Боордош эл адабиятынан

Түркмөнстандагы катаал саясый режимден улам Европада бозгунда жүргөн түркмөн жазуучусу Худайберди ХАЛЛЫ туурасында буга дейре «РухЭш» сайтында анын маегин жарыялап (Саясый куугунга кабылган түркмөн жазуучусунун тагдыры), чыгармалары менен кыргыз окурмандарын тааныштырууну убада кылган элек. Убадабыз боюнча таланттуу жаш котормочуларыбыздын бири, түрколог Урматбек Нурсейит уулунун эмгеги менен түпнускадан кыргызчаланган боордош жазуучубуздун «Карышкыр» аттуу аңгемесин сунуштайбыз…

АҢГЕМЕ

Жер бетине жарык түшкөндөн бери ал коркунучтуу кездешүүнү күтүп жатты. Күн уясынан чыгып, жерден көлөкө көтөрүлгөндө күрүлдөгөн жагымсыз үн угулду.

Күрүлдөгөн үн акырындык менен жакындап келе берди. Жанын коёрго жер таппаган карышкыр үйрүнөн бөлүнүп чыгып, аяк издерди жашыруу үчүн оордуна айлампа жасап, жаңырган үндү көздөй жөнөдү.

Ал көпкө жүрдү. Акыры ар тарабына көз салып, шамал тийбеген бадал түбүнө кирип жатты. Бир канча убакыттан кийин каргаша жакындай берди. Күрүлдөктүн үстүндө койдун терисин башына кийген мал ээси отурат. Мойнуна ырайымсыз жарагын туурасынан асып алганычы. Оозунан от чыгарган ошол кара балээнин үнү бул күрүлдөктөн кем эмес болучу..

Күрүлдөк карышкырдын кечээги өткөн изин акмалап барат. Башына койдун терисин кийген мерген карышкырдын изине саресеп салгандай. Кечээги бурмаланган из аны акыры ушул чытырман токойдун четине алып келген.

Карышкыр күрүлдөктүн изинде калган жагымсыз жытты мурдун чүрүштүрө жыттап, ырылдап алды да, кум дөбөлөрдүн үстү менен секирип жөнөдү.

Ал бардык күчүн жыйнап, өзүнө кандайдыр бир күч топтоп, түздүктөн дөңгө, дөңдөн ойго түшүп, өзү билген чокулар менен жол тартты.

Бул чокулар ага тааныш. Ал жанын сактоо үчүн ушул чокуларга далай ирээт коргологон. Кыштын суук түндөрүндө кумдуу чокулардын эң бийигине чыгып, курч көздөрү менен асманга үңүлөт. Булуттардын арасында, шамалдын бет маңдайында сүзгөн айды тиктеп, узакка-узакка улуп, өзүнө өнөктөш чакырчу. Бирок ал баарынан да жалгыздап эркин жүргөндү жактырат. Башына кой терисин кийген мал ээси кай жерде жортуп жүрбөсүн, андан көзүн айырбайт. Качан болбосун өз чегине келип, аны заарасы менен белгилейт. Эгер кимдир-бирөө анын чегинен өтүп аң уулап келген болсо, демек, ал өзүнөн да күчтүү каршылаш болуусу ыктымал!

Андай жерге көкүрөгүн баса жата калат да, үйүрдүн сыртынан аңдыйт. Анын жытын алган жандуулар коркконунан бир канча күн ошол жакка жолобойт. Үйүрдүн баары аныкы эле. Эми бул кең талаа аныкы эмес. Калктуу конуштардан ал жерди коруй алаар эмес. Ат кыгына думуккан карышкыр өз үйрүнөн, бадалдардын көлөкөсүнөн, жел тийбеген аңгектерден башпаанек таппай, сенделип качып барат. Качкан сайын өзүнүн туулуп өскөн аймагы менен коштошууга аргасыз.

Качан гана демин басмакка токтой калганда, алыстан жагымсыз ызы-чуу угулат. Карышкырдын төрт аягына кайрадан жан кирет. Шамалдын шоокуму менен жарыша чуркап жөнөдү.

Ал акыркы токтогонунда күрүлдөктүн алыстап калганын сезип, күндү шашылыш карады. Күн төбөдө болчу, андыктан ал узакка дейре асманды жарык кылары айкын. Ал эч качан күндү карап көргөн эмес, азыр карады, анткени бул анын акыркы батар күнү эле. Кечээги токтуну бөктөрө качкан аң уулоосу акыркысы болорун да сезген. Албетте, биринчиден ал ач көздүгүнө жолтоо боло алган жок. Напсисине буюрган олжосун жеп жатканда өмүрүнүн бүлбүлдөгөн шамы өчүп баратканын сезген. Эми денесинде бир аз ал-күчү калды. Башына кой терисин кийген мерген жетип келгиче, болгон күчүн жумшашы керек. Ичинде жылт эткен сезим пайда болуп, өз эркиндигин сактоонун ылаажысын издеди. Кокус жете келсе, карышкырдын канын алмак, башка эч нерсесин ала албайт.

Күрүлдөгөн үн менен аралык да жакындады. Жазгырып кача турчу жери калган жок. Карышкыр бар күчү менен алга жүткүндү. Арийне, күрүлдөк бет маңдайынан чыккан.

Кашабанын кардына кандайдыр бир нерсе тийгендей болду. Дем алуусу начарлап баратты. Эми эч бир күч куткара албайт. Аны миңдеген балээден куткарып келген, канчалаган тузакты жазгырып өткөн буттары эми бир шилтемге жарабады. Төрт аягы куйругундай ийилип баратат.

Карышкыр эки тарабына термелди. Акырында куйругун арткы шыйрактарына кыпчып, жерге күп жыгылды.

Күрүлдөк жете келип токтоду. Башына кой терисин кийген мерген колуна кара темирин алды.

Өмүрүндө иттердин дөбөттөрү да ага мынчалык даай алган эмес. Бирок маңдайындагы каргашаны кашабанын коркунучтуу көздөрү да токтото албады.

Дүйнө жым болду. Денеси эмне болорун сезгендей: кооптонуудан титирей баштады.

Абалдын курчуп калганын кашаба жонтериси менен сезген. Денесинин эң сезгич эки мүчөсү – жүрөгү жана көзү чанагынан чыгып, кан жүгүргөн тамырлары жарылып бараткандай. Кара милтенин астында тикесинен тик туруу керек эле.

Армандуусу, азыр ошол кудурети кана! Куру дегенде бир аз дарман болгондо… Эми ага аалам таптаза, ал гана эмес жылаңач эле. Карышкыр төрт аяктай албай, өзүнүн бет алдын көздөй келаткан каргашага эки буттап сойлоп жөнөдү.

Кымындай дарманы болгондо, өлүмүнүн алдында туруп бермек.

Өз ажалын бет маңдай көрүү карыган карышкырдын арзыган максаты эле.

  1. X11. 92-жыл

Ашхабат

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *