Еврей жомогу

Бир еврей үч жолу катары менен түш көрүптүр, түшүндө аны көпүрөдөн күткөн дөөлөт бар экен. Тынчы кетет. Күнүгө темселеп көпүрөгө барат. Чоң олжодон үмүт этет, бирок эч балээ таппайт. Тигиндей өтөт, мындай өтөт. Жок. Көпүрөнү кайтарган кароолчу сурайт андан:

– Каршы-терши каттап калдың, не жоготтуң эле мында?

Биздин еврей көргөн түшүн айтып берет. Кароолчунун күлкүсү келет ага. Дейт экен анан:

– Хе… Саа бышырып коюппу аян түштү. Мен деле бүгүн күркөмдө тук эте калсам, түшүмдө сенин үйүңдөгү меште катылган алтынды таап алыптырмын.

Муну уккан еврей ордунда туралабы, үйүнө тызылдайт. Жетип эле «балтаны апкел» дейт зайыбына. Мешти бүлдүрүп баштайт, катыны аңкылдайт:

– Жинди болбочу. «Түшүң – түлкүнүн богу» дейт. Бүтүндүнү бүлдүрүп, балакетти тапмак белең?!

Биздин жомок каарманыбыз болсо кирпичтин артынан кирпичти алганча шашылат. Бир убакта балтанын башы «каң» этип темирге урунат. Колу калчылдаган еврейдин манжалары чоюн идишти сууруп чыгат. Караса, ичи толо шыгыраган эле алтын тыйындар болуп чыгыптыр.

Которгон Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *