Которгон Ашым ЖАКЫПБЕКОВ

ПОВЕСТЬ  

Владимир САНГИГЕ

Шыбаттуу ным каалгып, ызгаар суук кычырата тиштеген көр түбүндөй караңгы түндө Охот деңизинин узак жээгин бойлото эки табыяттын эзелтен басылбай келаткан өчөгүштүү кармашы жүрүп жатты. Жер деңиздин жүрүшүн тороп көшөрөт, деңиз болбой жерди омуроолоп сүрдүгөт.
Деңиз күркүрөп келип, аска ташка соктугат да, алсырап кайра тартат. Ага чыдап араң турган таштай бекем кара жер өпкө кагып онтоп алат, бирок солк этип козголбойт.
Бул айыгыш күн күндүз болуп туулуп, түн түнкүсү болуп жаралган дүйнөнүн башталышы жок башынан келаткан кармаш. Бу кармаш түбү жок мезгилдин ичинде жер жер бойдон, суу суу бойдон боло бергичекти күнү-түнү боло берчү басылгыс кармаш.  Күндүзү күн, түнү түн түбү тешик дүйнөнүн түбүнө чейин жүрө берер кармаш…
Ошентип дагы бир түн уюп турду. Деңизге чыгар алдындагы түн. Бу түнү бала уктай албады. Өмүрүндө алгач ирет уктабады, өмүрүндө алгач ирет баладан уйку качты. Эртерээк күн чыгып күндүз болуп, эртерээк деңизге бой урар учурду эңседи. Нерпа талпакта жатып, ал тыякта деңиз улам соккон сайын жер калч этип, булуңда жалдуу толкундар күркүрөп-шаркырап жатканын сезип-туюп жатты. Түнкү кармашка кулак түргөн бала ушинетип уйку көрбөдү…
Илгерки бир замандарда мунун баары башкача болгон имиш. Ошондо Лувр өрдөк болбосо азыркыдай жер менен суу алпурушпай дүйнө башкача жаралып калмагы бу кезде эч кимдин капарына кирип чыкпайт. Андай болгондо кара жер менен суу минтип өчөгүшпөй калмак окшойт. Ошол башталыштын башында, туулуштун астында табыят деген дайынсыз нерсе жаралып, анын ичиндеги жер түгүл көзгө сүртөр чаң-тозону болбоптур. Төрт тарабы толкуган жалаң суу жаралыптыр алгач. Айлампа терең иримден өзүнөн өзү оргуштап кайнап чыгып, толкугандан толкуп, толкунун толкун кубалап, аягы жок, башы жок, чети менен чеги жок дүйнөгө жайылып кете бериптир.

Ошондо азыр бүгүн да үстүбүздөн каркылдап учуп калчу кадимки өрдөктүн умай энеси Лувр өрдөк тукум тубар маалы кыстап, уя салар алакандай кургак жер издеп, дүйнөнүн үстүндө жападан жалгыз учуп калган экен. Дүйнөнүн өйүзү жок аркы чеги, бүйүзү жок бул жээгинен уя салар бир тал чөп таппай айласы кетет. Толгоосу күчөп, байкуш Лувр каркылдап учуп жүрөт, тукум улантар жумурткасын деңиздин түбү жок туңгуюк айлампасына түшүрүп жиберемби деп
жан далбастайт. Кайда учуп барбасын, чар тарабы толкуган чексиз суу, кыйыры жок, жээги жок Улуу Суу. Бу жарык дүйнөдө такат алып, уя салар алакандай кургак табылбасына көзү жетип, күдөрү үзүлүп, Лувр өрдөктүн заманасы куурулат.

Айласы түгөнгөн Лувр акырында сууга конуп, саңоор жүнүнөн үзүп, толкун үстүнө уя салган экен. Анан ошол калкыган уядан жер пайда боло баштайт. Аз-аздап жер чоңоё берет, жер бетине аз-аздап ар түркүн жан-жаныбар макулук жарала берет. Бардык макулуктан адам баласы артыкча чыгыптыр, кар бетинде чаңги тээп, суу бетинде кайык айдап, өнөрү өсүптүр, аң уулап, балык кармап, ошону менен күн көрүп, укум-тукумун уланта бериптир.

Жалаң суудан турган дүйнөнүн көкүрөгүнө кургак жер түйүлүп, ал чоңоё берген сайын кыйын кезең заман болорун анда Лувр өрдөк кайдан билиптир. Ошентип жер жаралгандан бери деңиздин тынчы кетти. Ошондон бери деңиз жер менен алпурушуп, жер деңиз менен алпурушуп келет. Эки ортодо адамга кыйын болду. Адам жерге боор басып калганын билген деңиз аны көрөйүн деген көзү жок…

Таң атар маал таяп келди. Дагы бир түн карып, дагы бир күн жаралып келатты. Шоолаланган ала күүгүмдө таноосунан буу бурулдаган бугунун шалпык эрдине окшоп, көбүк бүркүп күрпүлдөгөн жээк көрүнө баштады. Деңиздин энтиккен деми сезилди. Деңиз менен жер тийишкен узак жээк туташ оргуштап кайнап, жер менен деңиз тийишкен узак жээк үстүндө муздаган буу туман болуп уюп, туман асты күркүрөп-шаркырап жатты.

Деңиз көшөргөнүн койбой, толкун артынан толкун кубалап, тоңголок кумдуу жээкти жаба берет, кара күрөң былжыр таштарга шабыраган көбүк жабышат. Күчү тайып, алсырай түшкөндө толкундар деңиз түбүнөн жулуп чыккан суу чөптөрдүн каңырсык жытын, быжырап өчүп кумга сиңип жаткан көбүгүн таштап, кайра артына жылбыша тартылат. Кээде толкундар муз сыныктарын жээкке көмөлөтө түртүп чыгарат. Океандын жазгы жүрүшү менен сүрүлүп келген муздар болуу керек, толкундардан ажырап жээкте калганда алар өжөр деңиздин каткан үзүктөрү сыяктанып ар-ар жерде жатып калат. Бирок кийинки келген толкундар аларды кайра өзүнүн буркан-шаркан түшкөн дүйнөсүнө сүдүрөтө кууп жөнөйт.

Түн тарап, таң агарды. Жарык шоола жайылып, теребел айкындала берди. Жер сүрөтү таанылып, деңиздин кыяпаты ачылды. Түнкү шамалдан тынчы кеткен толкундар буурул жаалданып дале болсо жээкке жулкунганы менен көз учундагы деңиз ирими жоош тартып, эриген коргошундай сур жылтылдап, жылбырскаланып уюп баратты. Булуттар деңиз бетинен тарап, жээкти кыркалаган дөбөлөрдү карай сүрүлдү.

Ушул тушта Ала-Дөбөт булуңунун колтугунда деңизди омуроолой жиреп кирип турган аска бар. Алыстан караган көзгө чын эле деңиз жакалай жорткон ала дөбөткө окшоп кетет. Боорунда иттин кеч түшкөн даакысындай ала-чокул өскөн бадалы бар, жайкы чилдеге чейин кетпей жатчу мөңгүсү шалпаң кулак өңдөнүп төбөсүнөн бир жаагы ылдый салаңдап турат. Тескейиндеги жука чабында агарган кар да көпкө эрибей жатат. Ошондон улам аталып калган Ала-Дөбөт аскасы деңизден болсун, токойдон болсун алдагайдан көрүнөт.

Күн эки бакан бою көтөрүлгөндө ушул Ала-Дөбөт булуңунан нивхи кайыгы (өздөрү каяк дешет) деңизге чыкты. Кайыкта үч эркек аңчы, бир бала баратат. Алибеттүү, жашыраак эки мергенчи төрт калактап суу шилеп кайык айдоодо. Баарынан улуусу – жүзүн, айрыкча тамагын кат-кат бырыш баскан, кокосу уркуюп, тарашадай каткан арык, кара сур абышка жыгач канжасын сөөлөт күтө буркуратып, кайыктын соорусунда эки калакчыга багыт көрсөтүп отурат. Картаң талдын кабыгындай туурук колдору шадылуу, муундары буржуюп, манжалары опсуз тарбаят. Сакал-чачы буурул, куудай ак десе да болор. Кара сур бетинен асыресе куудай каштары көзгө урунат.

Абышка канталаган кызыл жээк көздөрүн адатынча жүлжүйтүп, суу айдыңын тиктеп барат. Күн нуру чагылышкан деңиз бетин өмүр бою тиктеп келгенге көзү карыккан неме азыр бет алды багытын көрбөй эле кайык башкарып бараткансыйт. Туйлап жиберүүгө ичи бышып, бирок чоң кишилерден тарткынчыктап, улам аларды кылыя карап коюп, айрыкча тиги түнөргөн чалдын ачуусунан коркуп, он бир-он эки жаштардагы кара көз бала чулдуктун балапанындай болуп кайыктын тумшугунда конуп отурат.

Баланын өпкөсү көөп алган. Ал ансайын таноолору дердеңдеп, бетиндеги ууру сепкилдери таруудай жайнап чыга келет. Мунусу – апасын тартканы, ал да аябай кубанганда бетине ушинтип жашыруун сепкилдери чыга калат.

Баланын кубанар жөнү бар эле. Бу жолку ууга чыгыш да аны аңчылыкка оозандырышка болгон атайы тушоо кести сапар. Ошол үчүн Кириск чулдуктун балапанынан бетер эки жагын элеңдей карап, көргөнүнө көзү тойбой кызыгы артып, чыдамы чыйпылыктап келатат. Ал өмүрүндө алгач жолу нагыз мергенчилер менен чоң деңизге чыгышы, ата кайыгына алгач түшүп, чыныгы ууга жөнөшү.

Ордунан тура калып калакчыларды шаштыргысы келет же болбосо калакты өзү ала коюп, бар күчүн салып суу шилеп, аң уулоочу аралдарга тезирээк жетип, чыныгы мергенчиликти салгысы келет. Бирок бул балалыгын чоңдор күлкүгө алышы мүмкүн. Аны ойлоп, Кириск ич толкунун билдирбеске тырышып келатат. Ага болбой кара тору өңү албырып, ич толкуну билинип калып жатты. Баарынан да көзү жайнайт, тула боюн кубаныч менен мактаныч бийлеп алганын жашыра албаган баланын бакыт чалкыган нурдуу тунук көздөрү жалтылдайт. Алдыда чоң деңиз, алдыда чоң уу жатканына кантип толкундабасын!

Орган чал баланын көңүл күйүн билип отурат. Жүлжүйгөн көздөрү деңиз жолунун багытын дааналап баратканына кошо ордунда ойдолоктогон баланын өрөпкүүсүн да байкоодо. Аны көрүп: «Алда кайран балалык!» – деп көздөрү күлүңдөйт, бирок ууртуна кирген жылмаюусун басып, шимирилген жаактарын ого бетер шимирилте, кемшийген эрдиндеги чала күйгөн канжасын үстөкө-босток сорот.

Баланын кылыгына ичи жылып, жылмайганын билдирүү болбойт. Анткени бала бүгүн алар менен ойноп бараткан жери жок. Ушуну менен бала деңиз мергенчисинин өмүр жолун баштамак. Деңизде башталган өмүр акыры бир күнү деңизде бүтмөк. Деңиз аңчысынын тагдыры ушундай. Деңиз аңчылыгынан оор, андан кыйын, коркунучтуу кесип жок бу дүйнөдө. Ошондуктан бала күнүнөн машыкканы абзел. «Акыл – теңирден, өнөр жашыңан» – деп мурункулар бекер айтпаган. «Жаман мерген – ашка жүк, башка жүк». Ана, ошол үчүн эл камын жечү эр болгуң келсе өнөр сырына жаш күнүңөн машык.

Мына, Кирискенин да кезеги келди, көзү каныксын, колу үйрөнсүн, деңизге кынык алсын. Бул максатты баары биле турган. Ала-Дөбөттүн боорун жай кылган Айым-Балыкты атпай журту бүт биле турган. Бүгүнкү деңиз жортуулу болочок аңчы Кирискеге арналганына карысы да, жашы да – баары кабардар. Эзелтен келе жаткан эреже бар: эркек болуп туулдуңбу, бала чагыңан деңизге боор бас, деңизди урматтай бил, деңиз сага үйүр алсын, бооруна тартсын. Ана ошол үчүн бир уруу журттун аксакалы Орган карыя баш болуп, сыналган эки мергенчи – бири баланын атасы Эмрайин, экинчиси Мылгун акеси коштоп кичүүлөр алдындагы улуулардын парзын аткарыш үчүн, бу жолу Кирискенин алдындагы парзды аткарыш үчүн чоң деңизге сапар тартып чыгышкан учуру. Кириск болсо ушу бүгүнтөн баштап, жашы жетип күнү бүткөнгө чейин, өмүр бою жолу болгон-болбогон күндөрдө да деңиз менен тагдырлаш болмокчу.

Мейли, Кириск али оозунан эне сүтү кете элек, балтыр эти ката элек, балапан жүнү бата элек бала дейли. Бирок ким билет, бу бараткан эр-азамат мергендер эртең карылыгы жетип, балдардын колун караган чал болуп, тизеси ээгине жетип эшик алдында отуруп калганда дал ушул Кириск багар, бүтүндөй уруунун ишеничи-таянычы болгон аңчы болуп чыгар. Анысы жөн, ошондой болмогу ырас, атадан балага, укумдан-тукумга ооп келаткан салт ошол. Тиричилик ошонусу менен тиричилик. Бирок бу жагдайды жарыя айткан эч ким жок. Ар кимдин ичинде жаткан купуя сыр ошол, айтылса да сейрек айтылат. Ошол үчүн Ала Дөбөттүн жакасын жайлаган Айым-Балыктын журту Кирискенин алгач деңизге сапар тартып баратканын анча таназар албагандай болду. Тескерисинче, агайын-туугандары баланын чоңдорду ээрчип ууга чыкканын байкамаксанга алды, бул окуяга көп деле маани бербегендей көрүндү.

Узатып чыккан жалгыз апасы болду. Ал дагы деңиз сапары тууралуу лам деп ооз ачкан жок, булуңга жетпей коштошту. Атайылап үн катып, уулуна: «Бара гой, токойго бара гой!» – деди, деңиз жакты карабай, тоо боорундагы токойду карап туруп айтты. «Байка, отунуң кургак болсун, өзүң адашып кетпе!» Ал анткени Кинр деген жин-перилердей Кирискенин изин адаштырып, баласын ар кандай азыткы-жиндерден коргогону эле. Баланын атасы, өзүнүн эрин да оозго албады. Кулагы сак, куу жиндер тиги Эмрайин бу баланын атасы эместей, Кириск болсо өз атасын ээрчибей, чоочун кишилер менен бараткандай туюнсун деп, сыр бербеди. Эмрайин менен Кириск ата-бала экенин кинрлер туюп калбасын деген амалы эле мунусу. Ата-бала аңга бир чыкканын кинр жиндер жек көрөт. Туюп калышса, ата менен баланын бирин мерт кылып, бирин эрк менен күчтөн ажыратат, эми кайра деңизге же токойго бет албаска касам ичкидей көңүлүн калтырат. Адам баласына кесепет көздөгөн арам ойлуу, суук көздүү кинр жиндер ошентип адамдын караанын издеп, изин кууп жүргөнү жүргөн.

Кириск өзү кинрлерден корккон түрү жок, эсейип калбадыбы. Эне байкуш коркот, балам деп коркот. Сен али кичинекейсиң дейт. Сени алдап, арбап, мерт кылып коюш оңой дейт. Анысы да туура! Жин-перилердин балага кылбаган балаасы барбы: тумоо жаябы, оору жугузабы, аңчы чыкпай кем болсун деп мунжу кылып салабы ай! Мунжу-кемдин кереги кимге! Ошондуктан жаш бала эресеге жеткенче жин-периден сак-сактап турганы оң. А балакатка жетип, өз башына өзү ээ азамат болуп чыкканда жин-шайтаның коркунуч эмес. Эр кишиден алар өздөрү сестенет.

Эне менен бала ушундайча коштошту. Корккон кообун да, жалыныч тилегин да, үмүтүн да ичине катып, үн-сөзсүз бир азга турду да, бурулуп кете берди эне. Атаны оозго албады, деңизге бир кылчайып карабады. Ата менен бала каякка жөнөп бараткандарын эне билбеген шекилдүү кетти. А чынында кече күнү эле ата-балага үч күндүк жол азык камдап берген өзү. Азыр баласын ойлоп корккон эне эчтеме билбеген калыпта. Бала дегенде чымын жаны чыркыраган эне жинперилерге сыр билдирбей тек ичтен тынып кете берди.

Булуңга жетпей эне кетти, уулу болсо жин-перилерди адаштырган болуп бадал аралай ийри-буйру чуркап, узап кеткен чоңдордун артынан жөнөдү. Апасы ошентип айткан, буйтап бас деген, апасынын  айтканын эки кылгысы келбеди бала. Чоңдорго бат эле жете барды. Каруу-жарак, азык-түлүк артынган немелер шашпай баратышкан. Эң алдыда Орган карыя, анын артынан кыжырлуу, эңгезердей кара сакал Эмрайин, үчүнчү болуп майпаң аяк, чулу дене, быжыгыр Мылгун баратат. Үчөөнүн тең кийгени ийленген тери менен булгаарыдан тигилген, көп кийилип оңгон, суу өтпөс жылуу кийим. Аларга караганда Кирискенин кийгени асем. Апасы бар өнөрүн салып, уулунун деңиз кийимин көптөн бери камдап жүргөн. Үстүндөгү кийими да, бутундагы торбаса өтүгү да кыюу кармалып, кооз. Деңизге чыкканда мынчалык кооздуктун кереги эмне. Бирок эне деген эне да!

– Ой, сенсиңби? Биз сени апасын айланчыктап калып калды го дедик эле, – деп таң калымыш болду Мылгун тамашалап. – Апасы жетелеп кайра алып кеттиби десек…

Кириск жаңы эле жанашкан. Ызасына муунуп кете жаздады:

– Кантип үйгө? Өлсөм да кайтпайм! Мени эмне… – деди туталанып.

– Кантет, тамашаны билбейсиңби, – деп Мылгун кайра жайкады.

– Сен мунуңду кой. Деңизде бири-бирибиз менен сүйлөшпөсөк, ким менен сүйлөшөбүз. Ме, андан көрө ала жүр, – деп винчестер мылтыгын берди. Бул ыкласка бала ыраазы болуп, жагжаңдай басты.

Эми жүктөрүн жүктөп, сүзүп жөнөө калды.

Алар деңизге ушундайча чыгышты. Агерим жолу болуп, уудан олжолуу кайтышса, андагыны көрүп ал, башкача болот. Анда акжолтой аңчы баланын жолуна той түшүп, маараке уюшулат. Бала мергендин урматына майрам болот, түптүз тереңинде. Туулуп-өсүп, алдуу-күчтүү, эр жүрөк мергенчилердин энчисине көбөйүп жаткан балыгы менен аңы бай деңиздин жоомарттыгына арналып ыр ырдалат, бий бийленет. Жер бетине тукум таратып кеткен Умай эне Айым Балыктын урматына ыр ырдалат. Ошондо журт акылманы бакшышаман ортого чыгып, четин сабо сабалаган добулбастын күрсө-тарс дабышына кошулуп, жаңы мерген, жаш мерген Кирискенин жайы тууралуу Жер менен, Суу менен баян ырын баштайт. Ооба, аңчы бала тууралуу бакшы Жер-Сууга тайынып, Жер менен Суудан балага ар дайым ырайымдуу болушун суранат, баладан улуу мерген чыккан экен, Жерде да, Сууда да дамамат жолу болгой экен, олжологон аңын кары менен жашка тең бөлүшкөн адилет аңчы болгой эле деп тиленет.

Акылга дыйкан бакшы анан дагы Кириск көп балалуу болсо экен, балдары өлбөй-житпей улуу баян Айым-Балыктын тукумуна тукум кошуп, өркөнүн өстүрсө экен деп тиленет.

Кайда сүзүп жүрөсүң, Айым-Балык?
Сенин ысык курсагыңда биз жаралып,
Сенин ысык курсагыңан биз тарадык.
Сенин ысык курсагың жан бейиши,
Кайда сүзүп жүрөсүң, Айым-Балык?
Нерпа тумшук ак мамагын сагындык биз,
Ак мамагың сүтүнө тайындык биз.
Кайда сүзүп жүрөсүң, Айым-Балык.
Издеп сени эр барат, бир күн жетер,
Жээктеги тукумуң көбөйсүн – деп,
Курсагыңа уругун сээп өтөр…
Кайда сүзүп жүрөсүң, Айым-Балык?
Мерген тоскон майрамда ырлуу-бийлүү шаң ичинде ушундай ыр ырдалат. Ошол майрамда Кирискеге арналып дагы бир ырым жасалмак. Кызуу бийлеп жүргөн бакшы Кирискенин аңчылык тагдырын асмандагы жылдыздардын бирине тапшырат. Ар бир мергендин сактаган тумар жылдызы болот. Кирискенин тагдыры кайсы  жылдызга аманат тапшырылганын башка жан билбеш керек. Аны бакшы менен асмандагы жылдыз гана билет. Башка жан баласы билбейт.

Асманда эмне көп, жылдыз көп эмеспи… Андай майрамда журттун баарынан катуу кубанган, баарынан көп бийлеп, көп ырдаган арийне апасы менен карындашы болор. Эмрайин болсо ошол майрамда Кирискенин атасы экени жамы журтка жарыя айтылат. Арийне Эмрайин да кубанычы койнуна, сыймыгы ичине батпай калат эмеспи. Азырынча атасы делинбейт. Деңиз бетинде ата да жок, бала да жок, баары тең, баары улууга баш иет. Көсөм карыя эмне десе, ошо болот. Атасы баланын ишине кийлигишпейт. Баласы атасына арызданмай жок. Салт ушундай.

Ошол тойдо дагы катуу кубанаар бир кыз бар, ал – Музлук. Кириске бала күнүндө Музлук менен көп ойночу эле. Эми анда-санда гана ойношчу болду. Мындан ары оюн такыр тыйылар: мергенге оюн кайда.

* * *

Толкундарды жирей тилип, кайык элпек баратты. Ала-Дөбөт булуңу алдагачан артта калды, Узун тумшукту кайып өтүштү. Деңиз айдыңында алиги булуңдагыдай толкун жок экен. Көлбүп коюп жатыптыр чалкар деңиз. Мындайда кайыктын жүрүшү жеңил.

Байтеректен туюк чабылган кайык уюган деңиз бетинде сүмбөдөй сүзүп баратты. Каршы келген толкунга да, капталдан келген толкунга да чайпалбай орнотуу, бурган жакка жеңил, баш билги.

Өчүп калган канжасын соруп коюп, Орган карыя кайыктын белдүү жүрүшүнө шүйшүнүп, муздак сууга белчесинен бата жирей сүзүп бараткан кайык эмес, өзү сыяктанып, ошого ыракаттанып отуру.

Кулакчында кыйчылдаган калактары бир калыпта шилтенип, айдың деңиз бетинде өзү сүзүп бараткандай; бет келген толкундарды кайыктын төшү эмес, өз төшү менен жара тилип, толкунга кошо саал чайпалып, өзү сүзүп бараткандай сезимде. Кайык менен сиңишип бир болуп кеткендей бул сезимден улам оюна сызылып ар кандай ойлор келе берди. Өзү чаап, өзү сомдогон бу кайыгына ыраазы. Байтеректи айыл эли жабылып кулатышты. Антпесе бирөө эмес, төрт-беш азаматтын күчү жетпегидей. Калганын Орган өзү бүтүрдү. Үч жай бою кургатты, өз колу менен жонду. Кайыгы өмүрлүк болоруна ошондо эле көзү жетти. Аны көрүп, өмүр-жашын чамалап, ушул кайык акыркысы болобу деген ойго кайра кейиди. Дагы жашай түшсө эмине. Уудан калбай деңиз кезип дагы нечен чыкса, каруусунан күч, көзүнөн нур кете электе дагы эки-үч кайык чаап кетсе кана!..

Ошону ойлоп отуруп, кыялында кайык менен сырдашты: «Сен жарайсың, сага ишенем, бир боорум, – деп баратты кайыгына. – Деңиз тилин билесиң, толкун мүнөзүн билесиң, кудурет-күчүң ушунда. Мен чапкан кайыктардын ичинен мыктысы сенсиң. Узун-туураң келишкен, канча нерпа жүктөсөң да көтөрүп кете аласың. Баарынан да акжолтойсуң кайыгым. Ошол үчүн кымбатсың мага. Көп олжону үйгө жүктөп кайра кайтканда кырыңа чейин сууга матырылып, кээде толкун кыр аша жаба берип, кайкалап сүзүп келатканыңа куштарбыз биз. Ошондо эл жээкке жапырыла жүгүрүп, сени каршы алат, боорум кайык!

Мен өлсөм сен кал, олжосу көп алыскы жайларга сүз. Мен өлсөм, тепсе темир үзөр жаш мергендерди ээ кылып, деңиз кезип сүзө бер. Мен өлгөндө, тирүүмдө гана кандай кызмат кылсаң, жаштарга да ошондой кызмат кылгын, бир боорум. Анан дагы айтарым, боорум, тиги тумшугуңда ойдолоктоп отурган баланын эр жетишин күт. Суу болбой катуу жер болсо өзү чуркап, ууга өзү эле барып келчүдөй болуп чыдамы кетип отурганын көрдүңбү? Мына ушу бала чоңоюп, сага минип, алыс-жакын деңиз чалар кезди күт, кайыгым. Бүгүн бала биз менен алгач аңга чыкты. Ошонусу жөн. Машыга берсин. Биз өтөрбүз бу жалгандан, эртеңдин ээси ушулар. Эмрайин атасын тартса жакшы адам болор. Куру-көңдөй болбос. Азыркы бир катардын ичинде мыкты мерген Эмрайин. Москоол, өзү иш билги. Кезинде мен ушундай болчумун. Толуп турган чагым. Кыз-келиндер айланчыктап жаныман чыкчу эмес эле. Мен болсом, өмүр ошо калыбында тура берет деп жүрүпмүн. Баары күнүмдүк экенин кечигип, кийин билет турбайсыңбы. Жаш чагында антип ким ойлосун. Мобу Эмрайин менен Мылгун экөө деле азыр аны ойлогон жери жок. Мейли. Ойлоор кези алдыда.

Экөөнүн тең калак шилеши мыкты. Мылгун да Эмрайинге шай келет. Эгиз кара күчү бар, экөө тең ишенимдүү жигиттер. Кайыктын калкып ойноп сүзүп баратканын карабайсыңбы. Бирок бул бир караганда. Кургак жерде эки буттун күчүнө сыйынасың, деңизде эки колдун күчүнө сыйынасың. Али жол узак, шилей берүү, шилей берүү. Бүгүн Үч-Эмчектин үчүнчүсүнө жетип таянганча сүзөбүз. Каш карайганда жетсек болгону. Эртең керели-кечке кайра сүзмөй. Таң аткандан кеч киргичекти калак шилемей. Мен да карап отурбай, кезектеше улам бирин эс алдырып турармын. Бирок мүлдө деңизди сапырып чыгуу оңой бекен. Иши кылып олжолуу кайтсак болгону, той кылабыз. Туюп баратасыңбы, түшүнүп баратасыңбы, бир боор кайыгым? Сен бизди Үч-Эмчекке жеткиресиң. Аңдын берекеси ошерде. Ошерге баратабыз. Үч-Эмчектин боорунда нерпалардын жатагы бар. Жакында тууту башталат, ошого нерпалар азыр отор-отор болуп топтолуп жаткан кези.

Айтканымды тыңдап, туюп баратасыңбы, кайыгым? Сен туюнасың дечи. Сен али деңиз бетин көрө элегиңде, байтеректин курсагында жатканыңда эле сүйлөшө баштабадым беле. Мен сени байтеректин курсагынан сууруп алдым, мына эми экөөбүз деңиз жалдап барабыз. Эмесе, мен бу дүйнөдөн өткөндө сен унутпай жүргүн. Деңизге чыккан күндөрүңдө мени эстей жүр…»

Жээкте калган баш белги Ала-Дөбөт чокусун көздөн учурбай кайыкты ачык деңизге түз багыттап бара жатып, Орган карыя ушундай ойго кетти. Ошо жээктеги ала чокунун ажайып сыры бар. Аны деңизге чыккандардын баары айтат. Күн ачыкта деңизчилер улам жакадан узаган сайын ала чоку бараанданып, асман чапчый берет. Жолоочудан калгысы келбей ээрчип алган Ала дөбөт өңдөнүп көрүнөт. Кайсы туштан караба, Ала-Дөбөт көрүнүп турат. Көпкө ошентип көрүнүп турат да, анан бир маалда суу бетинде сай бар сымал, жолоочулар сайга түшүп кеткен сымал Ала дөбөт көздөн кайым болот. Анда мергенчилер айтат: Ала дөбөт үйгө кайтты, жер алыс калды дешет…

Ана ошондо Ала-Дөбөт кай тушта калганын, жел кай тараптан жүрүп турганын, күн ала чокунун кайсы тушунда турганын, кайсы маал экенин, каалгыган булуттардын чамасын байкап кал, эске тутуп кал. Аралга жетер-жеткенче Ала-Дөбөт калган тарапты унутпа. Деңиз чалкарында адашып кетпейин десең ошент. Кайыкчылар күнчүлүк жолу бар аралдарга бет алып барат.Чексиз суунун бетинен кылтыйып чыгып турган үч эмчектей үч аска бар, эли-журту жок үч арал. Үч-Эмчек деп ошону айтат. Чоң, Орто, Кичи аралдар. Деңиз ошо аралдар менен бүтөт да, андан ары дайыны жок, чеги жок Улуу Мухит-Океан ааламы башталат, Дүнүйө жаралгандан бери, Лувр өрдөк жумуртка салар карайткы, алакандай кургак жер издеп таба албай айласы кеткен күндөн бери жайкалып, өзүнөн өзү туулуп, өзүнөн өзү толуп жаткан Мухит дүйнөсү ошол. Деңиз менен Мухиттин чеги болгон алиги аралдарды жаз маалында нерпалар жатак кылат. Бу мергенчилер ошону көздөп, ошону багыт алып баратканы…

Бала айран-таң. Деңиз ал ойлогондон такыр башкача болуп чыкты.Ала-Дөбөттүн борчук таштуу боорунда ойноп жүрүп көз салганда да, же булуңда кайык айдап сүзгөндө да деңиз мындай деп элестете алган эмес. Кайык булуңдан чыгып, ачыкка бет алганда бала деңиздин эмне экенин сезгендей болду. Асман менен туташып, көз да, санаа да жеткисиз, кыйырсыз ааламды каптап, бүт ааламдын уюткусу болуп жаткан суунун баары деңиз экенин аңдаганда баланын эси чыга жаздады.

Бала эсин жыя элек. Ушундай болобу деп кайдан ойлоптур. Айлана тек жалаң суу, коргошундай оор көлкүгөн, сымаптай төгүлгөн, түнөргөн сүрдүү жалаң суу, толкуну жондонуп заматта туулуп, заматта жапырылып кайра өлгөн айлана тек жалаң суу.Терең ит үпсүз караңгы, тегерегиң кыйырсыз, төбөдө көз жетип, кол жетпеген, үзүк-үзүк булуттар бар көк асман, айланаң тек жалаң суу. Башка көз токтотор нокот жок. Кышда жок, жай да жок, тоо да жок, сай да жок.

Дүйнөнүн бу четинен тиги четин бүт каптап жаткан суу. Толкундарды улам сүзө тилип, кайык калыбында баратат. Алдыда аң уулоо маалын ашыга күткөн баланын да ажары ачык, көңүлү жаркын. Бирок жанагыдай апкаарыбай калды, эс-дартынын баары ууга жетер чакта болуп, суу менен суу үстүндөгү көрүнүштөр кезге илинсе да, көңүлүнө жукпай, көнгөн майрам шаңындай жаркылдап өтүп жатты. Болбосо бала күн нурунун суу бетинде түркүн түстө чагылышып ойногонун, күн тийген капталы көк-жашылданып жылтылдап, арт жагы тунук көк тартып тунжурап, тескей капталы түнөрүп сүрү сестентерин көрүп жүрөгү башкача какмак. Капилеттен кайыкка туш келген бир кызык балыктарды көрүп кубанмак. Бир маалда бүкүр балыктардын калың тобу кайыкка каршы келип, бытырай качкандын ордуна баёо немелер кайра тобу менен жандай сүзүп, суудан секирип чыгып, абага көз ирмемге илине калып, кайра сууга чалкасынан түшүп жатышкандарына каткыра күлмөк.

Мунун баарын көрүп баратты, бирок көңүлү анчалык бурулбады. Эси-дарты аңдуу аралдарга эртерээк жетүүдө. Эртерээк ууга кирүү. Анткен менен аздан соң баланын көңүлү өзүнөн өзү бузулду, сыртынан билинбесе да ичтен сызды. Жерден улам узаган сайын, айрыкча түнөрө дүңкүйгөн суу жонунун далдасында Ала-Дөбөт көрүнбөй калгандан тартып тилсиз түнөргөн суунун суук коркунучу акырындап дене-боюн ээлей берди. Бу бейтааныш, тилсиз улуу дүйнөнүн алдында ал кыпындан кичинекей экенин, эч аргасыз көз каранды экенин сезип калтаарыды.

Бала мурда мындай коопту сезген эмес эле. Бейкапар боорунда ойноп, кээде чокусуна чыгып алып, алдында көлбүп жаткан коркунучсуз деңизге суктана карап турчу Ала-Дөбөтү мынчалык жанына жакын, ынак экенин билген эмес. Өз ордунда Ала-Дөбөт канчалык алп да, боорукер да экенин, бузулбас, козголбос экенин Кириск эми түшүндү.

Жер менен деңиздин айырмасын бала эми билди. Жерде жүрүп жердин баркын ойлобойсуң, билбейсиң. Мына эми деңизде баратып эмнени ойлобо, баары бир көкөйүңдө деңиз турат. Бу жаңылык баланы чочулатты. Деңиз өзүнө дене-боюңду, бүт оюңду багынтып алганында кандайдыр бир түпөйүл сыр, өкүмчүл сыр жаткансыды…

Чоңдорду карасаң, бейкапар, токтоо. Эмрайин менен Мылгун баштагысындай эле бирдей кыймылдап, бир адамдай бир калыпта калак шилеп келатышат. Төрт калак бир маалда суу шилеп, кайык калыбынча жыбылжып барат. Бирок ошо жыбылжытышка эки кишинин канча күчү керек. Калакчылар балага далысын салып отурганы менен жондору дүгдүйө күржүңдөп келатканын көрүп отурат бала. Эки калакчы анда-санда гана үн катышпаса, унчугушпайт. Атасы гана кээде кылчая калып, «Кандайсың?» дегендей мурут астынан жылмайып коёт.

Ошентип сүзө беришти. Чоңдор сабырлуу, токтоо. Орган карыя болсо деги эле кабагым-кашым дээр эмес, канжасын дембе-дем соруп коюп, кайыктын багытын башкарып келет. Ар ким өз ою менен алек. Ырас, бир-эки жолу Кириск да же Мылгундун, же атасынын жанына отура калып, калак шилеп жардамдашты. Калакчылар бир калагын берип коёт. Үйрөнсүн дешкени го. Кириск эки колдоп бир калакты тырыша шилегени менен кайык оор, калак чоң болуп, көпкө чыдабады. Бирок эч ким аны күнөөлөбөдү, эсиркебеди, унчугушпай өз аракетинде болушту.

Ала-Дөбөттүн карааны өчкөндө гана баары тең кобурашып калышты.

– Ала-Дөбөт үйгө кайтты! – деди атасы.

– Кайткан экен, – деди Мылгун.

– Ошенттиби? Кайткан экен го, – деди Орган карыя кылчайып.

– Андай болсо жолубуз болор. – Анан баланы тамашалады. – Эй, Кириск, балким, чакырсаң жетип келер дейм?

Баары күлүп калды. Кириск да күлдү. Анан ойлоно калып, олуттуу сүйлөдү:

– Андай болсо кайра кайталык, Ала-Дөбөт тосуп чыгар.

– Мунун тез кайткычылын! – деп күлмүңдөдү Орган. – Андан көрө бери менин жаныма кел, бекер отурбайлы. Деңизди карай берип көзүң деле талыган чыгар. Бу жарыктыкты карап түгөтө албайсың.

Кириск ордунан туруп кайыктын сорусуна жөнөдү. Кайыктын түбүндө бугу терисине оролгон эки винчестер, гарпун, чоң ороо аркан, ичер суу куюлган кол бочке, күлазык салынган капчык, дагы дагы бирдемелер жаткан. Кириск кайык боорлоп, ошолордон аттап өтүп баратып, атасынын терлүү моюнунан чыккан ачуу тер менен тамекинин жытын сезди. Атасы деңизге кеткен кездерде апасы эски тонун алып, бетине басып жыттап отурар эле. Ошондо тондон дал азыркыдай жыт буркурап турар эле.

Жанынан өтүп баратканда атасы баласына ээк кагып, ыйыгы менен боорго акырын түртүп калды. Эки колу калактардан бош эмес. Бирок Кириск атасынын олдоксон эркелеткенине эреркей койгон жок. Элжиреп кеткичилин! Деңизде ата-бала жок. Баары тең. Деңизде улуу гана бар, көсөм гана бар. Андан ыктыярсыз былк этүүгө эч кимдин акысы жок.

– Кел, жайгашып отур, – Орган орун көрсөтүп, шадылуу, туурук колун баланын ийинине акырын койду. – Кичине калтаарып калгансыңбы дейм, ыя? Чыкканда бекем эле көрүнгөндөй болдуң эле, бара-бара…

Орган чал баарын байкап отурган экен, – деп Кириск уяла түштү. Бирок бой бербеди:

– Жок, аткычх1, эч корккон жокмун! Эмнеден коркмок элем?

– Деңизге биринчи жолу чыксаң… дейм да.

– Биринчи жолу болсо эмне экен, – деп Кириск моюн бербеди. – Мен эчтекеден коркпоймун.

– Аның дурус. Мен илгери алгач деңизге чыкканымда, чынымды айтайын, аябай коркком. Карасам, жээк көрүнбөйт, Ала-Дөбөт алдагачан үйүнө кетип калыптыр. Тегерегим жалаң толкун. Үйгө кетким келди. Же тиги Эмрайин менен Мылгундан деле сурачы, булар коркту бекен, жок бекен?

Тигил экөө «ырас, ырас» дегендей баштарын ийкеп, калактарын жүткүнө шилеп, ырсая күлүмсүрөштү.

– Мен корккон жокмун! – деп Кириск да көшөрдү.

– Анда азамат экенсиң! – деп карыя анын көңүлүн жоошутту. – Эмесе муну айтчы, Ала-Дөбөт кай жагыбызда калды?

Күтүлбөгөн суроого Кириск ойлоно калды да, колун сунду:

– Мобу жакта!

– Туурабы? Негедир колуң калтырайт да?

Бала колунун калтырагын басууга тырышып, жанагысынан саал оңго тарта көрсөттү:

– Мобу жакта!

– Эми таптың! – деп колдоду Орган. – Айталык, кайыктын тумшугу быякка бурулса, анда Ала-Дөбөт кай тарапта калат?

– Быякта!

– А эгер шамал бизди быякка бурсачы?

– Анда тыякта калат!

– А эгер солго карай сүзсөк?

– Анда быякта болот!

– Дурус, дурус. Аңланада кез токтотор белги жок, бүт эле суу. Ала-Дөбөттүн тарабын сен кантип таап аласың? Ушуну айтчы? – деп Орган кары такый берди.

– Менин дагы бөлөк көзүм бар,– деди Кириск.

– Кайсы көзүңү айтасың?

– Билбейм, ичимде болсо керек. Көрбөй туруп эле көрө берет.

– Ичиңдеби? – Баары күлүп калды.

– Мунусу туура,– деди Орган.– Ошондой көз болот. Бирок ал көз ичте эмес, башта болот.

– Менин көзүм ичимде,– деп болбоду Кириск.

Бирок андай көз башта болорун ичинен билип турду өзү.

Аздан соң карыя Кирискени дагы сынакка алды. Бала төгөрөктүн төрт тарабын тааный ала турганына көзү жеткен соң:

– Жарайсың, ичиңдеги көзүң жаман эмес экен,– деп кобурады.

Бул мактоого көңүлү көтөрүлүп калган Кириск эми өзүнө өзү сурак коюп, жооп таап, жатыга баштады. Деңиз жак көлкүп жаткан азыркы учурда туш-тарапты баамдоо анча кыйын эмес эле. Жанга жолдош, касиети чоң Ала-Дөбөт эске келген сайын чакыргандай ички көзгө көрүнүп, дайым бала издеген туштан табылат. Дүңкүйгөн сырттан даңгыт, боорундагы даакы өңдөнгөн бужугур токою менен, «кулагындагы», «чабындагы» ак темгил кары менен, көкүрөк астындагы аскасына шарпылдап тынымсыз урунуп турчу толкундары менен баары-баары көз алдыга тартылат. Ала-Дөбөттү элестеткен бала анын айлана-тегерегиндеги дөбөлөрүн кошо эстеди. Анан эриксизден үйүн эстеди.

Нивхилердин конушу? Деңиз кылаасындагы желе дөбөлөрдүн ортосунда, токойдун этегинде, суу жээгинде. Жыгач үйлөр, сарайлар, иттер, тооктор, балык илип кургатар илинүү шыргыйлар, созолонгон түтүн, айыл элинин кулакка көнүмүш үндөрү, анан өзгөчө апасы менен карындашы Псулк – ушулардын баарын, атүгүл азыр эмне кылып жатышкандарын бала көз алдына даана келтирди. Апасы арийне, Кирискени, эрин, бу бараткан аңчылардын баарын ойлоп, убайым тартып отургандыр. Ырас, апасы азыр дал ушуну ойлоп отурат. Ойлоорун ойлоп алып, кайра ойлорун жин-перилер туюп калбаса экен деп коркуп отурат ко байкуш.

Кирискени дагы ким ойлойт, болсо-болбосо Музлук ойлойт. Псулк менен ойномуш болуп Музлук бул убакка чейин үйгө нечен келип кеткендир. Деңизге кеткен Кирискени кокустан эстеген таризде Музлук сурап калса, апасынан жеме укту бекен? «Эмне деп кайгырып атасың сен, кыз? Кириск отун алганы токойго кеткенин билбей калдыңбы?» –деп жекирип койгондур. Кыз ошондо түшүнүп, уялганынан унчуга албай отуруп калгандыр. Ушуну ойлоп, Кириск Музлукту аяп кетти. Музлук ойлосо экен, эстесе экен, аны эч ким жемелебесе экен, – деп каалады Кириск.

Кайык болсо мурункусундай эле толкундарга төшүн матыра жара тилип, бир калыпта сүзүп баратты. Айлана жалт-жулт жыбырлаган толкун, акжалданган чоң деңиз. Нивхилер түш оой, болбосо кечке жуук Үч-Эмчек аралдардын эң беркиси Кичи-Эмчекке жетип, сааты чыкса аң уулоону ошерден баштап калуу максатта. Каш карайгыча Орто-Эмчекке жетип жыгылып, ошерге түнөп калмакчы. Кайык коёр тынч коңулу, башбаанек кылар үңкүрлөрү бар. Эртеси таң эрте кайрадан деңизге чыкмай. Эгер бүгүн кечке жолдору болуп калса, эртең эртелеп кайра жол тартмай. Эмнеси болсо да эртең күн эки терек бою көтөрүлгөнчө, чоң шашкеден калбай кайтыш керек. Деңизден канчалык эртерээк чыгып кетсең ошончолук жакшы.

Мунун баарын Орган карыя күн мурунтан ойлоп койгон. Жардамчылары тиги Эмрайин менен Мылгун да Үч-Эмчекке алгач бараткан жери жок, иштин жайын жакшы билишет. Күн ырайы бузулбай турса, жатагынан аң учураса болду, калганын эмне кылышты ар кимиси билет.

Орган карыя деңизге муктаждыктын айынан чыгып аткан жери жок. Ырыскы-насиби деңизден экени чын, бирок абышканы андан башка дагы бир нерсе деңизге дайым тартып турат. Чалкыган деңиз кеңдиги абышканын ичте катылган сырларын оюна келтирет. Сыр каткан ойлору көп эле. Деңизде ой-санаага жолтоо жок. Кургакта күнүмдүк тиричилик менен жүрүп сааты чыкпаган ойлор деңиз бетинде өзүнөн өзү оргуштап, кайнап чыгат. Айдың деңизде гана Орган өзүн Деңиз менен Теңирдин туушканындай сезет. Кыйырсыз кудурет менен бетме-бет отурганда калтылдак кайык үстүндөгү адам дараметсиз бир бечара экенин Орган жакшы билет. Бирок адамдын ою бар да, ал ошонусу менен улуу, ою менен ДеңизТеңир ортосундагы эки танапка жетип турат, табигаттын түбөлүктүү кыйырына ою менен жетип, ою менен ааламдын тереңине да, бийигине да тутамдаш. Ошол себептүү адам руху деңиздей терең, көк теңирдей түпсүз, анткени анын акыл-оюна чек жок. Бир адам өлсө кийинки адам андан илгерирээк ой жүгүртөт. Андан кийинкиси дагы илгерирээк, ошентип түбөлүккө кете бермек…

Ушул кыйын акыйкат гана абышканын сыздаган жанын жай алдырат. Өмүр жалган, өлүм ак. Өмүрүнүн чеги жакын калганын да билет карыя. Бирок сактап каткан бир сыры –Улуу баян Айым-Балык кирген түштөрү дайым боло берерин, өзү өлгөндөн кийин да ал түштөрү жашай берерин Орган жакшы билет. Түшүң мурас калбайт, бирок такыр жок болуп да кетпеши керек. Жоголбойт. Анткени Айым-Балык түбөлүктүү, демек, ал кирген түштөр да түбөлүктүү.

Деңизде жүргөн чактарында ушул ойлор көп келет. Андай учурларда жолдоштору менен сүйлөшпөй көпкө тунжурап оюна кирип кетет. Деңизди телмире тиктеп, бирөө менен сүйлөшүп жаткандай өз алдынча күбүрөйт, Айым-Балык кирген түштөрүн кайсы бир олуя-машаяктан суранат. Бирок адам а дүйнө кеткенде түшү кошо кетмек беле, ошо жакта деле баягы түшү кайталанып түбөлүккө кире бермек беле? Айласын таппай башы катат, жаны менен кошо түшү да кетерине өзүн ишендиргиси келет.

…Түш демекчи. Илгери бир заманда Ала-Дөбөттүн этегинде үч бир тууган жашаптыр. Улуусу кууганын куткарбаган жел таман экен. Ал бугу – адамдын кызын алат да, үйүр-үйүр бугулардын ээси болуп, тундрага көчүп кетет, ошоякка орноп калат. Кичүүсү из куугуч изевилчи, көзгө атар мерген болот. Ал да токой элинен бир кызды алып, мергенчилигин кесип кылып, тайга токойду жайлап кетет. Ортончусу аксак туулуптур. Эрте туруп, кеч жатса да багы ачылбайт, кубалап бугуга жетпейт, токой аралап аң уулай албайт.

Ал тегеректен эч ким кызын бербейт. Ага-иниси таштап кетет. Ал шордуу ошентип деңиздин жээгин жай кылып кала берет. Балык кармап жансактайт. Балыктан ким жарысын…

Бир күнү аксак шордуу кайырмак салып, кайыгында отурган. Аңгыча кайырмагы колунан жулкулдап калат. Чоң балык түшкөн экен деп, кубанып кетет. Акырындап кайырмагын тартып, түшкөн немени жакындата берет. Караса, бир укмуш! Балык кейпиндеги жылаңач аял. Жаргак куйругун сууга чапкылап, качууга жулкунат. Сулуулугун айтпа: күмүштөнө жылтылдаган тумсак эти айлуу түндө мөлтүр суунун түбүнөн көрүнгөн акак таштай көңүл толкутат, ак эмчеги балкылдап, нерпа тумшук үрпүлөрү карарат, тунук жашыл көздөрү каухардай жаркылдайт. Байкуш аксак Айым-Балыкты суудан сууруп алып, колтугуна кысат. Ошентсе, Айым-Балык аны аймалай кучактайт.

Экөө кайык түбүнө жыгылат. Капилет келген бактысына аксактын башы тегеренет. Кайык түбүндө экөө эмне болушканын өзү билбейт. Кайыгы асманга жете серпилип жатканын бир билет. Деңиз асманга жете чайпалып, асман деңизге түшө астын-үстүн болуп жатканын бир билет. Анан катуу бороон басылгандай тынчый түшүшөт. Ошондо Айым-Балык суурулуп чыгып, сууга булт кирип кетет. Аксак эр тура калып, артынан умтулат, кайрыл деп кыйкырат, чакырат, жалбарат, бирок Айым-Балык деңиз түбүнө дайынсыз кетет.

Үч бир туугандын ортончу аксагынын башынан ушундай окуя өтөт. Ага-иниси таштап кеткен, деңиздин ээн жээгинде каңгырап жалгыз калган аксактын башынан ушундай окуя өтөт. Деңизге чүмүп кеткен Айым-Балыктан кайра кабар болбойт. Аксак байкуш сагынып, көңүлүн кир, көкүрөгүн зил басат. Ошо күндөн кийин күндүр-түндүр деңиз кылаалап, көзүнөн жаш мончоктоп, үндөгөнү-чакырганы, сагынганы-күткөнү Айым-Балык болот. Жадегенде алыстан бир көрүнүп койсо деп үмүт этет.

Деңиз киргенде кылаалап ырдайт:

Кайда сүзүп жүрөсүң, Айым-Балык?
Деңиз тартылганда кылаалап ырдайт:
Кайда сүзүп жүрөсүң, Айым-Балык?
Айлуу түндө кылаалап ырдайт!
Бул деңиз – менин сагынчым,
Бул деңиз – менин көз жашым,
Бул жер – менин зар башым!
Ай караңгы түндөрдө кылаалап ырдайт:
Кайда сүзүп жүрөсүң, Айым-Балык?..

Деңиз киргенде кылаалап ырдайт, деңиз тартылганда кылаалап ырдайт. «Баяным» деп улук көрөт, «Айымым» деп ынак көрөт. Ал ортодо кыш өтөт, кыш артынан жаз өтөт. Жайдын бир күнү аксак балыкчы тизеден толкун кечип, ачык деңиз бетин карап, ажап болуп Айым-Балыгым көрүнүп калбас бекен деп, үн салып чакырып коюп аксаңдап келатса, тайыз жээктен баланын ыйлаган үнүн угат. Ырас, наристе бала ичегиси үзүлө тынбай ыйлап жатат. Аксак балыкчы алиги ый угулган жакка жүгүрө жетип, көргөн көзүнө ишенбейт: тайыз жээкте жылаңач бала отурат, толкун улам жаба берип, кайра тартат, ал ансайын бала: «Менин атам ким? Менин атам кайда?» – деп бакырат. Аксак балыкчы ого бетер айран калып, айласын таппайт. Бала аны көрө коюп: «Менин атам сенсиң! Багып ал, мен сенин уулуң болом!» – дейт.

Мына кызык тамаша! Балыкчы уулун алып, үйүнө көтөрүп кетет. Бала тез эр жетип, деңиз чала баштайт. Жоо жүрөк, чымыр, акжолтой аңчы болуп чыгат: тор салса, балыкка толуп чыгат, жаа тартса деңиз жаныбарларын тандап терет. Даңкы таш жарып, тоо ашып, токой аралап кетет. Токой эли шүйшүнүп кызын берет. Бала-чакалуу болуп, Айым-Балыктын урук-тукуму ошондон тарап, көбөйгөн экен.

Ошондон улам маараке-тойлордо алиги ыр ырдалып калган:

Кайда сүзүп жүрөсүң, Айым-Балык?
Сенин ысык курсагыңда биз жаралып,
Сенин ысык курсагыңан биз тарадык.
Сенин ысык курсагың жан бейиши,
Кайда сүзүп жүрөсүң, Айым-Балык?
Нерпа тумшук ак мамагын сагындык биз,
Ак мамагың сүтүнө тайындык биз.
Кайда сүзүп жүрөсүң, Айым-Балык?
Издеп сени эр барат, бир күн жетер,
Жээктеги тукумуң көбөйсүн – деп,
Курсагына уругун сээп өтөр…
Кайда сүзүп жүрөсүң, Айым-Балык?..

 

Бул түш мухиттин туңгуюк түбүнөн түрүлүп келип, бир маалга жака-жээкти күүгүмдөнгөн сыйкырлуу кучагына басып калчу деңиз киргининдей байкоостон каптап келет. Ушу түштү көргөн сайын Орган ажайып айран-таң калып, өңү менен түшүнүн ортосунда эсеңгиреп жатып калат. Айым-Балык менен өңүндө чын көрүшүп калгыдай болсо жан баласына оозунан чыгарбас эле го, Орган түшүндө Айым-Балык менен жолугушканын өңүндөгү окуядан бетер чын көрүп, эч кимге айтпай келет.

Ырас, жыргалы менен кайгысы аралаш, жандүйнөсүн чыдагыс кыйноого салып, кайталанып кире берген жан жолдош түш болду Органга. Маңызы байыгыс, мааниси түгөнгүс бул түштүн укмуш касиетине Орган көргөн сайын айран азыр. Дайынсыз аян, чечилгис табышмактыгы адамды түбөлүк кыйнап келаткан түш менен чындыктын ортосундагы илешпеген кубулма байланышын чечмелеп ойлоно берип, сырдын сырын табуу менен жан алакетке түшө берип, Органдын жаны кейийт да, айласы түгөнүп турганына карабай түшүнүн кайра келишин эңсейт, улуу баяны Айым-Балык менен дагы бир жолугушууну каалайт.

Ал экөө деңизден жолугушчу. Айымдын келишин күтүп, Орган деңиз кылаалап чыгат. Суу чайган кумдуу жээкте басса изи калбайт, бирок өчкөн күндүн күңүрт шооласында кара-кубаң көлөкөлөр көпкө сакталып турат. Ал көлөкөлөр көөдөнүнө сагыныч толуп, сагынычтан жаны сыздаган адам кара кардын үстүнөн басып өткөн изи сымал караңдап калат. Махабат муңуна, үмүт менен эңсөө муңуна өзөгү өрттөнүп Орган жээкте басат, а деңиз болсо кайдыгер, муздак жатат. Ошол жалгыздык баскан ээн дүйнөдө же үлп эткен жел, же зың эткен үн, же тырс эткен дабыш чыкпайт. Жалгыз Орган деңиздин түнөргөн төрүнөн көзүн албай аруу баяны Айым-Балыгын күтө берет, күтө берет.

Жээктеп басса жолун коштогон буурул жал толкундар шуулдап бутка илешет, бирок доошу угулбайт, далбасалап асмандан чааралакей кулаган лапылдак кардай чардактар өйдө-ылдый чуулдап учат, бирок үндөрү угулбайт, кулагы бүтүп, үнү жок, дили калып, тили жок ың-жың дүйнөдө Орган Айымын канчалык эңсеп күткөн сайын ошончолук заманасы куурулат, заманасы куурулган сайын сагынычы күчөп, ушунун баары түш экенин билип турса да, түшүндөгү жалгыздык баскан кусалык өңүндө ого бетер кууратарын билип турса да, өңүндө болобу, түшүндө болобу, аны бир көрбөй жаны тынбасын туюп турса да – ушунун баарына карабай жүрөгү сыздап, кайрадан кайра жолуккусу келе берчү. Ошондо, айласы куруп бүткөндө айкырык салып чакырчу. Бирок басып жүргөн дүйнөсүндөгү үн-доош угулбаган сыңары өз үнүн өзү укчу эмес. Деңиз болсо тунжурап үн катпай, толкуп кыймыл жаратпай, мелтиреп жата берет. Тек өзүнүн гана аласалып түйшөлгөнү, жай тынымы кыстыгып үзүл-кесил дем ала баштайт, жүрөгүнүн түрсүл какканы ойготот, ошого кайра кыжыры келет. Андай учурда жанын жай алдырар жай таппай, өзүнүн өзөгүнөн өзү суурулуп чыгып кетер жол таппай, чөгүп бараткан адам агып бараткан чырпыкка асылган сымал, кайрадан Айым-Балыгын чакырып, кайрадан Айым-Балыгын эңсеп, эси-дарты жалаң Баянда калчу.

Акыры түңүлүп жан кыйылар маал келгенде Айым-Балык түнөрүңкү – түссүз суудан суурулуп сүзүп чыга келет да, Органды тике сагына тиктеп, буурул толкун арасында аруу келбети бирде күмүш, бирде күүгүм жаркылдап, аптыга сүзөт, ашыга сүзөт, сүйүнө сүзөт. Мына ошондо баятан берки дүлөйлүк жарылып, күркүрөгөн толкун доошу, шуулдаган шамал дабышы, чуулдаган чардак үндөрү дүйнө койнун толтуруп угулат. Ошондо баладай бакырып, баатырдай айкырып, Орган каршы чуркайт, терең деңиз шыйрагына келбей малтап, түптүз деңиз тизесине жетпей жиреп, андан түпсүз болгон жерде муздак сууну чатырата тилген кит болуп, ашыгына астыга сүзөт.

Айым-Балык болсо көк деңиздин бетинде буурул толкун жондонтуп, тегерене сүзүп, күтүп турат. Кээде аба чапчып секирип, көз ирмемге жумуру денеси абада диртилдеп илинип туруп калат. Ошондо карасаң, деңизге кокус түшүп кеткен кадимки эле келин сыяктанып, эркектердин көз жоосун алган кымча бел, кең сору келин сыяктанып көрүнөт. Анда Орган сүзүп жете келет да, экөө тең жарыша сүзүп, чалкып жаткан океанга бет алышат. Экөө жанаша сүзүп, катуулаган сайын капталдары тийишип, денеден денеге учкун өтөт. Зарыгып күтүп, жалгыздыктын азабын тарткандагы Органдын көксөгөнү эле ушул. Мына эми экөө бирге. Ойго келбес күч менен түнкү океандын күңүрт жылтылдаган алыстагы төрүнө экөө зымырап сүзүп барат. Буурул жал толкундарды көзөй сүзүп, туңгуюк түпкүрдөн тийген булаңгыр шоолага боорлорун жаркылдатып, экөө көзгө араң илешкен көк-жээктин чегине барат. Өркөчтөнгөн толкундардын биресе кырына кайкып чыга түшүп, биресе шукшурулуп сайына түшүп, бирде өөдө, бирде ылдый, бирде жонго, бирде сайга селкинчек тепкендей ойкуп-кайкып, учуунун толкунуна экөө тең алеп-желеп өрөпкүп барат. Экөөнөн калышпай толкундан толкунга секирип, күңүрт күзгү бетинде бирде сүйрөлүп, бирде жылтырак сырты тамга болуп, экөөн коштоп ай барат. Жандай чапкан ай гана, жарыша сүзгөн экөө – Айым-Балык менен ал. Бул кыйырсыз мейкинде чардап бараткан алар гана – экөө менен ай, үчөө менен океан. Көксөгөн бакыт жыргалы, эңсеген эркиндик жыргалы, эки жүрөктүн эзилишип кошулган салтанаты ушул эле…

Экөө талыбай, тынбай сүзүп баратты. Экөөнүн эртерээк жетсек деген, ашыгып сүзгөн максаты – белгилүү жай бар. Ал жай экөөнө гана буюрган. Экөө ал жайга жетмек да, дене-бой эрип кошулуп, бир көз ирмем ичинде өмүрдүн башталышы менен аягын кошкон жыргалдын ширини менен ачуусун татышмак. Экөөнө күч кошуп, ашыктырып бараткан максат ошол…

Ошол эңсеген жайга тез жетүүгө экөө суу бетин тилип, куштай учуп баратты. Канчалык тездеп сүзгөн сайын ошончолук Органдын делебеси дүүлүгүп, жан жыргалын албууттана каалап сүзөт. Кызыл балык уругун чаччу жерине дал ушинтип ашыгып жетет да, жеткен жеринде уругун чачып болгон соң өлүп кетет. Орган махабат жолуна өлүп кетишке кайыл болуп сүзүп баратты. Сыйкырдуу Айым-Балык ал ансайын кызыктырып, океандын тереңине азгырып, толкундарды жаркылдай жарып өтүп, чачыраган маржан көбүктөн ай нуруна күн желеси тартылып, Айым-Балык ал ансайын суктандырып кулпуруп, ойкуштаган кылыктуу денеси ал ансайын ээликтирип, зыпылдап сүзүп барат. Суу жукпай жонунан шыпырыла агып калып жаткан суу перинин сулуулугу ал ансайын Органдын башын айлантып, эсинен тандырып барат.

Экөө сүйлөшпөдү, тек бурулдаган суу чачырандысы арасынан биринин дидарын бири көрө түшкүсү келгендей биринен бири көз албай тагдыр белгилеген жайга арылдай сүзүп, такат албай сызып баратты…

Бирок экөө ал жайга эч качан жетчү эмес, күткөн маал эч качан келчү эмес…

Органдын бул ажайып түшү көбүнесе чорт үзүлүп, дайынсыз бүтүп, түтүндөй тарап жоголчу. Ошондо эсеңгиреп жатып калат. Чыны менен капаланып көпкө жүрөгү сыздап калат. Алдагандай бир келген жыргалга канбай, кумары таркабай, сезими коңултактайт. Кээде көп убакыт өтсө да, ал түшүн ийне-жибине чейин териштире эске түшүрүп, бул эмненин жышааны, эмне деген аяны деп, көпкө ойлонот, түшүндө көргөнү түш эмей эле өңдөн чыныраак сыяктанат. Демейки түшүң эсиңе келсе келер, келбесе жок, эстен чыгып кала берет эмеспи. Түшүң түлкүнүн богу, эмнелер кире бербейт дегендей ага башын катпайт. Айым-Балык болсо турмуштагы чындыктан бетер жатса-турса көз алдынан кетпейт, ойлосо оюнан чыкпайт. Ошол үчүн Айым-Балыкка жолукканын жана андан капилет ажыраганын кадимки окуядай көрүп, абышка катуу жапа чегет. Түшү ушундайча бүткөн абышканын жандүйнөсү ар качан азап тартат, табышмактын жандырмагын таба албай заманасы куурулат.

Кээ бир көргөн түшүндө ал экөө эңсеген жайга жакын эле жетип калгандай болот, атүгүл кайсы бир жээк мунарыктап көрүнө баштайт. Махабат жээги ошол. Экөө жуурулушуп биригип, эзилишип кошулсак деп албуут сезим канат болуп, күч болуп, алдас уруп ашыгып келаткан жээк ошол. Мына ал жээкке жетип калышты. Бирок дал ушунда түпсүз ирим тайыздап, кумга буттары батат, суу тизеге жетпей, сүзө албай калышат. Орган алактап артына кылчаят. Айым-Балык тайыз сууда сүзө албай алдас уруп артта калган. Муздак терге чыйрыгып, Орган артка жүткүнөт. Бирок буттары баш ийбей жансыз, шилтенбей оор тартат, сормо саздай ылайлуу сууну малтап Айымына жеткиче түгөнгүс көп мезгил өткөндөй кыйналат. Алдастап жаткан Айым-Балык аркан бою алдында турса да, ага жетип кол сунарга аз эле калса да, энтигип суу жутуп, кара терге чөмүлүп деми кыстыгып, суу түбүндөгү балырга буттары илешип, такыр жете албайт. Анысы аз келгенсип тайыз сууга сүзө албай чабалактап жаткан суу Айым-Балыгынын жандалбасын көрүп жаны кейийт. Акыры өлдүм-талдым дегенде Айымга жетип, аны көтөрүп алып бооруна бекем кысып, алдан тайып, башы айлангандан теңселе басып жээкке бет алат. Бирок Айым-Балыгынын жүрөгү жарылып кетчүдөй, качып баратып колго түшкөн жаралуу куштай жанталаша сокконун туят. Ошондо, сүйгөн перисин бооруна бекем кысып баратканына кубанганданбы, наристе баланы алып бараткандай эт-жүрөгү элжиреп, Айымын аяп кетет да, каңырыгы түтөп, көзүнө жаш айланат. Жашыганына Айым-Балыгынан ого бетер уялып, ыйлап жиберчүдөй араң карманат. Кадам сайын боорундагы Айымын ойлоп, боору сыздап аны аяп, жерде баспай абада калкып бараткандай каалгып басат. Айым-Балык болсо көз жашын көлдөтүп, кайрадан деңизге алпарып, эркин дүйнөмө коё бер деп жалынат. Айым-Балык аны деңизден тышкары жерде сүйө алчудай эмес, суудан чыкты – болду, деми кысылып, өлүп барат. Көз жашы мончоктоп Айым-Балык унчуга албай жалбара тиктегени жүрөгүн көзөп өтөбү, Орган чыдай албайт. Кайра артыңа шарт бурулуп, тайыз жээкти жирей кечип, улам тереңдеп барып, анан абайлап кучагын жазып, Айым-Балыкты акырын бошотуп жиберет.

Айым-Балык деңизге сүзүп кетет, Орган болсо нес болуп жалгыз калат. Айымдын артынан телмире тиктеп калган Орган ыйлап жатып ойгонот…

Кайда сүзүп жүрөсүң, Айым-Балык?
Бул деңиз – менин сагынчым,
Бул деңиз – менин көз жашым,
Бул жер – менин зар башым,
Кайда сүзүп жүрөсүң, Айым-Балык?
Колдо турган бактысын өз ыктыяры менен качыргандан бетер, Айым-Балык менен чынында эле жолугушкандан бетер Орган эстеген сайын капа болот. Адамдын үмүт-тилеги жадегенде түшүндө кабыл болсо болбойбу? Кабыл кылыш кимдин колунда? Мунун баарын аян берип жаткан күч ким, же эмне, бул аяндын мааниси кандай, бу не деген табышмак, эминенин жышааны? Ушуларды ойлоп, ою онго, санаасы санга бөлүнгөн Орган айласы түгөнгөндө колун шилтеп, баарын унуткусу келет, Айым-Балыкты ойлоодон качат. Бирок болчубу, деңизге аң уулап чыкканда кайрадан кантип Айым-Балыгы эсине түшкөнүн, бүт оюн ээлеп алганын өзү да байкабай калат. Сыйкырдуу түшүн кайра баштан көз алдынан өткөрүп, жыргалына кадыресе кубанып, азабына кадыресе кайгырып, анан кайра акыл токтотуп: эмне эле муну ойлоно берчү болдум, жок Айым-Балыкты ойлоп, санаа тартуу кары кишинин жумушубу? – дейт ичинен.

Өзүн өзү жемелейт. Бирок кайра: ушинтип алдан тайып, көздүн курчу, беттин нуру кеткен чагында алигидей көңүл жубатар алаксуусу болбосо, ашка жүк, башка жүк болуп чыдап отура алмак эмесмин го дейт. Даңкы таш жарып алчыланып тургандагы касиеттеринин баары салаадан чууруган суудай агып түгөнүп барат, эми төрүнөн көрү жуук калды, бирок көкүрөк кургуруң дале моюн бербейт, жигит кезиндеги ээликтирген кыял-сезимдери кадимкисиндей, көңүлү картая элек. Ошол үчүн алигидей ойлор толгонуп, алигидей түштөр кирип жүрбөйбү. Адам ушул өңдүү ою менен түшүндө гана ажалсыз, эркин өмүр сүрө алат тура.

Адам санаасы менен асманга чыгып, деңиздин тереңине чумкуй алат. Актык деми токтогончо ой ойлоп, кыял канатында учкандыгы менен адам бийик, адам улуу. Бирок ажал аны назарына да албайт экен го, адам бу жалганды жактырып жашаганы, бу жалганда адам ою менен кандай бийикке көтөрүлгөнү, кандай түштөрдү көргөнү, кандай адам болгону, акылы канчалык терең болгону – ажал үчүн мунун баары бир тыйынга арзыбаган нерсе экен го. Эмне үчүн ушундайча? Дүйнө эмне үчүн ушундайча жаралган? Мейли Айым-Балык түш болсун, бирок ошо түш боюнча болсо да тиги дүйнөдө аны менен түбөлүк кала берсе болбойбу…

Орган карыя Айым-Балыкка кандай ишенсе анын оюн деңиз кулак салып угарына ошончолук ишенчү. Деңиз бетинде ал эркин дем алып, ою да чек койбостон эрк берчү. Деңизге ал сырын айтып, арманын баян этчү. Ой туңгуюгунда отуруп, кээде ал: «Айым-Балык экөөбүз ушу ченден сүзүп өткөндөй болдук беле?» – деп деңизден сурачу.

Ошондо Орган канжасына тамекиден кайра тыгып, түтүндөн кере-кере сорот. «Ушу ачуу болсо да жанды жай таптырган уу чөп каерде өсөр болду экен?.. Көпөстөр Манжурияда өсөт дешет. Ошояктан ошолор апкелип атышпайбы. Манжурия дегениң жердин түбү болсо керек ко, биздин элден ошоякка бардым деген бирөөнү көрө элекмин… Тамеки аерде токойдогу чөптөй эле жайнап өссө керек…

Кызыгың кургур, бу дүйнөдө не деген кызыктар жок дейсиң…»

Күн түш ооп калды. Ушул ортодо күн алда нече ирет кайдан-жайдан келе калган булутка кирип чыкты. Алыскы көк жээктен чыга келген булуттар ошоякта алай-дүлөй ырай бардыгын кабарлагансыйт. Күн булутка кирип кеткенде деңиз бети күңүрт тартып, өңү өчүп, айлана-тегерек сестенте калат. Күн кайра кылайып чыга келгенде жаздын көркү ачылып, деңиз бетине нур чачырап, миң-сан жылт-жулту көз уялтат, көңүл көтөрөт.

Кириск деңизге үйүр алып калгандай болсо да, кичине эриккендей болсо да, анын чалкыган чексиздигине дале таңыркап келет. Эртеден бери тынбай сүзүп келатышат, дале учу-кыйыры көрүнбөйт. Жер бетинде жүргөндө ал талаанын кеңдигине мынчалык таң калбас эле. Чоңдор болсо эчтемени элес алгыдай эмес. Аларга баары көнүмүш.

Эмрайин менен Мылгун баштагысындай эле бир калыпта калак шилеп, суу бетин эптүү чарпып сүзүп келатышат. Ал экөө чарчай турган эмес, Орган жардамдашайын дегенде да болбой коюшту. Кайра кайтканда жүк оор болор, ошондо болбосо азыр кереги жок дешти. А көрө кайыкты башкара бериңиз дешти. Кокосу уркуйган, узун моюн Орган карыя жем аңдыган суу бүркүттөй куржуюп кайыктын сорусунда отуруп келет. Көбүнесе тунжурап, өз ою менен алек. Кайык болсо баягысындай эле толкундарды сүзө тилип, жеңил баратат. Толкундар да көлбүгөн калыбынан жазбай бир калыпта.

Айдарым жел суу бетин жалмалап, басаң. Ошентип сүзүп баратышты…

– Аткычх! Аткычх! Тигине арал! Кичи-Эмчек! – деп Кириск Органды жеңден тарткылап, кубанганынан кыйкырып жиберди.

– Кана арал? – деп Орган ишене албай колун серепчиледи.

Калакчылар да таңыркап, бала көрсөткөн тарапка кылчайышты.

– Кайдан болсун, – деп кобурады абышка, анткени бала арал көрүнөр жактан таптакыр башка тарапты көрсөтүп жаткан.

Бала калп айткан эмес. Алыскы көз учунда суудан чыккан аскадай болуп, бир ордунан козголбогон кара-кочкул карайткы көрүнөт.

Орган көпкө тиктеди.

– Жок, ал арал эмес, – деди акырында көзү жеткендей. – Кичи-Эмчекке биз ушу багытыбыз менен күн батышты карай дагы далай сүзөбүз. Бу караан башка жактан чыкты. Мунуң арал эмес. Назили арал эмес.

– Бу ченде мындай арал жок болчу, биз эч качан көрө албадык эле го, – деди Мылгун. – Кичи-Эмчек сол жактан көрүнөт. Мунуңу билбейм эмне экенин.

– Туман болуп жүрбөсүн же булуттур? – деди Эмрайин. – Же чоң толкунбу, анда эмнеге кыймылдабайт?

– Кеп ошондо болуп жатпайбы. Туманбы, булутпу, ким билет. Алыстан билинбейт. Бирок арал эмеси ырас,– деди Орган ойлуу, – эгер бу туман болсо, анда түрү жаман, иш чатак.

– Кудай сактасын, шамал өзгөрбөсө болгону, – деди Эмрайин калагын күч сала шилеп. – Бир ордунан козголбой туру. Аякта биздин ишибиз жок, турса тура берсин.

Элден мурун оолугуп көргөнү дайынсыз бирдеме болуп чыкканына алгач өкүнө түшкөн Кириск аны кайра унутуп калды.

Мергенчилер жаңылбаптыр. Кичи-Эмчек аралы көп узабай сол тараптан суудан суурулуп көрүнө келди. Аны жазбай таанышты. Ал өзү чынында эмчекке окшоп суудан чуштуюп чыгып турган аска таштуу арал экен.

Аралды көрүп, аңчылар жандана түштү. Айрыкча Кириск өрөпкүдү, демек, деңиз чексиз эмес, ортосунда карайткы кургак бар экен да. Эртеден бери сүзүп келаткандагы кызыктын эң кызыгы эми башталды.

– Мына эмесе, – деп Орган баланын башындагы каптаманы уйпалап койду. – Ала-Дөбөт айылда калса да бизди аралга жеткизип койду. Бизди ээрчип чуркаса сууга чөгүп кетмек да.

– Ананчы, – деп кубаттап койду Кириск чалдын тамашасын билип.

– Ала-Дөбөттүн айылды кайтарып калганы жакшы эмеспи. Биз болсок аны эстен чыгарбай, жолубуздан адашпай аң уулоочу жерибизге жетебиз. Кандай дейсиң, Ала-Дөбөт бизге эми керекпи, же кереги жокпу?

– Эми кереги жок, – деди Кириск ишенимдүү. – Эми каякка сүзөрүбүздү көрүп баратпайбызбы.

– Ойлонуп айтсаң кантет, чырагым! – деп жемелеп койду Орган.

– Чапчаңдык кылып койдуң бейм, ойлончу.

Алыс деңиздеги аралдын жанында Ала-Дөбөттүн кереги бар-жогун бала аңдай албады.

– Буерде Ала-Дөбөттүн кереги эмне?

– Кереги эмне дейсиңби? Үйгө кантип кайтасың? Кайра кайтканда кайсы тарапка сүзүп жөнөйсүң? Кана, ойлончу? Таптыңбы? Жакшылап карап, аралга биз кай тушунан сүзүп баратканыбызды билип ал. Ала-Дөбөттү аралдын кайсы тушу карап турганын эсиңе бекем тут. Кайра кайтканда кайсы багытка жүрөрдү ошондо так билесиң.

Кириск унчукпай макул болгону менен ичинен ыза болуп калды да, намысын алдыргысы келбегендей туталана сурады:

– Караңгы түн болсочу? Деңизде түнгө калсак, эчтеме көрүнбөсөчү? Анда кантип? Ала-Дөбөт кай тарапта экенин анда кантип табабыз? Ыя?

– Эмне бар экен, анын да айласы табылат,– деп жооп кайтарды Орган жайма-жай.– Ал үчүн асманда жылдыз бар. Жылдыз жолдон адаштырбайт, ар дайым багытыңды даана көрсөтүп турат. Кайсы жылдыз каерде экенин гана өзүң жакшы билгениң эп. Лувр өрдөгүнүн топ жылдызын билесиңби?

– Билсем керек, – деп тайсалдап, Кириск атасын карады.

Эмрайин уулунун кысталышта калганын билди.

– Анча-мынча билет, мен бир жолу көрсөткөм. Бирок ал аздык кылат. Үйрөнүп алганың жөн…

Ушинетип, аралга жакындай беришти. Аралдагы корум таштар, аска-куймалары даана көрүнгөндө аңчылар нерпанын жатагын өңүп, аралды айлана сүзүштү. Аң жатагын биринчи көргүсү келип, Кириск тимирейе тиктеп баратты. Эгер көрүп калсаң чуу салба деп эскертип коюшкан. Нерпалар суудан чыгып, күнгө жылынууга так эле жээктеги таштардын арасында жатат деген Орган. Оболу жаткан жерин көрүш керек, анан айланып жээкке чыгып, үркүтпөй өңүп жетиш керек деген. Бирок Кириск эчтеме көрө албады. Жээк бүтүндөй эле үймөлөктөшкөн Жар таштар, тирүү жан жоктой ээн.

Аралды курчаган деңизден сүрүлүп келип жаткан толкундар буурул жалданып, аша төгүлүп кетчүдөн бетер аска-таштарды омуроолойт. Жок, Кириск эч балакет көрө албады. Чоң барскан менен бирөө талкалай чаап кеткенсиген жалаң арсак кара таштар. Бирок Мылгун биринчи көрдү. Анын көргөнүн Кириск да көрүп алууга ойдологончо кайык жашыруун буйткага сүзүп кирип кетти. Кириск кызыкканын көрө албай өкүттө калганын Орган карыя сезе койду.

– Көрдүңбү? – деди ал.

Бала калп айта албады.

– Көрө албадым,– деп мойнуна алды.

– Кайра кайрылгылачы,– деди Орган.– Таш арасынан ажырата тааныганды үйрөн. Аны билбей мергенчи боло албайсың.

Бир нерпа көрүп калып белги берсе жатактагы бардыгы сууга кире качмак. Ошондой опурталдуу болсо да, калакчылар карыянын сөзүн эки кыла албады. Кудай жалгап нерпалар байкабады. Алар суунун мизиндеги кырданган таштардын далдаасында, жарака таштардын арасында жаткан.

– Тетиги сынган азуудай учтуу ташты көрдүңбү, быягында кызыл боор таш жатат. Артында тоңголок дөбөчө, ошолордун ортосун кара,– деп көрсөттү Мылгун.

Кириск издеп карап тирмийип жатты. Ал ортодо калактарын калпып, Эмрайин менен Мылгун кайыкты бир ордунда кармап турушту. Суу жаныбарларынын жондорун Кириск ошондо көрдү.Куйруктуу жумуру денелери күржүйөт. Чаарала бозомук жондору жылтылдап, кыймылсыз жатат. Көнбөгөн көзгө алыстан алар таштан айрыгыс эле. Мына ушундан баштап баланы азоо сезим бийледи. Мына деңиздин чыныгы кайберендери. Мына эми чыныгы мергенчилик башталат.

Аздан соң алар кайыкты буйтка жээкке токтотуп, өздөрү жээкке түшүп жатканда да толкундап, эрдиги көкүрөгүн жарып баратты. Эрдик сезим бийлегени – ал азыр өзүн күчтүү, олуттуу сезгени эле. Толкундаганы – ошол учурда чоң мергенчилердин чапчаң, эптүү кыймылдап, кайыкты жээкке кынтыксыз апкелип тирегенин, Эмрайин менен Орган карыя сууну калпый калактап, толкунда туйлаган азоо кайыкты былк дедирбей бир ордунда кармап турганын, Мылгун мышыкча секирип жээктеги шагылга түшкөнүн, анан ал кайыктан ыргытылган арканды ийиндей кармап, кайыкты шагылга сүрдүктүрө сүйрөп салганын, атасы Эмрайин эки винчестерди алып, жээкке секирип түшкөнүн көргөнү болду. Алардын артынан Органдын жардамы менен бала да түштү. Бирок өксүй секирип алып, бир буту сууга малынды. Ага атасы кейиген болду, бирок баланын көңүлү ага бүркөлбөдү. Толкун жулуп кетпесин деп, кайыкта жалгыз Орган калды. Үчөө болсо нерпалардын жатагына жөнөштү. Жээк менен эңкейе басып, өңүттөн өңүткө жүгүрүп жетип баратышты.

Кириск чоңдордон калбады. Жүрөгү көкүрөгүн жарып чыкчудай түрсүлдөп, толкундаткан корстон сезимге кээде башы айланып кетет. Алда чиркин, минтип Кириск чоң мергенчилер менен тең катар деңиз аңына өңүп баратканын Айым-Балыктын эли көрсө кана! Апасы көрсө кана, уулум келечекте чоң мергенчи болуп, элин багат экен деп сыймыктанып карап турбайт беле! Өзү менен бирге ойноп жүргөн Музлук кыз көрсө кана! Мындан ары экөө ойнобой калды  го. Анткени мындан ары Кирискенин аты бала эмес, мергенчи Кириск. Ала-Дөбөттүн боорунан бери ушунчалык суу кечип келип, эми күркүрөгөн толкуну жээгин соккулаган аралда, жапан аска, жапан таштарды аралап, нерпанын жатагын өңүп баратканын ал кыз көрсө кана! Эки винчестерди эки чоң мергенчи алып баратканы эчтеке эмес, маалы келгенде аттырам деген атасы. Ошентип алар өңүп барышты да, жатакка жакындаганда сойлоп жөнөштү. Кириск да сойлоду. Музга кошо тоңгон миздүү шагылдын үстү менен сойлош оңтойсуз оор эле, бирок антпесе болбойт, Кириск түшүндү. Кара терге түшүп, дем кыстыгып энтигип, улам бир кара ташка жашынып, кайра кылтыя карап баратышты. Бута атым жерге жеткенде былк этпей жатып калышты.

Ушул учур Кирискенин эсинен өмүрү чыкпас болуп калды. Тамылжыткан жаз күнү, төрт тарабын кыйырсыз деңиз курчаган аска-таштуу суук арал, белгисиз бир албуут күч быркырата ыргытып, үйүп салган куйкул боор кара жар таштар, муз тиштеген жылаңач өлүү жерде боортоктоп жатканы, жанында атасы менен Мылгун акеси мылтыктарын октоп жатканы, тиги алдыда дал эле деңиздин мизиндеги жылгачада, толкундар менен шамалга тозгон арсак-терсек аска-таштардын арасында күнгө боорлорун кактап, дүйнөкапар магдырап нерпалардын тобу жатканы – ушул көргөндөрүнүн баары баланын көңүлүнө терең батып калды. Жатактуу аралдын, жылт-жулт көлбүгөн деңиздин – баарынын үстүндө мунарлуу асман төнүп турду. Бул асман мылтыктын качан атыларын күтүп, дем катып калгандай сезилди Кирискеге. «Тийгизсем экен» – деп тиледи Кириск винчестердин кундагын ыйыгына ыңтайлап жатып. Атасы ага мылтыгын берген. Көптөн эңсеген кези келип, бала өзүн даңкы таш жарган баатыр мерген сезип, көңүлү ташып турган көз ирмемде тиги боорлорун жылымы аз күнгө кактап, сыгылышып жаткан эби-сыны жок семиз нерпалардын диртилдеген жон-сооруларын, бурталары буржуйган боор-чабын карап, ушу жаныбарлар эч балээден кабарсыз тирүү жаткандарын кылт ойлоп, бу байкуштар азыр коргонор-сактанары жок, бечара экенине таң калды. Бирок мунусу бир кылт эткен ой эле. Ал өзү аңчы экенин, эл-журту андан олжо күтүп калганын, нерпанын эти менен майысыз көргөн күн куурал экенин эсине салып, азыр озунуп атып, көзгө түшөйүн деген ой да жарк этти көңүлүндө.

Чымырканып, тиштенип, даңкайып жаткан темгилдүү кочкор нерпанын атасы үйрөткөндөй колтук тушу деп канатынын үстүн мээледи. Нерпа бир балээ сезгендей сестене калды. Ал көргөн деле жок, жадагалса жыт алмак эмес, шамал деңизден бери согуп турган. Алдыда бирдеме жакшылап мээлегенине жолтоо болгонунан улам Кириск жаткан жеринен абайлап дагы жылды. Мына ошондо чыканак астынан муштумдай бир таш ылдый кулап кетти. Шыбырт алган кочкор нерпа – лахтак каңк этип үрүп алды эле үйүр-тобу дүрбүп үркүп, каңкылдашкан бойдон жапырт сууга бой урушту. Алардын алдын торой атылган мылтык үнү тарс этти. Четте бараткан чоң нерпа сулап калды. Бул аткан Мылгун болчу. Кириск алактай түштү.

– Аткын! – деди Эмрайин.

Ыйыгын кундак катуу тээп, Кирискенин кулагы тунуп калды. Ал эчтеме эмес эле, жаза атып алганына уялып, кулак учтарына чейин ысып, чымырап чыкты. Ага карабай атасы патрон сунуп жатты.

– Окто, бол, ат! Тезирээк!

Жээкте жайынча жүргөн күндөрүндө мылтык атканды үйрөнүп, көнүп калган иши азыр болбой жатты. Винчестердин затвору баш ийбейт. Ал ортодо Мылгун тизелей калып, сууга кирип бараткан нерпаларды кубалай дагы эки жолу атты. Бир нерпага ок тийип, жараланган неме дал суунун боюнда жандалбастап калды. Аңчылар тура жүгүрдү. Үйүр-топ ал арада деңизге кирип, көрүнбөй кеткен.

Жаралуу нерпа куйругу менен шагылдуу жээкте чапкылап, сууга жете албай жаналакетте жатат. Аңчылар мына жете бергенде нерпа эптеп сууга кирди да, толкун арасына кызыл көбүктүү из калтырып, калакка окшош канаттуу колу менен далбасалап суу эшип, мөлтүр иңирт тереңге кирип кете берди. Коркконунан чанагынан чыккан көздөрү, желкесинен куйругунун учуна чейин созулган жонундагы күлгүн көгүлтүр жол сызыгы айкын көрүнүп барды. Эми атып кажети жок эле, ошол үчүн Мылгун мылтыгын жер карата кармады.

– Жөн кой, баары бир чөгүп кетет,– деди Эмрайин.

Кириск болсо өзүнө өзү ыраазы болбой, берекеси кетип, апкаарып турган. Анын үмүтү чоң эле. Мына сага кыйын мерген!

– Капа болбо, сенин олжоң али алдыда, – деди Мылгун атылган нерпаны союп жатып. – Азыр Орто-Эмчекке барабыз, аердин аңы мындан арбын.

–Шашып калбадымбы деген болду эле Кириск, атасы сөзүн бөлдү:

– Актанба. Мылтык кармагандан эле элдин баары аңчы боло калган эмес. Атканды билесиң, аман болсоң аң сенден качып кутулбайт.

Кириск унчукпады, ичинен чоңдор аны көп жемеге албаганына ыраазы болуп турду. Эми бекем бүтүмгө келди: мындан кийин ашыкпайын, алактабайын, башка нерсени ойлоп алаксыбайын, атам үйрөткөндөй тыноо менен көзүм кароолго тогошкондо ок чыгарайын.

Атылган нерпа кадыресе чоң экен, эттүү-майлуу денесинен али жылуу тарай элек. Мылгун нерпанын ичин жарып, канагаттана алаканын укалады: «Буюрса, казысы төрт эли экен!» –деди.

Жаңкы капалыгын унутуп салып, Кириск жардамдашып жатты. Кайыкты жакыныраак жерге айдап келиш үчүн Эмрайин ал ортодо Органга кетти. Көп өтпөй кайра келди да, алда неге абыгер чеккендей сүйлөдү:

– Убакыт аз, ылдамдагыла! – Асманды карап, өзүнчө кобурады.

– Күндүн ырайы жаман…

Мылгун нерпанын боору менен жүрөгүн калтырып, ичеги-кардын оодарып салды да, этин мергенчилер эки шыргыйга салып көтөрүп, кайыкка алпарышты. Эки винчестерди көтөрүп, артынан Кириск барды.

Жээкте кайыктын жанында Орган күтүп турган, кубанып калды.

– О, Курнг![1] О, кудай! Сага ыраазыбыз! Жолубуз болду, башталышы жаман эмес! – деди бычагын кынынан сууруп жатып.

Аткан нерпанын боорун жеш мергенчинин расми. Орган жүйүр отура калып боорду тилке-тилке кести. Беркилер да жанаша отуруп, ар ким өз шыбагасына чымчым туз сээп сугуна баштады. Килтилдеген жумшак, жылуу боор даамдуу эле, мергенчилер таңдайларын такылдата тамшана сугунуп жатышты. Майлуу ширеси тилди үйрүп, боор оозго тийди-тийбеди өзү эрип жаткандай. Нагыз эр кишиче аңда жүрүп, чийки боор жеш Кирискенин көздөгөн максаты эле, ага жетти.

– Сугун, чоңураак сугун! – деп жатты Орган. – Түн суук болот, үшүйсүң. Боор жеген адам үшүбөйт. Муну жеген адамга оору-сыркоо жолобойт.

Ырасы укмуш болду. Тоё жеп алган соң суусата баштады. Бирок суу кайыктагы кол бочкеде.

– Этти азыр мүчөлөбөй эле коёлу, – деди Эмрайин беркилер жеп бүткөндө. Ал дагы эле асманды алактай карап отурду.

– Кийин деле, – деди Орган. – Орто-Эмчекке барганда түнөк алып, чай кайнаталы. Ага чейин чыдай туралы. Кана эмесе, этти жүктөйлү.

Сүзүп кетер алдында мергенчилер бул аралдын Эгесине курмандык шыбагасын таштап кетүүнү да унутпады. Нерпанын жүрөгүн майдалап туурап, кийинки келгенде да ушундай олжо бер дешип, аралга чачып салышты. Ошону менен деңизге дагы чыгышты.

Кичи-Эмчек улам алыстап артта калып баратты. Айланада тунжураган муздак суунун ортосунда жетимсиреген жалгыз аралга жаның ачыгандай. Бечара айласы түгөнүп сууга чөгүп бараткандай. Эмки бараткан багыт Орто-Эмчек, күн болсо эңкейиштеп калды. Жарыкта жетер жерге жетип алышка калакчылар катуулап суу шиледи.

Орто-Эмчекке эрте жетип, кайыкты ык жерге коюп, өздөрү түнөк таап алгыдай болуш керек. Кичи-Эмчек аздан соң чөгүп кеткендей көрүнбөй калды, Ортончу болсо али көрүнбөйт. Кайрадан баягыдай болуп айлана-тегерек бүтүндөй мелтиреген деңиз менен курчалды да калды. Бирок байкасаң суу баягыдай эмес, түнөрүңкү. Толкундары нык тартып, катая түшүптүр. Желдин багыты өзгөрсө да, суу серпини мурунку күүсүнөн токтоно албай жандуу чыбыр. Кайыктын төшүнө тийиши да мурдагыдан катуураак, серпиши күчтүүрөөк. Бирок аңчылардын көңүлүн теке-тукаланткан азыр ал эмес, асман. Бир шумдук болчудай түрү башкача. Жылдын бул мезгилинде боло койбос бейтааныш, сурданган ырай. Кайдан пайда болгону белгисиз абаны ак буурул мунар учкун каптап, кайда бир калың токой өрттөнүп жаткандай, анын ыштуу түтүнүн жел менен айдап апкелип жаткандай киргил мунарык күндүн көзүн каптап алды. Асманды жаап, өз бетинче жел менен кетип жаткандай көрүнгөнү менен мергенчилердин жүздөрү түнөрдү.

– Бу кайдагы балээ? – деп Орган эки жагын элеңдей каранат.

Эми алар калак шилеген сайын Орто-Эмчек азыр көрүнүп калар деген үмүт менен боз чалган деңиз үстүн телмире тиктеп сүзүп келатышты. Үч аралдын ичинен Ортончусу жанга жайлуу эле. Ал ортодо асман ачылып, деңиздин кыйырынан күндүн көзү көрүндү. Ошол чек Деңиз эмес, ааламдын кыйыры сыяктанып, күн айласыз алыста балбылдап турду. Азыр көз уялтпай күндү тик караса болгудай. Ошол кызыл-көк мунарык жээкте күн балбылдап кызарып, аз-аздап булаңгыр кызгылт тартып, батып баратты. Асман ачыла бергенге дүйнөнүн коюну кайрадан жарык болуп, мемиреген тынчтык орноду.

Ошонун өзү деңиздеги төрт адамдын жүрөктөрүн мыкчый баштаган түпөйүлдүктү алып таштагандай болду. Аралдагы түнөк жайдын жагымын ойлошуп, адамдардын көңүлү ачылды.

– Эми кичине чыдасаң алдыдан Орто-Эмчек да чыга келер, – деп Орган жанында отурган Кирискенин көңүлүн жубатып, далысын таптады.

Бала бая эле суусаган, бирок баласыңбы деген тура – атасынын айтканына так туруп, суу суроого батынбай отурган. Атасы жолго чыгарда уулуна деңизде адам сууга заруурат болот, бирок үйдөгүчүлөп каалаган убакта эле иче бериш болбойт деп айткан. Үч аралдын үчөөндө тең бир кашык тузсуз суу жок. Кайыкка болсо ченелүү гана жүк батат. Ошондуктан эл ичкенде гана ичүү керек деген.

Күн жылт этип көрүнгөндө Орган карыянын көңүлү ачылганын байкаган бала:

– Аткычх! Суусадым аябай! – деди ал тартынбай күлө сүйлөп, атасын да жалтактап карап алды.

– Ии, ошондой де? – бырс күлдү Орган. – Жанагыдай боордон кийин жөнү бар. Болуптур, болуптур! Баарыбыз эле суусадык ко дейм, ыя?

Эмрайин менен Мылгундар да баш ийкешти. Суусаган жалгыз өзү эместигине Кириск кубанып калды.

– Андай болсо суу ичип алалы да, анан чылым чегели! – Муну айтып Орган кайык башкарчу калагын бекитти да, кол бочкени алып, калай чайкаган мис ожоого суу шорголото баштады. Бул суу Ала-Дөбөттүн деңизден наркы боорундагы булактан алган муздак, мөлтүр суу эле. Жайкысын жата калып ичсең тамшанткан даамын айтсаң салаңдаган миң түркүн чөптөр чапкылап сиңген жытын айтпа!

Ожоону Кириск тосуп турду. Ожоо толуп, эртерээк ичкенче шашып турду. Ожоо ортологон кезде Орган бочкенин тыгынын тыгып койду.

– Ал, иче кой! – деди Кирискеге. – Анан башкаларга ичир. Абайла, төгүп алба.

Кириск оболу аптыга жутту да, анан сызылта ичип жатып суудан көпкөн жыгачтын жытын сезди.

– Кандыңбы? – деди Орган.

– Ийи.

– Канган жокмун деп турбайбы көзүң. Дагы бир жутум берейин. Боор деген күчтүү тамак, жер үстүндө болсок го бир челек суу ичсең да аябас элем, – деди Орган ожоонун түбүнө суу сызылта куюп.

Кириск чындап канды, чоңдор мындай учурда: жаным-ай, жаным кирип калбадыбы деп айтышчу сөздүн адилдигине көзү жеткендей болду.

Андан кийин калакчыларга аз бөксө ожоодон суу берилди. Аларга Кириск сунуп отурду. Өзү канып алган соң атасы менен Мылгун да канганча ичип алышына тарлык кылган жок. Ал экөөнүн ар бирине эмне үчүн аз бөксөдөн суу берип жатканын Орган түшүндүрдү:

– Сен али кичинесиң, а буларды көрдүңбү кандай алп жигиттер! Иштери да оор. Калак шилегендин суусаганы бир башкача болот.

Эки калакчы ожоону бир тартып эле жутуп коюшту. Дагы куюп берүүгө туура келди. Анткен менен Орган аксакал экөөнө кичине кейип койду:

– Ай, балдарым, абайлагыла. Дайра суунун боюнда отурган жериңер жок.

Тигил экөө болсо, каныбыз катып баратса кантели дегендей мылжыйып тим болушту. Өз шыбагасын ичип болгон соң Орган өзү да мыйыгынан жылмайып, башын чайкады:

– Азыр дайранын бою болбоспу. Чийки боордун күчүн ай, жарыктык…

Анан канжасына тамеки тыгып тамызып, жаны жыргай кере-кере соруп алды. Бул жыргалы акыркы көргөн жыргалы экени азыр капарына кирбеди…

Каптап келаткан балээни алгач Кириск байкады.

Азыр эле жандары тынчып, суусундары канып, дүйнөкапар ырахатка малынышпады беле. Адегенде эле жолдору болуп, биринчи нерпаны атып алышты. Эми аздан соң, аралга жетип, түнөк алып тыныгып, таң ата дагы ууга чыгышмак. Андан жол болсо көп кармалбай үйгө жөнөмөй. Ушинетип ойлогон ой ордунан чыгып келаткан.

Кайык кадимкисинче бет келген толкунду челе сүзүп, жара тилип барат. Орган карыя кайыкты башкарып, канжасын соруп коюп, өзүнүн Айым-Балыгын ойлоп отургандай. Эмрайин менен Мылгун адатынча калак шилеп, чарчап-чаалыгуу сезилбейт, кыймылдары элпек, кооз жеңил. Кириск аларды суктана карап отурат. Ал балалык сезимталдык менен бу чоң кишилердин ар кимисин өзүнчө сынай карап, ой-санаасы ошолордо. Бала ушул экөөнө сыймыктанат, жакшы көрөт, ээн деңиз бетинде өзү ушу экөө менен бир экенине ичинен корстон. Бу кишилер азыр өзү көрүп отургандан башкача болушун же бир кезде башка болгонун Кириск элестетип көз алдына келтире албайт.

Орган карыя туулгандан бери эле ушу азыркысындай кокосу куркуюп, узун моюн, салаңдаган туурук колдору дарактын тамырындай арбайган, баарын түшүнүп, баарыда билип турган көздөрү дамаамат ушинтип шоролонуп келгендей көрөт. Башкача да болмок беле? Ушундай эл кадырлаган аксакалы жок да турмуш болгон бекен? Апасы айткан Кирискеге: «Сен атаңы тарткансың, чоңойгондо айныбай Эмрайиндин өзү болосуң» деген. Көзүң да атаңкын тартып, эмендин жаңгагындай коңур, эки кашка тишиң да эрдини түртүп, куду атаңкындай, чоңойгондо сакалың да атаңкындай кайраттуу, капкара болот деген. Эл бекеринен карасакал Эмрайин дебейт. Кириск мындан да кичирээк кезинде дырдай жылаңачтанып алып булак сууга киринип жүргөн чактарда апасы сиңдисин жакын чакырып алып, бөйрөккө түртүп, жаңсай берер эле: карасаң, карасаң, атасынын эле өзү. Анан экөө шыбырашып алып, бирдемеге кыткылыктай күлүшөт. Анда апасы айтат: «Кириск алган аялы өкүттө калбас, ыраазы болор» – дейт. Анда Кириск өзүнчө таң: «Кызык, эмнеге ыраазы болмок? Мен атамы тартсам эле аялым мага ыраазы боло береби?» – деп ойлонуп калар эле.

Мына ошол карасакал атасы алдында калак шилеп отурат. Сакалы кара, тиши аппак. Москоолунан келген, эки ийнине эки бала конгондой, өз күчүнө ишенген, бирок оор-басырыктуу адам атасы. Кириск атасынын катуу сүйлөгөнүн же башкалардай болуп үстүнө үйрүлүп турганын көргөн эмес. Атасынын көзү чын эле эмендин жаңгагындай коңур түс, коймолжун таза. Атасынын артында кош калакты шилеп, Мылгун отурат. Ал атасынан эки жаш кичүү. Кичүү болгон үчүн ээгинде калың сакалы жок, морждун муруттарындай сербейген тикенек кылдары бар. Мылгун өзү да моржго окшоп кетет. Киши менен сүйлөшкөндү жакшы көрөт, талашканга келгенде жак дегенин бербеген көк неме. Бирөөгө намысын алдырганча өлгөндү артык көрөт. Бир жолу келгин көпөс менен жакалаша кеткени Кирискенин эсинде. Ошол үчүн бүтүндөй айыл эли көпөстүн алдына түшүп, кечирим сураган. Мылгун ошондо да болбойт, турпаты дүмүрдөй мыжыгыр неме эч кимге бой бербей, акыйкаттын эмне экенин мен ага көрсөтөм деп, көпөскө жулунат.

Анда мас эле. Деги өзү ичкилик жаатына жакын. Эл ичинде Эмрайин атасы да жүргөн, башкалар менен биригип, Мылгунду байлап таштамак болушту, бирок бу камандан күчтүү неме бой бербей койгон.

Мылгун ушундай киши. Кирискеге Мылгун – аке. Эмрайин экөө ынак, ууга дайым бир чыгат, бири-бирине караан, жөлөк-таяныч. Мылгундун уулу али кичинекей, жаңыдан там-туң басып жүрөт. Андан улуу эки кызы бар. Карындаштарына Кириск камкорчу, калканыч, чекеге черттирбейт. Апасы да эки кызын жакшы көрөт, алар Псулк менен ойноп дайым эле Кирискенин үйүндө, апасы үйрүлүп түшүп турат. Бирок кыздардын сулуусу Музлук. Ырас, чоңойгондо аны башка жакка күйөөгө берет имиш, ошонусу кыйын. Эгер Кириск өзү алып, эч кимге бербей койсо эмне…

Жээкте жүргөндө Кириск мындай нерселерди сейрек ойлочу эле, эми айылдан алыс жүргөндө демейки жөнөкөй нерселер башта белгисиз мааниге ээ болуп, жүрөгүн сыздатты. Негедир Кириск Ала-Дөбөттүн аркы бетинде, токой четинде, дайранын жээгинде калган айылына кайткысы келип кетти, Айым-Балыктын тукуму жайлаган эзелки конушун, нивхи элин катуу сагынганын сезип, жаны ачыды. Апасын сагынганына жүрөгү сыздады. Бирок алар азыр алыста калды, жээкти бойлоп тынбай жорткон Ала-Дөбөт да алыс калды. Кириск эриксизден артына кылчайып, жан жагын карай берип, күтпөгөн шумдукту көрдү.

Асман-жердин ортосун чылк каптап, айры тилдүү ажыдаардан бетер сүрдүү сур туман басып келатыптыр. Түнөргөн суунун үстүндө уюлгуп, улам жеткенин жеткендей жутуп көрсөтпөй, каратып туруп эле каптап келатат. Кадимден калган тирүү желмогуздай, буларды кайык-пайыгы менен тирүүлөй жутчудай, бүт дүйнөнү жалмап салчудай болуп араанын ачып келатат. Кириск баягыда арал деп алыстан бир чоң караан көрбөдү беле, бул туман дал ошол тараптан келатат.

Анда Кириск деңиз бетине кыймылсыз орноп калган кара-бозомук караан көргөн. Азыр болсо ал караан улам көөп, чоңоюп, көз көрүнөө деңизди жалмап, айдаган шамалдын ыгы менен токтоосуз келатат.

– Карагылачы! Карагылачы! – деп Кириск коркконунан кыйкырып жиберди.

Баары алаңдай түштү. Бир саамга калаксыз калган кайык чыбыр толкун үстүндө калтылдап кетти. Ошол ошо болду, калың туман астынан атырылып чыккан алп толкундардын күркүрөгөн доошу жетти. Кыр артынан болуп кулак тундура күркүрөө менен өмгөктөп, өзүнөн өзү жаралып, кайра өзүнө өзү урунуп талкаланып, кайра күчөп жаралып, тоодой толкун жапырып кирип келди.

– Бур кайыкты! – деп жаны кашая кыйкырды Орган. – Тумшугун тос!

Калакчылар кайыкты толкунга түздөп бургуча жетип келген албуут, тилсиз жоо Органдын кайыгын аз жерден аласалдырып кетпеди. Бир толкун өтө берди, артынан деңиз кайнап жатып калды. Ал аңгыча болбоду, туман кирип келди. Каптаган туман нымдуу, муздак илеби менен жетип келгенде бул өзү жамандыгына салтанат курган, кайра тартпас, аябас, өзүнчө эле ичтен оргуп кайнаган, тили жок, бирок жандуу түнт күч экени билинди.

– Желдин багытын эстеп калгыла! Желдин багытын! – деп кыйкырган Органдын үнү угулду да, жылчыгы жок туңгуюк каран түн басып калды. Чексиз караңгылыктын түбүнө ныгырып, туман көчкүдөй бүктөп басты. Көз ирмем ортосунда аңчылар бу дүйнөдөн а дүйнөгө секирип түшкөндөй болду. Кулак тунду, көз жабылды.

Асман да, деңиз да, атүгүл кайык да жоголду. Аңчылар жадегенде биринин өңүн бири көрө албады. Деңиз боркулдап кайнап, тыным бүттү, алпурушуу башталды. Толкундар кайыкты чабындыдан бетер бирде өөдө ыргытат, бирде ылдый кулатат, бирде серпип таштаса, бирде түбү жок кургуйга түртүп жибергендей болот. Чачырап жаба чапкан суудан кийимдери шөмтүрөп оор тартты. Баарынан жаман төрт тарап билинбей калганы болду, чылк каптаган караңгы туман ичинде адамдар эмне кыларын, тегерегинде эмне болуп жатканын аңдай албай айла куруду. Эптеп кайыкты толкунга коңтортуп албай түз кармап, бет келди далбас уруштан башка арга калбады. Белгилүү бир тарапка багыт алып сүзүү деген жок. Буркан-шаркан түшкөн толкундар кайыкты кайда алпаратканы да белгисиз, бу шумдук канча созулары да белгисиз болду да калды.

Аңчылар бороон-чапкынга учурап, таптакыр апат болуп кеткендерин Кириск далай уккан. Андайда жээкте калган катын-балдар үмүт үзбөй Ала-Дөбөттүн бооруна көп күн, көп түн бою улуу от жагып, ажап болор бекен деп күтө беришчү. Ошондойду көргөн кездерде да Кириск ачык деңиз бетинде өлүү мынчалык коркунучтуу болорун элестете албаган. Асыресе жөө тумандан адам апатка учурайт деп үч уктаса түшүнө кирбеген. Туман деген адатта кыштын күнү келе турган күнүмдүк мейман да. Туман түшүп, дүнүйө аппак сүт дарыясына чөмүлүп, жер бетиндеги заттын баары булаңгыр арасынан күүгүмдөп көрүнүп, көңүлдү белгисиз түпөйүл үрөй ээлеп, жомоктун ажайып окуяларын күттүрчү туман моминтип арга түгөтөр жоо болорун ойлобогон. Азыр болсо бууракандаган деңиз бетинде биресе жазылып, биресе жыйрылып, жалдуу ажыдаардай соруп баратат…

Отурган ордун тырмышып мыкчыган Кириск эми калтырак басып, Органдын аяк астына бүжүрөдү.

– Мени бек карма! Бекем карма! – деп Орган кулагына кыйкырды.

Башка бирдеме айтууга же жардам берүүгө абышканын чамасы жок. Баланы бул абалдан эч ким куткара алмак эмес. Жинденген табигат алдында баары тең эле. Кириск бакырып ыйласа да Эмрайин атасы ордунан туруп келе алмак эмес, анткени мобул түйүлүп келип согулуп, чарт жарылып жаткан толкундардын азоо жалында калак шилеп, кайыкты эптеп коңторбой кармап турган Мылгун экөө гана. Толкундар болсо кайыкты делдектетип кер караңгы тумандын туңгуюгуна алып кете берди, кете берди. Кайыкты баш оогон жакка жибербес үчүн Орган башкарган калагы менен жакшылап эле алпурушуп көрдү, бирок буркан-шаркан толкун бастабай кайра күчөй берди.

Болсо тун ортосу деле болуп калды окшойт. Туман ичинде кайсы маал экенин билип болбойт. Түн киргени алар тек көзгө сайса көрүнгүс караңгылыктын калыңдай бергенинен улам баамдаган. Ушул көр караңгыда алаамат күч менен тырбалаңдап алышып, жеңери жок, жеңилери даана, үмүтсүз күрөш жүрүп жатканына көп болду. Ошентсе да, үмүтсүз шайтан деп, үмүттүн куйругуна жармашып, бул алаамат кандай капилет башталса, ошондой бүтүп калгысы бардыр деп, туман суюлса андан аркы айланы өздөрү эптеп табарын ойлоп, нивхилер жанталашууда, нивхилер аргасыз, дармансыз күрөшүүдө.

Бир ирет алиги өчүп бараткан үмүт жылт эткендей болду. Алаамат толкун бастагандай, кайыктын тынымсыз чайпалышы да аздагандай, жаба чачыраган толкундар токтогондой болду. Тыгызданып басып турган капкараңгы түн гана суюлбады. Мына, ошондо биринчи болуп Орган карыя үн катты:

– Бу сүйлөгөн мен! Кириск менин жанымда! Уктуңарбы?

– Уктук. Биз ордубуздабыз! – деп кырылдады Эмрайин.

– Шамалдын багытын эстеп калдыңарбы? – деп кыйкырды Орган.

– Анын кажаты канчалык? – деп Мылгун кыжырлана кыйкырды.

Карыя унчукпай калды. Чынында да эми шамалдын багытынын кажаты жок эле. Баятан бери аларды каякка алпарып салды, азыр каерде жүрүшөт, белги болор аралдары алыспы-жакынбы, белгисиз. А балким, ушинтип отуруп аларды дайынсыз бир алыска алпарып таштаар, кайрылып алар Эмчектерин таба албас. Каран түн желкесинен баскан, кайыктын тынбай калтаңдаганы башын ооруткан кайран Орган катуу ойго кетип, үнү өчтү. Эгер кудайдын колдогону эле болсо, анда аларды толкун аралдардын биринин аска ташына чаап талкалабай ачык деңизге алыс алып кеткени болор. Бирок деңиз бетинен арал көрө албай, асмандан жылдыз көрө албай багыт белгилеп кутулуу да жок. Ошол үчүн Органдын айласы түгөнүп, айтар сөзү оозунан түшүп отурду. Антсе да аздан соң кыйкыра үн салды:

– Алиги шамал Тланги-ла болчу!

Эч ким жооп кайтарбады. Калакчылардын сүйлөөгө чолосу жок эле. Орган кайра тим болду. Аяк астында бүрүшкөн Кирискенин бүткөн боюн калтырак баскан. Ошондо Орган кайтадан кыйкырды:

– Силер чыдап кармангыла. Биз Кириск экөөбүз суу сузуп төгөлү!

Эңкейип Кирискени кайсалап тапты да, баланын аман-соо экенине көзү жеткен соң:

– Кириск, сен коркпо, – деди балага. – Кел, кайыкка толгон сууну сузуп төгөлү. Болбосо жаман болот. Ожообуз бирөө эле, мына таптым, сен бу чөмүчтү ал, а да болсо огожо… Кармадыңбы? Чөмүчтү ал дейм…

– Алдым, аткычх. Качан бүтөт бу… Коркуп атам, чоң ата!

– Мен да коркуп атам, – деди Орган аксакал. – Бирок биз эркекпиз да, эркекке коркунуч буюрган.

– Чөгүп кетпейбизби, аткычх?

– Чөкпөйбүз. Чөксөк – бешенеге жазылганы ошол. Кана, бир колуң менен мени бекем кармап ал да, бош колуң менен суу сузуп төгө бер.

Орган учурунда эстегени жакшы болуптур. Деңиз кичине бастай түшкөнүнөн пайдаланып кайык түбүнө чогулган сууну сузуп жиберишти. Сыйпалап суу сузуп жатып, Орган кайык түбүндө жаткан кол бочкени Кирискеге карматты.

– Кириск, – деди Орган баланы колдон алып, – мына ичер суубуз бар кол бочкебиз. Кармадыңбы? Эсиңде болсун, кыямат болуп кетсе да муну колуңан чыгарба. Кучактап кармап ал. Ичер суубуз жок калганча өлгөнүбүз жакшы. Түшүндүңбү? Эч кимден жардам күтпө… Уктуңбу?

Карыянын муну айтканы жакшы болуптур, учурунда эскертип койгону жакшы болуптур, көп өтпөй пайдасы тийди. Кичине бастай түшкөн толкун кайра күчөп келди, караңгы түн, кара туманда калган адамдардын алсыз, аргасыздыгына өчөшкөндөй жиндеп келди, азганакей бастай түшкөнүнө адамдардын алданып, көңүлдөнө түшкөнүн табалагандай албууттанып келди. Көрүнбөй келип, туш келди соккулаган толкундарга Органдын кайыгы чамындыдан беш бетер чар көпөлөк айланды. Толкун серпини капталбоорун качырата ургулап, аша чаап ичине куюлуп жатты. Кайык кырына чейин сууга батып, чөкмөй болду. Орган эмгектеп жүрүп, ожоо менен жанталаша суу сузуп төксө да болбой кайра толо берди. Ошондо калакчылар жан кашая ачуу кыйкырды:

– Ыргыт баарын! Чөктү-үк! Ыргыт!

Кириск чыңырып ыйлап жиберди, бирок аны уккан жан болбоду, эч кимде аны караар арга жок эле. Бала кол бочкени бооруна баса кучактап, кайыктын коңулуна бүктөлө жатты. Ыйлагандан тула бою солуктап, муштумдай болуп жыйрылып жатты. Кандай балээ болсо да кол бочкеден ажырабаш керектиги эсинде. Чөгүп баратышканын билип жатты, билсе да Органдын айтканын кылып, эси-дарты кол бочкени сактоо болду.

Сууга кап ортосунан аша аптыгып батып бараткан кайыкты эмне болсо да сактап калуу керек эле. Калак шилеп Мылгун калды, кайык оодарылып кетпестин аракетинде ал жанталашып жатты. Орган менен Эмрайин экөө кайыктагы бар болгон дүнүйөнүн баарын сыртка ыргыта баштады. Башка арга калбаган. Деңизге эки бирдей винчестер мылтык, ором-ором аркандар, гарпун, дагы башка буюмкечелер, атүгүл Орган чалдын тунуке чайнеги да кетти деңизге. Баарынан кыйыны нерпанын эти болду. Суу чайып чылпылдаган оор тулку ордунан жылар эмес. Аны кайыктын түбүнөн оонатып алып, кайыктын кырынан алыс оодарып жибериш керек эле. Тобокел кылып бел байлап алыстан суу кечип келгендеги олжону эми таштабаска чара жок. Күшүлдөп-бышылдап оозго келген балит сөздөн аянбай сөгүнүп, экөө өлдүм-талдым дегенде тайдай нерпанын этин кайыктын кырына чыгарып, андан ары оодарып жиберишти. Ушул буркан-шаркандан кайнап жаткан деңиз бетинде, толкундар арасында да нерпадан кутулган кайык жеңилдей түшкөнү сезилди, кайкаң этип калкып чыга түштү. Анык ажалдан куткарып калган айла да ушул болду белем…

Башкалардан мурун Орган ойгонду. Теребелин чылк каптап турган дайынсыз боз ээндикти элеңдей карап, оболу өзү каерде экенин, тегерегиндеги көз тешип төрүн көргүс, кыймылсыз дүйнө кайсы дүйнө экенин аңдай албай эсеңгиреп бир аз отурду. Бу дүйнө чалкар океандын учу-кыйырын доошсуз, кыймылсыз жана козголбос болуп басып турган Улуу туман болучу. Улуу туман улуу сүкүттө орноп жаткан кези эле…

Аз-аздап айланага көзү үйрөнгөндө Орган обол мурун кайыктын сүлдөрүн, анын ичинде жаткан адамдардын булаңгыр караандарын көрдү. Калактарынын жанына Эмрайин менен Мылгун сулаптыр. Түндөгү алпурушкан кармашуудан тырп этер алы калбаган бул экөө майданда окко учкан жоокерлердей отурган-отурган жерлеринде кулаптыр, тек сызылып чыккан үзүк-үзүк тыным алганына карап тирүү экенин билесиң. Абышканын аяк астында кол бочкени кучактаган калыбында бүк түшүп Кириск жатат. Уктап жатса да үшүгөнүнөн калч-калч этет. Органдын боору ооруду, бирок жардам берер арга таппады.

Түнкү шумдуктан эсеңгиреген абышка куудай башы салбырап, кайыктын соорусунда мүргүп отурду. Тула бою зыркырап сыздап ооруйт. Шадылуу узун колдору жансыз салаңдайт. Узак өмүрүндө не бир кыйын кезеңди башынан кечирсе да, мындай шумдуктуу тозокту көргөн эмес. Азыр болсо өздөрү кайда экенин, кургак жерден алыстабы, жакынбы, деңиздеби же түнкү шамал аларды ачык океанга айдап чыгып салдыбы – эч бирине акылы жетпей отурат.

Азыр күндүн кайсы маалы экени да белгисиз. Жылчыксыз басып, кыймылсыз дымып алган бу туман ичинде күн менен түндүн ажырымы билинбейт. Адатта түндө башталган деңиз шамалы таңга маал басылчу эле, андай болсо азыр күндүзү болуш керек. Балким, түш ооп калган чыгар. Кудай бир жалгап тирүү калгандарына кубанса да, не деген менен Органдын шылкыйып ойго батар жөнү бар эле. Колдо бардын баарынан айрылышты, келгин соодагерлерден жалынып жатып жүздөгөн кундузга айырбаштап алган винчестер мылтыктарына чейин кетти деңиз түбүнө! Эми эки жуп калак менен кол бочкедеги бөксөргөн суу калды. Алдыда кандай тагдыр күтүп турганы белгисиз.

Ырас, тиги калакчылар ойгонушуп, эсин жыйган соң ийри отуруп, түз кеңешер. Бирок ошондо деле кайсы багытка сүзүүнү ким айта алат? Бул бир. Экинчиден, түн кирип, туман тараса, асмандагы жылдыздар менен багытты баамдап алууга болор. Бирок дагы канча убакыт сүзөрдү ким билет? Жол алыспы, жакынбы, аны ким билет? Ал-кубат, чыдам жетер бекен, жетпесе кантишет, аны ким билет? Баарынан да бу туманды айтсаңчы, не деген тажаал туман? Деңиздин бетин чылк каптап, былк этпестен басты да койду. Түбөлүк катып калгандай. Чын эле бардык жер ушундайбы, бүт дүйнөнү көр туман биротоло басып алганбы?..

Чылым тарткысы келди, суу ичкиси келди. Бирок чылымды ойлоп куру бекер кыжаалат болуунун кажаты жок эле, анткени каткан тамекисинин баары былжырап суу болгон. Канжасы кайда калганы да белгисиз. Сууну кантет? Тамакты кантет? Орган муну ойлоодон коркту. Азырынча чыдай турар, азырынча муну ойлоп жан кейитүү болбос…

Деңиз бети тынч. Кайык бир ордунда болор-болбос чайпалат. Аны айдаган толкун жок, бир жакка сүзө турган ою да жок. Сууга ташталган калактар да кыймылсыз калкып жатышат. Эмрайин менен Мылгун байкуштар калактарды кайыктын кырына чыгарып коюуга да дарман келбей тырп сулаган экен.

Леп эткен жел жок, өлүк туман ичинде өлүк тынчтык орноп калган. Деңиз жатат тунжурап, туман тура тунжурап, ашыкканда эмине… ашыгар жак белгисиз…

Муңая башы салбырап, абышка кайра уйкуга кетти. Бир маалда аны Кириск ойготту.

– Аткычх! Аткычх! – деп жулккулап жатты бала. – Суу ичкибиз келип атат.

Орган селт чочуп ойгонуп, маңдайындагы үч тууганы аксакал деп андан акыл күтүп жалдырап отурушканын көрдү. Суу бөлүштүрүүнүн азабы эми мойнуна түшкөнүн Орган түшүндү…

Туман баягысындай эле чылк каптап, кыймылсыз, Деңиз баягысындай эле тунжурап тынч жатат. Күндүн калган мезгилин алар дайынсыз, шашпай сүзүп жүрүп отурушту. Бараткан максаты белгисиз, багыты белгисиз.

Кайыктагылар эсин жыйып, жагдайын түшүнгөн соң бир орунда жалдырап тура бериш да болбоду. Ошентип сүзө беришти. Каякка сүзүп баратышканын билбейт, балким, жерге жакындап баратышкандыр же кайра жерден алыстап кетип баратышкандыр. Канткен менен баш ооган жакка кете бериштин өзүндө аракеттин үмүтү бар эле.

Туман суюлар, ошондо бир айла табылар деген үмүт жетеледи. Туман суюлгудай болсо, жадегенде түнкүсүн жылдыздарды көрүшөр, ошондо жол көрсөтөр жылдызды карманарбыз деген үмүт жетеледи. А балким, кайсы бир аралга барып такалар. Андай болсо кийинкиси оңой эмеспи. Ошентип алар азырынча туман сүңгүп, дайынсыз сүзүп баратты.

Ошондой абал болсо да Орган карыя кайык ичинде тартипти бекемдеди. Аяк астында чылпылдаган саркынды сууну кайык түбүнөн сузуп салышты. Бала үшүбөсүн, тезирээк кургансын деп Кирискени бооруна кыса жанына отургузду. Ичер суудан баарына тең бөлүп берди. Түндөгү алааматтан кийин алдан тайгандар кана жутуп алсын деп, бу жолу баарына аз бөксө ожоо суу берди. Анан катуу эскертип койду: мындан ары Орган өзү туура тапкан учурда гана, Орган өзү канчадан куйса ошончо гана суу ичишерин айтты. Ошентип маселенин башын ачып, кол бочкени чайкап койду. Суу жартылай эле калган экен.

Өчөйүн деген үмүткө кээде капилет кубаныч жарк этет. Азыр да ошондой болду: кол бочкени алып суу куйганы жатканда анын далдасында, кайыктын куйрук астындагы коңулунда нерпа терисинен тигилген дорбо көрүндү. Ичинде туздалган балык бар экен. Күлазык салынган капчыктары түндө башка буюм-кечелер менен кошо сууга ыргытылбады беле, Мылгундун катыны дайындап берген бу дорбо болсо Кириск кол бочкени жанталаша бооруна басып жатканда астында кошо калган белем. Дорбодогу туздуу балык деңиздин туздуу суусуна ого бетер чыланып, оозго алгыс болуп калыптыр. Ошентсе да тамак эмеспи. Эгер ичер суу менен болсо бу балык да тамак болчудай. Бирок суусатарынан коркуп азыр балыкка эч ким жутунган жок. Туман качан тарайт деп, баарынан күткөнү ошол…

Кыймылсыз-үнсүз туман ичинде калактардын ашташы гана муңдуу чыйкылдайт. Мобу улуу жымжырт ичинде бу чыйкылдак адашкан адамдын жардам сурап:

– Кайдамын, кайдамын? Кантип табам, кантип табам жолумду? – деп жалына онтогонундай угулат.

Туман качан тарайт деп, баарынын зарылганы ошол… Бирок туман тарабады, тараар түрү жок. Уюп жатат. Жерди да, Деңизди да, Асманды да – бүткүл жарык ааламды өзгөчө бир бөтөн ааламдан келген деми нымдуу, коюну суук беймаалим бир желмогуз оп тартып алгандай… Тумандын суз коюнуна кайрадан капкараңгы түн кирди. Башта эле эчтеме көрүнбөгөн теребел эми таптакыр түнөрүп алды. Жылдыз түгүл асмандан дайын жок. Эптеп жылып жүрүш үчүн дайынсыз бир жакка сүзө бериштин эми кажаты жок эле. Жалгыз үмүт, жалгыз тилек асманда, жылдызда калган. Зарыга күткөндөрү ошол. Кирпик какпай күтүштү. Жанды кашайтып, айланы түгөткөн мобу туманды айдап кетер болсочу деп, шамалдын илебин элейе күтүштү. Асман бетин ачсаң боло деп Теңирге жалынышты, деңиздин коңулунда жаткан шамал ээси ойгонсо боло деп, ал саксагай, жалдуу айбанга жалынышты. Биринен ажап болбоду. Алардын какшаган зарын эч ким укпады, туман тарабады.

Жылдыздын көрүнөрүн Кириск да зарыга күттү. Демейде асманга илип койгон оюнчуктардай жылтылдаган жылдыздар азыр ага баарынан кымбат, баарынан керек эле. Кечээ кечтен бери башынан кечиргени баланын үрөйүн алып койду. Баланын көңүлү калып, булганып, үмүтү кыйрап, биротоло сынып калышы азыр оңой эле. Тиги чоң кишилердин ушунча кыяматка чыдап, такыр айла-амал түгөнгөн чакта да акыл-эстен адашпай бир-бирине эш болушканы гана балага кубат кошуп, тажаалдын бу жолку тозогунан да эптеп кутуларбыз деген үмүт шооласын сактап турду. Асмандан жылдыз көрүнсө эле азаптан арылабыз деген ишеним баланын көкүрөгүнө жылуу уялап алды.

Ошол саат эртерээк келсе боло, эртерээк жерге кайтып, Ала-Дөбөтүнө жетсе экен, кана эми, эртерээк болбойбу ошол саат, курсагы ачып кетпедиби, каны катып баратпайбы, дагы канча чыдайт, улам чыдаган сайын ого бетер курсагы ачып жатпайбы, ого бетер каны катып баратпайбы, баланын үйүнө эртерээк жеткиси келип атпайбы, апасын сагынбадыбы, туугандарын, айылын, там-таштын үстүнөн көккө чубалган түтүндү эртерээк көрсөм деп көксөп баратпайбы, баягы мөлтүр булак, баягы оонап ойночу көк майсам кайда деп сыздап баратпайбы…

Адашкандар түнү бою күдөр үзбөй күтүштү, бирок эч өзгөрүү болбоду: туман баягысындай эле бир ордунда ныгырылып, асман ачылбады, жылдыздар жыбырап жайнап чыкпады, деңиз түнөргөн көр караңгынын астында көрүнбөй көлбүп жата берди. Туман туткунундагылар түнү бою каны катып суусап чыгышты. Нымдуу туман титиретти-калтыратты, бирок канча үшүсө ошончолук суусай беришти. Чаңкаган жалгыз мен го деп Кириск ойлосо, башкалар андан бетер тилдери ооздоруна батпай азап чекти. Бирок баарынан да бала катуу кыйналды. Баарынан бөтөнчө суусаганына ого бетер кыйналды.

Бир оокумда Кириск чыдай албай кичине суу сурады эле Орган чал бербеди.

– Жок, – деди ал катаал айтып, – азыр болбойт. Чыда!

Жанараак кечкурун Эмрайин, Мылгун, Кириск болуп, үчөө ачкалыкка чыдай албай алиги туздуу балыктан кичине жеп алышты эле, эми ошого оозу кургап, ичи от менен жалын болуп баратканын Орган чал билсе кана. Балыктан кийин кичине суу ичишкен, бирок аз өтпөй мурдагыдан бешбетер суусап чыгышты. Анда Орган чал балыкка караган эмес, суу да ичпей койгон, бир ууртам сууну өзүнөн аяп койгон. Органдан башкалары ошол күнү эрте менен, кечинде болуп, эки ирет суу ичишти. Кечкисин ожоонун түбүнөн эле куюп ичишкен. Кол бочкедеги суу болсо азайгандан азайып барат.

– Суу, суу, суу – деп, жүрөгү да суу деп кагып, каның кургап калганда тумандын түрлөрүн күткөнүң жүз эсе азапка айланат экен. Түнү бою ушул азап болду тарткандары… Түнү бою оңбогон туман муздап, коюлуп жата берди. Деңиз да түнү бою былк этпестен уюп жата берди.

Эртеси эртеменен дале баягы, туман коюну гана саал буурул-боз тартып, айлана кененирээк көрүнүп калыптыр. Эми кайыктагылар бири-биринин өң-түспөлүн айра таанып алышты. Кайыктын тегерегиндеги деңиз бети да сымаптай оор көлбүп, көгүш-сур тартып өлүмсүк көрүнөт. Минтип туруп калган өлүү сууну Кириск башына жүн чыкканы көргөн эмес. Үлп эткен жел жок, кулак-мурун кескендей ың-жыңсыз дүйнө.

Ошол күнү Кириск чоң кишилердин өңү-түсү аябай өзгөрүп кеткенин көрүп, таң калды. Жаактары шылынып, сакал-муруттары өсүп, көздөрү чүңүрөйүп, тегерегин көгүш желе каптап, үчөөнүн тең кебетеси айыкпас ооруга чалдыккандай. Эң күчтүү, анча-мынчага бой бергис деген атасы баштагысынан башкача. Сербейип сакалы гана калыптыр. Тиштегилей берген эрини кеберсип, канталап каракөк тарткан. Кириск уулун да жаны ачып тиктейт, бирок айтпайт.

Үчөөнүн ичинен Орган карыя алдан катуу тайган экен. Сакал-чачы мурдагысынан бетер куудай агарып, кокосу коркойгон моюну ого бетер узарып, көздөрүнөн аккан шоросу көбөйүп, бүкчүйүп калыптыр. Көз карашы гана танбаптыр. Акылман аксакал экенин айырмалап көз карашында дале баягысындай кеменгерлик, катаалдык бар, өзүнө гана тиешелүү дөөлөтү калыптыр сакталып.

Бу келген күн да ууртамдап суу бөлүшүү азабынан башталды. Орган өзү бөлүштүрүп куюп жатты. Кол бочкени колтугуна кысып, ожоого сызылта суу чорголотсо колдору калтырайт. Биринчи болуп Кирискеге сунду. Суу келгиче Кириск араң чыдап отурду. Ожоонун кырына тиштери шакылдап тийип, кылт-кылт суу жуткан чакта гана тамагы жибиди, ичиндеги от бир азга өчкөндөй болуп, аптыкканынан башы айланып кетти. Бирок ожоону абышкага кайтарып бергенчекти ичиндеги оттуу желмогуз кайтадан ызырынып ойгонгонсуп, мурункудан бетер ысып-күйүп чыкты. Баладан кийин Мылгун ичти. Анан Эмрайин. Алардын ичип жатканын көрүп эсиң чыгат. Ожоону жутуна алып, алкына ууртап алган соң кайта кайтарганда суунун аздыгына абышка күнөкөр сыяктанып, Органдын көзүнө тике карабай кайтарышат. Өз кезеги келгенде Орган карыя өзүнө куйбады, унчукпастан тыгынды тыгып койду. Кириск көргөн көзүнө ишене албады. Бочке колунда болсо Кириск өзүнө ожоо толтура куюп алып, суусуну канганча, жыгылганча шимире бермек, шимире бермек. Андан кийин эмне болсо ошо болсун. Бир жолу канса болот эле. Орган карыя болсо өз шыбагасынан баш тартты. Каткансып отурса да бир тамчы суудан баш тартты.

– Бул эмне кылганың, аткычх? Ич шыбагаңды! – деп Эмрайин чыдай албай кыр-кыр этти. – Кече да ичкен жоксуң. Өлсөк бир өлөлү да!

– Мен чыдаймын, – деди Орган кебелбей.

– Жок, мунуң жарабайт! – деп Эмрайин кыжырлана корс айтты.

– Андай болсо мен да ичпейм!

– Иче турган деле эчтемеси калбаптыр. Эмнесин талашабыз! – Орган күлүмсүрөмүш болду да, кандай эсиңер жок немесиңер дегенсип башын чайкады, анан бочкени кайра ачып, кичине суу куюп, Кирискеге сунду:

– Мен үчүн Кириск ичип койсун.

Бала апкаарып калды, башкаларда үн жок. Орган ожоону суна кармап турат.

– Ал, Кириск, иче кой, эчтемени ойлобо.

Кириск унчукпады.

– Ич, – деди Мылгун.

– Ич, – деди Эмрайин.

– Ич, – деди Орган карыя.

Кириск тайсалдап турду. Суусап өлүп бараткан бала ожоону ала коюп, көмкөрө жутуп салайын дейт, бирок даабайт.

– Мен ушул өмүрүмдө сууну канча көп ичтим, аны сен билбейсиң. Сен дагы узак өмүр сүрүшүң керек, ошол үчүн… – деп карыя сөзүн аяктабай койду. – Түшүндүңбү, Кириск? Иче кой, сенин ичкениң керек, ичишиң керек, менден кам санаба. Ал!

Бала суудан жута берип, дагы ошол саамда тамагы жибип, ичиндеги алоо басылгандай болду да, саалдан соң мурдагысынан бетер кайра суусап чыкты. Бу жолу ал суунун сасый баштаган даамын сезди. Бирок ал кеп эмес эле. Кандай болсо да иши кылып иче турган суу болсо болду эле. Анткени суу улам азайып, түгөнүп барат…

– Кана, эми эмне кылабыз? – деди Орган ал ортодо берки чоңдорго кайрылып. – Сүзөбүзбү?

Бир топко тунжурап отурушту. Ар кимиси айлана-тегерегин каранат. Кайыктын тегерегинен аркан бою жерден нары туюк, дүйнөнүн эч жылчыгы көрүнбөйт.

– Сүзгөндө кайда барабыз? – деп Эмрайин оор күрсүндү.

– Кайда барабыз дегениң эмне? – деп Мылгун капыстан тарс жарылып кеткендей болду. – Сүзө беребиз, жалдырап тынч отуруп өлгөнчө сүзүп жүрүп өлгөнүбүз жакшы!

– Сүзгөндө эмне, сүзбөгөндө эмне? – деп Эмрайин жекирген болду.

– Бу туманда дайынсыз сүзө бергенден не кажат.

– Туманыңды урганым жок! – деп Мылгун ого бетер опурулду.

– Туманыңды урайын сенин! Билдиңби? Сүзөбүз, болбосо азыр бу каргыш тийген кайыгыңды коңторуп салам, ошондо баарыбыз тең балыктарга бирдей жем болобуз! Түшүндүңбү, Эмрайин чоң сакал, сүзө беребиз дейм! Түшүндүңбү?..

Кирискенин үрөйү учту. Мылгун акесинин бу кылыгына бала уялды. Мылгундуку осол эле, канткен менен Эмрайинден кичүү эмеспи. Демек, Мылгундун куну качып, акылдан адаша баштаганыбы? Же бул отурган төрт нивхи сыртынан гана киши санында көрүнгөнү менен алдагачан ал сапаттан ажырап калышканбы? Шылкыйышып баарынын үнү өчтү. Энтиге дем алып, Мылгун да унчуга албады. Эмрайиндин башы салаңдады. Орган чал болсо ич дүйнөсү билинбей мобу тумандан бетер мисирейип, алдагайда теше тиктеди да катты.

– Сабыр кыл, Мылгун, – деди акырында Эмрайин. – Мен анчейин эле айта салбадымбы. Албетте, бир жерде тура бергенден көрө сүзүп жүргөн ийги. Сенин айтканың жөн. Кана, кеттик.

Кайык жылжый берди. Калак менен кайыктын ашташы кайрадан адатынча кыйчылдап, калактар улам кайып суу шилеп, шиленген суунун орду жыбыраган үнсүз-шыбышсыз толкундарга кайра толуп жатты. Бирок кайык жылбай эле бир ордунда калкып тургансыйт. Канчалык жылып баратканы менен тегерегин чылк чүмкөгөн туман ичинде аралык сезилбейт, бир ордунда эле тегеренип тургансыйт. Ушундан уламбы, Мылгун кайрадан кыжырлана сүйлөндү:

– Сенин туманыңды урганым жок, уктуңбу, батек сакал Эмрайин! Тезирээк кыймылда, тезирээк сүзөлү. Кыймылда дейм, уктаба, эй батек сакал! Туманыңды урайын сенин!

Ошентип алып, өжөрлөнө калак шилеп баратты.

– Бол, жакшылап шиле! Тарт калакты! – деп зөөкүрлөнө берди.

Эмрайин анын жинин кайната бербейин деп унчукпады, бирок кыжыры келип, күчөй калак шиледи. Кайык уламдан-улам катуулай сүздү. Туманды как жарып, жулкуна эргип коюп, белгисиз жакка, белгисиз максат менен баратты. Тумандын чексиз кыйырынан суурулуп чыгып кеткиче шашкандай, кууп өткүчө шашкандай Мылгун менен Эмрайин эрегишип, албууттана калак шилешти. Калактардын алакандарын эрчиген тамчыларды кайпып ыргытып суз жалтылдап, эки жактан суу шуулдап шыбыш чыгарып, эрегиштен ыкчына ыйынган эки калакчынын кара тер аккан беттери бирде эңкейип, бирде чалкалап, калактарын көтөрө бирде кайык түбүнө жүгүнүп, бирде суу шилеп чымыркана асман карап чалкалап, экөө өлөр-тирилерине карабай баратты. Өпкө кага дем чыгарып, шуулдата аба жутат, өпкө кага дем чыгарып, шуулдата аба жутат эки адам…

Алдың – туман, артың – туман, тегерегиң бүт туман…

– Кана! Дагы! – деп Мылгун тамагын кырынып какырынгандан бетер кыркырай добуш салат.

Адегенде Кириск бу шуулдаган ылдамдыкка алданып кубанып, үмүттөнүп калды эле, бара түшүп мунун баары арам тер, куру аракет экенине көзү жетип, корко баштады. Бу кутурган жарышты токтотор деп Органга жалдырай караса, абышка ой-санаасында такыр башка жакта жүргөндөй. Мисирейген өңүнөн эчтеме билинбейт. Абышка ыйлап отурабы же адатынча көзүнөн аккан шоросубу, бетин суу чайган. Кайыктын сорусунда катып калгандай тегерегинде эмне болуп жатканы менен таптакыр иши жок. Кайык болсо калың туманды сүңгүп, максаты дайынсыз, багыты дайынсыз башы ооган жакка кетип баратты…

– Кана, дагы! – деген кырылдак доош ным туман арасында жаңырбай өчөт. – Кана, дагы!

Ушинтип опосуз жүрүш көпкө созулду. Анан бара калакчылар чаалыкты, сүзүш жайлады, анан калактар сууга бош сүйрөлүп, демдери кыстыга эки калакчы шалдайып отуруп калышты. Мылгун шылкыйган башын көтөрбөйт. Ушинтип айла түгөндү. Туманды кууп өтө алышпады, кыйырын бузуп чыгып кете алышпады, баары баштагысындай кала берди: көлбүгөн көгүш-сур деңиз бети, болжоосуз, дайынсыз жагдай, жылчыгы жок боз мунарык. Кайык гана бир азга күүсү менен тегерене сүзүп жүрдү…

Бул жиндеништен эмне майнап чыкты? Эчтеме! Бир орунда тим тура бергенде эмне майнап чыкмак эле? Анда да эчтеме. Ар кимиси ушуну ойлоп отурушту окшойт. Ошондо Орган сүйлөдү:

– Мага кулак салгыла, – деди ал сөзүн салмактап, шашпай (эки күндөн бери наар сызып, тамчы суу ичпеген карыя күчүн үнөмдөгөндүр).– Бу туман көп күн туруп калышы да ыктымал. Ушундай жылдар болот. Ушундай окуя боло келген кээде. Өзүңөр билесиңер. Бу калың туман да сааты чыкмайынча кетпей басып жатып алчу улуу тумоо сыяктуу, деңиз бетин кучактап жети, сегиз, болбосо он күндөп деле жата берет. Сааты качан чыгарын ким билет. Эгер бу туман да ошондойдон болсо биздин ахыбалыбыз кыйын болгону. Балыгыбыз да аз калды, ичер суубуз жок болгон соң туздуу балык тамак болмокпу. Суубуз болсо, болгону мына! – Орган кол бочкени чайкады. Түбүндө төрт-беш эли калган суу шылп-шылп этти.

Эч ким үндөбөдү. Абышка да унчукпай калды. Анын эмне айтарын баары билип турду: сууну күнүнө бир ирет гана, бир кашыктан гана ичүү керек. Ныгырылып баскан туман тараганча чыдап, сууну үнөмдөбөй болбойт. Деңиз бети ачылып, жылдыз же күндүн көзү көрүнсө бир акыл табылар, а балким, жеткенге жараар. Жагдайдын аныгы ушул эле. Башка айла-амал жок. Бирок чыдоо керек деп айтуу оңой, адамдын акыл-ою жеткен нерсеге жан чыдамы жете бергидей эмес. Бу айласы куруп отурган немелер бир кашык суу эмес, агын дайра болсо да оп тартып соолто соруп жибергиси келип отуру.

Арга калбай замана куурулганын айкын билип отурганына баарынан да Орган катуу кыйналды. Чатырыштап бырыш баскан кара-көк бети ичеги-кардын оюп жеп келаткан оорудан улам ого бетер түнөрүп барат. Ушунчалык азапка чыдап отуруш оңойго турбаганы чымыркана алактай караган көздөрүнөн билинет. Өзөгү өрттөнүп калса да тамырына эптеп кармалап турган карт дарактай болуп, Орган карыя дале болсо акыл-эсин жоготпой карманып отурат. Кашындагылардын тирүү каларына шыбаа болор деп ал оюндагысынын баарын айтып калгысы келди.

– Асмандан кулак үзбөй, абаны тыңшап отуруу керек, мен ушуну ойлодум, – деди карыя. – Агүкүк[2] учуп өтүп калгысы бардыр. Ушу мезгилде деңиздин үстүнөн агүкүк деген куш гана учат. Эгер биз кайсы бир арал менен жердин ортосунда болсок, агүкүктүн учуп өткөн багыты бизге жол көрсөтөр эле. Ачык деңиз үстүндө кандай куш болбосун жээкти карай түз учат. Эч жакка кайрылбай жээкке түз учат. Агүкүк да ошентип учат.

– Биз арал менен жердин ортосунда эмес, башка жакта жүрсөкчү? – деп Мылгун башын көтөрбөстөн кежирлене сүйлөдү.

– Анда агүкүктү көрбөй калганыбыз ошол, – деди Орган да салмак менен.

Эмне үчүн ак үкү деңиздин үстү менен учушу керек, кандай зарылдыгы бар анын деп Кириск сурагыча Мылгун дагы кыйкымчылдыгын кылды.

– Ак үкүң биздин үстүбүздөн учуп өтөрүн унутуп койсочу? – деди ал ызырынган мыскыл менен. – Тыяктан учуп өтсөчү, анда канттик, аткычх?

– Анда Агүкүктү көрбөй калганыбыз ошол, – деди Орган жанагысындай эле салмак менен.

– Демек, көрбөй калганыбыз ошол дечи? – деп ого бетер ызырына берди Мылгун. – Демек, антсек да, минтсек да ак үкүнү көрө албайт экенбиз да? Андай болгон соң биз кайсы жыргалыбызга буерде отурабыз? Ыя? – деп ызырынып, тиштенип сүйлөндү да, анан каткыра күлүп жиберип, тынч басылды.

Беркилердин аза бою дүркүрөдү. Айла таппай, үн ката албай отуруп калышты.

Ал ортодо Мылгунга бир ой келгендей болду. Калактын сабын астынан кагып жиберди эле ашташы ажырап кетти. Мылгун кайыктын тумшугуна барып, калакты туура кармап теңселип турду. Ага унчуккан эч ким болбоду. Мылгун да эч кимге көңүл бурбады.

– Э-эй, канчык ! – деп ал жаалдана айкырды. – Эй, шамалдын бакшысы! – Мылгун калакты туңгуюк туманга кезей шилтеп кыйкырды. – Сен иттин тарпы эмес, жамалдын ээси экениң чын болсо, кана шамалың? Же сен ийиниңде жатып арам өлгөнсүңбү, канчык? Же бүт дүйнөнүн дөбөттөрү сага үйүгүп, кимисине көчүгүңдү тосоруңду билбей жүрөсүңбү? Же дөбөттөрдүн улам бири менен чагышып, сен канчык, шамалыңды айдоого чамаң келбей жүрөсүңбү? Же быякта караңгы көрдөй сасык тумандын ичинде биз адашып жүргөнүбүздү туйбадыңбы? Арабызда жаш бала бар экенин билбейсиңби? Арабызда бала бар деп жатам сага, өмүрүндө биринчи деңизге чыккан бала! Бул – иттигиң эмине? Ушунуң адилеттикпи? Түлөндүн сасык богу эмес, шамалдын ээси экениң чын болсо жооп бер, канчык! Шамалыңды айдат! Уктуңбу, канчык? Туманыңды көчүгүңө тыгып ал! Уктуңбу? Шамалыңдын эң каардуусу Тлангила бооронуңду соктур, бизди деңизге коңторуп салсын, толкундары жутса мейли, уктуңбу канчык? Уктуңбу дейм? Түкүрдүм мен түктүү тумшугуңа, сийдим сенин тумшугуңа! Шамалдын ээси экениң чын болсо бороонуңду соктур, бизди деңизге чөктүр, жок, антиш колуңан келбесе, анда сен канчыктын канчыгысың, мен сага дөбөтмүн, сага үйүгүшкөн дөбөттөрдүн биримин, бирок сени карап койбоймун! Андан көрө ме сага! Ме-ме! Жепсиң, канчык, ме, жептирсиң!

Мына ушинтип Мылгун шамал ээсин оозуна келген сөздөр менен сөгүп-сөгүп алды. Шамал ээси бар бекен, бар болсо шамалды кай жерде бекитип жатты экен, Мылгундун сөккөнүн уктубу-жокпу, ким билсин. Мылгун ага болбой алдан тайып, үнү бүткөнчө кыйкырып сөгүп да, суранып да турду. Анан колундагы калакты деңизге ыргытып ийди да, ордуна отуруп, бетин баса өңгүрөп-өксөп ыйлады. Беркилер аргасыз жалдырап карап отурду. Мылгун болсо жээкте калган жаш балдарын бирден атап, аптыга ыйлай берди. Чоң кишинин ыйлаганын көрбөгөн Кириск коркконунан калтырап кетти, Органга жабышып ыйламсырады.

– Аткычх! Аткычх! Бул эмнеси, эмне ыйлап жатат?

– Коркпо, балам, – деп Орган баланын колун кысты. – Азыр басылат. Аны ойлобо. Сага тиешеси жок. Азыр басылат.

Айткандай эле Мылгун акырындап басыла берди, бирок бетинен колун албады, улутунуп эки далысы солуктап жатты. Эмрайин сууда калкып калган калакка кайыкты акырын айдап келди. Калакты бери шилеп, суудан алды да, ашташкан ордуна орнотту.

– Сабыр кыл, Мылгун, – деп Эмрайин жубаткан болду. – Сеники жөн, туманда тумчугуп зарыкканча бороонго кабылганыбыз жакшы эле. Дагы күтөлү, деңиз ачылып кеткиси бардыр. Башка аргабыз кайсы…

Мылгун унчуккан жок. Акылдан адашып, бет алдына тик кароодон корккон немече ал үңкүйгөн калыбында башы жерге кире берди. Туман болсо баягы калыбынан жазбай океанды бүт камтып, өлүү мунарык чеңгелине дүйнөнү кармап турат. Үлп эткен жел жок, өзгөрүү жок. Мылгун канча сөгүп жер-жеберине жетсе да шамалдын бакшысы былк этпей койду. Намысы жок немеби, каарданып бороон соктурбады, боюна теңебеди…

Бир орунда тура бербеске Эмрайин кайыкты каалгыта айдап баратты. Орган оюна чөмүлүп, үн-сөзсүз. Кыязы, ал өмүрүнүн акырында дагы бир жолу Айым-Балыгын ойлоп отурду окшойт. Карыяны кайгылуу ой-санаасынан ойготкон Кириск болду.

– Аткычх, чоң ата, агүкүк эмнеге аралдарды карай учат? – деди акырын.

– Э, айтам деп унутуп калган турбайымбы. Мындай чоң туманда деңиз үстүнөн ак үкү гана учуп жүрө алат. Ал аралдардан аң уулайт, кээде нерпанын кичинекей күчүктөрүн илип кетет. Агүкүктүн көзү курч болот, туманда да, түнкүсүн да күндүзгүдөй көрө берет. Ошонусу үчүн үкү да. Үкүлөрдүн эң чоңу, эң күчтүүсү ошол.

– Менин көзүм агүкүктүн көзүндөй болсочу, – деп шыбырады Кирискенин кеберсиген эриндери.– Азыр каякка сүзөрүбүздү көрсөтүп берет элем. Анан биз жээкке тез сүзүп жетип, иче берет элек. Көпкө ичет элек… Агүкүктүн көзү менде болсочу…

– Э-э, – деп күрсүндү Орган. – Ар кимдин өзүнө буюрган көзү бар.

Унчукпай калышты. Бир топтон соң алиги сөзгө кайра кайрылгансып, Орган баланын жүзүнө тигиле карап айтты:

– Катуу кыйналдыңбы, ыя? Чыда, балам. Дагы чыдасаң, улуу мерген болосуң. Чыда, сууну ойлобо, башка бирдемелерди ойло. Сууну ойлобо.

Кириск чоң атанын айтканына көнүп, сууну ойлобоско тырышты. Бирок ойлобоюн десе деле болбойт. Канчалык тырышып ойлобоюн десе, ошончолук суусап барат. Анан дагы курсагы ачканы ошончолук, жүрөгү айланып, башы тегеренет. Чыдай албай Мылгун акесинче бүт дүйнөнү жаңырта кыйкыргысы келет.

Бу күн ушинтип өтүп жатты. Ажап болуп алыстан толкун күр-шар этип калгысы бардыр, салкын шамалдын эпкини келип, бу дүйнөнүн бир бурчуна кубалап кеткиси бардыр, ошентип ажалдын чырмаган торунан булар кутулуп кеткиси бардыр деп күтө беришти, үмүттөнө беришти. Бирок деңиз бети тунжурап, кулак-мурун кескендей тынчтык башка тээп, ың-жың зыңылдак өздөрүнөн чыгып жаткансыды. Анан калса ачкалык менен суусагандык өзөктү өрттөп, көз ирмемге тыным бербеди. Баарынан да ушу уч-кыйырсыз океандын үстүндө суусагандан өлүп бараткандары жанга батты.

Кечке жуук Мылгун мүргүй баштады. Сөздөн калды, көздөрүнүн оту өчтү. Тамагын нымдап алганга Орган кичине суу куюп берди. Ожоодон көзү өтүп бараткан Кирискени карап, Орган чыдай албады, ага да бир ууртам куйду, анан Эмрайинге да куюп берди. Өзү мисирейип тамчы суу ууртабады. Анан кол бочкени коңулга тыгып коюп, жүзү бөтөнчө жаркып, өзүнчө бийик ойлордун канатында калкып, суусабагандай, суу азабын тартпагандай, боюн түзөгөн жандай маңдайы ачылып көпкө отурду. Аскага конгон бүркүт кебетеленип, кайыктын сорусунда сөөлөттүү отурду. Тагдыры чечилип калганын билгенденби, боюн түзөп, өмүрүнүн акыркы мүнөтүндөгү ишке белсене күчүн топтоп отурду. Бир кем дүйнө – канжасы жоктугу болду. Акыры бир жолу чылым тартып, түтүндү буркурата Айым-Балыгын ойлоп отургусу келди. Кайда сүзүп жүрөсүң, Айым-Балык? Акыреттин тамандырыгын аттаар алдында ал-кубаты менен адамдык касиети эми канчага чыдаарын Орган өзү билип отурат. Алданеге белди бекем буугандай. Ага тобокел дейин десе Кирискени кыйбайт. Кийинки азаптуу күндөрдө бала байкуш жалгыз аны пааналап, жылуу нык издеп жалгыз ага бүрүшө корголоп, абдан боор басып алды эле. Баланы кыя албайт. Бирок ушу бала деп, алигидей тобокелге бел байлап отурат. Орган аксакалдын аз кубаныч, көп азаптуу өмүрүнүн акыркы күнү ушундайча жарк эткен бир жарыгы жок, караңгы кыйноодо аз-аздап түгөнүп баратты.

Каш карайып, дагы бир түн түштү. Бул түнү да аба ырайы өзгөрүүсүз мурдагысындай кала берди. Деңиздеги туман ошол карышкан калыбынан жазган жок. Көр караңгы түн тегеректеп камалап, кыйноосу бүтпөгөн узун түн орноп алды. Атаганат, ушу түн ичинде капилет жел туруп, капилет добул согуп, аалам астын-үстүн түшсө, асман ачылып, жылдыз көрүнсө ээ! Бирок бул түн да пейилин жумшартпады, желдин эпкини сезилбеди, толкундун шапатасы урбады, дүйнө тылсым тынчтыкка басылып, тырп этпей жатты. Чаңкагандан, ачкадан арып-ачып арбак болгон адамдар түшкөн жалгыз кайык тумандуу түн ичинде, барар жагы, кылар аргасы жок илбий калкып жүрдү.

Кириск качан уктап кеткени эсинде жок. Жан чыдабай суусаганына алсырап, көпкө кыйналып жатып уктады. Тирүүлөй кыйнаган бул азаптын түгөнөр чеги жоктой сезилет. Тек суу гана болсо! Суудан башканын эч кереги жок. Ачкалыктын азабы бойго сиңген үйрөнчүк оорудай сыздатып барып, акырында билинбей кетет экен. Суусаганың уламдан-улам алоолоп күчөп, бүткөн бойду өрт алгандай каптап келе берет. Аны басар айла-амал жок. Мындан жашыраак кезинде Кириск бир жолу катуу тумоолоп, эти от менен жалын болуп, төшөктө ачуу терге чөмүлүп жатып аябай суусаганы эсинде. Апасы үстүнө үйрүлүп, баланын ысык чекесине суу чүпүрөк басып, өз алдынча бирдемелерди күбүрөп, көзүнүн жашын көрсөтпөй катып, кошо кыйналган. Атасы анда да деңизде эле. Май чырактын өлүмсүк жарыгында үстүнөн апасынын жаны ачыган жүзү көрүнүп, айланып-кагылган үнү угулуп, өзү алсырап суусап жатканы эсинде. Ошондо да Кирискенин бир тилеги суу болгон: тезирээк суу беришсе, анан атасы эртерээк келип калса деп тилеген. Атасы алыста, апасы болсо суу берген эмес. Суу ичкениң болбойт деген апасы. Чүпүрөк суулап, кеберсиген ысык эриндерине баскан, бирок анысы аз гана жан тынчытып, кайрадан күчөп суусата берген. Суу иче көрбө, каралдым, чыдагын, чыдасаң тез сакаясың деп жалынып, апасы жанынан карыш жылган эмес анда.

– Чыдачы, жарыгым! – деген апасы. – Эрте менен эле ойноп кетесиң. «Чычкан акем, суу бер» – деп ичиңен айта бер. Ошентсең суусабай каласың. Чычкан акеңен суу сура, балам, чычкан жүгүрүп суу апкелип берсин… Жакшылап сурагын…

Ошол түнү күйүп-жанып жатып, чычкан чындап суу апкелип берерине ишенип, апасы айткандай: «Чычканаке, сууберчи! Чычканаке, сууберчи!» –деп жалына берген. Чычкан көпкө келбей зарыктырган, ага болбой Кириск сыздап ыйлап көздөн жашын чууртуп, жалдырай берген: «Чычкан аке, суу берчи!..» Акыры чычкан да келди. Чаңкай түштөгү токойдун кайнар булагынан жорткон желдей салкын экен чычкан. Кыймылы көзгө илешпей, көгүш түс, көк көпөлөктөй учуп жүргөн үлпүлдөк экен. Ошол чычкан учуп жүрүп, үлпүлдөк жүнү менен баланын бети-башын, моюн-көкүрөгүн сылап өтүп, шамал жүргөндөй сергиткен, кеселдин касиретин жеңилдеткен. Ошондо чычкан Кирискеге суу бергендей болгон, бала суусуну канбай иче берген, иче берген, суу түгөнбөй ого бетер ташкындап, башынан өөдө каптап кеткен…

Эртеси Кириск жаны жаркып, көңүлү сергек ойгонгон, алсырап калганы болбосо куландан таза, кулундан ойноок тура келген. Ошондон кийин көпкө алиги суу ташыган чычкан акеси баланын эсинен кетпей койду. Азыр мына адашкан кайыкта суусагандан жаны күйүп, денеси өрттөнүп жатты, бала ошону эстеди, Чычкан акеси азыр келер болсочу! Анан апасын ойлоп, чычкан акеңен суу сура деп үйрөткөнүн ойлоп, эт-жүрөгү сыздап кетти. Чычкан аркылуу өмүрдөн күдөр үзбөөнү үйрөткөн апасы эмес беле. Оозуна тили батпай кургап жаны кыйналып төшөктө жатканда апасы үстүнө үйрүлүп түшүп турган өңүн элестетти. Апасы анда чымын жаны чыркырап, баласына келген кеселди өзүнө тилеп, жаны кейип, көзү жашылданып тиктеп турбады беле. Азыр апасы кандай алда болду экен, кантип жатты экен? Көз жашы көл болуп, деңиз жакалап жол карап, боздоп жүргөндүр… Тунжураган деңиз ага жооп бербей мелтиреп жаткандыр. Мындай шумдукта анын кайгысына эч ким арачы түшө албас. Тек катын-балдар Ала-Дөбөттүн бооруна улуу от жагып, ошону менен апасынын үмүтүн колдоп турушкандыр. Кудай жалгап, баштарына бак конуп, деңизде жоголгондор отту көрүп, туман ичинен жээкке сүзүп чыга келер деген үмүттүн отун өчүрбөй турушкандыр. Алар аякта антишсе булар быякта көмүрдөй капкара, бирок колго илешпеген караңгы, өлүк түндө кутуларга деген акыркы үмүттөн ажырап, дайынсыз калкып жүрүштү. Эки күч бирин бири аңдышкандай. Бирок эки күчтүн аргасы теңдешсиз эки башка эле. Күн менен Аалам жарала электен мурдагы түпсүз караңгылык, бүгүн анын туткунунда калган чалдыбары жок кайыктагы төрт адам. Кыйырсыз океан бетинде бу төртөөнүн ичер суусу, кубаттанар азыгы, жол көрсөтөр жылдызы жок.

Кириск мурда түн ушунчалык капкараңгы болорун көргөн эмес, эс тарткандан берки аз өмүрүнүн ичинде суусагандын азабы ушунчалык кыйын болорун билген эмес. Өзүн өзү алаксытуу үчүн ал бир кезде тумоодон айыктырган суу ташыгыч чычканды ойлоого тырышты. «Чычкан акем, суу берчи!» – деп ал апасы үйрөткөн ушул эки ооз укмуш сөздү үстү-үстүнө кайталай баштады. «Чычкан акем, суу берчи! Чычкан акем, суу берчи!» Айтканындай укмуш боло калбаса да укмуш сөздү айта берди, айта берди. Суусунун басар айласы, суу сураган тилеги эми ушул эки ооз сөз болуп калды… Чычкан акем, суу берчи! Ушинтип өзүн өзү алдап күбүрөп жатып, бала кээде үргүлөп кетет, кээде уйку-соонун ортосунда Орган менен Эмрайиндин кобурашкан сөздөрүн кулагы чалат. Тигил экөө алда неме тууралуу күбүрөшүп көп сүйлөштү. Сүйлөшкөндөрү түшүнүксүз, тири укмуш маек болду. Кээде унчугушпай тымпыйып калышат, кээде туюк сүйлөшүп, туюк бүтүрүшөт. Кириск бүрүшүп Органдын колтугунда жаткан, ошондуктан абышканын кышылдай дем алып, тамагы кыркыраса да өжөрлөнө күч менен айткан сөздөрүн даанараак угуп жатты. Окчунураак калагынын жанында отурган атасынын сөзүн анча даана уга албай калып жатты.

– Сага акыл айтчу мен эмес, бирок дагы ойлон, аткычх, – деп бирөө угуп койчудан бетер акырын шыбырады Эмрайин. – Өзүң акылдуу жансың.

– Ойлондум, көп ойлондум. Ушунум жөндүү болор, – дейт Орган бүтүм кылган оюнан кайтпагандай.

Экөө бир азга унчугушпай калды да, анан Эмрайин айтты:

– Баарыбыз бир кайыктабыз, башка келгенди чогуу көрөбүз, тагдырыбыз бир.

– Тагдыр, тагдыр, – деп карыя күңгүрөндү. – Бешенеге жазылган тагдырдан качып кутулбайсың дечи, – деди деми кыстыга тамагы кышылдап.– Кааласаң моюн сун, каалабасаң каршы тур, тагдыр ошонусу менен тагдыр. Акыры ичер суу, көрөр күн түгөнөрү чын болсо, башкалардын ичер суусу түгөнбөй тура турсун үчүн өз тагдырыңды камчыланганың дурус болор. Өзүң ойлочу, жол ачылып калгыдай болсо, калган күчүңдү үрөп калак шилесең, жээк көрүнүп жакындаса, ошондо жаныңды аман алып жеткирер эки тамчы суу жетпей калса, ошол акылдуулукка жатабы? Бу дүйнөдөн адам ыза болгон бойдон кетпейби.

Эмрайин бирдеме күбүрөдү, анан дагы унчугушпай калышты. Кириск уктоонун аракетин кылып, чычканын чакырып жатты. Уктап кетсе эле чычкан жетип келчүдөй сезилет ага… Бирок уйку келбейт. Чычкан акем, суу берчи!

– Мылгун кандай? – деди Орган.

– Мурдагысындай эле. Жатат, – деди Эмрайин.

– Жатат дечи. – Саал отура туруп, абышка өтүнүч айткандай унчукту. – Эсине келгенде айтып кой.

– Жарайт, аткычх. – Муну айтып жатып Эмрайиндин үнү каргылдана түштү, тамагын кырына жөтөлүп алды. – Айтканыңын баарын айтам. Мен аны сыйлайм деди де. Чоң мергенчи, жаман киши эмес. Мен дайыма сыйлап келгем.

Экөө кайра унчугушпай калды.

Чычкан акем, суу берчи!

Эмрайин анан дагы бирдеме деди, Кириск уга албады. Органдын жообу бу болду:

– Жок, күтө албайм. Өзүң көрүп турбайсыңбы, ал калбады. Жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт деген. Өзүм аттанам. Бу дүйнөдө улуу адам элем. Аны өзүм билем. Түшүмө дайыма Айым-Балык кирчү. Аны сен түшүнө албайсың… Мен ошого жол тарттым…

Ал экөө дагы бирдемелерди сүйлөп жатышты. Кириск жат болгон сөзүн айтып көзү илинип баратты.

Чычкан аке, суу берчи!

Эки чоң кишинин сүйлөшкөндөрүнүн Кириск уккан акыркысы Эмрайин абышкага жакындай берип айтканы болду:

– Эсиңдеби, аткычх, баягы бир жылы бугу минген көпөстөр келип, балта берип, ардемеге алмашып кетишпеди беле. Ошолордун ичиндеги Чоң сарысы айткан, кайсы бир өлкөдө деңизди суудай кечип өткөн улуу киши болгон экен. Ошондой да адамдар болот экен да…

– Демек, ал улуулардын улуусу, – деди Орган. – Биздин кудурети күчтүү улугубуз Айым-Балык.

Кириск уктап жатса да кээ бир сөздөр алыстан үзүл-кесил угулат:

– Коё турчу. Дагы ойлончу…

– Болду. Жашаарымды жашадым… Кармаба… Дагы чыдаар дарман жок…

– Ушундай караңгыда…

– Баары бир эмеспи…

– Мен сага айтар сөзүмдү да айтып бүтпөдүм…

– Сөз бүтпөйт. Бизден кийин да бүтпөйт…

– Ушундай караңгыда…

– Кармаба. Чыдай албайм, күчтөн тайып баратам. Өзүм түшкөндөй болоюн…

– Ушундай караңгыда…

– Силер дагы чыдагыла. Али бир жутум суу бар…

Бирөөнүн каткалаң туурук чоң алаканы акырын келип баланын башын сылады. Органдын колу экенин Кириск уйку-соонун ортосунда жатып билди. Салмактуу, жылуу кол баланын башын коргоп, эстеп калгысы келгендей бир азга сылап турду…

Түшүндө Кириск деңизде жөө баратыптыр. Жерди багыт алып, суу ичип келүүгө баратыптыр. Чөкпөй, тыгылбай басат. Айланасы укмуш көрүнүш. Көз жеткен жердин баарында жаркыган таза деңиз. Деңизден башка, деңиз суусунан башка бу дүйнөдө эчтеме жоктой. Деңиз гана, суу гана. Ошо суунун үстү менен кургак жерде баскандай баратат Кириск. Күн нуру астында боору жылтылдаган толкундар чар тараптан түрүлүп келип да, кетип да жатат. Алар кайдан пайда болуп, кайда кетип жатканы белгисиз. Деңиз бетинде ал жалгыз баратыптыр. Обол мурун ал Орган, Эмрайин, Мылгундардан озо чуркап кеткендей болгон, эртерээк суу таап, тигилерди чакырмакчы болгон. Анан караса, өзү эле жалгыз калыптыр. Кыйкырып атты, чакырып атты, биринен жооп укпады. Жан да жок, үн да жок, көлөкө да жок… Беркилер кайда жоголуп кеткенин билбей бала маң. Анан корко баштады. Кыйкырып кыйырга үнү жетпеди. Жер да каякта, кай тарапта экени билинбейт. Алдан тайып деңиз бетинде энтиге жүгүрүп баратты, бирок эч жакка жакындабады. Бир ордунда эле тургансыйт, ал ансайын чыдай албай суусап барат. Мына ошондо үстүнөн учуп бараткан Лувр өрдөктү көрдү. Уя салар кургак жер таппай өрдөк каркылдап үн салып бараткан экен. Бирок алакандай жер таппайт. Тегеректин баары түгөнгүс толкундар. Лувр өрдөк алдас уруп, онтолойт.

– Лувр өрдөк! – деп кыйкырды Кириск, – Жер кайда, кайсы тарапта, мен суусадым!

– Азыр али бу дүйнөдө жер жок, эч каякта жок! – дейт Лувр өрдөк.

– Төгөрөктүн төрт бурчунун баары толкуган суу.

– Беркилер кайда? – деп сурады Кириск жоголуп кеткен кишилерди айтып.

– Алар жок, издебей эле кой, алар эч убакта жок, – деди Лувр.

Жалгыздык менен кусалыктын айтып бере алгыс коркунучу бүткөн боюн дүркүрөтүп, жүрөгүн мыкчып алды Кирискенин. Көзү көргөн жакка чуркагысы келди, бирок тегеректе жалаң толкун, жалаң суу, башка эчтеме көзгө илинбейт. Лувр өрдөк болсо нокот болуп жоголуп кетип барат.

– Лувр өрдөк, мени ала кет, таштаба! Суусадым! – деп жалынып ийди Кириск. Бирок өрдөк укпады, укса да кайрылбады, жок жерди издеп көздөн кайым болду. Көз уялтып ачуу тийген күн гана калды асманда.

Коркунуч менен кусалыктан ичи эңшерилип, Кириск солуктап ыйлап ойгонду. Жаш жууган көзүн ачса, түшү экен. Кайык жай чайпалып коюп, баягысындай эле калкып турат. Бозомук тарта баштаган кара туман баягысындай эле чүмкөп турат. Демек, түн өтүп, таң атып келатканы тура. Бала кыбырады.

– Аткычх, суу берчи. Мен түш көрдүм, – деп кобурап бала Орган тарапка колун сыйпалап сунду. Колу эчтемеге урунбады. Кайыктын сорусундагы Органдын орду бош калыптыр.

– Аткычх! – деп чакырды Кириск. Эч ким жооп кайтарбады. Бала башын көтөрүп, селт чочуп кетти.

– Аткычх, аткычх, кайдасың?

– Кыйкырба, – деп Эмрайин кашына жетип келди. Уулун кыса кучактап, бооруна кысты. – Кыйкырба, чоң атаң жок! Чакырба аны! Ал Айым-Балыкка кетти.

Бирок Кириск көнбөдү.

– Аткычхым кана? Кана? Чоң атам кайда?

– Уксаң боло! Ыйлаба! Сабыр кылчы, Кириск, аткычх эми жок, – деп атасы жоошута албай жатты. – Сен ыйлабачы. Ал сага суу бер деп кетти. Дагы кичине суубуз бар. Сен ыйлабай коё тургун, мен азыр суу берем. Жакында туман тарайт, ошондо көрөсүң го…

Кириск бейжай салып, атасынын колунан жулкунду. Кайык катуу чайпалды. Эмрайиндин шаштысы кетти.

– Мына азыр сүзүп жөнөйбүз! Карагын, биз азыр сүзүп жөнөйбүз. Эй, Мылгун, тур, тур дейм! Сүзөлү!

Мылгун калак шиледи. Кайык суу бетинде жыбылжып жөнөдү. Алар дагы багыты белгисиз, максаты белгисиз тарапка дүйнөнү чылк чүмкөп турган буурул туман ичинде сүзүп баратты.

Жаңы күндү алар ушинтип тосту. Эми кайыкта үчөө гана калган.

Чычкан аке, суу берчи!

Кириск кичине басылганда Эмрайин өз ордуна барып отурду да, Мылгун экөөлөп калак шилешти. Кайык ылдамдап сүзүп, кайда баратканы, эмнеге баратканы белгисиз дагы жөнөдү. Органдын дайынсыз жок болуп кеткенине өксүгөн Кириск дале толук бастай албай, кайыктын куйругунда жетимсиреп жалгыз отурат. Эмрайин менен Мылгун да же өздөрүн жооткотор, же баланы сооротор айла таппай чөгүп отурат. Бар тапканы калак шилөө болду. Эптеп кыймылдоонун айласынан калак шилтешет. Боз тумандын ичинде беттери карайып көрүнөт. Ачкалык менен суусагандык айыкпас ырайымсыз оорудан бетер желкеден басат. Бири-бирине тил катпай, жаактары карышкан. Бир топтон кийин калакты бош тартып, Мылгун үн катты:

– Суудан бөлчү! – деди Эмрайинге түнөрүп.

Эмрайин кол бочкеден ожоонун түбүнө бир ууртамдан суу куйду. Коңурсук жыт, жагымсыз даам кирип, суу болбой калыптыр. Бирок ошонусу да аз. Ушинтип дагы эки-үч жолу бөлгөнгө араң жетер. Эч кимисинин суусуну да канбады, каниет да бербеди. Аба ырайы өзгөрөр бекен, жок бекен деген суроо кайрадан кулак чуулдатып, башты зыңылдатып, төбөдөн басты. Эми үмүттөнтөр сөздү айтуудан да тартынып калышты. Алдан тайып арбак болгон немелер тирүүлүккө кайдыгер карап, өлүү туман ичинде жазмыштын жазасын күтүп, дайынсыз каңгып жүрө беришти. Бу тагдырга моюн сунбаска арга калбады. Туман ансайын аларды ныгыра басып, ал-кубатын жогото берди. Бир маалда Мылгун үнү дирилдеп, жаны ачый сүйлөдү:

– Ушу туман жоголуп, анан өлсөм арман жок эле. Кайыктан өзүм секирип өлөт элем. Дүйнөнүн жээгин гана бир көрсөм мейли эле.

Эмрайин унчукпады, бурулуп да койбоду. Эмне демек? Кайыктагылардын аксакалы эми ошол. Бирок айтар акыл таппады. Сүзөр багыт көрсөтө албады. Убакыт өтө берди. Кээде өзү жылжып, кээде калкылдап токтоп, кайык эми өз башына өзү ээ. Кан какшып суусаган денени эми ачкалык араадай таарып, ажалдын деми жакындады. Тешиктен чууруган суудай калган күч соолуп баратты.

Кирпиги араң кыбырап, көзү чала жумулуу Кириск кайыктын куйрук коңулунда жатат. Башы айланат коргошундай оор тартып, бош калган ашказаны жыйрылып келип, бүткөн боюн бүрүштүрө мыкчылат. Суу ичкиси келет, суу ичкиси келет. Жан чыдабай суу ичкиси келет.

Чычкан аке, суу берчи!

Суу ташыгыч чычканга жалынып-жалбарып жатып, бала бул азабын унутууга далбас кылат, Ала-Дөбөттүн боорунда калган эми кол жеткис жомок болгон мурдагы күндөрүн эстейт. «Чычкан аке, суу берчи!» – деп кеберсиген эриндери араңжан кыбырайт да, башы айланат. Башы айланса Ала-Дөбөттүн тулаңдуу боорунан көп балдар болуп устунча томолонуп ылдый кулаган оюндарын эстейт. Анда да баш айланчу, бирок анда ойноп айланчу да. О, ал кандай сонун, кызык оюн эле! Балдардын ичинен эпчили да, чыдамдуусу да Кириск эле. Тик боорго жүгүрүп чыгып, төмөн карай устунча томолонуп түшөр эле. Бир-эки оонап алган соң өзүңү өзүң токтото албай томолонуп кете бересиң, жыргалына кыткылыктап күлө бересиң. Асман-жер оодарылып-төңкөрүлүп, булуттар тыткан жүндөй чаң-тополоң аралашып-чубалжып, карагай токой жапырт жыгылып, баштары менен жер сайып калгансыйт, күн болсо кызарганча боору эзиле күлүп, улам бир жагыңан эңкейе калып карай берет. Тегерегиңдин баары балдардын ызы-чуусу. Томолоно бересиң, томолоно бересиң, күүлөнгөн сайын чимириктей чимирилип кетесиң, ошондо артынан кошо чуркап келаткан балдардын жүздөрү жалпак чоюлуп, буттары дөңгөлөк болуп ийилип, бир кызык көрүнөт. Акыры этекке барып жатып каласың. Башың айланып, кулагың ызы-чууга толуп чыгат. Мына, кыйын болсоң ошол учурда бир, эки, үч деп санаганча так тура калып, башың айланганда жыгылбаш керек. Көбүнесе балдар бир деген жерде эле кулап түшөт. Ошондо күлкүнү көрүп ал. Тегерегиңдеги балдардын баары күлүп турса, өзүң да күлөсүң. Таканчыктап эле турайын дейсиң, жер болбой бут астыңан жылбышып жылып кетет. Ошондойдо Кириск жыгылчу эмес. Такандап туруп калчу. Чымыркана карманып турчу. Анткени ар дайым Музлук маңдайында карап турчу да. Анын көзүнчө начар балача сулап калыш жарайбы!

Анан дагы кызыгы, Музлук экөөнүн жарыша томолонгону болор эле. Кыздар да томолоно билишчү. Бирок көбүнесе алар коркок келет, анан дагы беш көкүл чачтары бирдемеге көп илешет. Бирок оюн да. Ошондой кызык оюнда бир жериң көгөрбөй да калмак беле. Музлук экөө бир томолонгон кезде Кириск андан озуп кетпеш үчүн атайын эки чыканагын бооруна кыспай, уркуйта чыгарып, боюн токтото жай томолонот. Балдардын чуусу коштоп, экөө сайдын таманына бир түшөт, «үч» дегенче экөө тең тик тура калып, эч кимге байкатпай Кириск кызды жыгылтпай сүйөп турат. Мына ошол жыргал эле. Экөө бирин бири колдойбуз деп, эриксизден кучакташып калышат.

Музлук гүлбүрчөктөй эриндерин тамылжытып кыткылыктап күлө берсе татына кыз ого бетер татына болуп, Кириск кармай калсын, кучактай калсын дегенсип, кара күчкө теңселет. Ошол мүнөттөрдө экөө түшүнүксүз бактыга батып, сүйүүнүн апкаарыткан жыргалын сезип жатышканын башка балдар туйбайт. Экөөнүн денелери тийише калса кыздын жука көйнөгүнүн астынан кичинекей жүрөгү түрсүлдөп, Кирискенин колуна жаңы байлап келаткан мамактары урунат, ансайын кыз денеси диртилдеп балага ыктап, башы айлангандан жашылданган көздөрү учкун атып жылтылдайт. Ошондо асман жердин ортосундагы бүт дүйнө кошо каалгып, күлкү менен бактынын канатына кетет. Бу кандай жан эргиткен бакты экенин чуулдаган балдар туйбайт. Тек бир жолу башка уруудан келип ойногон бала, Кирискеден чоңураак, жексур шок бала эле, ошол туюп калыптыр, башы айланып бир ордунда тура албай калгансып, Музлукка атайы жыгыла берди. Музлук боюн ала качып четке чыга берсе деле болбой жыгылып бараткансып, артынан жетип, баса жыгылат. Кириск аны менен мушташа кетти. Тиги чоң неме Кирискени эки-үч жолу жыга койду. Ошондо да Кириск намысын алдырбай тең чыкты, Музлукту болуштурбай өзү тең тайлашты. Бирок бул окуя бир гана жолу болгон…

Аябай ойноп, ысып-күйүп тердеп чыкканда суу ичүүгө булакка чуркаган сонун кездер канча болбоду.

Чычкан аке, суу берчи!

Чычкан аке, суу берсең боло!

Булак жакын эле жерден акчу. Токойдон агып чыгып, балдар ойногон көк майсаңдын жанынан өтчү. Токойдун кара сур түсүн, салкын шапатасын сактап, таштан-ташка эркелей агат. Эки жээгинде өскөн калың чөп бөтөн көздөн жашыргансып эки жактан ийилип түшүп турат. Чукул мизинде өскөндөрү агымга сунала боюн таштап, суудан чыкпай чайына берет. Булак болсо бирде калың каштын астындагы көздөй болуп калың чөпкө жашынып, бирде ачыкка чыгып, күнгө жылтылдап, бирде кемерге кирип ойт берип, деңизди көздөй ага берет, ага берет. Балдар жапырт чуркап барып, жапырт жата калып, чөптөрдү ачып жиберип, моюн суна жапырт ичишет. Кол жууп, же суу сузуп отурмай кайда, мурундарын кытыгылатып, беттерин чайытып, сууга баштарын салып жиберип, бугуча ичишчү. Аны бугу ичиш деп коюшар эле. Ой, андагы жыргалдуу күндөр ай!

Чычкан акем, суу берчи!

Чычкан акем, суу берчи!

Чычкан аке, суу берсең боло!..

Баштарын сууга салып, жээкте жатышат. Ийиндери тийишип, тунук агымга салган колдору бир көрүнүп, экөөнүн бир бүткөн эки гана колу бар сыяктанып турат. Анда да жөн ичпей суу ууртап чачып, улам эс алып, кайра ичишип, эриккенде салкын толкундарды эриндери менен тосуп ичишер эле. Тургусу келбей жата беришчү, баштарын көтөрбөй жата беришчү, көлөкө-жарык көлбүгөн агымда жүздөрү миң кубулуп көрүнгөнүн карашып, бири-бирине каткыра күлүшүп, жата беришчү.

Чычкан аке, суу берчи!

Чычкан аке, суу берчи!

Чычкан аке, суу берчи!

Чычкан аке, суу берсең боло!..

Анда Музлук жүзүн суудан айрыбай Кирискени кылыя карап, кыйгач көздөрү күлмүңдөп турат. Кириск да ошентет, экөөнүн кирпиктериндеги мөлтүр тамчылар жылтылдайт. Нараак болчу дегендей кыз баланы ийинге итерет, ага бала болбойт. Антсе кыз оозун толтура суу ууртап алып, баланын бетине бүркөт. Бала да ошентет, кыздан көбүрөөк ууртап, катуураак бүркөт. Анан жулмалашмай, кубалашмай башталат. Сууну кече чуркашып бири-бирине чачышат, өөдө чуркап, ылдый чуркап кыткылыктай күлүшүп, мөлтүр чачырандылар төбөдөн өөдө маржаңдап ойной беришет, ойной беришет…

Чычкан аке, суу берчи!

Ушунун баары эми кайта келбейт деген ой Кирискенин жанына батты. Уламдан-улам ашказаны чеңгелдешип жыйрылып, деми кыстыга берди. Ичтен буулугуп ыйлап, түпкүчтөй түйүлүп, баягы эле чычканына жалына берди: Чычкан аке, суу берчи!

Кыялы менен алаксыйын деп бала жата берди. Тегеректе эч өзгөрүш жок. Боз буурул туман баягысындай эле үстүдөн чүмкөп басып турат. Кайыктагылар ар кимиси ар жерде алсырап сулап жатышат. Эмне болору, кандай болору белгисиз, мурдагыдай эле дайынсыздык. Кокусунан кайык катуу чайпалып кетти. Чоочуган атасынын үнү чыкты:

– Мылгун! Мылгун! Кантесиң! Койсоңчу!

Кириск башын көтөрүп, көргөн көзүнө таң калды. Мылгун кайыктын кырынан арта салынып, деңиздин суусунан сузуп ичип жатыптыр.

– Койсоңчу! – деп Эмрайин жетип барып, колунан ожоону тартып алмакчы болду эле. Мылгун жаалы чыга үрпөйдү:

– Жолобо, батек сакал! Өлтүрөм!

Бу ачуу туздуу деңиз суусу оозго алгыс эле. Мылгун болсо көкүрөгүнө, жеңине жаба төгүлтүп, өзүн өзү зордоп, калтыраган колундагы ожоону коңторо ичип жатты. Ошондогу кебетеси жарадар жырткычтан бетер болуп турду. Анан ожоону кайыктын түбүнө ыргытты да, кышылдап деми кысылып чалкасынан сулады. Ошентип жата берди, ага жардам берер арга эч кимде жок эле. Кириск коркконунан ого бетер бүрүшүп, ого бетер ичи ооруп, ого бетер суусады. Шылкыя түшкөн Эмрайин кайрадан калак алды да, кайыкты туман сүңгүтө жылжытып жөнөдү. Башка аргасы жок эле анын.

Мылгун бирде тынчып калып, бирде дирт-дирт калчылдайт. Кыркыроо кирип, суусагандан жаны чыгып бараткансыды. Анткени менен аздан соң башын көтөрдү.

– Ичим өрттөнүп барат! – деп көкүрөк тыткылап, кийимин айрый баштады.

– Айтчы, эмне кылайын? Канткенде жардам бере алам? Тигинде дагы кичине суу бар, – деп Эмрайин кол бочкени жаңсады: – Бир аз куюп берейинби?

– Жок, – деп болбоду Мылгун. – Эми кереги жок. Түнгө жетип, анан аткычхтай болоюн десем, жете алар эмесмин. Мейли. Болбосо бир шойкон кылгыдаймын. Сууну бүт ичип алгыдаймын. Эми мен бүттүм… Мен өзүм, күчүм жетет…

Ээн деңиз үстүндө, учу-кыйыры жок, өзү келген өлүмү жок калың туман ичинде акырындап жан таслим кылууга кайыл болгон адамдын айткан сөздөрү тула бойду дүркүрөттү. Эмрайин биресе досу, биресе тууганы болгон Мылгунду жоошутууга аракет кылды, бирок Мылгун угар эмес, мыжыгып эзген азабынан бир кутулмай болду.

– Мага эчтеке айтпай эле кой, Эмрайин, эми кеч болуп калды! – деп колдурап жатты чалагайым болуп калган Мылгун. – Мен өзүм. Мен өзүм кетем. Сен уулуң экөөң өзүңөр билгиле. Ушинткенибиз туура. Меникин айып көрбөгүлө. Экөөң бириң ата, бириң бала, силер калгыла, дагы кичине суу бар… Мен азыр жөнөдүм. – Ушуну айтып Мылгун кайыктын кырын таяна өөдө турду да, калган кайратын жыйнап теңселе туруп, Эмрайинди сүзө карап айтты: – Мага жолто болбогун чоң сакал! Ушинткеним туура. Сен жолуму бөгөбө. Кош болгула. Балким, кутулуп чыгарсыңар. Мен азыр… Сен эчтеме күтпөй алыс айдап кет… Токтоосуз айдап кет… Жакындачу болсоң коңторуп салам. Кана, калагыңды шиле. Эй, чоң сакал, катуураак шиле! Уктуңбу, коңторуп салам…

Мылгундун буйругу менен суроосуна баш ийбеске Эмрайинде чара жок эле. Үн-дабышсыз суу менен туманды сүңгүй тилип, кайык түз кетти. Кириск муңкана ыйлап жиберди:

– Мылгун аке! Аки-Мылгун! Антпе!

Дал ошол учурда Мылгун кайыктын кырынан оонай кулап түштү. Кайык кыйшайып барып оңолду.

– Жогол! Жоголгула алис! – деп муздак сууда далбасалап жатып кыйкырды Мылгун.

Туман аны бат эле жаап калды. Кайрадан теребел жымжырт болду да, анан чөгүп баратып сууга какаган адамдын тумчуккан акыркы кыйкырыгы угулду. Ошондо Эмрайин чыдай албады:

– Мылгун! Мылгун! – деп бакырып-бакырып алды да, өңгүрөп ыйлап, кайыкты кайра кайрыды.

Тез эле кайрып келишти, бирок Мылгунду табышпады. Эчтеме болбогондой суунун бети тыптынч. Каерге чөккөнүн билиш кыйын. Экөө кечке чейин алыс кете алышпай ушу тегеректе жүрүштү.

Кайгыдан мүргүгөн немелер бирин бири тыйбай ыйлады. Атасынын ыйлаганын Кириск өмүрүндө биринчи көрүшү.

– Мына эми экөөбүз гана калдык, – деп Эмрайин сакалын жууган жашын аарчып, анда да токтоно албайт. – Мылгунум, кайран досум Мылгунум! – деп солуктайт.

Күн кечтеп баратты. Ошондой сезилет. Эгер бир жерде күн бар болсо ал деңиздердин, тумандардын үстүндө каалгып жылып жүрсө, анда ошо күн акырындап уясына кирип баратты. Бу калың туман астында болсо күүгүм улам коюулап каш карайып, кара күүгүмдө тумандуу деңиз бетинде адашкан бир кайык, ал кайыктагы ата-бала эки адам адашып, айлана-тегеренип сүзүп жүрдү.

Кеч кирип келаткан экен го деп өзүнө өзү айтуудан мурун Эмрайин суу ичер маал болгонун ырастады. Кириск кантип чыдабай чыдап, ушу маалды күтүп отурганын, кың этип үн чыгарбай ачкалык менен суусаганын басып отурушка баланын канча аракети кеткенин билди. Мылгундун өлүмү суусаган араанды бир далайга тумчуктуруп салгандай болду эле. Эми акырындап кайрадан араан ачылып, саал тынчтык бергенин эселегендей кыйноосу ого бетер күчөп келди. Бир тамчысын талаага кетирбеске аябай сактык менен сасыган суудан оболу Кирискеге куюп берди. Бала ожоону кош колдоп жулуп алды да, аптыга жутуп жиберди. Анан Эмрайин өзүнө куйду. Артканын байкаса бочкенин түбүндө араң чулкулдайт. Кол бечкени коңторо куюп жатканын карап отуруп, аны Кириск да билди. Ушундай болорун мурдатан билип отурса да Эмрайин эсеңгиреп селейе катып калды. Эми ал өз шыбагасын ичүүдөн тартынып отурду. Башына капилет ой келди да, байкаса, ал ойду ойлогон соң суусун кандыруунун кажети деле жок сыяктанып калды. Ошого таңыркаган Эмрайин ожоону кармаган бойдон мелтиреп ойго чөмүлдү.

– Ме, кармай турчу, –деп ожоону уулуна берди. Ошенткени балага эки эсе азап болду: суу куюлган идиш колунда туруп, канча каны катса да бир ууртай албаганына кыйналды. Колу бошогон Эмрайин бочкенин тыгынын бекем тыгып, ордуна койду.

– Ич, – деди ал уулуна.

– Сенчи? – деп таң калды Кириск.

– Мен анан. Эчтеке ойлобой иче кой, – деди атасы сабыр күтүп.

Кириск бу жолу да сасык сууну кулк этире бир ууртап жутуп койду. Каалаганындай суусуну канган жок, ошентсе да кичине жеңилдене түшкөнсүдү.

– Кандай? – деди атасы.

– Кичине жакшы болуп калдым, – деп шыбырады атасына ыраазы боло.

– Сен коркпогун. Анан дагы эсиңде болсун. Адам оозуна тамчы суу албай да эки-үч күн жашай алат. Эмне болуп кетсе да сен коркпогун…

– Сен ошон үчүн ичкен жоксуңбу? – деп Кириск сөзүн бөлдү.

Эмрайин капилет суроого шашып калды. Ойлоно калып:

– Ооба, – деп койду.

– Тамак жебей канчага жашайт адам? Биз тамак жебегенибизге көп болду го.

– Суу болсо болду. Бирок сен аны ойлобо. Кел андан көрө кичине сүзөлү. Сага айтар сөзүм бар.

Эмрайин кычырата калак шиледи. Алиги жерде чечилип сүйлөшө алгыдай эмес. Экөө деңиз бетинде тентип жөнөдү. Атасы оюн жыйнап алгысы келди, болбосо баштай алар эмес, себеби ойлогон оюн кайта ойлосо бүткөн бою муздап кетип жатты. Жалгыз өзү калак шилей бербей уулун да жумушка салды. Антүүнүн кереги деле жок болучу, анткени кайыкты дайынсыз айдай берүүнүн да кереги жок. Деңиздин суусун шилеген чоң калактар балага опсуз эле, араң шилеген болот. Бирөө эле болсо эки колдоп шилегенине оңой болор эле, эки калакка азыр жаштык кылат экен. Анын үстүнө кийинки азаптуу күндөрү бала эттен түшүп, алсырап калган. Эмрайин өзү да ошондой. Бирок дал ушул ахыбал аны шаштырат. Убакыт өтүп жатат, өткөн сайын ал-кубат кетип жатат.

Калактарды өйдө-ылдый эпсиз шилтеп, Кириск артына карабады, унчукпады, Эмрайинди кыйнаган да ал эмес. Уулунун замби талдай ийилген алсыз, боконо сөөгү ката элек илмийген далысын карап отуруп, Эмрайиндин жүрөгү канады, солуктай соккон куу жүрөк кан үрөбөй эле деми кысылып онтоп жаткансыды, жаны кейиген ата эрдин кесе тиштеди. Айтар сөзүн айтпаска болбойт, бирок айтууга даабай отурат…

Акырындап караңгы күүгүм калың тумчуп келе берди, Эмрайин оор ойго тумчугуп сүзүп баратат, улам узартып ойлогон сайын убактысы өтүп жатканын сезип, кейип баратат. Табияттан алибеттүү жаралган Эмрайин канча кайраттанса да болбой ачкалык менен суусагандык ал-кубатын курутуп баратты. Азырынча карманар кудурети бар кезинде, такыр алсырап ойлогонун ишке ашыра албай калган алга жете электе ойлогон оюн ортого салып, уулун даярдап коюу керек эле. Уулунун жанын сактап калайын десе, сактап кала албаса да тиги кол бочкенин түбүндөгү суу түгөнгөнчө созуп калайын десе Эмрайин да алиги Орган менен Мылгундун жолун жолдоп кайыкты таштап кетиши керек. Башка арга калган жок. Туман бүгүн түнү тарайбы, же эртең күндүз тарайбы, аны Эмрайин билбейт, төтөн эртеби-кечпи күн ачылгандай болсо ээн деңиз бетинде жалгыз уулу кандай абалда калат, чымын жаны эптеп аман калабы-жокпу, аны да билбейт. Бул суроосуна жооп жок эле. Жалгыз үмүтү, өчөр чырактай араңжан үмүтү, а балким, таптакыр ишке ашпас үмүтү калды: деңиз бети ачылгандай болсо, ак кишилердин чоң кемеси жолугуп калары ажап эмес, ушул өлүмсүк үмүткө өзүн ишендиргиси келди. Нивхилердин жээгинен алыскы ушул океан менен өздөрүнүн кайсы бир максатын көздөп, каяктагы бир өлкөлөрүнөн каяктагы бир өлкөлөргө чоң кеме минген ак кишилер сүзүп өтөт деген аңызды көп уккан Эмрайин. Өзү аларга эч качан жолуккан эмес, көптү билген көпөстөрдөн уккан. Көпөстөрдүн билбегени жок, атүгүл кээ бирлери ак кишилердин алиги тоодой чоң кемелерине түшүп сүзгөмүн деп айтышкан. Күн ачылып кеткидей болсо, уулунун таалайы болуп, чоң кемеге жолу туш келсе, ошондо чоң кемедеги ак кишилер кең океан бетиндеги нивхи каяк кайыкты байкашса, мына ошондо гана уулу аман калгысы бардыр.

Бар болгону ушул үмүт, ойго келгис түгүл, түшкө киргис араңжан үмүт, деле боло койгус үмүт, антсе да тирүү жанга куру үмүт эмеспи. Ажырашаар алдында Эмрайин уулуна ушуларды айтайын деген. Анан дагы Кирискеге деми токтогуча, акыл-эси өчкөнчө кайыктан кетпейсиң деп катуу айтып, аманат сөз калтырмакчы. Ичер суусу түгөнүп, арга жок өлөр болсо, кайыкта өлгөнү артык, Орган менен Мылгун башка арга жоктон кайыктан секирип өлүштү, азыр атасы да айласыздан ошентет, бирок баланы антпегин деп катуу тапшырып, муну да аманат айтып кетмекчи. Тагдырдын катаалдыгына моюн сунуп, баш ийбеске чара жок… Бирок он бирдеги жалгыз уулу учу-кыйырсыз ээн дүйнөдө жалгыз кайык минип, жалгыз калабы бу жылчыгы жок туманда, чет-жакасы жок деңизде ачкалык менен суусундун азабына жаны кыйналып, маңдайында караан болор жакыны жок жалгыз жатып өлөбү деген ой Эмрайинди муздак терге салып калчылдатып, шаштысын кетирди. Ошондо уулун жалгыз таштап кете албасын билди, өлсө бирге өлгөн артык деген ойго такалды…

Түн биротоло карайды. Кайрадан деңиз бетинде тумандуу түндүн капкара караңгысы орноду. Күндүзү көзү жок туман ичинде бир жакка багыт алып сүзүү кажетсиз болгон соң, түнкүсүн төтөн маанисиз эле. Кайык бир ордунда калкып турду. Күн ырайы өзгөрөттөн бир белги жок. Деңиз дем албай өлүү жатты. Ата-бала кайыктын түбүнө боорлошо кучакташып жатты. Атада да уйку жок, балада да уйку жок. Эртең эмне болот, эртеңке чейин эмне болотту ойлоп, ачкалык менен суунун азабын тартып жатты…

Боорундагы Кириск атасынын кийинки күндөрү канчалык арыктаганын, денеси кичирейип, дем алса көкүрөк сөөгү оркоюп турганын байкады. Баштагы кайратынан жазбаган сакалы гана калыптыр. Атасынын бооруна бекем жабышып, ачуу жашын ичине соруп улутунуп жатып, бала ошол түнү башта сезбеген баланын атага байланган жан биримдигин билди. Башта ал атасына окшош экенине сыймыктанып, атасынын жүргөн-турганын туурачу, атасындай болгусу келчү, эми болсо ата деген эмне экенин түшүнүп жатты, атасы – ал өзү экенин, өзү – атасынын уландысы экенин түшүнүп жатты. Ошондон улам атасын өзүндөй аяды, өзүнөн бетер аяды. Эми Кириск чычканга чындап жалынды, атасы экөөнө тең суу апкелип беришин суранды:

Чычкан аке, суу берчи!

Чычкан аке, суу берчи!

Улам күчөп жанын кыйнап, иче-карды жыйрылып мыкчылып, суусаганы жалын болуп өрттөп баратканы менен Эмрайин азыр өзүнө суу тилеп ой ойлонбоду. Ичи күйүп-бышып баратты, жалын аймалаган мештин ичинен бетер кургап, ысып баратты. Башы гүүлдөп, мээси кургап, чаң-тозоң болуп учуп кеткендей. Мылгундун өлөр алдындагы далбас урган кыйноосун ал эми түшүндү. Сууну ойлоп, кана жутсам деп эңсөөнүн ага азыр эч кандай мааниси жок эле. Эгер уулу болбосо, ушул акыркы түндө бүрүшүп бооруна корголоп жаткан уулу болбосо Эмрайин жан чыдагыс кыйноосун бая эле токтотмок. Уулу деп, аман калыш үмүттүн баары үзүлсө да, ошого карабай акыркынын акыркы аргасы менен коргоп калгысы келген уулу деп, аз болсо да анын жашоосун улантып калыштын амалы менен караан болуп жаткан уулу үчүн деп, атанын үмүтсүз далбасы эми ушу болду. Ушул уулу деп ал азыр кайыктан секирип кетмей болуп жатты. Бирок ушул уулу деп секирүүгө, уулун тагдырдын ырайымсыз чеңгелине жалгыз таштап кетүүгө даабай жатты. Бирок кечиктире бериш, созо бериш да жаман эле – чымырканып акыркы кайратын жыйнаар чамасы азайып баратты…

– Атанын ичер суусу түгөнүп баратты…

Ушунун баарын уулуна кандай сөз менен кантип түшүндүрө алмак? Уулум – деп уулун таштап кетерин уулуна кантип айта алмак?

Атанын ичер суусу түгөнүп баратты…

– Ата! – деп шыбырады Кириск анын оюн туюп жаткансып, анан дагы бекемирээк атанын бооруна жабышып, чычкандан суу сурады:

Чычкан аке, суу берчи!..

Чычкан аке, суу берчи!

Эмрайин жаны кейигенине чыдабай тиштенип, онтоп жиберди, уулуна эчтеке айта албады. Оюнда ал уулу менен коштошуп, коштошуусу улам созулган сайын сууга боюн таштоо кыйын боло берди. Өткөн өмүрүнүн баары ушу бүгүнкү түндүн башталышы гана болгонун Эмрайин ушул түнү түшүндү. Анын туулганы да, азыр өлүп баратканы да мынабу уулуңда калыш үчүн, уулуңда уланыш үчүн тура. Уулу менен унчукпай коштошуп жатып, ата ушуну ойлоду. Өзүн өлүмгө берер алдында Эмрайин керемет жаңылык ачты: жан берип, көз жумганга чейин уулунда уланыш үчүн ал өмүр бою ушул Эмрайин болуп жашап келген тура. Бул улуу чындыкты буга чейин ойлобогон болсо, а дагы күндөлүк тиричиликтин алаксытканы.

Ырас, мындай ой мурда деле кээ кезде чагылгандай жарк этип өчкөн учурлар болгон. Маркум Мылгун жана да башка туугандары болуп, бир жолу токойдон карагай кескени көз алдына келди. Төбөсү көк тиреген кучак жеткис байкарагай түбүнөн кесилип, кулай баштаган эле. Ошол маалда Эмрайин негедир карагай кулай турган тушка туруп калыптыр. Зор карагай асманды как жарып, жолундагынын баарын кыйратып кулап келе жатканда наркы тургандар жабыла кыйкырып калышты.

– Кач!

Эмрайин нес боло түштү. Качууга да кеч болуп калган эле. Төбөсү менен асманды аласалдырып, токой чамгарагында ээлеп турган ордун аңырайта ачып, токой ичин жаңырта качырап, зор карагай кайра тургус болуп, дал үстүнө кулап келатты. Ошол көз ирмемде Эмрайиндин оюна жалгыз Кириск келиптир. Анда уулу кичинекей, кызы Псулк туула элек. Ошол көз ирмемде, өлүмдүн босогосунда туруп уулун гана ойлоптур, башка эчтеме эсине келбей, өлсөм уулум кантет деп ойлоптур. Карагай күркүрөп келип жанына кулады, чаң аралаш абанын эпкини бетке тепти. Эмрайин тирүү калганына тыякта тургандар жеңилдене дем алды. Ошол окуяны эстеп, Эмрайин бүт өмүрүнүн мааниси ушу Кирискеге байланыштуу экенин, өмүрүндө аталык сезимден артык, андан күчтүү сезим жоктугун азыр түшүндү. Азыр Кирискеге ушуну айткысы келди да, кайра баланын мазасын албайын деп тим болду. Баланын алы ансыз да кыйын эле…

Атанын ичер суусу түгөнүп баратты…

Чычкан акем, суу берчи!

Чычкан акем, суу берчи!

Атанын ичер суусу түгөнүп баратты…

Унутууга кыйбаган, эстен чыккыс дагы эки-үч эскирмеси бар эле. Убакыт кысып келсе да аларын эстеп албай кете бергиси келбеди. Кайыктан кетерин бекем түйүп, эми ал эсте жүргөн эртегилери менен коштошуп жатты. Аялын ал алгачкы күндөн эле сүйүп, ушу күнгө чейин жакшы көрүп келди. Ар качан ал деңизге чыкканда эмнени ойлосо аялы да үйдө отуруп ошону ойлойт экен. Кошулган күндөн тартып ошондой болду. Эри деңизде жүрүп эмне ойлонорун үйдө аялы билчү, ошондой эле аялынын үйдөгү ойлорун алыстагы эри биле турган… Алыстан бири-биринин оюн туйгандары экөөнүн ортосундагы эч ким билбес сыр болгон. Аялынын боюна Кириск жаңы бүтүп, али уул экени же кыз экени белгисиз кезде эле уудан кайткан Эмрайин озуна сүйүнчүлөдү:

– Экөөбүз уулдуу болобузбу дейм?

– Акырын, жин-пери угуп койбосун! – деп аялы коркуп да кетти, көздөрү жалжылдап сүйүнүп да турду. – Аны кайдан билесиң?

– Өзүң ойлободуңбу бүгүн. Уулдуу болсом деп ойлободуңбу.

– А сенчи?

– Сенин ойлоруңду мен сезеримди билесиң да. Сен эмне ойлосоң мен да ошону ойлодум.

– Сен уулдуу болсом деп ойлоп, каалап жүргөнүңөн мен да ошону ойлогом…

Акыры айткандары келди. Сезим алдабады. Аялы ай-күнүнө жетип, көз жарар маал чукул калган. Курсагын чедирейтип, ошондо аялы эринин тери шымын кийип жүрдү. Мунуң эмне дегенде, сен алыста жүргөндө эркектин деми денемде жүрсүн дедим, антпесе бала чабал болуп калат деп түшүндүрдү. Ошол кезде аялы кырк курак кийим кийсе да андан сулуу, андан сүйкүмдүү аялзаты жок эле Эмрайинге. Ким туулар экен, кимдин ата-энеси болор экенбиз деп кубанып да, апкаарып да жүргөн бир сонун күндөр эле ал кез…

Ошо бала ушу Кириск экен… Эми ушу бала менен, ушу балага байланыштуу бардык кымбатынан түбөлүк ажырай турган чак келип турат. Анан дагы бир жолу, Кириск анда эсебиңкиреп калган, апасы бирдемеден улам ачууланып, сен жокто жаным тынч эле деп калды. Балага бул сөз катуу тийиптир.

– Мен жокто мен кайда элем? – деп жаңы келген атасына жабышып алса болобу. Ана күлкү десең… Аялы экөө үн чыгарбай көздөрү менен жымыңдашты. Эмрайин уулуна ал жокто кайда болгонун айтып бере албаганына аялынын боору катып, жыргап жатты. Азыр болсо атасы айтып берер эле: сен туула электе менин канымда, менин белимде болчусуң. Менин белимен апаңын беденине түшүп, мени кайталап жаралдың. Эми мен өтсөм сенде калам, сенин балдарыңда, балдарыңын балдарында уланам деп түшүндүрүп берер эле…

Азыр ушинтип айтар эле, өлөр алдында ушинтип айтып кетсе арманы болбос эле, бирок эми айтууга чоло калбады. Анын тукуму үзүлө турган болду. Эң эле ашып кетсе Кириск дагы эки же үч күн жашаар, андан аша албайт, шордуу ата ушуну жакшы билип отурат. Уулум деп өзү өлүп баратканына кыйналбады, акылына сыйбай азабы өзөгүн өрттөп, жанын кыйнап жатканы – баласы да өлүп, ошону менен тукум курут болгону кыйнап жатты…

Баласына дагы бир айтайын деген керээзи, калган өмүрүндө көзү өткөн Орган менен Мылгунду ыраазылык менен эскере жүр демекчи. Алар эми жок, бирөө эскереби-жокпу, аларга баары бир, бирок өлгөндөрдү эскерүү тирүүлөрдүн өздөрүнө керек. Көзүң жумулуп баратканда да мурда өтүп кеткендерди кошо ойлоо керек. Өлөр алдында да жакшы адамдарды ыраазылык менен эскерүү сооп болот демекчи. Кайра ойлонуп айтпады, уулунун өз акылы жетер деп жөн койду…

* * *

Кириск ойгонуп алып, мурдагы түндөргө караганда жылуу уктаганына таң калды. Көрсө, үстүнө атасы тонун жаап коюптур. Бала көзүн ачып, башын көтөрдү – караса, кайыкта атасы жок. Бала ордунан учуп туруп, кайыктын ичин тинтип сыйпалап чыкты да, тумандуу караңгы түн басып турган деңиздин бетин жаңырта бакырып ыйлап жиберди. Баланын зар какшаган үнү көпкө басылбай турду. Жан доошу чыга ыйлаган бала акыры алсырап барып кулады да, башын кайыктын бооруна ургулап, үнү кышылдап жатып калды. Бул ый атаны жоктогон кайгысы эле, ата-бабасын жоктогон арманы эле, атасына багыштаган өмүр акысы эле…

Башын көтөрө албай, көзүн ача албай бала кайыктын түбүндө жатты. Өзүн коёр орду жок калды, көз токтотор карааны жок калды. Теребел баягысындай эле боз күүгүм туман астында тунжурайт, деңиз гана кайыкты бир ордунда тегерете чайпап, уйкусурап түйшөлгөн зор жаныбардын жонундай эрине кыймылдап жатат.

Кириск өзүн өзү күнөөлөп, түндө тырп этпей уктап калганына өкүнүп, өксөп-өксөп ыйлады. Эгер уйку душман болбогондо атасын өлсө жибермек беле? Аны кайыктан секиртпей этегине эрмешип, жакасына жармашпайт беле. Минтип жападан жалгыз шорлоп калганча атасы экөө мобу кайыктын ичинде ачкалык менен суусуздан бирге өлбөйт беле. Түндө уктап жатып кайыктын катуу солк эткенин сезгендей болду эле, ошондо ордунан ыргып туруп, кыйкырбайт беле. Аттиң-ай, кайран ата! Ошенткенде атасын аман сактап калбайт беле. Болбосо атасынын артынан мобу деңиздин түпсүз туңгуюгуна кошо кетпейт беле!

Бала тула бою калчылдап жатып, үнү чыкпай солуктап ыйлап жатып, эстен тана уктап кетти. Бир топтон соң алиги кайгыга туруштук бере албай качып жоголгон суусаганы эсесин алгандай кайрадан күчөп келди. Бала уйкуда жатып ичин өрт алып баратканын сезип жатты. Өрт алоосу ичин жалап, демин бүтөп, тумчуктуруп баратканда бала эптеп сойлоп кол бочкеге жетти. Атасы байкуш атайылап бочкенин тыгынын бошотуп, ожоону жайына коюп кетиптир.

Кириск кичине суу куюп ичип, кургап калган тамагын жибитти, жабышып калган эриндери ачылып, карышкан жаагы бошогондой болду. Дагы куюп ичкиси келип, бирок карманды. Эми кеп болсо эки жутум суу калган…

Анан шылкыйып отуруп, эмне үчүн атасы эчтеме айтпай кеткенин ойлонду. Атасы менен бирге чөгүп өлүштөн коркпойт эле го. Эми коркунуч менен жалгыздык колу-бутун тушап салгансып, кайыктын кырын ашканга даабай отурат. Бирок баары бир күчүн жыйып алып, ал да ошентмек болду…

Түш болду окшойт же түш ооп деле калгандыр. Тумандын коюну суюлуңку тартканынан улам Кирискеге ошондой сезилет. Демек, күн төбөдө. Бирок Улуу тумандын деңизге чөккөн улуу магдыроосун күндүн нуру тешип өтө албай жатат окшойт. Анткен менен туман улам суюлуңкурап, жыгач отундун түтүнү мисал көгүш тартып барат. Ошондо деле аркан боюнан наркы жер көрүнбөйт, туман менен суу биригип түнөрөт. Сүзөр жагы жок, бар болгон күндө да калак шилээр алы жок.

Кайыктын кырында суналып ээсиз жаткан атасы менен Мылгун акесинин калактарын карап отуруп, баланын зээни кейиди. Кайык эми өз бетинче жылжып, туман ичинде дайынсыз багытка кетип баратты. Ээн теребел жалгыздыгын айгинелеп, аза бойду дүркүрөтөт, түпөйүл коркунуч желкеден басат.

Кечке жуук бала суу ичпей чыдай албады. Ачкалыктан алы кетип, башы айланды. Кыймылдагысы да келбейт, тыяк-быягын карагысы да келбейт. Бочкеге жетиши да кыйын болуп калды. Тизелеп жылып баратып, чарчагандан эки-үч токтоп эс алды. Жакында таптакыр кыбырай албай каларын билди Кириск. Колун бетине тийгизип көрүп, жүрөгү шуу этти: былтыр өлгөн тыйын чычкандын куурап калган куйругунан бетер колу чийдей ничкерип, катып калыптыр.

Бу жолу бала сууну адаттагысынан көбүрөөк ичти. Бочкенин түбүндө калган суу эми бир жутумга жетсе араң жетер. Анан түгөнөт. Бир тамчы калбайт. Бирок балага эми баары бир. Эмне болсо да иче бергиси келди, кангыча ичкиси келди. Ачкалыгы да анча сезилбей тек ичин мыкчыган оору тынбай сыздап жатат. Бала алданечен эстен танып кетип, кайра эсине араң келип турду. Кайык болсо өз бетинче каңгып, жан кирген толкундардын жетегинде туман аралап барат.

Бир учурда бала чындап кайыктан секирмей болду. Бирок алы келбеди. Тизелеп араң туруп, кайыктын кырына араң артылды. Эки колу сыртта салаңдап, денесин ашырып сала албай көпкө жатты. Бара-бара таптакыр алсырап, калган сууну ичүү да оюна келбей калды. Кайыктын түбүндө жатып, сыздап ыйлайт, суу ташыгыч чычканын чакырат:

Чычкан акем, суу берчи!

Бирок чычкан кургур келбейт, бала ансайын күчөп суусайт. Жылаңачтанып алып булактын суусуна киринген жай эсине келет. Анда жетиге жаңы толгон кези болуш керек. Ошол жылы жай ысык болгон. Токойдун четинде күн кайнайт. Ошерден мөмө теришчү. Анан киринишчү. Апасы менен таэжеси да киринген. Ал экөө Кирискеден уялып деле койчу эмес. Экөө тең чечинип салып, сорулары күлтүңдөп, эки колдоп эмчектерин баскан бойдон сууга ичиркене киришет. Ошондо да чыңырып, суу чачкылап жатып киришет. Кириск суу бойлой жүгүрүп келип, кемерден иримге секирсе тиги экөө чалкалай каткырат. Айрыкча апасы: «Карасаң, куду эле атасы!» – деп сиңдисине көрсөтө каткыра күлөт. Анан экөө ойноктоп бирдеме шыбырашып алып, ойсоктой дагы каткырышат… Суу болсо арыгында тынбай агып жатат, каалашыңча ич, каалашыңча кирине бер…

Чычкан акем, суу берчи!

Азыр да ошо суу боюнда жүргөндөй болду Кириск. Азыр да ысык жайдын күнү болуп, ал дырдай жылаңач киринип жүрөт. Мына ал суу бойлой жүгүрүп, кемер жээктеп иримге секирди, бирок негедир суу салкынын сезбеди. Бу жолку суу кандайдыр колго жукпаган туман өңдүү суу экен. Ал туманга киринип жаткан тура. Бирок чыйрыктырып, үшүтүп барат. Апасы болсо күлбөй эле, ыйлап турат. «Карасаң, карасаң, куду эле атасынын өзү!» – деп бирөөгө көрсөтүп жатат, өксүп-өксүп ыйлайт… Көздөн аккан шор жашы бетин жууйт…

Түн бир оокумда Кириск кайыкты катуу чайкаган толкундун шуусунан ойгонду. Төбөсүнөн жылдыздарды көрө коюп, бала өңгөчүн үзө алсыз үн чыгарды. Көптө күткөн жылдыздар мына! Кара кочкул асман бетинде, тытылып өтүп жаткан булуттардын арасынан жылдыздар жымың-жымың этишет. Атүгүл ай да көрүндү, улам бир булутка кирип кетип, кайра чыгат ай!

Бала аң-таң: жылдыздар жымыңдайт, ай жүрөт ойноп, шамал согуп турат арылдап, деңизге жан кириптир, толкундар түрмөктөлүп айдалат – тирүүчүлүктүн жаны ушул эмеспи! Куугунтук жеген туман дале калыптыр ар-ар жерде уурданып, кайык аларга кире бергенде кайра баягы өлүү жагдай, бирок анысы эми көпкө созулбайт. Улуу туман чөккөн жеринен турган экен, шамалдын эпкинине ордунан козголгон экен, эми тытылып өзү каңгый баштаган экен.

Жылдыздарды карай берип, бала көзүнө жаш алды. Калак шилээр алы жок, жылдыз болжоп багыт белгилегенди билбейт – бала баягысындай эле алсыз, жалгыз, кароосуз. Бирок толкундун шуулдашына, шамалдын жүрүшүнө, кайыктын толкун минип кайкып баратканына бала кубанды. Ал кубаныч менен кайгысына ыйлады, дүйнө дааналанып, деңизге жан киргенине ыйлады, эгер ичер суум болсо, наар алар тамагым болсо бу турмушту дагы эле жакшы көрөт элем деп ыйлады. Бирок ордунан тура албасын, ичер суусу түгөнүп, күнү бүтүп баратканын, аздан соң суусап жатып өлөрүн билип жатты…

Кайык болсо толкундан толкунга артыла кайкып, сергек сүзүп баратты. Толкундун агымын ээрчип, калагы жок, башкаруусу жок баратты. Эми тумандын адашкан түйдөктөрү да сейрек кездешип, түнкү деңиз майданы кеңейгенден кеңейип, түн караңгылыгы да мурдагы ың-жыңсыз өлүү караңгылык эмес, өң-түсү бар, жылдызы бар тирүү караңгылык болуп калды. Эми адашкан туман түйдөктөрү качып бараткан жомок желмогуздарындай шамалдын айдоосунда улам бир укмуш элес берип баратат. Ал элестер пайда боло калат да, кайра бирин бири түрткүлөшүп, аралашып, суюлуп жок болуп кетет.

Булуттардын арасынан ай көрүнгөндөн баштап деңиз бети бирде жалтылдап, кайра өчүп, кайра жалтылдап, кайра өчүп, жыбырап жан кирди. Үн салбай жымыңдаган жылдыздарды карап отуруп, Кирискенин ою он, санаасы сан: «Кайсы бириң мени сактаган жылдыз болдуң экен? Кайсының Орган аткычхтын, кайсының Мылгун акемин, кайсының менин атам Эмрайиндин жылдызысыңар? Бу күндөрү силер көрүнбөй зар кылдыңар. Силер да туман арасынан бизди көрө албадыңар. Эми мына мен жалгыз калдым, кайда сүзөрүмдү билбей отурам. Бирок эми коркпоймун, анткени силерди көрүп отурам. Болгону гана кайсыныңар кимдин жылдызы болду экенсиңер, ошону билбейм. Биздин башыбызга түшкөн мүшкүлгө силер айыптуу эмессиңер. Деңиз бетинен бизди көрө албадыңар да. Мына эми мен жалгыз. Ал үчөө сүзүп кетишти. Жылдыздар, ал үчөө силерди абдан жакшы көрүшчү. Силерди болжоп жол тапсак деп алар абдан күтүштү. Жылдыздар алдабайт деп айткан Орган аткычх. Ал мага үйрөтөм деди эле… Бирок мындай болгонуна силерде күнөө жок. Менин өлөрүмө да аз калды. Ичер суум жок, кыбыроого алым жок, анан калса кайда сүзөрдү билбейм… Азганакей суу калган, бир ууртам гана суу калган, азыр аны ичейин, чыдабай өлүп баратам. Бүгүн туздуу балык салынган дорбонун бир бурчун чайнадым эле, ал нерпанын терисинен тигилген эмеспи. Эми чыдагыдай эмесмин, ошо дорбонуку го, жүрөгүм айланып, ичим аңтарылып келатат… Калган сууму ичейин. Эгер кайра көрүшпөсөк, жылдыздар, силерге айтар сөзүм бар: Орган аткычх, Мылгун акем жана атам Эмрайин силерди абдан жакшы көрүшчү… Эгер түндөн аман чыксам, силер менен таң эртең коштошом…»

Кайык кайрадан калың туманга кирди. Көзгө көрүнгөндүн баары кайрадан жоголду. Бирок шамал айдап, толкун жетелеген кайык жанагысындай сүзүп баратты. Балага эми баары бир болуп калды. Биротоло сасып калган суунун саркындысын жутуп алды да, бала бош бочкенин жанына, кайыктын сорусундагы Орган чоң атасынын ордуна жатып калды. Ал өлүүгө камынды, ошол үчүн туман коркута албады. Жылдыздар көрүнбөй калды, коштошо албай кетет экем го деп, бала ошого кейиди… Ал уламдан-улам начарлай берди…

Уйку-соонун ортосунда чала жөөлүп бала жатты. Канча убакыт өткөнү билинбеди. Түн жарымы оодубу же таң атары жакын калдыбы – белгисиз. Шамал айдаган түтүндөй тыбыт туман деңиз бетинде чубалат.

Тагдырдын да тагдыры бар. Бала угат беле же укпай калат беле, бирок укту. Күүгүм мунарыкты күчтүү канаты абаны шуулдата жарып, кайык үстүнөн куш учуп өткөндөй болду. Бала ошол шоокумду укту. Силкинип ойгоно калып, көз ирмемдин ичинде бала үстүнөн учуп өткөн чын эле куш экенин, кош канатын кең каккан, күчтүү, чоң куш экенин көрүп калды.

– Агүкүк! – деп бакырып ийди бала. – Ак үкү! – Ошентти да, түндүк уюл үкүсүнүн кеткен багытын, шамалдын багытын болжолдоп калды. Шамал сол тараптан согуп, желкесинин сол ныптасына, сол кулагынын түбүнө тийип жатканын белгиледи.

– Ак үкү! – деп дагы кыйкырды да, денеси чыйралып, Орган чоң атанын кайык башкарчу калагын кармады, ак үкү учуп кеткен багытка кайыкты салды. Кириск баш калакты бек кармап чымырканды, боюнда калган саркынды күчүн бүт жыйнап ойготуп, башка эчтемени ойлобой, шамалдын огу менен ак үкүнүн учуп кеткен багытын гана ойлоп жүрүп отурду.

Уюл үкүсүнүн каяктан каякка учуп баратканы белгисиз эле. Жерден кайсы бир аралгабы же аралдан жерге кеттиби? Бул куш деңиз бетинде кургакты көздөй түз учат деген Органдын сөзү баланын эсинде. Туман, түнгө карабай уча берген эң күчтүү куш ушул. Эми Кириск ошону ээрчип баратты.

Кайык толкундан толкунга артылат. Шамал бир калыпта согуп турат. Күүгүм мунарык аз-аздап суюлуп, асмандын этек жактары жээктене баштаган. Бет алдыда, дал эле баланын маңдай тушунда кара-көк асман бетинде жалгыз бир жылдыз жаркырап бөлүнөт. Ошол жылдыз дал жаңкы Кириск кайыктын тумшугун түздөгөн багытта экенин белгилеп койду. Ак үкү ошол тарапка учуп кеткен, демек, ушу жылдызды ээрчип, ушу жылдызды карманып, ушу жылдызды көздөй сүзө бериш керек деди Кириск. Бу кайсы жылдыз экенин билбейт, бирок андан эми көз айрыбады. Желкеден соккон шамалдын багытын, күчүн баамдап отурду.

«Күчүңөн жазба, шамал, кетпегин. Сени эмне деп аташарын билбейм. Орган чоң атам болсо айтып бермек. Сен мага тууган бол. Кетпегин, шамал, бурулбагын башка тарапка. Кааласаң каалаганыңдай сого бересиң да. Мага жардамдаш, шамал, кетпегин. Мен да сенин атыңды билип алармын, анан дайыма атыңан чакырып жүрөрмүн. Жактырсаң Орган шамал дейин сени? Чоң атам Органдын атын коёюн. Орган шамал деп дайыма айтып жүргөнүмө жакшы. Сен да мени билип каласың…»

Ушинтип жолулаш шамалды үгүттөп, ага эрки менен жанын тапшырып, жалынып баратты бала. Көзү жол көрсөткөн жылдыздан айрылбайт. «Сени жакшы көрөм, жылдызым, – дейт бала. – Сен алдымда эң бийикте, эң алыста турасың. Жылдыздардын эң чоңу, эң сулуусу сенсиң. Суранам, кетпесең, өчпөсөң, ордуңда турсаң. Мен сага сүзүп баратам. Сени көздөп кетти ак үкү. Сен тарапта же арал, же жер бар. Арал болсо да мейли, аралга жетип өлөйүн. Кетпесең, өчпөсөң, жылдызым. Атыңы билбейт экем, ал үчүн мага ачууланба. Сенин атыңы сурай албай калыпмын. Атам Эмрайин болгондо айтып бермек. Жактырсаң атамын аты менен атайын, сени дайым Эмрайин жылдызы деп жүрөйүн. Макулбу? Асмандан жаркырап көрүнгөнүңдө сени менен учурашып, атыңды шыбырап айтып турайын. Сен азыр мага жардам бер, Эмрайин жылдызы, эртелеп кетпегин, эртелеп өчпөгүн, окус булутка жашына калбагын…»

Ушинтип жол көрсөткөн жылдызга жалынып баратты бала. Анан агы толкундарга жалынды: «Толкундар, силер азыр кайыгымды айдап келатасыңар, мунуңар жакшы. Мен силерди Мылгун акенин толкундары деп жүрөйүн. Ак үкү кеткен тарапка түрүлүп силер баратасыңар. Каалаган жагыңарга каалаганча узак убакыт кете берсеңер болот да? Жолдон бурулуп кетпегиле, Мылгун акенин толкундары. Калак шилеп ылдамдасам болор эле, алым жок. Карагылачы, силердин жетегиңерде баратам. Аман калсам дайым эсимде болсун; силер Орган чоң атанын шамалынын огу менен, Эмрайиндин жылдызын көздөй толкуйсуңар. Мылгун акенин толкундары жанга жолдош толкундар деп элге жаям! Жардам бергиле мага, Мылгун акенин толкундары. Мени таштап кетпегиле…»

Жылдыздардын арасынан Эмрайин жылдызы узак турду жаркырап. Таң атканда ээн асманда жалгыз ошол жылдыз калды. Таңга маал өзгөчө нурланып жаркырады да, анан агарып келаткан таңдын абасында назик ак чекит болуп көпкө көрүнүп турду. Ушинтип таң да атты. Анан деңиз үстүнөн балбылдап күн чыкты.

Кириск кубанып да, коркуп да кетти. Күндү көрүп кубанды, деңиздин дале учу-кыйыры көрүнбөгөн кеңдигинен коркту. Күн нуруна көгүш тартып, муздак жылтылдап, деңиз тик астыңы карасаң баягысындай эле кара түнөрүк, айланаңды карасаң баягысындай эле ээн.

Бала шамалдын огуңан тайгылбай эсте калган багытынан адашпай сүзө беришке баш калакты калчылдай уштап келет. Бирок антип көпкө чыдаар ал жок эле… Көзү караңгылап деңиз коңторулуп, башы айланып кеткенин бир билет бала…

Кайык болсо өз бетинче кете берди…

Бала эсин жыйган кезде күн бешим ооп калган экен. Калтыраган колдору менен бир таянып, бир тартынып отуруп, эптеп тырмышып кайыктын сорусуна чыгып отурду да, башы айланганы басылганча көзүн ачпады. Анан эки жагын каранды. Кайык толкундун жетегинде бараткан экен. Деңиз бети көз жеткен тегеректин баарында күн нуруна жыбырап, миң кубулуп ойноп, кулпуруп жаткан экен.

Кириск бет алдын карап алып, көзүн укалап кайра карады да, нес боло түштү. Түз маңдайынан деңиздин кара-көк жонун ашып, баланы көздөй Ала дөбөт жортуп чыгып келатыптыр. Ала дөбөт тосуп чыгып келатыптыр! Кайран гана Ала дөбөт!

Деңиздин кыйырынан чыбырлуу бозомук жээк да көрүндү. Бирок ак кулак, ала боор Ала-Дөбөт чыбыр арасынан бараанданып бөлүнүп, этегиндеги буурул толкун тынбай урунган аскалуу жээк да тааныла баштады. Жээк кайып учкан ак чардактардын үндөрү төбөсүнөн угулду. Баланы алгач ак чардактар көрдү. Ала-Дөбөттүн чокусунан белги кылып жаккан улуу оттун быкшыган түтүнү көккө буралат…

Деңиз бойлой жорткон Ала дөбөтүм,
Кыйын жолдон жалгыз кайттым мен өзүм,
Жанымда жок Орган кары чоң атам,
Жанымда жок Эмрайин өз атам,
Жанымда жок Мылгун аке, карасаң,
Ал үчөөнүн айтам жайын сурасаң.
Обол суу бер, чаңкап өлүп келатам…
Өмүр бою ырдап жүрүп өтө турган өзүнүн төл ырынын башы ушул болорун Кириск өзү да түшүндү…

Деңиз күркүрөп келип, аска ташка соктугат да, алсырап кайра тартат. Ага чыдап араң турган кара жер өпкө кагып онтоп алат, бирок солк этип козголбойт. Бул айыгыш күн күндүз болуп туулуп, түн түнкүсү болуп жаралган дүйнөнүн башталышы жок башынан бери келаткан кармаш. Бул кармаш түбү жок мезгилдин ичинде жер-жер бойдон, суу-суу бойдон боло бергичекти күнү-түнү басылгыс кармаш. Күндүзү күн, түнү түн түбү тешик дүйнөнүн түбүнө чейин жүрө берер кармаш…

…Ошентип дагы бир түн уюп турду…

Деңиз бетинде Орган шамал арылдап, Мылгун аке толкундар түрүлүп, агарып таң атып келаткан асман шаңында балбылдаган Эмрайин жылдызы жаркырайт.

…Дагы бир таң атып келатты…

Байтик айылы, Декабрь 1976–январь, 1977.

[1] Курнг – Кудай деген мааниде.

 

[2] Агүкүк – түндүк уюл үкүсү, ак үкү.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *