Жазуучунун Бишкекке келгенин угуп, үйүнө бардык. Төрт киши чубалып ээрчишип алганбыз – Азиз Дүйшөбаев, Нургазы Мусаев, Максат Жумабаев жана мен – Олжобай Шакир.

Э келгиле, өткүлө жолуң болгурлар. Бутуңарды чечкиле… – Алдыбыздан каршы алган шыргый бойлуу Кубат аке менен баарыбыз бирден кол кысышып, береги сүрөттөгү үстөлдү тегеректей жайгашып отурдук. Саамга ооз ачышпай отура бердик. Сөз өзүнөн чыгабы дедик окшойбуз баарыбыз, жок, кыргыздын наркын карманган карыя жазуучубуз үн чыгарар эмес. Улагасын аттаган кишинин не келгенин кыргыз сурабайт эмеспи, Кубат акебиз ошол нусканы карманды белем, үндөбөчүдөй.

Диктофонду иштетип, алдына жылдырып койгонумду чолурайып бир карап алды. «Өчүрүп таша мунуңду» дебесе экен дедим ичимден. Дебеди. Демек, жакшы бир аңгеме-дүкөн курат экенбиз деп койдум. Себеби, Кубат аке интервью бергенди жаман көрөрү белгилүү. «Йе, оозуман чыкканды эле жаза бересиңерби?» деп тилдеп калмайы кармачу болсо, куйма кулагыбызда кайсы кеби калмак…

– Кубат аке, – дедим кыйладан кийин. – Сизден бирдеңкени сурайын деп жүрдүм эле… Бая үч жыл мурда сизге, Алайга барганымда айткан бир кебиңизге ушуга дейре таңгалам. Жолго чыгып атканымда артымдан чакырып, «Баягы Алым Токтомушев тирүү жүрөбү?» — деп калдыңыз. «Ооба, тирүү» дедим. «Тирүү жүрсө, Бишкекке барганыңда лично менин атыман салам айтып, колун кысып кой» дегениңиз бар. Ал аманатыңызды шаарга келерим менен аткардым. Бирок ошондон көп өтпөй эле Алым байкебиз бу жарыктан өтүп кетти эле. Сиз ошондо Алыкеге болгон дубай саламыңызды аманат иретинде айттыңыз беле же бирдеңкени сезиппи?

– Бирдеңкени сездим да эй, жаны жок десе. Сезбесе адам бирдеңке дейби?

Кайрадан тунжурап отуруп калдык. Кубат аке баш көтөрбөдү. Баарыбыз үн-сөзсүз отура бердик. Бир убакта Азиз Дүйшөбаев Кубат аке менен мындан жыйырма жыл мурда көрүшкөнүн айтып, адам өзүн өзү эмне үчүн издөөсү керектигин сурап калды эле, сөз учкуну өзүнөн өзү тутанып кетти:

– Келгениңер кызык экен. Бу маселеде эң эле улуу нерсе – адамдын өзүн өзү таануусу. Башка эчбир айла жок. Бу бир чети табигый нерсе. Адам төрт-беш жашка жеткенде ойлоно баштайт… Бул өтө трагичный…Адамды ошондон баштап ой басат. Кийин үйбүлө курат. Адам ошону менен татаал нерсеге айланып, ошол сазда көмүлүп калып кетет. «Көзү ачык кетти» деп коёт кыргыз муну. Бул ошо эчнерсе билбей жүрүп өлүп кетти деген маани. Силердин алдыңардагы маселе да ушул. Менин алдыма келгениңер үчүн ушуну айтып коюшум керек. Бул бекерпоздуктан келип чыккан суроо эмес. Бардык нерсе аскага тийгендей быркырайт… Бу маселе адамдын ичи-тышы, баарына байланыштуу…

«Баарынан кыйыны – адам өзүн өзү таануусу» деген Пифагор кембагал. Муну өзү билбептир. Өзү да билбей туруп айтып салыптыр. Текеберчилик да бул, эй. Көрсө, өзүн таануу чоң ачкыч экен. Өзүн өзү таануу-билүү – Кудайды билгендик да. Анан эми бул улуу нерсени чогулуп алып жоро кылган (сөз кылган – О.Ш.) болбойт экен. Жарабаган иш экен. Бул улуулук эмне үчүн жарабаган нерсе? Бул кылмыш. Өзүн өзү билгендин кереги жок экен. Баары көрүнүп турат экен өзү эле. Адамдын жүргөн-турганынан, кулк-мүнөзүнөн баары көрүнүп турат. Өтө чоң удачасы – ошону көрө билиш керек. Көрүп калгандан кийин эмне болот? Чыгыштагы окутуучулук, окуучулук мектеп деген ушул. Себеби акыйкатты тааныган кишинин оозунан «андай бол, мындай бол, муну оку, тигини оку» деген болбойт. «Өз корооңдон чыкпай туруп деле дүйнөнү таанысаң болот» деген ошондон калган кеп экен да.

Дүйнөнү тааный турган касиет адамдын өзүндө. Ал касиет өзүбүздө бар экен, арким ошону ачышы керек. Бул кыйынсына турган, менсине турган нерсе эмес. Муну улуу кайрат менен ачыш керек, ага эрдик керек.

О.Шакир: Биз бүгүн сизден бирдеңке издеп келгендей эле, сиз да бир убакта Далай-Ламага бардыңыз. Сүйлөштүңүз. Сиз бизге ошондогу маанайыңызды, диалогуңуздарды кеп кылып берсеңиз кызык болор эле…

К.Жусубалиев: Сен токто эй, бала. Сен мен айтканды түшүнгөнүң жок. Түшүнсөң бул суроону бербейт элең. Далай-Ламага эмнеге барганымды сурабайт элең.

А.Дүйшөбаев: Демек, жогоруда эле бул суроого жооп берип койгонуңуз экен да бул…

К.Жусубалиев: Эптеп-септеп, ыйлап-сыктап мен да өзүмдү карап көрдүм. Буну ошо улуулукка жеткен киши айтпайт экен.

Н.Мусаев: Сиз өзүңүздү тааныдым деп ойлойсузбу?

К.Жусубалиев: Муну айткандын пайдасы да жок экен. Таанысам силердин алдыңарда мынаминтип отурбайт элем да эй, кембагалдар… Далай-Лама жөнүндө айтып бер деп отурбайт эле да моногу жаныңардагы… Өзүңдү таануу – бул ошо чоң курал болот окшойт адамга. Мыногу дүйнөдөгү чоң маданияттын, улуу кишилердин, улуу философтордун гана жардамы тийет окшойт буга. Ошолордун айтканы гана ачкыч болобу дейм. Бирок баары адамдын өзүнөн. Менин түшүнүгүмдө: адам өзүн ачканда ал совершенный экен.

Мунүчүн медитация кылып, жалгыз жашап, бирөөнү ээрчибеген адам гана өзүн табат. Изденүүнүн далалаты деген ошол окшойт. Көбү ойлойт экен мени, Кубатбек Жусубалиев өзүн тааныйт деп. Алардыкы да туура. Бир чети мен да кишимин. Мен да кээде акыл айтымыш болом. А негизи «тигини оку, муну оку» дегендин өзү кылмыш. Жаш кезде мен ушуну сезген экемин. Мен жанагы жаны жок Мелис Эшимканов, Мамат Сабыровго бир кезде берген маектеримде деле өзүмдү издеп жүрүптүрмүн. Алар мени интервью берип кой дешип кыйнашат эле да… Суу чаңызгып туруп эле, бир маалда өзүнөн өзү тунат. Менин айткандарым да көбүнүн мээсин чаңызгытып айлантат экен көрсө. Көрсө, менин аларга айтайын дегеним: адам ачыла элек сандык экен. Арбир адам ачылбаган сандыктай тура. Ошондон улам менин маектеримди «Ачылбаган сандыкта» деп жарыялагыла дегемин экөөнө…

Н.Мусаев: Жан боюнча кандай бүтүмгө келдиңиз? Денебиз картайганда, жаныбыз эмне болот?

К.Жусубалиев: Бу жөнүндө айткандын пайдасы жок. Якобду билесиңби?

Н.Мусаев: Жок.

К.Жусубалиев: Бёме Якобдун «Истинная психология, или Сорок вопросов о душе» дегенин окусаң түшүнөсүң. Кызык киши ал өзү…

Н.Мусаев: Ал киши өзү өтүкчү деп атасыз, анан мындай маселеге ал кайдан келип түшүндү экен?

К.Жусубалиев: Аны окусаң түшүнөсүң. Кудайга кандай киши керек, ошого окшогон кишилер керек да. Кудай тандаган да ал кишини. Ичиңде толгон бук болбосо, Кудай салбайт экен да.

Н.Мусаев: Иса пайгамбар туурасында бирдеңке…

К.Жусубалиев: Аны да Бёме Якобдун мен айткан китебинен таап окуп аласың. Ошону окуп түшүнөсүң.

Н.Мусаев: Таң аткандан кечке дейре эмне кыласыз?

К.Жусубалиев: Таңкы саат төрт же бештерде турам, бир сааттан үч саатка чейин медитация кылам. Анан кечкурун. Дайыма… Бул мага закон.

А.Дүйшөбаев: Медитацияны канча жылдан бери үзбөй келатасыз?

К.Жусубалиев: Кырк жылдан бери.

Н.Мусаев: Кечки медитацияга чейинки аралыкта эмне кыласыз?

К.Жусубалиев: Эмне кылмак элем, китеп окуйм. Мен Жамбынын үйүнө (кызы – О.Ш.) келгеним – китепканага келгеним…

А.Дүйшөбаев: Телевизор көрөсүзбү? Негизинен эмне тамак жейсиз? Мен билгенден эт жебейсиз…

К.Жусубалиев: Телевизор көрбөйм. Мен кийинки кездери суткасына бир гана жолу тамактанууга өттүм. Этти силерге окшогондор жей бергиле, бок чокуган корооздой…

А.Дүйшөбаев: Эттен кантип баш тарттыңыз?

К.Жусубалиев: Муну кандай кеп кылышым керек сага? Сен жейсиңби, жей бер.

Н.Мусаев: Айылда тели-теңтуш менен катташасызбы?

К.Жусубалиев: Анан эмне…

Н.Мусаев: Убагында сиз коомду «болванизациялашып» кетти деп аныктадыңыз эле, азыр «болванизация» кайсы этабына жетти?

К.Жусубалиев: Мындан ашык кайда барат? Болду жетет. Эми мындан өтүш керек. Кези келди. Чегине жетти. Коом эми акылына келиш керек. Эл агартуу ишин жолго коюш керек, аны колго алчулар чыгар мезгил келди.

Н.Мусаев: Элди кантип агартуу керек деп ойлойсуз? Өкмөт кандай чараларды көрсө туура болмок?

К.Жусубалиев: Өкмөт аны билбейт. Агартуу жолун билгендер ал жакка барбайт дагын. Элди агартуудан мурда өзүң агарышың керек. Ишти өзүңөн башта. Өзүң агарбасаң, башкаларды кантип агартасың?

А.Дүйшөбаев: Китептериңизди жарыкка чыгарайын деген аракетиңиз, ниетиңиз барбы?

К.Жусубалиев: Кааласаңар өзүңөр чыгарып албайсыңарбы? Керекпи силерге?.. Мен аны чыгарып бералбайм. Акчам жок ага. Себеби мен добровольный нищиймин. Бая мен Жамбыны ээрчип Кытайга барчуда, ал жактагы кыргыздар мени өлгөндөй бай дешсе керек. Бул кепти ошондо айттым аларга, добровольный нищиймин депчи…

Рухий тереңдикке биринчи кадамды жардылыктан баштагамын да. Ансыз рухий жолго кадам таштаган болбойт.

Н.Мусаев: Бул жакка келгенде борбордогу акын-жазуучулар менен жолугушуп турасызбы?

К.Жусубалиев: Алар менен эмне кебим бар?.. Кеңеш (Жусупов) досума гана жолугушам. Мен аны жакшы көрөм да. Жакшы көргөнүмдүн себеби те илгери ал мага кат жазыптыр. Орусча жазыптыр. Анткени жаны жок жазуучулар ага «Кубатка кыргызча кат жазсаң окубайт, орусча жаз» дешиптир. Анан ал мага «Незнакомый друг» деп кат жазып жибериптир, көрсө, «Ала-Тоо» журналына чыккан аңгемелерим ага жагып калыптыр. Ошол жагып калганы үчүн эле мага кат жазыптыр, ошондон бери мен аны жакшы көрөм. Бири-бирибизди жакшы көрөбүз.

Н.Мусаев: Азыркы биздин коомдо жашаруу деген маселе абыдан модага айланып баратат…

А.Дүйшөбаев: Ооба, Нургазы туура айтат. Сиздин чачыңыз меникине караганда капкара бойдон экен. Мунун сыры эмнеде? Ал эмес азыркы заманда жашаруу үчүн атайы операция кылдыргандар толтура…

К.Жусубалиев: Эй, кембагалдар, сурооңор бүттүбү? Силер пайдасы жок сурооңорду берип отурсаңар, убакытты ким токтотот?

Н.Мусаев: Кубат аке, биз эми турмуштук майда-чүйдө суроолор менен кайрылдык сизге, айып этпеңиз. Мындай майда суроолорду берген себебибиз, карапайым элге мунун баары кызык, алар сиздин көзкарашыңызды билгилери келет…

О.Шакир: Сөз башын сезим тууралуу баштадык эле. Ошого улай менде даа бир суроо турат… Тибет даанышмандарынын биринин сезим туурасында жазганын окуп, таңгалдым. Муну тирүү пенде баласы биле жүрүшүбүз керек экен. Эгер адам өлүм алдында комада жаткан болсо, биз андай абалдагы адамды жалгыз таштап койбостон, күнүгө аны менен сүйлөшүп, колунан кармалап жапакеч сезимибизди билдирген болсок, ортодо телепатиялык байланыш түзүлөт экен. Өлүм алдында жаткан адам тил-ооздон калганы менен, бирок анын сезим-туюмдары бизден ажырабайт окшойт… Ошондон улам сезим тууралуу сиз кандай кошумчалаар элеңиз?

К.Жусубалиев: Сен экөөбүз бири-бирибиз менен сезим аркылуу гана сүйлөшө алабыз. Экөөбүздүн ортодо сезим болмоюн, байланыш үзүк. Сезим менен сүйлөшүү жүрөт. Бул сага айтылган сөз айрыкча. Булар үчүн сүйлөбө сен. Өзүң үчүн сүйлө. Сезим бул – Кудайдын тили.

Н.Мусаев: Кызыңыз Жамбыны кантип Европага жөнөтүп окутуп калдыңыз?

К.Жусубалиев: Эгер сабагынын баарын «5» деген баага окубаса, өтпөйт эле да. Чоңдордун балдары бир балээ кылып окуп келсе, биз ага жол бергенибиз жок. Бул өзүнүн тетиктигинен. Өзүмдү араң багып отурсам, кантип окутат элем Европадан… тияк-бияктан. Эптеп өзүм орус тилин үйрөнүүгө кино тармагында иштеп калганым пайда болду…

 Мындан аркы сөз учугун улоого убактыбыз тар көрүндү. Кубат акенин убактысын бир гана саат алаарыбызды улагасын аттаганда эле макулдашкан элек. Өзү да жаз күнү келгенин айтып, Алайдагы бак-шагы кароосуз калганын кобурап калды. Жолго камынган түрү бар…

Маектин бир жеринде рухий жихад туурасында абыдан сонун айткан жерлери диктофондон угулбай калыптыр. Ал ойлорун угуп отурганда — кагазга түшүрүп калууга да үлгүрбөптүрмүн. Башаламан чиймелей бериптирмин…

Мен бул күнү Кубат акенин алдында өзүмдү айыптуу сезип отурдум. Бирок өзүнө айталбадым. Өзү да «э, кембагал, баягы ишибизди качан уланталы?» деп сурабады. Баягы ишибиз дегеним, мындан үч жыл мурда кызы Жамбы Кубат акенин китептеринин орусчасына, мен кыргызчасына редактор болуп басмага даярдоону колго алмак болгонбуз. Бирок ортодо менин асыл туткан адамдарымдын бири Алым Токтомушевдин көзү өтүп кетти. Устатымдын адабий эмгектеринин көбү жарык көрбөй кала берди. Ошону менен Алыкемдин болгон архивин ирээтке келтирүү милдетин мойнума алдым. Аны менен катар боорума басып жаткан өзүмдүн аңгемелер топтомунан турган «Эски тегирмендин орду» менен «Куюн доор» романымдын соңуна чыгуу түйшүгүнөн убактым артаар эмес.

Кубат аке Алайдан келгенде бир-эки курдай чакырткан экен, саат-күндөрүм тар үчүн ордуман жылган эмесмин. Ал кишинин алдындагы чоң айып кетиргеним ошол…

Анан эле бир күнү Нургазы Мусаев досум телефон шыңгыратып калды, Кубат аке шаарга келген экен…Анака-мынака… Ошону менен кайрадан кездешип калдык.

Жазып алган Олжобай ШАКИР
Колдонулган сүрөттөр Максат ЖУМАБАЕВге тиешелүү

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *