АҢГЕМЕ

Мындан үч-төрт күн илгери Жаныбек, жаңы таамил алма багынын бир четинде чычкан кулагындай бариктерин эртели-кеч жүргөн желге жалмалатып турчу жалгыз түп талдын көзүнө карабай, эки түз кадасын кыйган болучу. Кабыгын аарчып таштаганга тез кургаса керек, кечинде жакшылап чыңдалган эки кетменди аларга аштап кийгизди да, бүгүн күн али нурлуу жүзүн ааламга көрсөтө элек маалда, биринин артынан экинчисин удаа тамдын төбөсүнө ыргытты.

Жан жыгачы күнгө күйүп, эскиси жеткен шатыга бут койгондо майланбаган арабанын күпчөгүндөй андан «кыйч-кыйч» эткен жагымсыз добуш чыгып турду. Белгилүү Бозбунун зааркы жели…

Эрте менен кечинде ал тараптан соккон сыдырымга жылаңач көкүрөк тосуп, ооз ачып туруу өзүнчө ырахат!
Тамдын төбөсүнө чыгары менен ушул желге кабылган Жаныбектин бою сергелең тарта, жеңи каруусуна чейин түрүлгөн колдорун капталына өйдө көтөрө берди эле, учууга камынган илегилектей далдая түштү.
Түн ичинде алыстан көрүнгөн өрттүн алабындай мала кызыл тартып тыктана баштаган күн чыгыш тарапка саамга тиктеп турду да, ал маңдай жагы терге маңарланган чий калпагын кайруусунан кармап, пешенесин көздөй басып койду. Мына, ал отуз төрт жылдан бери өмүр кечирип келаткан жер – Жайылма айылы. Алакандын отунда жайлашкандай анын бүт турпаты азыр мунун көз алдында. Бир канаты тээтиги өзбектин бак-дарактуу кыштагынан тартып, береги Бозбу тоосунун этегине чейин созулган бул кыштактын айлана-тегереги көл бетиндей тегиз. Этектеш толкундардай жерге ыкшала ыргалган буудай массивинин арасынан атылып чыккан торгойлор заматта асман бооруна асыла калат да, канаттарын дирилдете алда немелерди күүгө сала безеленет…

Үй жанындагы кол арыкта суу шылдырт… шылдырт…
Кетмен сабына жөлөнгөн Жаныбек кыштагына көз чаптырды. Эки тарабына окшош жаңы үйлөргө толуп келаткан мобереки түптүз жол «Жаңы-Көчө» деп аталат. Анын көз жоосун алып жаткан ушул көчөнүн боюндагы жаңы үйлөр. Баксыз короо жок. Айрым үй ээлери колдоруна бак бычагын кармап, дарактагы бейпайда өскөн шак-бутакты торой кесип жүрсө, дагы бирөөлөр короо ичине эгилген пал-пал пияз, сабиздеринин жөөгүнө суу жылжытуу менен алек.

Жаш балдар болсо, чүрмөктүү челек алышып, короо ичиндеги жыпар чачкан гүлдөргө «жамгыр жаадырып» жүрүшөт. Жумушка кеткенге чейин үй тиричилигин бүткөрүп коюуга көнгөн колхозчу калк эрте турат эмеспи. Бүгүн таң заардан там башында турган Жаныбектин көзүнө биринчи болуп Карабай урунду.
Чөп чапкандарга жөнөсө керек, ал эки жагын аңдабай сопол куйрук карагерин капталга катуу теминип баратат. Аны карап туруп, Жаныбек эмнегедир бырс этип күлүп алды. Ал азыр суктана тиктеп турган «Жаңы-Көчөнүн» бар четинде өңчөй жаштардын арасындагы мойсотуп кишидей, көзгө комсоо көрүнгөн үй ушунуку – Карабай акеники. Аны уруштан бир жыл мурун тургузган эле. Ал кезде Карабай аке райондогу бакандай чоңдордун бири. Ошондой болсо да, акыры өз кыштагына келерине көзү жеткен белем, ушул үйдү тургузган болучу. Учурунда кимдер ага суктанбады дейсиң. «Бу дүйнөгө устун болуп калбагандан кийин, жарым күн болсо да, Карабайдыкындай үйдө жашаганга не жетсин!

Асты такта, шыбы фанер, туш-тарабы терезе… ичи-тышы аппак. Кирген кишинин баари ачылат. Үй болбосоң коё кал. Колунан иш келбесе да, Карабайдын зайыбынын ырысы бар неме экен». Карабайдын ушул үйү бүткөндө анын какондосуна барып келген күнкү таңдана айткан апасынын бул сөзү азыр анын кулагында угулгансыды. Бардык нерсеге оор салмактуу карап, башканын жакшы нерсесине көз артканды жаман көргөн, тармал сакал атасы ошондогу кемпиринин тигинтип, шилекей чууртканын этибарга албай, өз оюн билдирип гана тим болгон эле: «Ээ, кемпир, антип суктанганыңы кой бирөөнүн мүлкүнө. Катындыгыңа барат экенсиң да. Башканын жаңы көйнөгүн көрсөңөр да силердин тукум туталанып кетмей адатыңар бар. Эмне, Карабай алтын сарай куруп койду дейсиңби. Бир үй да. Акча болсо, жаңгалда шорпо», – дейт өзбек туугандар. Аның сыңары андагы акча болсо, мен мындан он эки эсе артык үй тургузууга акылым жетип турат. Эңкеми кесип турган эле акча. Колхоз ушинтип эле туруп алат дейсиңби жарды болуп? Бизге да кезек келер. Ошондо бул Карабай менен мелдешип көрөрбүз. Мына, кудайга шүгүр, үч чүрпөбүз да биринин артынан бири ишке жарап келатат. Бизге жомоктогудай алтын сарайды ушулар салып берет, кемпир, кеп чыдап күтүштө».

Энеси менен атасынын бул сөзүн ошондо угуп турган алардын кенже уулу ушул Жаныбек карып бараткан тигилердин алдында кандай карызы бар экендигин анда биринчи жолу ойлободу беле. Бүбүш эне эле дейсиңби? Чакырылбаса деле, Карабайдын бул үйүн көрүш үчүн дасторконуна эки нан болсо да ороп алып, өрүлүктөбөгөн катын бул айылда калбаган чыгар. Үйлөрүнө кайтып келгенден кийин алардын өз эрлерине сес көрсөткөнүн коё кал. Дасторконду ашкана жакка ыргытып жиберип: «Сызда туулуп, сызда жатып өлөт экенбиз да. Сат, уйду. Жетпесе, тиги эки эчкини кошо сат. Кара катык аш ичсек да, жарыгыраак үйдө олтуруп ичеличи, тирүүлөй көргө камалбай. Очокко от жаксаң, мурдуңан башка жериң жылыбаса. Сандалга отурсаң, бутуң ысыйт да, мурдуң какшайт. Ушул да турмушпу?» – деп, болбогон жерден буркан-шаркан түшкөн ичи тар аялдарын күйөөлөрү араң жоошуткандыгы тууралуу Жаныбек көп уккан.

«Карабайдыкындай үй салыш үчүн оболу Карабай болуш керек. Андай болуш керек дегеним, ошондой райондун бир жак тизгинин өз колуна кармаган чоң болуш керек, эси жок. Алган айлыгы канча экенин билесиңби? Биздин жарым жыл иштеп тапканыбызды ал бир айда алат имиш. Андан башка чоңдордун элден канча аларын ким билсин. Биз эмнебизге там салабыз? Макул, уйду саталы. Ага кошуп эчкини деле пулдайлы. Ошол эле жетип калат дейсиңби? Жыгачыңа, дубалыңа жетсин дейли. Шифер деген неменин канча турарын билесиңби? Аны магазинден таппайсың. Колдон алган буюм ар убак кымбат. А макул, ага деле жетсин дейли. Уста акысына эмнени беребиз? Көп оолукпа, катын. Ар нерсенин өз убактысы бар. Колхозго да доор келер. Азыркыдай жыл маалына иштесең, бирок эмгегиңе алганың тамагыңан артпаса, анан Карабайдыкындай үй салыш тууралуу ойлогонубуз чекилик болор, төшөккө жараша эле бут сунганыбыз эле жакшы. Жалгыз уйдан же эки эчкиден ажыраганда, кышында кар жеп, жайында жамгыр суусун ичип олтурабызбы?» – деген камбыл эркектер.

Койчу, ошол жылы Карабайдын үйүнүн арзавасы жыл маалына созулду. Согуштун алааматы гана элдин көз артканын тыйып, көңүлүн өлүм менен өмүр маңдай-тескей тура калган жакка буруп кетти. Мындан он беш жыл мурун айтылган элдин сөздөрүн мойнуна алып, бүгүн Карабай ошол «даңазалуу үйүнөн» аттанып чыкканда Жаныбектин бырс күлгөн себеби ошол.

Бир кезде ошентип, Карабайдын бул үйүнө сугун арткандар азыр анын жанынан күлүп өтүшчү болду. Кимди шылдыңдамак эле? Карабайдыбы? Жалгыз аны гана эмес, өздөрүн кошо шылдыңдашып жатпайбы. Тиги Батыш Европаны колуна мылтык кармап, жөө басып чыккан элдин тагдырын коргоочу кыргыз жигиттери да далайларды көрүп кайтпадыбы. Карабайдын үйүн адегенде шылдыңга айландыргандар да ошолор болду. «Ушул үйдүн эмнесин аваз кылдык экен, ошондо. Пайдубалын кара. Жерди ойбой-нетпей эле кирпич коё берген тура, кайран неме. Азыр көрчү, жайлоонун шүүдүрүмүн аралап мал издеген кишинин чапан этегиндей нымданганы нымданган. Ичине киргендер болсо, ышка карайып эски талдын кабыгындай дал-далынан кеткен фанерлерин, такыр жуулбагандыктан, жерге айланып калган тактайын көрүшөт да: «Байкуш Карабай далай жыл чоң болуп жүрдү эле, шып менен тактайды эч болбосо жыл аралатып майлатып койгонду билген эмес экен да. Зайыбычы – зайыбы. Тактанын үстүндө жатканды билген киши, аны жууп-тазалаганды эмне үчүн үйрөнүп албады экен?» – деп, анын өзүн жана үйүн аяп, сөз кылышат.

Азыр колхоздо тоют бригадасын башкарып жүргөн Карабай акенин теңтуштары көп. Алар жүздөшө калган сайын ага шылкым аралаш азил ташташат: «Каке, үйүңү тезирээк оңдобосоң, түбүндө каласың го. Баягы жылкыдай жер каарына алып, бир силкип койчу болсо, түбүнөн заги кетпеген немең туруштук бере албас».
Карабай буурул мурутун кулагын көздөй баш бармак менен сөөмөйдүн арасында чыйрата кармап, андай азилге терикчү эмес, кайра шакабага өзү кошулуп: «Мен бул айылга жаңы типтеги үйдү биринчи болуп тургузгам. Эми элдин эң акырында курайын деп чечтим. Башкармага да менин үйүм тизменин этек жагында боло берсин десем күлдү. «Коёндун териси жарым жылга чарыкка чыдаптыр» – дейт, дагы бир жылга урабас. Уулум армиядан кайтаар жылы киришем. Дагы бир жылдан кийин анын мөөнөтү бүтмөк. Күлбөгүлө, досторум, менин үйүмө. Силердин ата-энеңердин бир кезде шилекейин чуурта суктандырган үй ушул. Ар нерсе өз учурунда кооз. Убакыттын жылышы менен сулуулук да жашы өткөн кишидей көз кумарын кандырбай калат. Көрөм, силердин азыр макталып жаткан үйүңөрдү дагы, он беш-жыйырма жылдан кийин. Шаарларда газ менен ичи ысыган, өзүндө мончосу бар, ысык, муздак суусу үзүлбөй аккан үйлөр пайда болуп атыптыр. Газет окуйсуңарбы деги? Мына, ошол үйлөр бул айылга келгенде силердин көзүңөргө алтын сарай болуп көрүнгөн мобереки үйүңөр менин бул үйүмүн кейпин кийип калаары жөнүндө ойлодуңарбы?» – дечү теңтуштарынын ичиндеги жаштарына шылдыңдуу карап.

Кетмендин сабын бооруна такап, бүгүн өзүнүн көз алдындагы кыймылга келген кыштагына суктана тиктеп турган Жаныбектин оюн анчага дейре алагды кылган Карабай акенин карааны үзүлө бергенде гана анын үйү тууралуу ою токтоду.

Жаныбек тогуз жылдан бери ушул колхоздун тамеки бригадасын башкарат. Айылды аралап бригадирлерден бөлөк ким жүрөт? Бирок кыштагынын көркүн бүгүнкүдөй суктанып караган эмес. Кийинки жети-сегиз жылдан бери нугу ачылган арыктан аккан суудай айылына кирип берекеге а да эли менен кошо маашыр. Антпегендечи! Кыйынчылыктын, талаш-тартыштын баары жетишпегендиктен тура. Эл башкаргандарды суук тумшук кылып, калкы менен аларды ачуу-аразга алып барган да турмуштун ошол өңгүл-дөңгүлү эмеспи. Колхозчулар эмгегине тонналап эгин, тутамдап акча алгандан бери маңдайы жарылып, паанайы жарык. Кайсы үйгө кирбегин – дасторкон толо нан, дөбөлөнгөн мөмө-чөмө, үй жаңылаган киши. Короосуна кирсең бут алдың шибер, төбөңдө саябан. Баксыз короону көрбөйсүз. Жаныбекти колхозчулары «чуруш маңдай» дешчү. Ал аты деле азыр калып кетти. Анын да азыр маңдайындагы тырышы жазылып, күлкүсү көбөйүп калган кез.

Үй куруунун максаты февралдын башында жылдык жыйынтыкка карата өткөрүлгөн чогулуштан кайтып келген күнү болгон. Дасторкондун четинде олтуруп, Жаныбек, жеңеси Айсалкын болуп, бул үй-бүлөнүн өткөн жыл ичинде тапкан кирешеси дагы бир сыйра эсептелип чыккан болучу: үч миңден ашык акча, төрт тоннага жакын эгин. Чекене киреше эмес да!

Кеч күздө буларга келип кошулган Жеңишбекти эсептебегенде бул үч кишинин гана иштеп тапканы. Жаныбек аялы менен, жеңеси Айсалкын – үчөөнүкү.
– Менин сыйлыкка бүгүн алган алтын саатым буга кошулбасын, – деп күлдү Айсалкын. – Аны эчак эле сандыкка салып койгомун. Жеңишим үйлөнгөндө колуктусунун колуна тагамын.
Баарынан төмөн жагына олтуруп, буларга чай сунуп жаткан Жеңишбек апасынын бул сөзүн укканда кулагына чейин кызарып, башын эңкейтип, желкесин кашынды.

– Жок, жеңе, саатыңызды кирешеге кошконум жок. Ансыз деле жетет экен жаңы үй тургузууга. Анча-мынча даярдап койгон курулуш материалыбыз деги бар, – деп Жаныбек жадырап койгон.
Эки күндөн кийин колхоздогу курулуш бригадасы кезек боюнча булардын үйүнө келмек. Ошондуктан, Жаныбек менен Жеңишбек бүгүн эски үйдү бузуш үчүн жумушка барбай калышкан. Жеңишбектин тамдын төбөсүнө чыга келиши тигинин жанагы желеленген оюн үзүп койду.

Жеңишбек – Жаныбектин улуу агасы Сарымсактан калган жалгыз туяк. Майкечен ал там башында мизи өйдө карап жаткан экинчи кетменди ала койду да, күнгө күйгөн билек булчуңдары түйүлө калып, ары-бери тултуңдады. Көөнөргөн кара кепкасынын алдынан көрүнгөн жазы маңдайы, коёндукундай бакыракай көздөрү, оң кашын жаап уюлгуган тармал коюу чачы куду атасыныкындай. Анын кебетесине алдыртан тиктеп турган Жаныбектин көз алдына агасы Сарымсактын элеси тартыла берди…

Жеңишбек армиядан күздө кайтып келди. Азыр колхоздо ошол жактан үйрөнүп келген кесиби боюнча монтёр болуп иштеп жүрөт. Онунчу классты бүткөндөн кийин армияга чакырылгандар кайткан соң көпчүлүгү окууга же шаарга жумушка орношуп кетишкен.
– Муну деле ошентет ко, азыркы жаштар ата-эненин, агатуугандын тилин алчу беле, – деп анын армиядан келер тушун болжол менен билишкен жакындары салкын мамиле кылышканы ырас. Жок, Жеңишбек антпеди.
– Эми, окууга кетерсиң, Жеңиш? – деп апасынын сынап берген суроосуна:
– Жок, апа, силердей колхозчу эле болоюн деп турам. Атам колхозчу, апам колхозчу экенсиңер. Мен да колхозчу болууну чечтим. Баарыбыз эле шаарды көздөй кете берсек, колхоздо ким калат? Керек деп тапса, окууга колхоз өзү деле жиберет. Иши кылып окууга барсам да, колхоз аркылуу барам, апа, – деп тигилердин санаасын тындырып койгон.

Атасына окшоп, оор басырык сүйлөп, сабырдуу жүргөнүнөн апасы менен агасы андан үмүттүү. Жеңиш колуна кетменди алары менен «бери бас» дегенсип, Жаныбек үйдүн бир четин көздөй кадам шилтеди.
Далистин тушуна барып, арык колдорунун тарамыштарын түйүлтө, кетменин төбөсүнө көтөрдү да чаппастан Жаныбек кайра жерге койду. Эмне үчүн? Анын маңдай териси жыйрыла түштү, кырдач мурдунун таноолору кериле берди. Ким билет, балким, ичинде ата-энесинин өмүрү өтүп, агалары төрөлгөн бул үй азыр жаш балапандардын уясындай ыйык көрүнүп, бузууга дити барбай жаткандыр. Мындай болушу да ыктымал. Баягы жылы бир актив чыкма жигит атасынын эски имаратын бузганда, Жаныбектин апасы кыйын нааразы болгон:

– Ботом атасынын жайын бузат деген кандай шумдук? Ата жайын байлуканага айландырып таштап, жаңы үйүндө мамыр-жумур жашаганын көрүп турабыз го. Арбак ыраазы болмоюн, тирүү жан жарыбайт. Атасынын колу менен курулган жайды бузганы – арбактарды безиткени.
Балким, аны ыргылжың кылып турган апасынын ушул сөзүдүр. Андай болсо, кийинки беш-алты жылдан бери жыл сайын бул кыштакта он беш-жыйырмадан эски жайлар кулап, ордуна үстү шифер, тунуке же черепица менен жабылып, пайдубалы жарым метрче цементке отургузулган, кош терезелүү үйлөр курулуп эле жатпайбы?

Жаныбек жеңеси Айсалкын экөө да ошондой үй тургузууну көптөн бери дегдеп жүрүшпөдү беле? Антпегенде бүлө көбөйүп да баратат. Эки үй, бир далис кимисине калкалагыч болсун? Бети-башын жалмалап өтүп жаткан зааркы желден ичиркенгендей Жаныбек далысын куушура бир жыйрылып алды да, таңданган мүнөздө өзүнө карап турган Жеңишбекти көрө коюп, уялып кетти көрүнөт, ошол замат кетмендин сабына колдору ороло түштү.

Өмүргө өмүр кошомун деп, мунарыктана көз учуна араң урунган горизонттун тээ береги четинен, ааламга күлө карап шаша чыккан күндүн нурлары менен Жаныбек төбөсүнө бийик көтөргөн кетмендин пеши кездеше калды окшойт, айнекке күзгү тоскондой ал жарк эте берди. Соңунан лакыйган кетменден ыргытылган топурак тамдын арт жагына барып күп этти да, чаң-тозоңу оболоп жөнөдү.

Жеңишбектин кетмени да ушул көрүнүштү кайталап жатты. Түшкө дейре бир үйдүн төбөсүн тизеден келген кара чирик саман аралаш топурактан экөө араң арытышты. Экинчисинин үстүн жарымдаган кезде, Жаныбек кууш маңдайынан мончоктогон терди жеңи менен шыпыра аарчынып, анан тамеки тутантты. Топурактан арыган торсундун бирине көчүк басып, экинчисине узун буттарын тирей отура кетти да, жаак этин капшыра папиросун соро баштады.

Кебетеси ишке берилип кетип, ага кумары аша түшкөнбү, кайра-кайра тартып, оозунан, мурдунан көгүш түтүн булатып жатты. Бул дем алыштан пайдаланып Жеңишбек шатыны кайчылдата, суусун ичип келейин деп төмөн түшүп кеткен.
Дароо эле катуу кагазына жете түшкөн папироско чырт эттире тиш арасынан түкүргөн Жаныбек аны бут арасынан ылдый чертип жиберди. Өзү эмнегедир, жаш балачасынан анын кайда барып түшөрүнө көз салды. Үстүн жука топурак каптаган тегерек нерсенин үстүнө барып бир тийгенде гана папиростун күлгө айланган жагы үзүлүп кетти.

– Тегерек нерсе эмне болду. Кичинебизде апам бизге аш куюп берчү кара аяк эмеспи? Аякка окшобойт. Те тамдын төбөсүнөн түшкөн кесектин калдырканы бекен?..
Кандайдыр бир сезим Жаныбектин жүрөгүн жанып өттү:
– Нан!.. Баягы нан!..
Муунган кишидей анын добушу каргылданып чыкты. Додолонгон топурактын үстүнө тик секирген Жаныбек алигини кош колдоп ала койду да, бетиндеги топуракты үйлөп жиберип, бооруна кысты. Чын эле нан экен!..
– Муну Айсалкын жеңем кантип унутуп койду? Бул үйдүн какыр-чикирин өзү баш болуп жыйнаштырбады беле? Кантип нанды унутуп калды? Же: «Ырымдалганы менен не пайда берди, андан көрө топурак алдында тапталып калганы артык эмеспи» – деп атайлап таштады бекен?

Андай болууга тийиш эмес эле. Далай жылдан бери ушул үйдүн шыбында ак калтага илинип турчу бу нанды бапестеп, бетин жөргөмүштүн желесине бастырбай, маңар байлатпай апам өлгөндөн бери сактап келаткан өзү эмес беле?
Жаныбек азыр бооруна кысып турган нандын четинен үч жери кетилген. Анын экөө улуу агаларынын тиши тийген жер. Үчүнчүсү – өзүнүкү.
Бу нанды Бүбүш апа өзү жаап, өз колу менен биринчи жолу тун баласы Сарымсак кан майданга жөнөп жатканда ат жалына сунган:
– Четинен тиштеп кой, балам! Ылайым туз-насибиң өз үйүңөн буюрсун!
Ушул тилек менен экинчи уулу Асылбекти, кийинчерээк Жаныбегин атказган. Жок, эненин тилегениндей болбой калды. Ал тилек кылгандай Сарымсак менен Асылбек кайрылып келип, эне колу сунган алиги нандан тиштебей калышты. Урушка жетпей кенже баласы Жаныбек гана кайрылып, бул үйдөн кайра даам татты, бирок аны эне көрбөй калды. Жеңиш жылы төрт жыл бою тиктеген анын көзү түбөлүккө жумулган болучу.

Агалары менен энесинин ал эстелиги бут астында тепселип калганын көргөн Жаныбектин каңырыгы түтөй түштү: апасынын, уялаштарынын жыты ушул нанда сакталып калгандай аны бетине кармап жыттай берди эле, көз жашы чаңдуу жүзүнөн төмөн көздөй из салды. Ушул кезде нары жактан суу ичип чыккан Жеңишбек агасынын тиги абалын көрүп селт этти…
Эки жарым айдан кийин ак калтага салынган нан жаңы үйдүн шыбынан кайра орун алды…
1956

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *