Алтай жомогу

Эзелки-эзелки бир эсте калбаган убактарда Алтайда али адамдар байырлай элек кезде бул жерге биринчи болуп жети бир тууган келиптир. Алар түз өскөн, бийик, бышык жети карагайдай бой жетип, жети күрөң аюудай бакубат, жети көк карышкырдай ынтымак болуптур.

Алардын бирөөсүн гана көтөрүп жүрө алчу ат бул жер үстүнөн табылчу эмес. Ошон үчүн алар бир жерден экинчи жерге жез түркүккө таянып басып барышчу. Булар басканда жер бетинде эң тез учкан куштар да жете алчу эмес, тоого чыкса, жеңил бут кабаргалар* да булардан калып калчу.

Жетөөнүн ичинен алтоосунун чачы бирдей – буурул эле да, жетинчисиники – эң кенжесиники – кара карганын канатындай кара болчу.

Бир жолу уудан жолдуу кайтып келип, бир туугандар кышкы отту тегеректей отуруп кеңеш курушту:

— Биз алтообуз буурул чач болуп, бирдей карып калдык. Жетинчибиз бирок али жаш. Көрүп жүрөбүз, бул жети тоону жерлеген, жети суудан ичкен, жети токойду кезген адам баласынан эч ким жок. Андай болсо бул жетинчибизди үйлөнтүү үчүн келинди кайдан издейбиз да, кантип табабыз?

Ошентип масилет* кылып атышса, кичүүсү асманды карап минтет:

— Тээтигил Үркөр-каан калаасында ай жамалдуу Алтын-солон деген кыз турак кылат. Ал ийнедей түптүз. Аны менен мен бир өргөө тигип, бир от жагып жашагым келет.

Кичүүсү ушул сөздү айтып оозун жыя электе, Үркөр тараптан үмүттүү көзүн тартып ала электе эле, бир туугандары ууга чыккандай ордуларынан ыргып турушуп, тоо башына жөнөп калды.

Алар көгүлтүр тоодон көтөрүлдү, ак мармар* тоодон өттү, муз жаткан кара тоолорду басты.

Булуттар тээ төмөндө калды, жылдыздар жакын эле жерлерде жүрүшөт, улуулары — алтындан, кичүүлөрү колодон курал-жарак көтөргөн. Шашылбай жылдыздар акырын каалгыйт, бир туугандар аларды таяктары менен жылдырат.

— Бирок, – дейт бир убакта ойлонуп кенже бир тууган, – Үркөр-каан мага окшогон жөнөкөй бир мергенчиге Алтын-солон кызын берер бекен?

— Ооба, – дейт бир туугандардын улуусу, – биз түпкү тегибиз менен мактана албайбыз, ата-бабалардын аты-жөнүн да дурустап билбейбиз. Лекин биз деген карагайлардан түптүзбүз, аюулардан айбаттуубуз, бөрүлөрдөн ынтымакпыз.

Ошентти да бир туугандар тоо башына жетип, таяктары менен жер таянып, асмандын түпкүрүнө сүңгүштү.

Кишилердин келгенин билип Үркөр-каандын алтын өргөсүнүн алдындагы алтын жебелерге байланган асман аттары кишенеп жиберишти.

Бир туугандардын мында келатканын туюп алтын чынжыр менен күмүш казыктарга байланган жаалдуу иттер коркконунан куйруктарын чаттарына кыпчып, үндөрү жаңы көзүн ачкан күчүктүн үнүндөй араң эле угулуп атты. Бир туугандар жети кырлуу алтын мамыларга таянып, алтын өргө ичине кирди. Алтын өргө ичиндеги конокторго сан жетпейт. Бардык жети катар асман астынан жана асман үстүнөн бул жерге тойго кудайлар, керемет жаныбарлар жана ажайып алп баатырлар келген.

Бир туугандар таазим кыла конокторго баш ийкеди.

Жети баштуу Делбеген киши жегич жети бир тууганды көрдү да жети түрдүү үн чыгарып, жети түрдүү каткырды:

— А-а-а, ха-ха! А-а-а… Сонун тамак ушинтип өзү эле эки аягы менен басып келиптир! Ха-ха! А-а-а!..

Кобон-очун-балбан болсо дайым ат үстүндө чалкалап жүрөт, ал жети бир туугандарды көрүп, темир мүштөгүн ооздон чыгарбай, чылымынан чыккан көк түтүн арасынан көзүн тигилерге агытты. Келгендердин таазимин тиңине алып да койбоду.

Асман ханы Теңири-каандын темир ат минип жүргөн тентек, балбан уулу Темир-мизе болсо конокторго ийилип карап да отурбады. Түлкү тебетейине тагылган чачысы былк этпей, сол кулагын жаап өткөн айдар чачы кыймылга келбеди.

Үркөр-каан өзү болсо үч катар алтын такта жайма жай отурат. Анын көзү – мелтиреп тынч жаткан көл сыңары, мурундары – тоолордой, муруттары ийинге артылып, далысына түшсө, сакалы тизесине жетет.

Бир туугандар дагы бир жолу ага ийилип-ийилип таазим кылышты.

Үркөр-каан оң жак кашын серпип көтөрүп, сол көзүн жүлжүйтүп айтты:

— Силер атсыз жетөөң, силер үйсүз жетөөң! Менин үй-жайымды Жер жыты менен булгабагыла, кой терисинен жасалган ичигиңер менен сасытпагыла!

Жети бир тууган кезерип жети күн турду, жети түн турду, белек-бечкектерин берүүнү суранды.

Үлкөр-каан алардын сөзүн угууну каалабады, белектерин карап да койбоду.

— Жер балдары, кайра келген жагыңарга – Жериңерге кеткиле!

Бирок бир туугандар кетпеди, алар түз өскөн, бийик, бышык жети карагайдай бой тиреп, жети күрөң аюудай бакубат, жети көк карышкырдай ынтымак эмес беле, ошентип тура берди.

— Не иш берсеңиз иштейли, кандай тапшырма берсеңиз аткаралы! – дешти жетөө бир ооздон, – Бир гана сураныч – биздин сөздү угуңуз. Биз сиздин кызыңыз Алтын-солонго ашык болгон кичүүбүздүн аманатын айтып келдик, биз сизге кудалашалы деген ниеттебиз.

— Эки чыйырдуу бутактын оту алоолонуп жакшы жанар, эки асман ханынын балдарынын оту бир өргөөдө жакшы күйөр… Бу жаштар Темир-мизе-баатыр менен силер айткан Алтын-солон бири бирине бап келишкен, бири бирине ылайыкташкан жуптар.

— Чак түштөгү Күндү алып келгиле деп буйрук бериңиз – алып келебиз! Он күндүк Айды тоголотуп келгиле деңиз – аны да аткарабыз!

— Оо, – деди Үркөр-каан таң кала. – Андай болсо мүйүзүндө жетимиш шагы бар кара аркарды таап келгилечи! Ал аркар ошол мүйүзү менен көктөгү жылдыздарды ары-бери калчайт, аларды таманынын астына салып тебелеп ойнойт, чынжыр кылып көктөгү жылдыздарды мүйүзүнө тизип чыгат. Ал аркар жети деңиз жээгинде, жетимиш кырка кеткен жетимиш тоонун арасында жашайт. Ким ошол аркарды кармап келип, мамысы менен менин өргөмдүн астына байлап берсе, ким анын терисинен кымыз куяр аркыт* тигип көрсөтсө, мен ошого кызымды – Алтын-солонду берем.

Жети баштуу Делбеген баарынан мурда ак кийизден өйдө болду. Ал өргөдөн чыгып эле көк өгүзүн чакырып, анын ийри мүйүзүнөн кармап, күмүш жана коло менен капталган кең ээрине отурду.

Ачуу айкырып, алаамат ышкырып, муштуму менен көк өгүзүн улам өзөртө согуп жети деңиз жээгиндеги, жетимиш тоонун арасындагы, жетимиш кырканын ашташкан жерине сыйкырчыдай алып учуп барат.

Асман падышасынын уулу Темир-мизе-баатыр болсо темир ак боз ат минип, сегиз өрүм камчысы менен атын улам ургулап, шамал менен жарышып жөнөдү.

Кобон-очун-балбан атын алкынтып, бекем тартып коё берилген жаанын жебесиндей сызып барат.

Жети баатыр болсо, жети жез тирөөчкө таянып, шашылбай баарынан артта. Алар бир кадам басканда артта бир чакырым калтырат. Жети күндө жети бир тууган Делбегенден жети бурум алга озуп кетти.

— У-у-у! Ушул бир туугандардыкы өттү! Аларга жетип эле, жутуп салбасамбы! – деп кара көк болуп айкырат Делбеген.

Бир туугандар көк өгүздүн оор дүбүртүн угат, анын көлөкөсү да көрүнө түшөт.

Жигиттердин улуусу мойнун буруп, тоо көлүн шимирди да, аны кайра жолго бүркүп салды.

Анан ат дүбүртү угулуп, темир тулпардын келатканы билинди, сегиз өрүм камчы көтөргөн Темир-мизе-алптын көлөкөсү жете келди.

Бир туугандардын улуусунан кийинкиси тоонун бир кыркасына кол сунуп, аны катуу тартып жулуп алды да, токойлуу тоонун ошол бөлүгүн кең жолго туурасынан коюп таштады.

Эми дагы дүбүрт угулуп, алар улам жакындап, Кобон-очун-алптын темир мүштөгүнүн көлөкөсү бир туугандарга жетип калды.

Бир туугандардын үчүнчүсү миң пуддук гранит* тоо ташын чапчып алып, аны алаканы менен мыжыга кармап жолго сээп салды эле, жолдун баары чачыраган шише сыныктар болуп эч ким өтө албас жерге айланды.

Ошентип бир туугандар жети деңиз жээгине биринчи болуп жете келди. Төртүнчү бир тууган жетимиш кырка кеткен, жетимиш тоону желе жортту. Анын кыйкырыгынан сестенип, анын дүрбүртүнөн жүрөгү дүпөйүл болуп кара аркар жетимиш кыркалуу жетимиш тоонун кыл чокусуна жете барды. Жаныбардын башы булуттардан өйдө болуп, мүйүзү болсо жылдыздарды ары-бери кыймылдатат да, аларды чынжыр кылып илип алат.

Бешинчи бир тууган туман арасынан, булуттардын ары жагынан жетимиш шак-бутак байлаган аркардын жашыл мүйүзүн аңдады. Анан ал желкесиндеги темир жаага колун жеткирип, жебесин салып, кылын тартты эле, оң колунун баш бармагынан түтүн чыгып кетти. Учкун жебе көзгө илешпей барып аркардын жүрөгүн тепчип өттү.

Анча көп болбой бир туугандар Үркөр-каандын турагына келишти. Алар алтын өргөнүн күмүш каалгасынын каршысына аркардын ажайып бир көп шактуу мүйүзүн койду. Аркар терисинен сонун кылып тигилген кымыз куяр аркытты болсо хандын дал бутунун алдына таштады. Аркыт асмандын жарымын жапкан коюу туман менен көмүлүп калды.

Үркөр-каан үч катар алтын тагында адаттагыдай эле жайма жай отуруп, тигилердин алып келгендерине карап да койбоду, бир туугандардын жүздөрүнө ким келди дегендей үңүлгөн да жок. Бир көзү менен Айга тигилип, экинчи көзүн Күнгө агытты:

— Мен силердин кандай мергенчилик кылганыңарды көргөн жокмун да, кандай эрдик кылганыңар тууралуу ырларды эшитпедим. Ошон үчүн ууга кеткен калган баатырларды күтөлү.

Кеткендерден биринчи болуп жети жыл өткөн соң жети баштуу Делберген желпинип жете келди. Он жыл өткөн соң ойдологон Темир-мизе-алп да акырын басып каан өргөөсүнөн көрүндү. Аны ээрчиген Кобон-очун-баатыр бар.

Үркөр-каан үшкүрүнүп, башын шылкыйтты, тумандуу көзүн араң ачты:

— Эми башка жарлык – өз кызым Алтын-солонду ким эгер кызыктуу жомок ырдап берсе, ошого берем!

— Мен ырдайм! Мен! Мен! – Жети баштуу Делбергендин жети башы тең жарыша кыйкырды.

Анын ырынан чымчыктар үркүп, уясын таштап качышты. Үйүр-үйүр малдар топтолуп, жайытын калтырып жоголушту. Балдарын таштап не бир азуулуу жырткычтар туш тарапка таркады.

— Сиз өтө эле начар ырдайт экенсиз, – деди Үркөр-каан, – мүмкүн болсо, жаагыңызды басыңыз! Биздин малдарды үркөтпөңүз! Биздин элди дүрбөлөң түшүрбөңүз! Биз турак кылган жердин кыйсыпырын чыгарбаңыз!

Делбеген уялгандан өзү да көк өгүзүндөй көгөрүп, букасынын бийик ээрине секирип минди да, заматта көздөн кайым болду.

Эми өз жомогун жаш жигит Темир-мизе-баатыр ырдап кирди. Ага Кобон-очун-балбан кошулду.

Мындай көңүлсүз ырдан, кусалуу обондон куштар уктап, жырткычтар коңурук тартып баштады.

— Силердин ырыңар эч нерсеге арзыбайт экен, – Үркөр-каандын бүт денеси үрктү, – болду, жетишет, токтоткула!

Темир-мизе-баатыр менен Кобон-очун-балбан жыйнанып, бири-бирине карабай үйлөрүнө шашты.

Бир туугандардын алтынчысы колуна топшуурун алып, манжалары менен кылдарга тийди эле бир сонун назик үн чыгып, ага кошо өзү да сыбызгытып обон созду.

Уктаган куштар ойгонуп, үрккөн малдар үйүр-үйүр болуп кайтып келип, жырткычтар жыргап бийлеп, бак-дарактар кыймылдабай катып ыр угуп, өзүнчө бир керемет болду. Жалбырактар жигитке жакындап, күнгө ийилгендей ийилет. Ошерге бир сонун, майин жагымдуу жамгыр дыбыратып, жан жыргатар жел жортуп, күн көккө дагы бийик көтөрүлүп, ырчынын далысына түркүн түстүү күн желеси түшүп турду.

Ал ырдын, ал көрүнүштүн сүрөтүн тартууга сөз күчү жетпесир, ов!

Бул жомок-ырды тыңдап Үркөр-каан алыс-алыстагы топ жылдыздарга тоорулуп тиктеп турду. Анын тизелери бошошуп, эриндери дирилдеп, көз жашы сакалдарын жууп атты. Ошентип жигиттин ырын төрт күн тыңдады, төрт күн ырахат кучагында термелди, төрт күн башын жаздыкка койбоду:

— Жок, мен бул жети бир тууганды жеңе алгыдай эмесмин! – деди акыры айласы куруп.

Ошол кезде ай жарыгынан согулган кийимин келиштире кийип, ай жүздүү Алтын-солон өзү басып чыга калбаспы.

Бир туугандардын жетинчиси оң буту менен тизелеп, Алтын-солонго оң колун узатты:

— Биз экөөбүз Жер үстүндө бир от жагабыз! – деди ал кызга таазим кыла.

— Бир өргөнүн чамгарагын курабыз! – Алтын-солон жигитке кошулуп ушинтти да, жети бир тууганды ээрчип атасынын турагын калтырып кетти.

Үркөр-каан эриндерин кан чыгара кырча тиштеп, буту менен жер тээп, кызыл ашыгын чыгарып да алды.

Өкүмдардын ачуу жашы жерге жамгыр болуп төгүлүп жатат.

— Мен бул жети бир тууганды аябай каардуу жазалабасам элеби, анда падыша атым өчсүн?!

Бир туугандар болсо кең аймагында келишимдүү келиндин тоюн берип, ыр ырдап ырахаттанып аткан.

Бир убак эле асмандан мөндүрлөр от болуп жаап, кыпкызыл жылдыз оттору түшө баштады.

— Ой, агалар, – кичинесинин чый-пыйы чыкты, – асман жоокерлери бизге согуш ачты!

Эң улуу агасы Белуха тоосунун башындагы муз чокусун алып турду эле калгандар ал муз дубалдын ичине кирип кетти.

Муз каптаган тоо башына от мөндүрлөр мурдагыдан да көп төгүп, муз дубалды тынымсыз ургулап атты. Жылдыз жалындар жан койбой тоо башын чапкылайт. Албуут дайра тоо башындагы муз дубалдын үстүндө оюн салат.

— Алтын-солон, – Үркөр-каан ээ-жаа бербей айкырат, – азыр тез үйгө кайт!

— Мен жерлик адам балдарына берилеп калдым, эми алардан айрылбаймын! – Атасына кыйкырат Алтын-солон.

Ошондо асмандагы жылдыздын баары Жерге чымын-чиркейлердей жайнап түштү.

Айласы алты болгон жети бир тууган каарданып көккө тигилишти:

— Бизге Жерде жашоого мүмкүндүк бербедиңер! Жакшы! Эми анда биз да силерге – асманга чыгалы!

Алтын-солон, жаркырак жылдыз, өзүнүн жаш жарынан жарым карыш да узак кетпеди. Алар көккө көтөрүлүп чыгышты да, жети бир тууган жана аларга берилген Алтын-солон катар-катары менен жайылып, жайнап турду.

Үркөр-каан тигилерден өз кызын күч менен тартып кете албайт, артынан аскери менен басып кирип кармап алгысы келет. Бирок бир туугандар дайыма сак, сергек, ар убак жүзүн Үркөргө карап буруп турат.

Ошентип алар асманда бири бирин аңдып, бири бирине каршылашып келет.

Силер, балдар, кечинде түнкү асманда Үркөр жылдызын, жети бир тууганды жана Алтын казыкты көрөсүңөр, алар биздин жомоктогу Чоң Жетиген жылдыздар тобу.

Которгон Абдыкерим МУРАТОВ

Сөздүк:

Кабарга – Сибирде жашаган бугу тукумуна кирүүчү, мүйүзсүз жаныбар.
Масилет – кеңеш куруу, акылдашуу.
Мармар – мрамор, ак таш.
Аркыт – кымыз куюучу тери идиш, кыргыздардын чаначы сыяктуу буюм.
Гранит – кара кочкул асыл таш.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *