МУРАС

* * *
Элдин өмүрү анын тилинде, элдин тили – бул феномен, бул жалпыга маанилүү кымбат нерсе. Ар бир тил – жалпы адамзат генийинин кенчи. Кайсы элге тиешелүү болгонуна, өнүгүүсүнүн кандай деңгээлде экенине карабастан, ар кандай тилди теңсинтпей, аны менен эсептешпей коюуга акыбыз жок.
* * *
Эпос качан болбосун элдин көңүл-көөнүндөгү аздектеген сөзү, эл тагдыры жөнүндө анын уламыш санжырасы болуп келген. Биздин мезгилде, индивидуалдуу чыгармачылыктын мезгилинде ал дал ушул маанисинен таялек.
* * *
… адам турмушунун ар түрдүү жактары социалдык-турмуш, сүйүү-лирикалык, моралдык-этикалык маселелери, байыркы кыргыздардын географиялык, медициналык, астрономиялык, философиялык түшүнүктөрү бүтүндөй эпостук мазмунга – бир учу жомоктон, мифтен, фантастикадан башталып, бир учу реализмге (фольклордук маанидеги) жеткен көркөм форманын жанаша өсүп, бир бүтүн гармония түзгөндүгүндө.
* * *
Ысык-Көл орусча которгондо жылуу көл дегенди билдирет. Анын Туз-Көл деген да аты болгон. Андан кийин Тимур-Ту-Нор – темирлүү көл деп да аталган. Мындай аттардын жаралышы кокусунан дейсизби? Түк андай эмес. Ал чындыгында сейрек учурай турган көл. Тереңдиги жагынан Байкалдан кийинки орунда турат. Эң терең жери 700 метрге чейин жетет. Көлгө көп сандаган суулар куят. Ал суулар жердин жети катмарынан агып чыгып, туздарды эритип, минералдаштырып турат.
Көлдүн алабында көп сандаган термалдуу минерал булактар бар, нарзандын бүт гаммасы жыйналган, анын айрымдары эч жерде жолукпайт. Көлдү көздөй аккан өстөн суулар дагы бир дарылык касиетке – родонго каныгат. Буларга күкүрттүү суутекке чыланган ылайларды, тоо өсүмдүктөрү менен токойлордун жыпар жыты аңкыган чаңкайган таза абасын кошуңуз. Алардын баары көлдүн кайталангыс сейректигин, дартка дабаа шыпаагер касиетин аныктайт.
* * *
Анын (Жеңижоктун. – ред.) ырчылык талантынын таң каларлыктай күчтүүлүгүн, жер-көктүн ортосуна куштай эркин чабыттап, он сегиз миң ааламды оодаштырып, дүйнөнү колуна тегерете кармап тургандай ырдаган киши болгонун даңаза кылган сөздөр көп.
* * *
… Ар кимибизге белгилүү го, ырды, дегеле көркөм чыгарманы комментарийлеп отуруу анча зарыл иш эмес. Аны кунт коюп угуу, окуу гана керек.
* * *
Мындай адам (Жеңижок. – ред.) сөздү эч качан майда-барат нерселерге кор кылбайт, өз өнөрүн күнүмдүк тамагынын кулуна айландырып жибербейт… Тескерисинче, пенделик, утурумдук мажирөө түшүнүктөрдү тумандай алыс айдап, адам рухуна канат байлап, көтөрмөлөп, өйдө обого алып чыгат.
* * *
…Табиятынан талант даарыган адамдар өз касиеттеринин, асыл, бийик сезимдерди чагылдырган таасиринин күчтүүлүгү аркасында башкаларды өз кудуреттерине багындыруучу күчкө эгедер болот.
* * *
Өз эли-журтун алыстан барып кароо, алыстан сезүү, ой багуу – адамга көп нерселерди берет. Өз элинин ал-абалын, алды-артын, тарыхын адам алыстан карап, ой таразасынан өткөргөндө гана өзүнүн ким экендигин даана түшүнөт.
* * *
Майдабы же чоңбу, айтор, маданияттын ар кайсы чөйрөлөрүнөн жулунган жуйкурлукту азыр деле аз кездештирбейсиң, аны тыптыйпыл тыйып да салалбайсың. Бул жагынан калганда эсеп-кысап кылмагы ар бир адамдын өзүнө багыңкы, ар ким өз абийирине жооп бергени лаазым.
* * *
Жаратылышка жапырык жасоонун кумарында биз мөрөй артынан мөрөйгө туйтунуп, мааракеге марып, далай убакытка чейин биздин жеңишибиз – жеңилүү болгонун сезбей, туйбай келдик. Эми биздин чыгымдарыбыз дарыялардын тартылышы, тыйпыл болгон токойлордун гектарлары же абага чачылган зыяндуу калдыктардын проценти менен гана өлчөнбөйт – биздин рухий жашообуз үчүн өзүбүздөгү өтө маанилүү нерседен ажырап калуу коркунучу пайда болуп отурат.
* * *
Албетте, массалык маданият деген неме биздин мезгилдин туундусубу же ал улуу маданият жаралгандан тартып, ага үзөңгүлөш келатабы, бул тууралуу талаш куруп, талкуулоого болот. калетсиз бир гана нерсе бар: телевидение, радио, кинематограф, видеокаражаттар бүгүн адамдын акыл-эсин тумсак кылаар ар кандай майда-барат маанисиз көрүнүштү чынында эле дүйнөлүк масштабда көбүртүп-жабыртып, көбөйтүп жиберүүгө кудурети жетет, ушунун өзү эле арампөш маданиятты адамдын ыймандык тазалыгына мурдагыга караганда жүз эсе агрессивдүү жана коркунучтуу зыян келтирет.
* * *
«Сулуулук дүйнөнү сактайт» деген Достоевскийдин накыл ою мага жагат. Болгону сулуулук дегенди сөздүн чектелүү маанисинде эмес, кеңири маанисинде – маданият, гуманизм катары түшүнүү керек.
* * *
Маданият деген – бардык жаттап алгандарың унутулган соң эсиңде калган нерселер деген тамашалуу сөз бар. Балким, мен көп адамдар сыяктуу эле өз мезгилимди ашыра баалап жаңылып жаткандырмын, бирок адамдын маданиятка болгон муктаждыгы бүгүн мурда болуп көрбөгөндөй зарыл сыяктуу. Маданият ар бир муундун тушунда кайра жаңырып гана турбайт, ал адамдын нарк-насилинде ар дайым өз үлүшүн арттырып турууга тийиш. Маданият менен гуманизмдин байлаган тамыры бир.
* * *
Адабият эзелки өнөр, андыктан анын эзелки темалары да болот. Балким, алардын эң башкысы, азыркы романдарда да, эски жомоктордо да бирдей өнүккөн сюжет – адам тагдырындагы адилеттүүлүк менен адилетсиздиктин мааниси.
* * *
Эгер китептер калп сүйлөсө же андан да жаманы – жек көрүү менен зомбулукка үндөсө, анда алардын авторлору этикалык оор кылмыш менен күнөөлөнүшү зарыл. Бактыга жараша, биз «адабият» дегенде аны эске албайбыз. Арийне, канчалык таң каларлык болсо да, адабият эң бир асыл мүдөөнү көздөсө да, адамга анын тескери таасирин тийгизип коюшу ыктымал. Бир кезде кичинекей бир уламыш мисалга тарттым эле. Илгери бир дарыгер дартка чалдыккан кишиге жардам берүүгө жөнөйт. Баратса, алдынан агыны катуу суу чыгат. Кечүү көрүнбөйт, көпүрө жок. Аргасы кеткен дарыгер дайрага алыстан төөдөй таштарды тоголотуп таштап атып, араң дегенде аттап-буттап аркы өйүзгө чыгат.
Ошентип оорулуу жашаган айылга жетип, адамдар: – Агыны катуу суудан кантип өттүң? – деп сураса, – Сыйкырлап атып өттүм – деп коёт. Андан бери көп мезгил өттү, адамдар ал жерге машинелер менен механизмдерди алып келип, дарыяга көпүрө салышты, ГЭС курушту. Бирок аларды аткарган куруучу, бульдозёрчу, инженер элдин эсинде жок, а дарыгер жөнүндө уламыш алиге уланып келет. Анткени сөздүн күчү дарыгерди личность кылып салды, ал эми тиги куруучулар «стратегиялык» мүнөздө ой жүгүрткөн адабият менен журналистикада жалпы сөздөргө көмүлдү да калды.
* * *
Трагедиясыз турмуш болбойт. Мен, мисалы, автожолдордо бизди күн сайын акмалап аңдып турчу кырсыктын кайгысын айтып жатканым жок. Кеп оролу сөздүн философиялык маанисиндеги трагедия тууралуу болуп жатыр. Эгер Ромео менен Жульеттин окуясы болбосо Шекспир биздин күндөгү даңазасына жетет беле? Томас Манндын «Иосиф жана анын туугандары» романычы? Шолоховдун «Тынч Донучу?»
* * *
Эң зор капитал – бул элдин нравалык маданияты. Ал жокпу демек, бакубат аң-сезимди да күтүп кереги жок.
* * *
Тилекке каршы, соңку жылдары айрым бирөөлөр ыйман ноктосун үзүп, таптакыр эле абийирден ажырап калды. Ал эми адамдын нарк-насили качан абийир менен жашап, анын айныбас жол-жоболоруна кимдир бирөө эмес, өз ыйманы, жасалган жасаты менен кошо бүткөн ички адилет, адашпас соту жол көрсөтүп турганда гана аныкталат эмеспи.
* * *
Жакшы менен жамандын тиреши жайчылыкта жүрбөйт, алар такай күрөшүп, өз ара өчөгүшүп, касташып жашайт. Ал күнүмдүк тиричиликтин түйшүгүндө жалган мунасага айланганы жагымсыз: ууруну – колу туткак, колунан кокон келбегендерди – компетентсиз деп тергейбиз… Ошентип, чала чындык, алателек чара, жарым-жартылай жазалоо жамандыкка өтө жагымдуу болуп чыгат… Эскерте кетейин, жашообуз жакшырып, байгерчилик баар алган сайын көпчүлүгүбүз кемчиликке келишпес «кежирдигибизди» унутуп коёбуз, мен айтар элем, «революциячылдыгыбызды» унутабыз.
* * *
Экинчи бир суроо: чоң болобу, кичине болобу, айтор, бийликтин эки тизгин, бир чылбыры моралдык жактан татыбай турган адамдарга кандайча болуп тийип калат? Кызматкерлерди эреже катары кандай касиеттери боюнча көтөрүп чоңойтушат? Ишкер, илбериңки, жүрүм-турумунда өөнү жоктор – макул, болсун. Бирок анын ыймандык кредосу кандай, коомдун өскүлөң рухий талаптарын аркалай алабы, акпы, адилби? Башкаруу механизми үчүн адамдын ушундай сын-сыпаты, тилекке каршы, экинчи даражадагы иш катары каралат. Натыйжада бирде тигинден, бирде мындан кызматтык кыянаттыктар – коррупция, паракорлук, кошуп жазуу, протекция жөнүндө кабарлар угулат. Абийирдин таңсыктыгы ашынган амалдуу, коомго каны кас адаттарды арбытат.
* * *
… Ар бир муун эл менен, анын тарыхы менен тамырлаш экендигин өзүнчө түшүнөт, өзүнчө милдети болот. Акыйкатты өз акылы менен аныктап, калыптанган каадалардан ары чыгып, турмушка өз мамилесин билдиргиси келсе, жаштарга сөзсүз эле жактырбай карап, наалый берүү кажатпы? Буга алардын жаш курагы жагынан да акысы бар эмеспи, бул алардын жандүйнөсүндөгү социалдык толкундун алгачкы деңгээли да. Аларды коёндой окшош тарбиялап, салтка айланган эрежелерге аркандоого аракет кылуу менен биз бала-бакырабызды, алардын соңунан келаткан урпактарды бар болгону көңдөй жөнтөктүккө көнүктүрөбүз, аны арты ар кандай тартипсиздикке алып келүүдө.
* * *
Качанга чейин аң-сезимдүүлүккө, кайра тарбиялоого каниет кыла беребиз?.. Бөлүштүрүү чөйрөсүндө теңдемечиликти кан буугандай токтотуп, ар кимге эмгегине, жөндөмүнө жараша сыйургал көрсөтө турган маал келди го дейм…
* * *
… Мээнеткечтик, ак пейилдик, тазалык, түздүк, ысаптуулук сыяктуу адам жаратылышында абалтан бери баркталып келген касиеттер тарбия ишинде, инсанды калыптандыруу маселесинде анчалык ардакталбай келди. Ал турсун колдон суурулган шылуундук, эпчилдик аркылуу соода-сатыктагы же тейлөө чөйрөсүндөгү «берекелүү жерлерден» а болбосо чет жерлерде кызмат кылуудан пайдага марып, ооматка жетүү өзүнчө эле өзгөрбөс ишенимге айланды… Ошондуктан даярга тап өнөкөткө көнүккөн табышкерлер мещандык албууттугуна салып ыйман аруулугуна, рух өстөнүнө умтулган адамдардын алдында өктөмсүнүп жатканын байкабай коюуга болбос.
* * *
Биздин адабияттагы эң эле чоң кемчилигибиз – ортосаарлыктын көптүгү, күрүчкө окшош көрүнгөн күрмөктүн молдугу.
* * *
… Япон адабиятынын эң мыкты жетишкендиктери, менимче, биринчиден, орус адабияты (аларда Толстой, Чехов, Тургенев өзгөчө алымдуу), экинчиден, Европа адабияты менен байланышынын көп тамырдуулугунда. Япондордун улуттук дүйнө таануусу жана эстетикасы менен жалпы дүйнөлүк, универсал процесстин кошундусу көркөм ойдун өнүгүшүнө кубаттуу түрткү берет. Муну адабияттан да, кинодон да, театрдан да байкоого болот.
* * *
… Байыркы Грецияда Олимпиада оюндары учурунда бардык согуштар убактылуу токтотулчу экен, а азыр болсо, тескерисинче, Олимпиада «кансыз согуш» себепкери болуп калууда.
* * *
Мезгил өткөн сайын мен прозада философиялуулуктун салыштырма салмагы колдон келишинче жогору болушу керектигине көбүрөөк ынана баштадым. Эгер ал төмөн болсо, теманын убактылуу актуалдуулугу менен көңүлдү азгырган чыгарма өз кызыкчылыгын бат эле жоготуп коёру бышык.
* * *
… Көп белгилерге карап айтканда, азыр менин окурмандарым кыйла азайгансып калды. Бирок бул менин жигеримди суутпайт. Себеби жаңы чыгармаларымды мен даярдыгы жогору, турмуштук тажрыйбасы бай, көптү көргөн окурманга багыштап жатпайымбы…
* * *
… Адамды жана адамзатты чыныгы маселелерден алаксытып жана алыстаткан массалык маданияттын «жыргалчылыгы» деген нерседен көп азгырыктар чыгууда. Биерде спортту эске алсак болот. Мен спортко жоо эмесмин, бирок ал бутпарастыктын предмети боло баштаганда адамдын рухий дүйнөсүнө зыян келтирбей койбойт. Башка массалык оюн-зооктор жөнүндө да ушуну айтуу ылайык. Алар адамдарды алаксытып, өзү жана өзүнүн доору жөнүндө терең, олуттуу ойлонууга мүмкүндүк бербейт.
* * *
… Бизде, мисалы, мугалимдерди квалификациясы, даражасына карап баалоо жок. Алардын кызмат абалынын жогорулашы – завуч, директор, районо, облоно, гороно болуп, жетекчилик баскычтар менен жүрөт. Бул баскычтар канчалык жогорулаган сайын мугалим чарбалык-административдик иштерге жакын болуп, өзүнүн негизги агартуучулук ишинен ошончолук алыстай баштайт.
… Мугалимдин айлыгы анын стажына карай жогорулайт. Бул кантип туура болсун? Анда музыкантка деле аткаруучулук чеберчилигине карабай, стажына карап төлөбөйбүзбү? Педагогикалык искусство башка искусстволордон төмөн турабы? Буга талант, билим кунту талап кылынбайбы?
* * *
Мифтин азыркы заманга ылайык келип турушу – анын поэтикалуулугу жана анда камтылган маанилердин адилдиги, кишиликтүүлүгү.
* * *
Духтун поэзиясы адам табиятын түзгөн тубаса сезим экенине мен ишенем. Бирок бул сезим өзүн көрсөтүшү же көрсөтпөшү башка кеп.
* * *
Сүйүүгө, достукка, адам мамилелеринин тазалыгына жана адилдигине, жомок сыяктуу сезилген идеалга ким чын дилинен ишенсе – ошол баатыр. Чындык да бүт бойдон ошол тарапта… Искусствонун нравалык-философиялык идеяларынын бири – «Эсен болуп, эстей жүрдө». Бул идея В.Распутиндин белгилүү повестинин астындагы өлчөмү, чечмелеп айтканда, мунун мааниси биз түшүнгөндөн терең бул – өз абийириң менен бетме-бет отуруп, анын катаал суроолоруна эсеп берүү.
* * *
Мага Распутин аябай жагат, мен анын чыгармаларын кумарлануу менен окуйм. Бирок новатор же новатор эместигин ачык билбейм. Менимче, ал новатор болуш керек.
* * *
Биздин доордогу улуу акындардын арасынан мен Пабло Неруда менен назым Хикметти бөлүп көрсөткүм келет. Бул экөөнүн чыгармачылыгы азыркы адабияттагы албан окуя болуп калды, алардын трагедиялуу тагдырлары көп жагынан сабак болор тагдыр. Болгону бир аз гана убакыт өттү, мына эми Түркияда Назым Хикметтин чыгармалары кеңири жарыялана баштады . Азыр Назым улуттук маданияттын туусу катары саналып… Түрк маданияты анын ысымын аттап өталбайт.
* * *
Мен музыканы абдан урматтайм жана сүйөм. Ал адамга ушунчалык назик, кармалгыс, сөз менен айтууга мүмкүн болбогон сезимди пайда кылат. Ошон үчүн аны талдоо, сындоо да кыйын сыяктуу.
* * *
Мен ойлогон ойлор башка бирөөнүн чыгармасында ишке ашып калышы да ыктымал. Ошондой эле башка бир жазуучунун ою менин чыгармамда чагылышы мүмкүн. Ар бир художник өзүнчө жалгыз иштейт, бирок алар бири-биринен үн өткөрбөс дубал менен тосулуп турган жери жок. Баарыбыз биригип бир китеп жазып атырбыз. Эч ким: «Мен мына бул теманы ачкамын, мен мына ушунун ээсимин» – деп айталбайт.
* * *
Миңдеген жылдар бою Египет пирамидаларында жаткан дандын азыр өнүм бергени кандай таң каларлык! Поэтикалык сөзгө да ушундай көөнөрбөс касиет таандык. Мындан да мурдагы доорлордун кенчине кайрылуу зыян эмес. Байыркы сөз кээде эң эле соңку сөздөн таасирдүү угулары көпчүлүккө дайын.
* * *
«Жергиликтүү» деп аталган жазуучулардын кемчилиги эмнеде деп ойлойсуз? менимче, алар жергиликтүү турмушту эң сонун билеринде айып жок, бирок алар ошол материалды бийиктен карай албайт. Ошондон улам алар чагылткан турмуш художниктин жүрөгүнөн жылуулук албагандыктан жандуу чыкпайт.
* * *
… Мен насаатчыл адабиятка, негизинен, каршы эмесмин. Бирок ал балалык чакта гана – балага байымдуу негизги түшүнүктөрдү, жол-жоболорду байыр алдыруу зарыл кезде, анын жүрүм-туруму көбүнесе тууроодон турган куракта жетектөөгө, кимди жана эмнени тууроо керектигин түшүндүрүүгө муктаж кезде зарыл. Ал эми өспүрүмгө өз акылы менен жашоого, өз алдынча ойлоно билүүгө көмөк көрсөтөр адабият керек. Биз болсок теңирден тескери иш кылабыз – өз алдынча ой жүгүрткөн, өз көз карашы бар чоң кишиге деле насаатчыл китепти суна беребиз. Мен дал ушуга каршымын.
* * *
Китепке да достордой мамиле кыласың – жаш чакта досторуң көп, бирок мамилең анчалык терең эмес, жеңил-желпи, сын көз караш деген жок. Маселен, кимдир бирөөгө сага жаккан нерсе жагып калса эле сен аны мүдөөлөшүм, досум деп эсептейсиң. Бир кызыктуу китеп да ошентип эки кишини жакындатышы мүмкүн. Жыл өткөн сайын тааныштарыңдын саны азаят, досум деп эсептеген бирин-эки адам калат, бирок алар сындан өткөн накта досторуң болот. Китептер да ошондой. Жаш кезиңде кызыккан авторуңа кайра кайрылгың келбейт, анткени аныкын биротоло окуп бүткөнсүң. Кээ бир жазуучулардын жөнү башка. Маселең, Достоевский. Ал мен үчүн баягыдай эмес, ал улам алдымда адабият алпына айланып баратат.
* * *
Маданий дөөлөт системасына, сыягы, адабияттан тышкары мифология да кирсе керек: көөнөрбөс фольклордон, алгачкы стихиядан башат алган адабият андан ажыраса, тукуму курут болгондой соолуп калышы ыктымал.
* * *
Салт бизге ар дайым жөлөк. Салтка адамзаттын бардык рухий тажрыйбасы, анын ичинен эл чыгармачылыгы да кирет. Ал эми жөлөк – ыкма дегендик эмес. Ыкма жөнүндө, маселен, даракты кай жагынан кыюу керектигин чечүүдө ойлоносуң. Бирөө бир жагынан. А мен экинчи жагынан. Же айталы, мыкты кантип жеткире кагуу маселеси чыкса, бири балка менен, бири балта менен дейт. Керилип бир уруу керекпи же акырындатып алдап киргизүү керекпи. Бул – ыкма. Ал эми мифти чыгармачылыкка пайдалануу – адамдын Инжил менен Гильгамештен баштап бардык тажрыйбаны топтоого болгон табигый зарылдык.
* * *
Жазмакерлер көбөйүп кетти. Кээде «Иностранная литература» журналынын хроникасын карап чыгып, дүйнөдө романдан көп неме жоктугуна таң калам. Испанияда, маселен жылдын мыкты романына сыйлык ыйгаруу үчүн 150дөй роман окуп чыгыш керек экен. А ошолордун бир адамзаттын эсинде калса дурус… Тиричиликти, турмушту курулай көчүрө берген кунарсыз китептер дагы эле көп.
* * *
Менин курагымдагы адамдардын (мен да алардын катарындамын) көпчүлүгү жаштарга кыйла эле сынаакы мамиле жасайт. Социалдык мааниде алганда, мага жаштар көп учурда жүүнү бош, шалаакы өмүр сүрүшкөндөй, көпчүлүгүндө өзүмчүл сезим абдан өөрчүгөндөй сезилет. Турмуштун, өмүр сүрүүнүн маани-маңызы байкалбайт. Жакында эле Анкарадагы бизден элчиликте иштеген ортончу уулум Аскар менен сүйлөшүп калдым. Институтта чогуу окуган, мен өзүм атагандай, чет тилчи курдаштарыңдын кимиси өзүн канчалык көрсөттү? – деп сурадым… ал мага түшүнбөй, кызмат жагынан сурап жатат деп чечкендей болду… Мен аны менен бир катарда, коюн-колтукташ өскөндөрдүн ичинен кимиси чыгаан инсан, эгер кааласаңыз, кимиси лидер болуп калганын билгим келген… Бирок берилген жооп дале мурдакыдай болду: анын тааныштарынын арасында андай лидер жок болуп чыкты, баары тең эле эмнегедир беймарал, жан кыйнабай жашоого топук кылышат. Ал эми мындай чөйрө жалгыз-жарым эместигинде шегим бар. Бул өкүнүчтүү…
* * *
… Адегенде «собор» деген түшүнүктүн өзү жөнүндө. Архитектурага, музыкага, ошондой эле адабиятка байланыштуу алганда, ал менин түшүнүгүмдө өзүнүн түпкү тегине карабастан, коллективдүү гана эмес, ошону менен бирге индивидуалдуу курулушту да билдирет. Колуна калем алган ар бир адам өз соборун курууну көксөйт. Толстой үчүн андай собор «Согуш жана тынчтык» болуп калды.
Табачыларга табылгыс бута болорумду сезип турам жана ыймандай сырымды айтканыма ак санаалаш адамдар да күмөндөр болушу ыктымал. Бирок мурда эмне десем, азыр да ошону айтам: эгер үстөлгө отуруп, алдыңа ак баракты жайган соң Пушкин же Толстой менен атаандашууну каалабасаң, анда баштабай эле койгон оң. Жазуучу колунан келген нерсеге караганда андан алда канча чоң нерсеге умтулушу кажет.
* * *
Мен далай ирет айткам, азыр да кайталайм: адабият белгилүү өлчөмдөгү улуттук табиятынан сырткары өмүр сүрө албайт. Ал кандайдыр бир түрдө белгилүү бир тил менен, анын өнүгүшү менен, кандайдыр бир этникалык чөйрө жана маданият менен байланышта болот. Ал турсун аябай аракет кылган күндө да ал касиеттерден кол үзүп кетүү мүмкүн эмес.
* * *
Жазып жатканда окурман тууралуу ойлоп да койбойм. Өз ишимди гана ойдогудай өркүндөткүм келет. Ал эми китеп чыккан кезде гана окурмандарды ойлой, атургай кабатырлана баштайм, жоопторду күтөм.
* * *
Азыр Батыш Европа америкалык кинематографиянын кысымынан кыйналып, тумчугуп туру. Кала берсе, Франция да. Ал турсун кино өнөрүнүн кубаттуу салттары бар Италия да жабыр тартып атат. Ушундан-улам ал толкун бизге чейин жетпес бекен деп кабатырланам. Биз америкалык кинопродукцияга эшик ачуу менен өзүбүздүкүн жабууга туура келгени айыптуу иш деп ойлойм. Мына ушул жерден мен тосмолордун чечкиндүү талапкеримин. Болбосо бардыгын шыпырып таштайт, анткени биз бул жагынан Батыш Европага караганда бир топ мажеспиз.
* * *
… Мен «…ала дөбөттү» өтө жакшы көрөм. Балким, бул мен жазган китептердин ичинен эң сүйүктүүсү. Ал канчалык жеңил, канчалык кумарлануу менен жазылганы алигиче эсимде.
* * *
Жакында эле а.Ф.Лосевдин кайра жаралуу эстетикасы тууралуу эмгегин чоң ыкылас менен окуп чыктым. Эки томдук «Дүйнө элдеринин мифтери» үстөлүмдө жатат. Ал эми көркөм адабиятты азыр абдан тандап окуйм. Китепти ачып, адепки беш-алты барагы кызыгуу туудурбаса, таштап салам. Мурда мындай эмес эле, башкачараак болчу.
* * *
Интернационализм – арифметика эмес, кошулмалардын суммасы эмес, ал өз алдынчалыкка ээ көптөгөн улуттук маданияттардын алгебрасы.
* * *
Орус тили – улуу тил, бирок бул башка улуттук тилдердин ички мыйзамченемдүүлүктөрүн эсепке албай, орус сөздөрүн болсо-болбосо деле киргизе берүүгө болот дегенди билгизбейт. Кыргыз тилинде чыккан эки гезиттин аты буга аргасыз жылмайта турган мисал: бири – «Ысык-Көл правдасы», бири – «Нарын правдасы» деп аталат. Булар менин ар-намысыма шек келтирбей койбойт. Атса-айтпаса миңдеген жылдарды камтыган тарыхы бар, бирок «акыйкат», «чындык», «адилдик» деген сөзү жок, эмне болгон калк?! Минтип орус тилин мүдүрүлтүп, «правда» деген түшүнүккө тете ондогон сөздөрү бар кыргыз тилине шек келтирүү кимге керек?
* * *
Элди түбөлүк эл кылып турган – анын тили. Ар бир тил өз элине улуу. Биздин ар бирибиз бизди бул жарык дүйнөгө алып келип, эбегейсиз зор байлыкты – өз тилин тартуулаган элибизге түбөлүк милдеткербиз: аны тазалыгын сактап, байлыгына байлык кошушубуз керек.
* * *
Кечээ жакында эле биз: буйруса муну жасайбыз, түкүнгө жетебиз, паландай болобуз деп келечектин эсебинен өзүбүзгө көп эле насыя ыкыбал ыроолоп жүрбөдүкпү. Болочоктун жерпайы болсо бүгүндөн түзүлөт эмеспи. Деги көп кедең болду, а кедең неден болду? Ажырым мындан чыкты: болочоктун кандай болорун айтып, ал эми учурдагы иштердин абалын, жадесе эбак эскирген окуяларды деле териштире келгенде жетик боло албадык. «Азыр баары төп эмес, төп болсо да көп эмес» – деп өзүбүздү өзүбүз сооротуп, жооткотуп келдик. А бирок бүгүнкүнүн казанында жок нерсе келечектин чөмүчүнөн чыкмак беле?
* * *
Улуттук аңыздан ажырап, асманда асылып турган маданият эч жерде жана эч качан болгон эмес, маданияттардын бардыгы кепер улуттук нарк-наар менен жашайт.
* * *
Демократиянын чеги – Эркиндик менен тартип. Анчалык коошпой тургансыганы менен мен эркиндикти тартипсиз, тартипти эркиндиксиз элестете албайм. Канчалык алыс турганы менен булар бири-бирине ошончолук зарыл түшүнүктөр. Эркиндиктин асылдыгы канчалык болсо, коркунучу ошончо. Аны бузуп жиберүү коркунучтуу. Эркиндик жок болсо аны талап кылышат да, эркиндикти берген же жеңип алгандарга жасалган кара мүртөздүк зулумдук деп билем.
* * *
Улуттук мамилелердин бардык проблемаларынан жана татаал түйүндөрүнөн түз эле улутчулдуктун көрүнүшүн таба салбай, аларга кадыресе сабырдуулук менен мамиле жасоо керек деп эсептейм. Антпесе көпчүлүктү так ушул улутчулдук менен коркутуп, элдин жүрөгүнүн үшүн алып күнөөлөп, куугунтуктап жүрүшпөйбү.
* * *
… Орус тилинде жазышым адегенде өзүмдү өзүм саксактоонун тубаса түрткүсү болду. Жергиликтүү адабий сындын, андагы критерийлердин деңгээли төмөн, агрессивдүү болгондуктан, андай чөйрөдөгү авторго абдан эле кыйын. Дароо чекеңе тамга басылып, адилетсиз сын айтылып, жаскап-тескемейлер башталат. Айталы, республикадагы чоң жетекчилердин кимдир бирөө чогулушта жаш автордун кайсы бир айылдагы жолбун сарала иттин тагдыры тууралуу аңгемесин совет адамынын тагдыры кылып көрсөтөсүң деп кине коюп, авторду жазалаш керек деп олтурса, күйбөгөн жериң кантип күл болбойт? Москвадагы адабий көз караштар бир топ кенен да, терең да келет. Андыктан мен адегенде Москвадагы редакциялардан баштадым. Айтор, алгачкы максатым – өзүмдү өзүм борбордон бутума тургузуп алуу болду.
… Ниети калыс, дили ак окурмандардын, албетте, орус окурманынан айырмасы жок. Ал деле жан-дилден жаралган чыныгы көркөм чыгарманы окугусу келет. Муну мен сезип эле жүрөм. Андыктан кыргыз окурманына да, орус окурманына да ишенем. Бир адабиятты айланчыктап акмалап жүргөн чөйрө бар, алар дароо эле кылдан кыйкым издеп, көбүнесе саясый ката таап жиберишет. Өз чыгармаларымды Москвадан жарыялоо менен ошондой сындардан арылдым.
* * *
Кайсыл чыгарма канча жашаарын, кимиси өчүп, кимиси калаарын эч ким көзү ачыктык кылып, алдын-ала айталбас деп ойнойм. Жазуучунун тагдыры сыңары эле ар бир чыгарманын тагдыры бар. Тигил же бул тарыхый формациянын талаптары да болот.
… Көп ыңгайдан каралчу нерсени кесе айтыш кыйын. Ким билет. Адабияттын да ичер суусу түгөнмөй чактысы болот. Мына, өзүңүздөр көрүп багыңыздар, эскирбеген эч нерсе жок. Элүүнчү, алтымышынчы жылдары биз окуп, биз аябай таң калып жүргөн чыгармалардын көбү мына бүгүн эле акырындап эстен чыгып барат. Психологиясы башка, турмуштук тажрыйбалары башка жаңы окурмандар келди. Ушул аныктама менен ошол түшүнүктөрдү өздөрүнчө ойлонуп, өздөрүнчө түшүнгөн бир топ окумуштуу адабиятчылардын токонаалатына каларымды алдын-ала сезип турганым менен алардын айткан акылдары мени көп ынандыра бербейт. Алар таарынбай эле коюшсун… Менин оюмча, адабият таануу илими да жаңыланып, өзгөрүп, кайра курулушу зарыл. адабияттагы консерваторлор ким? Баарыдан мурда так ушул биздин адабиятчылар.
* * *
Жайнаган китептердин көпчүлүгү турмуш элегине өтпөй жок болду. Эмне калды? Албетте, «Тынч Дон» – биздин адабияттын, биздин көркөм ойдун залкар этабы. Бул тирүүлүктүн өзөк тамырынан бутактанган элдик адабияттын уюлу. Башка бир уюлда, менин оюмча, тазаланган, эленген, мүмкүн анысы артыкчылыгы чыгар, интеллектуалдык деңгээли бийик Булгаковдун прозасы бар. Эмдигиче окурман жандүйнөсүн удургутууга, дүпөйүл кылууга жарамдуу нерселерди мына ушул эки уюлдун ортосуна жайгаштырса болот.
* * *
Анык сүрөткер укум-тукумга даанышман чыгармалары гана эмес, өз өмүрүн – баа жеткис, эч нерсеге салыштыргыс чыгармасын да калтырат. Сүрөткерден мурда адам болот. Искусстводон мурда сүрөткер болот. Эгер биз Толстой-жазуучуга ишенсек, бул алдыда Толстой-адамга ишенгенден чыгат.
* * *
Достоевский өз материгин ачылган материктердин үстүнөн ачты. Ал адамдардын духунун, жандүйнөсүнүн түпкү тереңдиктерине үңүлүп кирүү менен бүтүндөй бир доордун эстетикалык маданиятында жаңы сөз айтты.
* * *
Устат дегенибиз жаныңда туруп, «андай кыл, мындай кыл» деп сөөмөйү менен сайып көрсөтүп турган адам эмес, өзүнүн иши аркылуу ак-караны айра тааныткан киши. Арийне ал ар дайым эле ойдогудай чыга бербейт. Шолоховдун улуулугу менен көсөмдүгү башкаларга устат боло алганында жатат.
* * *
… Жер-жер болуп жаралгандан берки маданияттар менен цивилизациялар аркылуу бизге жеткен, тарых өзү тандап, ылгап элегинен өткөргөн көөнөрбөс көркөм эстетикалык мурастардан түзүлгөн бүт дүйнөнүн адабият китепканасынын 250 томдугунда – Данте менен Шекспирдин, Толстой менен Томас Манндын, Горький менен Шолоховдун катарында – дүйнөлүк адабияттын 250 томунун 2 тому биздин Мухтар Ауэзовго ыйгарылгандыгы жөнөкөй кокустук эмес.
* * *
Сөз менен тил – жалпыбызга тең бүткөн шыбага, улуттун, элдин таалайлуу энчиси, орток байлыгы. Сөз атасы – ыр десе, сөз зергери – акын делет. Бирок ошол ыр деген, акын деген өзү кантип жаралып, кайдан чыгат? Табышмак ушунда. Ылкамданбы, таланттанбы, табият берген көрөңгөдөнбү? Макул дейли, а булар жалаң акындардын энчисине басып берген түшүнүк эмес го, ошондон улам кээде мага поэзия дегениң ааламдын туңгуюк түпкүрүндө жаралган кометадай эле табышмактуу көрүнөт. Болбосо кадимки эле карасөз жылт-жылт эте учкундап тутанып барып, жалбырттап кеткен жалындай кантип, кандай бөлүкчөлөрдөн куралып, канетип отуруп таалайга жазылгансып дал табылган ийкемге, бири-бирин алмашкыс абалга жетип, ыргак болуп куюлуп, ыр болуп кулпунуп чыга келет. Ырас эле, кантип?
Ар кай жылдардагы макалаларынан, интервьюларынан чогулткан
Алым ТОКТОМУШЕВ
«Жаңы Ала-Тоо» 2012, 12 (44)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *