Уйгур жомогу

Бир шаарда эки дос жашаптыр. Биринин аты – Юсуф, экинчисики – Якуб. Экөө тең үйлөнгөн, өз аялдарын жакшы көрүшчү экен. Бир жолу Юсуф Якубга жолугуп калып, өз аялын мактап, шаардагы аялдардын эң жакшысы, мыктысы дейт. Якуб досунун сөзүн угуп олтуруп мындай дейт:
– Кимдин аялы мыкты экенин турмуштан текшерип көрөлү.
Өзүнө өзү ишенген Юсуф дароо эле макул болот.
– Азыр өз үйүңө баргын да, ооруп келдим деп өз төшөгүңө жатып кал, анан оорулуу кишидей чабалактап, онтой башта. Кудайлап жатып ал. Сен ошентип онтоп жатканыңда мен капыстан сенин үйүңө келип калам. Мен сен жаткан жерге келип калганда, өлүмүш болуп үн чыгарбай, эмне болгонун угуп жата бер, – дейт досу.
Юсуф макул болуп үйүн көздөй жөнөйт. Юсуф үйүнө келери менен астанадан эле оорулуунун кейпин кийип онтой баштайт. Аялына карап:
– Мен ооруп калдым, тезинен төшөк салып бер! – дейт.
Төшөккө жаткандан кийин ого бетер онтогону күчөп, ооналактап, кыйкыра баштайт. Чабалактап, оорулуунун кебетесин кийип, бүрүшүп, кечке чейин жата берди. Күткөн досу Якуб кечке чейин зарыктырып келбеди. Онтоп, чабалактап, Кудайга жалынганы менен аялынын мазесин кетирип жиберди, буга чыдабай кеткен аялы аны урушуп тилдей баштаганда, эшиктен Якуб кирип келди.
– Доско эмне болду, абалы начар го, – деп Юсуфтун аялына кайрылды.
– Оорудум деп, эртеден бери онтоп, жадатып жиберди, – деди жактырбагандай түр менен.
Якуб досу жаткан жерге барып, анын колун кармап.
– Оо, Кудай ай, чын эле катуу ооруп калган турбайбы. – Юсуф досу айткандай көзүн алайтып, солдоюп, өлгөн кишидей жатып калды.
– Кандай гана бактысыздык! Жалгыз досумдан айрылдым, о дүйнө салды. Мени гана күтүп турган окшойт, менин колуман узайын деген го.
Муну уккан Юсуфтун аялы өңгүрөп ыйлай баштады. Бул мезгилде өлүмсүрөгөн досунун ээгин ак жоолук менен байлап, төшөктүн ары-бери жагын кымтылап, бетин жаап койду Якуб. Юсуфтун аялы күйөөсүн кошуп көпкө ыйлады. Аялдын үнү басылганча күтүп олтурду да, басылган соң Якуп мындай деди:
– Эми миң күн ыйласаң да Юсуф тигил дүйнөдөн келбейт. Ал жакка кеткен киши кайрылбайт. Өзүң жөнүндө ден соолугуңду, балдарың жөнүндө ойлон. Мен колумдан келген жардамымды аябайм. Менин аялым бар болгону менен мен аны сүйбөйм. Сиз андан бир топ өйдөсүз, сулуусуз. Эгер макул болсоңуз тагдырлаш болуңуз. Макул болсоңуз менин аялым болуңуз!
Юсуфтун аялы ойлонбостон эле ошол жерден макулдугун берди.
– Балдар болбосо ыйламак да эмесмин, бул жинди үчүн көз жашымды көлдөтмөк эмесмин, – деп күйөөсүн тилдеп жатты.
Юсуф таң калып, аялынын сөзүн угуп төшөктөн турбай жата берди, аялы аны жамандай берди, түшүнө да кирбеген нерселерди айтып жатты. Кылбаган кылыктарын, жасаган жаман жоруктарын көбүртүп айтты. Жасабаган иши үчүн, кылбаган күнөөсү үчүн кыжыры кайнап, бир кезде төшөктөн атып турду да аялын көздөй атырылып жөнөдү.
Якуб өзүнүн ойлогон оюна маашырланып, эшикке чыгып кетти. Кантсе да досу аялы менен чечишип алсын дедиби, үйдөн чыгып кетип калды.
Жанагы жоруктан кийин бир топ күн өтүп, Якуб аны үйүнө конокко чакырды. Коноктой турган деле эч нерсеси жок эле үйүндө, болгону кампада көптөн бери калың чаң баскан бир дарбызы бар болчу. Юсуф аялын ээрчитип үйгө киргенде, Якуб өзүнүн аялына карап:
– Күн ушунчалык ысып кетти. Суусунду кандырып алалы, кампадан муздак дарбыз алып келчи, – деди.
Келинчеги сөз айтпастан, унчукпай кампага чыгып кетти да бир аздан кийин аябай чаң баскан жалгыз дарбызды көтөрүп кирди.
– Келген конокко ушундай чаң баскан дарбызды алып келесиңби? Барып башкасын алып кел, – дейт Якуб.
Аялы алып келген дарбызды көтөрүп кампага чыгып кетет. Кампадан жалгыз дарбыздын жарымын аарчып, үйгө кирип күйөөсүнө сунат.
Якуб аны колуна алып аялына карап:
– Эмне, бизде башка дарбыз жок беле? Ме, башкасын алып келчи, – деп аялына сунат. – Жакшыраагын алып кел?
Аялы унчукпастан дарбызды көтөрүп кампага жөнөйт. Кампадан дарбызды жалтыратып, таптаза кылып сүртүп, кайра алып келет.
– Жана эле ушул дарбызды алып келсең болмок да, – дейт Якуб ага.
Дарбызды жеп бүтүшкөндөн кийин Якуб досун карап:
– Юсуф, кааласаң кампага барып дагы бир дарбыз алып келсең болот.
Юсуф кампага кирип бир да дарбыз таппайт, кайра келет.
– Дарбыз алып келген жоксуңбу? – дейт Якуб.
– Кампада бир да дарбыз жок экен, – дейт Юсуф.
– Жок бекен, өзүң көрбөдүңбү, менин аялым эки дарбызды кайра алып барып койбоду беле, өзүң көрдүң го?
– Билбейм, – деп шашкалактады Юсуф.
– Анда сөзгө кулак сал, – деди досу. – Сен өзүңдүн аялыңды аябай мактадың. Өзүң көрдүң, калп эле өлүп калганыңда, мага турмушка чыгасыңбы десем, сени түркүн сөздөр менен жамандап, ойлонбостон туруп аял болууга макулдугун берди. Менин аялым бир дарбызды кампадан үч жолу алып келди, болгону бир эле дарбыз бар болчу, башкасы жок. Үч жолу тең мага сөз кайырбастан, кедейлигибизди эч билгизген жок. Мунун өзү конокко сыр алдырбагандык. Жокту бардай кылып көрсөттү. Эми өзүң деле байкап көргөндүрсүң менин аялым сенин аялыңа караганда мактоого татыктуу экенин.
– Туура айтасың досум, – деди Юсуф.
Которгон Абдумажит МУРЗАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *