АҢГЕМЕ

I

Бороон улуйт. Тунарган терезеге буюккан кар тозоңу демеп-демеп урунат. Мешке көң жагылган, үй ичи мейрим төгүп жылуу.

– Апа, бүгүн барбачы, сөздү угуп, эшик тигинтип турса кантип жетесиз деги, – келин карылыгы жеткен кайненесине карап, бөлмөнүн ортосунда турду.

– Кой, балам, убара болбо.

– Анда мен да барам, апа.

– Сен кетсең үйдө ким калат?

– Анан кантип жүрөсүң деги ушу бороондо, – келинчек чын дилинен кайненесин аяп турду.

– Карачы эшикти.

– Мени Кудай албайт, балакетиңди алайын, мени аяп жатканың да.

– Калсаң, апа!

Кемпир кийине баштады.

Ал уулун абдан сагынган эле. Бороон качан басылат деп олтурганына мына бүгүн үч күн болот. А бороон басылмак тургай күн өткөн сайын күчөп келатат. Жолго эртең менен эле камынып алган. Мына эми түш болду. Бороон басылар эмес.

Бели бүкүрөйүбүрөк тарткан кемпир этеги жер чийген көк чепкенин кийип, белин узун ак кездеме куру менен курчады.

Эки көмөч нан, балама деп жыйган кичине мискей майы, жарым кило бал куюлган айнек банкеси – баарын бириктирип көк дасторконго ороп койгон, кемпир анысын алып, колтугуна кысты.

– Кой десе болбодуң. Келбесең корком, апа.

– Келем, айланайын. Шаар машина менен бул эле жер.

Эшик алдындагы таягын алып, келинине кылчайды.

– Бир аздан кийин уйга бакал салып кой.

Короого чыкты. Короодо кар куюндап турат. Үстүнө бакал үйүлгөн бастырманын астында боз музоолуу карала уй бакалды кашектеп салыптыр. Тумшугу менен түртүп жатып чачып койгон кашекти уйдун алдына чогултуп коюп, колунда узун таягы, колтугунда түйүнчөгү бар кемпир көчөгө чыкты. Үйдө келин жалгыз калды.

II

Батыштан соккон бороон көз ачырбай бетке урат. Бетти муздактыгы менен тызылдатат, тоңдурат. Жүрүп турган бороонго түспөлдөш келген кемпирдин көк чепкенинин этеги артка далбалактайт. П. шаарына жеткирчү автобус токтоочу жерге баратат. Ал жер мындан тай чабым туура жакта.

Айыл арасында бак-шактын далдаасы менен келген кемпир талаага чыкканда учуруп кетүүчүдөй катуу жүрүп турган бороонго капталды. Дем кыстыгат, кадам шилтөө кыйын. Ал түрмөгө бара жатат. Баласы – келинчектин күйөөсү Калыйдын түрмөгө түшкөнүнө мына беш айга аяк басты. Айылда үч жылдан бери кассир эле. Тору кунанды сылап-сыйпап минип, канжыгадан чачылуу жем баштыгын түшүрчү эмес. Жылтыраган тору кунан асманга тик түйүлүп, астында сымаптай ойноп турганда Калый эл көзү үчүн кабак-кашын бүркөгөнү менен ичинде кубанып турчу.

Былтыркы күздөгү чабышта чыгып келгенден кийин аны багуусу дагы арткан эле. Үй жумушу кассир болгондон бир жыл кийин онунчудан окуп жаткан жеринен бүтүртпөй ала качып үйлөнгөн келинчеги Бейшекандын мойнунда. Ал жаш неменин бели майышып, жаны тынбай жүргөнүн көргөн кайненеси ушу Күлүмбүбү тим туралчу эмес. Анын түрмөгө түшүшү мындайча болуптур.

Кийинки убактарда ар ким-ар кимден Күлүмбүбү уулунун жакшы эмес жоруктарын уга калчу. Бая күнү тигини тигинтиптир, кечээ муну минтиптир, элди көзүнө илбейт экен деше турган. Үй-бүлө өздөрүнчө дасторконду тегеректей калса: «Жакшы жүр, эл менен эл бол. Бирөөгө катуу айтпа» деген сөздөр менен энеси Калыйдын кулагынын кужурун алчу. Мындай учурда Калый: «Ой, жарыктык десе, кана кимдер ошо мени тигиндей жүрөт, мындай жүрөт дегендер? Алар мени жөн эле көрө албагандар. Ушакчылардын тукуму соолот дейсиңби. Акмактар айта берсин, ага менин бир тал чачым коробойт. Ошолордун көзүнө чалдыкпайын деп эмне, боорум менен жылып жүрөйүнбү?» – деп көзүн алайта турган. Келинчеги сөзгө аралашчу болсо Калый акең колуна урунган нерсе менен жөнөтүп калар эле, ошондон улам Бейшеканда тил-ооз жок.

Күндөрдүн биринде үч-төрт жолдошу менен дүкөнгө кире калат да жүздөн-жүзгө өтүп отуруп мас болушуп, өз ара мушташат. Ошондо Калый бир жолдошунун башын жарат. Анысы сотко берет. Калыйдын иши текшерилип сотко кетерде жолдошу арызын кайра алмакчы болот (кыргызча бас-бас болушуп), бирок иштеген жеринен да жегени булайып калып, төрт жылга кесилип түрмөгө кетет.

III

Бүкүр кемпир бут шилтеген болот. Кең талаанын баш-аягын көрсөтпөй чаң асманын чыгарып оюн салган бороон артынан дегдеңдетип келет.

Өз бутуна өзү чалынып жыгылды. Өйдө болуудан мурун түйүнчөгүн кармалап, аман-соосуна шашты. «Ушуларды аман-эсен жеткирсем экен, – деп ойлоду ичинде. – Эмгиче жетет элем, адашып кеткен окшойм». Жолдон дайын жок. Бир маалда буту тоңгонунан караса көлөчү жок. Колундагыларын жерге коюп, көлөчүн издеген болот. Төрт-беш кадам издеп келгенде жанагы жыгылган жеримде калган экен деп божомолдой кайра басты. Артынан демиткен бороон узатпай карга жыгып зуулдата ышкырынат, азынайт, сапырылат.

Таяксыз жүрө албагандан кийин буюмдарын карай жөнөдү. Бирок карга сайган таягын да, анын жанына койгон түйүнчөгүн да таппады. Бороон улам күчөп келип карга үстөккө-босток жыга берди. Кемпир бороонго уйпаланып, колу менен кар астынан буюмдарын издейт.

– Өз ырыскыңды өзүңө жеткире албаган мени кара бассачы! Азыр эле ушундай койбодум беле! А жаман! Жаман… Колундагы ашты, бутундагы көлөчтү жоготот деген эмне тамтык! Анын үстүнө бул Кудайдын күнү эмне деп турат? Э, күн болбой куруп кал!

Башындагы чоң-чоң кызыл гүлдүү кара шалы жоолугу чечилип бир учу колунда, бир учунан бороон артка жулкулдатат. Ак чачын уйпалайт.

Сууктан улам көзүнөн аккан жаш сууктан кара көк тартып шишиген жүзүн жууйт. Миң бырыштуу кержейген мойнуна кар тозоңу келип тиет да, мойнунда эрийт. Нымдалышып какшатат. Буюмдарын таппады. Турду да бет алган жагына кете берди. Ага эми баары бир эле. Бороонго артын салды да, тамтаңдап кете берди. Айланадан эчтеке көрүнбөйт. Кар куюндап учат, сабалайт, сапырылат. Дөбөчөгө туш келди. Тырышып чыкты.

Ана, алдыга кадам шилтери менен ылдыйга күр этип кардын алдына түшүп кетти. Анын жүрөгү болк эткен да жок. Ага эми баары бир эле.

Ал адашып айылдын үстүнө чыгып кетиптир. Айылдын үстүндө водопроводдун түтүгү үчүн казылган канал боло турган. Анын башы аттуу кишиге жарым күнчөлүк жогорку тоонун түбүндө. Мурунку водопроводдун түтүгү эскирип, бузулуп, суу жүрбөй калгандан кийин быйыл жаңысын салышмак болгон. Кыш кирип, казуу жогору токтогон эле. Бүкүр кемпир каналдан чыгууга аракет кылган жок. Анын көңүлү тең жарылган эле.

Түйүнчөгүн таппагандан кийин ага эми баары бир болучу. Оюк түндүк бою болуп аскаланат. Кемпир бүк түшүп отура берди. Күмүш кыпынданган кар учкуну анын үстүнө бирде эленет, бирде төгүлөт. Бороон уйпалап алды-артына үксөйткөн чачына, мойнуна түшүп жаткан карды шыпырып коюуга колу көтөрүлбөйт. Бети-башын үшүк алып, көк шишик. Калтырай баштады. Ошол учурда эсинен ажыраган кемпирдин көз алдына кайдан жайдан түрмөдөгү уулу келе түштү. Ал түрмөнүн темир тор терезесинин ары жагында бопбоз болуп, энесин күтүп жол карап олтурат. «Анакей, карачы. Анакей уулум. Ал мени күтүп отурат, – деп эсинен оогон кемпир кобурады, – өңүнүн арыктыгын… балам, балам…» – анан кемпир ыйлаган болду, бирок көзүнөн жаш чыккан жок. Ал бышактап жатты.

Каналга түшө береринде колунан жулуп алып калган чоң шалы жоолукту бороон алда кайда далбалактатып баратат. Көп өтпөй кемпир түшкөн уюкка кар толуп, бороон улуп-уңшуп озондоп, жанын таштап жиберип, укмуштуудай бийлейт, боздойт, сапырылат.

Калый! Калый… У-у-хх!!!

Бороондон бир укмуштуу ый угулуп жатты.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *