АҢГЕМЕ

Кайсы кара теке сүзүп, бала чактагы парталашым менен сеп этип койгом, билбейм. Айтору ойгонсом, терезеден найзадай тийген күндүн нуру көзүмдү уялтып ийди. Бөлмөдө менден бөлөк жан калбаптыр. Түшүнүктүү, тартип деген бардык жерде үстөмдүк кылып, оожалган чак; декретке чыгар кош бойлуу зайыбым жаңы баскан баламды колуна көтөрүп, эки жашка чыккан уулумду жетелеп бакчасына жеткирип, өзү андан ары жумушуна, кол арага жарап калган чүрпөлөрүм мектебине кетсе керек. Өзөк жалгоо жадымда жок, бети-башты чала-була жууп, шапа-шупа кийиндим да, ишканага шашылдым. Машинамды жүргүзгөнчө чыйпыйымдын чыкканын коё кал! Убакыт чукул, кысталыш кезде эгеңдин ишине жарабаган… урдум сага окшогон темир-терсекти деп андан ыргып түшөрүмдө суу түтүктөн атып чыккандай, машинам турган жеринен атырыла булкунду дейсиң. А көрсө, от алаары менен ылдамдаткычты ныгыра тебе берип, андан түшүптүрмүн.

Мекемеге жакындаган сайын эки көзүм ала-чакмак. Жолдун эки жагына элеңдеп, мага окшоп, жумуштан кечиккендер учурап калабы деп издегеним – шерик. Андай адам табылса, калчаган чүкөм айкүрүнөн конмок! Башчынын каанасына аны алдыма салып кирмекмин да, начальнигим бар күчүн  мына ошондон чыгармак. Мага нөөмөт жеткиче, балким, иш башчынын ачуусу сээлдей түшөр. Бала болуп, башыма жүн чыкканы эгерим жеме укканга такаатым жок, туугандар!

Мен үмүттөнгөндөй  бирге иштегендерден кечиккендер  жолдон чыкпады. Ичи-тышымдан сөгүнгөнүмдү айтпа! Экинчи шарап татсам эле…Кейип-кепчип, өзүмө өзүм ант берип, касам ичип келатып, ишканама жеткенимди да сезбей калыптырмын. Мекеменин кире беришинде саатын күндө колуна кармап турчулар да  жок бүгүн. Оюмда “буюрса, биз да оңоло баштаган экенбиз, жумуш убакытты жалаң ишке жумшаган” деп кудуңдап, эч кимге көрүнбөө үчүн кызмат бөлмөмө жеткиче жаным кулагымдын учуна чыкты.

Бут учу менен басып, шырп алдырбай бетке тутаар шылтоо издеп аттым. Катчы кыз маңдайымдан чыга калганда жүрөгүм шуу этип, түлкү баса калган тооктой тыбырады. “Жан адамга угуза көрбө” деген оюмду туюндура сөөмөйүмдү эриниме такагыча болбой, “бери келиңиз” дегенсип,  колу менен ишара кылганда бүткөн боюм калчылдады. Анымды сыр алдырбаганга тырышып, алдына жетип бардым. Байкамаксанга салып, иш бөлмөгө  кирип кете берейин дегем, антсем, атымдан чакырып, каалгалары жабылуу турган башка бөлмөдөгүлөрдүн баарына угузуп коёбу деп чочуладым.

Катчы кыз оозун жабуу үчүн алаканына кыстара салган акчамды  билмексен болуп уучтап алды да, башчы олтурган кабинетке баш жаңсады. Кыйкырып-бакырышкан үн чыккан жетекчинин бөлмөнүн каалгасы ачылды. Андан кызарып-татарган Ыбырайым чыкты. Ал эшикти жаба берип, мени көрө сала:

— Көрөбүз, кемчиликти көзгө айткандар жакпай, ишке тийип качкан кошоматчыларды тартипке салганыңды!  Ишинен майнап чыкпагандарды топтоп алып,- деп сөздү мага тийиштирип өттү.

“Ой ырысы жок, ай-я! – дейм ичимден. — Кайсы арыңа көөдөн көтөрөсүң?» Институттан алган эки эли кагазыңа чиренесиң. Андай дипломду акча берсең, азыр короо шыпыргыч менен күзөтчүгө  деле жазып берип атат. Шоопур менен чайкоочулар  Ак үйгө тамырлап, кадр тескеп калган маал азыр. Сенде билим болсо, бизде таңгак-таңгак  сом менен бели сынбаган доллар толо…Баарынан ушунуку өттү, аке, бирдеме десек эле, илимин колко тутуп, башчы менен тиреше түшөт. Жандуудан үрккөн ташбакадай мойнун ийнине кысып жата бербейт да, азуулуу менен айкашып, тамырлуу менен карпашат имиш.

“Улам кыскартуу жүрүп атса…Туш-тарабың кыбыла” деп куйругуңду толгоп, кетээр жолуңду көрсөтүп коёт, отурасың! Ал деген сеникиндей билими болбосо да, башы булутка, тамыры сууга жеткен, алды-аркасында жөлөмөсү бар, белдүү киши…

Башчынын кумсарган жүзүнө тиктөөдөн жалтанып, не бар, не жок, өткөн жумада туулган күнүмө зайыбым тартуу кылган он миңдик алтын саатымды билегимден чечип, камдап алдым. Астананы аттаарым менен:

— Сен да жаз, арызыңды! — деп башчым катуу бурк этти да, артынан көзүн кысып койду.

Ишарасын түшүндүм. Мунусу тиги Ыбырайым уксун үчүн сес болгонун боолгодум. Колуна мыдыр түшпөй, тырмагына эчтеме илешпей калганда башчым ушинтип кол алдындагыларга чилдей тие турган.

Эки аттап, маңдайына жеттим да, өөп-жыттап, сол билегине саатты тага салдым.

— Мендей баам-парасаттан кемчил туулган көк мээни кечириңиз! Өткөн майрамыңызда тартуулайм деп, эсимден чыгып кетиптир. Бул саат сизге  гана  жарашат!

Жетекчимдин жарпы жазыла түшкөндөй болду.

— А кайсы майрам?.. – деп, саатты бир тиктеп, мени бир тиктеп, унут калган майрамды эстөөгө тырышып, күлгөнсүдү.

— Алигичи, алиги… — деп мукактанып, кандай майрам болгону эсимде жок. Кыргызда жумуш болбой эле эки күндүн биринде  майрам, той эмеспи. Ыңгайсыз абалдан кутулуу үчүн башчы да оозуна киргенин айта салды окшойт:

— Ии, жанагы балыкчылар күнү мененби? Дурус, дурус. Кемеге түшүп, балык уулабасак деле, өз арыгыбызга кайырмак таштап жүргөн соң, биз деле балыкчыбыз да, хе-хе-хе..

Аргасыздан анын көзүн карап, утуру баш ийкедим. Анын кеби көңүл улоо үчүн айтылганын чамаласам да, кебинин орунсуз экенин төгүндөр дарман жок менде.

Үстөлдүн бурчуна олтуруп, арыз жазымыш болуп атып, жетекчинин баш-көзүнө уурдана тиктейм. Белегимдин ага жаккан-жакпагандыгым билгим келди. Начальнигим оюнчук таап алган баладан бетер сонуңкурап, саатты аяк-быягына оодарат. Өңү жадырап, эмелеки кабак түйгөн келбеттен эчтеме жок. Тартууну өз убагында берген экенмин. Антпесем, жалаң аптарыйкаттуу адамдар менен мамиле түзгөн  башчымдын кол саатсыз жүргөнү мен үчүн уят да.  Бизге окшош майда адамдар кедей болсок да, ошо чоңдордун жыргал турмушу үчүн жаралганбыз, бизсиз алардын оокаты өтпөйт, биз аларга кол-бут, тирөөчпүз да . Аларды укум-тукумуна дейре байытып, дүйнөнү чарк айландырта эс алдыртып, төбөдөн такыр түшүрбөшүбүз керек…

Көздөрүбүз капыстан чагылыша түштү. А мен акмак, мен дөөпөрөс, анын мага караарын билгенде жер тиктеп калбайт белем? Ага тигиле караганды мага ким койду? Осол кылып алдым аны. Осол болгону ушу да: ал  да менден көзүн ала качып, калп жөтөлүп, иш кагаздарды барактамыш этти. Ыңгайсыз абалдан кутулуу амалын таптыбы:

— Ай иним, мындай кылчы! Жеңең үйдө күтүп олтурат. Зуу учуп жет да, базардан майда-чүйдө…- деп кебин бүтүрбөй токтотту. Аны ташыган машинанын бузулганы ажеп гана болуптур. Кызматтык ошо дөөтүнүн мындан быяк биротоло жүрбөй, моло таштай сенейер күнү кана! Ошондо кызматчылардан ар түрдүү шылтоо менен пара алып турган жетекчинин күнү мага түшүп, иши чыкса мени жумшап турмак…

Базарга барганда көрдүм: жеңемдин акчасы намыяны менен чөнтөгүнө шыкалып бүткөн экен. Пулун аягынан деле чыгарат, быягынан деле чыгарат. Байып бүтүптүр. А менде “Мамлекеттеги байлардын бири турбайсыңарбы! Мынча акчаны байкем экөөң кайдан таптыңыз?” — деп суроого дымак жок. Өлө албай аткан кой койчунун таягына сүйкөнөт болгум келбейт. Көрүнө көтөрүп кете албай турганына акылы жетпей, өздөрү, көздөрү тойбой, элдин тапкан байлык-мүлкүн уурдап, чет өлкөгө ташып атса, эч ким кой дебесе, мага эмне шам?..

Ошентип, жеңем менин чамамда базардын тең жарымын сатып алып койгонсуду. Эс тутумум начардыгынан базарлыктарын эстегенге буямам жетпеди. Иши кылып, үйүнө жеткен соң, машинадан түшүрүп атам, түшүрүп атам, деле түгөнсө…

Бешенемден тер куюлткан бойдон башчымдын бөлмөсүнө кайра жетип бардым. Дагы бир иши чыкса, мен жеткиче башка бир кызматчы колуна тийип, бөлөк бирөө мунун көңүлүнө жагып калабы деп ичим тарыды.

Ал темир сандыгын кулптап, ачкычын чөнтөгүнө салды.

— Рахмат, иним, иш билги экенсиң! Жеңеңден уктум, азыр эле…

Базарда жүргөндө жеңемдин  жаңы чыккан көйнөккө көзү түшүп, аны кыя албай турганын байкагам да, көк кагаздан үчтү чайкоочуга карматкам. Ал аз көрүнүп, эки куту тамак-аш падерке кылдым. Ошентип, анын да көңүлүн таап,  туура кылган экем.

— Иш күн бүттү, жүрү эми эс алалы —  деди жетекчи.

— Аа, тиги түшүнүк катчы?.. Жазып бүтүрөйүн, — дедим уйкудан жаңы ойгонгондой эсеңгиреп.

— Башчым ууртунан жылмая жеңимден тартты.

— Ээ аны унут! Анын эч кимге кереги жок.

Ыбырайымдын бөлмөсү тарапка ээк жаңсадым да:

— Тиги… теңтайлашат ко.

— Э, атасынын оозун урайын ошо супнабордун!.. Кердейе бергенинен опузага ошол түшүнүк катты ойлоп тапкам. Ага окшогондун эсебин кылт эткенде таап, дакүмөнттөштүрүп, эшек куртун мурдунан түшүрүп турбасам, эртең эле үстөлүмө ат коёт. Мага эрегишкен адам эмне болорун эртең буйрук тактадан көрүп аларсың. Дагы ыргыштай турган болсо, шылтоо колдо, жумуштан аста-а гана жылдырып салам. Ордуна сендей сүйгүнчүк олтурат, — деди башчым.

Азыр эми жыргал болуп калбадыбы! Кимдин эмнеге жарап, билими бар жогуна карабай, жарма жилиги менен байлыгына ченеп кызмат берип калган заман… Кожодой колдоор адамың чоң партиядан болуп, алаканың ачык, табагың майлуу турса, кеңкелес болсоң да, ишиң шыр жүрөт. Ыбырайымга окшогон ак жүрөктөрдүн иши жүрбөй,  берерман адамдын кызматы  өөдөлөйт.

Эртеси түз эле барып, жарнама илинчү тактаны карадым. Шордуу атаандашыма эмгек дептерчесине жазылуу менен катуу сөгүш жарыяланыптыр. “Супнабордун” мындай тагдырынан улам мени да жайлабагай эле деп, өз фамилиямды издеп кирдим ( Бою шырыктай узун, анан илмийип, арык болгондуктан ага ушундай ат коюп алганбыз). Мына, сага!.. Токсон күндүктүн жыйынтыгы менен мага үч айлык сыйлык ыйгарылыптыр. Башчым кыйыткандай аны жарым жылдык кылып, колуна салам. Чыгаша тартсаң, киреше кирет деген ушу!

Жарыяларды окуп бүтүп, бурула бергенимде жаныма келе калган Ыбырайым менен сүзүшүп ала жаздадым.

— Кандайсың, бир жарым ставка?.. Оозуң кулагыңа жетип, мулуңдап эле калыптырсың! —  деп дагы тийишти ал.

“Бир жарым ставка” дегенин угуп, ичимден сүйүнгөнүмдү айтпа! Начальнигим мени айлыгы жогору кызматка которгону жаткан окшойт. Андай даражага жетпей, ичи күйгөнүнөн акыйнек айтканы го деп болжодум. “Бере көр” деп тиледим. Бир жарым эмес, он жарым ставка берсе да, ал жумушту да бүтүрөм. Эки адамдын башы кошулган жерде мен тууралуу күбүрөшүп жатышат го деп, ого бетер териме батпайм. Кийин уксам, супнабор мени шылдыңдаган тура!

Көрсө, бирге иштегендер чоңдордун талпагын сүйрөшкөндөрдү жок эле кызматка ошентип “көтөрүшчүү” экен… А мага эмне? Айтмактан айтсын, демектен десин! Биздикиндей ишканада башчынын ишенимине кириш, анын тилин билиш оңой бекен? Элдин арасында, көптүн карасында айлык тапсам таап, таппасам жок, арабамды кылдыр-кылдыр сүйрөп, күн өткөрсөм – оомат меники! А балдарды базардан тапкан акчасы менен аялым багат, ал жагына башым оорубайт. Ыбырайымга теңелип, бирөө менен теңтайлашар алым жок, аке! Мүйүзүм торпоктой чагымда омкорулуп түшкөн. Жетекчимдин көзү менен тең айланып, кызматка чыгарына тепкич болуп, жонумду тосуп, керишчүлөр менен керишип, ай чапчып жүргөнүмдө иштен айдап ийсе, кимдин көзүн карайм, алигидей атакты кайдан табам?…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *