Бурят жомогу

Байыркы заманда кызыктай бир жаныбар болуптур. Ал киши жегич-мангатхай аталат экен.

Ошондой мангатхайлардын бири, чамасы абдан эле сугалагы болсо керек, кайсыл бир чөлкөмдө Замай-тарган деген ашкере эткээл киши жашайт деп эшитип калат.

Мангатхай ошону издеп, таап, жегиси келет.

Көп жүрөт, издөөдөн тажабайт, акыры ошентип семиз киши Замайга да кезигет. Анан не максатта келгенин дароо эле айтып салат:

— Мен сени жеймин, Замай! – дейт.

Замай куу киши эле, ал корккон да жок, кебелип да койбоду. Кайра мынтип атпайбы:

— Ушунчалык жеймин деп келсең – же! Бирок сен мени кантип жейсиң, же бычагың жок?

— Аның да туура. Бычагым да жок, болгон да эмес. А мен аны кайдан алам?

— Ошол да кеппи. Сен Түлөнойго бар да, андан килтейген, жылтылдаган болот бычагын  сурап кел.

— Түлөнойго мен кантип барсам? – Мангатхай ойлонуп калды. – Анын кайда жашаганын билбеймин да.

Бүт денесин май баскан Замай араң кыймылдап:

— Түлөнойго чейин жетимиш жыл жүрүү керек. Мен өзүм эле чуркап бара калайын десем көрүп турасың, ордумдан араң козголом, – деди.

Ага ыраазы болгон мангатхай жайгара сүйлөдү:

— Сен буерде эле отура бер, Түлөнойго мен өзүм эле барып келем!

Ошентип ал жолго чыкты. Көп-көп жүрдү. Биябан чөл, адыр-тоо, чытырман токой аралап өттү. Акыры Түлөнойго да келди, анан анын баягы айтылган бычагын сурады.

— Менин бычагым бары бар, – деп жайма жай кеп баштады Түлөной, –  аны сага дале берер элем, бирок ал өтө эле мокок, ошон үчүн жакшылап кайроо керек.

— А бычакты кантип кайрайт? Менде кайрак жок да?

— Сен Халүнайга бара кал, анын кайрагын сурап кел! – деди Түлөной.

Мангатхай эми Халүнайды издеп жөнөдү. Көп-көп жол басты. Акыры жүрүп Халүнайга да келди, анан анын кайрагын сурады.

— Сага кайрак неге керек? – Халүнай таң кала тигилди.

— Түлөнойдун бычагын кайрайм.

— Түлөнойдун бычагын кайрап эмне кыласың?

— Семиз Замайды кесип жебейминби…

— Ырас, андай болсо, сага кайракты берейин, бирок ал өтө эле оор, сен аны алып кете албайсың.

— Анан эмне кылышым керек?

— Сен аны Колонойдун көк өгүзү менен жеткирип ал.

— А Колоной кайда жашайт?

— Колоной ыраакта турат. Ага жетүү үчүн кеминде токсон жыл жүрүү керек.

— Эмне кылмак элек, — дейт баарына чыгынып алган мангатхай, – барам да.

Ошентип мангатхай Колонойду издеп жөнөйт. Жүрүп-жүрүп чарчайт, чаалыгат, курсагы ачат, араң бутун шилтеп калат.

Канткен менен Колонойго жетет да, ага минтет:

— Мага көк өгүзүңдү бер!

— Менин көк өгүзүм сага неге керек?

— Аны менен Халүнайдын абдан оор кайрагын жеткирип алайын.

— Халүнайдын кайрагын эмне кыласың?

— Түлөнойдун чоң бычагын кайраймын.

— Түлөнойдун чоң бычагын кайрап эмне кыласың?

— Семиз Замайды кесип жейм!

— Андай болсо жакшы, –  дейт Колоной, – мен сага көк өгүзүмдү берейин. Бирок ал азыр тиги деңиздин аркы жээгинде оттоп жүрбөйбү. Эгер кааласаң ошол жакка бара кой да, менин көк өгүзүмдү алып кел.

— А мен ал деңиздин аркы жээгине кантип өтөм?

— Жөпжөнөкөй да. Алды жагыңа кулундай бир таш байла. Арткы жонуңа болсо жок эле дегенде бир койдой таш таңып ал. Анан сууну кечип кете бер. Бир жылы аркы өйүздөн чыгасың да. –  Колоной корс-корс күлүп кеңешин айтты.

Колонойго ыраазычылыгын билдирген киши жегич мангатхай анын айткандарын аткарып, эки ташты эки жагына өтө бекем байлап деңизге бутун таштады.

Бара берди, бара берди. Суу аны көмө баштады. Сүзөйүн десе, таштар тоскоол кылат. Акыры деңиз түбүнө чөгүп кетти. Ошентип семиз Замайды жегиси келген ач көз мангатхай түбү менен жок болуп, а Замай болсо тирүү калыптыр.

Которгон Абдыкерим МУРАТОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *