Абдыкерим МУРАТОВ

Дүйнөлүк адабияттын классиктери аталып жүргөн Абдурахман Жами, Алишер Навои сыяктуу улуу устаттар өз устаты катары Жалалиддин Руминин атын аташкан. Анын чыгармачылыгына дүйнөлүк илимий жана көркөм ойдун бийиктигинде турган немис аалымдары жана акындары Гегель, Гёте да жогору баа берген. Орус «тамсилинин атасы» наамын алган И.А.Крылов бир топ чыгармаларына негиз кылып Руминин жазгандарына кайрылган.

Жалалиддин (Жалал-ад-Дин) Руми 1207-жылы азыркы бөлүштүрүү боюнча Ооганстан аймагындагы Балх шаарында туулган. Ал эми Тажикстандын президенти Э.Рахмонов 2006-жылы 20-январда Конья шаарында өткөн Мавляна Жалалиддин Румиге арналган жыйындагы сөзүндө Жалалиддин Руми учурдагы Тажик Республикасынын аймагынын чыгыш жагында туулуп, балалык чагы Ооганстандын тоолуу Балх деген жеринде өткөндүгүн айтты. Ушуга караганда анын калыптанган чөйрөсү Борбор Азия, ал жердеги фарсый жана түркий элдер болгон. Анан калса таяке жагынан хорезмдик падышалар менен улашып кетет. Ал Батыш Реннесансы баштала электеги Чыгыштын «алтын доору» жараткан поэзия менен таанышкан, индустардын өтө өнөккөн театры менен, араб-фарсий жөө жомоктору жана ушул аймактагылардын оозеки чыгармалары менен оозанган. Буларга кошумча диний адабияттарды, грек философиясын окуган.

Мухаммед Жалалиддиндин атасы сопучулук агымын алпечтеген диний адам болуп, «аалымдардын султаны» деген атакка жеткен, медреседе сабак берген, хутба уюштурган, өлкөнүн эң бир таанымал диний аалымы катары эсептелген, ошонун таасириненби Жалал да жаш чагынан медресеге кирет жана аалымдар менен катар жүрүп, алардын таалимин алат.

Чыңгыз хандын колу жакындап келе жатканда жана Балх шаарындагы саясый абалдан улам эл сүрүлүп, Мухаммед Жалалиддин үй-бүлөсү менен жети жашар кезинде 1228-жылы Борбор Азиядан Батышка ооп Кичи Азиянын Кония султандыгында (азыркы Түркия аймагы) жашап калат. Ал жер аябай көп уруу-уруктан турган жана Селжуктардын борбору эсептелген. Шаар маданияттын, илим-билимдин, диндин очогу болуу менен шаарбашчы өзү кичинекей Жалалиддиндин атасы Мухаммед Бахаеддин Валидди чакырып алат, ага ири медреселердин биринде иштөөнү сунуштайт.

Ал кезде ушул жерди дүйнөнүн башка элдери Рум жери (Рум дияры) деп аташкан жана ал кезде жазган кишилер псевдоним катары өз мекенин көрсөтүү салтын катуу карманган, ушундан да Мухаммед Жалалиддин деген атка Руми (Румий, румдук) деген кошумча сөз кошулган.

Ушул жерден ал фарсий, араб, түрк, грек тилдерин үйрөнүп, алардын баарында жаза билген. Дин илимин тереңдетип отуруп, сопулук (суфизм) багытын жаратат. Адамдын жанын, жүрөгүн адамгерчиликтин бийик нерсеси катары карап, алардын абалын Алла Таала менен байланышта, терең катышта чечүүгө багыт алат. Ошон үчүн ыр жана айланып-чимирилген бийлөө менен жаратканга жетүүнүн жолдору бар экендигин аныктайт.

Анын газелдери ырдоого, музыкага ылайыкташып, ыргактары келишип турат. Жазгандары оозеки түрдө бирөөнөн экинчисине өтүшүп атып, кийинчерээк «Кабир дивандары» («Улуу диван») деген ат менен бир жыйнак-китепке бириккен. Бул китепти «Шамса Табриз дивандары» дешкен. Себеби Шамса Табриз (Табриздик Күн) деген анын эң жакын досу дервиштик кылып, адамдарды пакизалыкка, актыкка чакырган, бирок өмүрү трагедиялуу аяктап, аалам кезип жоголуп кетет. Жалилиддин ошол досун эстеп, анын урматтап китебин «Шамса Тарбиз дивандары» деп атаган. Ал кырк миңдей саптан турат, булардын курамы эки миң жети жүз үч сап газелден жана төрт миңдей сап рубаиден куралган.

Бирок ушул күнгө чейин анын өз колу менен он сегиз сап гана жазылгандыгы, калган жетимиш тогуз миң саптын баары шакирттери тарабынан катка түшүрүлгөндүгү айтылып келет.
«Маснави» деген китеби шакирттерине айтып берген ырлардан куралган. Аларда акыл-насаат баяндары, ибараттуу сөздөр өз кезегинде адамдарды оң адептик жолго баштоо үчүн эбегейсиз кызмат кылган. Бул алты китептен турган бүтүн чыгарма. Отуз бир миң саптар кошоктолуп жазылган.

Ырларында карама-каршылыктар: жарык жана караңгы, күн жана түн, кара өзгөйлүк жана ак ниеттик, сүйүү жана жек көрүү, жаштык жана кырылык ж.б. бири-бирин толуктап келет.
Мисалы «Мажнунду азгырганда» деген ырды окуп көрөлү:
Мажнунга бир дөөпөрөс деди муну:
«Лайлиңдин айтчы деги, неси сулуу?

Аз бекен бул аймакта пери кыздар,
Жүз эмес, сулуу кыздар эки жүз бар.

Тандап ал чекесинен чертип туруп!»
Так айтты Мажнун анын сөзүн угуп:

«Сынтакпа сыртын көрүп кумураны,
Ичинде кумуранын сулуу жагы.

Маанисиз мага суунун куюлганы,
Мага – бал, мага – шербет мунун даамы.

Мен жутам кумурадан кумарланып,
А сага кунсуз бир суу турат агып.

Кубулат кумурага тарткан сүрөт,
Куп билет даамын татып көргүн жүрөк!» (Э.Турсуновдун котормосунда)
Карап көрсөңүз, мындагы акындык ой: кумуранын сыртынын сулуулугу маанилүү эмес, маанилүүсү андан суунун кантип куюлуп тургандыгы, сулуунун сулуулугу анын тышында эмес, ичинде экендиги, б.а. бирөөлөр кумурадагы сууну жөн гана суюктук катары ичип койсо, а бирөөлөр аны кумарлануу менен ырахаттанып ичет. Ошон үчүн чыгышта «Лайлинин сулуулугун көрүү үчүн Мажнундун көзү менен кароо керек» деген ибараттуу кеп айтылып келет.

Жалалиддин Руми 13-кылымга чейин Борбор Азияда, Иранда эл арасында айтылып жүргөн тамсил, ривоят, анекдот сыяктуу нерселерди кайра иштеп чыгып, аларга чыгармачылык менен өз мамилесин киргизип, кайра элге тараткан, булардагы күлкүгө басым жасабай, ошол күлкүнүн таалим-тарбиялык жагына басым жасаган. Ал Грециянын байыркы доорунан тартып Чыгыш-Батыш адабиятын чыгармачылыгында синтездей алган сөздүн чыныгы маанисиндеги таң каларлык классик акын болгон.

Ал өлбөс поэзиясында Адам менен кудайды жакын алып караган жана диний догмаларга каршы туруп, адам дилинин керемет күчүнө, сыйкыр дүйнөсүнө жогору баа берген, дал ушунусу менен өзүнө чейинки адабияттан бир кадам алдыгы озуп чыккан.

Руми көп чыгармаларын фарсий тилинде жазса да, осмон түрк адабиятынын бийик жылдыздарынын бири катары тарыхка кирди, ал эми анын уулу Султан Веледди Түркия адабиятынын негиздөөчүсү катары жаңы доор адабиятынын башатында турган.

XIII кылымда жашаган Мавляна Жалалиддин Руми ислам дининдеги сопучулук агымына өтө күчтүү таасир эткен. Ал окуунун бир багыты – адамдарды бирин-бирин урматтап сүйүүгө үйрөтүү болгон. Жалалиддин Руминин энциклопедиялык билимдүүлүгүнө аябай таң каласың, мисалы, адепке үйрөтүүчү аңгемелерди, тамсилдерди жазып, ошол баяндары үчүн фарсый, түркий, тажик, араб, грек тилдериндеги адабияттарды казып окуган же оозеки элдик чыгармалардын сюжеттерин кайра иштеп чыккан. Ушундай чыгармалары элге жетсин, баары үчүн түшүнүктүү болсун деп жөнөкөй тил менен жазып же айтып, турмушта болуучу кадимки окуяларды көрсөткөн.
Мисалы анын бир кеңешин карап көрүңүз.
Бала ээрчиткен бир аял Румиге келип айтат:
— Урматтуу мавлана, мен кандай айтып-деп, эмнелерди кылсам да, балам мени укпай жатат, анын таттууну ушунчалык көп жегенин койдура албай кыйналдым. Эми бир гана айлам сизсиз, анткени ал сизди сыйлайт, ошон үчүн сизди гана угушу мүмкүн.
Руми баланы бир топ карап турду да, анан энесине:
— Үч жумадан кийин келиңиздерчи, — деди.
Аял түшүнбөй калды. Ушундай бир болбогон нерсеге, үч аптадан кийин келүү керек беле? Алыс өлкөлөрдөн адамдар келип Руми менен сүйлөшүп, маселелерин дароо эле чечип кетип жатпайбы. А буларды болсо…
Айла жок жанагы аял баласы менен кайрадан үч жума өткөрүп келет. Жалалиддин дагы бир жолу балага көз жүгүртөт да:
— Дагы үч жумадан кийин келип көргүлөчү, — дейт.
Энеси чыдабай суроо берет:
— Неге эми?
Мавлана Жалалиддин Руми болсо айтканынан кайтпайт.
Ошентип кайра үч жумадан кийин эне-бала ээрчишип Руминин астына дагы үмүт байлап келет, ошондо Руми балага тигилип туруп минтет:
— Уулум, менин кеңешимди ук, таттууну көп жеген сенин ден-соолугуңа зыян!
Бала айтат:
— Эгер сиз ушинтип айтсаңыз, анда мен мындан кийин таттууну көп жебейм!
Энеси баласынан эшикке чыгып күтүп турууну суранат. Бала чыгып кеткенде ал Румиден сурайт:
— Эмнеге ушул бир ооз сөздү мурда эле айтып таштабадыңыз?
Көрсө Руми өзү да таттууну көп колдончу экен. Балага кеңеш берүү үчүн биринчи кезекте өзү да ошол адатын таштап туруп, анын айтыш керек тура. Өзү таттууну ташташ үчүн биринчи жолу үч жума жетет деп ойлоптур, көрсө жетпей калыптыр, ошон үчүн эне-бала үч жолу келүүгө аргасыз болгон экен.

Мында устат кандай болуу керек, шакирт кандай болуу керек деген маселеге талдоо берилет. Чыныгы устат болуу үчүн өзүң ошого татыктуу болушуң кажет. Болбосо мавляна үчүн бир сөз айтып коюш кыйын беле? Оңой эле болчу, бирок ага барган жок. Советтик педагогика да «тарбиячы өзү тарбияланган болуу керек» деп эчен кылымдык тажрыйбага таянып айтат.

Руминин этикалык ибараттарында жөнөкөй адамдар анчалык элес ала бербеген, бирок жеке адамдын тагдырында таасирдүү көрүнгөн окуялардын орду да эң сонун көрсөтүлөт. Мисалы, «Кайчы» деген притчасын окуп көрөлү: Жүрөк оорусу өнөкөткө айланып бара жаткан бир киши Руминин астына келет.
— Мен кандай гана дарыларды ичип көрбөдүм, бирок дартыма даба болбоду, акыры бир айласын кылар деп сизге келдим, — деди ал киши жалынычтуу.
Устаз тигил адамга бир топ тигилип, анан ойлонуп туруп:
— Мага кайчы алып келгиле? – деди.
Кайчы алып келгенче тигил кишинин өңү ансайын купкуу тартып, акыры чыдамы кетип:
— Сиз эмне менин жүрөгүмө операция жасаганы жатасызбы? – деди.
Руми күлүп айтты:
— Мен хирург эмесмин, анан калса кайчы менен операция жасайт деп деги эле укпагам.
Кайчынын алып келген соң мавлана жанагы жабыркап келген кишинин топчусун ордунан кесип алып колуна карматты да:
— Муну башка жерге тагып алыңыз жана топчунун эски ордун эми көп кармалай бербеңиз, — деди. Анан да: — Эми дагы эки жумадан кийин бир келип кетиңиз, мен иштин оң жыйынтыгын көрөйүн, — дегенин кошумчалады.
Оорулуу киши устаз айткандын баарын кылды. Эки жумадан кийин Руминин алдына кубанычтуу келди.
— Дарыгер менин жүрөгүмдү текшерип көрүп, баары ордуна келиптир, сиз жакшы болуп калыптырсыз деди. Сиз, урматтуу мавлана, менин түймөмдөн жин-шайтандын баарын кууп чыктыңызбы? – Ал кубанып ушинтип айтты.
Руми күлө багып:
— Сиздин колуңуз ошол топчуну кармалай берчү экен, топчу болсо жүрөктүн үстүндө, демек колуңуз жүрөгүңүзгө тийе берген. Ошол түймө сиздин жүрөгүңүздү жабыркаткан «жин-шайтан» болуп келген. Мен ошол түймөнү башка жакка которуу менен жүрөгүңүздү кысып жаткан колуңуздун нервдеринин таасирин башка жакка жылдырып койдум.
Аңгеме мына ушундай сюжетти камтыйт. Бир карасаң жөнөкөй эле нерседей, бирок дал ошол жөнөкөй нерсе – бир адамдын тагдырын чечип атат. Ал ошол адамдын тагдыры эле эмес, башкаларга да сабак болуучу ибарат.
Руминин сопучулук философиясы гумандуулукка негизделет. Бир катар ойчулдар өзүнүн динин гана башка диндерден өйдө коюп караса, Румиде андай эмес, адамдар тегине, динине, өң-түсүнө, байлыгына карап бөлүнбөйт, алардын баары бир катардыгы эле пенделер.
Ушуга байланыштуу дагы бир аңгемеге көңүл буралы. Ал «Руминин көрөгөчтүгү» деп аталат да, окуя мындайча айтылат:
Тебриздик бир бай соодагердин башына күлпөттүү иш түшүп Кониага – Румиге атайын келет. Ал Румиге беремин деп ниет кылып өзү менен 50 алтын теңге да алып алган. Келип, мавлананын кабылканасында туруп, Жалалиддинди көрүп калат да, сүрдөп, калтырак басат.
Руми айтат:
— Сенин 50 алтын теңгең алынды! Бирок сен 200дү жоготтуң жана ошол нерсе сени мында алып келди. Сени Алла жазалады, эми баары жай-жайына келет.
Соодагерди Руминин көрөгөчтүгү таң калтырды. Руми дагы айтты:
— Бир жолу Батышта, христиандардын мекенинде, көчөдө жаткан бир христиан дервиштин жанынан өтүп баратып, ага жийиркенип түкүрүнүп ийгенсиң, азыр эми сен ошонун азабын тартып жатасың. Сен эми ошол кишини табышың керек жана андан кечирим сурашың зарыл, анан биздин саламды айт.
Ошондо соодагер өзүнүн ички дүйнөсү Руми үчүн ачык китеп экенин түшүндү.
— Кара, — деди Жалалиддин, — биз аны сага көрсөтөбүз.

Ушинтти да дубалга жакын келишти, ошол убакта Европанын бир базары жана анын бир жеринде жаткан ыйык адам көрүндү. Соодагер бул көрүнүштөн артка жылып кетенчиктеди жана устазга таң кала карады.
Мында Руминин аябай эле көрөсөндүгү, акылдуулугу, гениалдуулугу көрсөтүлүү менен адамдардан башкача касиет-сапаттары бар экендиги айтылат.
Көп чыгармалары фарсий тилинде болсо да, осмон түрк адабиятынын бийик жылдыздарынын бири катары тарыхка кирген Румиден миңдей рубай калып, азыр дүйнөлүк маданий кызынага айланды. Төрт саптык (рубаи) ырлар философиялык: өлүм-өмүр, кайгы-кубаныч темасында көп жазылса да, ооздон оозго, китептен китепке көчүп жүргөнү негизинен сүйүү темасына арналгандары болот. Мисалы, Ж.Руминин айрым рубаилери менен таанышып көрөлү.
Сулууларга көңүлүңдү бөлбөстөн,
Сен өтөсүң эч жыргалды көрбөстөн.
Сүйбөгөнүң – өлгөндүккө барабар,
Сүйүп өлгүн, жашаш үчүн өлбөстөн!
***
Анык майрам – жолугушкан күнүбүз,
Келчи жаным, жарык болсун түнүбүз.
Тагдыр бизге кол кезеген күндө да,
Эч коркпойбуз, тирүүсүндө сүйүүбүз! (Которгон Кубанычбек Басылбеков).
Жогорудагы төрт саптарда сүйүүнүн улуулугу, сүйгөн жана сүйдүргөн адамдын образдары өтө таамай жана курч, так айтылып жатат.
«Лайлинин итин эркелеткенде» деген ырында болсо Мажнун үчүн Лайлинин көчөсүндөгү ит ыйык, ага эркелетип таазим кылат, колунан ширин даам, шербет берет да мындай жоругун мыскылдагандарга карата: «Башкача ашыгыңдын турган жайы, баткагы, шыпыргыдан чыккан чаңы, сүйүүнүн кулу болсоң көрөр элем, итинин баскан изин өбөр элең» деп зар какшайт. Ыр менен таанышып көрөлү:


Мойноктун Мажнун турду башын салып,
Мончоктоп карегинен жаш кылгырат.

Ал итти ыйык көрүп адам сымак,
Айланып, эркелетип таазим кылат.

Мойноктун баскан изи керемет деп,
Колунан ширин даам, шербет берет.

Көчөдөн көргөн бирөө кобуранат,
«Көрпенде, бу жоругуң кимге жагат?

Тумшугу чурай жалап арам болгон,
Өбөсүң тамак берип таза колдон.

Ким өпсө бок жалаган ит тукумун,
Кишиден кийин кылат бүт тукумун».

Итбайлар жүрмөк эмес мүдүрүлбөй,
Иттин да сыртын көрөт ичин билбей.

Сүйлөдү Мажнун ага: «Бери кел, сен –
Дүйнөнү менин көзүм менен көрсөң:

Лайлинин көчөсүнөн жолуккан ит,
Көрүнмөк көрүнгөндөй илгери үмүт.

Башкача ашыгыңдын турган жайы,
Баткагы, шыпыргыдан чыккан чаңы.

Сүйүүнүн кулу болсоң көрөр элем,
Итинин баскан изин өбөр элең.

Жарашпайт сынаакыга сен өңдөнгөн,
Жандардын ичин билбей сыртын көргөн.

Эгер сен жаралыштын жанын сүйсөң,
Эриген бейиш болот жарык дүйнөң»! (Э.Турсуновдун котормосу)
Сүйүү темасында Жалалиддин Руми дайыма дүйнөлүк адабияттын бийик секисинде турган акын катары өзүн көрсөтүп кеткендиги менен кызыктуу.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *