Которгон Амирбек АЗАМ уулу

Боордош эл адабиятынан

ИКАЯ

Жолго чыкканымда арты жемирилип, кадам шилтеген сайын бутуман суурулган кавишим[1] көңүлүмдү өйүп турду. Бирок мен бут кийим сатып алганы баратам. Шого көөдөнүм көөп, кавиштин азабы оюмдан тез эле учуп кетти. Бул менин көбүнесе апкыты жыртылып, таманы тешилген эски кавиш кийип жүргөнүмдөн го…

Мен бир да кавишти жыртылып бүткөндөн мурда таштап салган эмесмин. Өспүрүм кезимде эртеден кечке алдыңкы колхоздо иштеп жүргөнүмдө тумшугу тешилген, кокус таш басып алсам,  таманымды мык киргендей сыздатып ооруткан кавишимди түбөлүккө сактап коёюн деген оюм болгон.

Чоң базарды аралап жүрүп, көзүмө кооз, таманы сары кайыш кавиш түштү. Анын чекеси да, сырты да жип менен эки катар шырылыптыр. Бул кавишти кийсем, буттарымдын кыйшык экени билинбей калат деп ойлодум жымыңдап. Өзү да бутума чак, эң маанилүүсү — арзан экен. Баасы чындап эле картондо жазылгандай болсо экен деп, ичимден кудайга жалынып да жибердим. Мен тилегендей чыкты. Сатып алган кавишимди колтугума бекем кысып, үйдү көздөй желип жөнөдүм. Мындай кооз, арзан кавишти базарда башка көрбөдүм. Мага буюрган экен.

Досуң демейде башыңа карап: “Төбөңдө телпегиң болсо, баары акырындап түзөлөт”, — деп көңүлүңдү көтөрөт. Душман бутуңду карап, кавишиң жыртык экенин көрсө: “Бутуң жооруй баштаган экен, ал жакында башыңа жетет”, — деп сүйүнөт. Көралбастар эми менин бутумда жаңы кавишти көрүшсө, кызганып ичтери жарылат.

Мен жаңы кавишимди аябай этияттап кийдим. Дайыма сыртын чүпүрөк менен аарчып тазалайм. Тапкан майым менен майлап, сымаптай жылтыратып коём. Аны бир кыш, бир жаз кийдим. Жай да келди. Түркмөнстандын жайы жайга да окшобойт!

Биз күн нурун чачкандан караңгы түшкөнчө он төрт саат бою пахта талаасындабыз. Дем алышпы, майрамбы, кар жаайбы же оорусуңбу, баары бир. Минтип тынбай иштегенге жана күндүн ысыгына темир да түтпөйт.

Трактордун чоюн түтүгү жарылып, түтүнү бурк-бурк этип, өзү ордунан жыла албай, үнү мал жөткүргөндөй күрсүлдөйт, бечаара! Анын ордуна кыртышты ким тилип оодарат? Кесектерди бирден майдалаганга адамдардын колу жетпейт.

Адам баарына чыдайт. Денесинен нымшыган терден кийими суу болуп, анын тузунан колтугунун асты жана далысы агарып, костьюму желкесинен ноктодой жылбышат. Кавишинин тумшугундагы жыртыгынан бармагы жалдырайт. Колундагы күрөгү майышып, топурак сузулбай калганда манжалары менен жер тырмап иштей берет.

Мен кум жана чопо аралаш кыртыштуу айдоону тепсээрим менен кооз кавишимдин өңү өзгөрө баштады. Ал аз келгенсип, бир нече күндөн кийин согончок жагы, анан тумшук жагы ажырап калды. Кавишим өжөрлөнүп жыртылган сайын, мен анын жыртыгын өжөрлөнө бүтөйм. Тигиши ажырап калса, жамаачы салып тигем. Жамаачылуу кавишимди көрүп, сени дагы кийсе болот деп маңдайым жарыла сүйүнөм. Байкасам, бул кавиш тегиз жерге ылайыкталып тигилгендей.

Ташка чалынып, чыла тепсеп, трактордун артынан жүгүрөм, арык казам, агат кылам. Мунун баарына өзүм го чыдайм, кавишим мындай турмушка чыдамакпы. Ошого бутумдан түшпөсүн деп, кендир жип менен бутума байлап алдым. Таманы бутума араң эле жабышкандыктан иштегенди кой, басканга да кыйын. Жаңы кавиш сатып алганга пул жок, айлыкты күтүш керек.

Ушундай күндөрү бүт өмүрүм кесектен бут чатышкан ушу талаада өтөт ко деп ойлом. Акыры зарыга күткөн күнүм да келди. Айлыгым колго тиер замат базарга барып, үч жарым сомго өзүбүздүн советтик фабрикада тигилген кендир ботинке2 сатып алдым. Аны кийип, жыргап калдым! Бир жуп жаңы ботинке мени кайра төрөлгөндөй кубандырды.

Өкчөсүнөн бөлөк бар-жогу жамаачыланган эски кавишимди ыргытып жиберейин дедим. Бирок мага жакшы ой келди. Дайыма эле менин кавишим азыркыдай тамтыгы чыгып жыртылбайт да. Балким бул менин акыркы жыртык кавишимдир? Себеби биз жакында Американы кууп жетсек, анан коммунизмде жашап калабыз. Ошондо жыргал турмуш болот. Коммунисттик партия коммунизм жакында курулат, тарых дөңгөлөгү бизди коммунизмди көздөй чимирилтүүдө деп тилдери жооруганча сайрап жатышпайбы. Радиону күйгүзсөң эле мына бул ыр жаңырат:

“Коммунизм келатат жакындап,
Асыл компартиям, сенин саяңда!”

Бул ырды биз мектепте классыбыз менен ырдайбыз. Ийе, жакында жерде бейиш орнойт. Бейишке кирчү эшиктин жалтыраган алтын туткасы көздү уялтат. Биз эшикти гана ачышыбыз керек. Ага чейин бир нече жыл бар. Ошо бир нече жылда эч нерседен тынчсызданбай, тынбай иштөө гана керек…

Кудай буйруса, ал күн да келет… Ал күндү эринбей элестетип көрчү! Ойлоп көрчү! Ал күнгө чейин аман болсок… Ага жетсек эле… Оо, коммунизмде жыртык кавиш болбойт! Кебетеси шалпыйып, тамтыгы чыккан кавишти издеп да таппайсың.

Качандыр бир эски заманда Аяз деген койчу болот. Ал абыдан акылдуу да, зирек да болгондуктан, хан аны өзүнө увазир кылып алат. Ырайымсыздык өкүм сүрүп, адамдар эркин дем алганды ойлобогон эски заманда эл Аязды акылмандыгы, кара кылды как жарган калыстыгы үчүн урматташат.

Азыр бийлик жалпы элге таандык. Өлкө өзүбүздүкү. Иштеген адамга баары бар, иштебегенге балээ да жок. Окуган адам көктөйт, окубаган өспөйт. Мен иштеймин да, окуймун да. Ошого өсүүм үчүн менде бардык шарт бар. Кокус бешенеме жазылган болсо, министр болуп эл башкарып калышым ажеп эмес?! Ал кезде менин кычыраган кара ботинкам[2] болот. Анткени кара ботинка аба ырайы качан, кандай шартта болбосун модалуу деп саналат. Эң негизгиси – ботинкаң боолуу болсо, бүттү. Себеп дегенде, бут киймиң боосуз болсо, Британия падышасынын сарайына киргизбейт.

Министр болуп алсам, эл башкарып жүрсөм, бир кезде жыртык кавишчен жүргөнүмдү ким эстемек? Азыр деле кээси жыртык кавиш кийип жүрүшпөйбү.

Бул кавиш тамак сурабагандан кийин үйдө тура берсин да. Азыркы жетекчилердин көбү мен сыяктуу жыртык бут кийим кийип же жылаң аяк жүрүп эле чоңоюшкан. Алар чоң кызматка отурар замат өздөрүнүн жыртык кавишин унутат. Ал эмес жакыр турмушун, баары тартыш жашоону жадынан чыгарышат. Мен алардай болбошум керек. Ошондуктан бул жыртык кавишимди эсиме жара чыгып, өткөн турмушумду унутуп койбош үчүн сактап коюшум абзел.

Албетте, ой-максатыма жетсем, эски кавишимди кабинетимдин бурчуна илбейм дечи. Аяз падыша маданиятсыз койчу болгон да. А менчи? Мен дүйнөдөгү эң өнүккөн өлкөнүн билимдүү азаматымын го. Эски кавишимди целлофан баштыкка салып, серванттын ичине катып коём. Кокус ачуум келип, каным кайнаса, серванттын суурмасын ачып, жыртык кавишимди бир саам карайм да өзүмдүн мурунку жашоомду эстеп, акыл сергитип, кайра ишти улантам.

Аяз кийин хан болуп калат. Ал хан болгон соң өзүнүн эски чарыгын тактынын маңдайына илип коёт. Ал ачууланып, кыжырданганда өзүнө өзү: «Эй, эй, Аяз! Кез-кезде чарыгың тарапка карап кой! Кечээ эле кой кайтарган койчу эмес белең. Бүгүн падыша болдум деп, мурдуңду дердейтпе!“ деп акыл пештеп алчу экен. Ал ушинтип өлкөсүн калыс жана акылмандык менен башкарат.

Илгерки жомокту эстеген себебим, өлкөнүн азыркы көсөмү жаш кезинде чочко бакканы калппы? Ошол чочко багар азыр дүйнөлүк деңгээлдеги жыйында көк мармар минбарга чыгып, ботинкасын чечип алып, минбарды чаап башкаларга айбат көрсөтүп жүрөт. Көрдүңбү, ал жерде да бут кийим керек экен. Мен азыр мектепте окуймун жана Советтер Союзундагы алдыңкы колхоздордун биринде колхозчумун. Эмне гана ойго келбейт! Анын үстүнө башың баш эмес эле быша элек ашкабак болсо, кыялың жакшы нерсеге гүлдүн ширесине шашкан бал аарыдай сызат эмеспи!

Адамдын табияты да кызык: чын сөзгө эмес, кулак сүйүнткөн нерсеге ишенгиси келет; көзүнө жакшы эч нерсе көрүнбөсө да жалган сөздү ээрчийт. Анысына да мейли дейсиң. «Жакшы ниет – жарым дөөлөт» деп бекерге айтылбаган да.

Жаңы кавиш сатып алганымдан бери туура бир жума өттү. Бир нече гезитке ороп койгон эски кавишимдин эмне болгонун көрөйүн десем, ордунда жок. Маанайым бузулуп, каным башыма тээп, ачуум келди. Үйдү толук сапырып чыктым. Жок, калас. Бир убакта апам да келди.

— Бул үйдө эч нерсе калтырып болбойт. Койгон жериңден эч нерсе таппайсың! — деп апама кыйкырдым. Апам эч нерсе түшүнбөгөндөй, менден сурады:

— Биз үйдө эч нерсе көргөнүбүз жок. Эмне койдуң эле? Бир нерсең жоголдубу, уулум?

Мен чоңойсом Аяз хан болорумду апама айтмак белем. Эски кавишим табылбаса дагы ачуумду басып, көчөгө чыктым. Жоголсо жоголуптур да! Аман-эсен болсом, эр жеткенче дагы бир нече жуп кавиш жыртам. Ойлогон оюм тез эле ишке ашты. Бир айга жетпей, чыпта ботинкем кийгенге жараксыз болуп калды.

Бышык ботинке сатып алайын десем, акчам жетпейт. Себеби алган эмгек акым аз. Мага караганда аялдар көп пул алат. Аларга мен сыяктуу эле эртеден кечке иштегени  үчүн табелде “1 эмгек күн” эсептелет. Эркектерге “1, 25 эмгек күн“ жазылат. Мага окшогон  мектеп окуучуларын зор киши менен теңелип иштей албайт деп, күндүн үчтөн бири кемитилип, “0,75 эмгек күн“ жазылат. Же биз өсүпүрүм балдар төрт күн иштесек, үч эмгек күнгө эсептелет. Ушинтип бир айда 22 эмгек күн иштеп, 22 сом алабыз. Бир күндүк эмгегибиз бир сомдон бааланат.

Жакшы, сапаттуу бут кийимдин баасы 30 сомдон башталат. Бут кийимден башка да шым, көйнөк дегени бар. Курсакты да курулдатпаш керек.

Ботинкамдын кийгенге жарабай калганы мени аябай кейитти. Мындай абалдан чыгыш үчүн айлам кеткенде бригадир менен сүйлөшүп көрөйүн дедим.

— Ага, мен чоң кишилер сыяктуу эле иштеп жүрөм. Эмне жумуш тапшырсаңыз, баарын аткарып жатам. Жанымды аябай иштейм. Мүмкүн болсо, айлыгымды бир аз көбөйтүп бербейсизби?

Бригадир ошо турган жеринен жооп берди.

— Сага азыркыдан көп төлөгөнгө акчам жок.

— Сиз берген акча жаңы кавишке да жетпейт. Көрүп атасыз го, ботинкемдин тамтыгы калбай жыртылганын.

— Анда бут кийимге жеткендей акча төлөгөн жерге кет, — деп заңк этти бригадир.

Мендей мектеп окуучусу иштегендей жумуш колхоздон башка жерде жок. Мага окшогондорду шаарда жумушка албайт. Биздин паспортубуз жок. Биз го биз, үй-бүлөлүү колхозчулар паспорт ала албай жүрүшөт. Паспорту жок адамды ким жумушка алат?

Мен абалдан чыгуу үчүн жардам сурап өйдө жакка кайрылмак болдум. Колхоз башкармаларын, партия жетекчилерин элден чыккандар, эл шайлаган деп айтышат ко… Алар өздөрү да “биз элге кызмат кылабыз”, “эл кызматындабыз” дешет. Бирок жетекчилердин маанилүү иштери көп болгондуктан, кээде карапайым эл турмушу тууралуу унутуп калышат. Бул жөнүндө алардын эсине салам. Аным үчүн алар мага алкыш айып: “Эмнеге мурда кайрылбадың? Сенде дагы кандай кем-карчың бар?”- деп сурашат деп ойлодум.

Кечинде үйгө келип, жуунуп-тазаланып алып, колхоз кеңсесине жөнөдүм. Келсем, башкарманы күтүп бир нече адам отуруптур. Биз көпкө күттүк. Ач болгонумдан, керээлдин кечке иштеп тырп этер алым жогунан, кирпигим илинип кетет. Башкарма келгенде баарыбыз ордубуздан обдулуп турап, апкаарып салам айттык ага. Алик албады ал. Бизди жактырбай карап, коңк этти:

— Бул эмне? Мында эмне үйүлүп турасыңар?

Даап эч ким жооп берген жок. Ал кезектин башында турган адамга кайрылды.

— Сага эмне керек?

— Ай, мен, башкарма, баягы эле өтүнүч менен… Акча сурайын деп келдим.

— Мен сага айтпадым беле? Эч нерсе жок деп. Эмне ошол айтканымды кайталайынбы? Пул жок. Пахта терими башталмайын, мен эч кимге бир сары чака бералбаймын. Мени тажатпа. Бар, кет!

Биринчи турган неменин маанайы түшүп, башы шылкыйып басып кетти.

— Сага эмне керек, яшулы[3]?

Башкарма менин алдымда турган адамга тигилди.

— Менин жеке өзүңө гана айтар эки ооз сөзүм бар.

Кезек мага жетти. Башкарма мени бутумдан башыма чейин сынап карады.

— Жаш жигит, сага эмне керек?

— Мен айлык жөнүндө сүйлөшөйүн деп келдим.

— Анда эмнеге менин эшигимди сагаалайсың? Бар экономистке.

Мен бурулуп, эшикти көздөй баратып, башкарманын ботинкемди шылдыңдаган сөзүн уктум.

— Мунун бутун карачы! Кавиши менен талаадагы ылайдын баарын буерге ташып келиптир. Мындай жерге келгенде үстү-башты тазалап келет да киши…

“Уах, мен бу жерге ушу кавиш үчүн келгенмин да” дедим ичимден күбүрөнүп.

Экономист мени күттүрбөй кабыл алып, сөзүмдү бузбай укту. Анан муңайым жылмайды.

— Тартип боюнча сага иштеген болбойт. Бул жөнүндө кокус өйдө жактагылар билип калса, сени да, бизди да түрмөгө отургузат. Мектеп окуучусун жумушка алганга биздин акыбыз жок. Сен үчүн эң жакшысы – үнүңдү чыгарбай иштей бер же колхоздо такыр иштебей каласың.

“Буларга эмне дейсиң? Алардын эркине койсо, бир айда ак мээнетим менен иштеп тапкан 22 сомду да бербей коюшат”, — деди ички үнүм кулагыма.

— Сен билимдүү жигит көрүнөсүң, — деп сөзүн улантты экономист. — Бул мамлекетти курган адамдарды билесиң да? Свердлов, Сталин?.. Алар өмүр бою кара өтүкчөн жүрүшкөн. Алардын портретин эстедиңби? Жолдош Сталин өзү баштап бардык жетекчилер кара өтүк кийишкен. Сенде жыртык болсо да кавишиң бар экен. Ошон үчүн сабырдуу бол. Шашпа. Бар, иште. Жакында баары болот.

Башым шылкыйып үйгө келдим. “Булар мени түшүнүшпөдү. Мен иштегим келет. Иштегенден жанымды аянбайт элем. Бирок чекемди жылытар айлык болбой атпайбы.

Алар берген пул жумушта жүрүп жыртылып эскирген кийимиме жетсе болду эле. Мен андан артык эч нерсе каалабайм”.

Ушундай өкүткө батып үйгө келдим. Чай да, тамак да ичким келбеди. Жаздыкка башым тиер замат уктам кеттим.

* * *

Эртең таң заардан кайра жумуш. Тааныш талаа, тааныш агаттар. Пахта сугаруу керек. Жумушту баштаар менен маанайым да көтөрүлдү.

“Мен али жашмын да. Кайда шашам? Жыргал күндөргө жетүү үчүн дагы көп иштөө керек. Жакында коммунизм орнойт деп жетекчилер да айтып жатпайбы”.

Эки жагымды карадым. Бардык колхозчулар үн чыгарбай, баш көтөрбөй иштеп жатышат. Түрүнө караганда, аларга жаңы кавиштин кереги жоктой. Сен деле алардын бирисиң да. Ооба, мен алардын биримин: алардан жаман да, жакшы да эмесмин.

Ал күнү маанайым суз жүрдүм. Бирок түнкүсүн бир ажайып түш көрдүм.

Акыры барчу жерибиз одүйнөнү кыдырып жүрүпмүн. Бейиш багында эч жакка шашпай сейилдеп жүрөм. Дүпүйгөн бактын сырты тикенектүү зым менен тосулуптур. Түркүн гүлдөрдүн жыты таноону жарат. Эмнегедир куштар сайраганда үндөрү булбулдарга окшобойт. Алар ырдаганда кадим биздин каргаларга  окшоп каркылдашат экен.

Мен канча издесем да бейишке кирчү дарбазаны таппайм. Тиякка, биякка жүгүрөм. Тегеректеги коргон дубалдарындагы жазууларды окуй албадым. Бардык жазуулар көөнө тилде жазылыптыр. Акыры чыйпылыктап жүрүп гүлдөрдүн арасынан бейиштин эшигин таптым. Эшиктин оозунда адамга окшош чырайлуу периште отуруптур. Анын жүзүнөн чачылган нурга көзүм уялып кетти. Көзүмдү алаканым менен далдалап, ажарлуу периштеден сурадым.

— Ага, бул жер бейишпи?

— Ооба, дал өзү, — деди ал түркмөн тилинде.

— Бул жерге кирсе болобу?

— Жок, кире албайсың.

— Эмне үчүн?

— Бул жер сен үчүн эмес.

— Анда ким үчүн?

— Башкармалар үчүн?

— Мен эмне кылайын? Кайда барайын?

— Сен өзүңө ылайыктуу жерге бар.

— Мен колхозчумун. Пахта суугарам, — дедим ага өзүмдүн ак эмгек кылган колхозчу экенимди билдирүү үчүн.

— Билемин, — деди периште жылмайып. — Мен сени бутуңдагы кавишиңден тааныдым. Сен өзүңө окшонгондор барчу жайга барышың керек.

Чынын айтсам, мен ал жолду билчү да эмесмин. Башка жакка да баргым келген жок. Андыктан кеткенге шашпай, убакытты созуп жаттым.

Ошо тушта канаттары капкара, башка периште пайда болду. Эки периште күтүүсүздөн мени эки колумдан алып, силкилдете башташты. Алар мени тозокко алып баргылары келгендей. Мен бутумду арканчыктайын десем, жерди сезбейм. Алар да, мен да жылбышып бараттык. Ушинтип баратып, көзүмдү ачып жиберсем, маңдайымда апам турат. Ал мени ойготоюн деп силкилдетип аттыптыр.

— Тур, тура кой! Күн эбак чыкпадыбы! Жумушуңа кечигесиң.

Таң калганымдан бир топко дендиреп, эмне болгонун түшүнбөдүм. Уах, апамдан айланайын! Ал ойготпосо, тозокко түшмөкмүн.

Жанымда баягы жыртык ботинкем менен күнгө күйгөн пиджагым жатат. Өзүмдү пахта талаасы күтүүдө. Чымырканып иштешим керек. Биздин өлкөдө көп нерсе жетишпейт, бирок дайыма жумуш көп. Жумуш бардык адамга табылат. Каалаганча иштей бер. Айтып атпайбы: капиталисттик мамлекеттерде жумуш табуу абдан оор деп.

Бизди нан менен болбосо да саясат менен өлгүчө тойгузушкан.

Мен бейишке биринчи кезекте адал эмгек кылган адамдар барат деп ойлочумун. Бизди бейиштин босогосунда гүл менен болбосо да жылуу-жумшак тосуп алышат деп ишенчүмүн. Көрсө, жаңылыптырмын. Утурлап алмак түгүл, бейиштин эшигине жакын жолотушпайт турбайбы! Бейишти да башка бирөөлөр ээлеп алыптыр. Бейиште төрөлгөндөр бейиштен эч жакка кетпейт экен. Андай болгондон кийин бейиштен чоочундар үчүн эч качан орун табылбайт да. Бейиш анын үстүнө тозоктой чоң эмес экен. Айткандарына караганда, анын жети-сегиз гана бөлүмү бар имиш. Ошого мурдатан эле кимдин бейишке, кимдин тозокко түшөрү дайын экен. Мындай жакшы жерде өзүнүн жакындары үчүн орун аз болсо, анан сени кайдан киргизсин?!

Эмгекчил адамдын орду деп, кайсы дүнүйөдө болбосун анын жумуш орду саналат. Күндүн ысыгына куйкаланган пахта талаасында иштейсиңби же жээги көрүнбөгөн  чөлдө мал кайтарасыңбы, айырмасы жок. Бизди ошол көнүп калган жайыбыз күтсө керек?! Коммунисттер айтып жатпайбы: “Келечекте силер коммунизде жашайсыңар» деп. Бирок келечеги качан келерин билсе, жалгыз Кудай билет. Эгер тиги дүйнөдө теңчилик жердегидей болсо, баарынан жакшысы тозоктон жакшы жумуш таап алган окшойт. Максат сөзсүз эле алоолоп жанып турган оттун жанында иштөө эмес да. Анда иштесең жез казандын ысыгында кыйналасың. Бир көлөкө жай болсо сонун. Ооба, акыл жүгүртүп, ойлонуу керек. Бизде ойлонгонго орун да, убакыт да көп. Каалашыңча терең ойлоносуң. Бирок эч качан оюңду ачык айтуу мүмкүн эмес. Коммунизм идеялары өкүм сүргөн доордо бир карыя колхозчу: “Биз коммунизм эмне экенин көрбөдүк жана билбейбиз, бирок кеминизмдин (жокчулук) болору ырас», -дептир. “Андай кесир сүйлөбө. 1980-жылы коммунизм курулат деп убада беришкен», — деп карыяны тыймак болушат. Ал тыйылмак тургай: “Эй, иним! Өкмөт элди нан жана башка майда-бараттар менен камсыздай албагандан кийин жалган убада менен тойгузуш керек да», — дейт оюндагысын бербей.

Анан жанагы карыяны шаардагы эшигинде жазуусу жок бир кеңсеге алып кетип, кысмакка алышат. “Сен эмне ойлосоң ойлой бер. Бирок аның менен жакын адамдарыңа, айрыкча балдарыңа зыян кыласың» дешип. Ушинтип карыянын оозун жабышкан.

* * *

Шишик аяктан башталган сыңары бар балээ төмөн жакта чогулат. Албетте, бутума ылайыктуу кавишим жок өмүр бою кыйналдым десем калп айткан болор элем. Кавишимдин пайдасын көргөн да учурлар болгон.

Университетте эми окуй баштаган чагым. Катаал конкурстан өтүп, студент болгом. Тилекке каршы, декан мага стипендия бербей койду.

— Биз стипендияны муктаждыгы барларга бердик. Сага стипендия бере албайбыз. Сессияны жакшы аяктасаң, экзамен жыйынтыгына карап стипендия беребиз, — деди декан менин өтүнүчүмдү аягына чейин укпастан.

“Келерки экзаменге чейин кантип жашайм?» — дедим өзүмдөн өзүм. Урматтуу мугалимге бутумдагы жыртык кавишимди аябай көрсөткүм келди. Бирок өзүмдү токтоттум.

Ал эгер меникиндей кавишти көрсө, мен сыяктуу жөлөр-таяры жок студенттердин абалын түшүнмөк. Балким өз тааныштарына стипендия бербейт болчу. Ректорго барып даттангандан башка айлам калбады.

Ыкыбалыма кабылдамада отурчу секретарь аял ордунда жок экен. Ректор кабинетинде отуруптур. Мен босогону аттабай жатып:

– Ассалом аллейкум, жолдош мугалим! – деп саламдаштым да, ошо жерден эле бутумдагы кавишимди чече салдым.

Ректор саламымды эшитип, башын көтөрдү.

– Ай, кир бери. Туфлиңди чечпе! – деп кыйкырды.

Ректордун кабинетине киргенде, кавишимди чечпесем эмне болорун мурдатан эле чамалап билгем. Анын үстүнө кавишим жыртык болгону менен байпагым бүтүн болчу. Мени таң калып карап турган ректорго саламдашуу үчүн эки колумду жарыштыра сундум. Куушурулуп. Ал колумду кысып:

– Кандай жардам керек? – деди.

– Жолдош профессор, мага стипендия керек.

– Кайсы факультеттен болосуң?

– Филфак.

– Атың, фамилияң? …

Ал үстөлдүн бетиндеги календарга аты жөнүмдү, дарегимди жазып алды.

– Бар, – деди, – стипендия берилет.

– Чоң рахмат, урматтуу мугалим.

Артым менен эшикке чейин кетенчиктеп барып, полдо жаткан кавишимди колума илдим.

Ушинтип эмки сессияга чейин стипендиялуу болдум. Университетте алган стипендиям пахта талаасында иштеп жүрүп алган айлыгыма тең акча. Ага кошумча жатаканадан орун да берилди. Мага ушунча жакшылык кылган, анан да мени нак акчага жеткизген кавишти эмнеге ыргытышым керек?

Бир мерте көз сүйүнткөн ботинке сатып алып, дүкөндөн узабай эле азабын тарткам. Бул окуя биздин кең мекенибиздин байтактуу Москвасында болду. Биздин мекемеге Москвада Түркмөнстандын эл чарбасынын жетишкендигинин көргөзмөсүнө бир өкүл баруу керектиги айтылар замат мен жолго чыктым. Шашылыш жөнөгөндүктөн бутума ылайык ботинке таппай, Москвага сандалчан кеттим.

Москвада аба ырайы Ашхабадагыдан такыр бөлөк экен. Жамгыр күн сайын тынбай жаайды. Күн күркүрөп, кемпир ыйлагандай жамгыр жаабаса да байпактарым заматта арык кечкендей суу болуп, суук таманымдан төбөмө жетет.

Мен СССРдин борбордук дүкөнү — ЦУМга бардым. Борбордук универсалдык дүкөндү кыдырып жүрүп, адамдар шашып-бушуп кезекке тура баштаганын көзүм чалды. Мен да кечиктирбей кезекке турдум. Андан соң эмне сатылып атканын сурасам, “эркектердин туфлиси“ дешти.

Оооо! Издегеним мына! Жолдуу экениме кудуңдадым ичимден. Боолуу кара туфли! Жаша! Өкүнүчтүүсү, кыркынчы, кырк биринчи размери гана бар экен.

– Кыркы үчүнчү размери барбы? –деп сурадым сатуучу аялдан.

– Жок, ушу эки размер гана бар. Аласызбы, жокпу?

Кантип албайм?! Канча убак кезекте турбадымбы! Кырк биринчи размерин алдым. Ал мага кичине болсо да башка не кылайын?

ЦУМдан чыгып, Большой театрдын жанына келдим. Дүйнөлүк маданиятка чоң салым кошкон адамдар эмгектенип, эс алган ушул улуу тарыхый жайдагы бош орундукка отурдум. Кутусун ачып, туфлимди карай баштадым. Фабрика жыттанат. Бахх! Туфлим тим эле жаркырайт. Бул туфлини кийип, төбөсү бийик театрдан опера уксам!?

Мен ойлогондой эле туфли мага тар экен. Сатылып жаткан буюмду албасаң, башкасын таппайт элем да. Бизде – Түркмөнстанда, мындай туфлилер дүкөнгө түшсө да ачык сатылбайт. Ошон үчүн бул туфли тар болсо да кийишим керек. Бир аз кийсем чоюлуп, бутума эптешип калар.

Жаңы сатып алган туфлимдин кутусуна жай бою тындырбай кийилген  сандалымды салып: “Аман бол, асылым!» — деп алкышымды айтып, орундуктун жанындагы таштандылар ыргытылчу челекке салым койдум.

* * *

Бизге бак-таалайдын дарбазасын ачкан революциянын жол башчысы, улуу атабыздын ысымына аталган метрону көздөй секин басып жөнөдүм. Жаңы туфли кийген буттарым жеңил арымдап баратты. Бирок жолум арбыган сайын, туфлинин бутумду кысканы күчөп, өйкөгөн жерлери чыдатпай ооруй баштады. Бут ооруганына чыдасам да, көзүмдү алдай албадым. Метрого араң жеттим. Анда ары канча тиштенсем да басалчудай эмесмин. Ошого артка кайтып жөнөдүм. “Айланайын, эски сандалым», — дедим ичимден күбүрөп. “Эски сандалым менен Москваны кыдырып чыгам. Үйгө барган соң жаңы туфлимди бутума саз жаңы ботинкеге алмаштырып алам», — деп ойлодум.

Большой театрдын алдындагы отурган жериме келип, сандалымды таштаган челекти шимшиледим. Жок! Сандалымды жер жуткандай! Челекте чылымдын таштандыларынан башка эч нерсе жок. Ким да алса, кутусуна кызыгып алгандыр. “Ичин ачып, эски сандалды көргөндө гана эскимди ыргытып жиберди да» деген ойдо театрдын айланасындагы таштанды салынчу челектердин бирин калтырбай карап чыктым. Ушунчалык кылдат издедим деңиз, ийне жоголсо да тапмакмын! Бирок сандалым табылбады. Москвадагы калган күндөрү кыйналып, ыйлабасам да көзүм жашылданып алды. Туфлимди кийбей жатып, көзүм тунарып баштайт. «Бут кийимиң тар болсо, дүйнөнүн кеңдиги курусун» дешчү беле.

Ар туңгуюктан чыкчу бир жол табылат. Эгер абалды оңдогонго мүмкүнчүлүгүң болбосо, анда аны өзгөртөм деп кыйналуунун кажети жок. Ошо боюнча калтыр.

Арзуу кылып жүрүп жеткен туфлим Москвадан келгенден кийин да бут кысканын койбоду. Жаңы туфли сатып алсам деген өксүгүмдөн бөлөк да жакшы үмүтүм бар эле: ал мага күч-кубат, дем берип турду. Ага жетүү үчүн күнү да, түнү да иштедим. Адамдын үмүтү чекти билбейт. Ал эми күчү жана кубаты чексиз болбойт. Эң жаманы — адам түбөлүк жашабайт. Азыр кетер күнүм жакындоодо. Мурда оорусам да жатпай жүрүп сакайып кетчүмүн. Азыр төшөктөн жылбай жатам. Денем ысып, алым жок. Мени көргөнү эки досум келди. Аларды саламдашкан үндөрүнөн тааныдым.

Бир сыпаа үн зайыбымдан сурады:

– Режеп үйдөбү?

Зайыбым жооп бергенче экинчи үн угулду:

– Эмне сурайсың? Карабайсыңбы, буерде анын кавиши жатпайбы.

Ийе, менин кавишим кире бериште жаткан. Кавиш бар жерде сөзсүз мен болом да. Мен эки жан болуп жаралбаган сыяктуу эле бир жуп кавишим эч качан эки жуп болуп кетпейт да.

Өмүр бою бутумдагы кавишиме жана иштеген жумушума ишеним жашагам. Ырас, каалаганымдай иштей албадым. Бирок көп иштедим, азапты да көп көрдүм. Бардык эле кыйналып, азап тарткан адам Айып же Иса машаяк болуп кетпесин түшүнүүм үчүн мага көп жыл керек болду. Атүгүл, азап даңктын таажысы болбойт деп уккам. Акылдуумун деп ойлогом. Көрсө, келлемдеги[4] акыл тапкан акчамдай эле аз экен.

Досумдун босогодо айткан какшыктуу сөзү кавишке байланыштуу эски жараатымды козгоду. Тиги дүйнөгө эски, тамтыгы чыккан кавиш менен кантип кетмек элем! Ошон үчүн жаңы, сапаттуу бут кийим сатып алгым келген. Себеби адамдар бут кийимимди көргөндө эле менин ким экеним аларга түшүнүктүү болсун, сыртымдан табалап күлүшсө же керкакшык сөздөрдү айтышчу болсо, тиги дүнүйөдө жана бир жолу өлөрүмдү сездим.

Ай, мейличи. Дагы убакыт бар. Анан жакшылыктан үмүтүм өчө элек. Өз мүмкүнчүлүктөрүмө ишенем. Сасык тумоодон айыгып, эки аягыма туруп алайынчы.

Ырас, апкыты тепселген кавишим эми жолго чыкканымда эле көңүлүмдү өйүгөнүнө карабай, жаным ыракатка батып, өзүмдөн өзүм жыргап бараттым. Өмүрүмдө көбүнесе эски, кебетеси кеткен бут кийим менен жүрүптүрмүн. Дүкөнгө барайын. Пулум жеткен акчага бутума ылайыктуу жана сырты коозун сатып алам.

1989-жыл

Түшүндүрмө:

[1] Кавиш, ковиш. Түркмөндөр жергиликтүү фабрикада жасалган же жергиликтүү өтүкчүлөр тиккен бут кийимди, анын ичинде туфлини кавиш же ковиш деп аташат. Ал эми туфли деп аялдардын бийик такалуу бут кийими-туфлини айтышат.
[2] Ботинка – Түркмөндөр ботинка деп республикадан тыш жакта жасалган эркектердин бут кийимдерин, анын ичинде кончтуу ботинкени жана туфлини айтышат.
[3] Яшыулы — карыя, аксакал.
[4] Келле — баш.

2 Replies to “Худайберды ХАЛЛЫ: Хан, бутуңдагы чарыгыңды карачы!”

  1. Только редактора!

    Здравствуйте Олжобай!
    Спасибо вам! Я очень рад. Благодарю вас. Благодарю Урматбек Нурсейита. Привет передайте ему.
    Это важное и доброе дело. Продолжайте этот путь. Естли есть мозможность, надо работат и творит. Это очень важно. Знание и только знание поможит народу.
    Кыргызы и раньше были образованные, тот образование сейчас помогает народу.
    Не давайте свою позиции диктатора или коррупсионера.
    Олжобай, желаю тебе благополучия и удача.
    Эсен болун. Худайберди Халлы.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *