Тажик жомогу

Илгери өткөн заманда бир киши жана анын үч баласы бар экен. Алар үй-бүлөсү менен бактылуу жана ынтымакта жашаптыр. Бир жолу Бакыт ал кишиге минтип айтыптыр:

– Мен бүгүндөн баштап сенин үйүңдөн кетем!

Эмне болгонун түшүнбөй, ал киши улуу баласын чакырып алып мындай дейт:

– Бакыт биздин үйдөн кетем деп атат. Буга эмне дейсиң, эмне кылабыз?

– Кетсе, кете берсин! Бизге Бакыттын кереги жок, биздин достугубуз кетпесе болду дейт, – улуу баласы.

Атасы бул жөнүндө ортончу баласынан эмне кылабыз? – деп сурайт.

Ортончу баласы да:

– Кетсе кете берсин Бакыт, биздин ынтымагыбыз бар эмеспи, – дейт.

Ата эң акырында кичүү баласынан сурайт, кичүүсү:

– Биздин үйдөн бакыт кетсе, биздин биримдигибиз калат, – дейт.

Үч баласынын оюн уккандан кийин атасы балдарынын айткандарын Бакытка айтып берет. Баарынын сөзүн уккандан кийин Бакыт мындай дейт:

– Мен эми силердин үйдөн кетпейм. Кай жерде биримдик, достук, ынтымак болсо, менин ордум ошол жерде, мен мындай жерден эч жакка кетпейм. А силер болсо өзүңөр эле ынтымактуу болбостон ойлогон оюңарда да ынтымак, достук, биримдик бар. Мына мен ошондуктан силердин үйүңөрдөн кетпейм, – дейт. Ошентип, ал киши үч баласы менен өмүрүнүн аягына чейин бактылуу жашап өтүптүр.

Которгон Абдумажит МУРЗАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *