ЭСТУТУМ

Сүйлөсө сөз, олтурса төр жарашкан, адабияттын гана эмес атпай журттун атасы сыяктуу болуп калган Түкөмдү биринчи жолу Дзержинский гүлбагынан көргөнүмдө ооз ачып салам айтканга дарманым келбей элейип, эсим ооп калган. Башына күн кондуруп алгандай, апаппак чачы чачыраган күн нуруна окшогон, бармактай кезден сүрөтү китеп, гезиттен тааныш бул карыя, мага куду Кыдыр сыяктуу көрүнүп кетти.
Пил ээрчиген күчүктөй артынан көпкө акмалай басып, үйүнө кирип кеткиче «аңдып» жүргөнүм эсимде. Жалаң китебинен билип, сүрөтүнөн таанып жүргөн тирүү жазуучуну, болгондо да жазуучунун алпын көргөндөгү ошол элес эске кылт эте түшкөндө күнү бүгүнкүдөй мени эргитип келет.
Ошол-ошол болду, ошо бойдон көпкө Түкөмдү канча акмалабайын көрбөй калдым. Сексенинчи жылдын башында Түкөмдүн «Кыргызстан маданияты» гезитине айтылуу акын Алыкул Осмоновго арналган ыр жыйнак жөнүндө өз оюн айткан көлөмдүү макаласы жарыяланды. Анда мен жөнүндө бир топ жылуу пикир, жакшы сөздөрдү айтыптыр. Жерге батпай сүйүндүм, деги бала болуп башыма жүн чыкканы мындай жылуу сөз укпасам керек. Кантсе да бир барып, а киши менен көзмө-көз көрүшүп, таанышып ыракмат айтууну эп көрдүм.
Батынбай, кыйналып жүрүп кыйла убакыт өткөрүп, эки кабат үйдүн каалгасын шыңгыраттым. Жарыктык, эшик ачып өзү чыкса болобу, апкаарый түшкөнүмдү айтпа.
– Анатай деген сенсиңби? – Аксакалдын кыраакы көзү мени сынай тиктеди.
– Ооба.
– Анатай деген сен болсоң, анда алдагы чайдан ич…
Мына ошондон баштап, Түкөмдүкүнө көп барчу болдум. Бул жазуучу кыргыз совет адабиятынын пайдубалын түптөшүп, анын профессионал прозасынын башында туруп, ага кайталангыс из калтыруу менен бирге, кыргыз жазуучуларынын ичинен биринчи болуп бийликке, болгондо да социализм учурунда «орус тили – экинчи эне тил» болуп, орус тили оболоп, кыргыз тили корголоп, «эл достугу» демиш этип, «улуу» эл кичи элге зордук-зомбулугун көрсөтүп, Усубалиев желпинип жүргүзүп жаткан сасык саясатка каршы чыккан чыныгы баатыр жазуучу эле.
Ал адамда улуттун уңгусу уюп жаткандай сезилчү, ушул гана адамда атпай журттун ар-намысы калгандай туюлчу. Ошол камчысынан каны тамып, каарынан жан чыккан тоталитардык деген заманда КПССке, анын кыргыздагы функционерлеринин көзүн чукуп: «Кыргыз тили өөрчүбөй өлүп баратат, улуттук ар-намысыңар барбы?» – деп элибиздин түбү терең, кайсы улут болбосун аталашса атасы, баталашса батасы тең экендигин тарых менен далилдеген далай каттарды Москвага чейин жазган, улуттун улуттук намысын талашкан, ал үчүн жанын берүүгө даяр туруп, «Малым – жанымдын садагасы, жаным – элимдин садагасы» деген чыныгы атуул эле.
«Кыргыздар кызык эл, – деп күлүп калар эле кайран киши,– 37 жашымда «Биздин замандын кишилери» Сталиндик сыйлыкты алгандан кийин ушул Дзержин гүлбагында басып жүрсөм, кол тамга сураган эл котолоп үйүмө чейин келип, кээ бирөөлөр «кой» десем болбой колдоруман өөп жиберер эле. Кийин Кулатовдун Ардак грамотасын албай, Усубалиевдин далай бүйрөсүндө бүгүлбөй далилдей сүйлөп дарманын кетирип жүргөнүмдө, ушу Дзержин менен басып калсам бирөө келип кол берип учураша алчу эмес. Көп жылдан бери ошерде бир басып, бир эс алып жүргөн досум дешкен достор да карааным тээ алыстан көрүнгөндө эле олтурган орундарынан көчүгүн кагып туруп кетишчү. Усубалиев муну эмне кылып жиберер экен, ал менен бирге туруп калсак, байкабай «азаматсың» деп айтып ийсек, залакасы бизге тийбесин дешип, учурашмак турсун угуп коёт, билип коёт дейби, телефон да чалышчу эмес. Андан көрө орустар азамат, ошо бүйрөсүндө мени менен кызыл чеке болуп кармашып бүтүп, эшикке чыкканда далайлары колумду кысып: «Все таки, Вы молодец» – деп мага кайрат айтып, менин оюмду колдошчу.

А кыргыздар анте алышпады, ит караш менен сыртын сала карашып, бири бирине угузбай: «Көөп калыптыр, көпкөн бирди көрчү эле» – дешип бурч бурчта топтошуп, тооктой баш чыгарышып өздөрүнчө күбүрөшөр эле. Ал турсун жазуучумун дегендердин көбү башына ылай суу куялы деп мени жамандап Борбордук Комитетке кат жазышкан…»

Эгерде Түкөмдө эл деп соккон жүрөк, журт деген улуттук ар-намыс болбосо минтпейт эле, кыргыз тили деп кыжаалат болуп кыйналбайт эле, өз арабасын кылдыратып, аккан суу менен кошо агып, Кечээги, Бүгүнкү, Эртеңкини ойлобой, мерез мезгилдин закымында улутуң улут бойдон калабы же шамал учурган камгактай тарыхтын дайынсыз бир бүктөмүндө жоголуп кетеби, ал жөнүндө сарсанаа болбой, наамдан кийин наам алып, орденден соң орден алып, эл достугун даңктап, өз элин пасайтып, жамандап, дардайып жашап жүрө бермек. Бирок бул улуу адамда улут үчүн күйгөн улуу жүрөк бар эле, ал жүрөктү кудай-арбак кудурети менен элдин элдигин, журттун биримдигин сакташ үчүн жараткан сыяктуу сезилчү. Кыргыз адабиятында кыргыз тили, кыргыз тарыхы үчүн бир дагы жазуучу Түкөмө окшоп күйбөгөн жери күл болуп, күйүттөн чыккан үн болуп, кыйын кезең, аласапыран күнгө калган эмес. Бул адам албарс кылычын Ай нуруна жаркылдата кармап, улуу тоонун чокусунда ат ойнотуп, күн-түн кирпик ирмебей:
Туу куйругу бир тутам,
Тулпар минсең элим де.
Туулган айдай жаркытып
Туулга кийсең жерим де! – деп, тээ байыркы дили таза, зили таза бабаларыбыздын ырын ырдап, жумурай журтту коргоп турган нака баатыр өңдөнчү. Ошон үчүн маңкурт болуп тарыхын унутуп, оозуң кайсы десе мурдун көрсөткөн кыргыз ичинен биринчи болуп, «Кыргыз деген улуу журт, мамлекети, тили, тарыхы болгон. Көп эле ылдый баш боло бербегиле» деп ат көтөргүс иш бүтүрүп, айтылуу «Көк асаба» романын жараткан. Бирок китеп көпкө жарыкка чыкпады.

Түкөмдү айдактагандар ит таламай кылышты. А роман жалаң эле уламадан угуп, карылардан калып калган сөздөн тургандыгы менен эмес, эчендеген илимий, тарыхый китептерден алынган маанилүү маалыматтардан тургандыгы менен баалуу болуп, алгачкы кыргыз тарыхый романы керенелүү керемет кеп менен башталып, анын даражасы бийик, зоболосу улук экенин айкындады атпай журтка. Андан үзүндү жарыяланганда эле ичмекейи ичиндеги, котур ташы койнундагы чаар баш сынчы, жазуучу сөрөйлөр «партиялык көз караштан» деп коюп, каарынан кар жааган, заардуу демине муз каткан мезгилдин жылан боор камчысы болуп беришкен.

«Бөрк астында бөрү жок дебе, ээк астында жоо жок дебе» деген чын экен, партбосстор элим деп этеги менен суу эзип, канжыга бою кан кечип, кара жанын карч урган бабаларыбыздын эрдиги элибиздин атуулдук ар-намысын арттырып, улуттук көз карашын ойготот деп коркушту. «Талкуу» деп коюп канча кан куйкалап, жан эзген сөздөр айтылбады бул романга. Бирок ак ийилип сынбады, жоорду жаба токубай, ачуу чындыкты бетке айткан Түкөбүз, каз айланбас кара аскадай зыл отурган ордунан козголбоду, кайра багы көтөрүлүп, даңкы артты. Жыландай ийрилип, шоонадай чубалган шойкондуу талкуулар сөөктөн түтүн чыгарып, каңырыкты түтөтүп, залкардын турамын түгөтүп мыдыр этерге ал калтырбай, жан жанчып барып токточу.
Эңкейген кары, этектеген бала, секелек кыз, сексендеги кемпирге чейин жаккан романдын жолу кечээ элибиз эркиндик алганда гана ишке ашты, роман көптөгөн нуска менен элге тарады. Эл өзүнүн көөнө тарыхы менен көзмө-көз көздөштү. Кудай калыс экен, акыл-ой тербетип, сезим курчуткан, ынтымакка данакер, ырыскыга дабакер Түкөбүздүн кажыган көңүлүнө кайрадан кубаныч уялады…

Улуттун улуттук аң-сезимин ойготууда бул романдын салымы бөтөнчө. Ушундан тартып улуттун көзү ачылды. Бул учурда кошуна өлкөлөр өз улутунун тарыхы жөнүндө далай-далай романдарды жарыялап, сөзгө сөлтүк, кепке кемтик болбой төшүн көтөрүп, өзүн көтөрүп калган эле. «Кыргыздын тарыхы жок, тили бүгүнкү техникасы өскөн мезгилге шайкеш келбеген келечеги жок тил» деген кем акыл саясатты кожодой колдоп, өздөрүн гений сезишкен келегейлер жарыкка чыга электе эле романды жабыла жамандап жатып калганынын себеби да ошондон эле.

Ошондо да Түкөмдүн кылы кыйшайып койбоду. «Кыргыздар кыргызга асылбаса, анан кимге асылмак эле? Антпесе кыргыз болбой калбайбы» – деп жүрөккө так калтырар нерсеге тамаша менен жооп берип, жел менен, эл менен сырдашып, жеңилбей, жер карабай өмүр кечирди.

Мөңкүсө да түшпөгөн карылык мойнуна минсе да, Түкөм Асылгүлдөй асыл байбичесинен айрылган күндө да кайраттуу болчу. Чүй УВДсынын начальниги, менин классташ досум Кубанычбек Турманбетов экөөбүз далай жолу саамал кымызды сапырып, этти казанга салып коюп алакандын отундай кеп калтырбай көңүл көйкөлтүп, көөдөн эритип көп сүйлөшүп калдык. Бир күнү: «Неберелүү болдум, Түкө, кысталганга кеңеш, аксаганда акыл айткан, кеби эки болбогон, айтканы ала калбаган, атпай журттун атасы болуп калдыңыз, ат коюп бериңиз» – деп өтүнүп калдым. Бутунан абыгер чегип жүргөн эле, кыйналып калабы деп, айтарын айтып алып, ичимен бушайман болуп тургам. «Барайын, – деди Түкөм, – чоң акын айтса, жаш акын кантип барбай койсун». Сүйүнгөнүмдү айтпа, тим эле бутуман жер көчүп баратты…

Эртеси Кубанычбектин «Волгасына» түшүп жатканбыз: «Бутумду көтөрүп машинеге салып кой, Анатай, – деди Түкөм, – мен үшүнтүп төрө болуп калгам». Оң бутунан аксап жүрчү, анан да эти оор эмеспи өзү машинеге отура алчу эмес. «Жал» микрорайонунун тогузунчу кабатына көтөрүлгөндө: «Ээ, сен да кыргыз кабатта турат турбайсыңбы, – деди, – биринчи, анан тогузунчу, он экинчи кабаттар кыргыздыкы…» Үйдө тажездем академик А.Алтымышев, Эстекем, бажам А. Ашыралиев жана анын кудасы профессор К.Койчуманов бар эле. «Баланын ырайына карай ат кой деген, – деди олтургандар менен учурашып бүткөн соң, – кана, апкелгиле баланы». Оролгон наристени алдына алып отуруп: «Сен кандай ат коёюн деп отурасың?» – деп, мага тигилди Түкөм. «Эламан, – деп Түкө». «Сенчи» – деп зайыбым Бурулга карады. «Мен Түкө, Айдар деп койсокпу деп ойлогом…» «Ата, – деди Түкөм, – үйдүн чамгарагы, а эне коломтодогу от. Отсуз жашоо болбойт. Менин энем Айымкан он жетини төрөптүр.

Көбү опосуз оорунун айынан оо дүйнө кете бериптир. Жарыктык ургаачынын узу эле. Ырдаса ошол ырдасын, ооз комуз какса ошол каксын. Үзүлгөндү улап, бүлүнгөндү бүтөгөн, супарасынан кешик төгүлгөн, акылга бүйрө апамды айылдагылар «Айыке» деп ызаатташчу. Апам он жетинчи уулу мени төрөгөндө атамдан сураныптыр: «Ушу баланын атын мен коёюн, байым». Атам макул болот, ошол апам ат койгон бала мына мен, сексенди серпип олтурам. Кайран энем, балдарым аман болуп, түгөл жүрсүн десе керек. Жаман болсо неберең мендей болсун. Аял – үйдүн куту, мен Бурул келинимдин койгон атын колдойм» – деди да наристени балконго көтөрүп чыкты, көтөрүп чыкты да көктөгү толукшуп турган айды карап, мемиреп уктап жаткан баланын кулагынан чоюмуш этип: «Оо, Жараткан, Анатайдын уулу Русландын баласынын атын «Айдар!» деп Сыдыкбек уулу Түгөлбай мен койдум!» – деп үч жолу кайталап, Жаратканга табынды.
Анан наристеге карап: «Сенин атың Айдар, атаң Руслан, энең Гүлнар» – деп дагы үч жолу кайталады да мурдунан чымчып өөп койду. Анан чөнтөгүнөн 100 сом (ал убакта чоң акча болчу) алып чыгып мага сунду.
Мен секирип албай жаттым. «Наристеге мен ат койдум, мен ат койгондон кийин ал бала менин балам болуп калды. Бул ырым (көрүндүгү) ошо менин балама оюнчук алып бергиле!» Ошондо ошердеги кыргызбыз деп көкүрөк көтөрүп жүргөндөрдүн баары мындай ата салтын, баба наркын унутуп баратканын моюндарына алышып, кээси ал жосунга аң-таң калышып, эмнеси болсо да эскини эстерине салганы үчүн экинин бирине, эгиздин түгөйүнө маалым болгон Түкөмө өтө ыраазы болушкан.

Бул ырды Түкөм өзү окуп: «Көбүрөк мактап ийгенсиң го» – деп борс-борс күлүп, жактырган жайы бар эле. «Чоң акынды деле кээде жаш акын оңдоп коёт» – деп кээ бир сөздөрдү алмаштырганына жетинбей калчумун. Жердиги акын эмеспи, ар бир сөздүн алтындай салмагын, балдай даамын илгиртпей билчү. Адамдын көзүн көрүп, көзүнөн кийин өзүн көрүп турган куйма кулак, түймө көкүрөк карыянын ар бир сөзү, ар бир айткан акыл-кеңеши күнү бүгүнкүдөй жол көрсөтүп келатат.

ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВ
Балбал ташты, моло ташты болжол кылып,
ким кыргыздын бабасына
бир эстелик курам десе
окшоштуруш керек анын
бүт турпатын Түкөмө!

Кылым бою кыңк эттирбей
жалаңдаган кылычка,
кырылгандын
башын өйдө кылбагандын
кыжырдуу бир каяшасы,
Туу бетинде белги мисал
турсун ошол эстеликте
ал кылычтан кырк бир эсе
курч болуп!

Жер дыйканга, дыйкан жерге
ыраазы болгон укмуш мүнөт,
ак булуттан эленгенсип түшкөн жамгыр
жана сөздөр көктөй көзүн жалтыраткан
карыянын курбусундай
эстеликте болуш керек!

Тунук акыл, туура сөзү
Күн түнөгөн жүрөгү анын –
зыңгырасын атпай журтка
сыйкырындай ай-ааламдын.

Карт тарыхтын чачына окшоп аппак чачы
каргышты айландырган ыракматка,
ырыс чачкан кабак-кашы,
кыдыңдаган мактоо ырга батпас тулку,
кут көргөндөй кубандырсын табиятты.

Оттой сүрдүү, суудай таза
калкагардай карыяны караганда
атуулдук сыймык, намыс
тынчтык бербей тыбырчылап
турсун канда…

…Көрүп калсам жолум болгон
залкардын үйүндө мен
талант деп кымыз ичем
колунан өлүм жеңген.
Жолборс алган бүркүт окшоп
жондонсо жолу татаал
уулуна учурашат
улуу тоого өтчү шамал.

Алтынга алмаштыргыс акылы бар,
аксакалдын сөздөрү бал
карайм да
өмүр тилейм
тилегендей атама мен.

Дарыя акыл даанышман Түкөбүз, көктөн тилегенибиз жерден табылып, тамчы кан жерге тамбай, эшиктен өзү күлүп кирген Эркиндигибизге аябай сүйүнгөн. Баладай балбалактап, эреркеп, 1991-жылдын 11-декабрында алгачкы президентибиз Аскар Акаевге эми көшөгөбүз көгөрүп, көрөңгөбүз жаңырат деген тейде ак бата ыроологон: «Биз адам баласы, бирибизге бирибиз пейилибизди агартып өмүр көчүн сапардаш узатканыбызда бакыт кушу төбөбүзгө конду» – деп төбөсү көккө жеткен.
«Терең ойлон, айтканыңды калайык жактырсын, Аскар балам!» – деди.
«Ачууңду күлүп тарат, ишиңди оң жолго салгының, Аскар балам!» – деди.
«Элиң эсен, жер-сууң бүтүн болсун. Калк ырыскысы толсун! Зоболоң
көтөрүлсүн! Ак сарай төрүнөн бакыт кушу түбөлүккө уяласын, Аскар
балам!» – деп тастыктады, ата мурас ак калпакты кийгизди.

Күткөн үмүт үбөлөнүп, сабыр саргарып сапырылды. Күн санап күйүт, ай санап арман арбыды. Ажонун иши оңолбоду, ити чөп жебеди. Кемчилиги арбыды, кемели кетти. Анткени ажобуз жалганчы чыкты, анын айтканын калк жактырбады, калпычынын казаны кайнабай какшыды.

Айтылган ак батага тескери иш жасады, Ажо. Үстүнөн бийлик, астынан байлык кетпечүдөй кейкелектеп, алкымын бузган хан аксайт болуп, акчага (шапкеге) алдас уруп, иш бербей элин тентитти, жер-сууну «келе» дебегенге «ме» деп кармата берди. Ушундай күндөрдүн биринде Түкөмө барсам, оор ой, армандуу санаада туруптур. «Мен жаңылган экемин деди оор үшкүрүнүп, мен жаңылыпмын. Бул бала (сөз президент жөнүндө баратат) каргышка кала турган бала турбайбы. Калк каргышы узатпайт муну! Ушундай да иш кылабы?!.»
«Амандык айтып, ал сурап келгендердин баарына ушуну айтып жатат атам, – деп арыздангандай болду уулу Сабыр, – Акүй укса эмне дейт?!»

«Акүйдүн кулагы жок, көзүн май басып калган. Кумурсканын ыйын укпаса да, кумурскадай жайнаган жарандарынын ыйын укса мындай иштерди жасабас эле да ал ант урган» – ызырынды Түкөм…
– Күнүнө эки барактын бетин толтурган жазуучу жакшы жазуучу, – деп калчу Түкөм – жазуучу болом, акын болом дегендер күн сайын окуп бүлөнүп, күн сайын жатыгыш үчүн жазып турушу керек. Күндө узанбаган устанын устарасы мокоп, балкасынын башы айланып калат.
– Сиз алтымыштан ашып, жетимиштин жемин жеп дегендей, кантсе да карылык үйдөн чыкпай конок болуп, отуруп калган ушу күнүңүздө канча саат иштеп жатасыз? Мурда болуп-толуп турган учуруңузда кандай иштечү элеңиз?
– Азыр Кудайдын куттуу күнү эки саат иштөөгө аракеттенем. Ал эми өзүң айткандай болуп-толуп турган учурдагы иш башка эле. Чарчоо деген эмне экенин билчү эмесмин. Жазам деген учурда жазчу элем, жазганда өтө тез жазчумун. Алты айда бир роман жазган күндөрүм болгон. Романдан жадасам повестке, андан жадасам аңгемеге өтүп кете берчүмүн. Драма, ыр жазганга да үлгүрчүмүн. Агылып, төгүлүп турар элем, көрсө, келкел келип турган окшобойбу… Деги эле чыгармачыл кишиде өзүнө өзү алымсынбаган өжөрлүк, көк беттик болбосо болбойт. Жеткенине желпинүү канатты сындырат, өстүрбөй көздү май бастырып салат, ошон үчүн алысты, көз жетпеген бийиктикти максат кылып, жанды калемге сайып коюп, пенделик көп кызыкчылыктан кечип коюп жазуучу болот, болгон киши.

«…Күлүк – күнүндө, тулпар – тушунда» деген чын белем, жарыктыктын өмүрүнүн соңу армандуу болду. Колу-бутун калтыраткан паркинсон оорусу аябай абыгер чектирди. «Үшүнтүп «Маш ботой» чертип калбадымбы, – күлүп калар эле бакжайып, – бул оору менен жалаң генийлер ооруйт дешет, Мухамбет Али да үшүнтип калган турбайбы, кайран».
Барып калсаң ушуну айтып тосуп алчу.
«Мен миң жыл жашадым. Ар мезгил өз чабармандарын жиберет турбайбы. Эмики кезек силердики!..»
Түкөмдүн сөөрүсүндө кымыз сапырып аткам. «Куй кымыздан, – деди Түкөм, – биздикине келгенден кийин кымыз биздики болот, куя бер».

«Жалгызга жылдыз жолдош» дегендей үйүндө жан жок экен. Кызмат кылып жүрчү жээн кызы да көрүнбөйт. Улуу шашке эле аны айтып, буну дегиче күн түш болуп калыптыр. Өз эшигин өзү ачып кирген политехникалык институттун проректору, уулу Сабыр мени менен кол алып учурашты да атасына суроолуу карап калды. Түкөм «Маш ботоюн» ойногон калыбында турду да туалет тарапка жөнөдү. Ал отурган одеалды колуна кармаган боюнча Сабыр артынан басты. Бир уяттуу нерсени сезип турдум.

Кымызды сапырымыш болом, ал жакты карабайын десем да болбой эле карап ием. Кубара түшкөн одеалды Түкөмдүн үстүнө жаап, уулу атасынын дааратын ушатып жатты. Төрт бутунун бири сынык куу дүйнө ай… Тоодой Түкөмдүн томуктай башына тозок иш түшкөн турбайбы. Теңтушу бар теңи жок кеменгерибиз ушундай калабалуу күнгө калабы?!. Шашылып кеткен Сабырдан кийин айыптуу баладай болуп отурду Түкөм. Сапырылган кымыздан кымындай сөз чыкмак кайда. Тумчуккан тунжуроону Түкөм өзү бузду.
«Мен өмүрүмдө эки жолу жаңылыпмын, Анатай. Биринчиси, уул-кызымдын энеси бармактайыман баш кошкон ырыска шерик байбичем Асылгүл дүйнө салганда алтын жүгөндүн күмүш тизгини эле, узун этектин эстүүсү эле деп, көрүстөндүн үстүндө казганактаган калың элдин алдында «шейшебиңди жаңыртпайм» деген шертим болуптур. Ушуну айтканыма акылым айран. Көрсө, өлгөндүн артынан киши өлбөйт турбайбы. Далай ак жоолуктун байбиче болгусу келди мага. Бирок шертимди бузбадым. Эки ийин эңкейип, көз чекчейип, бел мекчейип калганда, нардай байбичең нары карап кетсе, кемпир керек экен.

Илгери бир кемпир: «Кайра Мамай чабылбайт, мендей кемпир табылбайт» деген тура. Андай өзүн өйдө көтөргөн өмгөктүү кемпир болбосо да карыганда көчкөн эрмек дегенчелик кемпир болсо бүгүнкүдөй кор болбойт элем го.
Экинчи жаңылганым – президент Акаевге ак бата ыроологонум. Акылга таянбай ал урган жакынга таянды, жакынга дегеним азыркы тил менен айтканда команда делинет шекилди. Ошол командасы калк казынасын камандай майкандады. Улуттук нарк жана рух тебеленип-тепселип, этибарга алынбай калды. Бунун арты армандуу бүтүшү мүмкүн. «Бийиктен кулаган катуу тиет, бийликтен кулаган кара киет» дечү эле ата-бабабыз, мен көрбөсөм сен көрөсүң»…

Кийинки барганымда кайран аксакал шапая шалбырап, апжип болуп арыктап калыптыр. Ак күрп балапандай момооруп, өзү ат койгон неберем Айдарды сурады. Анан президентке эки ирет кат жазып жооп ала албаганын айтып, дапдаяр кол жазмаларымдын тагдыры эмне болор экен деп кейиди. Мен баягыдагы Сабырдын: «Акүй укса эмне дейт» деген кооптонуусунун маанисин эми түшүндүм. Акүйдөн жылуу кабар эмес жылып басып келип, абалын сураган бирөө болбоду. Оорулуунун көңүлүн сурап айыккандай абалга жеткирчү жетекчилик жер менен жексен болуп кеткендей үн катпады.

Арадан анча өтпөй айтылуу кыргыздын Ала-Тоодой атуулу мунар түнөп, булут көчкөн тал чокудай залкар инсаны кыйкырса үн, созсо кол жетпеген ааламдан көчөт. Ар кимдин жазылбас муңу, сакайбас жарасы болот эмеспи, кайран киши, ээк кагар алдында эмнени ойлоп, эмнени керээз айтты экен?! Же айтканга алы келбей, дегенге деми жетпей, ыйманы ысык тирүүлүк менен каш ымдап коштошуп кете берди бекен?! Же бүркүттөй текөөр жанып, шаңшып турган убагындагы, артынан чаңды буратып, алдынан куюн ороткон кыргыз деп ураан чакырган кылчайнашы зыр-р этип көз алдынан тартылып өттү бекен?!
Кайран киши…
Каректен кан чыгып, кабырга кайышкан жоготуунун ордун толтурмак кайда?! Өзүмө өзүм топук кылып, өзүмө өзүм кайрат айтып, арбагына миң мертебе ыраазы болуп, ушул ырды жаздым эле… Арбагы ыраазы болсун, сиз да окуп коюңуз, урматтуу окурман!

КЕТТИ, ТҮКӨМ…
Жазганы бүт дүйнөлүк калкка дары,
Алп Түкөм, атпай журттун аксакалы,
Коштошуп сапар алды өлбөстүккө
Кошулуп жылдыздарга асмандагы.

Улама ыйыктардын ыйыгы эле,
Уяттай элге пейили тунук эле.
Тоо жүрөк тоолуктарга жылбас, муңбас
Тоо болуп, дайра болуп туруучу эле.

Кыраакы… кылым оюн билгич эле,
Жанында турсаң түнүң – күндүз эле.
Тил менен тирүүлүгү бирге бүткөн
Айныбас атуулдуктун үлгүсү эле.

Байыркы бабалардан бизге келген,
Элчидей эң бир оор мөрөй жеңген.
Мухиттей сөздү калпып, алтынын таап
Кыргыз деп кылымдарга кеткен кербен…

Ай, жылдыз өмүр менен тегеренет,
Адамзат бу дүйнөгө келет, кетет.
Кай талант кай мезгилде жаралбасын
Кайыптай бу карыга салам берет.

Кайрадан мындай адам жаралбастай,
Эч, эч ким андай болуп калалбастай.
Ар-ар кимдин көздөрү алаңдады
Атасынан адашкан бала каздай.

Түкөмдүн көзү өткөндөн кийин Москвага СССР Жазуучулар союзунун акыркы съездине барып калдык. ЦДЛдин (Центральный Дом Литераторов) ресторанында түштөнүп атсак, жанына эки-үч жигитин ээрчитип авар элинин атактуу акыны Расул Гамзатов кирип келди. Кыргыз экенибизди билип, съезд жакшы өтсүн деп бир рюмка тарткан соң, Түкөмдүн ден соолугун сурады. Өтүп кеткенин укканда аябай кейиди. «Мага телефон чалбасаңар да, телеграмма жиберип койсоңор болбойбу. Баралбасам да, көңүл айтып телеграмма жиберет элем го. Ал жазуучулардын I съездинде менин атамды көргөн. «Атамды көргөн өлбөсүн» деген бар эмеспи…Досум Кайсын Кулиев айткан: «Түгөлбай Сыдыкбеков чыныгы жазуучу, кыргыздын Ала-Тоосундай алыстан көрүнгөн патриархы» деп»…

Жүйөлүү сөзгө баарыбыз жер карап уялдык. Мен өзүмчө «Басмайылдын кысканын минген билбейт, ат билет, акылмандын кадырын жакын билбейт, жат билет» деген чын турбайбы деп ойлоп турдум…
Айтса-айтпаса төгүнбү, көзү өткөндөн бери Түкөмдүн томдугун мындай кой, бир да китеби жарыкка чыкпады. Залкардын жарык көрө элек чыгармалары, күндөлүгү, каттарынын чекеси оюла элек, оюла элек дегеним алардын дээрлик көпчүлүгү али жарык көрө элек. Шаардын бир чоң көчөсүнүн атын берсе бирдеке болобу?.. Үй-музейи эмес, шаарыбызда ал кишинин эстелигинин жоктугу, анын замандашы, шернелеш үзөңгү жолдошу казактын улуу жазуучусу М.Ауэзовдун эстелигин көргөн сайын башымды шылкыйта, намысымды түтөтөм. «Акча жок» деп эле күн сайын оозун куу чөп менен аарчый бербей, жүз жылдап, миң жылдап бир келе турган мындай залкар таланттардын арбагын сыйлап, ызааттап урматтабаса эч оңолбой турганын билгенге убакыт жетти го деп ойлойм.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *