1.

«Желтоксон» күрөшү тууралуу буга дейре көп эле айтылды. Бүгүн алардан артылып анын алдыга сабагы же дегеле тарыхый окуялар жана алардын тастыкталышы жайында айтышка туура келет. Бүгүн ушул багытта ой толгогум бар. Анткени, «Желтоксон» күрөшү да тарыхка качандыр бир «казак кайың сааганда, кыргыз Ысар киргенде» дегендей, же «актаман чубурунду», болбосо «Ормонбет бий өлгөндө он сан ногой бүлгүндө», же дагы «калмак кырган» деген сыяктуу эле тарых барагына түбөлүккө басылып калган орток, өчпөс тамга. Кайриет, ал кылымдар бою азаттыкка умтулган улуу көчмөндүн денине басылган акыркы кейиштүү да, эскерткич да тамга.

Ушул ыңгайдан алганда казак элинин жалындуу уулу Муктар Шахановдун Алматы конференциясында сүйлөгөн сөзүндө «Желтоксон» күрөшүн азаттыкка умтулган казак элинин акыркы беш кылым ичиндеги эсепсиз көтөрүлүштөрүнүн эң акыркысы, элди эгемендикке баштаган күрөштүн эң соңку апофеозу, финалы ирети баа бергени масштабдуу ой жүгүрткөн ойчул акындын «Желтоксон» күрөшүнүн маанисин жеткире ачкан философиялык жыйынтык баасы болду десек жарашат.

Ооба, дал философиялык баасы, — бир окуянын, тарыхый контексттеги. Бирок акыйкатта, философиялык баасын алышка бир гана окуя эмес, мүлдө тарыхыбыздын өзү муктаж. Шаханов ага эске алган «Казак хандыгы» аталып чыккан акыркы беш кылым аралыгындагы окуялар гана эмес, беш миң жылдардан ары жаткан улуу көчмөндүн улаңгайыр тарыхы өзү муктаж. Бул деген көчмөн тарыхынын философиясы али жазыла элек деген сөз. Ал эми тарыхтын философиясы так, таасын жана терең аныкталмайын тарыхтын өзү эч качан анык жүзүндө ачылбайт, даана жазылбайт дагы. А демек, биз тарых сабагынан серпиле чыгып, азыркы учурубузду калыс аңдай албайбыз, азыркыдан алга артылып, келечек багытыбызды да кенен, терең болжой албайбыз. Бул айтылгандар «Желтоксон» күрөшүнө да түз тиешелүү.

Ким бирөөлөргө мындай сөз, балким ынанымсыз да угулар. Анткени буга дейре көчмөндөрдүн көөнө да, жаңы да тарыхы тууралуу фактылык материалдар тоо болуп жыйылган, сандаган изилдөөлөр, илимий да, көркөм да саңсыган чыгармалар жаралган. Бирок алардагы мүнөздүү мүчүлүштүк-логикалык басым-баа так коюлбай, балким калпыс трактовкаланышында, б.а. методологиялык өксүгүндө, кароол дөбөсүз каралган жаңылыштыкта. Ал эми туура методология эч качан буга дейре биз билген марксисттик-лениндик методологиядан же дүйнөгө күчтөп таңууланган батышчыл евроцентристтик тургудан келип чыкпайт. Ал улуттук төл философиянын удулунан гана агылып чыгат. Улуттук төл философиянын уңгусунан чыксак гана көчмөн тарыхы чыныгы сырын ачат. Ал эми бизде улуттук төл философиянын өзү, б.а. көчмөн философиянын өзөгү-көзү ачылганбы? Мен, жеке башым, айталбаймын, балким ал эми гана жаңыдан гүл бөртүп жаткан чагы бар…

Эсеби, эмне үчүн көчмөндөр жөнүндө жазылган тарыхтардын дээрлик баарында алар бири-бири менен кагылышкандан башы чыкпайт. Бирин-бири жойгондон башканы билбейт. Эгерде алардын тарыхы жалаң гана ушундай уланып барган болсо, анда алар эмнеликтен эмгиче бирин-бири жеп түгөтпөй, керинче, байыртан Кытай, Иран, Урум аталган үч зор дүйнөнүн ортосунда оодарылбай, оп тартылбай канат-бутагы жайылып келген, оожалган. Жапайыланбай, керинче, материалий жана руханий улуу дөөлөтүн жаратып жаны асылданып жашара келген, адеби артылып Көк Теңирдей тазара келген. Болбосо, скиф айбанат стили аталган дүнүйөдөгү теңдешсиз керемет өнөрүн ал кантип гана жарата алган? Көрсө, көчмөндүн философиясынын өзү түбүндө уңгуга уюган биримдик экен. Көкө Теңир менен Жер Эненин, Рух менен Материянын абалкы улуу, чулу биримдиги, ажырагыс касиети жайындагы ой анын жан-дээрин чаңкай чайып калган экен. Шам жанган экен!

Же дагы, мисалы, эмне үчүн көчмөндөр мамлекет курганда да, эл жууруганда да Оң, Сол атап дайыма кош канатка ажыраткан. Көрсө, бул дагы Көк Теңирден агылган, Теңирчиликтен табылган ыйык мыйзам экен. Түштүк жана Түндүк хундар, Батыш жана Чыгыш түрк каганаты, Батыш жана Чыгыш карахандар деп башка элдердин тарыхнаамасына түшкөн аталыштардын өзү да чынында түпкү элдин өз түшүнүгүндөгү Ичке ийирилген Оң, Сол канат деген маани экен. Болбосо, күнү кечээ казактын Улуу, Орто жана Кичүү жүз болуп түзүлгөнү, же кыргыздардын Оң, Сол канат жана Ичкилик атанганы, же дагы, бая Батый хандан соң Бүргө хандын тушунда бир кубаттуу Алтын Ордо дөөлөтү түндүк уюп, өз боюнан Ак Ордо, Көк Ордо канаттарын бөлүп чыккан мисалы да, эң байыркы-байыркы Угуз каандан калган эл курум салтын эске салбайт бекен.

Ошол Оң, Сол канат Орто-Ордого ийирилип, куштун кош канатындай бир маакул шилтенип гана көчмөн хандык, каганаттарын эчен тарыхтын коогалаңынан эсен алып өтүпүр. Ошол биримдигин тутканда гана ал күчтүү-түптүү, ошол биримдигинен тайыганда гана ал алсыз-жансыз тарткан экен. Кайталайм, демек, каганаттардын жашоосун шарттаган себеп — калк философиясы өзөгүнө өскөнү!

Ал эми бая айтылган алардын бирин-бири «жойгон-кырган» кызылдай кырчылдашына келсек, анын көчмөн тарыхына башкалар тарабынан берилген сырттай баамы, оторчулдардын көчмөн эл ортосуна ажырым салган философиясы, айлалуу иштелген «илимий» методологиясы экенин айтпаганда да, төмөнкүдөй анык себептери бар.

Биринчиден; катмарланган сан тарыхтан калк эсине тамгаланып, көбүнесе адаттан тыш күчтүү окуялардын же кыргын согуштардын гана төбөсү көрүнүп калат, ал эми ал чокуларды алдыдан тиреп-таяган санжыргалуу сары арка талаанын бейпил тирлиги, философиясы бейжай жомоктоло бербейт. Ал калктын боюнда каадими жашайт.

Экинчиден, көчмөн элдердин, мамлекеттердин эгешкен согуштарынын сыры да эч качан алардын ич ара мамилесинен гана чыгып бир тарап түшүндүрүлбөйт. Ал ошол конкрет кезеңдеги, айталы, «эл болбос эзелки жоолору» (мисалы Кытай, Эрен, Урум, Араб, кийинки орус, агылчын) эптүү түзгөн, ыктуу пайдаланган тарыхый кырдаал, окуялар менен кыйма-чийме байланышта жатат, андыктан ал дүйнөлүк саясаттын контекстинде жана өнүгүү тенденциясында жанаша чечмеленет.

Үчүнчүдөн, ошондой журт бүлүндүргөн ичара кактыгыш-согуштардын да кай бир кездери үзүлбөй созулуп барганы ырас болсо, ал да көчмөн коомдун көздөй мыйзамынан табылбайт, тескерисинче, ал дал ошол калк философиясынын кайнар көзүнөн сырт калган, тарыхый эсин жоготкон, дил жарыгынан адашкан, карайлаган трагедиялуу бир каран чагын мүнөздөйт.

Оо десең, калкаман журт канча бир ирет өз рухий тереңинен тайызына сүрүлгөн, өзгө жолго шилтенген, бирде күргүштөй кылыч мизинде айдалып да, же тарыхый эси байланып да, табияттай ачык, айкөл энөө журт канча жолу тымызын кебез менен мууздалбаган аттиң, көзү таңылуу бир туугандар канча жолу бир-бирине кылыч сукпаган аттиң, аттиң… Демек, бир дене — Оң, Сол аталган биримдик идеянын, идеологиянын кашка жолунан тайыганда ал кан төгүшкөн майданга кайыган. Көчмөн тарыхтын философиясы жана аны сыпаттоодогу биз тутунаар Теңирчил (Оң, Сол-Ичкилик) методология дүңүндө ушундай. Көчмөн тарыхтын нак философиясын билүү бизге ана ушул үчүн аавал зарыл. Улуттук философиянын унгусунан агылып чыгаар тутка идеология, методология мына ушул үчүн керек. Бүгүнкү күндүн атынан, келечек үчүн!

Ошентип, беш миң жылдардан, беш кылымдардан, он жылдыктардан оролуп, бул күнгө да ушундайча келебиз. Көрсө, желтоксон күрөшү же беш кылым окуясы, болбосо, беш миңдеген жылдарды арыткан баба тарыхы жайында сөз, тек, кооз санжыра, жалаң максат, жаки, улуттук кычуубузду «бахх» кандырып алаар баатыр чабыш гана эмес, биринчи ирээтте учурга үндөк, алдыга үмүт чакырык экен!

 2. РУХАНИЙ АЗАТТЫК ЗАРЫЛ

Теңирдин Эрки менен улуттун төбөсүндө улуу дөөлөт кушу айланды. Аны менен кошо ашкан зор жоопкерчилик да, өзгөнүн да, өзүнүн да алдында оролгону тур. Көчмөндухтун дүнүйөлүк мааниси ачылаар алды.

Ооба, бул сөз балким далайдын мыйыгына күлкү чакырат азыр. Азырынча… Бирок биз өзүбүздөгү өксүк комплексин жеңсек, башыбызга жабылган мифширгени сыйырсак, дүйнөлүк тарыхый, фалсафий, рухий өнүгүш процесске көндүм Батыш көз айнегин кийбей бар адамзат жеткен бийиктен баксак — көчмөн дух менен байытылган тургудан туруп (!), анда карт Дүйнөнүн буга дейре биз көргөн, биз көнгөн сүрөтүнөн башка да чындык ачылып чыгаар беле, аттиң.

Бул үчүн көчмөн дүйнө эми өзү улуу булкунушу, руханий азаттыкка чыгышы зарыл! Рухий эгемендик гана акыры Элдин саясы, экономикалык эгемендигин чыныгы азат жолго баштар, сактап калар көздөй шарт. Экинчиден, эми ага реалдуу таянч аянт бар. Ал — Теңирчил дүйнөтааным, Уңгуталаа теориясы.

Уңгуталаа теориясынын өзөгү тууралуу буга дейре кыйла эле айтылды, бирок бул физикалык теориянын зор идеологиясы бары, анын адамзаттын алдыңкы тарыхында ойноор айгине ролу, Теңирчиликке мүлдө өзөктөш жайы өзүнчө, терең кеп… Бая айтылган көчмөн тарыхтын философиясына гана эмес, жалпы эле дүйнөлүк тарыхый, рухий өнүтүштүн философиясына да концептуалдык жаңыртылган, тереңдетилген таасын глобал мамиле зарылданып, бир чети тымызын бышып келаткан да чакта, Уңгуталаага таяна улуттун өзүнүн руханий азат мейкинге серпилиши канчалык зарыл жана өз Ордун ээлеши милдеттүү жоопкер. Өзү үчүн да, Дүйнө үчүн да. Уңгуталаанын гуман багыт-анты өзү ушуну талаптайт. Гуман багыт- антына реалдуу рухий таянч-көчмөндух, төл философиясы ушуну талаптайт.

О көчмөндух, көчмөндух! Кечээ сенин өзүң үчүн өз Ордуңду ээлеп, «варвар» аталган чынжырды бузуп рухий акталышың канчалык зарыл турса, эми экинчи тереңге — дүйнөлүк рухий миссияңа аттанышың ошончо зарыл жанган жокпу? Бул, тек, жеке эрк, эрке каалоо эмес, бүткүл тарыхтын ырааты, жазмыштын буйругу эмеспи? Бул миссия МЕССИЯ эмес бекен!? Бирок аттиң, бир бучкакта кулчул психологиянын залдары да али курубай туру. Руханий азаттык ушун үчүн керек!

Айталы, өзүн илим-билимдүү санаган кай интеллигент көчмөн, эпадам, заман аңыты жайында сөз жүрө калса: «как и все другие цивилизованные люди», «как в цивилизованном мире …» деп өзүн кор, өзгөнү зор тутуп, шашып шапкесин башынан ала коет. Кыйшайып өйдө карайт. Ал эми ал мактал айткан тамшал цивилизация өзү азыр не деген түбү үңүрөйгөн кризиске баратканын, андан буйтал багыт издеп, кандай гана жанталашып буй турганын элебейт ал. А демек, жаңырган кылымда, Уңгуталаа ураганында «цивилизация» деген зор түшүнүктүн өзү түп мазмунун эбегейсиз жаңыртаары, байытаары, ал жаңылык-жаңырык Ала-Тоодон башталаары, Дүйнөгө чакырык Хан Теңир чокудан таш талаары, көчмөн мейкин силкинип жаңыраары жүз уктаса түшүндө жок. Ооба, бул ушундай, өзүбүз үчүн күтүлбөгөндөй, бирок Тагдырда күтүлгөн дүйнө бурулуш окуя. Ал чакырыктын потенциалын, көрсө, көчмөндух алып жүргөн экен. Дүйнө өзү ага — чулу маңызга, муктаж экен. Ушул кайталангыс тарыхый кырдаалдын кайталангыс чакырыгын угуш, туюш үчүн, эрлерче кабылдаш үчүн эреже-калыптарга камалган, эзилген кул мээнин өзүн азаттыкка чыгарыш керек.

Ден кудуретин Жан кудуретине жалгаар руханий азаттык ушун үчүн керек! Ал эми, эмки тарыхый кырдаалдагы руханий азаттык дегенибиз эмнени билдирет, конкрет кандай көрүнөт, маңызы неде? Муну чечмелей айтпаса ачылбайт?

Биринчиден, ал — ообол чыныгы өзүңдү таануу, өзүңө дал же идент мазмуунуңа өсүү. Ошол мазмуунга Дүйнөнүн көзүн ачуу.

Белгилүү, көчмөн коомго Батыш да, башка да элдин аалымдары тарабынан дамамат өгөй мамиле этилген, «варвар» саналган, көчмөнжурт «цивилизациянын Кан Жолу» идеясынан сыртка чамынды ыргытылган. Анткени, алар — отурукчулар, өзүлөрүн Дүйнөнүн борборогу санашкан. Тарыхый материализмдин концепциясынан чыккан Маркс гана тарыхтын объективдүү мыйзамына ылайык эч бир эл тарых бортунан тышка ыргып калбасын, тек, дүйнөлүк айлампа четинде инерцияда илээшип бара берерин айтыптыр. Ушуган да шүгүр (Ал эми Маркстын өзүнүн коомдук-экономикалык формациялар тууралуу окуусу, балким, отурук Батыш кыртышы үчүн алымдуу, бирок ал Чыгыш өзгөчөлүгүн, төтөн, көчмөн чындыгын камтый албасы «Теңирчиликтин» экинчи китебинде кең айтылган. Буерде токтолуп отурбайбыз). Бирок бул түшүнүк да тек салыштырмалуу экенин мезгил бийиги көрсөттү. XX кылымдын бийиги.

Көрсө, Дүйнөнүн ич маңызы өзү тынымсыз агылып барган, жаңыланган бир жандуу процесс экен. Аккан Дүйнөнүн борбор-огу өзү кыймылдуу экен! Өзүн борбор санаган отурук, кыймылсыз кай дүйнө сааты бүткөндө Аккан Ордодон дирилдеп-бириндеп сыртка калып кеткен, бир-бир агып кеткен. Шумер, Вавилон, Египет, Грек, Рим мисалы бекерби? Тек, көңкү көчмөн дүйнө гана ошол агылган өзөктүн өзүнө өсүп, көзүнө чөгүп, ал кайда акпасын, не оодарылбасын, Орто-Ордосунда оожалып түбөлүк калган. Башкача айтканда, ДҮЙНӨЗӨККӨ тунган ал, жанарын ичке жыйган ал, жаки, ал башкы маңызында ТЕҢ ТЕЛЕГЕЙ ЦИВИЛИЗАЦИЯ болгон. Күн, Жер өзүнүн ички огунда айлангандай, балким, көчмөндүн жалпы адамзаттык маңызга ээ түбөлүк орток идеяда оролуп жаткан кыязы башка көзгө — сенек, козголбос, «кулчул» же «түбөлүк феодализм» түрүндөгү «каткан коом» түшүнүгүн калыптагандыр. Демек, кайталайм, эгерим ал четте эмес, керинче, улуу тарыхтын, мындан да тактай айтсак, дал ага айкаш аккан Дүйнөлүк Рухий Тарыхтын Кан Жолунда, Дүйнөзөктүн көзүндө түбөлүк тирүү жашап калган. Анын жыйылган жанар потенциалы, мына эми, мезгил бийиги — XX кылымдын соңунда адамзат планеталык масштабда илимий, нравалык, экономикалык, рухий, бир сөз менен айтканда: мүлдө планеталык мүнөздөгү цивилизациялык (Батыш дүйнөсү аныктаган) кризиске бараткан тушта ага Жооп ирээти ачылганы отур.

Уңгуталаанын теориясы жана идеологиясы адамзатты сактоого чакырылган дүйнөлүк бардык мессиан идеяны өзүндө батырып турат жана ачкычын кармап турат, төл руханий илими Теңирчилиги өзөктөшүп! Демек, көчмөн, ириде табият тагдыры өзү түбүндө ушу Уңгуталаа — Манаска ыңгай экендигине (а эмне үчүн Манас экендигине бара түшүп токтолобуз) өзү көзүн ачышы керек, буйрулган ошол вазийфаттын өрүнө өсүшү керек. А бул деген, Дүйнөлүк өз Ордун билип, ага Дүйнөнүн көзүн кошо ачуу демек. Көчмөн рухтун идент мазмуну же философиясы ушул.

Экинчиден, Дүйнөнүн өзү дамамат өзүнө дал маңызына (самоидентификация мира) умтулмагы бар. Өзүн таануу жолунда барар. Бирок ал өзү тууралуу али адекват түшүнүк ала элек. Чыныгы жүзүн таба элек. Бу таанымды эми көчмөндух толуктураар. Айталы, Афлатун, Арысту ж.б. байыркы грек дааналарынан бери мындан биякка созулган дүбүрт, Европа Кайра Жаралуусунан соң өскөн чокулар: Спиноза, Кант, Щеллинг, Гегелң, Маркс, Конт, соңку XX кылымда кырк салаа жиктелген агымдар, бул, али, Дүйнөнүн бүтүндөй толук тартылган фалсафий картинасы эмес. Дал ошол толукка өсө албаганы үчүн ал азыр ар-ар жакка салаалаган, талаалаган.

XX кылымдын соңуна дейре Дүйнөнүн физикалык картинасы так тартылбай келген сыңары эле Дүйнөнүн рухий-фалсафий кредосу, саясы ниет, идеологиясы да али итарка бирикпей» келет. Айтса, бул экөөнүн (физика, философия) эң түбү, ТЕҢ түбү бир эле, жана ал дүйнөлүк деңгээлинде бир тоомдон гана бир учурда ТЕҢ көз жармак. Бир жаралмак. Өзүн сактоого жандалбастаган Европа ушул Жолду канча издеди, үңүлдү, үрүлдү, бүлүндү…

Индиячыл Шопенгауэр, персиячыл Ницше, кытайчыл Гессе…

Издерин жашырган Шеллинг, Гегель Соловьев… (из жашырган менталитет өзүнчө сөз).

Илим жолунда илик салган Мах, Гейзенберг, Оствальд, Эйнштейн…

Жок, дүйнөнүн чулу ТЕҢ биримдигине (физикалык-философиялык) бири да жете албай баш чайкап тынган. Бая муктаждык турган.

Ушул муктаждык угунда кытайдын дао, куңфучулугу, индус ведизми, буддизми, ислам суфизми, жапан дзэни да Дүйнөгө бир-бир ачылып алган, өз БУМун жарган. Бирок бул ачылыш бир гана рухий планда жүргөн. Мораль, психологий тегизге тепчилген. Батыштын ургаал сырт илими менен Чыгыштын ички ааламын синтездөө жолу көздөлгөн. Көкүрөк Аалам, Көк Аалам жалганаар жиги изделген. Ауробиндо, Кришнамурти, Махариши, Судзуки, Рерихтер… адамды алакан отуна салып Жерден аруулап, Космикалык моралдын кут тунган төрүнө сунгусу келген. Жылдыз аккан Ааламга кайытып алып чыккысы келген. Арийне, арийне, анын да өз тууралыгы тургандыр, «тандамал» жемиши бар чыгаар. Бирок ал, түбү — заман-адам проблемасын бүттү чечпейт.

Анткени, биринчиден; ал «ушу азыр» (экзистенция!) адамзат коомун бирге, чогуу эмес, бир-бир Адам деңгээлинде «тандамал» сактагысы бар. Адам-Кудай атангысы бар. Анан да, Адам жандын гана алып жүрүүчүсү эмес, ал дендин да алып жүрүүчүсү. Ал жан камын гана көрбөстөн, дал ошол жанды аманат алып жүрөр, аруулап өтөр Жер баскычында берилген көздөй мүмкүндүк, көккө шаты, жашоо порум. Демек, Адам жан касиетин ачып чыгар ден касиетин да ТЕҢ кастар тутууга милдеткер. Адамзаты Жерде өтөр жашоодон баар табууга, Көккө өтөр жашоонун көөрүн чыгарууга милдеткер. Адамдын Жердик жашоо эволюциясы өзү бүтө элек али жана ал Көккө өрлөөр Жолун толук басышы, ыраатын тегиз өтүшү, жалгыздап эмес (йогчу же экзистенциалист сыңар!) Жамаат-Эл менен ТЕҢ көчүшү парыз-буйрук, Теңирден! Экинчиден, ошол Чыгыштын рух окуулары таянмакчы, синтезделмекчи Батыш илиминин өзүнө барсак да ал сапаттык жаңылана албай, XX кылымдын фундамент илимий-теориялык физикасы өзү кризисте жаткан…

Демек, мүлдө адамзат эволюциясын айтпаганда да анын жердик айрым, айрым тарыхынын өзү али ачылып боло элек. Не илимий, не руханий болсун ички кудурети сыртка али толук чачыла элек. Азыркы көндүм «Батыш-Чыгыш» аталган калыпка сыйбай — “варвар” тагылган жардыкты жарып, байтак Азияны башына дуу көтөрүп байыры көчмөн дүбүртү келатыр. Адамзатка чындап ачыла элек, суналып бою жазыла элек, ошол көчмөндух! Ал буга дейре ачылар сааты али алдыда, жаңы доор тогоолунда жаңы цивилизацияны жар салар, кайталайм, дүйнөлүк жаңы цивилизациянын ураан-идеясын жар салар саатын, чагын, күнүн күтүнүп Дүйнө өзөгүндө скиф кабылан буккан, түйдөктөлүп түйүлүп жаткан!

Ар бир жолу БУМга таңсык карт Дүйнө, башканы койгондо да, мына ушул өзүнө үңүлүп сүңгүүр муктаждыктан да улам эми ага болбой жылып келмек. Магомед жылбай койсо да болбой тоорулуп тоо өзү ага жылып келмек. Эми «отурук» отуруп алса да болбой көчмөнгө Дүйнө өзү көчүп келмек. Процесс ушуга бармак. Бирок көчмөндух, балким, алар күткөндөй тек экзотика, идиллия же таштагы тарых, скиф алаамат өнөрү, шам жанган шаман, теңирий этика эле эмес (айтса, ушунун ар бири не деген аалам!), ал — келечек! Кең келечек — адамзаттын жашоосуна айгине таасир этээр. Анткени, ал – көчмөндух, дүйнөлүк тарыхка башка Чыгыш окууларындай руханий ачылыш катары гана эмес, адамзат акыркы кылымда чайналып, зарлап издеген, эңсеген физикалык Уңгуталаа ачылышын алып бир кирмек, күрр кирмек. ТЕҢ кирмек! Ооба, Турандын жок болуп кеткен жолборс руху эми жортту. Скифтердин кабылан духу каргып чыкты. Ачыл Батыш! Жарыл Чыгыш! Дүйнөзөккө тунган, жанарын жыйган өтпөс-өчпөс Руханий Цивилизация эми сырт чалгынын керип фундаментал илимге жалганмак, сапары кошмиз ТЕҢ уланмак. Же эмкилердин тилинде айтканда материя-идея жигинде өтмөк!

Уңгуталаанын угунда мурда бир мукият белгиленгендей, мында, мүлдө адамзат цивилизациясын жаңы нукка бурар потенциал буккан. Дүйнө өзүнүн түп маңызы — гуман руханы, дил-зилине (самоидентификация) ушундайча өр алат. Дүйнөнүн көчмөндухка муктаждыгы ушудур. Дүйнөлүк тарыхтан өз Ордун ээлеп-билип чектелбей, мүлдө Дүйнөлүк тарых үчүн да ошол Орундун маанисин ачуу, тизгин түшүрбөй кармап калуу – руханий эгемендиктин тереңги маңызы ушул. Уңгуталаага ээ кылып адамзат жүгүн аркалоону. Жаңы мессиан цивилизацияны жарлоону!

  1. «ЦИВИЛИЗАЦИЯНЫН» МАҢЫЗЫН АЧУУ ЗАРЫЛ

Ошентип баятан учкай чертилген сапаттык жаңы цивилизациянын зарылдыгы жана ал таянар токкыртыш эмне, кайдалыгы тууралуу атайын кеп жөнөтүүнүн да кези келди. Бирок оболу жалпы эле «цивилизация» деген түшүнүктүн өзүнө азыноолак токтолуу зарыл. Анткени бизде, алиге, аталган түшүнүктү Батыш мазмунунда пир тутуп (“как в цивилизованнном обществе!”), аны бирден бир башкы эталон санап, сыйынып мамиле этүү калыптанып кеткен. Ал эми ошол Батыштын өзүнө барсак «цивилизация» түшүнүгүнө ар түрдүү мамиле жасалат, таптакыр карама каршы уюлдагы кайчы көз караштар жашайт. Башканы койгондо да мына ушул фактынын болушунун өзү эле бул жаатындагы түшүнүм, ойлордун бардыгы эле жайында эмесин каңкуулайт. Эмесе, кеп ирээттүү жүрсүн үчүн аңын генезисине келели, түпкү маңызына багалы.

«Цивилизация» термини «сивитэс» – «чивитес» деген латын сөзүнөн алынган делет. Түп мааниси — шаар, шаар жамааты, жаран, мамлекет дегенди билдирет. Анан ал жалпы ынтымак, граждандык келишим, маданият, агартуу, кыскасы, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ынтымак ырашкер коомдошуп жашоо үчүн не зарылданса, ошол мазмуунга өсүп, «цивилизация» түшүнүгү калыптанган. Өзү, бул түшүнүк, биринчи жолу ХҮШ кылымдын орто ченинде капиталисттик мамилелер дүрр калыптанып жаткан тушта колдонула баштаган. Жаңы, өз мезгили үчүн прогрессивдүү камбыл коом өзүн мурдагы «эски режимден», «эндекей табигый абалдан» (ал дал ушул табигыйлыкты кийин далай эңсейт) айырмалап, артыкчылыгын бөлүп дааналамакка «цивилизациялуу» атанып чыккан. Демек, адегенде эле мурутубузга түйүп койчу эки фактор бар, биринчи — анын башкы өзөгүндө отурук «шаар, шаар коому» маанилери чөккөн; экинчи — капиталисттик мамилелер жана анын институттары ургаал калыптанган учурдун маңызы сыйган. Албетте, капитализмдин тарыхый аренага чыгышы Батыштын өзүнүн табигый эволюциялуу жолу жана анын аркы замандардан келаткан тутунган төл дөөлөттөрү болмогу, айтпаса да айгине. Бирок дал эле ошол сыңары Батыштыкынан өзгөчөлүү жолду баскан, маселен, мамлекети шаардан башталбай (город-государство) башкача коомдошуп уюшкан калктардын да өзүнүн миңдеген жылдарды карыткан тарыхынан сызылып чыккан өзүнүн төл дөөлөттөрү болмогуна да макул. Анткени, «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып жашоонун» түп маңызын да ар эл өзгөчө түшүнөөрү анык. Бул, демек, ар кыл адам коомдорунун түпкү мүнөзү, мүдөөсү, тутунган төл дөөлөттөрү ар башка экенин, ушул терминди колдонуп айтканда, цивилизациялар түп генесизисинде сөзсүз түрдүулүгүн нускайт. Ал эми алардын баалуулүгуна келсек, бирден бир критерийи — жалпы адамзаадалык мааниге ээ, баарыга дээрлик алымдуу гумандуу, экономикалык, рухий, ыймандык универсал мазмуун-дөөлөттү уңгусунда канчалык деңгээлде уютуп калган касиети менен өлчөнөөр…

Эми ушерден бир кичине лирикалык чегиним зарыл. Жогорто айтылган «түп генезис», «түрдүүлүккө» байланыштуу. Бул айырма, башка эмес, дал терминдин өзүнүн эң түбүндө чөккөн. Эсеби, бая, «чивитэс» деген термин латын тилинен алынган деп эсептелээрин айттык. Бирок билишибизче, чындык мындай эмес, башкача.

Биринчиден, угум генезисине келсек, ал латын тилинде эмес, түркү тилинде чөккөн, же бизче «чеп» («чивитес»), «сепил» («цивил») деген уңгу сөз, угумдарда жатат. «Чеп-сепилди», акыйкатта, отурук элдер эле эмес көчмөн калктар да курган. Кеңирээк алганда ал Ордо маанисинде болгон (Манастын Таластагы Ордосу, Алтын Ордо, Баласагун ж.б.), тагыраак-тарыраак алганда — Хан Ордо (Хан Сарайы — дворец) сыртына айланта курулган коргон маанисинде болгон. Чептин (коргондун) төрт тарабына төрт чоң (Чыгыш-Батыш, Түштүк-Түндүк), араларына, балким, төрт кичи (Түштүк-Чыгыш, Түндүк-Чыгыш, Түштүк-Батыш, Түндүк-Батыш) кап- калар (дарбазалар)ачылган. Чептин өзү да түрдүүчө курулган, классикалык төрт чарчы, же, кабат-кабат оролмо лабиринттүү, ошого карай капкалары да түрдүүчө түшкөн. Анан, чеп сыртынан ыраактан, көз мелжеген алыстан, айланта дубал курчалган. Сепили ушул болгон. Ага түшкөн капкалар санына ылайык алты капкалуу,он эки капкалуу, кырк капкалуу, алтымыш капкалуу, жаки, токсон капкалуу шаар деп бектик же хандыктын кудурети мүнөздөлгөн. «Капкалуу шаар» демекчи, «кап» — «чеп» — «чив» уңгулары деле эң түбүндө бир уялаш — к, х, с, ч дабыштарынын бир бирине өзгөрүп өтүшүнөн чыккан угум: хунну — сюнну; хүт- сүт; сач — чач, д.у.с.

Экинчиден, «түрдүүлүккө» келсек, «чеп-сепилдин» мааниси отурук жана көчмөн, не жарым көчмөн коомдо түбүнөн айырмалуу маңызга ээ. Эсеби, «чеп-сепил» агылып жаткан көчмөн үчүн жайылып жаткан Сырт мейкинден Ордого (Ор- того) оролуу, Ичке ийирилүү болгон. Б.а. ал агылып жаткан кеңир жашоосунан Ордого бир кез төгүлүп кирип, кайра кең мейкинге тебилип жашаган. Кеңирсип, келберсип! Кыймылдуу! Не, кыш-күрөөдө оролуп, не, жоо каптаса коргонуп, бол- босо, кандайдыр башка мүшкүл иш түшсө, жаки, жаңы стратегиялык максаттарынан да улам, ал чеп которуп да жашаган. Жаңы чекте жаңы чеп курган. Демек, ал бир чеп-сепилге эгерим, эч камалбаган, байланбаган. «Чеп» ал үчүн «жашоонун маңызы» эмес, жашоо маңызын сактаар «каражат» сыяк болгон. Ал эми отурук калк үчүн «чеп-сепил», т.а. калаа, шаар так ошол кыймылсыз аймактын алкагындагы гана түбөлүктүү(!), жашоо болгон — тек, Сырт мейкинге Ичтен кеңейе сан кылым бою чил арышындай гана жаай-жаай жылжыган тейи… Демек, кыймылсыз! Ал – «жашоонун маңызы» болгон. «Чеп» менен «чивитэстин» эң түпкү маңыз айырмачылыктары ушуяктан булактап чыгат. Бул ажырым, эмкиче айтканда — цивилизациялык айырма, ушул баяндын ичинде ачыкталат.

Эми «чив» (чеп) сөзү, мазмуун-маңызы байыры Батышка качан, кандайча барып калган деген да бир соболго учкай тыналы. Тынсак, анда бул маани-угум да, оо качандыр, б. з. ч. эки миң жыл арыдан, Азия жайыгынан Европа куушка бир кез куушуп, куушуруп кирген байыркы көчмөн Хеттей (Кытай) мурасы, соңунда этрусскилерге оошуп, анан алардан да кийинки римдиктерге көчкөн көчмөн ырыскысы экени баамга илинет. Бул эми, сөздүн тек-генезисине байланышкан көңкү бир маселе…

Эми»цивилизация» түшүнүгүн кечээги Жаңырган Европа Заманында тарыхый аренага алып чыккан бая Батышка байма-бай багалы, баралы. Барсак, ал дал ушул мерчемде, чен өлчөмдө өзүнүн талуусун өзү алгач сезген. Башкача айтканда, арааны ачылган сапарында ал — цивилизация, бир жагынан кылымдар бою чечилбей келген каргыштуу суроолорду чечмекке белсенип, материалдык планда алганда- адамдын табият алдындагы алсыз, көз каранды абалын улам жоюп, баарын анын кызматына салып баштаса, рухий планда алганда — кылымдар бою жан тушаган сокур ишенимдерди кыйратып руханий азаттык тартуулап чыккан. Экинчи жагынан, ушул эле учурда улам баарын байлыкка байлап, материалдуу ышкы алдында өмгөктөй айдап, бая мифтен, динден жулуп алган рух азаттыгын экинчи мифтин — Кудайга айланып барган кудуретүу пулдун бут алдына ыргытып айласыз курутуп кунсуздаган. Ошентип башында Акылга таянып ырашкер жашоону ырастоого чакырылган граждандык келишим, мамлекет өзү баштап жаңы кырдаалдын эркине эрксиз байланып, экономикалык Теңсиздик, саясы зомбулуктун табигый көрүнүш, кадыресе мыйзамдуулугун моюндап, атургай өзү аны коргоор кепилге айланып барган.

Аталган цивилизациянын аталган ички карама каршылыгын биринчи ирээт айтып чыккан француз ойчулу Жан Жак Руссо эле. Ал цивилизациянын мындай арымы улам барып адамдын өзүн рухий деградацияларын, демек, граждандык келишим, граждандык коом, тегинде, жалпы жатыркоонун булагына айланарын, адамды андан алаксытар, көкүрөк асырар, данакер жүрөр фактор ирээти маданият гана каларын белгилейт. Ошентип, «цивилизация» жана «маданият» деген түшүнүктөрдү айрым – айрым жиктеп түшүнүү зарылдыгын алгач нускаган да Руссо эле.

Ошондон соңку чоң, кичине Батыш ойчулдарынын дээрлик барынын жазгандарында, тигил же бул деңгээлде, «цивилизация» жана «маданияттын» ажырымы кызыл жип болуп тепчилип калган.Албетте, маданият мында кең же жалпы эле руханий мазмунга ээ чыгат. Ошол ажырымды жалгаар идея, күч, жол, каражат не? Адамдын, коомдун түпкү вазийфаты эмне? Канткенде адамдын өзүн да, коому менен бирдикте гармониялуу макул жашатса болот? Мүмкүнбү ал, же жокпу? Руханияттын миссиясы кандай? Дегеле адам жашоосунун башкы маңызы эмнеде? Кант, Шеллинг, Гегелң, Монтескңе, социал утописттер (Сен Симон, Фурңе, Оуэн), Морган, Маркс, Энгелңс, Ницше… Батыштын бардык акыл гүлү өз өзүнчө жооп издеген суроо ушул. Айтса, соңкусу — Ницще, «цивилизация» жана «маданият» арасын акыркы жетээр жерине чейин ажыратып тыныптыр. Капиталисттик цивилизация адам рухуна, маданиятка жердиги кайчы, жойку-сойку, жат-кыйратман сырткы түзүлүш, сырткы көрүнүш катары баа алат анда. Бул, акыйкатта, капитализмдин •күжүлдөгөн күжүрмөн духу эле эмес, алиги Руссо баамдаган баардык ыплас, киринен өйдө калкып чыккан Батыш коомунун, анын керекчил цивилизациясынын гана кризиси эмес, бул, жалпы, Батыш философиясынын, рух табиятынын кризиси эле. Анткени, цивилизация дегендин өзү түбүндө барып дүйнмгааным, дүйнөгө мамиле. Улуттук духтун философиясынын жашоонун бар параметринде материалдашуусу, кубулуусу. Айталы, ал коом түзүлүшүндө, мамлекет түшүнүгүндө, маданиятында, этикасында — кааласа да, каалабаса да чагылат, көрүнөт, ачылат. Коомдук мамилелердин, институттардын бир эле салаасынан, бир эле көрүнүшүнөн ошол коомдун ички руханий абалынан, фалсафий жарды-байлыгынан кабар алса болот…

Демек, кайталайм, бир эле цивилизациянын (Батыш) табияты тууралуу ошол эле кыртыштан өнүп чыккан эсепсиз ойчулдардын ар башка, кай бирде бир бирине кайнаса каны кошулбаган каршы уюлдагы көз караштарынын болушу, бул, анчеиин «плюрализм», же «чындык татаал» деп коюп жеңил буйтап чыга берээр жепен иш эмес. Ал олут маселе, жана бу тууралуу ой толгоо да бир Батыш ойчулдарынын гана ыкыбалы эмес, акыйкатта, дүйнөнүн да ыкыбалы, капитализмдин арааны кеңип ал жалпы дүинөлүк мүнөз күткөн соң аны менен жалпы адамзааданын иши чыкты. Дүйнө кааласа да, каалабаса да, Маркстын сөзү менен айтканда, эч бир улуттук чектерди билбей дүйнөнүн кайсы бурчуна болсо да суроо сопкутсуз жемирип кирген, салттуу жашоо мүнөзүн талкалап өз жаңы тартибин таңуулаган, жаратылыштын да, жан дүйнөнүн да байлыгын жалаң капитал кызыкчылыгында өкчөп аеосуз эксплуатациялаган, жаратман да, кыйратман да кош жүзү бар ошол цивилизациянын алкагына тартылган. Демек, аталган цивилизацияны түптөн азыктандырган фалсафий кудурети, рух угуту Дүйнө эсептешпей коер иш эмес. Ошол күндөн ушул күн «адамзатты сактоого чакырылган» ал — цивилизация,- эсеби, бая айтылган баарыга үлгү алымдуу, гумандуу не жаңы дөөлөттөрдү иштеп чыга алды? Ошону бердиби? Ага жөндөмдүүбү? Демек, биз да кааласак да, каалабасак да аны менен эсептешпей кое албайбыз. Анын үстүнө бу философи- янын жаңы кадамы батыш мазмундуу «адам укугу», «демократия», «жалпы адамзаттык дөөлөттөр», «ачык коом», «толеранттуулук» ж.б. ураан алдында ургаал уланууда. Өзөгүбүзгө уу албарс сугулууда. Бирок бул тууралуу сөз кийин.

Батыш цивилизациясынын керекчил ахилл талуусуна, «жалпы адамзатчыл» маңызына аеосуз урулган соңку сокку жана «цивилизация», түшүнүгү бир Батыш менен чектелбестигин биринчи ирээт жар салган ойчул О. Шпенглер болду. Анын “Евро-акыр” (“3акат Европы”) аталган кылым башында дүң түшүргөн китеби Батыштан башка да өзүнчө цивилдүү Дүйнө барын жарыя айтты: «Я вижу феномен множества мощных культур с первобытной силой вырастающих из недр породившей их страны к которой они строго привязаны на всем протяжении своего существования и каждая из них налагает на свой материал — человечество — свою собственную форму и у каждой своя собственная идея, собственные страсти, собственная смерть».

Шпенглер боюнча ар бир жандуу, жансыз организм сыяктуу эле ар бир локалдуу өнүккөн маданияттын туулуу, өсүү, гүлдөө, б.а. бийик цивилизацияга ээ доору жана өчүү процесси бар. “Тушундагы Европаны ал деградацияланып болуп, эми акыркы күнүн жашап атат” деп эсептеген. Шпенглердин философиялык фундаментинде «гештальт» илими турганын учкай эскере кетүү орундуу. Цивилизациянын ар кыл, көп түрдүүлүгү тууралуу Шпенглердин концепциясы кийин агылчын тарыхчы-ойчулу А. Тойнби тарабынан тереңдей өркүндөтүлгөн. Бирок ага келээр алдын бир нерсени эскере өтпөсө болбойт. Ал — марксизмдин цивилизация тууралуу конпепциясы.

Жан Жаратылышка, Дүйнө Болмушка өзүнүн өзгөчөлүү чулу концелциясы менен чыккан марксизмдин цивилизацияга мамилеси өзгөчөлүү, же ал тапчыл тургудан чыгат. Б.а. капитализмге чейинки, капиталисттик жана коммунисттик цивилизация типтерин бөлөт. Бул тууралуу окурман журту Энгелңстин белгилүү эмгегинен тарта кең кабардар жана коммунизм — теңиризмдин жалпылык, айырмачылыктары жайында биз да өз оюбузду « Теңирчиликтин» экинчи китебинде кең айтканбыз. Башат идеясы түбү көчмөн философиядан өткөн (Л.Морган, Т.Мор, Т.Кампанелла аркылуу) марксизм баары бир Теңирчилик цивилизациясынын маңызы-теги, идеалына жетпей калганын, жетмек да эмес экенин, анын фалсафий себептерин белгилегенбиз. Андыктан буерде токтолбойбуз. Айтаарыбыз, Батыш таанымдын баарын бириктирген бир жалпылык бар. Ал — отурук тургу, басым материалдуу маанай, кыймылсыз көз караш. Үздүк-үздүк (дискрет) психология. Андыктан мүлдө дүйнөлүк тарыхый процесстин эс жеткен башатынан эмкиге мел-мел созулган улангайыр жолун бир бүтүн процесс катары камтышка алар канчалык аракет кылышпасын кудуреттери жетпейт, чамалары чак. Отурук ойчулдардын чектелген жери, ана ушул. Көчмөн дүйнөнү көрө албай, көчмөндухту иле албай жазасермеген себеби ушул. Муну алардын ахил талуусу десе да болот. Био-психологиялык мөөрү десе болот. Анткени, алардын түйүлдүк түшүнүгү түбүндө башка. Цивилизация концепциясын жацы деңгээлге алып чыкты деп саналган атактуу Арнолңд Тойнбинин аксаган жери да ушунда. Анын «Тарыхка тамырлануу» («Постижение истории») аталган тарыхый-философиялык эпопеясына да ушул тамга-мөөр басылган. Бул эмгек дүйнөлүк тарыхый ойдун соңку орчун бийиги эсептелгендиктен алиги ахил талууну ушу автордун мисалында нускай отуруп, эми бая учкай эскерилген биз билген көчмөндухтун түп жердик табияты жайында сөз жалгайлы.

Ырас, Тойнбиде башка тарыхчылардыкынан өзгөчөлүү бир башталыш бар. Ал адамзат тарыхын жерде гана аныкталбайт, анын тагдыры аавал түбү Көктө аныкталган деп эсептейт. Башы, Платондон чыгат. Бирок ошол Жараткандан аныкталган тарыхтын Жазмыш-Жолун жерде жандырып баруу адамзаттын өз эркине калтырылган деп санайт. Жердик тарыхтын «чыгармачылыгы» ушунда, б.а. Тагдыр Чакырыгына жооп бере алган, же бере албаганында. Жооп болуп түшкөн цивилизация улам өркүндөй жашап барат, жооп болуп түшө албагандары жолдо калат, соңу, өлүп тынат. Айтмакчы, бул күрөш Ааламдык карама-каршылыктын жерге түшкөн, көчүрүлгөн сүлдөрүн эске салат. Батыштык ой жүгүртүүнүн башкы өзгөчөлүгү, балким, ушул жерден жарк ачылат. Эсеби, Тойнби айтат: «Прибегая вновь к языку мифа, можно сказать, что импульс или мотив, который заставляет совершенное состояние Инь перейти в стадию деятелүности Ян исходит от вмешательства Дьявола в божественную Вселенную. Событие это лучше всего может быть описано в мифологических образах, потому что при переводе на язык логики начинают проявляться противоречия… Божественное равновесие нарушается из-за сатанинской неуспокоенности… Если одна из Божьих тварей искушается Дьяволом, у Бога открывается возможность создать новые творения…». Тойнби жогоруда мисал тарткан кытай классикалык философиясынын Инь-Ян категориясынын учу улуу көчмөн философияда жатаарын, ал көчмөн таанымда Оң, Сол аталаарын теңирчиликте айтканбыз. Бирок акыйкатта, Оң-Солдун түпкү маңызы-мазмууну Тойнби түшүнгөндөн башка, б.а. эрөөл, карама-каршылык эмес, ал — биримдик, ТЕҢ ТЕЛЕГЕЙ. Эки жарты-түгөйдүн түбөлүк бүтүндөлүү процесси, БИР сүйүү башкы мазмууну. Өзөгү ушул.

Ал эми карама-каршылык анын сырткы кыры, экинчи ирэ- эти, утурум абалы. Ушул Тең-Түгөйдүн сүйүүсүнүн жемиши-маңызы чексиз-чексиз жайыла барат, кеңейе барат. Аалам чегин аруулай тебиле барат. Бул мазмун, айталы, Кытайдын классикалык философиясында «датун» («великий предел», «великое объединение») деген ат алган. Инь — Янды мисал тартканы менен Тойнби андагы дал ушул башкы мазмуунду, б.а. түбөлүк түгөйлөшүп барууну (сүйүүнү) иле албайт. Тескерисинче, Батыштын көндүм көз карашын Оң-Солго көчүрүп түшүнөт да «логикадагы карама-каршылык», «Ибилис жаңырык», «шайтан оюн» ж.б. эгешкен маанилерин эң башкы планга алып чыгат. Бул жагынан ал дээрлик Батыштын бардык замандагы башкы ойчулдарын кайталайт. Ошентип Тойнби боюнча Ибилистин ташы улам өргө кулап, ал акыркы салтанатын ар бир жолу даңазалаар алдын Жараткан анын тилегин таш каптырып, ага үлгүртпөй улам Жолун торгойт, Адалдыктын, Жакшылыктын атынан жаңы деңгээлде жаңы Чакырык таштап турат.

Ибилистин күрөшү кайрадан уланат. «Чакырык-Жооп, Чакырык-Жооп» кайталанат. Асман негизи ана ушундай маңыздалган тарыхтын жердеги жүрүшү муну улантат, бая айтылгандай Жердик цивилизациялардын жашоого ийкемдүү, же жарамсыздыгын аныктайт. Жарамдуусу — жаңы чакырыктын фактысындай, б.а. ал улам өнүгүп өсүп барган, Жараткандын түпкү талабын түшүнүп, туура чечмелей алган цивилизация түрүндө көрүнөт. Анын акыркы деңгээли-жемиши — азыркы адамзат цивилизациясы. Бирок эми бу кылымда «Жооп-Чакырыктын» өзү улуу опурталда. Анткени, Ибилистин да оюну улуу опуртал чекке жеткен. Эгерде мындан мурда Жараткан чакырыгына жооп болуп түшө албай жолдо калган цивилизациялардын ажал тагдыры, тек, локалдуу мүнөз күтсө, азыркы мүлдө адамзаттык мүнөзгө ээ цивилизациянын алдында бир гана Гамлеттин суроосу турат. Ал: «Бар, же Жокмун!» Же — адамзат ядролук алааматтан кыйрап тынат. Же — кол кармашып аман чыгат. Үчүнчү жол — жок! Эпаадам аман чыккан адамзатты Тойнби «ааламий чиркөө» идеясынын айланасынан кол карма- шып жадырап ырашкер жүрүшкөн абалында көрөт. Бул жагы — өзүнчө сөз…

Дүйнөлүк тарыхка ушул концепциясынан аттанып чыккан Тойнби буга дейре Жер бетиндеги жашаган адамзат цивилизациясынын жыйырма бир түрүн санап чыгат. Анын

жетөөнү гана азыр тирүү, бар эсептеп, калганы алда эбак өчкөн, же сенек каткан, демек, келечеги жок, эртеби кечпи ал да өлөт деп өкүм чыгарып койгон. Ошол тагдыры бычылып, өлүм өкүмү угузулгандын ичинде көчмөн цивилизация да бар. Анткени ал Жараткандын жаңы чакырыгынын деңгээлине эми эч качан көтөрүлө албайт. Өнүкпөйт. Демек, кайткыс сапарына кайыганы ошол.

Башка бардык отурук аалымдар сыңары эле Тойнбинин чектелген жери да так ушунда көрүнөт, же анын критерийи, биринчиден, бая айтылган отурук тургу, кыймылсыз тунган, басым материалдашкан көз караштан туулса, экинчиден, батыш дүйнө таанымы аныктаган карама-каршылыктардын кагылышын («Чакырык-Жооп») башкы планга алып чыгат. Эгешкен эрөөлчүл маанай — адам менен жаратылыш алакасын да, жана социалдык чөйрөнү да түгөл камтыйт.

Балким мындай мамиле Батыш коому, тарыхы үчүн алымдуу чыгаар, асты, көчмөн тарыхтын философиясы үчүн эзели алымсыз. Бул тууралуу бая Инь-Яндын алака мисалында айтылды жана мурда да трайбализм жайындагы ой толгоодо белгиленген эле.

Эми Тойнбинин «каткан цивилизация» концепциясын тереңирээк түшүнүш үчүн ал өзү көчмөндүн күндөлүк жашоо тирлигин кандайча түшүнгөнүнө кайрылалы: «Неподвижность — их неизменное состояние, пока они живы… Они оказались в этом состоянии, желая продолжить движение, но вынуждены прерывать в своем незавидном положении из за того, что всякая попытка изменить ситуацию означает гибель. В конце концов они гибнут либо потому, что отважились все таки двинуться, либо потому что, окоченели, застыв в неудобной позе… Наказание постигшие кочевников, в сущности, того же порядка, что и наказание эскимосов. Ужасные физические условия, которые им удалось покорить, сделали их в результате не хозяевами, а рабами степи. Кочевники, как и эскимосы, стали вечными узниками климатического и вегетационного годового цикла. Наладив контакт со степью, кочевники утратили связь с миром… Таким образом, несмотря на нерегулярные набеги ңа оседлые цивилизации, временно включающие кочевников в поле исторических событий, общество кочевников является обществом у которой нет истории…»

Ооба, кынтыксыз далил, кыйшыңсыз сүрөт, бирок сырттай алганда гана, отурук тургудан карасаң. Бул баа АкканДүйнө, көчмөндухка канчалык дал? Кайсы дүйнө менен байланышын жоготуп коюп атат ал? Кайсы маанидеги кулчулук бул? Тынымсыз өнүгүп өсүп барган отурук дүйнө менен кагылышкан ченде гана ал оттуктай «жарк» чагылып тарыхка түшүп, анан алар аны кыйшык каламда кытыратып жазып калтырышканы үчүн гана ( мисалы, кытай, араб, парсы, же орус булактары) бул цивилизация бар жана тарых эсинде катталып калган экен да? Бали! варварчылыктын мындан артык үлгүсүн берип болобу? Көчмөндухтун философиясын да, тарыхын да түшүнбөстүктүн апофеозу ушул.

Бул, Тойнби көчмөн цивилизациянын эн, башкы өзгөчөлүгүн, ошол өзүлөрү айткан дүйнөнүн «калган жыйырма цивили- зациясынан (демек отурук) айырмалап турган эң түпкү мүнөзүн түк билбейт, кабылдай да албайт дегендик. Анткени, көчмөн цивилизация анын классификациясына, отурук критерийине сыйбай сыртында жатат. Бая айтылган кеңир мейкин Сыртта жатат. Башкача айтканда, ал — көчмөндух, эң башкы маңызында дүйнөдөгү бирден-бир, жападан жалгыз ТЕЛЕГЕЙ ЦИВИЛИЗАЦИЯ! Ал түбөлүк Дүйнө өзөгүндө руханий уюп калган. Же Аккан Дүйнө өзү ага сыйып калган. Отурук психология анын тынымсыз жаңырган, тазарган, агылып барган, Мезгил-Турмуш жуурумун бир Алтын Корго айлантып рухуна өчкүс чөгөрүп калган ушул улуу маңызына эч качан жеткен эмес, жете да алмак эмес үстүндө шамалдай аккан көчмөн Көз-Эске гана Дүйнө эгерим үзүлбөй- сүзүлбөй, биртуташ агаары, бүтүн манасталаары жүз уктаса да анын түшүнө кирбейт. Анткени, отурук психологияда бул критерий өзү жок! Табияты башка, Тойнби отуруктун психологий куруму өзү башка, же ал түбү үздүк үздүк искреттелген. Муну анын да бир залкар замандашы, психиатр Карл Густав Юнг теориясынан чыгып, архетип үлбүлү аркылуу да далилге кетсек болор эле, бирок ал керең-терең сөз, кези башка…

Ошентип, отурук батыш цивилизациясынын эң жалпы мүнөздүү белгисине келсек, анда анын ачылышы (т.а. «самоутверждениеси», ушул сөздүн дал мааниси кыргызда жок экени кызык. Анткени, «он-кочевник, всегда утвержден», т.е. не отделен от других, природы. Тек, көчмөндө «өз ордун ээлөө» түшүнүгү бар. Мунун философиясы — руханий, өзүнчө) активдүү материалдуу мазмуунда жүрөт, жеке менчикчил формада эгочул көрүнөт. Табиятка эгешкен күрөшчүл-керек- чил ачылат. «Канаагат», «Тобоону» аттаган тынымсыз агылган жеке пайдада булактайт. Шаар курат, улам жаңы жер өздөштүрөт, китеп чыгарат, д.у.с. Ал кандайдыр бир бурчту, аймакты, жерди тыкыр байырлап, өздөштүрүп, аган мырын түбөлүк чыккыс саят, кан матырат, ачуу дейт, киндиги жылгыс кийилет. Ошондо өнөт, ажыраса өлөт. Улам жашоосун улантыш үчүн улам жаңы жер челет, жеңет… Ушинтип материалий ышкылуу атаанчыл духка аягынан башына че артылып чыланган айлампа сапар кайталанат, кайталанат, кайталанат… Түбөлүктөн түбөлүккө…

Эмесе, ушул айласыз материалдуу керекчил маанай, ал жынс тепчилген жашоо психологиясы, башкача боло да албас табияты, адамды аруулап Көккө көлкүтүп кете алабы? Көкүрөк Аалам-Көк Ааламдын жүлүндөй дирилл, тирүү, аруу байланышын сактай алабы? Б.а. цивилизациясы мүлдө телегей мүнөз күтө алабы? Жок, эч качан! Андыктан ал — Батыш Дүйнө, акыры түбү керекчил психология, мал ышкыдан ары аттай албай орду толгус обор түбүн, түнт түпкүрүн «бейаң» (подсознание, бессознателңное) атаган, өзүндө түнт туюктал- ган. Бейаңдын башат булагын айбан кумар, ит инстинкттен көргөн. Малкиши философиясын маалым айткан. Энеге кумар «эдип комплекси», же фрейдизм, социал-дарвинизм, тыкыр прагматизм — бул кыртыштын соң жемиши, бул цивилизациянын соң чеги.

Аал, экинчи бир отурук Чыгышта, айталы, Жапан, Кытай, Индуста мындан башкача абал, же жамаатчыл ой, жалпы маанай, жармакташ психология күч. Андыктан муну аалымдар «дүйнөлүк шаар» (Батыш) коомунан айырмалап дүңүнөн «дүйнөлүк айыл» (Азия) деп да аташкан. Бирок отурук айылдын да өз заңы бар, жер оокатка — көр оокатка башы сайылган жайы бар. Мейкинге кеңибей, Көк Теңирге көөдөнү жайылбай! Көкүрөгү Ааламга аңылдабай! Адатта, йог, чан, дзэн кечилдеринин, сопу олуяларынын көптөн окчундап көкүрөгүн аздектеп, аска учу кечилканаларга, арстанбаб асыл токойлорго аккан суудай бир-бир жылжып кеткени ошолдур. Байыркыда Лао зы даанышмандын руханий учукту тутуп «короодон чыкпай туруп дүйнөнү билсе болот дегени ошолдур. Ошенткен Лаонун өзү да акыры өз Башатына агып кеткен! Көч таанымга!ТЕҢ Телегей – Дал Ортого! Лао шекил, Моисей, Будда, Ийсалар да КЕТИШКЕН. Коомдон бир-бир кетишкен. Эмесе, Элден безген, чөл кезген Улуу Сапарга түрткү эмине? Ошол коомдун бул жанарларын сыртка бүрккөн себеби не? Издегени-жетпегени, аңсаганы-таппаганы, көксөгөнү-өксүгөнү… Бу жалаң Алланы аңсоо элеби,’’

алдэ, Жерди кошо жерүүбү? Жер турмушунун (т.а. өз коо- мунун) бир жепендигинен, же көр турмуштун көкүрөктү чер- леп-челдеп бүткөн айласыздыгынан да атылып чыккан жа- нарбы? Арийне, Көк себеби көрөсөн тургандыр, тургандыр… а бирак Жер себеби да (отурук) ошончо орошон тур! Ырас андай болсо, ошол коомдун тээ эң эле түпкү өзөк-көзүндө, дээр-тегинде бир өсөк дарт өзөлөнүп чөккөн экен да баары бир, Адам кабыл албай бунт жарыялаган! Жериген, тениген…

Ал эми көчмөн… көчмөндүн аавал жердиги (изначалң- ностң) өзү андан тыш. Ал жерий да албайт, тений да албайт, б.а. КЕТЕ албайт (же ДАЙЫМКЕТКЕН). Табияты андан тыш.

Ал дал ошол кечил түбөлүк эңсеген ээндикте, кеңдикте, ша- малдай агылган, шамдай жанган, кыйырга сыйбай, эмин дуул- дап калган. Табигый жашаган! Жалгыздап эмес, бүтүндөй жамаат – эл, коому менен! Анан да анын киндиги эч качан бир бурчекке (жерге, шаарга, сепилге) чыккыс чырмалган да эмес («чеп-сепил» аа маңыз эмес, «каражат» болгон дегенбиз), ачылышы Асман-Жер ортосунда агылып өткөн. Ал экөөн бирдей кучагына сыйдыра албай аңырып өткөн. Түпкүрү «бейаң» керең эмес — Теңирге жалгаш «тереңге» өткөн. Малки- ши да эмес — Теңируулдун тегине кеткен. Андыктан анын «са- моутверждениеси» сырт материалдуу «кул» эмес, ТЕҢ рухий- материалий шай мүнөз күткөн. Цивилизациясы улуу табияттын Сырына уланган, Эки Чындыктын эбинде жашаган, кыналган. Кудум, боз үйүндөй. Ооба, боз үйүндөй! Тиксең — БАР да, чечсең — ЖОК, бая-бая эле бар турган, эми табиятка жиксиз сиңген, эч-эч нерсе болбогондой, эч-эч нерсе конбогондой, Улуу Ээндик өзү калган, таптаза дүйнө тамчыдай тунган… Анан да анын сан кылымдан салаалап чууруп, сары алтын уюп, мөлт сызылган руханий маңыз, сабагы!

Эми бул эмине өзү? Дүнүйөлүк «айылбы» же «шаарбы»? Бир күндө кыжылдаган улуу шаар куралган да, бир таңда жылаан сыйпагандай ээндик -өзү калган, жана… жаш ат тезеги! Бул эмине коом өзү? Кандай мамлекет бул? Аккан Дүйнөнүн өзөгүнө өскөн, агылып көчкөн деген ушу эмеспи, ДҮЙНӨЗӨККӨ өткөн деген ушул эмеспи!? Эми ал кеткен жа- гынын баары эле кеңий берген Дүйнөдөн кайда КЕТЕ алмак?! Чапкан жагынын баарынан эле ээрчий берген Дүйнө жайынан кайда кача алмак?! Материалдуу турмушу да, руханий жашоосу да, Руссо айткандай, табиятында ажырап калбай табигый чулу жашаган бу не коом болмок? Телегей Цивилизация мындан башкача кандай көрүнмөк! Тойнбилер ушуну билбейт. Алар тарыхка материалдуу планда гана тамырланууну чыныгы цивилизация деп түшүнүшөт. Ал эми он сегиз миң аалам сырын Эске-Сөзгө батырган « Манас », же таш кылымдан берки тарыхты… жок тарыхтын рухун, таңгажайып таш сүрөт, скиф стилң керемети, болбосо оймоктой чийимге оожалган мазмуунду чөгөргөн орнамент өнөрү, жаки, Жер-Теңирдин Жол сыйлаган ыраатында курулган теңри Этикасы аркылуу да Дүйнөгө бир, чулу руханий тамырлануу жүрөрүн билбейт. Цивилизация дегениңдин өзү тээ эң түпкү негизинде, маанисинде ириде дүйнөтааным, дүйнөгө рухий мамиле экенин эле- бейт. Көчмөн цивилизация көчмөн порумда гана ишке ашаары, көчмөндүн азат боюнда ачыла-ары, Ич-Сыртка бирдей чачылары, лазат боюнда тирүү жүрөөрү, көчмөн (кыргыз!) өчсө гана өчөөрү, Манас көчсө гана көчөрү капарында жок. Демек, мындай цивилизацияны «өлдү» дешке болобу? Рух өлөбү? Кыргыз кырылганбы? Манас кыйраганбы? Жок! Тойнбилер ушуну билбейт. Бул, бая алар өзүлөрү айткан «цивилизация» жана «маданият» (рух) арасын аңырдай жиктеп алган Батыш феномендин айкын чагылышы, көрүнүшү. Тойнби өзү ошол философиянын «табигый күзгүсү» кызматын өтөп чыкты, ал ошол көз караш, идеалдын нака алып жүрүүчүсү жана акыркы инерциясы дагы. Акыркы… Бирок бул тууралуу сөз кийин. Ага келээр алдын Батыш-Чыгыш коомдорун да бир термей, анын мисалында көчмөн цивилизация маңызын жана бир элеп алалы. Түптүн Түгүндөгү айырмасына жана бир багалы.

Айталы, Батыш коому Дүйнөнү жеңип баштаган сапарын аавал цивилизация таратуу, адамзатты агартуу, сактоо деп билген. Муну ал өзүнүн Дүйнөнү ачуу да, Дүйнөгө ачылуу да вазийфаты катары санаган. Өзүн «ачык коом» деп билген. Ошол эле учурда мындай сыртка агылуусу, башкага ачылуу- су, ал — бирөөнү күчтөп чөгөлөтүү, жеке индивидуализм ара- ан, эго сапар экенин элеген эмес. Элесе, моюндагысы келген эмес. Башкага эгосун, батышчыл индивидуализмин таңуулап чыккан. Ал эми индус, кытай же жапан коомун мүнөздөгөндө кайра эле өз критерийинен чыгып аларды капкагын жаап бекинип алган, аралга жашынган, үлүлдөй өзүнө үңүлгөн, үйрүлгөн «жабык коом» деп жериген. Бирок ошол сырты жабык, же «салтта камалган» традициялуу коом өз ичинде аалам жайылып, чан, дзэн, йог, даос бийигинде эгону өлтүрүп жашаганын билген да эмес. Афро-Азиянын бир катар традициялуу коомдору тууралуу да ушуга жакын ой айтса болот.

Э м е с е «ачыктык» менен «жабыктыктын» критерийи кайсы? Биринин- ичи ачык да сырты жабык; экинчисиники — сырты ачык да ичи жабык. Бир-биринен жол талашкан, артыкчылык санашкан таразанын кай тарабы басым? (Айтса, эскерте өтөлү, бул да бир эриккенден чыккан салыштыруу эмес. Азыр «ачык коом», же «салттуу коом» философиясы дүйнөлүк саясатка айланып чыккан). Аал, көчмөн дүйнөгө келсек, мында да анын өз кайталангыс касиетине ээ бир универсалдуу коом экени баамга илинет, билинет. Сыртына да ачык, ичине да ачык, сырты да аалам, ичи да аалам экен ал. Батыш билгендей ал сыртка тынымсыз ачылып да, ага ачыгып да жашайт. Чыгыш билгендей өзүнө үңүлүп да жашайт, улуу жанарын ичке уютуп скиф кабыландай түйүлүп да жашайт. Башкача айтканда, эки жагы ТЕҢ мизделген. Бүп-бүтүн! Жаки, Сыртында Ичи жаңырган, Ичинде Сырты аңырган алаамат көйгап бир Дүйнө экен ал!

Мындай эң түпкү айырмачылыктарды түшүнүп алуу биз үчүн «бахх» мактанып алаар жалаң максат эмес, экинчи нерсе үчүн керек. Бая, коомдун табияты — улуттук духтун философиясынын сырткар чагылышы, көрүнөө поруму де- ген элек. Ырас андай болсо ушул рухтун, философиянын аты- заты, табияты эмине?

Уларган сөздүн себебине — Уңгуталаа теориясынын ру- хий, фалсафий генезисине да ушинтип келебиз акыры. Көрсө көчмөндүн түп табияты өзү Уңгуталаанын угунда жаткан экен, же Уңгуталаанын өзү көчмөндүн жердик табияты экен. Жашоосу өзү ушул экен?

Айталы, бул дүйнөтаанымдын табияты Рух, Материяны абалтан бөлбөй БИР алып жүрөт. Тегинде ТЕҢ тутат. Анда ушул биримдик эзели жоюлбайт, БАР, БИР. Анын табияты Ичкилик аркылуу ийрилип өткөн Оң менен Солдун табигый биримдиги — ТЕҢ. Манастын өлбөс-өчпөс улуу символ саптарынын сыры ушул — Оң-Солдун чулу- биримдигин кармаган ТЕҢ!

Асман менен Жериңдин,
ТИРӨӨСҮНӨН бүткөндөй.
Айың, менен Күнүңдүн,
БИР ӨЗҮНӨН бүткөндөй,
Алтын менен Күмүштүн
ШИРӨӨСҮНӨН бүткөндөй…

 Башкача айтканда, Эки Чекти (Асман-Жер, Ай-Күн, Алтын-Күмүш) БИР уюткан АБАЛ бул. Сапаттык жаңы кубулуш! Жаңы деңгээл! Ушул чулу абалдын аты — МАНАС, заты — МАНАС. Ушул бир касиет — ТЕҢ ТЕЛЕГЕЙ. «Манас» жана «Телегей» маани түбү ушинтип биригет. Абалкы чулу биримдик ана ушунда билинет. Эмесе, айтылаар кептин да кези эми жетти: Единое поле — Уңгуталаа дегениң да ушул — Теңирге жол, Манаснур, тек, физика тилинде санат- талган, энергия кырында жалт оодарылып, информация угун карай зымыраган. Ушул духту, ушул философияны өнө боюнда алып жүргөн көчмөндүн Уңгуталаанын угунда калган себеби ошол. Уңгуталаа көчмөндүн түп жердик табияты дегенибиздин себеби ошол. Жашоонун бар параметринде, ичи-тышын бирдейлеп жаңырыктап калганы ошол. Мамлекет курумун, коом мүнөзүн, күндөлүк турмуш-тирлигин, этикасын, эстетикасын, рух ааламын, баарын, баарын бирге тепчип, ТЕҢ маңызга канганы ошол.

Эми муну Тенирчил Манас цивилизациясы дебей, не дейбиз!

Айталы, анын коом курумундагы ачылышын «Төп Төгөрөк — Шамбала» десе болоор. Антмеги, абалтан биякка аңыздалган сырлуу Шамбала журттун сыр учугу ушул — Уңгуталаа Укук-Мамлекет!

«Улууга — урмат, Кичүүгө — ызаат» мамиле сыйдын уюган жери да ушул -Уңгуталаа Этика!

Аягы-башы бир кошулган-жошулган Айлампа Дүйнө — скиф искусствосунун сыр маңызы да — Уңгуталаа Эстетика!

Жер — Көк кошулган кечки иңирде («сооволдо уктабайт», «сооволдо доңуз да көчүгүн жерге такабайт») Көк Дөбөдө чертилген комуз кылында дирилдеп Төбөдөн Асман аккан күү да ушул — Уңгуталаа Рух!

Акырында Асман, Жерди бирдей термеп, тирөөч жалгап бууракандап буй агылган улуу Манас ыры өзү — Уңгуталаа. ТЕҢ Телегей (Алтан Делекей)!

Микродүйнө, макродүйнө жүлүндөшкөн, тепчишкен би- римдик талаа -Уңгуталаа. Чулу дүйнө, чулу аалам. Асман- Жердин, Жан менен Дендин жиксиз биримдиги.

Жан-Ден демекчи, Батыш тааным Материя, Идея деп арасын ажыраткан (карама-каршы койгону өзүнчө сөз) мазмуун бу кыртышта өзү жок. Көчмөн кыртыш түбү андан таза, андан бийик. Ал түшүнүктөр жердиги-табиятында жок, ээзел зилинде жок, тек, кийин кирген, кийин сиңген, Батыш үлгү, Батыш туунду…

Батыш дүйнө байыры башатында ушу Уңгуталаанын өзүн жоготуп алыптыр көрсө. «… Голос плоти ослепляет дух. Мы бежим за мирскими благами, а сам мир усколүзает от нас; мы хватаемся за него, а он разрушается на наших глазах, и поскольку мы не в силах остановить это разрушение, мы тонем вместе с ним. Когда-то мир привлекал нас своей красотой, сейчас же он полон таких противоречий…» Рим папасы ыйык Улуу Григорийдин бул жан ыйы жоголгон ошол Улуу Биримдикти жоктоо эмес бекен! ТЕҢ-ТЕҢИРДЕН жолу буулуп тагдыр тадаасы тайгаланып турган тушу эмес бекен. Рим папасы эле эмес ал сыңары жүрөгүн жарып жалганууга даяр не бир, не бир улуулардын улууларынын аңсаганы, зарлаганы да ушул Уңгуга улануу зары эмес бекен?!.

Эсеби, бая коомдон КЕТКЕН, Жер үстүндөгү бейиштен (ханзаада өмүр) Жер үстүндөгү тозокко (аскет-безериликтин акыр чеги) чейинки жолду өткөн, арууланган Будданын акыры түбү: «Чындык-Ортодо» деген тыянагы ушу эмеспи? Будда осуятын улаган не бир улуу бодхисатвалардын нирвана чегинен соңго тартып, ага кирбей, аяк малбай, жер пендесине жол нускоо үчүн кайра кайрылып келген себеби да биякта жатпайбы? «Если имею дар пророчества, и знаю все тайны, и имею всякое познание и всякую веру, так что могу и горы переставлять, а не имею любви, — то я ничто» — касиеттүү Курандын ушу аяты ТЕҢ-ТҮГӨЙДҮН аавалкы мөлдүр, чулу, шай биримдигинин ыры эмеспи? Ушул эле «Сүйүүнүн» ыйык чакырыгы Иисус Христостун жолун да Жаңы Осуятка карай салган жок бекен? Ооба, «Кудайга тандамал элди» (еврей) калган элдин үстүнө кылычтын күчү менен үстөм алып чыкмакчы Егова Кудайдын осуятын аттап Христос да Улуу Сүйүүнү жарлап чыкты. Бирок, нетесиң, эскиден келген бир кермек даам да билинбей Жаңы Осуятка жылжып кеткен. «Возлюби ближнего как самого себя». Сүй. Бирөөнү өзүңдү сүйгөндөй сүй! Ооба, ӨЗҮҢДҮ сүйгөндөй…

Өзүн сыртка акыр соңуна чейин эритип өтүп ошондон соң гана чыныгы өзүн тапкан алңтруизм, бүткүл маңызын ТЕҢ-ТҮГӨЙҮНӨН гана көргөн, СҮЙҮҮДӨ ачылган-чачылган, ошондуктан ааламдык аруу мүнөз күткөн толук, бүтүн БИР ТЕҢИР бийигине, балким, жердиги түбүндө Эгонун бир бүдүрү калып кеткен бул кыртыш да серпилип чыга албай жаткансыйт.

Бул шек өз сөзүн келечекте айтат…

Бул кермек даам келечектен күчөп зилдейт…

  1. ЖАҢЫ ИЛИМГЕ ЖАҢЫ ФИЛОСОФИЯ ЗАРЫЛ

Ошентип ыйык рим папасы зарлаган биримдик жалганбай кетти. Бая ажырым жол улам барган сайын күчөп, ачаланып, Батыш дүйнөсү «жаңы эра» аталган заманында бир тарабында традициялуу метафизика жана экинчи тарабында жаңы механика, математика туруп, идеалдуулук менен материалдуулуктун, субүект менен обүекттин, ички дүйнө менен сырткы дүйнөнүн БИРИНЧИЛИК абалы тууралуу талашты жетээр жерине жеткирип Батыш дүйнөтаанымы эгешкен Эки Чекке өткөнү маалым. Эки көз караш, мамиле тең бар тереңине үңүлүп, бар булуңуна булуңдап, айырмачылыктарын акыр түбүнө чейин алагачып ажыратышып, а бирок кайра соңго жана албай, айланып кошулаар Жолу — айлампа Ордосун таба албай айрылган тейде Эки Чекте калып кетишкен. Ошол зор ажырым жикти ширетип, дүйнөнү кайрадан бая БИР бүтүн маңызга уютуп, адамдын дүйнөтаанымына чулу мүнөз бергиси келип тарыхый аренага соңунда позитивизмдин да чыкканы маалым. Ал өзүн идеализмден да, материализмден да бийик турган жаңы дүйнөлүк философия катары жарыялап чыкты. «Дүйнөлүк» атамагы, тегинде эмпиризмге тыкыр таянган ал бир учун табиятка — так илимге таасын сайып, экинчи тереңин улуу Теңирге бойлоткусу бар эле, Уч менен Түптүн арасын жалгай бир тамырлангысы бар эле.

Бирок Элдин аавал касиетинде, Жердин түп табиятында (элестүү айтсак, баягы «чеп-чивитэс») үзүлүп-сүзүлүп кеткен, жиктелип калган чулу мазмуун, БИР маңыз андан баары бир бийик калган. Айталы, позитивизмдин экинчи этабын баштаган австриялык белгилүү физик, философ Эрнст Махтын обүект менен субүекттин арасын жалгоо ниети акыры соң барып баары бир анын субүективизминде эрип кетет. Ал боюнча Дүйнөнүн өзү салыштырмалуу калат да, эс-туюмдун натыйжасы (вещң, естң «комплекс ощущений») катары чыгат. Кылымдын башында дуу салган бул агымдан кезинде чанда илимпоздор сырт калган. А.Эйнштейндин философиялык булагы да ушуякта жаткан. Ааламды абсолюттуу санаган Нңютонду көргө көмгөн Махты улай, ал дагы «мезгил жана мейкиндикти салыштырмалуу» санайт. Ырас, ал Махтан айырмаланып ошол салыштырмалуу дүйнөнүн өзүн «эс-туюмдун жыйындысы» эмес, ал өз алдынча, обүективдүү деп тааныгысы бар. Бирок абсолюттуу аавал негизине доо кеткен, тамырына балта чапкан «салыштырмалуу» жолдо Эйнштейн да эч качан бая биримдик Уңгуталаага келе албайт эле.

Же болбосо экинчи залкар Гейзенбергди алалы. Чындыкты макро эмес, микро дүйнөдөн издеш керегине бек ишенген ал микробөлүкчөлөрдүн «чексиз бөлүнгөн» сапарында арыйт да, ички бир мыйзам ченемин кармай албайт. Анын микро бөлүкчөсүнүн «жүрүм-туруму — өзү болжогус» («неопределенностң Геизенберга»). Ал эч бир мыйзамга баш ийбейт, эч бир мыйзам жок ал үчүн, тек, «күтүүсүз мүмкүндүк» гана бар («вероятностң появления электрона в данной точке пространства»). Дал ушундай «жоругу» менен Гейзенбергдин микробөлүкчөсү да өзүндө камалып — чектелип Улуу Эрктен (Теңир, Тагдыр) тыш калат да, микро-макродүйнөнүн бая айтылган суналган БИР маңызынан сырт кайыйт. Ушундай эле ойду улуу математик Пуанкаренин мисалында да айтса болот.

Ошентип айтылар сөздүн да кезеги жетти өңдүү; көрсө XX кылымдын теориялык физикасынын кризисинин өзү эң биринчи иретте мүлдө Батыш философиясынын, Батыш дүйнө таанымынын кризиси экен. Бир кылымга жуук из- делген Уңгуталаа теориясынын бул кыртышта сыр чечпей келген себеби бар экен. Тегинде ушул философиянын, ушул дүйнөтаанымдын кризисинен таза турган Элдин Эси, Улут- тун Көкүрөгү гана жаңы ачылышты алып чыга алмак экен. Көрсө, «Уңгуталаа» физикалык теория катары андан мурда миң-миңдеген жылдар бою жашап келген, эми да тирүү жа- шап жаткан авалкы бөлүнгүс чулу касиетти өнө боюнда тип- тирүү туйлатып алып жүргөн өзгөчө кыртышта гана көз жармак экен. Өзгөчө ИЛИМДЕН гана так илим (физика) тилине тастыкталып өтмөк экен. Ал – улуу табияттан улан- ган, кыналган, андан эч качан киндиги ажырабаган бая ай- тылган көчмөн кыртыш! Теңирчил илим, Манас аалам! («Көчмөн болгонбуз, көчмөн калабыз. Көчмөндүк — жашоо мүнөз болсо, көчмөндух — дээр-зээн, Дүйнөгө өзөктөш пси- хологий тамыр». «Теңирчиликтен»). «Уңгуталаа» теориясынын рухий-фалсафий генезиси, көрсө, ушул духта буккан экен… Каадими скиф кабыланданып! Генезис демекчи, эми терминдин теги-жайында эки ооз сөз айтышка туура келет. «Уңгуталаа» аталган термин, акыйкатта, түздөн-түз калңка. «Единое поленин» улуттук тилдеги мааниси. Ал чынында Батышта айрым илим катары калыптанган физика илимине таазим-данң. Андыктан, кайталайм, түз мааниде калңка алдык, же «Уңгуталаа» дегенде — Дүйнөнүн физикалык картинасын маңдайга тутмак эп. Ал эми анын Руханий Аалам жайылган уланды манызы ТЕҢ ТЕҢИР маанисине кайыыр…

«Уңгуталаа» идеясынын жана ал табигый буккан көчмөн дүйнөтааным, Теңирчил цивилизациянын теги жайы тууралуу уланган сөздүн бу заманга, же азыркы адамзат цивили- зациясына түздөн-түз тиешеси бар. Анткени, мурдагы ой толгоолордо айтылгандай, бул теориянын ачылышы жадпы адамзат цивилизациясын сапаттык жаңы бийикке серпилтип чыгаар потенциалды алып жүрөт. Жаңы зор илимий-техникалык революциянын өбөлгөсү ал. Теориянын экинчи практикалык өмүрүнүн башталышы, энергиянын улуу булактарынын ачылышы, Жаңырган Энергияга (Возобновляемая Энергия) жаңыча салынар жол, экологиялык глобал апааттын аргыган арымын бууп, бузулган баланстын калыптанышына, киши эркинин көр-жер кишенден суурулган азаттыгына, Адам-Дүйнө байланышынын абалкы, бул жолу терең аңдалган, жемиштүү аракетке келген жетик гармониясына баштамагы бар. Бир кылым бою дүйнө аалымдарынын аны бүлүнүп издемеги ошо. Миң-миңдеген каражаттардын күркүрөп дайрадай агылып аны издөөгө сарпталганы ошол. Ооба, бул — мүмкүндүк. Бирок маселенин да бир гана жагы. Анткени, Уңгуталаа бул, улуу илимий теория гана эмес, бая бир айтылгандай улуу идеология дагы. Ал аягы барып моралң маселесине байланышат. Ооба, моралга…

Атомдун сыры алгач табылганда дүйнөлүк аалымдар арасында ал балким адамзаттын өзүн жойгон улуу жойкун куралга айланып кетпес бекен деген улуу кооп тууганы бекер эмес. Адамзат Опенгеймердин трагедиясын да, Тейлордун саткынчылыгын да али унута элек. «Душмандын жүрөк үшүн алып коюш үчүн» гана сыналган Хиросима апаат — жарааты али сыздай, уулуу көз жашы алигүн планета үстүндө тамчылап турат. Эгерде, анда, бир гана ядро күчү тууралуу сөз жүрсө, ал эми азыр гравитациянын, электро- магнетизмдин жана ядро талаасынын — б.а. үч күчтүн башын бириктирген бир ааламий күч — Уңгуталаа тууралуу сөз жүрүп жатат. Эгерде, эпадам, эми ушул зор кудурет бир карөзгөй нээтке жетеленип кетсе, анда анын соңун элесте- тиш… мүмкүн эмес! Анан да, ал Уңгуталаа — сырткы техникалык кубат, жаңы энергия, жаңы технология гана эмес, ал адамдын био-психологиясына чейин кийлигишээр мүмкүндүк. Ал эми мунун сонун элестетиш… андан бетер оор.

Ар бир зор ачылыш сыңары эле Уңгуталаанын экинчи бети ушундай. Бирок, акыйкатта, буга чейинки болгон бардык ачылыштын кубат-опурталы биригип да мунун жанын- да шоона эшпейт. Демек, моралң, моралң, моралң, жүз жолу моралң (!) эми башкы орунга чыгат. Бул ачылыш кудуретин түшүнүп, ал кайда, эмнеге багытталышы зарылдыгын нускаш үчүн адамзаттын буга чейинки жеткен бардык Билими, баардык Дини, баардык Окуусу, баардык Илими биригип иштеши керек болот. ДҮЙНӨ бир, ЖАРАТКАН бир, ТЕҢИР бирлигине барышы керек болот. Мындай Улуу Мессиан чакырыкты эми кай илим, окуу, дин жаңылбай-жазбай жаңшай алмак, ураанын танбай таштай алмак-Жердин да, Көктүн да ТЕҢ чындыгын өзүндө батырган, ТЕҢ гуманизмде жүзөгө ашырган… Ошол Окуу гана жаңы Цивилиза- ңияга руханий таянч болуп бермек. Өзөгүнө өсмөк.

Демек, Уңгуталаа, чын-чынына келгенде бир гана улуу ФИЛОСОФИЯНЫ зарылдайт. Ошол БИР ГАНА улуу фило- софияга уңгу болуп берээр чындыгын эми дүнүйөлүк ар тааным да өз тереңинен издейт, үңүлөт. Ведизм индуизм, буддизм, даосизм, иегова, христианчылык, ислам ж. б. руханий илимдер жаңы деңгээлде кайра ачылат. Батыштын айрым-айрым фалсафий агымдары да өзүнө жаңы импулңс издейт, балким экинчи өмүрүн улайт. Кант, Шеллинг, Гегель, Бергсон, Конт, Маркс ж.б. философиясы жарамдуу потенциалына кайра жандырат. Дүнүйөнүн ар жерине нар чөккөн бар руханий тегиздик козголот, копшолот. Ал эми Уңгуталаа теориясынын рухий-фалсафий генезиси, түндүк ээси (автору) Теңирчил илимге келээр болсок, анын тереңи эми жазылат. Улуу гуманизми, адамгер аалам моралы (жалпы ырашкер жашоонун туу чоку идеал, идеясы көчмөн коомдо гана толук ж:үзөгө ашкан) эми ачылат. Теңирчиликтин зарылдыгы эми билинет. Анын дүйнөлүк башка таанымдар арасында ээлеген кайталангыс касиети, орду эми аныкталат.

Ооба, Уңгуталаанын жалпы адамзаадалык табият жайы ар бир таанымдын деңгээлин сынайт, гуман дүрмөтүн конкуренцияга салат, туман ниетин ашкере ачат. Абай баксак, ал, бир Манастын сыноо ташындайдыр… Муну универсал идеяга канык, гуманизм зили анык, баарыга алымдуу, байымдуу Илим гана көтөрө алмак. Ошол потенциал эми кай илимде турду экен? Башкаларга байым мамиле кай таанымда тунду экен? Демек, «дүйнөлүк» аталган диний, фалсафий агымдардын, таанымдардын тээ эң түпкү тегине, жаны-данына да бир карап багууга туура келет. Биздин эл «цивилдүү» десе эле бир Батышка ийилип-бүгүлүп көнгөнү үчүн да, же тойнбилер эбак өкүмүн чыгарып, көчмөн цивилизациянын «өлгөнү» үчүн да, жаназасын окуп көмгөнү үчүн да жашоо- го акылуу калган цивилизациялардын акыбалына өз көзүбүз менен бир бир карап алууга туура келет. Салыштыра таанууга туура келет…

Ырас, адамзат цивилизациясынын азыркыдай түрп-түс алышына, ургаал өнүгүшүнө ой жүгүртүүсү рационализмге канык, техникага ыкчыл Батыш цивилизациясынын ойногон орошон ролун ар бир эстүү адам сыймык менен моюндайт (айтса, «күлүк күнүндө, тулпар тушунда», же дал эле ушул сыңары ар бир эстүү адам антик гректерине чейинки айланыш жолдо Батышка башка элдердин да, асыресе, алар аркылуу кыйыр да, түз да өткөн улуу Азия көчмөнтегинин таасири тууралуу да эстүү моюндамагы эп. Анткени, дүйнөлүк таасир дайыма алгы-берги жана өз доору учун «орошон»). Бирок анын абалкы рационализми (буржуазия тарыхый аренага чыккандан соңку) кийин соң бир беткей араандуу керекчил духка ооду. Бул духтун табиятын жеткилең изилдегендин бири Макс Вебер муну айтат: «Современный капиталистический» хозяйственный строй — это чудовищный космос, в который каждый отдельный человек ввергнут с момента своего рождения и границы которого остаются раз и навсегда данными и неизменными. Индивид в той мере, в какой он входит в сложное переплетение рыночных отношений, вынужден подчиняться нормам капиталистического хозяйственного поведения; фабрикант в течение долгого времени нарушающий эти нормы экономически устраняется столь же неизбежно, как и рабочий которого просто выбрасывают на улицу…» Ушинтип рух потенциалы айыгышкан атаанчыл, керекчил түр күткөн капитализмде кундуу моралга орун калбай калган. Азыр анын ошол табияты, ошол арааны мүлдө дүйнөгө жайылып глобал мүнөз күтүүдө. Дүйнө моралын өз жолоюна өзгөртүүдө. Кол тийгис не бир аяр, аруу Ыйык Чектин бийик чептерине чейин кылкурт-рак желесин жайган. Атургай анын бир рухий таянычы протестантизм да бу күндө абалкы анты-шертин («жердеги милдетиңди канчалык ак, так өтөсөң, Көк Жараткан саа ошончо ыраазы») аттап чыккан. «Жер кы- зыкчылыгы» баарын жеңип кеткен. Жараткандын, тек, аты эле калбаса, заты жашоонун жалаң булактаган (сүткор капитализм!) пайдасында агылып калган, чачырап калган. Де- мек, өзүнө өзү ээ боло албай ээленип кеткен бул духтун бу күндө өзүн кайра жууруп, жасап- түзөп чыгары да даркүмөн. Анткени, жашоо табияты өзү ошо. Андыктан жаңы гуман ңивилизаңияны жарлаар потенциалы чак. Моралы алсыз. Керинче, бир кооптуу ой тууйт: «Ал, дагы да ар бир илимий жаңы ачылыш-жаңылыкты Эгосуна баш ийдирип барбас бекен? Балким, башканын «жүрөк үшүн алып коюш үчүн» гана баягы опуртал хиросима жолду чалбас бекен?..»

Же ушул духтун ар кайсы порумдагы фалсафий ачылышына барсак, социал-дарвинизм: «Жашоо-күрөш, сен жебесең — сени жешет, күчтүүң тандал!» ураанын салат. «Аеосуз мораль» кулңтун жарлайт. Фрейдизм болсо өзүнүн өзөгүндө чөккөн малкумар ышкыдан өтө албай, кудай учукка жете албай денпарас жолдо чарчайт. Же, жашоону жер үстүндө, ар ирмеминде, ушу азыр, толук, толуп жашап өтүүгө чакырык салган экзистенциализм да акыры ошол жашоонун өзү өтөр-кетерлигин моюндап жан чыңырып келише албайт, эч качан өлгүсү жок. Жашоонун түпкү маңызын таба албай, же тапканына маакул да эмес муңайым «экзистенцияда» муунуп чектелип берет.

Ушинтип дүйнөнүн абалкы чулу биримдигин өзүндө жоготуп алган Батыш улам барып, төбөдөн шаалдап шаңы аккан Теңирдин тереңги ТЕҢ осуятынан кайып калган, Жан ыйыгын Ден бийиги тебелеген Жолго тайып калган. Бул, балким, бая бир айтылган Иисус Христос пайгамбардын: «ӨЗҮҢДҮ сүйгөндөй сүй…» деген осуятына да жылчык таап жылжып кеткен эзелки бир Эго шектин (Егов шерттин!) жаңы, өзүнө жагым токкыртышта ээ-жаа бербей тамырлап чыга келгени эмеспи? Мындай философия, мындай моралң жаңы цивилизацияга байтүп суналып бере алабы? Жок. Эч качан! Ал, ырас, азыр Батыш дүйнө Чыгышка ыкчам бурулуп руханий булакка ачыгып умтулган тушу. Бирок биринчиден — ошол рухтун анты-шертинин бийигинде болууга керекчил жантабияты өзү кедерги турса; экинчиден — араандуу агрессив зили анын (Чыгыштын) ахил талуусун издөөгө өткөн, анын өз кубатын алдыртан өзүнө каршы миздөөгө өткөн. Бул тууралуу сөз анан…

Эми диалектикалык материализмге келели. Ал биздин аң-сезимибизди жынс бийлеп келген жана али да бийлеп турган бирден бир философиялык тааным болгон себептүү Теңиризмдин позициясынан чыгып арналуу кайрылалы.

Биздин оюбузча өз кыртышынын туундусу бул философиянын да биз үчүн чектелүү жайы бар. Эсеби, «диалектика» түшүнүгүн кабыл алабыз, бирок өз дүйнөтаанымыбыздан серпилип түзөтүп түшүнүүнү зарыл табабыз. Б.а. «ТЕҢ» мааниде. Ал эми «ТЕҢ» менен «диалектика» эң түбүндө айырмалуу. Бул тууралуу «Теңирчиликте» кең айтылган, буерде учкай белгилээрибиз бул: диалектикада Батыштык «карама-каршылык» түшүнүгү биринчи планга чыгат.Ал эми «биримдик» — утурум абалы катары билинет (Ленин: «противоречие — абсолютно; «единство — временно, релятивно»). Ал эми ТЕҢде абал дал ушунун тескерисинче, же «түгөйлөшүү», б. а. Сүйүү биринчи планга чыгат, ал эми ажырым — сүйүүнүн «бар», «бирлиги» ачылган шарты катары гана көрүнөт (же Ленинди бизче кайрыктасак: единство — абсолютно; противоречие — временно, релятивно»). Бул ушу азыр эле биз ача салган айырма эмес, ал эзелтен бар келген — Батыш жана Көчмөндүн жашоо философиясындагы айырма, табият-тегиндеги айырма. Батыш тарыхы-таанымынын, көчмөн тарыхы-таанымынын улаңгайыр улуу жолунан сызылып чыккан онтологий, гносеологий айырма. Керек болсо, «көчмөн дайыма Дүйнөгө өзөктөш, Ордосунда ийирилип Уңгуталаанын угунда жаткан» деген маани ушул жерден да чечилет. Карама-каршылыкты аавал санап, чечүүчү туткан отурук пенденин биримдик Ордо (Уңгу) нуктан сыртка тебилип кеткен сыры да ушул жерден илинет.

Эми, экинчи «материализм» мааниге келсек, же анын каршысындагы «идеализмди» эске тутсак, анда «биринчилик» талашкан бу маани-маңыз да Теңиризм тегиздигинде маанисин жоготот, кунсуздалат. Анткени, бул тегиздикте ТЕҢ, чулу, бир тепчилген гана АБАЛ бар — рухматерия бир сыйган же улуттун өз таанымында ТЕҢИР, МАНАС аталган. Ал — Теңиризм, жиктелбес ыйык нерсени эч качан карандай акылда калчап бөлбөйт. Ошентип, тегинде диалектикалык материализм да теңиризм жаткан Улуу Биримдиктин уңгусунан сырт кайыйт…

Эми Чыгышка келели. Батыш дүйнө рухий таянч издеп жапырт ат койгон Чыгыш кеңдигине келели. Ооба, Чыгыштын рух Ааламы улуу уюп туру. Учу-кыйыры билинбей тил оозсуз көөлбүп ааламга танапташ агылып жатыры. Эсеби, бая экзистенциалисттин камалган караңгы чегинен ары дзэн башталат. Ал — дзэн кечил, жашоонун түп маңызын «бир ирмеминде» ачып, «ушу азыр» табат, башкача айтканда жарк –арууланат» — сан салтанат кичи саториде! Түбөлүктүүлүктүн сырын чагылган ирмемден чечет -жан салтанат улуу саториде! Ушинтип ааламга жанашат. Будда ааламына. Бирок бу жашоону таңкы бир жеңил шүүдүрүм сезип, же күпүлдөгөн шар көзүндө бир ирмем тунган көбүк санап алган дзэн да түбү барып жер өмүрдүн баасын жепендетип салгандай… Же, ошого байтүп суналган буддизмге барсак, бу кайталанма бүтпөс жашоонун аавал негизин азап, кууралдан бүткөн деп, андан арылуунун көздөй жолун акыры аскетчилик гана аркылуу өткөн нирвана абалдан көргөн ал да Жер өмүрдүн кайталангыс (экзистенциалист азап чеккен) кунун качырып алгандай. Эми, буддизмдин өзүнө байтүп суналган байыркы веда илимине бир баксак, бул да акыркы чындык ирээти «санатана» ааламын санаттайт, Кришна аң сезиминен түбөлүк түнөк көрөт. Ал эми бу материалдуу жашоо, дүйнөгө — «майя», «иллюзия», «жалганэлес» мөөрү маңги басылат…

Суп чепкен кийген суфизм да түбү бу дүнүйөнү таркы санап, таягын сүйрөп думана, дервиш, календер кейпинде тарикат жолуна түшкөн. Даос жөнү өзгөчөрөөк, ал дал эле көчмөн сыңары Дүйнө өзөгүнө түбөлүк өтүп кеткен. Агылып калган. Бирок отурук жашоо, психология анын эң түпкү ушу философиясын баары бир жете кабылдай албайт, андан сырт турат. Андыктан отурук аалымдар дайыма даос дааналарын тек табигыйлыкты куру аңсайт, байыркы-байыркы ; бир баео заманга чакырык салат, балалыгына кетет деп түбүн түшүнбөй айыптайт. Акыйкатта, даос чындыгы — БАЙЫРКЫ кайтпас заманга үндөк эмес, ДАЙЫМКЫ жашоонун өзүнө өтүү, Дүйнө-Өмүрдүн көзүнө жетүү. Бирок, бул, отурук эмес ( көчмөн кыртышта гана табигый ишке ашар мүмкүндүк. Андыктан ал чындыкты алиге отурук кытай эмес, түндүк ээси көчмөн журт тирүү алып жүргөнү ошол. Отурук кытайдын өзүндө табиятчыл Лао илими аскезага айланып, аал, мамлекетчил Кунзы, Шаң Йаңдын бир кез алдыга чапчаң суурулуп чыкканы ошол. Б.а. жай турмуш жана жанар дао идея өзү эки айрык жолго айрылып калган. Ошентип түп жердигинде Аккан Дүйнөгө өзөктөшкөн бул зор илимдин да отурук кыртышта жылдызын күүгүм чалат, «аскетизм» баа алат.

Арийне, улуу да, кундуу да бу окуулардын ар биринин Теңир тереңге кулачы сунулган өз-өз аалам чындыгы бар. Ар биринде жаңы ңивилизацияга байтүп суналып берээр руханий бир-бир кудурети туру. Бирок, ал таанымдардын бир аялуу талуусу да дал ушул мерчемде катылган. Ал бая айтылган — батыш менталитети алдыртан чыгыш окууларынын өз кубатын өзүнө каршы тымызын миздеп турган тушу. Ахил талуусу, же аталган окуулардын руханий умтулуусунун багыт-мазмуну, табияты өзү — ээленген Эго араандын «тишине жумшак» түшүп берген чагы… Каршылыксыз! Мүлгүп чөгүп мүлдө! Түп философиясы өзү каршылык кылууну четке кагып («не противңся злу»)! «Кудайым мындай гана куп бербеспи!» “Мындай момун» кырдаалда эми, бая Тойнбин Жин Ибилиси жалактап сан-салтанат куруп чыкпайт бекен! Бул атайын сөзгө арзыйт.

  1. УЧУР ЦИВИЛИЗАЦИЯСЫНЫН УДУЛУН ЧАЛУУ ЗАРЫЛ

Жогорку кырдаалдын дүйнөлүк жаңы цивилизация проблемасына түз байланышы бар. Анткени, батыш цивилизациясы, эми андан да тагыраак айтсак, ага руханий устун суналып калган иудаизм философиясы («евреи сделали возможным существование капитализма в его теперешнем виде. Надо их благодарить за это», Ницше) дүйнөлүк жаңы цивилизацияны жарлаар-бирден бир демилге-эркти өзүнө ыйгарып чыккан, кош тизгинди жеке эркимде деп билген. Ал жамы адамзатты сактаар мессиан идея жар салынар бийик ирээти бир гана Сион тоо чындыгын билет, айныбай жар салат. Демек, каалайбы, каалабайбы бу күндө жалпы адамзааданын аталган философия менен иши чыккан. Батыштын өзүнүн баардык чыгаандары да бардык замандарда эч бир кыйгап өтө албаган маселе, ушул — еврей маселеси. Акыйкатта да, азыр кай жакка жүз бурба, кай маселеге кайрылба, еврей духу тикийип тике карап турат, капитал маска жамынып качырбай куушуруп камап турат. Бул проблемадан эч кайда кача албайсың. Ал өзү качырбайт сени! Демек, жаңы цивилизация тууралуу сөз да акыры еврей маселесин эч бир кыйгап өтө албайт, аны менен эриш-аркак айтылбаска аргасыз! Анткени ал, башта да айтылган, бу күндө бир улутдух чегин аттап жалпы эле Батыш менталитетине айланып чыккан, башкы мүнөзүн аныктап калган. Ошентип ушулменталитеттин өңүтүнөн чыга отуруп Чыгыштын ахил талуусуна да келебиз эми.

Баятан баяндан байкалды, Чыгыш окууларына жалпы мүнөздүү өзгөчөлүк ушул, ал — Көк чындыгын жарлап атып Жер чындыгынан тайып калат. Жан чындыгын зарлап атып Ден чындыгынан кайып калат. Метафизиканын түбүнө түшүп атып физикалык дүйнөнүн үшүн качырып алат. Демек, ТЕҢ бузулат. Каалайбы, каалабайбы, акыры соңу аскетчил маанай үстөм басат. Баладай баео, агедил аруу тазалыкты Батыш менталитеттин өз Эгосуна эптүү-ыктуу пайдаланып кеткен жери дал ушерде! Же, ал — Батыш менталитет, Чыгыш рухун өз боюна улам өктөм сиңирип алып, мүлдө өздөштүрө барып, бирок аны менен чектелбейт, ал ошол эле учурда өзүнө үңүлгөн Чыгышты «датт!» деп жалаң жандын камына салып коюп, а дүйнөнүн сапарына баштап коюп, а өзү ириде мобул дүйнөнү жеңип алгысы бар. Жекеме-жеке ээлеп калгысы бар! Анткени анын Кудайынын абалтан келаткан анты бул: «от востока солнца до запада велико будет имя мое между народами и на всяком месте будут приносить фимиам имени моему, чистую жертву; велико будет имя мое между народами». Захария пайгамбардын китебинде айтылган еврей элине дайым жар Яхве кудайдын эң түпкү жарлык анты, эмесе ушул! Дүйнөдөгү баардык элдердин бардык кудайларынын башына чыгып,чычып, жеңиштүү кой- коюп турган тушу, ушул (албетте, азырынча кыялында).

Жок, бул эзелки Эски Осуятта калып кеткен бир «айыпсыз» эски идея эмес, ал мезгил менен дайыма бир адымдап, өркүндөп өскөн, тынымсыз модернизаңияланган, зили өлбөй тирүү жашап келген түбөлүк көздөй идеал! «Тирүү Кудай» идеясы! Дайыма аракеттеги! Өзү «сүйгөн элди» коргогон, колдогон! Абстрактуу идея эмес ал, бул дүнүйө ыраатына активдүү кийлигишкен практикалык маани-маңызга ээ Тирүү Кудай. Бар кызыкчылыгы анын — «тандамал элдин» ар кызыкчылыгына төп түшкөн.

Ооба, бул идея түбү барып еврей элдин «Кудай сүйгөн эл» («Богом избранный народ») философиясынан агылат, «мүлдө иудалашкан дүйнөнү» куруу мүдөөсүнөн табылат. Баары түбү айланып келип еврей элдин дүйнөлүк мессианчылыгына байланышат. Айтса, мессианизм идеясынын өзү да түр өзгөрткөн бу күндө. Эгерде, эзелде, элдик классикалык ишенимде — жер турмушуна акыры түбү Яхве кудай өзү кийлигишип, өзүн жолдогон адамзатты канатына алаар, өзгөнү жазалаар машаягын (куткаруучу) жерге жиберээр болсо, түбөлүк адилдик орнотоор болсо, эми ошол тарыхый милдетти жердеги евреизм идеясы өзү ыктыярдуу колго алган. Б.а. реформаланган иудаизмдин азыркы апологеттери, сиончулар, мессианизмдин эсхатологиялык мүнөзүн жумшартып, «дүйнөнүн али жаратылып бүтө электиги» (!) тууралуу идеяны башкы планга алып чыгышып, мессианчыл ролду эми түптүз эле жердеги «Кудай сүйгөн элдин» эркине калтырган. «Царство Бога не дано: его нужно построить. Этот мир является сырым материалом, а человек — строителем. Иудаизм утверждает принцип кооперации между Богом и человеком, для того чтобы совершенствовать мир в продолжающемся творении. Бог определил человечеству общее развитие, исходящее из Царства мира и всеобщего богопочитания. Израиль призван проложить путь к этой цели. Как избранный народ, как потомство союзников Бога, он обязан жить сообразно своему призванию и с самоотвержением распространять владычество Бога»…

Ушундай. Иудаизмдин апологеттери адамзатты эркеч баштаар еврей элге берген эрк, жүктөгөн озуйпа ушундай. Эзелтен түп мүдөөсүн көзөй көрүп (Яхве идеалы), эмкиге че эч бир жаңылбай-жазбай, жолунан кылт тайыбай улуу тур- мушту өз ыңгайында өзгөртүп куруп, өз менталитетине чылап эритип жеңип бараткан дүйнөлүк бир өжөр духтун улаңгайыр сапары ушундай!

Ага Яхве кудурети дайыма сүйөк жөлөк. Анын эркинче Жараткан жазган озуйпаны жападан жалгыз гана «тандамал эл» аркалай алмак. Жалпы адамзатты (албетте, Яхвеге ыкраар кылган) еврей цивилизаңиясы гана ээрчитип канат алдына калкалай алмак.

Кудай Эрки — Адам Эрки ушундайча тил табышып туу көтөрүлгөн. Айталы, иудаизмдин көрүнүктүү идеологдорунун бири, 30-жылдарда башталган «реконструкционизм» аталган багыттын негиздөөчүсү М.Капландын «иудаизм, бул цивилизация» деп таштаган чакырык урааны улам ургаал жаңырып барат, «еврей цивилизациясынын» киндиги динден эч ажырагыс бүткөнү тууралуу идеяны дүйнөгө бышы- кулак жарыялап барат. «Иудаизм естү многогранная динамичная цивилизация еврейского народа…. Неизбежное заключение, к которому мы приходим в результате рассмотрения эволюции идеи Бога в истории вообще, есть то, что еврейская цивилизация не может быть сохранено без этой идеи как своей интегральной части». Ушинтип иудаизмдин | цивилизациясы жана Яхве эрки түбүнөн мүдөлөш тирилет- биригет. Жалпы адамзаадалык аталган цивилизация Сион идеологдорунун оюнча еврей духунун өлбөс-өчпөс манифестацияланышы — Бириккен Эрк экенин билинет.

Эми эстеңиз, саал тыныга отуруп ой жүгүртө эстеңиз; бая-бая сөз башында айтылган Тойнби тарыхчынын Жараткандын жаңы Чакырыгына улам жаңы Жооп болуп түшкөн, өркүндөп-өсүп барган, жашоого акылуу Батыш цивилизациясынын дүйнөлүк байсалдуу жолуна ушул духтун да сапары эми жолулаш түшүп турган жокпу? Сапарлаш-максатташ чыккан жокпу? Ооба, алардын Жолу түбүндө бирге түшкөн, тегинде бир тамырланган. Эсеби, дин жаатында, иудаизмди айтпаганда да, христианчылыктын өз ички жик, ажырымы жатыры. Саясы, идеологий айдыңда антисемитизм, сионизм жана ар кыл ачык, купуя Ордендер алдыртан марашып келүүдө. Анын баарына эсеп беребиз. Бирок Батыш цивилизациясынын башкы табиятын аныктаган жалпылыгы андан айкын туру. Бая бир, жазбай, тайыбай-талыбай дүйнөнү өз ыңгайында өзгөртүп бараткан өжөр духтун бул сапары Батыш менталитетинин өзүн өзгөрттү деген элек. Ошол сөз эми чечилет. Анын бир айкын жемиши, мисалы, айтылган протестантизм.

Протестантизмдин тарыхый аренага суурулуп чыгышынын өзү-капитал духунун салтанаты, же ал коомдук-эконо- микалык уклад ургаал өзгөрүп жаткан тушта жер турмушуна салкын мамилелүү кала берген католицизмдин монахчыл аскетизмине каршы ачык протест («протестантизм» атанганы ошол), пассивдуу «моюн сунууга» («смирение»), макул эмес активдуу бунт ирээти чыкканы маалым. Б.а. протестантизмдин этикасы Макс Вебер таамай белгилегендей, капитализмдин камбыл күжүрмөн духунан туулган жана анын экономикалык рационализмине руханий чың коргон кызматын өтөп чыккан. Ал эми капитализмдин духу дегенибиз, аркы төркүнүндө барып-барып эч бөлөк-бөтөнү жок алиги еврей духу. Же Ницшени улантып, В.Зомбарттын сөзү менен айтканда: «Современный капитализм есть в сущности ни что иное, как эманация еврейского духа». Еврей элинин жан-табиятын жеткилең изилдеген өзү жөөт ушул аалым Европада капитализмдин келип чыгышын, баскан сапарын, багыт кыймылын иликтеп жатып 15-17 кылым арасы еврей эли кайсы өлкөдө болсо соода гүлдөп дүркүрөп өнүгүп кеткенин, кай жерден ооп кетсе экономика эңшерилип орду какшып отурганын элестүү, фактылуу айтат да, эсеби, Испаниянын күтүүсүз начарлап алсызданышынын себебин да, жана ошого орой дүйнөлүк тарыхый өнүгүштүн жаңы нукка бурулушун да еврей факторунан көрөт. «16 век. Открытие Америки хронологически совпадает с годом изгнания евреев из Испании. Это была эпоха, когда еврейство Европы заше-велйлось, как муравейник, в который воткнули палку». Ооба, жер шарынын экинчи бетинде жантабиятынын жаңырып гүлдөшү үчүн ачылган улуу мүмкүндүк, жагымдуу ток-кыртышты жан жүйөөсүнүн бүткүл тереңинде сезген, жонунда туйган еврей духу ээ жаа бербей агылып жаңы континентте дуулдап тамырлап чайлап өнүп кеткен. Жаңы өлкөнүн жаалы-куюн аныктаган. Же дагы эле Зомбарттын сөзү менен айтканда; «то что мы называем американизмом есть в главных своих чертах ничто иное, как кристализовавшийся еврейский дух! Капитализмдин араанында айланган мүлдө Батыш дүйнөсү бул менталитетти, балким, аавал дээринде канчалык жерибесин, акыры, эрксиз анын эркинде калган. Стихиясы байланган. Жалпы табияты аныкталган. Бая айтылган жалпылык ушерде.

Ошол күндөн ушул күн капитал башкы философиясын аныктаган бардык жайда бийликке өткөн — ушул дух.

Башкаларды а дүйнө камына салып коюп, а өзү тымызын, тынымсыз мобул дүйнөнүн (!), ушул дүйнөнүн (!) камын жеген («Бог в этом реальном мире»)ушул дух.

Жана айтылган Чыгыштын ахил талуусун мээлеп өз куралын (аруу нээтин) анын өзүнө каршы ыңгайлуу пайдаланган да ушул дух.

Жана айтылган Чыгыш окууларын дүйнөгө дүң жайылтуу үчүн Батыштын канча бир акчасы самандай сапырылып, түмөн түрлүү илимий-практикалык борборлор түзүлүп, Чыгыш окууларынын өз мекенинен мурда Батышта, негизинен АКШда, байма-бай ачылып, ачыгып да, иштеп жаткан азыркы «дүйнөлүк агартуучулуктун» айтылбас экинчи себеби, ушу. Тегин жашырган тереңи ушу. Калың масса, карапайым аң сезим, кандай гана бийик-ыйык окуу, болбосун, көз ачырбай каптаткан бороонунда эс-учун жыя албай калат, тереңги маңызына жете албай кайыйт. Кайыгат, буюгат, адашат. Демек, ээрчип кол карайт. Же, күтүрөп, сүрдүгүп тигил дүйнөнүн камына өтөт. «Жашоодон кийинки жашоолордун» жаннатын издейт, азгырылат. Ыктыярлуу безериге айланып, буту алдынан турмушу тайыйт… Бу дүйнөнү ушинтип да цивилдүү маңкуртташтыруу аркылуу жеңип алса, болот.

Же ушул эле ураган бороонго аралаш экинчи бир идея, айталы, ар кандай иегова күбөлөрү, мунизм, баптизм, дианетика, саентология, …логия, ж.б. «жаңынын» сели дүр каптатылат, ылжыган мас маданиятка аралаш жайылтылат. Тегин, Тенирин жоготуп барган эске Эгем деп Иегова таңууланат. Жанын алат. Дүйнөнү күрр жеңип алуунун»бул да бир «цивилдүү» жолу. Кыскасы, бул процесс бул күндө, сырттан толук багытталган, башкарылган мүнөзгө ээ. Балким, капитализм казанында Чыгыш тереңинде башкадан эрте кайнаган жапан коому ушул чындыкты баарынан мурда түшүнгөндүр. Ошондуктан, ал — жапан, күндүзү иште — протестант да, кечкурун үйдө — самурай. Протестантизмдин этикасын («противься злу, иначе ты будешь нести свою долю ответственности, если он победит»). Батыш кийин ушул осуятын аттап алган, капитал касиети «злодон» бийик, таза калган) дзэн моралга жууруп, самурай духка кайрап чыккан. Ахилл талуусу абай корголгон. Улут духу заман бийигине серпилген, Сион тоонун философиясын Фудзияма чокудан карап, аңтара маңызын аңдап алган. «Жапан феноменинин» жана бир сыры ушуякта…

Ырас, капитал жалаң турганда ал, али, «еврейдуху» жыттанбасы бештен белгилуу. Алтын зээри өзгөчө. Маселе, ага кандай ДЕМ салынгандыкта. Б.а. айланып келип ал байлык кайсы духтун философиясы үчүн булактап агылып калганында. Айталы, көчмөндүн асем скиф кабыланында буккан ТЕҢчил телегей дух менен кул куйкасынан кабат тилинген салаа-салаа такта алтындын айырмасы бар, асман жердей! Бирок бул өзүнчө сөз. Айтылган жөөталтынга баксак, анын маңызы — Егова Эрк менен бир чылк ширелишип калганында. Бириккен Эркке өткөнүндө! Байлыктын да, Бийликтин да, Күчтүн да тизгини кимдин колунда болсо ал эркЖаратканга жагаар, анын амирине төп деп бул чындыктын жердеги адилеттиктин, а демек Жашоого акылуулуктун жападан жалгыз критерийине айланып чыккандыгында. Ушул чындыкты тааныгысы келбегендерге «маданияттуу» таңуулаганында, «цивилдүү» (!) тааныткандыкта. Акыр соңу айланып келип «өзгөчө духтун» дүйнөлүк салтанатында!

Эскиден келген кески духтун жолундагыны бүт койбой-жойлой алтын зээринде өз жолоюна өзгөртүп бараткан, улаңгайыр сапары ушундай.

«Жалаң капитал» жаныңгайына (менталитетине) айланып барган, азыркы Батыш цивилизациясынын акыркы мүдөөсү ушундай.

Мүлдө адамзаттык мүнөз күтүп барган бул цивилизациянын алкагына тартылган, оюн эрежесин моюндаган жалпы дүйнөнүн акыбалы да ушундай.

Салабат! Адамзатты планеталык денгээлде жараштыраар, жанаштыраар идея болсо эле, салабат. Жамыга алымдуу жарык жол — чыныгы мессианизм болсо эле, салабат! Бирок жалпы адамзатка алымдуу деп жар салынган, таңууланган Батыштын азыркы туу дөөлөттөрү чынында адамзатты кайда баштайт? Эңсеген жашыл жээкке жеткире алабы, жаки?.. Эсеби, азыркы Батыш үлгүдөгү «рынок философиясы», «АДАМукугу», «демократия» урааны тегинде эмнени көздөйт? Кимге ириде кызмат кылат? Эмесе, сөз далилдүү болсун үчүн ушерден саал конкреттештирет өңдөнөбүз. Айталы, бул философия боюнча Адамдын (Жарандын эмес, ал Мамлекеттин ичинде, дал Дүйнөлүк Адамдын) укугу барынан бийик. Элден да, Мамлекеттен да бийик! Бул деген экинчи бетинде сырттагы Адамдын, же капитал ээсинин укугу улуттан да, улуттук мамлекеттен да бийик турат дегендик (айтса, бул философия боюнча «эл» — тек абстракция; Адамукуктун уңгусу, суверендүүлүктүн башаты — «источник права». Мамлекет болсо тек, авторитаризм, тоталитаризмдин коргону). Дагы: «жерге жеке менчик» — адамга кудай түбүндө тартуулаган укук. Жуткан абадай эле табигый укук. Муну жылмалабай түз айтканда континент, мухит ар жагында туруп деле миң айлалуу жолдор менен карызга батырып, бирөөнүн элин-жерин барымтага басып (мисалы, «эл аралык жеке укук» желесинде) жердин жана асты-үстү байлыктарынын юридикалык ээси болуп алсаң, боло берет. Анткени, Адам укугу — Элден, Мамлекеттен бийик Дүйнөлүк Укук!

Буга дагы «ачык коом» деген түшүнүк да бар жалганган. «Ачык» аталмагы — аталган укук философиясына аңылдап ачык турганы, анын нормаларын аавал санап, биринчи деп билгени. Эл аралык укук нормаларын (ал эми Батыш укугу негизи-жалаң жеке менчикке негизделген) бийик тутуп ички мыйзамын да ага тыкыр тегиздегени, эпадам, кайчы келип калса, анда эл аралык мыйзамдын аткессиз так иштегени (нетесиң, жаңылыштык бизден кетет да, анткени, демократияга жаныдан үйрөнүп бараткан жаш элбиз). Ал эми ал мыйзамдардын маңыз-мазмуну түбүндө барып кайсы кызыкчылыкка, не Бириккен Эркке куярын көрдүк. Бул, алтын зээри аркылуу өзүнүн дух философиясын алып өтүү эмей эмине!

Дагы, « толерантностң!» деген да бир» ооз толо айткан киши тоос куштай кооздоло түшкөн түшүнүк бар. Бизче мааниси — сабырлуу бол, токтоо бол, өзгөнүн оюн аңдай бил. Ушинтет. Эшигиңен кирип, түндүгүңөн түшүп, төрүңө чейин аңылдаган «ачык», «укукчул» коомдун төлдөөлөт, дух филофиясын сайрандатып жайып жиберген тозооку АДАМ кайра саа астейдил акыл айтат: «толеранттуу бол — көп мөңкүбөңүз!»

Ушинтип азыркы батыш цивилизациясы, мамлекеттик… жок, цивилизациялык(!) деңгээлге өскөн эгоизм кечээги кексе жүзүн жашырып, «цивилдүү» айла амалын ашырып, не бир түмөн түрлүү түлкү жолдо жаш, тажрыйбасыз, же экономикасы алсыз мамлекеттерди саясы-экономикалык көз карандылыктын торуна чырмап, дүйнөнү кансыз жеңип алууга баштаган неоглобализм сапарында барат. Бул, акыйкатта, урааны жаңы, маңызы эски кечээги агрессивдүү цивилизациянын жаңы жааңгер кадамы. Жаңы деңгээлдеги арааны. Же, бая Тойнби нускаган «Ааламий Чиркөө» (Универсалдуу Мамлекет) идеясынын алдында Дүйнөнү бириктирүү (жеңүү!) ниетин астырт беттегени. «Божий владения в этом мире утверждаются божественным Царем. Поэтому труд Христа должен найти своих последователей среди представителей воинствующей церкви, которая в Этом Мире, но не от Мира Сего».

Ватикан да, протестантизм да, сионизм да, түпкүлүгүндө ар бири тымызын, өз өзүнчө, бир-бир жолдо бирдиктүү ушул кресттүү максатты аркалаган! Бирок бул жол адамзат карама -каршылыгын дүйнөлүк деңгээлде чечүүгө жарамсыз, керинче, улам курчутмак. Анткени, ал баарыга алымдуу, рамдуу гуман ТЕҢ жолду эмес, өз табиятындагы Эго жолду туткан. Ал эми карама каршылык жаңы карама каршылыкка өсө бермеги табигый. Азыркы дүйнөлүк акыбал мунун айкын мисалы. Демек, дүйнөгө мамилесинде да, ой жүгүртүүсүндө да эски агрессия калып кеткен батыш цивилизациясынын рух потенциалы жаңы цивилизациянын ураанын жар салууга түбү жарамсыз чыгат…

Ага жаңы кан, жаңы дем, жаңы философия зарыл, сырттан барар… Руханий да, материалдык да улуу энергиянын булагын алып жүргөн… Азыр алакан отуна чогулгандай кичирейип тарып болгон адамзаттын Жер Бешиги ошондо кайрадан жазылып кеңдигине кетээр. «КЕҢ болсоң — КЕМ болбойсуң» философияга өсөөр. Ансыз адамзаттын башында Домоктун кылычындай дүйнөлүк алааматтын коркунучу салаңдап турганы турган…

* * *

Азыр ушул кыяматты болтурбоо үчүн планетанын саясы, чыгармачы ишмерлери, дүйнө азабын өз жеке азабы туйган бардык гуманисттери өз-өз багыттарында иш алып барып атышкан чагы. Биригип акыл калчашкан тушу. Буга дүйнөлүк интеллектуалдардын Рим клубун мисал тартсак эп. Ошол сыңары эле жердешибиз, дүйнөлүк чыгаан Ч. Айтматов уюштурган Ысык Көл форуму азыркы адамзаттын көйгөй маселесин көтөрүп жүргөнү бизге сыймык. үстүбүздөгү жылы анын кезектеги шеринеси күтүлүүдө.

Бул жыйын мурдатан келе жаткан салттуу жолун улап адамзат цивилизациясынын азыркы ал-абалы, келечек багыты тууралуу кеңири масилет козгоору турган иш. Бирок бул масилеттин мурдагыдан сапаттык жаңы деңгээлге аргып чыгышы үчүн ага жаңы идея, философия зарыл. Ал мүмкүнчүлүк бизде туру. Бул, биринчиден. Экинчиден, форумга дүйнөлүк кыйла ири авторитеттердин катышмагы — элибиздеги бышып жетилген, таанылган, чечилген дүйнөлүк айрым маселелердин эми эл аралык аренага эртелеп чыгып кетишине жагымдуу ыңгай, шарт түзүшү ыктымал. Сөз Самат Кадыров агабыздын «Уңгуталаа» теориясы жана ага айкаш адамзаттык жаңы моралң, философия тууралуу. Автор азыр аталган теориясын жаңы фактылар, эксперимент ачылыштар менен байытып, тереңдетилген монографиясын жазып бүтүрдү. Китеп англис тилине которулуп жатат. Алдыда аны жарыкка чыгарып форумдун катышуучуларына тааныштыруу ниети көздөлүүдө.

Демек, Ысык-Көл форуму, аталган уңгулуу зор теорияга дүйнөнүн көңүлүн буруп, анын өз учурунда алыскы булуң-бурчка дейре таралып, окулуп үйрөнүлө башташына кайталангыс трамплин кызматын өтөп бериши ажеп эмес. Ал эми азыр теориянын кең келечегине ишендирген жогорку деңгээлдеги илимий расмий таануу бар. Бу саам, балким, дөөлөт кушу төбөдө айланган кыргыз элинин эки залкарынын — Айтматовдун, Кадыровдун, балким карт Дүйнөнү селт эттирер жаш чакырык сөздөрү менен адамзаттын тарыхындагы жаңы цивилизациянын башталышы тууралуу жаңы идея Көл кылаасынан дүйнөгө жаңыраар, өз сапарын баштаар. Бая бир айтылган: «Уңгуталаа» ураганында «цивилизация» деген зор түшүнүктүн өзү түп мазмуунун эбегейсиз жаңыртаары, байытаары, ал жаңылык-жаңырык, балким, Ала Тоодон башталаары, чакырык Хан ТЕҢир чокудан ташталаары тууралуу ой мына ушул жерден жыйынтыкталат!

«Ата Журт» гез. XII, 1996 — 11,1997 — жж.

Р.S. «Ысык-Көл форум» катышуучулары менен жолугуп, аларды С. Кадыров теориясы менен тааныштырып, балким кызыккан өкүлдөрүнүн катышуусунда жаамы адамзатка кызмат этээр жаңы цивилизациялык мүмкүндүк тууралуу ой бөлүшүү нээти көздөлгөн эле. Бирок белгилүү себептерден улам, т.а. Кадыровдун өз мекенинде башкы бийлик жетекчилигинен тартып ортозаар окмуштууларга чейинки деңгээлде эч колдоо таппаган айласыз абалы бизге өз максатыбызды жүзөгө ашырууга бу жолу да мүмкүндүк бербеди. Анан калса, ошол тушта, мамлекет жетекчилиги тарабынан чоң жазуучунун өзүнө да форумду өткөзүүгө каршы, тымызын ыдык мамиле жасалышы Ысык-Көл шеринесинин да ойдогудай өтүшүнө өз салакасын тийгизбей койгон жок. Ошентип биздин үн бул жолу да ээн жапан чөлдөгү Кудайга улуган жападан жалгыз буруттун жан чыңырыгы болуп кала берди!

Айтса, мындан туура жети жыл кийин, же 2004-жылы «XXI кылымдагы Евразия — маданияттар байланышыбы, же цивилизациялар карама-каршылыгыбы?» деген темада Президент А.Акаевдин кызуу демилгеси менен Ысык-Көлдө эл аралык форум өткөрүлдү. Өлкөнүн аброюн көтөрөр, өзүнө таандык сунуштаар не орчун илими, не олут философиясы жок, жалпы идеяларды констатациялап чектелген бул жыйын «жалпы, катардагынын» бири болуп кала берди. Баса, мында да Кадыровдун көзү жок болду. Ал бир жыл мурда эле “мына эмесе” өлүп калган болчу…

Учурундагы кыйчалыш кырдаал кызыган сөздү үзүп кызуусун суутуп кеткен эле. «Жаңы Цивилизация» маселеси жарым айтылган. Ошондон эки жыл өтүп, Кадыров төө бастыланып, «Уңгуталаасы» унутулуп турган тушта мамлекеттин өнүгүш жолун бийик жетекчилик дагы жаңы опуртал тилкеге алып кирди. Эми жерди жеке менчикке чыгартып! Жеке баамымда, бул биздин жаш мамлекеттин эми чындап тескери жолго түшүшү эле. Биз буга дейре жарык үмүт арткан Жаңы Цивилизация мүдөөсүн кой, адамзаттын алды жолун улам тыкыр тарытып-курутуп бараткан учурдун куу, сүткор, агрессивдүү цивилизациясынын талабына өзү ыңгайлашып, табагына бышып, араанына алпештелип, өзүнүн бар мүмкүнчүлүгүн барк албай, багытын жоготкону эле бул. Бул жөн эле башка дүйнө багытын ээрчүү эмес, Дүйнөгө балким жаңы жол нускаар жаңы цивилизациялык багыттын да өксүшү эле! Ошентип кайрадан, экинчи бурут улушка туура келди. «КАЙРАН ЭЛ» деп какшашка туура келди. Мындагы айтылган ойлор ошол кийинки ой толгоодон үзүндү жана мурдагы жаңы өңүттөн толуктап тургандыгы үчүн ага кошум- ча ирээти сунуштайбыз.

  1. УҢГУТАЛААНЫН УГУН ТААНУУ ЗАРЫЛ

Жердин бардык асты-үстү байлыгы тонолуп, аба ышталып, улуу мухиттин да түбү түтпөй турган кез азыр. Азыркы утурум прагматик, керекчил цивилизация Адам — Жаратылыштын гармониясын бузуп, миң кыл кырсыктар басып, мурда жок оору-сыркоо көбөйүп, жер титиреп, тоо көчүп, климаттын глобалдык өзгөрүшү күчөп, айтоор адамзаттын планета үстүндөгү жашоосун, акыл-эстин ээси катары анын өзүн жок кылаар опуртал чекке жеткен. Окумуштуулар азыр жер үстүндөгү табигый мүлдө чоң-кичине өзгөрүштөрдүн баардыгы тең бир башкы себепке байланышып турганын, сейсмология, магнитология, климатология, геология, геофизика, медицина ж.б. илимдердин проблемасы бир башкы себепте чечилээрин сезип-туюп, бирок, ошонун ачкычын таба албай келишет. Ал себептин ачылышы табияттын аавал түп сырына үңүлүүгө гана мүмкүндүк түзбөстөн, энергиянын (отун, газ, нефтң, ядро кубаты ж.б.) азыр биз билген, колдонгондон башка, традициялуу эмес, агылып турган чексиз зор булактарын ачууга, алууга да мүмкүндүк түзмөк. Эйнштейнден берки акыркы 60-70-жыл ичинде дүйнө аалымдары аны башын сайып, бүлүнүп издегени ошол. Аны илимде «Уңгуталаа теориясы» ( «Теория Единого Поля», «Теория Всего Сущего», «Теория Всеобщего Объединения» ж.б.) деп аташкан.

Дегеле илимдеги чыныгы нукура улуу теориянын ачылышы адамзат цивилизациясын кескин жаңы тепкичке көтөрүп, өрлөтүп турмагы бар. Азыркы адамзат цивилизациясы негизинен эки титан ачылыштын — Нңютондун жана Фарадей-Максвеллдин теория-теңдемелеринин үстүндө турат. Ал эми аларды жалпылоо менен бирге жаңы сапаттык ачылышка адамзат дагы качан, канча жылда жетише алышы мүмкүн? Америкалык белгилүү аалым Фримен Дж. Дайсон «Новаторство в физике» деген белгилүү макаласында ушул мүмкүнчүлүктү иликтөөгө алат да физика тарыхындагы зор ачылыштардын табият-тарыхына кайрыла отуруп, мындай мыйзамченемдүүлүктү байкайт.

Табияттагы кандайдыр табышмактуу кубулуштун алгач баамга урунуп, ал боюнча белгилүү бир түшүнүктөрдүн түптөлүп, жыйылуу процесси өзү отуз жылдай убакытты камтыйт. Алгач акылга сыйгыс сезилген ал идея акылда канча ирет калчалып — экчелип отуруп, андан соң отуз жылда гана алгачкы натыйжасын берет. Айталы, Фарадей электромагнит индукциясын ачып, аны Максвелл теорияга салганга чейинки аралык отуз жылга созулган, ал теориядан Генрих Герц алгач электромагнит толкунун алганга чейинки аралык да болжолу отуз жылды камтыйт. Же Энрико Ферми элементар бөлүкчөлөр арасындагы алсыз аракеттенишүүнү ачкандан соңку отуз жыл жалаң гана анын себебин түшүнүүгө кеткен.

Же кийин Ли жана Янг Оң менен Солдун ортосунда эч кандай симметрия жок экендигин экспериментте далилдегенге чейин (айтмакчы, физика илиминдеги соңкуга омок бир зор революция ушул, же ТЕҢ Теңирчиликтин физикалык көзү ушерде) дагы отуз жыл аралык өткөн. XX кылымдын физикасында ушунча мол фактылар топтолуп, эсепсиз эксперименттер жүргүзүлүп, ар жактуу теориялар бирине-бири кайчы да жаңырып турган тушта, физикалык мындай улуу буураканда баарын иретке алган, ыраатка салган кезектеги зор теория дагы канча жылдан кийин жаралышы мүмкүн? Мүмкүнбү? Дайсон макаласынын соңунда өзүнө ушундай собол таштайт да ага өзү мындайча жооп айтат: «Я думаю, что открытие такой величины как ньютоновская динамика или квантовая механика, вряд ли будет сделано раньше, чем через ближайшие сто лет».

Бул — 1958-жыл, сентябрдагы сөз. Бул ачылыш, же эмки жаңы цивилизациянын мүмкүнчүлүгү Уңгуталаа угунда гана жатканын туйган дүйнөлүк ири аалымдар жалаң ушул салаага ат койгон. Эсеби, америкалык экинчи аалым — Б. Дж. Уоллес айтат: «Единая теория поля приведет нас к более глубокому пониманию пространства и времени, микро и макроструктуры. Вселенной и приведет наконец к Золотому Веку науки и технологии». Бул 1990-жылкы сөз. Мындан дагы эки жыл кийин, же 1992-жылы орустун азыркы көрүнүктүү аалымы В. Белостоцкий эми миңтип айтат: «Гравитация — это те вожжи, которыми Господь Бог управляет всем миром. И если познать эту силу, то откроется новая эпоха взаимодействия Человека со Вселенской Материей». Бул деген адамзат эгер ушул Уңгуталаа ачылышына жете алса, анда буга чейинки цивилизация жетишкендиги алдыда жашлраар цивилизациянын жанында шоона да эшпейт, анчейин бир көрүнүшкө айланат деген сөз.

Дайсон болжогондон жүз эмес, туура отуз бир жыл кийин (дагы отуз!) кыргыз аалымы Самат Кадыров жогоруда айтылгандарды космология жана элементардык бөлүкчөнүн жалпылыгында таанып, ачып, Нңютонду толуктап, квант гравитациясын жаңыдан түзүп, дүйнө илиминде ошол орошон сөздү айтты. Бул тууралуу 1996-жылы Санкт-Петербургда өткөн Эл Аралык Конференция дүйнө окумуштууларына Кайрылуу кабыл алып, КР Президенти А. Акаевге кат жазды. Бирок бул дүңгүрөгөн кабар республика аалымдары тарабынан дүлөй кабыл алынды.

Үстүбүздөгү жылы июндун аягында Санкт-Петербургда мурдагыдан да абройлуу, табият таануунун фундаменталдуу проблемаларына арналган эми Эл Аралык Конгресс өттү. Аны биздин айрым академик аалымдар айткандай «тамашакөй шизиктер» эмес, Россиянын ири илимий мекеме-уюмдары уюштурду. Атаганда: Россия Илимдер Академиясы, Санкт-Петербург тоо кен институту Санкт-Петербургдагы «Эксико» (Швеция) фирмасынын өкүлчүлүгү. Колдогондор: Санкт-Петербург Мамлекеттик Университети; Орус географиялык коому, Бүткүл Россиялык геологдор коому; Санкт-Петербург Физиктер Коому; Регион Аралык Илимий Академиялык Планетардык Өнүгүү Борбору; Илим, Искуствонун Петров Академиясы; Радиоэлектрондук комплекс боюнча илимий изилдөө институту. Конгресске 400 дөн ашык илимпоздор катышты. 5 секцияда илимдин фундаменталдуу салаалары боюнча беш күнгө созулган доклад, талкуулар жүрдү. Баардык окумуштууларга регламент боюнча 10-15 мүнөт гана чектелүү убакыт берилди. Бир гана Кадыровгоөзгөчө мамиле жасалып, ага жарым саат убакыт бөлүндү. 5-күнү Конгресстин жабылышындагы жалпы заседаниеде да биринчи ачылыш сөз Кадыровго берилди. Ал XX кылымдын теориялык физикасы эмне үчүн кризисте келген себе- бин айтып, андан алып чыгуу үчүн өзүнүн Уңгуталаасын сунуштады. Келерки Эл Аралык Конгресси Кыргызстанда өткөрүү демилгеси менен чыкты. Демилге колдоого ээ болду. Кадыровдун теориясына мындан эки жыл мурунку Эл Аралык Конференция Кайрылуусунда берилген дүйнөлүк баа андан да бийик илимий форум деңгээлинде эми Конгресс Чечиминде бекемделди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *