ЖАЗУУЧУНУН БЕЙНЕСИ

Түштүктүн жазы Ата Журттун башка аймагына караганда кыйла эле эрте келет. Жашыл тоолордун этегиндеги алча, гилас, алма шагы аппак, мала кызыл, саргыч, көгүш гүлгө оронуп, чымчык менен аарысы бакка батпай ызы-чууга түшүп, теребелди ого бетер шаңга бөлөйт. Торгой безенген талаага соко түшүп, жер коңторуп, буу чыгып, алыстан караганда кишиге жашыл түзөңдү кимдир бирөө кара боек менен чийип кеткенсийт. Чар тараптан жаздын илеби буруксуйт, гүлдүн жытыбы, чөптүкүбү, айтор адамдын көңүлүн ээленткен ырайымдуу табияттын кереметтүү күчүн ошондо бир сезесиң.

Кантип анан бир жыл бою, үч жүз алтымыш күн күттүрүп сагындырган ошол жаз айын эңсебейсиң! Мен кыш бою жазды самай берем. Жаз жөнүндө жазган акындардын, достордун ырлары эске түшөт. Ага деле алымсынбайм да, чын курандын башында Чүйгө он беш, жыйырма күнгө кечигип келген жазды эртелеп тосуп чыккым келет. Жазды көрүүгө Ошко жөнөп кетем. Окурманым, караңызчы, мобул кол жеткен жерге эмне үчүн барууга болбосун!? Табийгат сулуулугуна көз тойгузуп, кумарды жазып алсаң, канчалык кубат аласың, не деген жыргал-ырахат! Ушу чындыкка бир ынандым: дүйнөнүн булуң бурчундагы ашкан кооз жерлеринен Ата Журттун керемет сулуулугу кем калышпайт экен. Анын көз тойгус эң кооз жерлерин санабайын. Ансыз деле ишенерсиз.

Чындыкты моюнга алалы, табият сулуулугун көрө албаган, жаза албаган, тарта албаган, баалай албаган айып, аны улутубуздун маданий байлыгынын көнүмүш салтына айланта албаган бечелдик, өзүбүздөн экен. Ыраакы Чыгышта, айрыкча, жапан калкынын биздикиндей эле өрүгү, гиласы, алчасы чачырап гүлдөгөн маалды, гүлү түшкөн кезди майрамдаган каадасы бар. Ал эми майрамды көрүш үчүн бир канча чакырым жерге жөө-жалаңдап жабыла дегдеп келишет дешет. Ырас, ар бир элдин салты-санжырасы ар башка. Антсе да, табияттын ажайып сулуулугун туюу, сезүү, ага моокум кандыруу – ортодогу коюлган насипке окшош, ар бир пенденин пешенесине тең жаралган шыбага эмеспи. Ботом, биздин да башкалардай жүрөгүбүз, көзүбүз, кулагыбыз бар. Ошондуктан, Ата Журттун сулуулугун, кооздугун көрө, сүйө, баалай билүү – ар бирибизге парз го. Орустун мыкты жазуучусу К.Паустовский мындай деген эмеспи: «Табиятка суктансаң, аны сүйгөндүк эмеспи. Ал эми табиятты сүйүү – улуу Мекенди чыныгы сүйгөндүктүн жана ага өтө берилгендиктин белгиси».

Баса, Ош жөнүндө сүйлөшүп жатпадык беле. Ошко баруу оңой эле. Самолетко билет аласыз. Самолетко отурасыз. Болду, жолоочулукту башынан көп өткөргөн бир досум айткандай, «оозуңдагы момпосуйду соруп бүткөнчө, самолет Ошко жеткирип коет».

Ошентип, туз буйруп, Ошко сиз менен жөнөп калдык дейли…

Эми, окурманым, мындан аркы сөз кыял эмес. Ушул жерден сөз кыябы келгенде сырымды ачайын. Жанатан бери сизди сөзгө ээрчитип келгеним – жазуучу М.Гапаров  жөнүндө айткым келди. Жазуучунун замандашы, калемдеши, досу катары, анын жазуучулук өнөрканасынын сырын билгенимче кыскача баян этейин.

Мен Ошко бараарда дайыма жазуучу Мурза Гапаровду эстейм. Ал Түштүктө жашайт. Жазды бизден мурда көрөт. Туура кылды, жазуучу деген көксөгөн жеринде жашап көрүш керек да. М.Гапаров далай жыл мага окшоп эле Фрунзе шаарында жашап жүрдү. Маектешкенде экөөбүз тең табиятты, балалыкты, айылды, анын адамдарын эңсеп, алардан алыстап кеткенибизди сүйлөшө кетер элек.

Сиз деле окурманым калыс болуңузчу, айылдык адамдарды, алардын турмушун, тагдырын билбесең, алар менен аралашпасаң, шаарда кадалып отуруп, кантип чыгарма жаза аласың!? Мүмкүн жазарсың деп эле коелу, канткен менен аның көлөкөдө өскөн чөптөй алсыз, жан-серек болуп калат да…

Самолетко баратып, М.Гапаровдун жазгандарын эскеремин. Самолеттун терезесинен кең дүйнөгө карайм да, жазуучунун «Байчечекей» деген аңгемесинин каарманы Кыяз эске түшөт. Жазуучу менин азыркы сезимимди эбак жазып койгон: «Самолет бар болгону элүү мүнөт гана учушу керек эле. Кыяз жол катар терезени карап келди. Бир жылдан бери Фрунзеден эч жакка чыккан эмес. Мына эми шаар, андагы өзүнүн машакаттуу тиричилиги артта, жерде калып, ал өзүн жеңил, эркин сезе баштады. Жазгы жаратылыш анын көңүлүн көтөрдү. Айрыкча, Түндүк менен Түштүк бөлүп турган тоолордун үстүнөн өтүп баратканда жүрөгү (Кыяздын) туйлап кетти…»

Ушул «Байчечекей» деген аңгемеси «Ала-Тоо» журналына басылганда акыркы төрт сүйлөмү түшүп калганы үчүн М.Гапаров абдан кейип жүрдү. Аңгеме төмөнкүчө бүтмөк: «Тоолордун кары кете элек экен. Жакында кетчүдөй түрү жок. Тоолор бири  менен бири туташып, алардын кокту-колоту да жакшы билинбей, агарган бир мейкиндикке айланып, мелтиреп тыптынч жатат. Мейкиндиктин бетинде үзүк-кесил оор булуттар калкып жүрөт».

Жазуучу түшүп калган жогорку төрт сап сүйлөмгө эмнеге ушунчалык нааразы?! Миңдеген сөздү оюнан чыгарып тапкан сөз чебери үчүн төрт сап кеппи?! Окуганда алар анчалык деле маани бере турган окуя эмес го?! Башкасы деле чыкса жетишпейби дээрсиз.

Кеп мында: М.Гапаровдун искусствого, адабиятка өз өнөрканасына мамилеси ушундай: куду бак өстүргөн багбанга же жез чеккен уз чеберге окшоп, колдогу эмгегине өтө этият, кылдат. Ал ар бир сөзүн, сүйлөмүн, окуяны, кейипкерди орду-ордуна кынаптап, уста кирпич койгондой, ушунчалык бапестеп тизет. М.Гапаровдун «Күнөстүү арал» деген повестиндеги бир сөздүн түшүп калганына кейигенин уктум. Аны жооткотсом, айтканы эсимде: «Эгерде менин үйүмдөн ошончо кышты сууруп салса, тамым урап калбайбы!»

… Аңгыча, Ошко келдиңиз деп коелу. Жаз – периште сизди кучагын жайып тосуп алат. Алда, Түштүктүн жазы ай! Көргөн да бар, көрбөгөн да бар.

Жаздын түштүккө келишин, анын ажайып сулуулугун жазуучу М.Гапаров ашыгындай көп айтып, мындан он жыл мурун мени далай үгүттөп, чакырып жүрдү. Адегенде мен анчейин ынанган эмесмин. Кийин Түштүккө барып, жаз айынын тоолорго, талааларга сыйпаган боегунан улам, бадамдардын, өрүктөрдүн, алчалардын, алмалардын гүлдөрү ачылган, торгой, сүтак сайраган маалды көрүп, анын кереметине ынандым. Мурза улам чакырып, жетектеп жүрүп Арсланбаптын, Кара-Алманын, Ноокаттын жадыраган жазын көрсөттү. Бул табият менен кыска жолугушуулар өмүрүмдү узартып койду, каниет алдым.  Көңүл чөккөндө, ооруганда, жаман ой келгенде мен ажайып жазды, сулуу Түштүктү эстеп, санаадан алаксып кетем. Түштүктүн сулуулугун, жазын, М.Гапаров айтканынан да, анын жазганы суктандырат. Аны мен Түштүк табиятынын чебер сүрөткери дээр элем. Ал Ата Журтубуздун бир бурчунун кооз табиятын даңазалап, эмгекчил элинин кулк-мүнөзүн, рухий дүйнөсүн көркөм бейнелер аркылуу ачып, журт алдына ажайып көрсөтө алды. Анын түзгөн бейнелери эсте каларлык, бири-бирине окшобогон, ажарлуу, карапайым келет. Алар бирде уяң, бирде ичке сырын катпаган даалдаган ак көңүл, салтты сактаган, башкаларга окшобогон кызык дүйнөсү бар, адилеттүү, адептүү, ыймандуу, бирин-бири баалай, сүйө билген, сезимдери таза, назик, кыялкеч, сергек адамдар.

М.Гапаров мага Түштүктүн сулуулугун ачып берди. Жакында жазуучунун «Кара-Көлдүн каздары» деген китебин кайрадан окуп чыктым. Мына, анын Түштүктүн жазы жөнүндө жазгандары:

«Ал таенемдин сөзүнөн кийин бат эле келгендей болгон. Адегеде түңкүсүн тоңуп калуучу, мени мектепке чейин дадил көтөрүп баруучу катуу кар эрип, кеч күздөн бери биздин бакта түнөөчү таандар учуп кетишкен. Тал боткоктоп, өрүктөр гүлдөп, айылдагы иттер өткөн жылдан калган, кыш бою кар астында жатып көктөп кеткен данектерди карс-курс чагышып, керели-кечке өрүктөрдүн астында шимшип жүрүшчү. Тооктор күнөстүү дубалдардан чымын тутуп жешип, же алыскы аңыздарга оттоп кетишчү. Биздин таргыл мышык, эртеден кечке эски буудай кырмандагы чычкандардын ийинин аңдып отуруп, а анын үйдө калган жалгыз баласы таенемдин чимирилген ийиги менен ойночу… Анан ошол жаздын дагы бир белгиси катары, так эле биздин үйдүн үстүнөн каркыра-турналардын өткөнүн билем… Ошол замат аппак булуттардын арасында сүзүп бараткан, ыраматылык Кундуз жеңемдин туташкан коюу каштары сымак, ортолору ийин тийгизишкен, чоң-чоң кара куштарды көрдүм» («Газала»).

«Жаз келгендиктен асман көгөрүп көрүнөт. Жаш гиластар жана сирендер чатырап гүлдөшкөн. Учуп-конуп жүрүшкөн чымын-чиркейлер, бал аарылар ызылдашып, кулакка кандайдыр алыстан-алыстан угулган бейтааныш күүнү жеткирет» («Турналаржазда келишет»).

«Бир жолу аттарыбызды бизге караштуу өрүкзарда багып калдык. Өрүкзар калың эле. Өрүктөрдүн тегиз гүлдөгөн мезгили. Асман туптунук, айдың. Мурдуңа жаш чөптүн, өрүк гүлдөрүнүн жыты буруксуйт. Бактын өзү кандайдыр сырдуу, жазгы тынчтыкта үргүлөйт» («Газала»).

* * *

Ош шаарында кечкисин бир жакшы жышаан бар: жаңы салынган кыргыз драма театрына киресиң. Бул жерде республикабыздын эң жаш, таланттуу, эмгекчил, чыгармачылык менен жаңыны издеген уул-кыздары иштешет. Сөзгө кыстара кетели. Литвадагы Паневежеск шаарчасындагы драма театр бүткүл Советтер Союзу эмес, чет өлкөгө да белгилүү. Театрдын койгон пьесаларын көрүүгө төрт тараптан самсып эл барышат. Ал жерге атайын бийик мейманкана ачылды. А мүмкүн ажап эмес, бара-бара кыргыз көрүүчүлөрүнө Ош драма театры республикабыз үчүн кудум, Паневежеск театрына окшоп, даражасы өсөөр.

Азыр Ош драма театрында жазуучу М.Гапаровдун жаңы пьесасы коюлууда. Биз жазуучу менен театрга жөнөйбүз. Жолдо катар Мурза театрга адабий бөлүмгө келгенин, анын мээнеткеч режиссёру, актёрлору, пьесасы жөнүндө сүйлөй берет. Эсимде, М.Гапаровдун пьесасынын алгачкы саамалыгына (бетачарына) катышкан элем. Жылдын башы, кыш айы болчу. Фрунзеден самолёт үч күн учпай жатып, саамалык болор күнгө араң үлгүргөнбүз. Үч күн бою драма театрда эл жык болду, эл жылуу кабыл алды. М.Гапаров пьесасынын кемчилигин залда отураган элдин кандай кабыл алып жатканынан баамдады, кээде уялып отурду. Калемдеш досумдун токпейил болгонуна сүйүнүп аттым. Эгерде чыгарма жазып койгонуна манчыркасаң, анын кемчилигин байкабасаң, анда чыгармачылыктын, ички духтун өчө баштаганы болор эле.

Мен М.Гапаровдун чыгармаларын алтымышынчы жылдары республикалык басмалардан окудум. Анын алгачкы ырлары, балдар үчүн жазылган аңгемелери окурмандарга жагып калды. Андан бери да далай суу акты, далай жыл өттү. Жазуучунун турмушуна, адамга, салтка, тарыхка карата ой жүргүзүүсү, коомдук-социалдык көз карашы, философиясы, проблемасы, тили калыптанды. Ал аңгеме, повесть, очерк, киносценарий, пьеса жазды. М.Гапаровдун биринчи китебин көрүп, окуп сүйүндүк. Анын биринчи жазган киносуна бардык. Жазуучунун кубанычтуу күндөрү көп болду. Ал эми анын жеке өмүрүндө, жазуучулук кесибинде түйшүктүү, өксүк күндөрү да болбой койгон жок. Жазуучу аны эрдик менен жеңе алды. Эң негизгиси – Мурза турмушта искусство, адабиятка сүйүү менен ак кызмат өтөп, ой-сезимин байытып, көп окуп, табияттын, адамдын ички дүйнөсүн изилдеп, барган сайын чыйралып, карандай өжөрлүк, эмгек менен алга умтулуп келатат.

Дүйнөлүк адабияттын, искусствонун тарыхына көз жүргүзсөк, бир кездерге чейин илимпоздор (адабият, искусство чеберлеринин өздөрү деле) өнөркананын сырын эч ким териштирип биле албайт деп ынандырып келген жашыруун күч дешкенге чейин барган эле. А бирок, кийин алардын сыры башка илимдердей эле ачылып калды. Айрыкча, жыйырманчы кылымда, адам акылы чечмелебей турган табияттын кубулушу, адамдын акыл-ою калдыбы?! Азыркы учурдагы адабиятчы, психолог, философ, медик, тилчи ж.б. лар адамзаттын акыл чабытына таянып, дүйнөлүк адабият, искусство чеберлеринин тажырыйбасынан улам жазуучулуктун баягы сыйкырлуу сыр сандыгын оңой эле ачып коюшту. Ырас, муну жандырып айтыш өтө узак сөз. А биз ошол көзүбүз жетип ынанган акыл чындыгынын жоболорун өзүбүздүн адабият, искусство дүйнөсүндөгү эмгектенген калемдештерибиздин чыгармачылыгына билгенибизче пайдаланалы.

Жазуучу канчалык өзүнүн чыгармасына канчалык сыр катса да, анын чыгармасын териштирип туруп, жазуучунун ички дүйнөсүн, ким экендигин билип коюуга болот. «Ар бир жазуучу өзүнүн чыгармасында аргасыздан, аздыр-көптүр болсо да, сөзсүз өзүн жазып коёт» деген эмеспи Гете. Чын да, жазуучунун чыгармасы – анын өмүрү. Жазуучу окурманга өзүнүн ички дүйнөсүн ачат. Анын сөзгө, чыгармага, табиятка, окуяга болгон мамилесинен уламбы, же чындыкты жазышынанбы, же чыгармасынын мазмунунун тереңдигиненби, же жалпы эле дүйнөгө көз карашынанбы, айтор, жазуучун моралдык-этикалык ой жүргүзүүсүн, дүйнөнү канчалык кабылдап сезүүсүн, а тургай өмүр баянына дейре айтууга болот окшойт. Ушундан уламбы, М.Гапаровдун жазган чыгармаларын алдыга жайып отуруп, алардан үзүндүлөрдү талдап чогултуп, жазуучунун өмүр баянын түзсө болот экен. М.Гапаров өзүнүн өмүрүн, башынан өткөндөрүн, туйганын жазган жазуучу. Караңызчы, ал балалыгын («Жылына эки ирет гүлдөгөн алмалар», «Газала»), боз улан жаштыгын («Турналар жазда келишет», «Наташа Ростованын биринчи балы», «Унутулган сокмо жол», «Көчө» ж.б.), жигиттик курагын («Кыштача» «Күнөстүү арал», «Байчечекей» ж.б.) жазган.

Мен жазуучу М.Гапаровдун чыгармачылык өмүрүнө суктанып да, сыймыктанып да карайм. Жазуучу мээнеттүү, үзүрлүү, кыялкеч өмүрдү жашады. Башка замандаш калемдештерине караганда анын турмушта алган бай тажырыйбасы, таржымалы бар.

Анын чыгармасын окуп М.Гапаровдун өмүрүн көз алдыга келтирем: жазуучу Түштүктүн «чоочун кишинин көзүнө  кат-кат кырка тоолордун этегиндеги, жылаңач аралдардын түбүнө жайланышкан, өрүк бактарына чүмкөлгөн» кыштакта туулуп-өскөнүн бала кезинде өзүнүн кыштагын, анын «жалгыз түп кашкаары гиласты, жардын башындагы картаң ийри өрүктү», ал мектепке каттачу «жалгыз аяк жолдо» өткөн наристе балакат сүйүүсүн, геологиялык отрядда иштегенин, андан кийин университетте окуп, аны бүткөн соң Тажикстандын Мургабындагы кыргыздардын арасында мугалим болуп иштегенин билебиз. Карасаңыз жазуучунун ушул өмүрү анын чыгармасына дүрмөт дарамет болуп кирген.

М.Гапаровдун жашаган, жазган өмүрү ошончолук эле татаал, кызыкпы? Ойлонсок, анын чыгармаларында көп деле чиелешкен окуя көрүнбөгөнсүйт. Жазуучу чакан окуяны, көрүнүштү алат. Ал окуя аз эле мезгилди камтыйт. Баарыбызга тааныш бир күндөгү эле өткөн көнүмүш, жөнөкөй нерселерди жазат. Адеп-ахлак темасы.

Жазуучу жөнөкөй нерселерди сулуу, кооз, романтикалуу көрсөтүп жатат. Жөнөкөйлүк менен чындыкты айтып берүү кудуретине жетиш ар бирибиздин колубуздан келбейт экен да. Кичинекей этибар албагансыган окуя бизди бийик адамгерчиликке, тазалыкка үндөп, чоң темага жетектеп жатпайбы! Жазуучунун аңгемелерин окуганда жүрөккө жылуу сезим уюткан кичинекей эссе окугандай, этюд көргөндөй, күү уккандай боло түшөсүң. Ал эми адам өмүрү ушундай кыска, кызыктуу, поэтикалык сезимдүү өмүрдүн курандысынан турат эмеспи. Ошондо, Л.Толстой айткан, «…искусствонун бүткүл мааниси – поэзия» деген сөзү эске кылт дейт.

Жазуучунун чыгармачылыгын билген соң, ушундай ойго келе түшөсүң: өмүр баянды жазуу – өзүңдү шилтей салуу эмес, жашооңду кагазга көчүрө салыш эмес, аны алтын чайкагандай иргеп, жүрөгүңдө кайнаган чындыкка жуурса, аны ой жүргүзүүгө түртсө, ошондо гана өмүрүң окурманга кызыктуу болот белем. Жазуучу дегениңдин өзүнүн өмүрүн жетектеген, ынанган акылман ою, максаты, ичке сыйбаган бугу, айтайын деп жүрөктү тепкен сезими, өзү түзгөн табияты, сулуулугу болсо, анда анын өмүрү да, жазганы да кызыктуу окшойт.

М.Гапаров дээринен турмушка өтө сергек, байкагыч, баамчыл. Ал табиятты, адам тагдырын, теребелди эрте аярлап ой жүргүзгөн жана да туйган көргөндөрүн, уккан сөздөрүн жадысына бек сактап, ага суктанып, изилдеп жашап келет. Анын өмүрүн чыгармасынан табасың. Чыныгы, таланттуу жазуучунун өмүрү ушундай – алган багытынан айныбас, ачка-токко бел бууган, таза жашап, адил, сулуу ой жүргүзгөн, бир максаттуу, майнаптуу болуу ажеп.

М.Гапаровдун аңгеме, повесттери өтө көлөмдүү болбогону менен ар бир жазганы окурмандардын көңүлүндө түнөгөн, кыргыз адабиятында оозго алынган чыгармалар. Жазуучу өзүнүн чеберчилиги жөнүндө «Мен кыска аралыкка гана чуркаган жөө күлүкмүн» деп тамаша чалып келет.

Ырас, М.Гапаров аз жазганы менен ошончо саз жазат. Айталы, «Газала», «Наташа Ростованын биринчи балы», «Унутулган сокмо жол», «Кара-Көлдүн кыздары», «Жылына эки ирет гүлдөөчү алмалар», «Турналар жазда келишет» ж.б. алгачкы жазган аңгемесинен баштап, «Кыштакча», «Күнөстүү арал», «Дарыянын шоокуму», «Көчө» деген повесттеринин көркөмдүк деңгээли, чеберчилиги окурмандар тарабынан бийик бааланды.

М.Гапаровдун чыгармасын абайлап байкасаңыз, анын каармандары көздөгөн максатына, идеалына жетишет, же сулуулукту жаратышат, же сулуулукту издешет, ага жетүүгө аракеттенишет. Ырас, мунун баарын жазуучу бирден чечмелеп отурбайт. Ага сиз кыялдануу, ой жүргүзүү менен жетесиз. Жазуучу сизге маданияттуу, назик кыялданууну алдыңызга тартуулайт. Сулуулукту ажыратууну, ойлонтууну, кубаныч-кайгыны сезүүнү окурман өзү билип, туюп алар, сулуулукка сезимин өстүрөр деп, жашыруун сыр калтыргансыйт. Чыгыштын акылмандары айткандай, чыныгы сулуулукту адам ой-кыялы менен толуктап жете алат. Сулуулук деген алдыда дапдаяр турбайт, жан-аракетин таштап мээнеттенген адамга гана ажайып ачылат.

Анда эмне үчүн М.Гапаровдун чыгармалары окурмандарга жагып атат? Анын күчү эмнеде? Бул чеберчиликке жазуучу кантип жетти болду экен? Абайласак, чыгарманын күчү ар жактан сыпайы иштелгендигинде эмес, жазуучу ички драма кура алгандыгындабы дейм. Жазуучу биз көрүп жүргөн жөнөкөй окуяны дүйнөлүк адабияттын классиктеринин жолу менен маслет кургандай, ыкма аркылуу жетелеп, чыгарманы бутактатып, биз ошол таназар албаган көрүнүштү, турмушту өтө чеберчиликте искусство жасап көрсөткөндүктөн, эмне үчүн муну мурдатан байкабай жүргөнмүн деп ойлойсуң. Ошол биз байкаганды сүрөтчү, поэтикалык, сүрөтчүлүк кудуретте кооз жана бейнелүү (образдуу) көрүп койду, жазуучунун артыкчылыгы ушу эмеспи.

М.Гапаров чыгармасын бир багытта алат. Бирөөлөрдүн таасиринде ээрчип кетпей, эмоцияга жеңдирбей, сезим таразасын өлчөп, сактап, өз жолун чабат. Чыгармасынан сөздү, же окуясын, же каарманды алып койсоң, чыгарма айнектей чачырап кетчүдөй сезилет. Андыктан окурман да чыгармага аяр мамиле жасоого ынтызар болот. Мына ушу окурман менен жазуучунун ортосундагы аяр мамиле, чыгарманы, искусствону сүйүү дегендикке жатат. М.Гапаровдун жазуучулук чеберчилигиндеги эске алар нерсе: чыгарманын ички драмасы улам чыңалып, бардык учурда бирдей чоюлуп, ширин, таза мөмө берген шактай, маданияттуу ой-сезимге толуп, кызыктырып отурат, аягынан башына чейин бирдей музыкалдуу, поэзиялуу, лирикалуу жазылат. М.Гапаровдун чыгармасы окурманга окуяны баяндабастан, ичтен сызууга, кайгырууга жазылган.

Романтикалык үн, юмор, лирика, музыка, поэзия ошону менен автор өзүн гана айтпастан, өзүнүн мезгили жөнүндө, адамдардын мүнөздөрү, айрыкча замандаштары жөнүндө, алардын рухий дүйнөсү, ыйманынын тазалыгы, сезиминин диалектикасы жөнүндө астыртан айтып берет.

* * *

Автордун бир өзгөчөлүгү адамдын ички сезиминин сулуулугу табияттын сулуулугу менен дайыма шайкеш келишин байкайбыз. М.Гапаров табиятты жок жерден эле кошо бербейт. Ал буга өтө баа берет. Табият каармандын ички дүйнөсүнө байланыштуу анын кубаныч, кайгысы менен декорация өзгөрүп турат. Табиятты жазганда жазуучунун философиясы, лирикалык ою ачылат. Табиятсыз чыгармада өсүш, каармандын өмүрүндө бакыт, келечек токтолуп кааларын билебиз. «Мен табият жөнүндө жазам да, өзүм адамдар жөнүндө гана ойлоном» деген М.Пришвин.

Табиятты сүйүү – дүйнөнү, турмушту, адамды, сулуулукту сүйүү дегендик. Менимче М.Гапаров жаштайынан табиятты сүйүп, аны менен адамдарынын тагдырын билбесе, алар менен аралашпаса, чыгармасындагы табият сулуулугу кайдан жарала калмак?! Жазуучу жакшы көргөн сокмо жолдорду, токойду, булбулду, алча-өрүктү, турнаны, сүтакты, алманы, жаз, күз мезгилин чыгармасында кайра-кайра колдонот. Ошондуктан М.Гапаровдун каармандарын иликтеген окурман муну көрө алат: каармандардын өмүрүнүн көбү, окуя, кагылыштар, сүйүү талаада, токойдо… кенен табияттын арасында өтөт. Табият арасында жазуучу да, каармандары да өздөрүн эркин, бактылуу сезишет.

Улуу жазуучулардын кара сөздөрүн, искусство чеберлеринин айрыкча табиятты сүрөттөгөн чыгармаларын окуганда, же көргөндө, же укканда алардын поэзияны сезгендигине, адамдын рухий жан дөйнүсүнүн ажарын ачканына таң каласың. Алар ар бир калем алганга сабак эмеспи. Мурза Гапаров орус адабиятынын, искусствосунун эң мыкты өкүлдөрү Л.Толстой, И.Тургенев, А.Чехов, Чайковский, Левитан, Ф.Тютчев, И.Бунин, М.Пришвин, Ю.Казаков, Ю.Трифонов жана дүйнөлүк адабияттын, искусствонун классиктери Басё, Ж.Руссо, Хокусай, Т. оро, Ван Гог, Сезанн, К.Гамсун, Я.Кавабата, Э.Хемунгуэй ж.б. окуп, аларды сүйгөндүгүн айтып жүргөндүгү бекеринен эмес окшойт.

Мен жазуучунун кийинки жазган чыгармаларынын бири «Күнөстүү арал» повестин («Ала-Тоо», №2, 1974-ж.) алгым келет. Кыргыз адабияттында табияттын сулуулугун даңазалап көрсөткөн чыгармалардан десем жаңылбасмын.

Эсимде, М.Гапаров кайсы бир жаз күндөрү окуясы токойдо өтө турган повесть жазууну эңседи. Ал токой жөнүндө жазган жазуучулардын китептерин окуганын айтып берди.

Чыгарманы баштап келип, кайра жазганына ыраазы болбой, токтотуп коюп, кыжалат жүрдү. Мен Мырзанын кээ бир кездерде табиятты жаза албай атам деп кыйналган күндөрүн көрдүм. Чыгарманы ал дароо жаза салбасын байкадым. А күндөрү өзүн ошол табиятка карата «таптаар» эле, поэзияны окуп, музыка угуп, сүрөтчүлөрдүн тарткандарын көрүп жүрдү, а тургай сүйлөшкөндө да сөздү ошол кызыккан табият жакка буруп турду.

Деле М.Гапаров чыгарманы бел байлап, бир отуруу менен акырына чыкканды сүйөт. Ошондо анын сарсанаасы эле чыгарманы бүтүү болот. Аны экинчи жазбачудай, акыркы саам жазып жаткандай киришет. Кээде сүйлөшүп атып, күбүрөп да калат. Ойлойсуң: ал чыгарма менен жашап атат. Ал айрым бүтпөй калган аңгемелерин, мазмунун, идеясын айтып кирет. Убакыт жетпегендиктен эмес, аларга бир окуя, мүнөз, табияттын көрүнүшү жетпей атканын айтат.

… Жолугушуудан кийин бир далай күн өткөн, М.Гапаров далайды жазып койду го деп жүрдүм. Кайра жолуктук. Ал болгону эки-үч абзац жазыптыр. Мурза Сезанндын сүрөттөрүн карап, суктанып отуруптур. Анын сөзүнүн көбү Сезанн, сүрөтчүлүк өнөр, табият жөнүндө болду. Үйгө келип, Сезанн жөнүндө жазуучу Э.Хемингуэйдин «Жазуучулук жөнүндө» деген чыгармасында айтканын окудум: «Ник табияттын бир көрүнүшүн кудум алдындагы Сезанндын тартканындай жазгысы келди. Бул үчүн аны өзүнүн жүрөгүнөн сыгып чыгарыш керек да. Башка эч нерсе аралжы боло алмак эмес. Азыркыга чейин эч ким эч качан табият сулуулугун андагыдай жаза албады. Бул бир ыйык нерсе. Ушунчалык азаптуу иш эле. Андыктан өзүң менен кармашып жеңишиң керек. Өзүңдү көзүң  менен жашай, көрө билүүгө мажбурлоого тийишсиң».

Күз күндөрүнүн биринде М.Гапаров Арсланбапка кетип калды да, андан сүйүнүп келди. Көрсө, өзүнүн каарманынын өмүрү өткөн жерге барып, токойду аралап, жаңгак терип, эл менен аралашып, олжолуу кайтыптыр. Байкадыңызбы, жазуучу үчүн сулуулукту табуу, аны шайкеш келтирүү оңойбу?! Анан да, жазуучу дегениң, ашык болбосо дагы кайталап коелу, өз башынан кечиргенди жакшы жаза алат экен.

Көп өтпөй жазуучу повесть бүткөндүгүн айтты. Чыгарма журналга басылды. Табият сулуулугун баяндаган повестин ыраазычылык менен окуйсуң: «Терезеден, эшиктен айдын нуру төгүлүп турду. Анын жарыгында жарганаттар бирде үйгө, бирде тышка карай каршы-терши зыпылдап учуп жүрүштү. А эшиктен көрүнгөн токойдун төрт бурчтуу тилкеси айдын нуруна көшүлүп үргүлөп турат. Мемиреген тынчтыкта шаркыратма гүрүлдөйт».

«Чексиз токой түшүрүп жымжырт турат. Бир айдын ичинде анын бариктери текши күбүлүп, боппоз болуп жылаңачтанып алды. Эми анын арбайган шактарында ар түркүн канаттуулардын эсепсиз көп уялары гана карарат. Жердин бетинде болсо, мурдагыдан калган газан (дарактардан түшкөн жалбырактар) калдыңдады, а анын арасындагы жаңгак азайып, эл жаңгак терген кыштактан узак, узак жактарга тентип кетишчү болду».

Бизге бул табияттын көрүнүшү, окуянын мазмуну мурдатан тааныш сыяктуу. Бул табияттын көрүнүшүн, жаз, күз жөнүндө М.Гапаров мурда да жазган. А, бирок жазуучунун күчү ушунда окшойт – ал баягы табиятты, чындыкты, көрүнүштү жаңыча көрүп, башка боек таап, поэтикалык чеберчилик менен кайрадан ажарын ача алган.

Жалал-Абад тараптан атын атабаган бир окурман М.Гапаровго ыраазычылык менен моминтип кат жазыптыр: «Күнөстүү аралдан  кийин Сиздин дагы бир сонун сапаттарыңыз, ички байлыгыңыз, турмушка туура көз карашыңыз, элиңизди, жериңизди, эл байлыгын, жер байлыгын сүйө билишиң ажайып ачыла түштү. Жазган, тапкан сүрөттөрүңүз Арсланбаптын жер-жемишинин ширесиндей таттуу, ширин жана ырахаттуу…»

Табиятты көрө, сезе, жаза билиш үчүн талант гана жетишсиз. Ага сезим жана анын даярдыгы, маданият болуш керек го. Канча такылдап, кургак сөз менен көз жашты төкчүдөй безенсек да, аздык кылар. Жазуучу табиятты жүрөгү менен сезип, сүйө алса, аны кагазга түшүрө алса, анысы жандилинен чыкса, ошондо гана чыгармасы окурманга жете алмакчы.

Табиятты жазуучу жөн эле көрүнүш сыяктуу кайдыгерликте карап жазбайт. Жазуучу табият аркылуу окурман менен сүйлөшөт. Өзүнүн сезими, ою менен, толкундануу менен бирге окурманды кошо алып жүрөт, сулуулукка баштайт. Анын сезими, акылы байыйт, окуучунун делебеси козголот, анын жүрөгүн ырахат басат. Табиятты сүйүү – акылмандыкка, ой жүргүзүүгө үйрөнүүгө түрткү болот. Окурманым, айткан сөздөргө ынанбасаңыз, кийинки муундагы  жазуучулардын ичинен М.Гапаровдун «Күнөстүү арал» повестин окуп көрүңүз, анда сиз, кимдир бирөөнүн, табиятка жан үрөп, ак пейил, сүйүү, кыял менен караган адам, китептин кургак акылмандыгына жана бейкамдыкты унутат, ал бир гана табияттын тилин билбестен, «пайгамбардын» да тилин билет деген нуска сөзүн эстейсиз.

Табиятты сүрөттөөнүн эң башкы максаты – окурманды табиятты сүйүүгө, мекенди, турмушту, асыл коомубузду сүйүүгө, өзүнүн рухий дүйнөсүн тазалоого, жүрөгүнө сулуулук ырыскысы менен ширетүүгө чакыруу. Жазуучу ак пейилден окурманды ар бир күндүн чыгышын, батышын, табияттын аземдүү сулуулугун көрө билсин, сезсин, ошол тапкан сулуулугун башка адамдар менен бөлүшсүн, окурман башка адамды сулуулукка чакырсын, табиятты сүйүү менен дитиндеги кара мерес ой-сезимден арылсын деп жатпайбы! Ырас, М.Гапаров мындай ойлорду ачык чакырык түрүндө жар салып тикеден тике окурманга айтпайт. Мындай публицистикалык стиль ага мүнөздүү эмес. Жазуучу өзүнүн түзгөн каармандарынын образы менен, алардын кылык-жосундары, тилек-ойлору аркылуу каймана түрүндө же кыйытып, окурман өзү түшүнөр, ойлоноор деп сөз жетелетип келип, кылдат айтат.

Көрсө, жазуучу табиятты мынчалык кооз көрсөткөнүнүн себеби, окурмандын сезимин коргош үчүн жасаган аракети экен да. Окурмандын сезимин тыбырчылатып, аны ойго, кыялга түртүш керек тура. М.Гапаровдун чыгармаларындагы каармандардын көбү кыялкеч. Айрыкча «Күнөстүү арал» повести нак ушул сөз кылган кыялдан турат. Чыгармадагы каармандын кыялынан улам, анын ички кудуретин билебиз.

Кыялданбаган адам жок. Кыялсыз адам, жансыз адам. Кыял адамды азгырбайт. Кыял адамдын көзүн ачат. Ал адамды үндөйт, чакырат. «Күнөстүү аралдын» башкы каарманы Жаңыл өзүнүн өмүрүн кыялда өткөрөт. Жаңыл акыры кыялды ээрчийт. Кыял – Жаңылдын алгачкы курган ак кемеси. Ал ошол ак кемеге түшүп, аралга жөнөдү. Кыял менен Жаңыл алгачкы турмушун, жаштык күнүн, сулуулукту, жашыл арал курду. Ар кимдин жашыл аралы бар. Аны коргоо керек.

Кыял деген адамдын сезимталдыгын, эңсөөсүн, ыклас-ниетин, жүрүм-турумун аныктайт. Кыялың күчтүү болсо, ошончолук сүйүүң бийик, ошончолук адамдагы поэзияны сезесиң, сулуулукту сезесиң, алдагыч, ыпыр-сыпырдан бийик болосуң. Кыял – толкундоонун канаты, чыгарманын, сезимдин канаты. Бир максаттын артынан сая түшүү, бир нерсеге ынануу, адашуу, сезим табуу дегениң – кыялдануу менен ачылат да, кыял аркылуу биз, адамдар боорукерликти, сулуулукту, акылмандыкты, түзөбүз, башкалардан аны үйрөнөбүз. Максатыбызды билебиз. Дүйнөгө мамилебиз ачылат. Кыял бизди үмүткөр кылып изденүүгө түртөт, оюбуздун, ишибиздин тирөөч баканы болот. Ыраачызылык, токпейил, көңүл коштук уюган жерде кыял жок. А кыялсыз ачылыш жок, ансыз дүйнөгө кенен карай албайбыз, чындыкты кабыл алуубуз пасаң болот, чындыкты даана ачпайбыз, тааныбайбыз, өзүбүзүн төгөрөгүбүздү тегиз тарбиялай албайбыз, ансыз адам өзгөрбөйт, өспөйт.

* * *

Эмдиге дейре кээ бир жолдоштор «роман, повесть жазбасаң, адабиятта аңгеме жазуу менен эч көрүнө алабайсың» деп, жанрды жеришип, «жазуучунун дүйнөсү, жүзү майда чыгарма жазуудан көрүнбөйт, ага турмушту, адам тагдырын батыра албайсың» деп осол насаат айтышат. Алардын акылында апыртма бар сыяктуу. Адабиятты сүйүп, ага башын байлаган адамга, менимче жанрдын баары бирдей. Адабият дүйнөсүндө бир беткей аңгеме гана жазып, окурмандардын сүйүктүү жазуучусу болуп калгандар азбы? Алыс кетпей, кыргыз адабиятында кийинки муундагы жазуучулардын ичинен А.Саспаев мыкты аңгемелери менен окурмандарга белгилүү болгонун айта кетели. Кеп жанрдын көлөмүндө эмес, кеп жазуучу ошо чыгармасын кандай чеберчиликте, кандай сапатта жаза алды? Эмне ой айтып, сезим таба алды? Кандай жаңылык, бейне, кебете-мүнөз ачты?

Жазуучу М.Гапаров кыргыз адабиятына алтымышынчы жылдары келген муунга кирет. Адабиятта ал муун жөнүндө далай жылуу сөздөр болду. Алардын таланты, билими, маданияты жөнүндө мактоо кептери айтылды. Ошол муундан М.Гапаровдун өзүнчө таанымал усулу, кооз ой жүгүртүүсү, татына эстеттиги билинип турат. Анын ар бир жазганын кыргыз новеллисткасынын жаңылыгы, өсүшү катары кароого болот. Жазуучу азыркыга чейин жанрды жерибей келатат. Ага аңгеме, повесть, очерк болобу, баары бирдей, жеңили жок, жанын үрөп киришет. Анын чыгармаларын окуганда ички музыкалуулукту, ойлордун тарам-тарам бутактоосун, сезиминин назиктигин, байлыгын сезесиң. Ал ар бир окуяны азыркы мезгилге мүнөздүү кылып иреттүү, дыкан сулуулап, бай ой, сезим таап, сараң сөз менен айтып бере алат.

М.Гапаровдун чыгармаларын окуганда өтө бийик драма, трагедиялык татаал окуя, кагылыштар байкалбагансыйт. Окурманга чыгарманын сыры, ички кудурети бара-бара ачылат. Чыгарманын окуясынын чынжыры улам чийеленип барып, каармандардын ички дүйнөсүн байкоостон ачып салат, окурман көңүлүндө бир сонун элес, же ырахат, же өкүнүч калат. Мындай кылдаттыкты чебер уста гана жасай алат. М.Гапаров чыгармадагы ар бир сөзгө, анын ыргагына, табият кооздугуна, окуяга, ойго деле, майда-чүйдөсүнө чейин көңүл бурат. Ал аны жиктерин билгизбей, барлык жагынан бапестеп, асыл буюм жасаган уста сыңары кылдат токуп жазат.

М.Гапаровдун ар бир чыгармасынын жазылышынын тарыхы бар. Муну билгенимдин себеби – отуз жылдын ичинде, калемдеш, замандаш, дос катары биз бири-бирибизге чыгармачылык, курбулук сырларды тең бөлүшүп, ниеттеш болуп келатабыз…

* * *

М.Гапаровдун кайсы чыгармасын албагын майда окуяга бай. Чыгарманын көркүн ачкан ушулар эмеспи. Жазуучунун бала кезинен бери сактап жүргөн толгон майда окуялары бар. Жазуучу көңүлүндө чөгүп калган окуяны, сезимди, ойду, а тургай сөздү кут сыяктуу катып жүрөт. Качан гана керек учурда сыр сандыктан алып чыгып пайдаланат, ар бир кирпичти кезеги келген уста сыңары окуяны өз ордуна коёт. Эгерде ал окуя учурунда пайдаланылбаса, аны бир кезде керекке жарар деп сарамжал катып коёт. Анын бул «сырын» жайбаракат сүйлөшкөндө байкап каласың. Окуяларды М.Гапаров үйдө отуруп ойдон чыгарбастан турмуштан алган. Анын көбү мага тааныш эле: «Кыштакча» повестиндеги Акундун башынан өткөзгөнү, а түгүл комендант, анын кызынын жоруктары, айрыкча Акундун студенттик кези, анын Маманга жолугуусу негизги чындыктан алынган. Жазуучунун чеберчилиги ушунда турат: ал бүтүндөй чындыкты сулп гана ошол калыбында шилтей салбайт.

Автор окуяларды чыгарманын жалпы жигине карата өзгөртүп, жик билгизбей, керектүү жерге сулуулап, кынаптап, өтө чеберчилик менен жаза билет. Анысы чыгарманын мазмунуна, көркөмдүгүнө жамаачыдай оркоюп көрүнбөстөн, кайра ага бап келип, ажарын ачып турат. Көрсө, ошол бизге майда-чүйдө көрүнгөн окуя жазуучуга оңбогондой олжо, табылга тура. Ушундан улам, жазуучу дегениңден эч бир дүйнө кубулушу, жашоо-тиричилик, эч бир окуя, социалдык көрүнүш, адам тагдырлары сая кетпейт экен, анын баарын ал локатор сыяктуу тутуп калат окшойт деген ой келет. Дагы бир ынануу, чыгарма жазуучунун турмушту билүүсүнөн, дүйнөгө көз карашынан улам келип чыгат тура. Рухий дүйнөсү кенен-кесир болгон адамдын алган арышы, сүйүүсү кенен болот эмеспи. Орус жазуучусу С.Антоновдун сөзү менен айтканда, жазуучу канчалык билимдүү болбосун, канчалык чеберчиликтин ыкмаларын өздөштүрбөсүн, эгерде анын байлыгы жансерек, коркок болсо, анда ал жакшы аңгеме жаза албайт.

М.Гапаровдун жазган аңгемелерин окуйлук да, ага ой жүргүзөлүк, ар бир чыгармасы окурманды көңүл кош калтырбайт же «ушинтип, бактылуу жашап калыптыр» деп жадырап-жайноо менен тамам болбойт. Дүйнөлүк адабияттан же орус адабиятынын классиктери Л.Толстой, А.Чехов, М.Горький ж.б. ларды алсак, алар аягы жыргал менен бүткөн, алдын ала калыпка салынган, окурманды окуп чыккандан кийин ойго салбаган солгун аңгемени жек көрүшкөн.

Кээде биз чабалдык кылып, өнөр (искусство) менен адабиятка, анын көркөмдүк-сулуулугуна жогорку бийиктиктен туруп баа бербей коёбуз. Буга М.Гапаровдун чыгармаларына болгон мамиле мисал боло алмакчы. Анын чыгармаларына кезегинде ар түрдүү пикирлер айтылды. Алардын ичинен туура баа бергендер көп болду. Ырас, жазуучунун айрым мүчүлүштөрү бар. Ошентсе да, сынчылардын кайсы бирлери жазуучунун чыгармасына, анын көркөмдүгүнө искусствого тиешелүү аяр мамилени жасабай, анын ийгиликтерин, жаңылыгын, мезгилди, талантты жана маданиятты унутушуп, чыгармадан келки окуяларды жыра чаап алышып, ага башка боёк сүйкөшүп, анысын социалдык көрүнүшкө жоруп, идеялык каталыкты тапкылары келишет.

Ошол сынчылар жазуучунун тили жөнүндө басымдуураак айтышса анда пайдалуу болмок эле. Ырас, элдин жалпы адабий тили менен жазуучунун тилинде бөтөнчөлүк, айырма болот. Кийинки жылдары М.Гапаров адабий тилин байытууга, ойду, окуяны, мүнөздү тил менен так айтууга көп аракеттенип жүрөт. Менимче, эмгектенген, улам алдыга озуп, изилденген, окуган, чындыкты жазууга аракеттенген, өзүнүн граждандык абийирин жогору туткан, искусство менен адабиятка сүйүүсүнөн жанбаган, маданияты бар жазуучу өзүнүн кемчилигин башкалардан эрте, көбүрөөк сезсе керек.

М.Гапаров жазып бүткөн чыгармасын бат эле басмага жарыялоого шашпайт. Ал кол жазмасын саамактатып, далай күн сактап, майын чыгара иштегенди жакшы көрөт. Кээде анын ойлору айдан айга, жылдан жылга созулуп кете берет. Бул жалкоолуктун кесепетинен эмес. Жазуучу чыгарма жетилмейин, анын окуясын, сөзүн, курулушун көркөмдөгүн даана көрмөйүн, ага көзү жетмейин тобокелге салып иштей бербейт.

М.Гапаровдун түйшүгүн айтсам, жазуучулук мээнетти, чыгармачылыктын психологиясын окурман билип калар. Ал адатта чыгармасын жазып жаткан учурда башкалардай эле жалгыздыкты, бейпилдикти сүйөт. Кээде үйдүн ичин гүлгө жасап, үстөл үстүн таза кармап, музыка коюп шымаланып иштесе, кээде жети түндө уктабай машинка басып, күбүрөнүп, кофе ичип, ыр окуп, көңүлдү көтөрүп иштегенин көп көрдүм. Ал чыгармага керектүү бир эле окуя үчүн, же табиятты, элдин салтын көрүшкө, сөзүн угушка атайы жер безип, бирде Кара-Алмага, бирде Арсланбапка, бирде Баткенге барганын билер элем. Мындай жорук бир жолу эмес, мына отуз жыл бою М.Гапаров ушундай мүшкүлдү башынан өткөрүп келатат.

* * *

«…Акынды түшүнүш үчүн, анын ата жутуна барыш керек» деген эмеспи Гёте.

Биз Ноокаттын тоо этегиндеги айылына баратабыз. Өзүнүн айылынын сулуулугун М.Гапаров «Август» деген очеркинде («Кыргыз маданияты», 5-октябрь, 1972-ж.) жазган. Ноокат өрөөнүндөгү тоо этектеген айылдар ушунчалык гүлгө оронуп, кооз. Жашыл талаадагы сокмо жолдор менен баратып, тоо башындагы булуттарды узатасаң, көчмө жол четинен чегирткелердин чырылдаганы, көпкөк асманда сайраган лазаттуу тилин угасың. Жол алдындагы нечен түркүн гүлгө конгон көпөлөктөрдү кууп, чуркагың келет.

Айылга жетпей, тоо этегиндеги өрүкзарга кирдик. Мен өрүкзардын ичин М.Гапаровдун жазганынан ашык айтып бере албайм: «Өрүкзар калың эле. Өрүктөрдүн тегиз гүлдөгөн мезгили. Асман туптунук, айдың. Мурдуңа жаш чөптүн, өрүк гүлдөрүнүн жыты буруксуйт. Бактын өзү кандайдыр сырдуу, жазгы тынчтыкта үргүлөйт…»

Ушул өрүкзар ичине М.Гапаров өзүнүн үйүн салган. Ал эми биротоло айылдаш жашап, эл-жер менен бирге болуп, өмүрүн чыгарма жазууга киришкени келди.

Мен асты жактагы гүлгө оронгон кыштакка, узата кеткен Ноокат өрөөнүнө, кат-кат шаңдуу кырка тоого, ал жактан келген шар сууга суктана карайм. Бак ичинде булбул сайрайт. М.Гапаровдун үйүн көрүп шаардан тажаган жаным бүгүн эле көчүп келип, досумдун жанына үй салгым келет. Жазуучунун «Кадыр түн» деген пьесасындагы Баси менен Артыктын сөздөрүн эстейм. Ал сөздөр да бекер жерден чыкпаптыр. М.Гапаров табият сулуулугун, адамдардын тагдырын, окуяларды… деле чыгармасындагы күлазыкты ушул айылынан алган турбайбы!..

«АРТЫК. Биздин үйдү туш тараптан шабдаалы дарактары курчап турат. Өтө көп шабдаалылар. Мен өзүм тигип көгөрткөмүн. Мына бул колдорум менен. Беш жыл илгери. А азыр баары мөмө берип калды. Бирок, мен алардын мөмөсүнөн дагы гүлдөгөн мезгилин жакшы көрөм. Ой, ушундай ажайып гүлдөйт дейсиң. Үйүбүз суунун боюнда да. Шабдаалылар гүлдөгөн учурда, наркы өйүздөн сууга түшкөн кыз-келиндер, сууларын сузуп коюп, биздин үй жакты эле карап отуруп калышат.

БАСИ. Үйүбүз суунун боюнда дейсиңби?

АРТЫК. Кичинекей дарыянын жээгинде.

БАСИ. Үйүңөргө анан шоокуму угулуп турар?

АРТЫК. Ооба, күнү-түнү дебей, шаркырап турат. Анын суусу ушунчалык тунук, күндүзү болобу, же айдын жарыгынада болобу, таштардын арасында жаткан форель балыгын көрөсүң…»

Мен Оштон М.Гапаровдун айылынан жүрөгүм алеп-желеп болуп, ыраазычылыкта кайтам. Жол бою ырдагым, күлгүм, иштегим, далай жылга жашагым келет. Мынчалык делебе кылган Түштүктүн табиятынын күчүбү? Абайласам, ага кошумча болуп, мени алыска чакырган, жан дүйнөнү ыраазы кылган бир күч бар экен, ал – замандаш жазуучу М.Гапаровдун да жазгандарынын таасири, анын жан дилинин чакырыгы, айыбы жок сулуу – искусство дүйнөсү болбосо керек…

1986-жыл

«Сулуулуктан – улуулукка. Мурза Гапаров баяны» (түзгөн Абдыкерим Муратов) деген китептен

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *