Улуу жазуучунун көпчүлүк чыгармалары кыргыз тилине которулган. Бирок кыргыз окурмандары анын жашоо турмушу, жеке кулк-мүнөзү, адабиятка, жазуучулук өнөргө мамилеси тууралуу анчалык кабардар эмес. Ал кенемтени аздыр-көптүр толуктоого аракет катары айрым каттарынан үзүндү которуп жарыялайбыз. Антон Павлович каттарында да таамай тамаша, жеңил юмор менен омоктуу ойлорду ортого салганын байкоо кыйын эмес.

* * *

… Эгер мени кандайдыр бир талант даарыса, мен аны сыйлоого, урматтоого милдеткер болсом, Сиздин ак дилиңиздин алдында моюнга алам, мен эч качан сыйлаган да, урматтаган да эмесмин. Тек шык-жөндөмүм бар экендигин сезчүмүн, бирок ал эч нерсеге арзыбайт деп көнгөм. Адам өзүнө өзү кыйды-катаң карап, эч нерсеге ишенбей, обу жок шексинчээк адат күтмөгү көп жагынан сырткы себептерге байланыштуу…

Азыр ойлосом, андай себептер менде арбын экен. Менин жакындарым жазмакерлик өнөрүмө жаны ооругандай мамиле жасап, бармагыңды курулай сыяга боёгондун ордуна анык кесибиңди ардакта маанисинде кеңеш берет. Москвада «адабий ийрим» дегендер бар: ар кандай курактагы, ар түрдүү дымактагы таланттуулары да, таланттан таптакыр куру жалактары да ар жумада ресторан бөлмөсүн ээлеп, оозуна келгенди оттошот. А эгер мен аларга Сиздин каттан бир үзүм эле окуп берсем, алар күлбөй турган жери менен күлмөк. Ар кайсы гезиттердин каалгасын кагып жүргөн беш жыл ичинде алардын көз карашы боюнча менин жазгандарым эч нерсеге арзыбасын абдан сонун түшүндүм жана жазгандарыма анчалык текеберсинбей мамиле жасап, жаза бердим. Биринчи себеби – бул. Экинчиси – бир ок менен эки коён атылбай турганына менчелик эч ким кайдыгер карабаса керек.

… Мен адабий ишмердигиме ошол күндөн ушул күн ат үстүнөн карап, жеңил-желпи эрмек санап келем. Бир күн-түндөн ашык аракеттенип бир дагы аңгеме жаза элекмин. Ал эми Сизге жаккан «Егерь» аттуу аңгемемди киринип атып жазгам! Аңгемелеримди гезитчилер кудум өрт тууралуу кабар жазгандай жаздым: ойлонуп толгонуп мээни сыкпай, окурмандарды да, өзүмдү да унутуп… жазып жатканда канчалык жакшы көргөнүмө карабай, образдар менен сүрөттөргө анчалык сөз короткум келбеди, эмнеге анчалык сарамжалдык кылып, ченеп-чактаганымды жараткан билбесе, билбейм…

(Д.В.Григоровичке[1]  жазган катынан)

* * *

… Өзү күлкү чакырып турган же эч нерсеге түшүнбөгөн маңыроо адам гана аргасыз күлдүрөт. Экөөнүн бирөөнү танда. Албетте, сага экинчиси ыңгайлуу, бирок сенин менден анчалык жашыра турган деле эч нерсең жок… Анын үстүнө сенин өмүр өтөлгөң психологиялык татаалдыкты талап кылбайт, аны семираниядан окубай эле билсе болот. Сени сыйлаганым болсун, ачык айтайын. Ачууң келип атыптыр, намысына тийип койгон экем… Кеп менин шылдың сөзүмдө эмес… сен абийирдүү адам катары эбепке себеп табалбай атасың – кеп ошондо. Өз күнөөсүн сезген адам анын себеп-жөнүн ар дайым сырттан издейт: аракеч кайгыга шылтайт…

Аягы суюк залдын суугун, шылдың болууну бетке кармайт ж. б. Мен үй-бүлөмдү талаага таштап кетсем (иниси үйүнөн качып, мейманканаларга, досторуна, ойношуна түнөчү экен. – Котормочу), апамдын кыялы жамандыгына, кан түкүрүп калганыма ж. б. шылтамакмын. Ал, албетте, аёо гана жаратмак. Адам табияты ушундай. Эмне үчүн эбепке себеп издеп атканыңды түшүнөм, аның да туура, антпесең мен сени бетинде кызылы бар адам демек эмесмин…

Сенин сырың мага бештен белгилүү болгондуктан айрым учурда аябай күлкүлүү көрүнөрүң да чын. Анткени сен кулпендесиң, а биз, бардык кулпенделер, келесоо кезибизде гана сырдуубуз, табышмактуубуз, жылдын 48 аптасында шылдыңга кабылабыз… же туура эмеспи?

Сен ар дайым мага: «Мени эч ким түшүнбөйт» – деп даттанасың. Гёте менен Ньютон да минтип даттанган эмес. Христос гана даттанган, бирок ал дагы өзүн түшүнбөгөнгө эмес, окуусун түшүнбөгөнгө даттанган… Сени эң жакшы түшүнүшөт… Эгер өзүңө өзүң түшүнбөсөң, ага башкалар күнөөлүү эмес…

Бир тууганым катары жана жакын адам катары ишен, мен сени чын дилимен түшүнөм… Сенин бардык жакшы сапаттарыңды беш колумдай билем, аларды баалайм, терең урмат менен мамиле кылам… Сенин башкаларда жок, кудай берген кунтуң бар: сен талантсың (иниси художник болгон. 1889-жылы 31 жашында кургак учуктан өлгөн. – Котор.) А талант дегенибиз өзүн миллион адамдардан жогору санайт, анткени жер жүзүндөгү 2 миллион адамга бир художник туура келет…

Сенин бир эле кемчилигиң бар. Сенин эбебиңдин себеби ошол, сенин ырысыңды кыркып, ашказаныңды оорутуп аткан ошол. Ал – тарбия-таалим дегенден таптакыр чукактыгың. Катуу айтсам, кечирип кой, чындык достуктан кымбат… Турмуштун коёр шарты, тагар милдети болот – кеп ушунда…. интеллигенттер чөйрөсүндө өзүңдү өз сезип, аларга да, өзүңө да чоочун жүк болбош үчүн белгилүү даражада таалим-тарбиялуу болуу шарт.

Таалим-тарбия, менимче, төмөнкү сапаттарды талап кылат:

  1. Алар адам касиетин сыйлагандыктан, ар дайым кечиримдүү, жумшак, сылык, жүйөчүл келет… Балка же резина жоголуп кетсе, үйдү үч көтөрүп уруш чыгарбайт; бирөөлөр менен өзүн милдет кылып жашабайт, ажырашып жатып, аларга түкүрбөйт. Алар ызы-чууну да, ысык-суукту да, күйө куурулган же тузу өтүп кеткен этти да, үйүнө башка кишилер келип калганды да кечирет.
  2. Алар жарды-жалчылар менен мышыктарга эле кайрымдуу болбостон, жөнөкөй көзгө байкалбай тургандарга да жаны ачыйт. Айталы, Петрду көрбөй, көрсө да кызылдай мас кезинде көрүп, күнүтүнү күтүү менен кайгыдан чачы агарган ата-энесин билген Петр ичип аткан арагын таштап, аларга шашат, бир тууган студенттердин билимине төлөшүп, энесин кийинтет.
  3. Алар башкалардын менчигин сыйлайт, андыктан алган карызын кайтарып берет.
  4. Алардын жандүйнөсү таза болгондуктан, калптан өрттөй коркот. Болор-болбоско жалган айтып, жанын жебейт… Башкалардын да кулагын аяп, көп учурда унчукпайт.
  5. … Алар «Мени түшүнбөйт» же «Мени тыйынга майдалап жатышат» дебейт. Анткени бул көңүл бурдуруунун пас, ыпылас, арзан, эски, жасалма ыкмасы…
  6. … Чыныгы талант ар дайым далдоодо, караламан калк арасында, көргөзмөлөрдөн алыс отурат. Атүгүл толтура бочкеге караганда бош бочке катуу каңгырайт, – деп Крылов айткан.
  7. Таланты бардыгы чын болсо, алар аны сыйлайт… алар бардык ыпластыктан жийиркенет.
  8. Алар өзүн эстетикага тарбиялайт… Тарбиясы ашкана айланасында калбайт. Аларга аял төшөктө күйүккөн аттай тер төгүү үчүн эле керек эмес… Ичкиликти бош учурунда, кандайдыр бир себеп чыкса ичет… Анткени аларга сопсоо денедеги соо дух керек. Ж. б. у. с. таалим-тарбиялуу болуп, туш болгон чөйрө деңгээлинен төмөн калбоо үчүн Диккенсти окуп, Фаустан монолог жаттоо жетишсиз. Анүчүн күн дебей, түн дебей кара жанды карч уруп тынымсыз эмгек этүү, эрк зарыл…

(Иниси Н.П.Чеховго жазган катынан)

* * *

… Мен койгон шарттарды билгиңиз келсе, мынаке:

1) Колдон келишинче көп жазыңыз! Жазыңыз, жазыңыз… сөөмөйүңүз сынганча жазыңыз. (Таза жазуу – өмүр өзөгү!) Караламан калктын аң-сезими өсүп-өнүккөнүнө ишенбей, «кенже прессалардын» тилин билбегениңизге байланыштуу Сиз жазган майда-чүйдөлөрдүн көпчүлүгү өзүңүзгө кайтарылып берерине беш колдой ишенип жазыңыз. Кайрылып берилгенине капа болбоңуз. А ардануу дегенчи?.. Билбейм, мен андайлардан алда качан арданбай, кордонбой калгам…

2) Ар түркүн темада жазыңыз, күлкүнү да, күйүттү да, жакшыны да, жаманды да. Аңгемелерди, майда-чүйдөлөрдү, кыйгыл сөз, анекдот, шакабаларды ж.б. баарын жаза бериңиз.

3) Сегизинчи осуятка каршы күнөө көзгө сайып турганы болбосо, чет тилден өз тилге жасап жазуу деле анчалык өөн учурабайт… Тапталган сюжеттен качыңыз. Биздин редактор мырзалар канчалык маңбаш болгону менен Париж адабиятын окубаганыңызды, айрыкча албан эмгек талап эткен мопассанчылыкты билбеген айыбыңызды ачып салышат.

4) Калемиңизге кадиксиз ишенип, бир отурганда эле төгүп салыңыз. Апкөй сөз эмес, ачык сөз: ал жаатынан «кенже прессанын» он жазмакеринин сегизи Сиздин алдыңызда шоона эшпей, мыш болот.

5) «Кенже пресса» кыскалыкты нуска тутат. Аны сактоонун накта калыбы – почто кагазы (дал ушул мен жазып аткан кагаз).

Жазганыңыз 8–10 бетке жетер замат тык токтотуңуз. Анын үстүнө почто кагазы жөнөткөнгө да ыңгайлуу… Мен коёр шарт ушулар.

(М.В.Киселевага[2] жазган катынан)

* * *

… Кечээ Айвазовскийдин (белгилүү сүрөтчү, «Тогузунчу валдын» автору. – Котор.) Феодосиядан 25 чакырым алыстагы Шах-Мамай чарбагында болдум. Чарбакты айтпа, кудум жомоктогудай: мындай гүлбакчаны, мүмкүн, Персиядан гана көрүүгө болор. Айвазовский 75 жашты таяп калган өтө тың абышка экен, өзүн кыязы армяндар менен православдардын ашташкан жеринен жаралган жан катары санаса керек, колу жумшак болгону менен колуңду генералдарча кычырата кармайт. Анчалык деле акылуу жан көрүнбөйт, бирок дымагына көрүнгөндүн көзү жетчүдөй эмес. Кыязы, кыялынан кызыгы көп адам сыяктанат. Анткени аты менен затына генералдыкты да, архирейликти да, художник, армяндыкты да, чоюлган чоң ата, Отеллочулукту да батырыптыр.

Алган аялы ашкан сулуу, жаш экен, андыктан жат көздөрдөн жаа бою алыс кармайт. Султандар, шахтар, эмирлер менен жакын тааныштыгы бар экен…Пушкин менен ысык ымалада болуптур, бирок Пушкиндин бир дагы чыгармасын окубаптыр. Дегеле өмүрүндө бир дагы китеп окубаптыр. Оку десе ал: «Менин да өз пикирим бар, эмнеге окуйт элем» – дейт экен. Мен аны менен кечке чогуу болуп, чогуу түштөндүм. Түштөнүү ушунчалык узак, жадатма, тостторго толтура болду дейсиң. Анткен менен анда мен белгилүү профессордун врач аялы Тарновская менен тааныштым.

Эми ал өзүнчө эле май баскан бүкүлү эт экен. Эгер ал аялды дырдай жылаңачтап, жашыл боёк менен боёп салсаң, кадимки сазды бакасы көзүн бакырайтып алдыңдан чыга турган…

Аял дегендерди аябай көп көрүп атам. Анын эң мыктысы Суворина сыяктанат. Анткени ал эри (А.С.Суворин, жазуучу, журналист, басмакана ээси. – Котор.) сыяктуу эле башкалардан аттын кашкасындай айырмаланып, анан эркекче ойлонот экен. Оозуна келгенди көп оттойт, бирок олуттуу сүйлөйм десе, андан акылдуу, андан өз алдынча жан жоктой. Толстойду ушунчалык берилип сүйгөндүктөн, азыркы адабиятты тирукмуш жек көрөт. Аны менен адабият тууралуу аңгемелеше келсең, анын анык душманы Короленко, Бежецкий, мен сыяктуулар экендигин сезесиң. Оюна келгенди оозу тынбай оттогонго ушунчалык уста, кудум куштун сайраганындай тажабай уга бересиң. Кыскартып айтканда, кызыктуу, акылдуу, жакшы аял. Кечкисин деңиз жээгиндеги кум үстүндө олтуруп ыйлайт, эртең менен күлкүсү таш жарып, цыгандар романсын ырдайт.

… Апамдын колунан өбөм. Курсагыңар ток, тамеки-самекиңер бар деп ойлойм. Акчаны аябагыла. Айрыкча жок акчаны аябагыла.

(Карындашы М.П.Чеховага жазган катынан)

* * *

… Жаралган жарык дүйнө жакшы. Биз гана жаманбыз. Бизде калыстык, топук кылуу деген караманча аз, патриоттуулукту өтө пас түшүнөбүз! Аракка башы чыланып, ууланып бүткөн алкаш аялын, бала-бакырасын сүйөт, андан эмне опаа? Биз улуу Ата Мекенди ардактайбыз, сүйөбүз деп жазышат гезиттерге, а сүйүүсүн эмне далилдейт, белгисиз. Бирден экини таанып өнүккөндүн ордуна өпкө көптүрүп, көкүрөк койгулашат. Кара жанды карч уруп эмгек этүүнүн ордуна оозу менен орок оруп, балчыкка оонашат. Акыйкат деп ак урган эч ким жок, кадыр-барк деген кызмат даражасын сактоодон ашпайт. Иштеш керек – калганы каран калсын. Эң негизгиси, акыйкаттык керек – калганы өзү келет…

(А.С.Суворинге[3] жазган катынан)

* * *

… Рим папасы сизди периштелик менен куттуктап, менин канча бөлмөм болсо, ошончолук акчасы болсун деген каалоомду айт деди. А анын он бир миң бөлмөсү бар экен! Ватиканды кыдырып жүрүп баспай калдым, үйгө келсем, бутум бут эмей кебез болуп калгандай сезилди. Тамакты жалпы үстөлдөн ичип атам. Элестетип көрүңүз, тике маңдайымда эки голланд кыз отурат: бири – Пушкиндин Татьянасына, бири – анын сиңдиси Ольгага окшош. Тамак ичип бүтөр бүткүчө ошолорду карап, мунаралуу аппак тамды, голландиянын жакшы майы, мыкты быштагын, балыгын, мээримдүү пасторун, кең пейил мугалимин элестетем… анан голланд кызын алгым келип кетет…

… Быякта галстуктар таң калыштуу арзан. Арзандыгы ушунча, атургай мен аларды жей баштадым. Экөө бир франк.

1 Эртең Неаполго барам. Ак жол айтып, аяктан жесир калган же эри менен ажырашкан орустун сулуу аялына кезигүүмдү каалаңыз.

(М.В.Киселевага жазган катынан)

* * *

… Сиз акыркы мезгилде «кыздар көз көрүнө бузулуп кетти» деп жазыпсыз. Ах, анчалык аңкоо болбоңузчу! Агер алар бузулуп атса, ага мезгилдин кандай тиешеси бар? Аягынан бузулуу анда деле бар болчу, мында болгону мыйзамдашып атыр. Мамоновду 13 жашар кызга үйлөнтөм деген Екатеринаны эстеп көрүңүзчү. Пушкин «Бекетчисинде» 14 жаштагы кыздын тилинен сорот, Шекспирдин ашыктыкка алдырган каармандары 14–16 жаштын ортосунда. Сизди кокуйлаткан окуялар алардан анчалык деле көп эместир.

(А.А.Суворинге жазган катынан)

* * *

… Беш тыйын кошконуңузга ыракмат (калем акыга – которм.) Тилекке каршы, менин жыртык-тешигимди ал деле бүтөбөйт. Сиз жазгандай, арзыбаган аракет менен майда коркунучтан кутулуп, байлык топтоо үчүн уят-сыйытты унуткан амалга барышым керек. Же бай катын алышым керек, же «Анна Каренинаны» мен жазгам деп чыгышым керек. Ал экөө тең колумдан келбейт экен, андыктан эмне болсо, ошо болсун деп жайына койдум.

(А.С.Суворинге жазган катынан)

* * *

… Байкуш аял бооланган сулуу тартып келатып, арабадан кулап мойнуна доо кетиптир, кусуп атыр, онтоп атыр ж.б. Мага апкелишти. Катуу ооруганына кудайга үнү жетет, кыйнабай алып кет дейт, а эки көзү болсо аны апкелген эринде: «Кирила, сен буурчакты коё тур, эгинди бастыр, буурчакты кийин бастырасың» – дейт. Түйшүкчүл, зыкым катын. Мындайлардын өлүмү да жеңил болот.

(А.С.Суворинге жазган катынан)

* * *

… Менин повестимдин атын «Калп» коёлу дегениңиз мага жакпайт. Калп качан аң-сезимден аңдалап айтылса гана калп. Аңсезимсиз айтылган калп – калп эмес, жаңылыштык. Биздин да акчабыз бардыгын, жегенибиз эт экендигин Толстой калп десе, бул албетте, аша чапкандык…

… Бул дүйнөнүн улуу ойчулдарынын философиясынан ойрон кылар эч нерсе жок. Улуу ойчулдар бүт генералдар сыяктуу зөөкүр чалыш келет, генералдар сыяктуу сылыктык, сыпаалык дегенди билбейт, анткени жазаланбай турганына жадыбалдай ишенет. Эч ким эч нерсе кылалбасын билгени үчүн Диоген сакалга түкүрүп атыр, Диоген сыяктуу эле аянтка алып чыгып уяткарылып же гезит аркылуу сөккү укпасына бекем ишенгендиктен Толстой доктурларга каргыш жаадырып, улуу маселелерге мастардай наадандык кылып атыр.

(А.С.Суворинге жазган катынан)

* * *

… Психологиядан баштайлы. Акыркы катыңызга караганда, кудайлар, акындар, анан алпечтенген ашкан сулуу аялдар сыяктуу ачууңуз тез келет өңдөнөт. Ургаачы кудай малчынын пикирин уккусу келсе, сулуу аялга музыка угузуп, гүл тартуу кылып, эркекче эркелеткен соң, туздалган капуста же гречиха боткосун жегиси келет, сиз болсо менин сынымды уккуңуз келип атат. Бул акындыгыңыздын далили.

(С.А.Андреевскийге[4] жазган катынан)

* * *

Биз, картаң бойдоктор, иттин каңырсыгы жыттанабызбы? Мейли, ошондой эле болсун. Арийне аял оорусу боюнча доктурлар табиятында ашкан катынпоз, жеткен калп дегениңизге каш кайтарууга ыракым кылгайсыз. Гинекологдор мүмкүн сиздин түшүңүзгө да кирбеген турмуштун түркөй түйшүгү менен алек. Агер жаза тайып, анын жадатмалыгын билип калсаңыз, каңылжарыңызды сиз элестеткен иттин каңырсыгынан да жаман жармак. Өмүрүнүн көбүн деңизде сүзүп өтөгөндөр кургакты жакшы көрөт; турмуш прозасынан башы чыкпагандар поэзияны эңсейт. Гинекологдор идеалист келет. Сиздин гинеколог (сөз Шаврованын аңгемесинин каарманы жөнүндө – которм.) ыр окуй турганын туура сезипсиз, ага мен ашынган либерал, анча-мынча мистик болсо керек, Некрасов даңктаган орус аялына жетсем деп кыялданат өңдөнөт деп кошумчалар элем.

Белгилүү Снегриев (Достоевскийдин каарманы – которм.) «орус аялы» дегенде оозунан шилекейи агып, тили күрмөөгө келбей калат го. Мен билген башка бир гинеколог, көзүнө тор тагынган кандайдыр бир аялзатын алыстан көрсө дагы ушунчалык ашык дейсиң. Дагы бир үчүнчү гинеколог театр дегенден калбайт, бирок авторлор сахнага идеалдуу аялдарды алып чыгууга гана милдеткер деп илгичтен кийимин алып атып ашатат ж. б. у. с. Сиз акылы төмөн, атүгүл орто адамдар жакшы гинеколог боло албасын баамдай албай атасыз. Алардын акылы семинария деңгээлинде болсо да, башынын кашкасынан бажырайып көрүнүп турат. Сиз башынын кашкасын көрүп, аржагын аңдай албай жатасыз. Сиз былчыйган семиз адамдар кандайдыр бир май бөлүп чыгарарын жакшы сезип, жакшы баамдадыңыз. Бирок анын профессор экендигин, б. а., миллиондогон адамдардан, верочкалар менен таганроктук грек аялзатынан, бүткүл түшкү тамак менен шараптардан жогору ойлорду көп жылдар ойлоп, бирдемелерди жасаган адам экендигин эстен чыгарып койдуңуз. Нойдун үч уулу – Сим, Хам, жаңылбасам Афет болгон. Хамдын көзү атасынын ичкич экендигине гана жеткен, бирок Ной кеме куруп, топон суудан дүйнөнү сактап калганына акылы жеткен эмес. Бирдеме жазам деген киши Хамды туурабаш керек…

(Е.М.Шавровага[5] жазган катынан)

* * *

… Ар түн сайын ойгоном да, «Согуш жана тынчтыкты» окуйм. Дегеле мурда окубагандай ушунчалык ынтаа, ушунчалык таң калып, тамшануу менен десең. Наполеонду жаза келгени гана жакпайт. Наполеон десе эле чалкасынан кетип, ал биз ойлогондон алда канча акылсыз экендигин далилдөө үчүн чамына баштайт. Пьер, князь Андрей, же эч нерсе арзыбаган Николай Ростов эмне жөнүндө айтып, эмне жасаса да жөнөкөй, таамай, таасирдүү. А Наполеондун ойлогону, жасаганынын баары жасалма, акылсыз, эч нерсеге арзыбаган жел сөз. Кудай буйруп, айылда жашап калсам (күнү-түнү ойлогонум ошол), жалаң медицина менен алек болуп, романдарды окуйт элем.

… Эгер князь Андрейдин жанында мен болгондо сөзсүз айыктырмакмын. Окуп атып, аргасыз алакан жаясың: күнү-түнү доктордун көз кырында, Наташа менен Сонянын багуусундагы бай адамдын, княздын жаракаты канткенде өлүк жыттанып кетет. Медицина анда адам жийиркенгендей экен да! Толстой бул «толстый» романды жазып бүткүчө медицинага болгон жек көрүүсү ашынып-ташынып кетсе керек.

(А.С.Суворинге жазган катынан)

* * *

… Менин өмүр баяным керекпи? Мына. 1860-жылы Таганрогдо туулгам. 1897-жылы Таганрог гимназия курсун бүтүргөм. 1884-жылы Москва университетинин медицина факультети курсун бүттүм. 1888-жылы Пушкин сыйлыгын алдым. 1890-жылы Сибирь аркылуу Сахалинге саякат жасап, кайра деңиз жолу менен кайттым. 1891-жылы Европаны аралап, эң сонун шарап ичип, устрица жедим. 1892-жылы В.А.Тихонов менен Россия чарбактарын аралап чардадык. 1879-жылы «Стрекозага» катышуу менен жазып киргем. Негизги жыйнактарым: «Түркүн түс аңгемелер», «Күүгүмдө», «Аңгемелер», «Түнөргөн адамдар» жана «Эрөөл» повести. Драматургияга чени менен болсо да дымактангам. Чет тилдерден башкалардын баарына которулдум. Баса, немистер небак которуптур. Чехтер менен сербдер да келечекте которууга каршы эмес экен. Француздар да өз ара которушканга макул. Махабат табышмагын 13 жашымда таткам. Врачтар сыяктуу эле адабиятчы жолдоштор менен алакам ысык. Бойдокмун. Пенсия алууну каалар элем…

Жазуучулардан Толстойду, врачтардан Захарьинди жакшы көрөм. Эми мунун баары былжыраган сөз. Каалаганыңарды жазгыла. Факты табылбаса, лирикага айланткыла…

(В.А.Тихоновго[6] жазган катынан)

* * *

Кечээ сизге бараттым эле… алдыман капыл-тапыл кара күч чыгып, мени башка жакка буруп кетти: бир аялзаты алка жакадан алып аркаман жүр деди. Айла жок, баш ийүүгө туура келди. Агер ал полицай болсо, албетте, курал колдонсом да каршылык көрсөтүп, сиздин карамакта болмокмун. Бирок бул полицай турмак, кудайга да баш ийбеген күч экен деп атпайымбы…

(А.И.Урусовго[7] жазган катынан)

* * *

… Сиздин катыңыз мени кападар кылып бир топ туңгуюкка камап салды. Сиз Лейкиндин үйүндө менин оозуман чыккан кандайдыр бир «таң калыштуу окуя» жөнүндө айтасыз да, анан жок дегенде аялзатын сыйлап, мен тууралуу «андай аңызда» сөз кылба дейсиз. Атүгүл сиздин айтууңузда, «бул ишенимдин башынан ылдый баткак куюп жиберүү оңой экен»… Бул түштү кандай жорусак? Мен, анан баткак… Менин нарк-насилим «андай эле, мындай эле» деп актанууга жол бербейт, анын үстүнө мага койгон дооматтарыңыз ушунчалык түшүнүксүз болгондуктан, анын бирөөнөн да коргонууга менде эч кандай негиз жок. Сөз ыңгайы менин түшүнүгүмдө, кандайдыр бир ушак-айың жөнүндө баратыр. Ушул туурабы? Эгер ушак эмес, мага оодук ишене турган болсоңуз, мен сизден суранар элем; сиздердин Петербургдагы көөлү ушак-айыңдарга көп ишенбегиле. Эгер ишенмейинче туралбасаңар, анда чекенелеп отурбай, дүңүнөн ишенгиле. Эсеби маселен, беш миллион себи барга менин үйлөнгөнүм, досторумдун аялдары менен жылаңайлак катышым бардыгы ж.б. тууралуу. Кадыржам болуңуз. Эгер мага ишенбесеңиз, тойдон кийин Лейкиндикинде бирге болгон Ясинскийден сурап көрүңүз. Ал дагы, мен дагы, айтор, экөөбүз тең сиз жана сиздин сиңдиңиз кандай жакшы адам экендигин кыйлага кеп кылганыбыз эсимде бар… Албетте, экөөбүз тең тойдон бир кыйла тоюп чыкканбыз. Эгер мен өтүкчүлөр сыяктуу өлгүчө мас болсом, же акылдан таптакыр эле ажырап калсам энемди, карындаштарымды, дегеле аялзатын сыйлаган, атүгүл аларга байланган наркым, насилим сиз жазган «андай аңыз», «балчыкка» батууга жол бермек эмес.

Эмнеси болсо да эгем колдоп, аман болуңуз. Ушак-айыңдан коргонуу еврейлерден карыз суроо дегендей кеп: эч пайдасы жок. Мен тууралуу эмне ойлосоңуз, эркиңизде…

(Л.А.Авиловага[8] жазган катынан)

* * *

… Редакцияңызга айтып коёсузбу, мени «ашкан талант» атап, аңгемемдин атын боюмдан бийик тамгалар менен жазып жарыя бергени мени жаман абалга калтырды. Бул тиш доктур же массаж жасаган аялдын рекламасын эске салат. Бери дегенде түркөйлүк.Мен, албетте, реклама баркын жакшы түшүнөм жана ага эч кандай каршылыгым жок. Тек, адабиятчы үчүн анын тартынчаактыгы жана окурмандары менен жолдошторуна жасаган адабий ыкмасынан ашкан реклама жок. Дегинкиси, «Всемирный иллюстрация» журналынан жолум болгон жок: аванс сурасам, анонс берди. Аванс бербегенин, албетте, кудай алсын, бирок менин абийир-аброюмду аяса болмок…

(П.В.Быковго[9] жазган катынан)

* * *

… Жандүйнөмдүн жаш жүгөрүсү, көрүшкөнчө жакшы туруңуз. Сиздин упа уялаган беткапкагыңызды уятсыздык менен өбөм жана сизди ар дайым көрүп аткан эски өтүгүңүзгө өзгөчө суктанам.

(Л.С.Мизиновага[10] жазган катынан)

* * *

… Лика, сиз жөн эле кылдан кыйкым издеп атасыз. Менин каттарымдын ар тамгасынан шылдың, какшык издегениңиз жөнсүз… Сиз жөн эле кара далы бойдон калам деп коркуп атырсыз. Кел, мелдешели, сиз жакын арада эле үстөгү менен карыз берип, балдардын кулагын үзө чойгон ажылдаган-жажылдаган ажаан катынга айланасыз. Чаар халат жамынган бечара 9-даражадагы титулдуу кеңешчи сизди түбөлүк жарым деп атайт, анан сизден беркини уурдап ичип, үй-бүлө турмушунун ушундай түзүлүп калганына тымызын ыйлайт. Кээде мен мындай элестетем: эки ардактуу айым – сиз менен Сафо бир үстөлдө отуруп, өткөндү эңсеп шарап эңшерип атасыңар, а оозгу үйдөгү мештин түбүндө сиздин титулдуу кеңешчиңиз жана атын айткым келбейт, айтор, төбө чачы кумгандай жыдыган еврейчик шашки менен алек…

…Сиз менин жазганымды ар дайым шылдың, какшык издеп көнгөнүңүзгө байланыштуу бу саам элжиреген сөз айтып, атыжөнүмдү койбойм. Өжөрлүгүмөн койбойм.

(Л.С.Мизиновага жазган катынан)

* * *

Бизде Петр Васильевич артиллерист уулу менен конокто. Уулу түшкү тамактан соң аткылап кирет, албетте, пушка менен эмес. Петр Васильевич ушунчалык элжиреген сезимтал дейсиң, ошондон уламбы, чыныгы достук дегенге уламдан-улам ишенип барам. Уулу ар бир ок чыгарган сайын чуркап барып, башынан өөп турат… Сизге да ушундай эр менен ушундай уулду каалайм. Сиз баягы котормону немис аялга бердиңизби? Ооба, ошондой деп ойлогом. Сизде ырааты менен эмгек кылайын деген ыраң жок. Ошон үчүн оорулуусуз, ошон үчүн илең-салаңсыз, ошон үчүн күңкүлмыңкылсыз. Ошон үчүн силер, кара далы кыздар, арзан сабак берүүгө, анан Федотовдон келжиреген сабак алууга устасыңар. Мен сизге өтө узун жана өтө урушчаак кат жаздым эле. Кайра ойлонуп салгым келген жок. Эмне үчүн? Анткени силерди акылга келтирүүгө мүмкүн эмес, ачууңарды келтирип, нервиңерди ойготуу гана мүмкүн.

… Кат жазып турбасаңыз, бул турмуш өтө капалуу, көпөлөгүм. Ичип, жеп атып тажадык, уйкудан көңүл үч көчкөн журттай калды, балык улап, козу карын терүүгө убакыт жок. Кат эмес, өзүңүз келсеңиз жакшы болмок. Мелиховдо холераны мен эң мыкты дарылайм, ооруп-сыктап калам деп камтама болбоңуз.

… Сизди жана Сиздин келишиңизди ач бел, куу чөлдө тамчы сууга таңдайы каткан араптай күтөм.

(Л.С.Мизиновага жазган катынан)

* * *

… Холера бүттү деп гезиттен окуп калсаңыз, мени кайрадан жаза баштады деп ойлобоңуз. Айылда иштеп, адабиятчы болуу кыйын. Бир ок менен эки коён ата албайсың…

… Мен ушунчалык жеп, ичип, уктап, анан адабият жөнүндө сүйлөшкүм келет, б.а., эч нерсе жасабай, ошол эле учурда анык адам аталгым бар.

… Холералуу кусалыгымды, холералуу жалгыздыгымды жана адабий ышкоолугумду элестетип багыңыз да, мага эрте дебей, кеч дебей бат-бат кат жазып туруңуз. Сиздин француздарга болгон чүчкүрүк-бышкырыгыңыз туура. Негедир көңдөй деп коюшкан немистер алардан төөчөлүк өйдө. Ал эми фрако-орус сый-урматын Татищевди сүйгөндөй эле сүйөм. Ушул сый-урматта адамды кытыгылай турган жагдайлар көп…

… Биздин үйгө жесил, ошого жараша ойноштун туулган балдары бар мыкты жигит – поп көп келет жана көпкө отурат…

(А.С.Суворинге жазган катынан)

* * *

… Сиз тил табиятына аз көңүл бурупсуз. Сиздин окурмандарыңыз канткен менен түшүнүшү зарыл: эмне үчүн жапайы адамдар менен акылынан адашкандар Сизде жүз сөздүн тегерегинде сүйлөшөт да, Шекспирде андай сөздөр жүз миңдеп саналат. Бул жаатынан сизде түшүнүксүз жагдайлар арбын. Сиз тил кандай болсо, элдин маданий бийиктиги ошондой деп жазып атасыз. Демек, тил канчалык бай болсо, маданият ошончолук бийик экен да. Менин оюмча, тескерисинче, маданият канчалык бийик болсо, тил ошончолук бай болуп жүрбөсүн. Сөздүн саны менен сапаты сизге тийген таасир менен таалимге түздөн-түз багыңкы. Ансыз түшүнүк да, аныктама да болушу мүмкүн эмес. Бул, демек, тилдин байышына эч көмөк жок деген кеп… Биринчиден, тежемел мужуктар менен жапайы адамдардын сөз байлыгы көп болсо, маданияттуу болуп калабы?

Экинчиден, «тилдин бузулушу» эмнени билдирет?.. Тил бузулмак түгүл жок болуп кетиши ыктымал. Эгер орустун бай тили дагы баюу үчүн бурят же чукча тилин сүрүп салса, бул эки тилдин бузулушу деп түшүнөбүзбү? Алдуу алсызын жеп салмай боло жүргөн көрүнүш: тилди туура чайнаткан кеңсе сөздөрү турмушка терең кирип кеткени үчүн күнөөлүү эмес, демек, табият агымы ушундай…

(М.О.Меншиковго[11] жазган катынан)

* * *

… тескерисинче, жыгылгыңыз келсе ичиңизден, «жыгыл, жыгыл» деп тилейсиз. Бирок жыгылбайсыз. Көчө толтура эл, бирок эч ким жыгылбайт. Негизгиси, театрга же баш каңгыган жактарга барууга шылтоо издебеңиз. Эгер көргөзмөгө барсаңыз, 90 тыйындык Х тамгасы сыпатындагы бүктөмө отургуч ала жүрүңүз, ар 2–3 сүрөт сайын стулду жайып, телмирип отура бересиз. Өпкөгө өтө күч келтирер, демек, башка ураар узак аңгемеден, албетте, мээ чарчайт, бирок унчукпай уга бериңиз. Ичиңиз катып калбаганга шүгүр деңиз. Эгер сиз Анна Ивановнага окшобой, менин медициналык генийлигиме ишенсеңиз ичиңизди жумшарта турган жакшы рецепт жазып бермекмин. Бирок сиз мени «мужукчыкма», атүгүл өтө арамза деп ойлойсуз. Аллах сизге жар болсун! Баса, менин генийлигим тууралуу… Ушул жайда ичи өткөн, кускан жана башка холера ооруларын дарылоону ушунчалык өздөштүрдүм дейсиң… кээде өзүм да ичим өтүп, кускум келип кетет. Толстой болсо бизди каргаганы каргаган, а мен биздин байкуштар болбосо турмуш мындан жаман турмугун көрсөтмөк деген ишеничтемин…

(А.С.Суворинге жазган катынан)

* * *

… Григорович акыл таланттан өйдө деп ойлойт. Байрон ашкан акылдуу болучу, бирок аны таланты айыктырды. Эгер Икстин талантын акылы басып, же тескерисинче, акылынан таланты ашып кетип, бирдемени тантырап салыптыр дешсе, мен Икс таланттан да, акылдан да куру жалак экен демекмин.

(А.С.Суворинге жазган катынан)

* * *

Эмнеге жандүйнөмдөн жабыркап, кусалыкка батам деп жазганыңды түшүнбөйм. Кудая шүгүр, ден соолугуң мыкты… иштеген ишиң бар, келечегиң туура жашаган адамдардай эле, эмнеге экиленип атканыңды билбейм? Сен сууга түшүп, кечирээк жатып, вино ичпешиң, ичсең да жумасына бир жолу тамак алдында ичип, эт жебешиң керек. Ялтада сүттүн жамандыгын айт, болбосо сени жалаң сүттүү тамакка олтургузмакмын.

(Карындашы М.П.Чеховага жазган катынан)

* * *

Сен турмуш деген эмне деп сурайсың. Бул сабиз деген эмне дегендей эле кеп. Сабиз деген сабиз, андан башка түшүнүгү жок.
(Аялы Книппер-Чеховага жазган катынан)

Тандап которгон Алым ТОКТОМУШЕВ 

(Маркумдун жеке архивинен)

[1] Григорович Дмитрий Васильевич (1882–1899) – Чеховдун чыгармачылыгын биринчилерден болуп жогору баалаган жазуучу.
[2] Киселева Мария Владимировна (1921-жылы каза болгон) – балдар жазуучусу.
[3] Суворин Сергей Алексеевич (1834–1912) – жазуучу, драматург, басма ээси.
[4] Андреевский Александр Иванович (1847–1919) – адвокат, акын, котормочу.
[5] Шаврова Елена Михайловна (1874–1937) – жазуучу. Чеховдун чыгармаларын редакторлоп, кеңеш берип, жарыялоого жардам этип турган.
[6] Тихонов Владимир Алексеевич (1857–1914) – жазуучу.
[7] Урусов Александр Иванович (1843–1900) – адвокат, театр изилдөөчү.
[8] Авилова Лидия Алексеевна (1854–1943) – жазуучу.
[9] Быков Петр Васильевич (1843–1930) – сынчы, «Всемирный иллюстрация» журналынын редактору.
[10] Мизинова Лидия Стахиевна (1870–1937) – бир тууган чеховдордун жакшы көргөн жолдошу, А.П.Чехов экөөнүн ортосунда «роман» болгон деген божомол бар.
[11] Меншиков Михаил Осипович – (1859–1948) – публицист.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *