АҢГЕМЕ

I

Атам ыраматылык мени дайыма туягым деп эркелетчү. Муну уккан атамдын агасы Закир абам бир күнү:

– Кыз баланы ата-бабабыз эч качан туягым деп айтпаган, – дегенин угуп атам өзүнүкүн бергиси келбеди.

– Туягым дебесе дебесин, мен кызымды туягым эле дейм…

Кыз баланы туягым деп эркелеткени орунсуз кеп экенин атам деле абамдан башкалардын оозунан көп укту. Бирок жарыктык өлөр өлгөнчө мени туягым деп жүрүп өттү. Бечаранын менден башка туягым деп эркелетер уулу болбосо кантсин. Мага чейинки Кемел төрт жашка чыкпай чарчаганын кенедейимде атам менен апам көп жолу арман кылып эскеришер эле. Кемелдин тили абыдан ширин болгонун апам көп айтып калат. Анын төрт жашка чейинки айткан дегендери апамдын эсинде бүгүнкүгө чейин сакталып калганына жүрөгүм сыйрылат…

Апамдын төрөбөй калганына каргашалуу бир кырсык себеп: аяз кышта биздин үйдүн тушундагы колонкадан суу алганы барып, анын тегерегиндеги жука муздан тайгаланып жыгылат. Кирпик ирмегиче ойго келбеген кырсыкты кара, апам бечара капкагы ачык калган кудуктун түбүнө сыйгаланып түшүп кетиптир. Ошондо кудук түбүндө бир учу жогору караган жоон зым жатынын төйнөп өтпөгөндө бүгүн менин да, атам-апамдын да тагдыры таптакыр башка болмоктур дейм. Ошол бойдон бул окуя атам менен апамдын түбөлүк касирети болуп кала берди.

Сууга келгендер бирөө кудукка түшүп кеткенин көрүп, ошол замат кудук түбүндө кыңкыстап жаткан апамды тартып чыгып, райондук ооруканага жеткирген үчүн да кудайга шүгүр, апам аман калыптыр. Акыры операция жасалып, врачтар апамдын жатынын биротоло кесип таштоодон башка арга болбоптур. Апам ошол бойдон төрөгүс болуп калган үчүн мен ушул күнгө чейин биртуугансыз чоңойдум. Атам анан мендей жалгыз кызынан башка кимди туягым десин.

Өмүрүмдө биртууган менен биртуугандын ортосундагы сезим кандай экендигин мен таптакыр түшүнбөйм, билбейм. Өмүрү колума кармап көрбөгөн буюм эмне экенин сезбегендей эле биртууган менен биртуугандын ортосундагы сезим кандай болору мен үчүн табышмак.

II

Мени өксүткөн бир арман – атам эч бир небере көрбөй өттү! Мен турмушка чыккан жылы ал көз жумду. Болгондо да кырк беш жашында. Менин биринчим жарыкка келгенде, атамдын ашын бердик. Ошондо менин бала күндөн берки таттуу кыялым атам өлгөндөн кийин ачуу күйүткө айланды. Балалык кыялымда: турмушка чыкканда сөзсүз эркек бала төрөп, аны атам-апамдын асыроосуна берем деп жүрүп чоңойдум. Ошол балам атамдын туягы болуп калат дечүмүн! Атама андан артык эч бир белек болмок эмес жашоодо!

Атам өлгөн жылы кызыктай бир окуя болду: атамдын сөөгү жерге берилээр күнү коңшу айылдан келген бир кара жоолукчан зайып пайда болду. Ал аял бозүйгө кирери менен чыныгы кошоктун көркү кандай экенин эл ошондо кеп кылды. Ага чейин эки күн бою кошок айтып боздогон апамдын да, жакын туугандардын аялдарынын кошогу да кеп болбой калды. Үчүнчү күнү кошок айткан бозүйдөгү аялдардын сабына бейтааныш зайып кошулары менен анын заңкылдаган үнү менен сөзүнүн көркөмдүүлүгүн тыңшаган эл дымып калды. «Бул ким эле» дегендер болду. Атамдын сөөгүн акыркы сапарга узатууга келген айыл эли тургай, алыс-жакын туугандар арасынан деле кара жоолукчан бейтааныш аялды тааныгандар жок болуп чыкты.

Атамдын аза кайгысы менен жүрүп, апам экөөбүз деле бейтааныш ошол аялды эсибизден чыгарып койгондой болгонбуз. Башыбызга кайгы түшүп турса, бейтааныш аялдын жүзүнө деле кайдан үңүлөлү, баарыбыз сырттан келгендерге тетирибизди салып: бозүйдүн керегесин карап отурсак.

Анан эле атамдын кыркылыгын берер күнү кара жоолукчан аял кайтадан пайда болду. Үрүл таңда атамдын жакын туугандары, апамдын төркүндөрү мүрзөгө келатып, атамдын дөмпөйгөн кабырынын жанында отурган сербейген жалгыз караан көзүбүзгө урунду. Мүрзөгө биз жакындаган кезде кара жоолукчан аял ордунан шашылыш туруп, талааны көздөй беттеди. «Бул баягы аял» деди биз менен келаткандардын арасынан бирөө. Апамды дароо ой басты. Мен болсо талаа жакты бир карап, кайра апамды тиктейм. Апам болсо эрдин кырча тиштенип алган.

Баарыбыз атамдын мүрзөсүнө келип үңүлдөп ыйлап, кайра үйгө кайтаар кезде апамдын «токтой тур» дегендей ишаратын туюп, экөөбүз топтон бөлүнүп кала бердик. Туугандар бизге кылчактап, «жүргүлө» дегенине карабай апам экөөбүз элден артта калдык. Апам ичинен күбүрөнүп атам, андан соң атамдын кабырынан бираз алысыраактагы тээ качанкы жер менен жер болуп чөгүп кеткен Кемелдин мүрзөсүнө куран окуп, экөөбүз бирдей бата тарттык. Апам Кемелдин жар кырына жакын кабырына көпкө тиктеп отуруп, терең үшкүрүнүп алды. Качанкы төрт жашка жетип-жетпей чарчаган Кемелдин кабырын көздөй жакындап, жээктери жаңы эле урагансыган жар кырын тиктеген бойдон абыдан тынчсызданып, кейип алды:

– Даа бир катуу сел келсе, баламдын мүрзөсүн агызып кеткенге аз калыптыр. Эмне кылсам экен?..

Кемелдин кабырынан көзүн албаган апамды дароо санаа басып калганын туйдум. Ал санаа тоодон күтүүсүз түшкөн кар көчкүдөн бетер апамдын айласын курутуп тургандай эле болчу. Себеби дагы бир жолу тоо жактан катуу сел келсе, Кемелдин мүрзөсүн жууп кеткенге аз эле калыптыр. Менин да башым катып, эмне кылышты ойлонуп, апам экөөбүз мүрзөлөрдүн арасында сербейип отурсак, жаныбыздан шыбырт угулду.

– Нияздын жаткан жери жайлуу болсун…

Кайрылсак, каргылданган үн кара жоолукчан бейтааныш аялдыкы экен. Ыйдан улам шишип чыккан көздөрүн тиктеп катып калдым. Ыйдан шишиген көздөрү так эле меникине опокшоп экенин көрүп, жүрөгүм бир башкача болк дей түштү. Мен кудум өзүмдү өзүм күзгүдөн тиктеп тургандай сезилди, болгон айырмам: мен өзүмдүн улгайган курагымда күзгүдөн карап тургандай туюлду.

– Жийде, сен мага таңгалып атасың го, – деген бейтааныш аял менин атым Жийде экенин кайдан билерине таңгалдым. Бейтааныш аялдын каргылданган үнүнөн даа бир ирет «Жийде» дегенди угуп, апамды карадым. Апамдын ийни бүлкүлдөп, жүздөрүн менден бура качты.

– Сен… Сен кагылайын… Нияз экөөбүздүн каныбыздан жаралгансың, Жийде! – бейтааныш аял өзүн карманалбай тиземди кучактап жыгылды. – Нияз экөөбүз дайыма жийде бактын түбүндө жолугуп, мен сени Жийде бактын түбүндө төрөгөм. Мен сага жийде бактын түбүндө эң биринчи ууз сүтүмдү эмизип, Нияздын колуна ороп бергем. Мен сени ошондон бери бүгүн көрүп атам, кызы-ым!

– Апа-а… чынбы ушул?! – дедим өпкөсү өпкөсүнө тийбей сыздаган апамды кучактап.

– Чы-ыын! Ниязга туяк болор сени төрөгөн энең уш-шул…кызым!

Ай талаада үчөөбүз бирдей боздоп, атамдын арбагын ордунан бир козгогондой болдук.

– Эмне ушуга чейин айткан эмессиң, апа!? – деген үнүмдү уккан апам чыңырып ыйлап берди. Апамдын ошондо чыңырган үнү ааламды жаңырткандай ачуу чыкты:

– Кантип айтмакмын, кызым кантип! Мен бейбак атаңа туяк болор бала төрөп бералбай, ушул адам сени атаңа туяк болсун деп төрөп берген… Бул адам сенин апаң, менин кенедейден бирге өскөн курбум – Айша…

III

Кийин билсем, Зуура апам менен Айша апам кенедейден балдар интернатында бир керебетте чогуу уктап, чогуу өскөн курбу болуп чыкты. Зуура апам кудуктун ичине түшүп кеткен кырсыктан кийин эне болуу бактысынан ажыраган курбусун аяп, атама туяк болор наристе төрөп берүүгө белсенгени – мен сөз менен жеткирүүгө дегеле мүмкүн эмес баян.

Айша апамдын ошондогу кадамына секелек курактагы кайсы кыз баралмак да, кайсы кыз элдин күбүр-шыбыр ушагына карабай өз тагдырын курбусу үчүн курмандыкка чалмак, – ушуну баяндап берүү мүмкүнбү? Кудай таала Айша апама татынакай өң-келбет буюрганы менен бактылуу тагдыр буюрбаганын кара. Мүмкүн турмушка чыгууга Айша апамдын өзүндө каалоо болгон эмеспи же тагдыр аны чын эле үйбүлө бактысына туш кылбаганбы, ал ушул курагына чейин жалгыз бой турмуш кечип келгени үчүн мени асырап чоңойткон Зуура апам эми өзүн өзү күнөөлөчү болуп алды…

Азыр биздин үйдө Айша апам, Зуура апам, мен болуп, үч жесир бирге жашайбыз. Үчөөбүз тең курдаштарга айландык, ортодо жашырып жапкан сырыбыз да жок. Баардык сырыбызды ортого салабыз.

Турмушта Айша апамдай келишимдүү сулуу аялзатына көзүн артпаган эркек көп эле болгон чыгар. Ошолордун бири Айша апамдын колун кантип сурабасын, бирок бул суроого келгенде эле анын ымандай сырын Зуура апам экөөбүз эч айттыралбадык. Мүмкүн мунун да башка бир аялуу сыры барбы – билбеймин.

IV 

Өзара кобурашып отурганда «бир үйдө үч жесир жашайбыз» деген тамашамды уккан Айша апам да, Зуура апам да «ок, антпе, сен жесир эмессиң!» деп тилдеп калышат. А мен өзүмдү өзүм жесир дебегенде эмне дейин, эгер күйөө сөрөй Чырмаштын мага жасаган бир жолку тагдыр сыноосундагы айкөлдүгүн көрбөсөм. Ал мен үчүн тирүү өлүк болгон үчүн өзүмдү эбак эле жесир аялдын катарына кошуп койгом.

Ал экөөбүз таттуу арзууга жеткен үчүн үйлөнгөнбүз. Башында ал үйбүлөлүк каттоодон өтөрүбүздө менин фамилиямды өзүнүкүнө каттаткысы келди. Бирок мен буга көнгөнүм жок. «Мен атамдын туягы болор кызмын» деп эркеледим, көгөрдүм. Буга ал аргасыз көндү. Мен атамдын ысымын сактагым келди. Атамдын ысмын көзүм өткөнчө алып жүрүүнү милдетим дедим өзүмө өзүм. Бул менин атамдын арбагынын алдындагы бузулгус ант эле.

Биринчибиз кыз болуп төрөлдү, а кийин Медерди төрөдүм. Ошондо жаныма тынчтык бербеген бир ой келди: уулумду атамдын ысымына каттатууга. Чырмаш экөөбүздүн таптакыр келишпестик биринчи жана акыркы жолу ошондо пайда болду. Мен Медердин туулгандыгы жөнүндө күбөлүк алууда Чырмаштан сурандым, уулумдун фамилиясын атама каттатууга. Ал караманча көнгөн жок. Мага анын эң катуу тийген сөзү бул: «Медерди менден төрөдүң беле же атаңданбы!»

Мен ага Медерден кийин да сөзсүз эркек бала төрөп бермекмин. Бирок анын ушул сөзүнөн кийин мен ага эч бир бала төрөп бергим келбеди. Мен атама бир баласынын ысымын ыраа көрбөгөн эркек менен ошол бойдон бир түндүк алдында жашоого чыдай алаар эмесмин, кыз-уулумду жетелеп баса бердим.

V

Зуура апам бир күнү түш көрүп, түшүнө суу кириптир. Чочуп ойгонду. Таң эрте турары менен «түшүмдө Нияз менен Кемелдин мүрзөсүн суу каптап агызып кетиптир. Ташкын суу алардын артынан из да калтырбай жууптур. Санаам тынбай атат, жүргүлөчү», – дегенинен Айша апам үчөөбүз мүрзөгө келдик. Атам менен Кемелдин мүрзөсү ордунда экенин көрүп, санаасы тынгансып калды. Бирок болбой, үйдөн кетмен-күрөктөрдү көтөрүп келди. Үчөөбүз жар кырындагы дөмпөйүп турган Кемелдин мүрзөсүнүн тегерегине кечке топурак үйдүк. Канчалык тырбаңдабайлы, жаратылыш кырсыгы үчөөбүздүн бир күн кечке кылган аракетибизди көз ирмемде чайкап кетерин Зуура апам ойлодубу, жокпу, – Айша апам экөөбүз ошондогу аракетибиз текке кетерин сезип турсак да, тек гана четте карап туралган жокпуз. Күчүбүз жетишинче күн уясына батканга чейин кол кабыш кылып, кечинде үйгө бутубузду тарталбай келдик.

VI

Атам өлгөн күнү абыдан өксүп ыйладым эле, ошондогудай өксүк ый азыр да башыма келди. Уулум Медер бүгүн сууга чөгүп кетти. Арык бойлой чуркап, кармай албай калдым. Канчалык таманым жерге тийбей чуркаган менен агын суунун ылдамдыгын кууп жетүүгө кудуретим жеткен жок. Чаар ала көйнөкчөн баламдын денеси ташкындаган суунун үстүнөн бир көрүнүп, бир көрүнбөй, акыры көздөн кайым болду. Суу үстүндө каалгып бараткан уулумдун денеси бир убакта жок болуп кетти. Андан кийин эмне болгону эч эсимде жок, колтугумдан сүйөгөн кошуналар үйгө жетелеп келатышканын бир билем…

Балдарымдын ичинен Медерим атамдын кебете-кешпирин жазбай тартканына үйгө келгендин баары таңгалышчу. Бүркүт кабагы, күрөң көзү, кырдач мурду так эле атамдын дубалда илинген сүрөтүнүн көчүрмөсүндөй эле да, каралдым-ай, каралдым!

Ал экөөбүз бүгүн эле телевизордон «Бактылуу үйбүлө» аттуу кино көрүп отурганбыз. Улагадан кирген атасы апасына кучагы толо гүл берип аткан жери бар экен. Атасы апасына гүл берип аткан кинодогу баланын кубанычын суктанып тиктеген Медерим бир убакта «апаке-ов, мен сизге гүл терип келейинчи» деп сыртка чуркап кетпеспи. Мен деле ошол замат артынан чыктым. Чыксам, суу боюндагы байчечекей гүлдөрүн терип аткан балам «апа!» дегенде эле жүрөгүм оозго кептелди. Артынан жетпей калдым!

Көрсө, Зуура апамдын көргөнү аян түш болсо керек: атамдын туягы болор, атамдын келбетин тарткан Медеримди суу алып кетпедиби!

Сентябрь, 2012-ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *