чейин ал жердин тарыхый аты Кызыл-Суу деп аталган. Анткени тоо тараптан агып түшкөн суу кызыл түстө болгондугуна байланыштуу кыргыздар ал жерге ушундай атты энчилешкен. Ал эми Сливкина деген алгачкы аталышы ал жерге биринчи көчүп келген орус дыйканы Трофим Сливкиндин атынан коюлган.

1893-жылдын 10-июлунда Сливкинанын атын өзгөртүү үчүн Ысык-Көл уездинин башчысынын Жети-Суу облусунун аскер губернаторуна жазган өтүнүч каты бул кыштактын аталышына байланыштуу кызыктуу маалыматты ачыктап берет. Анда уезд башчысы: «Каракол болушунун старшинасы (ыстарчыны – М.К) мага сливкиндик дыйкандардын өтүнүч катын алып келди. Ал өтүнүч ушул жылдын 24-июнунда ошол айылдын жалпы жыйынында жазылган. Анда айылдын жашоочулары Сливкина деген атты айылда Покровка Пресвятой Богородицанын наамына курулуп жаткан чиркөөнүн аты менен алмаштырып атоону каалашат. Негизги себеби, Трофим Сливкин өзүнүн коомдогу абалын ашыкча пайдаланат экен. Кийинки кездерде анын пейили бузулуп, адамдык сапаты да өтө начарлап кетиптир. Эч кандай сый-урматка да ээ эмес экен. Жашап жаткан айылыбыз мындай начар адамдын ысмы менен аталышын каалабайбыз, ошол үчүн Сливкинаны Покровский деп алмаштырып берсеңиз, ал эң туура болор эле, – деп жазылыптыр. Ошол себептен улуу урматтуу төрөм, бул өтүнүчтүн ишке ашышына көмөктөшсөңүз», – деп облус губернаторуна кайрылат.

Бул өтүнүч 1893-жылы 28-августта Талаа генерал-губернатору тарабынан канааттандырылып, Сливкина айылы Покровка деген аталышты алат. (Казак Республикасынын БМАсы, 44-фонд, 31682-иш дептери, 5-бет.)

Алма-Ата шаарында сакталып турган бул архивдик маалымат ашыкча чечмелөөнү талап кылбасы анык. Ушундай эле мазмундагы өтүнүч кат 1894-жылы 11-февралда Пишпек уездинин башчысы Талызин тарабынан Жети-Суу облусунун аскер губернаторуна жолдонгон. Анда: «Пишпек уездинин кыштактарында жашаган дыйкандар өздөрү жашаган айылдарды орусча аталыштар менен каалашарын билдиришти. Мыйзамда тыюу салынгандыгына карабастан, алардын каалоолорун ишке ашырыш үчүн, бул маселени айылдык жыйында талкуулап, анын чечимин жазуу түрүндө бергиле деп кеңеш бердим. Алар берген кеңешимди эске алышып, кичи Токмоктук дыйкандар кыштакты «Покровский» деп аталышын өтүнүп кайрылышты. Эмне себептен алмаштыруу керектигин алар: бизде чоң Токмок, кичи Токмок деген эки Токмок бар. Биз эки Токмокту бири-бирине алмаштырып алып кыйналып жатабыз. Ошондуктан кичи Токмок Покровский аталса деп түшүндүрүшөт. Кичи токмоктуктар менен бирге эле Пишпек уездинин Сокулук кыштагында жашаган дыйкандар да Сокулукту «Новотроицкий» аталса деп өтүнүшөт. Алар аталыштын өзгөртүлүшүнүн себеби катары буларды айтышат: «Бир дагы дыйкан өз кыштагынын атын туура айталышпай кыйналып жатышат. Сокулукту – Сахулук, Сахалук деп аташып, эч кимиси Сокулук деп айта алышпайт», – деп жазышат (Каз. Респ. БМАсы, 44-фонд, 472-иш дептери, 1-бет). Ушул өтүнүчтүн негизинде 1894-жылдын 10-мартында «Кичи Токмок – Покровский болуп, Сокулук-Новотроицк болуп аталсын» деген Талаа губернаторунун чечими чыгат. Экөө тең христиан чиркөөсүнүн аттары. Ошондой эле бул жерде орус дыйкандарына кеңешти уезддин башчысы өзү бергендигин да жашырбай ачык жазган.

Түп кыштагынын аты да 1907-жылы Преображенский делип чиркөөнүн аты менен аталган. Преображенскийдеги славян калкы жердин атын гана алмаштырбай, көлдүн жээгиндеги жыш өскөн чычырканактарды четинен кыйып, өрттөп жок кыла баштаган. Жергиликтүү кыргыздар касиеттүү көл жээгинин кунарын кетирип жаткан мындай бейадепсиздикти айыптап жогору жакка кайрылышкан. Ал эми бул жердеги келгиндер чычырканак дыйканчылык талааларына жолтоо болуп жатат деген шылтоолорду айтып кутулушкан. Мындай арыздар кошуна Ой-Тал айылында жашаган кыргыздардан да түшкөнүн архивдик документтер ырастайт. Демек, Ысык-Көлдүн экологиялык абалына кыргыздар ошол мезгилде эле тынчсызданып, келгиндердин жосунсуз аракетине каршы чыкканын көрүүгө болот. (Өзб. Респ. БМАсы, 1-фонд, 18-опись, 96-иш дептери, 36-бет.)

1899-жылы 18-ноябрда Пишпек уездинин Кара-Булак айылындагы келгиндер (бул жерге алгачкы 10 үй-бүлө 1868-жылы жайгаштырылган – К.М.) өздөрү жашаган айыл атын өзгөртүүгө байланыштуу № 10 бирговорун түзүшкөн. Бул бирговордун маңызы мындай: «1899-жылдын 18-ноябрында биз төмөндө кол коюп жаткан КараБулак айылынын дыйкандары биздин айыл старчыны Назаров катышкан айылдык жыйында жалпы добуш берүүбүз менен айылыбызды «Михайловский» кылып өзгөртүү сунушу менен жогору жакка кайрылууну чечтик. Биринчиден, биз айылыбыздын КараБулак деп жергиликтүү элдин тилинде аталышын каалабайбыз жана экинчиден, биз майрамдап жаткан архангел Михаилдин урматына айылыбыз «Михайловский» болсун деген чечимге келип, ушул өтүнүчкө дыйкандар Тимофей Калентьев, Осип Тимофеев, Алексей Позмогов, Иван Сидельников жана башкалар колубузду коёбуз. 23-ноябрь 1899-жыл».

Ушул өтүнүч 1900-жылдын 14-мартында Түркстан чөлкөмүнүн генерал-губернатору тарабынан канааттандырылып, Кара-Булак айылы Михайловский болуп аталып калат (Өзб.Респ. БМАсы, 1-фонд, 17-опись, 141-иш дептери, 2–3-беттер).

Көп өтпөй 1907-жылы Пишпек уездинде жаңы негизделген Вознесенский (670 келгин), Архангельский (678 жашоочу), Новопокровский (1616 киши) кыштактары Христиан динине байланышкан аталышка ээ болгон (Туркестанская ведомость, 1909, 4-январь, № 3).

ХIX кылымдын аягында орус-украин дыйкандары Фергана облусуна да көчүп келишип, сугат жерлерди ээлешип, бир нече кыштакты негиздешкен. Тактап айтканда, 1901-жылга чейин 7 орус кыштагы болсо, алардын бешөө христиан динине байланышкан аталыштар эле.

  1. Покровское – Ош уездинде 1893-жылы 192 үйдөн турган алгачкы орус кыштагы чиркөөнүн атына коюлган.
  2. Николаевское – Анжыян уездинде 1897-жылы түптөлгөн (50 үй).
  3. Русское село (эски аты Миң-Төбө, Анжыян көтөрүлүшүнүн жетекчиси, ийикчи Мадали эшендин айылы жер менен жексен кылынып, ордуна орус кыштагы негизделген. Скобелев уезди, 1898- жылы негизделген (210 үй).
  4. Успенское – Наманган уездинде, 1898-ж. (76 үй).
  5. Благовещенское – Анжыян уезди, 1899-ж. (100 үй).
  6. Спасское – Анжыян уезди, 1901-ж. 40 үй).
  7. Рождественское – Ош уезди, 1901-ж. (70 үй).

Оторчулук доордо негизделген (азыркы Сузак, Өзгөн райондорунда) бул кыштактардын аталыштары азыркыга чейин айтылып келүүдө. Ал учурда кыштактардын атын коюуда же алмаштырууда жергиликтүү элдин пикири эске алынган эмес. Башаламан атала берген. Алсак, Покровка аттуу кыштактан эле Кыргызстанда бир нечеси болгон. Ал эми падышанын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ысымдары менен бирдей аталган айыл-кыштактардын саны андан да көп болгон.

Алгач көчүп келген орус дыйкандарынын, алардын бала-чакасынын ысымдары менен аталган айыл-кыштактар

Жогоруда архивдик маалыматта баяндалган Трофим Сливкин сыяктуу алгач көчүп келген келгиндердин, алардын бала-чакаларынын ысымдары менен аталган айыл-кыштактар да Кыргызстанда ондоп саналган. Алар өз аттарын коюуда жогору жактын уруксатын да сураган эмес. Жергиликтүү калк, атүгүл айылдаштары менен да кеңешкен эмес. Жөн гана коюп алышчу. Ошол кезде Ысык-Көлдүн жээгинен кыргыздарды сүрүп чыгарып, жаңыдан пайда болгон Семеновское (Он жети Карагай Ысык-Көл району) – Семеновдун, Григориевка – Григориевдин, Валериановское (Боз-Учук) – Валериановдун, Лизогубовка – Лизогубов, Соколовка (Ак-Суу району) – Соколовдун, Богатыровка (Жети-Өгүз району) – Богатыровдун, Липинка (Жети-Өгүз району) – Липанын, Парфеново – Парфеновдун, Баженовка – Баженовдун атынан коюлган кыштактар ал жердин тургундарынын атынан коюлган. Алар ошол айылдын эле дыйкандары же кулактары болгон. 1916-жылы боштондук күрөшкө чыккан элди жазалагандардын башында тургандар эле. «ЫсыкКөлдүн тегерегинде жергиликтүү эл жашабасын, айылы болбосун, башка жакка көчүрүлсүн, көчүп келген эл гана жашасын» деген талапты коюп, 1916-жылы октябрь айында анын аткарылышын бышыктаган чечимдин кабыл алынышына шыкак бергендер болчу. 1916-жылдын 16-октябрында Түркстан чөлкөмүнүн төбөлдөрүнүн атайын кеңешмесинде козголоң чыгарган кыргыздарды көчүргөндөн кийин бошогон жерлерге жалаң орус калкынан турган Пржевальск уездин түзүү боюнча чечим кабыл алынган. (Каз. Респ. БМАсы, 44-фонд, Өзб. Респ. БМАсы, 1-фонд, 27-опись, 246- иш кагазы.) Алма-Ата шаарындагы архивден табылган маалыматка ылайык, Пржеваль уездиндеги (азыркы Жети-Өгүз районундагы – К.М.) Липинка деген кыштак, ошол айылда жашаган кулактын Липа деген кызынын атынан коюлган. Көрсө, ал кулактын кызы кыштакты аралап аккан тоо суусуна агып өлүп, кыштак анын атынан Липинка деп аталып калганы айтылат.

Кыргызстанга алгач көчүп келген орус-украин дыйкандарынын ысымдары менен аталган айыл-кыштактар Чүй өрөөнүндө да көп кездешкен. Оторчулук доордо Чүйдө пайда болгон Ильинское, Орловка, Быстровка, Гавриловка, Воронцовка сыяктуу аталыштагы кыштактар ошол катаал учурдун жандуу эстелиги.

Борбордон келген төбөлдөрдүн, саякатчылардын ысымдарынын ыйгарылышы

Оторчулук учурунда Теңир-Тоо тереңине кээде текшерүүгө же эс алууга, айрым учурда тыңчылык жагдайында алыскы борбордон жогорку мартабалуу коноктор келип-кетип турушкан. Алар көпчүлүк убактарда орус кыштактарына токтошуп, сый көрүшүп, катар-катар жайгашкан жаңы конуштарга курсант болуп кайтышчу.

Кокусунан келген андай конокторго жагыныш үчүн ал кыштактын башчылары демилге көтөрүшүп, элин көндүрүшүп, келген коноктун ысмы менен айылын атоого ашыгышкан. Андайлардын катарына Пржеваль уездинин Жергес айылынын айрым тургундарынын аракетин атоого болот. Анткени алар айылында мейман болгон сенатор, граф Палендин ысмын Жергес айылына ыйгарууну өтүнүп, 1908-жылы 14-сентябрда жогорку бийлик өкүлдөрүнө кайрылышкан. Ал өтүнүчтө: «Биз төмөндө кол коюп жаткан жергес айылынын 60 үй ээлеринин үчтөн экиси, тактап айтканда, 43 адам айыл старостасы Дмитрий Зубковдун катышуусу менен чогулуп, анын (старостанын К.М.) жергес айылына граф Палендин 1908-жылы 8-августунда келишинин урматына анын атын айылга ыйгаруу жөнүндө сунушун уктук жана биз бир добуштан мартабалуу сенатор, граф Палендин келип кеткен айылын эстелик катары Жергес дебестен, граф Пален айылы деп атоого чечим кабыл алдык». (Өзб. Респ. БМАсы, 1-фонд, 13-опись, 756-иш дептери, 2-бет.)

1909-жылы 25-майда граф Пален да Жергес айылынын айрым тургундарынын өтүнүчүнө каршы эместигин билдирген (756-иш дептери, 5-бет). Архивдик маалыматтар тастыктагандай айылына бир келип кеткен падышалык төбөлдүн ысмын өз айылына ыйгарып алуу кошоматтыктын жеткен чеги эмей эмне? Экинчи жактан граф Пален алардын аракетинин ишке ашуусуна өзү да түрткү болгонун анын жообу далилдеп турат. Жети-Суу облусунда текшерүүчүлүк ишин жүргүзгөн Сенатор граф Палендин ишин, ал чогулткан материалдардын тарых илими үчүн бүгүнкү күндөгү маанисин танууга болбойт. Бирок ошол эле учурда анын ревизордук иши Гоголдун каарманын эске салат.

Оторчулук доордо Кырызстанга саякаттап келген коноктун атына коюлган дагы бир шаар болгон. Ал азыркы Каракол, мурдагы Пржеваль шаары. Караколдун Пржеваль аталып калышы жогорудагыга үндөшүп кетет. Ал Борбор Азияга саякаттаганда Ысык-Көл аркылуу өткөнү, Караколго токтогону тарыхтан маалым. Көрүнүктүү орус саякатчысы ошол сапарларынын биринде жугуштуу ооруга чалдыгып, Каракол шаарында каза болуп, сөөгү Ысык-Көлдүн жээгине коюлганы да чын. Ал өзү ооруп жатып, сөөгүн Караколго коюлушун керээз кылып кеткен. Бирок өз атынан Каракол шаарын атоону өтүнгөн эмес. 1899-жылы 7-мартта Каракол шаарындагы орус калкынын өтүнүчүнөн улам шаар анын ысмы менен алмашып, 100 жылдан ашуун саякатчынын аты менен аталып келди. Анын эмгеги Каракол шаарына сиңгени тууралуу маалыматтарды анын күндөлүгүнөн да, тарыхый булактардан да таппадык. Ал оторчулук саясатты жактоочулардын көрүнүктүү өкүлү катары белгилүү. Ал эми Каракол шаарына токтоп өткөнүнүн себеби, ага алыскы жолго чыгуу үчүн жакшы төөлөр, аттар, азык-түлүк керек болгон. Аларды ар кандай жолдор менен жергиликтүү элден жыйнатып, колунда жоктордун минип жүргөн аттарына чейин тарттырып алганы тарыхта дайын. Жергиликтүү элди теңине албай, басынта сүрөттөгөнүн эмгектеринен кезиктирүүгө болот. Өз убагында унаа аттардын даярдалбай калганына дооматын артып, Шабдан баатырды жазалоо сунушу менен жогору жакка кат жолдогон. Анын арызы жергиликтүү төбөлдөр тарабынан териштирилип, 1888-жылы февраль айында Пишпек уездинин 36 жергиликтүү тургуну түшүнүк жазууга аргасыз болгону, алардын жазаланганы тууралуу маалымат АлмаАта шаарындагы архивде сакталуу (Каз.Респ. БМАсы, 44-фонд, 35769-иш дептери, 12–34-беттер). Мына ушундай саякатчынын ысмы Каракол шаарына берилген. Анын ким экендигин шаарга жакын айылдарда жашаган кыргыздар билишкен эмес. Бул тууралуу Жети-Суу облусунда чыгуучу «Семиреченские областные ведомости» гезитине борбордон келген бир текшерүүчү: «Пржеваль шаарынан, шаарга жакын жайгашкан кыргыз айылынын жаңы шайланган болушунан: «Шаардын аты кимдин атын алып жүрөт, Пржеваль деген ким?» – деп сурап калдым. Болуш кебелбестен: «Мен жаңы эле болуш болдум таксыр, аларды үйрөнүүгө жетише элекмин» – деп жооп берди. Азыр жер-суу аталыштары ушунчалык көп алмашкандыгынан баш айланат», – деп жазган. Бул бир чети күлкүлүү, бир чети ачуу чындыкты ачык жазган маалымат ошол кездеги абалды айгинелеп турат. Түшүндүрмөнүн да кереги жок.

Орусиядагы айыл, шаар, губерниялардын аталышын ыйгаруу

Оторчулук заманда кыргыз жергесине жер которушкан келгиндер өз кыштактарын тарыхый мекениндеги аталыштар менен да атап алышкан. Андыктан Ала-Тоо аймагында Орусиянын губернияларынын, шаарларынын, империяга таандык жалпы аталыштар көбөйгөн. Айрым учурда Чүй, Ысык-Көл өрөөнүнө жаңы Орусияны курабыз деген максатта Новороссийский сыяктуу аталыштарды өздөрү орун-очок алып жайгашкан кыштакка ыйгарышкан. 1912-жылы күзүндө Чоң-Кеминдеги айылдардын бирине Новороссийский деген атты ыроолошкон. Ушул эле жылдары Пишпек уездиндеги дагы бир айыл Молдовановка аталса, башка бир кыштактар Петропавловка, Полтавка, Пржеваль уездинде Курск деп аталып калган.

Оторчулук доордогу мындай аталыштар ошол уезддин башчысынын кеңешинен улам же анда жашаган бир ууч тургундардын аракетине жараша өзгөрүп турганын архивдик маалыматтар ырастайт.

Кыргыз тилинин тоскоолдугунан улам которулган аталыштар

Ушундай себептен улам айыл-кыштактын аталыштары алмаштырылганын да архивдик маалыматтар бышыктайт. Кыргызстанда келгиндердин алгачкы айылдары 1868-жылы пайда болгон. Алардын бири Пишпек (ал кезде Токмок уезди – К.М.) уездиндеги Ак-Суу айылы. Жаңы көчүп келип, орун-очок алып жашай баштаганда жергиликтүү элден айбыгышып, айылдын атын орусчалатканга батына алышкан эмес. Оторчулуктун оту тутанып, күчүнө кире баштаганда бул айылдын аты Беловодский болуп которулуп калган. Пишпек уездиндеги (азыркы Ысык-Ата районундагы – К.М.) Кызыл-Суу айылы 1913-жылга чейин эле Краснореченское болуп которулган.

Пишпек уездиндеги Жылуу-Булак (Аламүдүн районундагы – К.М.) оторчулуктун ооматы жүрө баштаган жылдары Теплоключенка болуп, айыл тургундарынын өтүнүчү менен кыргызчадан орусчага которулуп калган. Пржеваль уездиндеги Кара-Ой айылы Долинка, Кочкор кыштагы Кочкорка болуп алмаштырылган. Пржеваль уездиндеги бир айылдын аты ал жерде чычырканактын көптүгүнөн улам кыргыздар Чычырканактуу деп атап келишсе, орустар аны алгач Облепиховкага алмаштырса, ал дагы жакпай, 1874-жылы сентябрь айында бул айылга Түркстан чөлкөмүнүн генерал-губернатору келгенде айыл тургундары «Теплоключенское» деп аталышын өтүнүп кайрылышкан. Ал өтүнүч көп өтпөй оң чечилип, бүгүнкү күнгө чейин Теплоключенка (Ак-Суу району) деп аталып келүүдө (Өзб. Респ. БМАсы, 1-фонд, 27-опись, 868-иш дептери, 2-бет).

Айрым айылдарды көчүп келген келгиндер тилибиз келбейт деген шылтоо менен кыргызчадан орусча аталышка алмаштырып алып турушкан. Сокулукту Новотроицкий деп өзгөртүү учурунда айыл тургундары ачык эле: «…бир дагы дыйкан өз кыштагынын атын туура айта алышпай кыйналып атышат. Сокулукту – Сахулук, Сахалук деп аташып, эч кимиси Сокулук деп айта алышпайт» деп өтүнүчтөрүндө жазып жатышпайбы (Каз. Респ. БМАсы, 44-фонд, 472-иш дептери, 1-бет). Мына ушундай себептен улам Пишпек уездинде бир айыл Лебединовка аталып калган. Айылдын тарыхый аты Аламүдүн болчу. Аны алмаштыруунун негизги себебин 1893-жылы 17-ноябрда Пишпек уездинин башчысы Жети-Суу облусунун губернаторуна жолдогон кайрылуусунда мындайча түшүндүрөт: «Аламүдүн айылында, биринчиден, бир өңчөй орус калкы жашайт, а орус тили бай тил, кыргыз аталышын орус аталышка айырбаштоого кудурети жетет. Экинчиден, «Аламүдүн» деген сөздү айтууга орус дыйкандары кыйналып жатат. Алар тили келбегендиктен өз ара аны Лебединовка деп атап алышты. Ошол үчүн Аламүдүндү Лебединовка деп өзгөртүүгө көмөктөшсөңүз». Мына ушул өтүнүч кат жазылгандан туура бир ай өткөндөн кийин Талаа губернатору аны канааттандырып, Аламүдүндү Лебединовка болсун деген чечимин чыгарып берген (Каз.Респ. БМасы, 44-фонд, 436-иш дептери, 1–3-беттер).

Айрым учурда жер-суу аталыштарын туура айтууну үйрөнүштү намыс көрүшүп, кыргызчанын алгачкы маанисин бузуп, Ысык-Көлдү – Иссык-Куль, Жыргалаңды – Джергалан, Жети-Өгүздү – Джети-Огуз, Өзгөндү – Озгонд же Узгенд, Боомду – Баум жана башка ушул сыяктуу туура эмес айтып, жазып келүү ошол оторчулук доордо башталган. Пишпек уезди, анын борбору Пишпек шаары да келгиндер тарабынан туура эмес жазылып келгенин ошол кездеги белгилүү чыгыштаануучу Пантусов да мойнуна алып, 1876-жылы 8-июлда «Туркестанские ведомости» гезитине: Пишпек жайгашкан жерде мындан 100 жыл мурда Бишкек аттуу кандайдыр бир кыргыз баатырынын сөөгү коюлган экен. Ошондон улам анын атынан шаар аталып, кийин «Пишкек» деп бузулуп айтылып калган. Кыргыздын сөөгү дөңсөөгө коюлуп, кийинчерээк кокондуктар күмбөздү жер менен тегиздеп салышып, ал жерге чеп курдуруптур», – деп жазып калтырган. Демек, Бишкек баатырдын атын алып жүргөн шаар да көп жыл бою келгиндер тарабынан Пишпек болуп, туура эмес жазылып келген.

Жыйынтыктап айтканда, жарым кылымдан ашуун убакытка созулган оторчулук саясаттын оорчулугу жер-суу, шаар-кыштактардын тарыхый аталышына да тийип, алар алмашылып, натыйжада Кыргызстан Орусиядан анча деле айырмаланбай калган.

Тарыхый аталыштарды алмаштыруу менен кыргыз элинин тарыхый эстутумуна оор сокку урулган. Оторчулук доордо кыргыз эли өз Мекенинде өгөйлөнүп, жери бөтөн болуп, тарыхтын катаал сыноосун баштарынан кечирген. Бул, тарыхтын эң оор сабагы.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *