Менин айылым

«Асманда жылдыз, жерде кыргыз болсун» демекчи, мен кыргыз болуп калганыма сыймыктанам жана даңктанам.

Ошол бейиши жыттанган, аскасы асман тиреген, чер токойлуу, мөлтүр булактуу, кенге бай мекеним Кыргызстандын Жалал-Абад областынын аттын кашкасындай таанымал Аксы районунун Кербен шаарынан үч чакырым аралыкта жайгашкан Ак-Дөбө айылы менин киндик каным тамган ыйык туулган айылым.

«Тарыхы болбой эл болбойт» деп бекеринен айтылбаса керек. Анткени жети атаңдын жашаган жеринин тарыхын билбесең Ч.Айтматов атабыз жазгандай маңкурттан айырмаң жок болсо керек.
Ата-бабаларыбыз айтуусу боюнча Ак-Дөбө айылынын тарыхы мындайча баяндалат:

Мындан көп жыл мурун Х-ХIII кылымдарда Караханийлер кагандыгынын мезгилинде сырттан кирген душмандардын кол салуусун алдын ала алуу үчүн кароол дөбөлөр тургузулгандыгы айтылат. Ошол учурда алардын саны 24 болуп ар биринин өзүнчө аталышы болгон. Мисалы: Ак-Дөбө, Мышык-Дөбө, Күлүк-Дөбө жана башка. Бул дөбөлөрдүн Караханийлер кагандыгынын мезгилинде болгондугуна далил катары дөбөлөрдүн айланасынан табылган карапа идиштер, жез буюмдар, курал-жарактардан билсек болот. Ал эми кээ бирөөлөрдүн айтуусу боюнча азыркы Кербен шаарынын ордунда кербен сарай болгондугун, мына ошол кербен сарайга келген соодагерлердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бул дөбөлөрдүн тургузулгандыгы айтылат. Ошол дөбөлөрдүн эң чоңу Ак-Дөбө болуп, айылдын ортосунда жайгашып калгандыктан биздин айыл Ак-Дөбө деп аталып калган.

Ак-Дөбө айылымдын кооздугуна сөз жетпейт. Таң эрте Бозбу тоосун койнунан кызыл нурун чачыратып чыккан күн биринчи эле шооласын бизге чачат. Ал эми күндүн нуруна жаркырап агып жаткан Беш-Батман каналы айылга жашоо берген мүрөк суусу. Багында куштар сайрап, шагында алма, өрүк бышып, айран сүтү жыттанган менин касиеттүү Ак-Дөбө айылым эч бир жерге алмашкыс. Мен айылымдан эч алыстагым келбейт. Төрт сап ырым менен айылыма болгон сагынычымды айтып кетсем болот.

Туулган айыл — менин асыл Мекеним,
Сени таштап, эч алыска кетпеймин.
Бир саамга сенден алыс узасам,
Тунук сууң, дары абаңды эстеймин.

Момунов Мырзакул
Аксы районуна караштуу Кербен шаары,
Ак-Дөбө айылы. Н.Мамбетов мектеби. 7 «а» класс.

P.S. Сынактын жобосу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *